Курани карим Ал-Хужураат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الحُجرَات

Ал-Хужураат

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    49 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تُقَدِّمُوۡا بَیۡنَ یَدَیِ اللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲﴾
    49 : 2 Эй, ыйман келтиргендер! Алла жана Анын Пайгамбарынын алдында алга кадам баспагыла жана Алладан корккула. Албетте, Алла абдан угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَرۡفَعُوۡۤا اَصۡوَاتَکُمۡ فَوۡقَ صَوۡتِ النَّبِیِّ وَ لَا تَجۡہَرُوۡا لَہٗ بِالۡقَوۡلِ کَجَہۡرِ بَعۡضِکُمۡ لِبَعۡضٍ اَنۡ تَحۡبَطَ اَعۡمَالُکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ لَا تَشۡعُرُوۡنَ ﴿۳﴾
    49 : 3 Эй, ыйман келтиргендер! Үнүӊөрдү Пайгамбардын үнүнөн жогору чыгарбагыла жана бири-бириӊерге бийик үн менен сүйлөгөнүӊөр сыяктуу ага бийик үндө сүйлөбөгүлө. Анткени өзүӊөр билбеген бойдон амалдарыӊар куру кетпесин.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یَغُضُّوۡنَ اَصۡوَاتَہُمۡ عِنۡدَ رَسُوۡلِ اللّٰہِ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ امۡتَحَنَ اللّٰہُ قُلُوۡبَہُمۡ لِلتَّقۡوٰی ؕ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ اَجۡرٌ عَظِیۡمٌ ﴿۴﴾
    49 : 4 Албетте, Алланын Пайгамбарынын алдында үндөрүн басаӊдаткандар – мына ошолордун жүрөктөрүн Алла такыба үчүн сыноодон өткөрүп алган. Алар үчүн бир улуу кечирим жана үлкөн сыйлык бар.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یُنَادُوۡنَکَ مِنۡ وَّرَآءِ الۡحُجُرٰتِ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۵﴾
    49 : 5 Албетте, сени үйлөрдөн тышкарыда туруп чакыргандар – алардын көпчүлүгү акыл-парасаттан куру.
  • وَ لَوۡ اَنَّہُمۡ صَبَرُوۡا حَتّٰی تَخۡرُجَ اِلَیۡہِمۡ لَکَانَ خَیۡرًا لَّہُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۶﴾
    49 : 6 Эгер сен алардын алдына чыкканыӊа чейин, алар сабыр кылып тургандарында, бул албетте, алар үчүн жакшыраак болоор эле. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنۡ جَآءَکُمۡ فَاسِقٌۢ بِنَبَاٍ فَتَبَیَّنُوۡۤا اَنۡ تُصِیۡبُوۡا قَوۡمًۢا بِجَہَالَۃٍ فَتُصۡبِحُوۡا عَلٰی مَا فَعَلۡتُمۡ نٰدِمِیۡنَ ﴿۷﴾
    49 : 7 Эй, ыйман келтиргендер! Эгер бир фасык силерге кандайдыр бир кабар келтирсе, билбестен башка бир коомго зулумдук кылып коюп, анан кылган иштериӊерден өкүнүп жүрбөшүӊөр үчүн (аны) текшерип көргүлө.
  • وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ فِیۡکُمۡ رَسُوۡلَ اللّٰہِ ؕ لَوۡ یُطِیۡعُکُمۡ فِیۡ کَثِیۡرٍ مِّنَ الۡاَمۡرِ لَعَنِتُّمۡ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ حَبَّبَ اِلَیۡکُمُ الۡاِیۡمَانَ وَ زَیَّنَہٗ فِیۡ قُلُوۡبِکُمۡ وَ کَرَّہَ اِلَیۡکُمُ الۡکُفۡرَ وَ الۡفُسُوۡقَ وَ الۡعِصۡیَانَ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الرّٰشِدُوۡنَ ۙ﴿۸﴾
    49 : 8 Алланын Пайгамбары араларыӊарда бар экенин билгиле. Эгер ал силердин көбүрөөк кебиӊерди кабыл кылса, силер албетте, кыйынчылыкка дуушар болоор элеӊер. Бирок Алла силерге ыйманды сүйүктүү кылып койду жана аны жүрөктөрүӊөрдө чырайлуу кылып кооздоду, ошондой эле Ал силерге каапырлыкты, митаамчылыкты жана баш ийбестикти жийиркеничтүү кылып көрсөттү. Мына ошолор гана хидаят тапкандар.
  • فَضۡلًا مِّنَ اللّٰہِ وَ نِعۡمَۃً ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۹﴾
    49 : 9 Бул – Алла тарабынан бир үлкөн берешендик жана нээмат катары. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • وَ اِنۡ طَآئِفَتٰنِ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ اقۡتَتَلُوۡا فَاَصۡلِحُوۡا بَیۡنَہُمَا ۚ فَاِنۡۢ بَغَتۡ اِحۡدٰٮہُمَا عَلَی الۡاُخۡرٰی فَقَاتِلُوا الَّتِیۡ تَبۡغِیۡ حَتّٰی تَفِیۡٓءَ اِلٰۤی اَمۡرِ اللّٰہِ ۚ فَاِنۡ فَآءَتۡ فَاَصۡلِحُوۡا بَیۡنَہُمَا بِالۡعَدۡلِ وَ اَقۡسِطُوۡا ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُقۡسِطِیۡنَ ﴿۱۰﴾
    49 : 10 Эгер момундардан эки тайпа өз ара урушуп калса, алардын ортосунда келишим түздүргүлө; анан эгер алардын бири экинчисине каршы баш көтөрсө, анда алар Алланын буйругуна кайтмайынча, акысыздык кылган (тайпа)га каршы уруш кылгыла. Ошентип, эгер ал (Алланын амирине) кайтып келсе, ал экөөсүнүн ортосунда адилет менен келишим түздүргүлө жана адилеттүүлүк кылгыла. Албетте, Алла адилет кылуучуларды сүйөт.
  • اِنَّمَا الۡمُؤۡمِنُوۡنَ اِخۡوَۃٌ فَاَصۡلِحُوۡا بَیۡنَ اَخَوَیۡکُمۡ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَ ﴿٪۱۱﴾
    49 : 11 Момундар – өз ара ага-инилер. Ошондуктан, өзүӊөрдүн эки бир тууганыӊардын ортосунда келишим түздүргүлө жана силерге ырайым кылынсын үчүн Алладан корккула.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا یَسۡخَرۡ قَوۡمٌ مِّنۡ قَوۡمٍ عَسٰۤی اَنۡ یَّکُوۡنُوۡا خَیۡرًا مِّنۡہُمۡ وَ لَا نِسَآءٌ مِّنۡ نِّسَآءٍ عَسٰۤی اَنۡ یَّکُنَّ خَیۡرًا مِّنۡہُنَّ ۚ وَ لَا تَلۡمِزُوۡۤا اَنۡفُسَکُمۡ وَ لَا تَنَابَزُوۡا بِالۡاَلۡقَابِ ؕ بِئۡسَ الِاسۡمُ الۡفُسُوۡقُ بَعۡدَ الۡاِیۡمَانِ ۚ وَ مَنۡ لَّمۡ یَتُبۡ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    49 : 12 Эй, ыйман келтиргендер! (Силерден) кандайдыр бир коом экинчи бир коомду маскаралабасын. Балким, алар буларга караганда, жакшыраак болуп чыгаар. Аялдар дагы (башка) аялдарды (маскара кылбасын). Балким, алар буларга караганда, жакшыраак болуп чыгаар. Өз адамдарыӊарга жалаа жаппагыла жана бири-бириӊердин ысымыӊарды бузуп чакырбагыла. Ыйман(га келген)ден кийин баш ийбестик тагы түшүшү – абдан жаман нерсе. Ким тобо кылбаса – мына ошолор заалимдер.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اجۡتَنِبُوۡا کَثِیۡرًا مِّنَ الظَّنِّ ۫ اِنَّ بَعۡضَ الظَّنِّ اِثۡمٌ وَّ لَا تَجَسَّسُوۡا وَ لَا یَغۡتَبۡ بَّعۡضُکُمۡ بَعۡضًا ؕ اَیُحِبُّ اَحَدُکُمۡ اَنۡ یَّاۡکُلَ لَحۡمَ اَخِیۡہِ مَیۡتًا فَکَرِہۡتُمُوۡہُ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ تَوَّابٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۳﴾
    49 : 13 Эй, ыйман келтиргендер! Көптөгөн күмөндөрдөн четтегиле. Албетте, айрым күмөндөр күнөө болот; ошондой эле чалгынчылык кылбагыла жана силерден эч ким бирөөгө каршы ушак айтпасын; силерден бирөө өзүнүн өлгөн тууганынын этин жегенди жактырабы? Ошентип, силер андан катуу жийиркенесиӊер. Алладан корккула. Албетте, Алла тобону кабыл кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اِنَّا خَلَقۡنٰکُمۡ مِّنۡ ذَکَرٍ وَّ اُنۡثٰی وَ جَعَلۡنٰکُمۡ شُعُوۡبًا وَّ قَبَآئِلَ لِتَعَارَفُوۡا ؕ اِنَّ اَکۡرَمَکُمۡ عِنۡدَ اللّٰہِ اَتۡقٰکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌ خَبِیۡرٌ ﴿۱۴﴾
    49 : 14 Эй, адамдар! Албетте, Биз силерди эркек жана ургаачыдан пайда кылдык жана бири-бириӊерди таанып алууӊар үчүн силерди коомдорго жана урууларга бөлүп койдук. Албетте, араӊардагы эӊ такыба киши гана Алланын алдында эӊ урматтуу. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) кабардар.
  • قَالَتِ الۡاَعۡرَابُ اٰمَنَّا ؕ قُلۡ لَّمۡ تُؤۡمِنُوۡا وَ لٰکِنۡ قُوۡلُوۡۤا اَسۡلَمۡنَا وَ لَمَّا یَدۡخُلِ الۡاِیۡمَانُ فِیۡ قُلُوۡبِکُمۡ ؕ وَ اِنۡ تُطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ لَا یَلِتۡکُمۡ مِّنۡ اَعۡمَالِکُمۡ شَیۡئًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۵﴾
    49 : 15 Көчмөндөр айтышат: «Биз ыйман келтирдик». Айткын: «Силер ыйман келтиргениӊер жок. Бирок бир гана: «Биз мусулман болдук», - деп айткыла, анткени али ыйман жүрөктөрүӊөрдөн жай алган эмес». Эгер силер Алла жана Анын Пайгамбарына баш ийсеӊер, Ал амалдарыӊардан эч нерсени кем кылбайт. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اِنَّمَا الۡمُؤۡمِنُوۡنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ ثُمَّ لَمۡ یَرۡتَابُوۡا وَ جٰہَدُوۡا بِاَمۡوَالِہِمۡ وَ اَنۡفُسِہِمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الصّٰدِقُوۡنَ ﴿۱۶﴾
    49 : 16 Алла жана Анын Пайгамбарына ыйман келтирген, анан эч качан күмөнгө берилбеген жана өздөрүнүн мал-мүлктөрү жана жандары менен Алла жолунда жихад кылгандар гана момундар. Мына ошолор гана чынчылдар.
  • قُلۡ اَتُعَلِّمُوۡنَ اللّٰہَ بِدِیۡنِکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۱۷﴾
    49 : 17 Сурагын: «Силер өз диниӊерди Аллага үйрөтөсүӊөрбү? Акыры, Алла асмандар жана жердеги бардык нерсени билет го! Алла бардык нерсени абдан жакшы билүүчү».
  • یَمُنُّوۡنَ عَلَیۡکَ اَنۡ اَسۡلَمُوۡا ؕ قُلۡ لَّا تَمُنُّوۡا عَلَیَّ اِسۡلَامَکُمۡ ۚ بَلِ اللّٰہُ یَمُنُّ عَلَیۡکُمۡ اَنۡ ہَدٰٮکُمۡ لِلۡاِیۡمَانِ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۸﴾
    49 : 18 Алар өздөрүнүн мусулман болгондуктарын сага милдет кылышат. Айткын: «Исламды кабыл кылганыӊарды мага милдет кылбагыла. Тескерисинче, Алла силерди туура жолго салып, силерге айкөлдүк көрсөтөт. Эгер чынчыл болсоӊор, (муну моюнга алгыла)».
  • اِنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ غَیۡبَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ اللّٰہُ بَصِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿٪۱۹﴾
    49 : 19 Албетте, Алла асмандар жана жердин кайыбынан кабардар. Алла кылып жаткан иштериӊерди тереӊ күзөтүүчү.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via