بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
101 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
اَلۡقَارِعَۃُ ۙ﴿۲﴾
101 : 2 (Бейкапар уйкусунан ойгото турган) коркунучтуу үн!
مَا الۡقَارِعَۃُ ۚ﴿۳﴾
101 : 3 Ал коркунучтуу үн эмне?
وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا الۡقَارِعَۃُ ؕ﴿۴﴾
101 : 4 Жана ал коркунучтуу үндүн эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
یَوۡمَ یَکُوۡنُ النَّاسُ کَالۡفَرَاشِ الۡمَبۡثُوۡثِ ۙ﴿۵﴾
101 : 5 Адамдар чаржайыт чегирткелерге окшоп кала турган күнү –
وَ تَکُوۡنُ الۡجِبَالُ کَالۡعِہۡنِ الۡمَنۡفُوۡشِ ؕ﴿۶﴾
101 : 6 Жана тоолор тытылган жүндөй болуп кала турган (күнү) –
فَاَمَّا مَنۡ ثَقُلَتۡ مَوَازِیۡنُہٗ ۙ﴿۷﴾
101 : 7 Ошондо таразасы оор келген киши –
فَہُوَ فِیۡ عِیۡشَۃٍ رَّاضِیَۃٍ ؕ﴿۸﴾
101 : 8 Ал сөзсүз рахат-молчулук жашоого татыктуу болот.
وَ اَمَّا مَنۡ خَفَّتۡ مَوَازِیۡنُہٗ ۙ﴿۹﴾
101 : 9 Жана кимдин таразасы жеӊил келсе –
فَاُمُّہٗ ہَاوِیَۃٌ ؕ﴿۱۰﴾
101 : 10 Анын энеси «Хаавия» болот.
وَ مَاۤ اَدۡرٰٮکَ مَا ہِیَہۡ ﴿ؕ۱۱﴾
101 : 11 Жана мунун эмне экенин сен кайдан билесиӊ?
نَارٌ حَامِیَۃٌ ﴿٪۱۲﴾
101 : 12 (Ал) бир жалындап турган от.