Курани карим Ал-Анкабуут • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

العَنکبوت

Ал-Анкабуут

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    29 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓـمّٓ ۚ﴿۲﴾
    29 : 2 Аналлааху аъламу: Мен – Алла, эӊ жакшы билүүчүмүн.
  • اَحَسِبَ النَّاسُ اَنۡ یُّتۡرَکُوۡۤا اَنۡ یَّقُوۡلُوۡۤا اٰمَنَّا وَ ہُمۡ لَا یُفۡتَنُوۡنَ ﴿۳﴾
    29 : 3 Адамдар: «Биз ыйман келтирдик», - деп айтканыбыз үчүн биз өз абалыбызга калтырылабыз жана сыноодон өткөрүлбөйбүз », - деп ойлошобу?
  • وَ لَقَدۡ فَتَنَّا الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ فَلَیَعۡلَمَنَّ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ صَدَقُوۡا وَ لَیَعۡلَمَنَّ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۴﴾
    29 : 4 Биз албетте, алардан илгери өткөндөрдү дагы сыноодон өткөргөнбүз. Ырас, Алла чынчылдарды да сөзсүз билип алат, жалганчыларды да сөзсүз аныктап алат.
  • اَمۡ حَسِبَ الَّذِیۡنَ یَعۡمَلُوۡنَ السَّیِّاٰتِ اَنۡ یَّسۡبِقُوۡنَا ؕ سَآءَ مَا یَحۡکُمُوۡنَ ﴿۵﴾
    29 : 5 Жаман иштерди жасай тургандар (жазадан качып), Бизден озуп кетиштерин ойлошобу? Алар чыгара турган өкүм абдан жаман!
  • مَنۡ کَانَ یَرۡجُوۡا لِقَآءَ اللّٰہِ فَاِنَّ اَجَلَ اللّٰہِ لَاٰتٍ ؕ وَ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۶﴾
    29 : 6 Кимде-ким Аллага туш келүүдөн үмүткөр болсо, (ал үчүн) Алла белгилеп койгон убакыт сөзсүз келүүчү. Ал (Алла) өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ مَنۡ جَاہَدَ فَاِنَّمَا یُجَاہِدُ لِنَفۡسِہٖ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَغَنِیٌّ عَنِ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۷﴾
    29 : 7 Ким жихад кылса, ал тек өзү үчүн жихад кылат. Албетте, Алла ааламдарга муктаж эмес.
  • وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَنُکَفِّرَنَّ عَنۡہُمۡ سَیِّاٰتِہِمۡ وَ لَنَجۡزِیَنَّہُمۡ اَحۡسَنَ الَّذِیۡ کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۸﴾
    29 : 8 Ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандар – алардын жамандыктарын Биз албетте, алардан алып таштайбыз жана аларга кылган эӊ жакшы амалдарына жараша сөзсүз сыйлык беребиз.
  • وَ وَصَّیۡنَا الۡاِنۡسَانَ بِوَالِدَیۡہِ حُسۡنًا ؕ وَ اِنۡ جَاہَدٰکَ لِتُشۡرِکَ بِیۡ مَا لَیۡسَ لَکَ بِہٖ عِلۡمٌ فَلَا تُطِعۡہُمَا ؕ اِلَیَّ مَرۡجِعُکُمۡ فَاُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹﴾
    29 : 9 Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылуу үчүн баса көрсөтүп насаат кылдык жана (мындай айттык): «Эгер алар сага өзүӊ билбеген нерселерди Мага шерик кылышыӊ үчүн сени менен талашса, анда ал экөөсүнө баш ийбе!» Мага гана кайтышыӊар бар; ошондо Мен силерди кылып жүргөн амалдарыӊардан кулактандырамын.
  • وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَنُدۡخِلَنَّہُمۡ فِی الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۰﴾
    29 : 10 Ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандар – аларды Биз сөзсүз жакшы пенделердин сабына кошобуз.
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّقُوۡلُ اٰمَنَّا بِاللّٰہِ فَاِذَاۤ اُوۡذِیَ فِی اللّٰہِ جَعَلَ فِتۡنَۃَ النَّاسِ کَعَذَابِ اللّٰہِ ؕ وَ لَئِنۡ جَآءَ نَصۡرٌ مِّنۡ رَّبِّکَ لَیَقُوۡلُنَّ اِنَّا کُنَّا مَعَکُمۡ ؕ اَوَ لَیۡسَ اللّٰہُ بِاَعۡلَمَ بِمَا فِیۡ صُدُوۡرِ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۱﴾
    29 : 11 Адамдардын арасында: «Биз Аллага ыйман келтирдик», - дей тургандар да бар. Бирок аларга Алланын жолунда зыян жеткирилгенде, алар адамдардын сыноосун Алланын азабындай көрүшөт. Эгер Раббиӊ тарабынан кандайдыр бир жардам келсе, анда алар сөзсүз: «Албетте, биз силер менен бирге элек», - дешет. Баардык ааламдар(да жашоочулар)дын көкүрөктөрүндө эмне бар экенин Алла эӊ жакшы билбейби?!
  • وَ لَیَعۡلَمَنَّ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ لَیَعۡلَمَنَّ الۡمُنٰفِقِیۡنَ ﴿۱۲﴾
    29 : 12 Алла албетте, момундарды дагы билип алат жана албетте, мунафыктарды дагы аныктап алат.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّبِعُوۡا سَبِیۡلَنَا وَ لۡنَحۡمِلۡ خَطٰیٰکُمۡ ؕ وَ مَا ہُمۡ بِحٰمِلِیۡنَ مِنۡ خَطٰیٰہُمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ ؕ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    29 : 13 Каапыр болгондор ыйман келтиргендерге: «Биздин жолубузга түшкүлө, силердин каталарыӊарды биз (өзүбүз) көтөрүп алабыз», - дешти. Чынында, алардын каталарынан алар эч нерсени көтөрүүчү болушпайт. Албетте, алар жалганчылар.
  • وَ لَیَحۡمِلُنَّ اَثۡقَالَہُمۡ وَ اَثۡقَالًا مَّعَ اَثۡقَالِہِمۡ ۫ وَ لَیُسۡـَٔلُنَّ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ عَمَّا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿٪۱۴﴾
    29 : 14 Алар сөзсүз өздөрүнүн жүктөрүн көтөрүшөт жана өздөрүнүн жүктөрүнөн тышкары дагы башка жүктөрдү да (көтөрүшөт). Кыямат күнү алардан өздөрү ойлоп чыгарган жалаалар жөнүндө сөзсүз суралат.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا نُوۡحًا اِلٰی قَوۡمِہٖ فَلَبِثَ فِیۡہِمۡ اَلۡفَ سَنَۃٍ اِلَّا خَمۡسِیۡنَ عَامًا ؕ فَاَخَذَہُمُ الطُّوۡفَانُ وَ ہُمۡ ظٰلِمُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    29 : 15 Албетте, Биз Нухту анын коомуна жөнөткөн элек; ошондо ал алардын арасында элүүсү кем, миӊ жыл турду. Анан аларды топон каптап алды. Алар зулумдук кылуучулар эле.
  • فَاَنۡجَیۡنٰہُ وَ اَصۡحٰبَ السَّفِیۡنَۃِ وَ جَعَلۡنٰہَاۤ اٰیَۃً لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۶﴾
    29 : 16 Ошондо Биз аны жана (аны менен бирге) кемеге түшкөндөрдү куткардык. Биз ал (кеме)ни баардык ааламдар үчүн бир аят-белги кылдык.
  • وَ اِبۡرٰہِیۡمَ اِذۡ قَالَ لِقَوۡمِہِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ وَ اتَّقُوۡہُ ؕ ذٰلِکُمۡ خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    29 : 17 Ибраахиймди (дагы Биз жөнөткөн элек). Качан ал өз коомуна айткан: «Аллага ибадат кылгыла жана Андан гана корккула. Мына ушул силер үчүн жакшыраак. Эгер силер билгениӊерде, (жакшыраак болоор эле).
  • اِنَّمَا تَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اَوۡثَانًا وَّ تَخۡلُقُوۡنَ اِفۡکًا ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ تَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ لَا یَمۡلِکُوۡنَ لَکُمۡ رِزۡقًا فَابۡتَغُوۡا عِنۡدَ اللّٰہِ الرِّزۡقَ وَ اعۡبُدُوۡہُ وَ اشۡکُرُوۡا لَہٗ ؕ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۱۸﴾
    29 : 18 Албетте, силер Алланы коюп, жалаӊ буттарга ибадат кыласыӊар жана калпты ойлоп чыгарасыӊар. Албетте, Алланы коюп, ордуна ибадат кылып жаткан нерселериӊер силерге эч кандай ырыскы бере албайт. Ошондуктан, Алланын Өзүнөн гана ырыскы талап кылгыла . Ага ибадат кылгыла жана Ага гана шүкүр кылгыла. Ага гана силер кайтарыласыӊар.
  • وَ اِنۡ تُکَذِّبُوۡا فَقَدۡ کَذَّبَ اُمَمٌ مِّنۡ قَبۡلِکُمۡ ؕ وَ مَا عَلَی الرَّسُوۡلِ اِلَّا الۡبَلٰغُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۹﴾
    29 : 19 Эгер силер жалганга чыгарсаӊар, силерден мурун дагы бир нече үммөт-коомдор жалганга чыгарышкан. Пайгамбардын милдети – кабарды ачык-айкын жеткирүү гана.
  • اَوَ لَمۡ یَرَوۡا کَیۡفَ یُبۡدِئُ اللّٰہُ الۡخَلۡقَ ثُمَّ یُعِیۡدُہٗ ؕ اِنَّ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرٌ ﴿۲۰﴾
    29 : 20 Акыры Алла кандай кылып жарата баштоону жана аны кайталоону алар көрүшкөн жокпу? Албетте, бул иш Алла үчүн абдан жеӊил.
  • قُلۡ سِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَانۡظُرُوۡا کَیۡفَ بَدَاَ الۡخَلۡقَ ثُمَّ اللّٰہُ یُنۡشِیٴُ النَّشۡاَۃَ الۡاٰخِرَۃَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿ۚ۲۱﴾
    29 : 21 Айткын: «Жерде саякат кылгыла, анан Ал (Алла) кандай кылып жарата баштаганын көргүлө. Анан Алла аны экинчи жашоо катары тургузат. Албетте, Алла Өзү каалаган баардык нерселерге дайыма күчү жетүүчү.
  • یُعَذِّبُ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَرۡحَمُ مَنۡ یَّشَآءُ ۚ وَ اِلَیۡہِ تُقۡلَبُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    29 : 22 Ал Өзү каалаганга азап берет жана Өзү каалаганга ырайым кылат. Ага гана кайтарыласыӊар.
  • وَ مَاۤ اَنۡتُمۡ بِمُعۡجِزِیۡنَ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا فِی السَّمَآءِ ۫ وَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مِنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا نَصِیۡرٍ ﴿٪۲۳﴾
    29 : 23 Силер жерде дагы, асманда дагы (Алланы) алсыратуучу эмессиӊер. Силер үчүн Алладан башка бир дагы дос, бир дагы жардамчы жок.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ لِقَآئِہٖۤ اُولٰٓئِکَ یَئِسُوۡا مِنۡ رَّحۡمَتِیۡ وَ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۲۴﴾
    29 : 24 Алланын аяттарын жана Аны менен бетме-бет болууну четке каккандар – мына ошолор Менин рахматыман үмүтсүз болгондор жана мына ошолор үчүн оор азап бар.
  • فَمَا کَانَ جَوَابَ قَوۡمِہٖۤ اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوا اقۡتُلُوۡہُ اَوۡ حَرِّقُوۡہُ فَاَنۡجٰٮہُ اللّٰہُ مِنَ النَّارِ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    29 : 25 Ошондо анын коомунун жообу: «Аны өлтүргүлө же өрттөп жибергиле», - дегенден башкасы болбоду. Анан Алла аны оттон куткарды. Албетте, мында ыйман келтире тургандар үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • وَ قَالَ اِنَّمَا اتَّخَذۡتُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اَوۡثَانًا ۙ مَّوَدَّۃَ بَیۡنِکُمۡ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۚ ثُمَّ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ یَکۡفُرُ بَعۡضُکُمۡ بِبَعۡضٍ وَّ یَلۡعَنُ بَعۡضُکُمۡ بَعۡضًا ۫ وَّ مَاۡوٰٮکُمُ النَّارُ وَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ نّٰصِرِیۡنَ ﴿٭ۙ۲۶﴾
    29 : 26 Ал айтты: «Силер дүйнөлүк жашоодогу бири-бириӊерге болгон сүйүү себебинен Алланы коюп, жалаӊ буттарды кармап отурасыӊар. Анан кыямат күнү айрымдарыӊар-айрымдарыӊарды четке кагышат жана айрымдарыӊар-айрымдарыӊарды каргышташат. Силердин жайыӊар – от болот жана силерге эч кандай жардамчылар болбойт».
  • فَاٰمَنَ لَہٗ لُوۡطٌ ۘ وَ قَالَ اِنِّیۡ مُہَاجِرٌ اِلٰی رَبِّیۡ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۲۷﴾
    29 : 27 Лут ага (Ибраахиймге) ыйман келтирди жана ал айтты: «Албетте, мен өз Раббим тарапка хижрат кылуучумун. Албетте, Ал (Алла) гана эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси».
  • وَ وَہَبۡنَا لَہٗۤ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ وَ جَعَلۡنَا فِیۡ ذُرِّیَّتِہِ النُّبُوَّۃَ وَ الۡکِتٰبَ وَ اٰتَیۡنٰہُ اَجۡرَہٗ فِی الدُّنۡیَا ۚ وَ اِنَّہٗ فِی الۡاٰخِرَۃِ لَمِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۲۸﴾
    29 : 28 Биз ага (Ибраахиймге) Исхаак жана Яъкуубду тартууладык жана анын тукумуна дагы пайгамбарлык жана Китепти таандык кылдык. Биз ага анын сыйлыгын бул дүйнөдө дагы бердик жана акыретте болсо, ал албетте, саалих- жакшылардан болот.
  • وَ لُوۡطًا اِذۡ قَالَ لِقَوۡمِہٖۤ اِنَّکُمۡ لَتَاۡتُوۡنَ الۡفَاحِشَۃَ ۫ مَا سَبَقَکُمۡ بِہَا مِنۡ اَحَدٍ مِّنَ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۲۹﴾
    29 : 29 Лутту дагы (Биз жөнөттүк), качан ал өз коомуна айтты: «Албетте, силер бузуку-арам иштерге (учуп) барасыӊар. Бул иште баардык ааламдардан эч ким силерден аша албаган.
  • اَئِنَّکُمۡ لَتَاۡتُوۡنَ الرِّجَالَ وَ تَقۡطَعُوۡنَ السَّبِیۡلَ ۬ۙ وَ تَاۡتُوۡنَ فِیۡ نَادِیۡکُمُ الۡمُنۡکَرَ ؕ فَمَا کَانَ جَوَابَ قَوۡمِہٖۤ اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوا ائۡتِنَا بِعَذَابِ اللّٰہِ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    29 : 30 Силер (кумардануу менен) эркектерге барасыӊарбы жана каракчылык кыласыӊарбы, ошондой эле чогулуштарыӊарда ыплас иштерди жасайсыӊарбы?» Ошондо анын коомунун жообу: «Эгер чынчылдардан болсоӊ, Алланын азабын бизге келтирчи!» - дегенинен башка болбоду.
  • قَالَ رَبِّ انۡصُرۡنِیۡ عَلَی الۡقَوۡمِ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿٪۳۱﴾
    29 : 31 Ал айтты: «Эй, Раббим! Бул бузгунчулук кылуучу коомго каршы Өзүӊ мага жардам кыл!»
  • وَ لَمَّا جَآءَتۡ رُسُلُنَاۤ اِبۡرٰہِیۡمَ بِالۡبُشۡرٰی ۙ قَالُوۡۤا اِنَّا مُہۡلِکُوۡۤا اَہۡلِ ہٰذِہِ الۡقَرۡیَۃِ ۚ اِنَّ اَہۡلَہَا کَانُوۡا ظٰلِمِیۡنَ ﴿ۚۖ۳۲﴾
    29 : 32 Биздин элчилерибиз Ибраахиймге куш кабар келтиргендеринде, алар мындай дешти: «Албетте, биз (Луттун) ушул кыштак элин жок кылуучубуз. Албетте, анын эли заалим».
  • قَالَ اِنَّ فِیۡہَا لُوۡطًا ؕ قَالُوۡا نَحۡنُ اَعۡلَمُ بِمَنۡ فِیۡہَا ٝ۫ لَنُنَجِّیَنَّہٗ وَ اَہۡلَہٗۤ اِلَّا امۡرَاَتَہٗ ٭۫ کَانَتۡ مِنَ الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    29 : 33 Ал айтты: «Лут дагы анда бар го!» Алар (жооп берип мындай) айтышты: «Анда ким бар экенин Биз жакшы билебиз. Албетте, Биз аны жана аялынан бөлөк баардык үй-бүлө мүчөлөрүн куткарабыз. Ал (аялы) аркада калуучулардан».
  • وَ لَمَّاۤ اَنۡ جَآءَتۡ رُسُلُنَا لُوۡطًا سِیۡٓءَ بِہِمۡ وَ ضَاقَ بِہِمۡ ذَرۡعًا وَّ قَالُوۡا لَا تَخَفۡ وَ لَا تَحۡزَنۡ ۟ اِنَّا مُنَجُّوۡکَ وَ اَہۡلَکَ اِلَّا امۡرَاَتَکَ کَانَتۡ مِنَ الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿۳۴﴾
    29 : 34 Жана Биздин элчилерибиз Луттун алдына келгендеринде, ал алар себептүү көӊүлсүз абалга түштү жана жүрөгү сыгылды. Ошондо алар айтышты: «Коркпо жана кайгырба! Биз албетте, сени жана аялыӊдан бөлөк баардык үй-бүлө мүчөлөрүӊдү куткарабыз. Ал (аялыӊ) артта калуучулардан».
  • اِنَّا مُنۡزِلُوۡنَ عَلٰۤی اَہۡلِ ہٰذِہِ الۡقَرۡیَۃِ رِجۡزًا مِّنَ السَّمَآءِ بِمَا کَانُوۡا یَفۡسُقُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    29 : 35 Албетте, Биз бул кыштак элинин үстүнө асмандан бир азап түшүрүүчүбүз, себеби алар баш ийбестик кылышат.
  • وَ لَقَدۡ تَّرَکۡنَا مِنۡہَاۤ اٰیَۃًۢ بَیِّنَۃً لِّقَوۡمٍ یَّعۡقِلُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    29 : 36 Албетте, Биз андан акыл жүгүрткөн адамдар үчүн тек бир гана айкын аят-белги калтырдык.
  • وَ اِلٰی مَدۡیَنَ اَخَاہُمۡ شُعَیۡبًا ۙ فَقَالَ یٰقَوۡمِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ وَ ارۡجُوا الۡیَوۡمَ الۡاٰخِرَ وَ لَا تَعۡثَوۡا فِی الۡاَرۡضِ مُفۡسِدِیۡنَ ﴿۳۷﴾
    29 : 37 (Биз) Мадян (коому)на алардын тууганы Шуайыбды (жөнөттүк). Ошондо ал айтты: «Эй, коомум! Аллага ибадат кылгыла, акыркы күндөн үмүткөр болгула жана бузуучу болуп, жерде бүлүк салбагыла!»
  • فَکَذَّبُوۡہُ فَاَخَذَتۡہُمُ الرَّجۡفَۃُ فَاَصۡبَحُوۡا فِیۡ دَارِہِمۡ جٰثِمِیۡنَ ﴿۫۳۸﴾
    29 : 38 Анан алар аны жалганчыга чыгарышты. Ошондо аларды бир зилзала тутуп алды. Ошентип, алар үйлөрүндө чөгөлөгөн бойдон калып калышты.
  • وَ عَادًا وَّ ثَمُوۡدَا۠ وَ قَدۡ تَّبَیَّنَ لَکُمۡ مِّنۡ مَّسٰکِنِہِمۡ ۟ وَ زَیَّنَ لَہُمُ الشَّیۡطٰنُ اَعۡمَالَہُمۡ فَصَدَّہُمۡ عَنِ السَّبِیۡلِ وَ کَانُوۡا مُسۡتَبۡصِرِیۡنَ ﴿ۙ۳۹﴾
    29 : 39 Ошондой эле Аад жана Самудду (дагы зилзала менен жок кылып жибердик. Бул нерсе силерге) алардын турагы(нын кыйрашы)нан жакшылап айкын болуп калды. Шайтан аларга амалдарын чырайлуу кылып көрсөттү жана аларды (туура) жолдон тосту. Чынында, алар жакшылап көрүп туруучулар эле.
  • وَ قَارُوۡنَ وَ فِرۡعَوۡنَ وَ ہَامٰنَ ۟ وَ لَقَدۡ جَآءَہُمۡ مُّوۡسٰی بِالۡبَیِّنٰتِ فَاسۡتَکۡبَرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا کَانُوۡا سٰبِقِیۡنَ ﴿ۚۖ۴۰﴾
    29 : 40 Каарун, Фараон жана Хаамаанды дагы (адашкандыктары үчүн Биз жазалыдык). Муса алардын алдына албетте, ачык-айкын аят-жышаандарды келтирген эле, ошондо дагы алар жерде текеберлик кылышты. Алар (тутуубуздан) качып кутула алышпады.
  • فَکُلًّا اَخَذۡنَا بِذَنۡۢبِہٖ ۚ فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ اَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِ حَاصِبًا ۚ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ اَخَذَتۡہُ الصَّیۡحَۃُ ۚ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ خَسَفۡنَا بِہِ الۡاَرۡضَ ۚ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ اَغۡرَقۡنَا ۚ وَ مَا کَانَ اللّٰہُ لِیَظۡلِمَہُمۡ وَ لٰکِنۡ کَانُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۴۱﴾
    29 : 41 Ошентип, Биз (алардын) ар бирин анын күнөөсү себептүү тутуп алдык. Ошондо, алардын арасында мындай тайпа дагы бар болчу: алардын үстүнө Биз таш жаадыра турган катуу бороон жибердик. Жана алардын арасында ушундай тайпа да бар болчу: аны бир коркунучтуу үн тутуп алды. Жана алардын арасында ушундай тайпа да бар эле: Биз аны жерге жуткуруп жибердик. Жана алардын арасында ушундай тайпа бар болчу: Биз аны чөктүрүп жибердик. Алла аларга зулумдук кылуучу Зат эмес, жок, алардын өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылуучулар эле.
  • مَثَلُ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اَوۡلِیَآءَ کَمَثَلِ الۡعَنۡکَبُوۡتِ ۖۚ اِتَّخَذَتۡ بَیۡتًا ؕ وَ اِنَّ اَوۡہَنَ الۡبُیُوۡتِ لَبَیۡتُ الۡعَنۡکَبُوۡتِ ۘ لَوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۲﴾
    29 : 42 Алланы коюп, ордуна башкаларды (өздөрүнө) дос тутуп алгандардын мисалы жөргөмүшкө окшойт: ал да бир үй курду жана үйлөрдүн эӊ алсызы албетте, жөргөмүштүн үйү болот. Эгер алар (муну) билишсе, кана.
  • اِنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ مَا یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۴۳﴾
    29 : 43 Албетте, Алла алардын Аны коюп, эмнеге жалбарып жатканын билет. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • وَ تِلۡکَ الۡاَمۡثَالُ نَضۡرِبُہَا لِلنَّاسِ ۚ وَ مَا یَعۡقِلُہَاۤ اِلَّا الۡعٰلِمُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    29 : 44 Булар – Биз адамдарга баяндай турган мисалдар, бирок аларды илим ээлеринен башка эч ким түшүнбөйт.
  • خَلَقَ اللّٰہُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِالۡحَقِّ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿٪۴۵﴾
    29 : 45 Алла асмандар жана жерди чындык менен жаратты. Албетте, мында момундар үчүн бир чоӊ аят-белги бар.
  • اُتۡلُ مَاۤ اُوۡحِیَ اِلَیۡکَ مِنَ الۡکِتٰبِ وَ اَقِمِ الصَّلٰوۃَ ؕ اِنَّ الصَّلٰوۃَ تَنۡہٰی عَنِ الۡفَحۡشَآءِ وَ الۡمُنۡکَرِ ؕ وَ لَذِکۡرُ اللّٰہِ اَکۡبَرُ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ مَا تَصۡنَعُوۡنَ ﴿۴۶﴾
    29 : 46 Китептен сага вахий-аян кылына турган нерсени окуп бер жана намазды аткар. Албетте, намаз абийирсиздиктен жана ар кандай жөнсүз иштерден тосот. Жана Алланын зикири албетте, бардык (зикирлер)ден улук. Алла кылып жаткан амалдарыӊарды билет.
  • وَ لَا تُجَادِلُوۡۤا اَہۡلَ الۡکِتٰبِ اِلَّا بِالَّتِیۡ ہِیَ اَحۡسَنُ ٭ۖ اِلَّا الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مِنۡہُمۡ وَ قُوۡلُوۡۤا اٰمَنَّا بِالَّذِیۡۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡنَا وَ اُنۡزِلَ اِلَیۡکُمۡ وَ اِلٰـہُنَا وَ اِلٰـہُکُمۡ وَاحِدٌ وَّ نَحۡنُ لَہٗ مُسۡلِمُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    29 : 47 Китеп ээлери менен эӊ сонун (далил) аркылуу гана талашып-тартышкыла. Алардын арасында зулумдук кылгандар болсо, анда башка кеп. Жана (аларга): «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн жана силерге түшүрүлгөн нерселерге (дагы) ыйман келтирдик. Биздин Кудайыбыз жана силердин Кудайыӊар – бир гана. Биз Ага гана моюн сунуучубуз», - дегиле.
  • وَ کَذٰلِکَ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکَ الۡکِتٰبَ ؕ فَالَّذِیۡنَ اٰتَیۡنٰہُمُ الۡکِتٰبَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِہٖ ۚ وَ مِنۡ ہٰۤؤُلَآءِ مَنۡ یُّؤۡمِنُ بِہٖ ؕ وَ مَا یَجۡحَدُ بِاٰیٰتِنَاۤ اِلَّا الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    29 : 48 Ушинтип, Биз сага Китеп түшүрдүк. Демек, Биз Китеп бергендер ага ыйман келтиришет жана буларда (Китеп ээлеринин арасында) дагы ага ыйман келтире турган (тайпа) бар. Жалаӊ каапырлар гана Биздин аяттарыбызды четке кагышат.
  • وَ مَا کُنۡتَ تَتۡلُوۡا مِنۡ قَبۡلِہٖ مِنۡ کِتٰبٍ وَّ لَا تَخُطُّہٗ بِیَمِیۡنِکَ اِذًا لَّارۡتَابَ الۡمُبۡطِلُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    29 : 49 Бул (Куран)дан мурун сен эч бир китеп окубайт элеӊ жана аны оӊ колуӊ менен жазбайт элеӊ. Эгер ушундай болгондо, жалганчыга чыгаруучулар (сен тууралуу) сөзсүз шек-күмөнгө түшмөк.
  • بَلۡ ہُوَ اٰیٰتٌۢ بَیِّنٰتٌ فِیۡ صُدُوۡرِ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ ؕ وَ مَا یَجۡحَدُ بِاٰیٰتِنَاۤ اِلَّا الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    29 : 50 Жок, булар – билим берилгендердин көкүрөктөрүндө (жазылган) ачык-айкын аяттар. Жалаӊ заалимдер гана Биздин аяттарыбызды четке кагышат.
  • وَ قَالُوۡا لَوۡ لَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡہِ اٰیٰتٌ مِّنۡ رَّبِّہٖ ؕ قُلۡ اِنَّمَا الۡاٰیٰتُ عِنۡدَ اللّٰہِ ؕ وَ اِنَّمَاۤ اَنَا نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۵۱﴾
    29 : 51 Алар: «Эмнеге ага Раббисинен кандайдыр бир аят-белгилер түшүрүлгөн эмес?» - дешет. Айткын: «Аят-белгилер бир гана Алланын алдында. Мен болгону бир ачыктан-ачык кулактандыруучумун».
  • اَوَ لَمۡ یَکۡفِہِمۡ اَنَّاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡکَ الۡکِتٰبَ یُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَرَحۡمَۃً وَّ ذِکۡرٰی لِقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿٪۵۲﴾
    29 : 52 Эмне, аларга окулуп жаткан Китепти Биздин сага түшүргөнүбүз алар үчүн жетиштүү эмеспи? Албетте, мында ыйман келтире турган коом үчүн бир улуу рахмат жана абдан чоӊ насаат бар.
  • قُلۡ کَفٰی بِاللّٰہِ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَکُمۡ شَہِیۡدًا ۚ یَعۡلَمُ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِالۡبَاطِلِ وَ کَفَرُوۡا بِاللّٰہِ ۙ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    29 : 53 Айт: «Алла мени менен силердин ортоӊордо күбө катары жетиштүү. Асмандар жана жердеги бар нерселерди Ал билет. Жалганга ыйман келтирген жана Алланы четке каккандар – мына ошолор зыян көрүүчүлөр.
  • وَ یَسۡتَعۡجِلُوۡنَکَ بِالۡعَذَابِ ؕ وَ لَوۡ لَاۤ اَجَلٌ مُّسَمًّی لَّجَآءَہُمُ الۡعَذَابُ ؕ وَ لَیَاۡتِیَنَّہُمۡ بَغۡتَۃً وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۵۴﴾
    29 : 54 Алар сенден азапты тез алып келишиӊди талап кылышат. Эгер белгилүү мөөнөт белгиленип коюлбаганда, азап сөзсүз аларга келмек. Ал алардын үстүнө албетте, кокустан келип калат жана алар (аны) сезбей калышат.
  • یَسۡتَعۡجِلُوۡنَکَ بِالۡعَذَابِ ؕ وَ اِنَّ جَہَنَّمَ لَمُحِیۡطَۃٌۢ بِالۡکٰفِرِیۡنَ ﴿ۙ۵۵﴾
    29 : 55 Алар сенден азаптын тез келишин талап кылышат. Тозок болсо, каапырларды сөзсүз курчап алуучу.
  • یَوۡمَ یَغۡشٰہُمُ الۡعَذَابُ مِنۡ فَوۡقِہِمۡ وَ مِنۡ تَحۡتِ اَرۡجُلِہِمۡ وَ یَقُوۡلُ ذُوۡقُوۡا مَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    29 : 56 Азап алардын үстүнөн дагы, буттарынын астынан дагы ороп ала турган күн(дү эстегиле; ошондо Алла) айтат: «Жасап жүргөн амалдарыӊар(дын натыйжасы)н татып көргүлө!»
  • یٰعِبَادِیَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنَّ اَرۡضِیۡ وَاسِعَۃٌ فَاِیَّایَ فَاعۡبُدُوۡنِ ﴿۵۷﴾
    29 : 57 Эй, ыйман келтирген пенделерим! Менин жерим албетте, кеӊ. Жалаӊ Мага гана ибадат кылгыла.
  • کُلُّ نَفۡسٍ ذَآئِقَۃُ الۡمَوۡتِ ۟ ثُمَّ اِلَیۡنَا تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    29 : 58 Ар бир жан өлүм даамын татып көрүүчү. Анан силер Өзүбүзгө гана кайтарыласыӊар.
  • وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَنُبَوِّئَنَّہُمۡ مِّنَ الۡجَنَّۃِ غُرَفًا تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ نِعۡمَ اَجۡرُ الۡعٰمِلِیۡنَ ﴿٭ۖ۵۹﴾
    29 : 59 Ыйман келтирген жана жакшы амал кылгандарды сөзсүз бейиште ортолорунан дайралар агып турган бийик бөлмөлөргө жайгаштырабыз; алар анын ичинде түбөлүккө калуучулар. Амал кылуучулардын сыйлыгы кандай сонун!
  • الَّذِیۡنَ صَبَرُوۡا وَ عَلٰی رَبِّہِمۡ یَتَوَکَّلُوۡنَ ﴿۶۰﴾
    29 : 60 (Мына ошолор) – сабыр кылган жана өздөрүнүн Раббисине тобокел кылып тургандар.
  • وَ کَاَیِّنۡ مِّنۡ دَآبَّۃٍ لَّا تَحۡمِلُ رِزۡقَہَا ٭ۖ اَللّٰہُ یَرۡزُقُہَا وَ اِیَّاکُمۡ ۫ۖ وَ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۶۱﴾
    29 : 61 Жерде жүргөн канчалаган жандыктар бар: алар өз ырыскысын көтөрүп жүрбөйт; аларга дагы, силерге дагы ырыскы бере турган Зат – жалгыз Алла. Ал өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ لَئِنۡ سَاَلۡتَہُمۡ مَّنۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ سَخَّرَ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ لَیَقُوۡلُنَّ اللّٰہُ ۚ فَاَنّٰی یُؤۡفَکُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    29 : 62 Эгер сен алардан: «Асмандар жана жерди ким жараткан, ошондой эле күн жана айды ким моюн сундуруп койгон?» - деп сурасаӊ, алар сөзсүз: «Алла!» - деп жооп кылышат. Андай болсо, (алар) каяка тескери айландырылмакта?»
  • اَللّٰہُ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ وَ یَقۡدِرُ لَہٗ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۶۳﴾
    29 : 63 Алла Өзүнүн пенделеринен Өзү каалаганы үчүн ырыскыны кеӊейтет жана ага ырыскыны тар да кылат. Албетте, Алла баардык нерселерди жакшы билүүчү.
  • وَ لَئِنۡ سَاَلۡتَہُمۡ مَّنۡ نَّزَّلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَاَحۡیَا بِہِ الۡاَرۡضَ مِنۡۢ بَعۡدِ مَوۡتِہَا لَیَقُوۡلُنَّ اللّٰہُ ؕ قُلِ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ ؕ بَلۡ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿٪۶۴﴾
    29 : 64 Эгер сен алардан: «Ким асмандан сууну түшүргөн, анан ал аркылуу жерди өлүмүнөн соӊ тирилткен?» - деп сурасаӊ, алар сөзсүз: «Алла!», - дешет. Айт: «Бардык мактоо Аллага гана таандык». Бирок алардын көпчүлүгү түшүнбөйт.
  • وَ مَا ہٰذِہِ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَاۤ اِلَّا لَہۡوٌ وَّ لَعِبٌ ؕ وَ اِنَّ الدَّارَ الۡاٰخِرَۃَ لَہِیَ الۡحَیَوَانُ ۘ لَوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    29 : 65 Бул дүйнөлүк жашоо бейкапарлык жана оюн-зооктон башка эч нерсе эмес. Албетте, акыреттеги үй гана чыныгы жашоо. Эгер алар билишсе, кана!
  • فَاِذَا رَکِبُوۡا فِی الۡفُلۡکِ دَعَوُا اللّٰہَ مُخۡلِصِیۡنَ لَہُ الدِّیۡنَ ۬ۚ فَلَمَّا نَجّٰہُمۡ اِلَی الۡبَرِّ اِذَا ہُمۡ یُشۡرِکُوۡنَ ﴿ۙ۶۶﴾
    29 : 66 Качан алар кемеге чыккандарында, Аллага өз динин Ага гана таандык кылган бойдон кайрылышат. Анан Ал (Алла) аларды (аман-эсен) куткарып кургакка чыгарганда, кокустан алар (Аллага) шерик кошо башташат.
  • لِیَکۡفُرُوۡا بِمَاۤ اٰتَیۡنٰہُمۡ ۚۙ وَ لِیَتَمَتَّعُوۡا ٝ فَسَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۶۷﴾
    29 : 67 Биз аларга тартуулаган нерселерге шүкүрсүздүк кылуулары үчүн, жана бир аз убакка чейин пайда алуулары үчүн алар (ушундай кылышат). Демек, алар тез арада (мунун натыйжасын) билип алышат.
  • اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اَنَّا جَعَلۡنَا حَرَمًا اٰمِنًا وَّ یُتَخَطَّفُ النَّاسُ مِنۡ حَوۡلِہِمۡ ؕ اَفَبِالۡبَاطِلِ یُؤۡمِنُوۡنَ وَ بِنِعۡمَۃِ اللّٰہِ یَکۡفُرُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    29 : 68 Алар Биз Харамды бир аманчылык жайы кылганыбызды көрүшкөн жокпу? Чынында, алардын айланасынан адамдар тартып алып кетилет. Демек, алар калпка ыйман келтирип, Алланын нээматын четке кагышабы?!
  • وَ مَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا اَوۡ کَذَّبَ بِالۡحَقِّ لَمَّا جَآءَہٗ ؕ اَلَیۡسَ فِیۡ جَہَنَّمَ مَثۡوًی لِّلۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۶۹﴾
    29 : 69 Аллага каршы бир чоӊ калпты чыгарган же чындыкты өзүнө келгенден кийин жалганга чыгара турган бирөөнөн дагы заалимирээк ким бар? Эмне, каапырлар үчүн турак жай тозокто эмеспи?
  • وَ الَّذِیۡنَ جَاہَدُوۡا فِیۡنَا لَنَہۡدِیَنَّہُمۡ سُبُلَنَا ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَمَعَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿٪۷۰﴾
    29 : 70 Биз үчүн аракет жасай тургандар – аларды Биз албетте, Өз жолдорубузга хидаят кылабыз. Албетте, Алла жакшы амал кылуучулар менен бирге.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via