الذّاریَات
Аз-Заарият
- 51:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
- 51:2وَالذّٰرِیٰتِ ذَرۡوًا ۙ﴿۲﴾(Урукту) чачуучуларга касам!
- 51:3فَالۡحٰمِلٰتِ وِقۡرًا ۙ﴿۳﴾Анан жүктү көтөрүүчүлөргө.
- 51:4فَالۡجٰرِیٰتِ یُسۡرًا ۙ﴿۴﴾Анан жеӊил гана жүрүүчүлөргө.
- 51:5فَالۡمُقَسِّمٰتِ اَمۡرًا ۙ﴿۵﴾Анан кандайдыр бир олуттуу ишти бөлүштүрүүчүлөргө.
- 51:6اِنَّمَا تُوۡعَدُوۡنَ لَصَادِقٌ ۙ﴿۶﴾Силерге убада кылына турган нерсе гана албетте, ырас.
- 51:7وَّ اِنَّ الدِّیۡنَ لَوَاقِعٌ ؕ﴿۷﴾Жаза-сыйлык күнү, албетте, аткарылуучу.
- 51:8وَ السَّمَآءِ ذَاتِ الۡحُبُکِ ۙ﴿۸﴾Жолдорго ээ болгон асманга касам!
- 51:9اِنَّکُمۡ لَفِیۡ قَوۡلٍ مُّخۡتَلِفٍ ۙ﴿۹﴾Албетте, силер бир карама-каршылыкка ээ болгон кеп-сөзгө кирептерсиӊер.
- 51:10یُّؤۡفَکُ عَنۡہُ مَنۡ اُفِکَ ﴿ؕ۱۰﴾Андан кайтарыла турган гана кайтарылат.
- 51:11قُتِلَ الۡخَرّٰصُوۡنَ ﴿ۙ۱۱﴾Негизсиз кептерди сүйлөөчүлөр жок болушту –
- 51:12الَّذِیۡنَ ہُمۡ فِیۡ غَمۡرَۃٍ سَاہُوۡنَ ﴿ۙ۱۲﴾(Тактап айтканда) өз бейкапарлыктарында адашып жүргөндөр.
- 51:13یَسۡـَٔلُوۡنَ اَیَّانَ یَوۡمُ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۱۳﴾Алар: «Жаза-сыйлык күнү качан болот?» - деп сурашат.
- 51:14یَوۡمَ ہُمۡ عَلَی النَّارِ یُفۡتَنُوۡنَ ﴿۱۴﴾Алар от үстүндө бышырылып жаткан күнү.
- 51:15ذُوۡقُوۡا فِتۡنَتَکُمۡ ؕ ہٰذَا الَّذِیۡ کُنۡتُمۡ بِہٖ تَسۡتَعۡجِلُوۡنَ ﴿۱۵﴾(Аларга айтылат): «Өз чагымчылдыгыӊардын даамын таткыла. Силер тез талап кылган нерсе – мына ушул».
- 51:16اِنَّ الۡمُتَّقِیۡنَ فِیۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ۙ۱۶﴾Албетте, такыбалар бактар жана булактардын ортосунда болушат.
- 51:17اٰخِذِیۡنَ مَاۤ اٰتٰہُمۡ رَبُّہُمۡ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَبۡلَ ذٰلِکَ مُحۡسِنِیۡنَ ﴿ؕ۱۷﴾Алардын Раббиси аларга бере турган нерсени кабыл кылып жаткан болушат. Албетте, мындан илгери алар абдан жакшы амалдарды кылуучулар эле.
- 51:18کَانُوۡا قَلِیۡلًا مِّنَ الَّیۡلِ مَا یَہۡجَعُوۡنَ ﴿۱۸﴾Алар түнкүсүн аз гана уктоочу эле.
- 51:19وَ بِالۡاَسۡحَارِ ہُمۡ یَسۡتَغۡفِرُوۡنَ ﴿۱۹﴾Жана таӊкысын дагы алар кечирим тилеп турар эле.
- 51:20وَ فِیۡۤ اَمۡوَالِہِمۡ حَقٌّ لِّلسَّآئِلِ وَ الۡمَحۡرُوۡمِ ﴿۲۰﴾Ошондой эле алардын мал-мүлкүндө суроочулар жана собол бербей турган муктаждар үчүн бир акы бар болчу.
- 51:21وَ فِی الۡاَرۡضِ اٰیٰتٌ لِّلۡمُوۡقِنِیۡنَ ﴿ۙ۲۱﴾Ишене тургандар үчүн жерде бир канча аят-белгилер бар.
- 51:22وَ فِیۡۤ اَنۡفُسِکُمۡ ؕ اَفَلَا تُبۡصِرُوۡنَ ﴿۲۲﴾Жана өзүӊөрдө дагы. Демек, силер көрбөйсүӊөрбү?
- 51:23وَ فِی السَّمَآءِ رِزۡقُکُمۡ وَ مَا تُوۡعَدُوۡنَ ﴿۲۳﴾Асманда силердин ырыскыӊар да бар, силерге убада кылына турган нерсе да бар.
- 51:24فَوَ رَبِّ السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ اِنَّہٗ لَحَقٌّ مِّثۡلَ مَاۤ اَنَّکُمۡ تَنۡطِقُوۡنَ ﴿٪۲۴﴾Ырас, асман жана жердин Раббисине касам! Кудум силер (өз ара) сүйлөп жатканыӊардай, албетте, бул дагы чындык.
- 51:25ہَلۡ اَتٰٮکَ حَدِیۡثُ ضَیۡفِ اِبۡرٰہِیۡمَ الۡمُکۡرَمِیۡنَ ﴿ۘ۲۵﴾Ибраахиймдин урматтуу меймандарынын кабары сага жетип келдиби?
- 51:26اِذۡ دَخَلُوۡا عَلَیۡہِ فَقَالُوۡا سَلٰمًا ؕ قَالَ سَلٰمٌ ۚ قَوۡمٌ مُّنۡکَرُوۡنَ ﴿ۚ۲۶﴾Алар анын жанына келгендеринде: «Салам!» - дешти. Ал да: «Салам!» - деди. (Ал өзүнө-өзү айтты): «Бейтааныш кишилер (көрүнүп жатат)».
- 51:27فَرَاغَ اِلٰۤی اَہۡلِہٖ فَجَآءَ بِعِجۡلٍ سَمِیۡنٍ ﴿ۙ۲۷﴾Ал дароо өз үйдөгүлөрүнүн алдына барды жана бир семиз (бышырылган) музоо(нун эти)н келтирди.
- 51:28فَقَرَّبَہٗۤ اِلَیۡہِمۡ قَالَ اَلَا تَاۡکُلُوۡنَ ﴿۫۲۸﴾Анан аны аларга сунуштады (жана) сурады: «Эмне, жебейсиӊерби?»
- 51:29فَاَوۡجَسَ مِنۡہُمۡ خِیۡفَۃً ؕ قَالُوۡا لَا تَخَفۡ ؕ وَ بَشَّرُوۡہُ بِغُلٰمٍ عَلِیۡمٍ ﴿۲۹﴾Анан алардан кооптонду. Алар айтышты: «Коркпо!» Алар ага бир илимдүү уулдан куш кабар беришти.
- 51:30فَاَقۡبَلَتِ امۡرَاَتُہٗ فِیۡ صَرَّۃٍ فَصَکَّتۡ وَجۡہَہَا وَ قَالَتۡ عَجُوۡزٌ عَقِیۡمٌ ﴿۳۰﴾Ошондо анын аялы кыйкырык көтөргөн бойдон жакын келди жана жүзүнө уруп айтты: «(Мен) төрөбөгөн кемпир(мин)».
- 51:31قَالُوۡا کَذٰلِکِ ۙ قَالَ رَبُّکِ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡحَکِیۡمُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۳۱﴾Алар айтышты: «Раббиӊ айткандай (болот). Албетте, Ал гана акылмандык ээси (жана) дайыма билүүчү».
- 51:32قَالَ فَمَا خَطۡبُکُمۡ اَیُّہَا الۡمُرۡسَلُوۡنَ ﴿۳۲﴾Ал (Ибраахийм) айтты: «Эй, элчилер! Мүдөөӊөр эмне?»
- 51:33قَالُوۡۤا اِنَّاۤ اُرۡسِلۡنَاۤ اِلٰی قَوۡمٍ مُّجۡرِمِیۡنَ ﴿ۙ۳۳﴾Алар айтышты: «Албетте, биз бир күнөөкөр коомго жөнөтүлгөнбүз –
- 51:34لِنُرۡسِلَ عَلَیۡہِمۡ حِجَارَۃً مِّنۡ طِیۡنٍ ﴿ۙ۳۴﴾Алардын үстүнө ылайдан болгон таштарды жаадыруу үчүн.
- 51:35مُّسَوَّمَۃً عِنۡدَ رَبِّکَ لِلۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿۳۵﴾Алар Раббиӊ тарабынан чектен ашуучулар үчүн белгиленип коюлган».
- 51:36فَاَخۡرَجۡنَا مَنۡ کَانَ فِیۡہَا مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿ۚ۳۶﴾Анан Биз анда болгон бардык момундарды чыгарып алдык.
- 51:37فَمَا وَجَدۡنَا فِیۡہَا غَیۡرَ بَیۡتٍ مِّنَ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿ۚ۳۷﴾Ошентип, Биз анда бой сунуучулардын болгону бир гана үйүн таптык.
- 51:38وَ تَرَکۡنَا فِیۡہَاۤ اٰیَۃً لِّلَّذِیۡنَ یَخَافُوۡنَ الۡعَذَابَ الۡاَلِیۡمَ ﴿ؕ۳۸﴾Жана Биз анда оор азаптан корко тургандар үчүн бир бийик (ибараттуу) аят-белги калтырдык.
- 51:39وَ فِیۡ مُوۡسٰۤی اِذۡ اَرۡسَلۡنٰہُ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ بِسُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۳۹﴾Жана Муса(нын окуясын)да (дагы кудум ушундай бир аят-белги бар эле), качан Биз аны Фараондун алдына бир ачык-айкын далил менен жибердик.
- 51:40فَتَوَلّٰی بِرُکۡنِہٖ وَ قَالَ سٰحِرٌ اَوۡ مَجۡنُوۡنٌ ﴿۴۰﴾Анан ал өз төбөлдөрү менен жүз бурду жана: «Бул – болгону бир сыйкырчы же жинди», - деди.
- 51:41فَاَخَذۡنٰہُ وَ جُنُوۡدَہٗ فَنَبَذۡنٰہُمۡ فِی الۡیَمِّ وَ ہُوَ مُلِیۡمٌ ﴿ؕ۴۱﴾Ошондо Биз аны жана анын кошуунун кармадык жана аларды деӊизге таштап жибердик. Ал жемеге ылайыктуу болчу.
- 51:42وَ فِیۡ عَادٍ اِذۡ اَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمُ الرِّیۡحَ الۡعَقِیۡمَ ﴿ۚ۴۲﴾Жана Аадда (дагы бир аят-белги бар эле). Качан Биз алардын үстүнө бир ойрондотуучу шамалды жөнөттүк.
- 51:43مَا تَذَرُ مِنۡ شَیۡءٍ اَتَتۡ عَلَیۡہِ اِلَّا جَعَلَتۡہُ کَالرَّمِیۡمِ ﴿ؕ۴۳﴾Ал эмненин үстүнөн өткөн болсо, анын эчтекесин калтырбайт эле жана аны сасыган нерседей кылып коёр эле.
- 51:44وَ فِیۡ ثَمُوۡدَ اِذۡ قِیۡلَ لَہُمۡ تَمَتَّعُوۡا حَتّٰی حِیۡنٍ ﴿۴۴﴾Жана Самудда (дагы бир аят-белги бар эле. Качан аларга айтылды: «Бир мөөнөткө чейин пайдаланып калгыла».
- 51:45فَعَتَوۡا عَنۡ اَمۡرِ رَبِّہِمۡ فَاَخَذَتۡہُمُ الصّٰعِقَۃُ وَ ہُمۡ یَنۡظُرُوۡنَ ﴿۴۵﴾Анан алар Раббисинин буйругуна баш ийбестик кылышты. Ошондуктан, аларды чагылган тутуп алды. Алар болсо, бакырайган бойдон калышты.
- 51:46فَمَا اسۡتَطَاعُوۡا مِنۡ قِیَامٍ وَّ مَا کَانُوۡا مُنۡتَصِرِیۡنَ ﴿ۙ۴۶﴾Ошондо, аларда турууга дагы күч калбады жана алар өч алууга дагы кудуреттүү эмес эле.
- 51:47وَ قَوۡمَ نُوۡحٍ مِّنۡ قَبۡلُ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَوۡمًا فٰسِقِیۡنَ ﴿٪۴۷﴾Жана мындан мурун Нух коому дагы (бир ибараттуу аят-белги болчу). Албетте, ал бир фасык коом эле.
- 51:48وَ السَّمَآءَ بَنَیۡنٰہَا بِاَیۡٮدٍ وَّ اِنَّا لَمُوۡسِعُوۡنَ ﴿۴۸﴾Биз асманды бир өзгөчө кудурет менен пайда кылганбыз. Албетте, Биз кеӊчилик тартуулоочубуз.
- 51:49وَ الۡاَرۡضَ فَرَشۡنٰہَا فَنِعۡمَ الۡمٰہِدُوۡنَ ﴿۴۹﴾Жана жерди Биз тегиз кылып койдук. Ошентип, Биз канчалык кооз төшөөчүбүз!
- 51:50وَ مِنۡ کُلِّ شَیۡءٍ خَلَقۡنَا زَوۡجَیۡنِ لَعَلَّکُمۡ تَذَکَّرُوۡنَ ﴿۵۰﴾Жана силер насаат алышыӊар үчүн Биз бардык нерсени жуп-жуп кылып жараттык.
- 51:51فَفِرُّوۡۤا اِلَی اللّٰہِ ؕ اِنِّیۡ لَکُمۡ مِّنۡہُ نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۚ۵۱﴾«Ошентип, тездик менен Алла тарапка жүгүргүлө. Албетте, мен Ал тарабынан силерге бир ачыктан-ачык кулактандыруучумун.
- 51:52وَ لَا تَجۡعَلُوۡا مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ ؕ اِنِّیۡ لَکُمۡ مِّنۡہُ نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۚ۵۲﴾Жана Алла менен башка бир нерсени кудай тутпагыла. Албетте, мен Ал тарабынан силерге бир ачыктан-ачык кулактандыруучумун».
- 51:53کَذٰلِکَ مَاۤ اَتَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ مِّنۡ رَّسُوۡلٍ اِلَّا قَالُوۡا سَاحِرٌ اَوۡ مَجۡنُوۡنٌ ﴿ۚ۵۳﴾Ушундай булардан мурунку адамдарга келген ар бир пайгамбарга алар: «(Бул) – бир сыйкырчы же жинди», - дешти.
- 51:54اَتَوَاصَوۡا بِہٖ ۚ بَلۡ ہُمۡ قَوۡمٌ طَاغُوۡنَ ﴿ۚ۵۴﴾Алар мына ушул нерсени гана бири-бирине насаат кылышабы? Жок, булар бир баш ийбес коом.
- 51:55فَتَوَلَّ عَنۡہُمۡ فَمَاۤ اَنۡتَ بِمَلُوۡمٍ ﴿٭۫۵۵﴾Ошондуктан, булардан жүз бур. Сен эч кандай жемеге алынбайсыӊ.
- 51:56وَّ ذَکِّرۡ فَاِنَّ الذِّکۡرٰی تَنۡفَعُ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۵۶﴾Жана сен насаат кыла бер. Албетте, насаат момундарга пайда келтирет.
- 51:57وَ مَا خَلَقۡتُ الۡجِنَّ وَ الۡاِنۡسَ اِلَّا لِیَعۡبُدُوۡنِ ﴿۵۷﴾Мен бардык жин жана адамдарды Мага ибадат кылуулары үчүн гана жараттым.
- 51:58مَاۤ اُرِیۡدُ مِنۡہُمۡ مِّنۡ رِّزۡقٍ وَّ مَاۤ اُرِیۡدُ اَنۡ یُّطۡعِمُوۡنِ ﴿۵۸﴾Мен алардан эч бир ырыскы тилебеймин жана Мени тамактандырууларын дагы арзуу кылбаймын.
- 51:59اِنَّ اللّٰہَ ہُوَ الرَّزَّاقُ ذُو الۡقُوَّۃِ الۡمَتِیۡنُ ﴿۵۹﴾Алла гана эӊ көп ырыскы берүүчү, эӊ кудуреттүү (жана) күчтүү сапаттардын ээси.
- 51:60فَاِنَّ لِلَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا ذَنُوۡبًا مِّثۡلَ ذَنُوۡبِ اَصۡحٰبِہِمۡ فَلَا یَسۡتَعۡجِلُوۡنِ ﴿۶۰﴾Албетте, зулумдук кылгандарга зулумдуктун жазасынан кудум шериктеринин үлүшү сыӊары үлүш бар. Ошондуктан, алар (аны) тездетүүнү Менден талап кылбастыктары керек.
- 51:61فَوَیۡلٌ لِّلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ یَّوۡمِہِمُ الَّذِیۡ یُوۡعَدُوۡنَ ﴿٪۶۱﴾Ошентип, каапырлык кылгандарга аларга убада кылынып жаткан күнү өлүм болот.
0:00
/
0:00