Курани карим Аз-Зилзаал • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الزّلزَلة

Аз-Зилзаал

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    99 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اِذَا زُلۡزِلَتِ الۡاَرۡضُ زِلۡزَالَہَا ۙ﴿۲﴾
    99 : 2 Жер өзүнүн зилзаласы менен титирөөгө келтирилгенде,
  • وَ اَخۡرَجَتِ الۡاَرۡضُ اَثۡقَالَہَا ۙ﴿۳﴾
    99 : 3 Жана жер өз жүктөрүн чыгарып таштаганда.
  • وَ قَالَ الۡاِنۡسَانُ مَا لَہَا ۚ﴿۴﴾
    99 : 4 Жана адам: «Ага эмне болду?» - дейт.
  • یَوۡمَئِذٍ تُحَدِّثُ اَخۡبَارَہَا ۙ﴿۵﴾
    99 : 5 Ошол күнү ал (жер) өз кабарларын баян кылат.
  • بِاَنَّ رَبَّکَ اَوۡحٰی لَہَا ؕ﴿۶﴾
    99 : 6 Анткени Раббиӊ ага вахий жиберген болот.
  • یَوۡمَئِذٍ یَّصۡدُرُ النَّاسُ اَشۡتَاتًا ۬ۙ لِّیُرَوۡا اَعۡمَالَہُمۡ ؕ﴿۷﴾
    99 : 7 Ошол күнү адамдар чаржайыт болуп чыгып калышат – жасаган амалдары аларга көрсөтүлсүн үчүн.
  • فَمَنۡ یَّعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّۃٍ خَیۡرًا یَّرَہٗ ؕ﴿۸﴾
    99 : 8 Ошондо ким кенедей да жакшылык кылган болсо, ал аны көрүп алат.
  • وَ مَنۡ یَّعۡمَلۡ مِثۡقَالَ ذَرَّۃٍ شَرًّا یَّرَہٗ ٪﴿۹﴾
    99 : 9 Жана ким кенедей да жаманчылык кылган болсо, ал аны көрүп алат.
Share via