Курани карим Ал-Бакара • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

البَقَرَة

Ал-Бакара

Сүрөөгө киришүү
  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    2 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓـمّٓ ۚ﴿۲﴾
    2 : 2 Аналлааху аъламу: Мен – Алла, эң жакшы билүүчүмүн.
  • ذٰلِکَ الۡکِتٰبُ لَا رَیۡبَ ۚۖۛ فِیۡہِ ۚۛ ہُدًی لِّلۡمُتَّقِیۡنَ ۙ﴿۳﴾
    2 : 3 Бул толук Китеп; анда шек-күмөн жок; (ал) такыба кишилерге туура жол көрсөтүүчү –
  • الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡغَیۡبِ وَ یُقِیۡمُوۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ یُنۡفِقُوۡنَ ۙ﴿۴﴾
    2 : 4 Алар кайыпка ыйман келтиришет, намазды толук аткарышат жана Биз аларга ырыскы кылып берген нерселерден сарпташат.
  • وَ الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِمَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ مِنۡ قَبۡلِکَ ۚ وَ بِالۡاٰخِرَۃِ ہُمۡ یُوۡقِنُوۡنَ ؕ﴿۵﴾
    2 : 5 Ошондой эле алар сага түшүрүлгөн жана сенден мурдакы түшүрүлгөн нерселерге ыйман келтиришет жана акыретке ишенишет.
  • اُولٰٓئِکَ عَلٰی ہُدًی مِّنۡ رَّبِّہِمۡ ٭ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۶﴾
    2 : 6 Мына ошолор өз Раббиси тарабынан туура жолдо. Ошондой эле мына ошолор кутулуучулар.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا سَوَآءٌ عَلَیۡہِمۡ ءَاَنۡذَرۡتَہُمۡ اَمۡ لَمۡ تُنۡذِرۡہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۷﴾
    2 : 7 Албетте, каапыр болгондорго баары бир: аларга эскертсең дагы, эскертпесең дагы, алар ыйман келтиришпейт.
  • خَتَمَ اللّٰہُ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ وَ عَلٰی سَمۡعِہِمۡ ؕ وَ عَلٰۤی اَبۡصَارِہِمۡ غِشَاوَۃٌ ۫ وَّ لَہُمۡ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ٪﴿۸﴾
    2 : 8 Алла алардын жүрөктөрүнө жана кулактарына мөөр баскан, ошондой эле алардын көздөрүндө парда бар. Алар үчүн үлкөн азап бар.
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّقُوۡلُ اٰمَنَّا بِاللّٰہِ وَ بِالۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ مَا ہُمۡ بِمُؤۡمِنِیۡنَ ۘ﴿۹﴾
    2 : 9 Адамдардын арасында: «Биз Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирдик», - деп айткандар да бар. Чынында, алар ыйман келтирүүчүлөр эмес.
  • یُخٰدِعُوۡنَ اللّٰہَ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ۚ وَ مَا یَخۡدَعُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡفُسَہُمۡ وَ مَا یَشۡعُرُوۡنَ ؕ﴿۱۰﴾
    2 : 10 Алар Алланы жана ыйман келтиргендерди алдамакчы болушат. Чынында, алар өздөрүн гана алдашат. Алар (муну) түшүнүшпөйт.
  • فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ ۙ فَزَادَہُمُ اللّٰہُ مَرَضًا ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌۢ ۬ۙ بِمَا کَانُوۡا یَکۡذِبُوۡنَ ﴿۱۱﴾
    2 : 11 Алардын жүрөктөрүндө бир кесел бар, анан Алла алардын дартын дагы ырбатты. Алар үчүн оор азап бар. Анткени, алар жалган сүйлөп жүрүшкөн.
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ لَا تُفۡسِدُوۡا فِی الۡاَرۡضِ ۙ قَالُوۡۤا اِنَّمَا نَحۡنُ مُصۡلِحُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    2 : 12 Аларга: «Жерде бүлүк салбагыла», - деп айтылганда, алар: «Биз болгону тынчтык орнотуучуларбыз», - дешет.
  • اَلَاۤ اِنَّہُمۡ ہُمُ الۡمُفۡسِدُوۡنَ وَ لٰکِنۡ لَّا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    2 : 13 Кулак салгыла! Албетте, алардын өздөрү бүлүк салуучулар, бирок алар (муну) түшүнүшпөйт.
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ اٰمِنُوۡا کَمَاۤ اٰمَنَ النَّاسُ قَالُوۡۤا اَنُؤۡمِنُ کَمَاۤ اٰمَنَ السُّفَہَآءُ ؕ اَلَاۤ اِنَّہُمۡ ہُمُ السُّفَہَآءُ وَ لٰکِنۡ لَّا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۴﴾
    2 : 14 Жана аларга: «Силер (башка) адамдардын ыйман келтиргени сыяктуу ыйман келтиргиле», - деп айтылганда, алар: «Акылсыздар ыйман келтиришкендей ыйман келтирелиби?» - дешет. Кулак салгыла! Алардын өздөрү акылсыздар, бирок алар (муну) билишпейт.
  • وَ اِذَا لَقُوا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا قَالُوۡۤا اٰمَنَّا ۚۖ وَ اِذَا خَلَوۡا اِلٰی شَیٰطِیۡنِہِمۡ ۙ قَالُوۡۤا اِنَّا مَعَکُمۡ ۙ اِنَّمَا نَحۡنُ مُسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    2 : 15 Алар ыйман келтиргендерди жолуктурганда: «Биз дагы ыйман келтирдик», - дешет, бирок өздөрүнүн шайтандары менен обочолоно калгандарында: «Биз албетте, силер менен биргебиз. Биз (аларды) болгону мыскылдап жүргөнбүз», - дешет.
  • اَللّٰہُ یَسۡتَہۡزِئُ بِہِمۡ وَ یَمُدُّہُمۡ فِیۡ طُغۡیَانِہِمۡ یَعۡمَہُوۡنَ ﴿۱۶﴾
    2 : 16 Алла (албетте) алардын шылдыңына жооп кайтарат жана алардын баш ийбестиктеринде азып-каңгып жүрүшүнө бир аз мөөнөт берет.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ اشۡتَرَوُا الضَّلٰلَۃَ بِالۡہُدٰی ۪ فَمَا رَبِحَتۡ تِّجَارَتُہُمۡ وَ مَا کَانُوۡا مُہۡتَدِیۡنَ ﴿۱۷﴾
    2 : 17 Мына ошолор хидаяттын ордуна адашууну сатып алгандар. Бирок, алардын соодасы кирешелүү болбоду жана алар хидаят алуучулар боло алышпады.
  • مَثَلُہُمۡ کَمَثَلِ الَّذِی اسۡتَوۡقَدَ نَارًا ۚ فَلَمَّاۤ اَضَآءَتۡ مَا حَوۡلَہٗ ذَہَبَ اللّٰہُ بِنُوۡرِہِمۡ وَ تَرَکَہُمۡ فِیۡ ظُلُمٰتٍ لَّا یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۱۸﴾
    2 : 18 Алардын мисалы от жаккан кишинин ахвалындай. Анан ал - (от) анын айланасын жарык кылганда, Алла алардын - (от жагуучулардын) нурун алып кетти жана аларды эч нерсени көрө алышпаган (абалда) караңгылыктарда калтырды.
  • صُمٌّۢ بُکۡمٌ عُمۡیٌ فَہُمۡ لَا یَرۡجِعُوۡنَ ﴿ۙ۱۹﴾
    2 : 19 Алар дүлөй, дудук жана сокур. Демек, алар (хидаят тарапка) кайтышпайт.
  • اَوۡ کَصَیِّبٍ مِّنَ السَّمَآءِ فِیۡہِ ظُلُمٰتٌ وَّ رَعۡدٌ وَّ بَرۡقٌ ۚ یَجۡعَلُوۡنَ اَصَابِعَہُمۡ فِیۡۤ اٰذَانِہِمۡ مِّنَ الصَّوَاعِقِ حَذَرَ الۡمَوۡتِ ؕ وَ اللّٰہُ مُحِیۡطٌۢ بِالۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۰﴾
    2 : 20 Же (алардын мисалы) асмандан жаай турган жаанга окшойт. Анда караңгылыктар да, күн күркүрөө да, чагылган да бар. Алар күн күркүрөгөн себебинен өлүмдөн коркуп, манжаларын кулактарына тыгып алышат. Алла каапырларды курчап алган.
  • یَکَادُ الۡبَرۡقُ یَخۡطَفُ اَبۡصَارَہُمۡ ؕ کُلَّمَاۤ اَضَآءَ لَہُمۡ مَّشَوۡا فِیۡہِ ٭ۙ وَ اِذَاۤ اَظۡلَمَ عَلَیۡہِمۡ قَامُوۡا ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَذَہَبَ بِسَمۡعِہِمۡ وَ اَبۡصَارِہِمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿٪۲۱﴾
    2 : 21 Чагылган алардын көрүүсүн алып коё жаздады. Ар бир сапар аларга (жол көрсөтүү) үчүн ал жарык чачканда, алар анда (бир аз) жүрүшөт, аларды караңгылатканда, токтоп калышат. Эгер Алла каалаганда, алардын угуусун да, көрүүсүн да алып коймок эле. Албетте, Алла Өзү каалаган бардык нерсеге дайыма кудуреттүү.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اعۡبُدُوۡا رَبَّکُمُ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ وَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ ﴿ۙ۲۲﴾
    2 : 22 Эй, адамдар! Такыба болушуңар үчүн силерди жана силерден илгери өткөндөрдү да жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла –
  • الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الۡاَرۡضَ فِرَاشًا وَّ السَّمَآءَ بِنَآءً ۪ وَّ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَاَخۡرَجَ بِہٖ مِنَ الثَّمَرٰتِ رِزۡقًا لَّکُمۡ ۚ فَلَا تَجۡعَلُوۡا لِلّٰہِ اَنۡدَادًا وَّ اَنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    2 : 23 Ал жерди силерге төшөк жана асманды (силердин жашооңордун) негизи кылып койду, ошондой эле асмандан суу түшүрдү жана ал аркылуу силер үчүн ырыскы катары ар түрдүү мөмөлөрдү (өстүрүп) чыгарды. Ошондуктан, билип туруп (башкаларды) Аллага теңештирбегиле.
  • وَ اِنۡ کُنۡتُمۡ فِیۡ رَیۡبٍ مِّمَّا نَزَّلۡنَا عَلٰی عَبۡدِنَا فَاۡتُوۡا بِسُوۡرَۃٍ مِّنۡ مِّثۡلِہٖ ۪ وَ ادۡعُوۡا شُہَدَآءَکُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۲۴﴾
    2 : 24 Эгер Биз Өз пендебизге түшүргөн нерсе туурасында күмөндө болсоңор, анда ушул сыяктуу кандайдыр бир сүрөө келтирип көргүлөчү? Жана Алладан бөлөк (өзүңөр жасап алган) жардамчыларыңарды да чакырып алгыла, эгерде силер чынчыл болсоңор.
  • فَاِنۡ لَّمۡ تَفۡعَلُوۡا وَ لَنۡ تَفۡعَلُوۡا فَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِیۡ وَقُوۡدُہَا النَّاسُ وَ الۡحِجَارَۃُ ۚۖ اُعِدَّتۡ لِلۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۵﴾
    2 : 25 Бирок, эгер силер мындай кыла албасаңар жана эч качан кыла албайсыңар, анда адамдар жана таштар отун болгон оттон корккула. Ал каапырлар үчүн даярдалган.
  • وَ بَشِّرِ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ اَنَّ لَہُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ؕ کُلَّمَا رُزِقُوۡا مِنۡہَا مِنۡ ثَمَرَۃٍ رِّزۡقًا ۙ قَالُوۡا ہٰذَا الَّذِیۡ رُزِقۡنَا مِنۡ قَبۡلُ ۙ وَ اُتُوۡا بِہٖ مُتَشَابِہًا ؕ وَ لَہُمۡ فِیۡہَاۤ اَزۡوَاجٌ مُّطَہَّرَۃٌ ٭ۙ وَّ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    2 : 26 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган кишилерге ортосунан дайралар агып туруучу бактарды сүйүнчүлө! Аларга ар бир жолу ал (бак)тардан кандайдыр бир мөмө ырыскы катары берилгенде, алар: «Бул мурун бизге берилгендин өзү го!» - дешет. Чынында, илгери аларга ага окшош (ырыскы) гана келтирилген эле. Алар үчүн ал (бак)тарда пакиза кылынган жубайлар болот жана ал (бак)тарда алар түбөлүк калуучулар.
  • اِنَّ اللّٰہَ لَا یَسۡتَحۡیٖۤ اَنۡ یَّضۡرِبَ مَثَلًا مَّا بَعُوۡضَۃً فَمَا فَوۡقَہَا ؕ فَاَمَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا فَیَعۡلَمُوۡنَ اَنَّہُ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّہِمۡ ۚ وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فَیَقُوۡلُوۡنَ مَا ذَاۤ اَرَادَ اللّٰہُ بِہٰذَا مَثَلًا ۘ یُضِلُّ بِہٖ کَثِیۡرًا ۙ وَّ یَہۡدِیۡ بِہٖ کَثِیۡرًا ؕ وَ مَا یُضِلُّ بِہٖۤ اِلَّا الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿ۙ۲۷﴾
    2 : 27 Алла чиркей же анын үстүндөгү нерсени мисал катары баян кылуудан такыр уялбайт. Ыйман келтирген кишилер мунун өздөрүнүн Раббиси тарабынан чындык экенин билишет. Каапырлар болсо: «Бул мисал аркылуу Алла эмне демекчи?» - дешет. Бул (мисал) аркылуу Ал көпчүлүктү адашкан деп айтат жана бул аркылуу көпчүлүктү туура жолго баштайт. Ал бул аркылуу фасыктардан бөлөк эч кимди адашкан деп айтпайт.
  • الَّذِیۡنَ یَنۡقُضُوۡنَ عَہۡدَ اللّٰہِ مِنۡۢ بَعۡدِ مِیۡثَاقِہٖ ۪ وَ یَقۡطَعُوۡنَ مَاۤ اَمَرَ اللّٰہُ بِہٖۤ اَنۡ یُّوۡصَلَ وَ یُفۡسِدُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ ؕ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    2 : 28 Алланын убадасын бекем байлашкандан кийин, аны бузуп турушкан, ошондой эле Алла байлоого буюрган (алака-мамилелер)ди үзө турган жана жерде бүлүк сала тургандар – (фасыктар). Мына ошолор зыян көрүүчүлөр.
  • کَیۡفَ تَکۡفُرُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ کُنۡتُمۡ اَمۡوَاتًا فَاَحۡیَاکُمۡ ۚ ثُمَّ یُمِیۡتُکُمۡ ثُمَّ یُحۡیِیۡکُمۡ ثُمَّ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    2 : 29 Алланы кандай тана аласыңар? Силер жансыз болгонуңарда, Ал силерге жан берди. Анан силерге өлүм берет, кийин силерди тирилтет, андан соң Анын Өзүнө кайтарыласыңар.
  • ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَ لَکُمۡ مَّا فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا ٭ ثُمَّ اسۡتَوٰۤی اِلَی السَّمَآءِ فَسَوّٰٮہُنَّ سَبۡعَ سَمٰوٰتٍ ؕ وَ ہُوَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿٪۳۰﴾
    2 : 30 Анын Өзү силер үчүн жердеги бүт нерселерди жаратты. Кийин Ал асманга жүз буруп, аны жети асман кылып тууралады. Ал бардык нерселерди дайыма билүүчү.
  • وَ اِذۡ قَالَ رَبُّکَ لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اِنِّیۡ جَاعِلٌ فِی الۡاَرۡضِ خَلِیۡفَۃً ؕ قَالُوۡۤا اَتَجۡعَلُ فِیۡہَا مَنۡ یُّفۡسِدُ فِیۡہَا وَ یَسۡفِکُ الدِّمَآءَ ۚ وَ نَحۡنُ نُسَبِّحُ بِحَمۡدِکَ وَ نُقَدِّسُ لَکَ ؕ قَالَ اِنِّیۡۤ اَعۡلَمُ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۱﴾
    2 : 31 Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен жерде бир халифа кылмакчымын», - деген(ин эстегин). Алар айтышты: «Эмне, анда (жерде) бүлүк салуучу жана кан төгүүчү бирөөнү (халифа) кыласыңбы? Ал эми, биз мактоолоруң менен Сени пакиза жана ыйык деп билебиз го!» Ал жооп берди: «Албетте, Мен силер билбеген нерселерди да билемин».
  • وَ عَلَّمَ اٰدَمَ الۡاَسۡمَآءَ کُلَّہَا ثُمَّ عَرَضَہُمۡ عَلَی الۡمَلٰٓئِکَۃِ ۙ فَقَالَ اَنۡۢبِـُٔوۡنِیۡ بِاَسۡمَآءِ ہٰۤؤُلَآءِ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۳۲﴾
    2 : 32 Ал Адамга бардык аттарды үйрөттү. Кийин ал (жаратылган)дарды периштелердин алдына коюп: «Эгер чынчыл болсоңор, Мага мына булардын аттарын айткыла», - деди.
  • قَالُوۡا سُبۡحٰنَکَ لَا عِلۡمَ لَنَاۤ اِلَّا مَا عَلَّمۡتَنَا ؕ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَلِیۡمُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۳۳﴾
    2 : 33 Алар айтышты: «Сен ыйыксың! Биз болгону Сен үйрөткөн нерселерди гана билебиз. Албетте, жалгыз Өзүң дайыма билүүчү (жана) өтө даанышмансың».
  • قَالَ یٰۤاٰدَمُ اَنۡۢبِئۡہُمۡ بِاَسۡمَآئِہِمۡ ۚ فَلَمَّاۤ اَنۡۢبَاَہُمۡ بِاَسۡمَآئِہِمۡ ۙ قَالَ اَلَمۡ اَقُلۡ لَّکُمۡ اِنِّیۡۤ اَعۡلَمُ غَیۡبَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۙ وَ اَعۡلَمُ مَا تُبۡدُوۡنَ وَ مَا کُنۡتُمۡ تَکۡتُمُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    2 : 34 Ал айтты: «Эй, Адам! Буларга алардын аттарын айт». Ошондо, ал алардын аттарын өздөрүнө айтканда, Ал деди: «Мен силерге, асмандар жана жердеги кайыптарды, албетте, Мен Өзүм гана билемин, ошондой эле силер көрүнө кылган жана көмүскө кылган нерселерди (дагы) билемин, дебедим беле?»
  • وَ اِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اسۡجُدُوۡا لِاٰدَمَ فَسَجَدُوۡۤا اِلَّاۤ اِبۡلِیۡسَ ؕ اَبٰی وَ اسۡتَکۡبَرَ ٭۫ وَ کَانَ مِنَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۳۵﴾
    2 : 35 Биз периштелерге: «Адам үчүн сажда кылгыла!» - дегенибизде, Иблистен башка алар(дын бардыгы) сажда кылышты. Ал баш тартты жана текеберлик кылды. Ал каапырлардан болчу.
  • وَ قُلۡنَا یٰۤاٰدَمُ اسۡکُنۡ اَنۡتَ وَ زَوۡجُکَ الۡجَنَّۃَ وَ کُلَا مِنۡہَا رَغَدًا حَیۡثُ شِئۡتُمَا ۪ وَ لَا تَقۡرَبَا ہٰذِہِ الشَّجَرَۃَ فَتَکُوۡنَا مِنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۳۶﴾
    2 : 36 Жана Биз айттык: «Эй, Адам! Сен жана жубайың бейиште жашагыла жана экөөңөр тең андагы каалаган жайыңардан беймарал жегиле, ал эми бул өзгөчө даракка жакындабагыла, болбосо экөөңөр тең заалимдерден болуп каласыңар».
  • فَاَزَلَّہُمَا الشَّیۡطٰنُ عَنۡہَا فَاَخۡرَجَہُمَا مِمَّا کَانَا فِیۡہِ ۪ وَ قُلۡنَا اہۡبِطُوۡا بَعۡضُکُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوٌّ ۚ وَ لَکُمۡ فِی الۡاَرۡضِ مُسۡتَقَرٌّ وَّ مَتَاعٌ اِلٰی حِیۡنٍ ﴿۳۷﴾
    2 : 37 Бирок, шайтан ал экөөнү ошол (бак-дарак) маселеси боюнча жолдон азгырды жана аларды өздөрү турган (ахвал)дан чыгарып жиберди. Биз айттык: «Силер чыгып кеткиле, айрымдарыңар-айрымдарыңарга душмансыңар. Силер үчүн (бул) жерде бир белгилүү убакытка чейин калуу жана пайдалануу (белгиленген)».
  • فَتَلَقّٰۤی اٰدَمُ مِنۡ رَّبِّہٖ کَلِمٰتٍ فَتَابَ عَلَیۡہِ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ التَّوَّابُ الرَّحِیۡمُ ﴿۳۸﴾
    2 : 38 Анан Адам өз Раббисинен айрым сөздөрдү үйрөндү. Ошентип, Ал тобону кабыл кылып, ага көңүл бурду. Албетте, Ал тобону кабыл кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • قُلۡنَا اہۡبِطُوۡا مِنۡہَا جَمِیۡعًا ۚ فَاِمَّا یَاۡتِیَنَّکُمۡ مِّنِّیۡ ہُدًی فَمَنۡ تَبِعَ ہُدَایَ فَلَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۳۹﴾
    2 : 39 Биз айттык: «Баарыңар мындан чыгып кеткиле! Анан качан Менден силерге хидаят келгенде, Менин хидаятымды ээрчишкендерге эч кандай коркунуч болбойт жана алар кайгырышпайт».
  • وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَاۤ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿٪۴۰﴾
    2 : 40 Каапыр болгон жана Биздин аят-белгилерибизди жалганга чыгаргандар – мына ошолор отко түшүүчүлөр. Алар анын ичинде узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • یٰبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَتِیَ الَّتِیۡۤ اَنۡعَمۡتُ عَلَیۡکُمۡ وَ اَوۡفُوۡا بِعَہۡدِیۡۤ اُوۡفِ بِعَہۡدِکُمۡ ۚ وَ اِیَّایَ فَارۡہَبُوۡنِ ﴿۴۱﴾
    2 : 41 Эй, Исрааийл балдары! Мен силерге тартуулаган нээмат-кайрымдуулугумду эстегиле жана Менин убадама туруктуу болгула, Мен да силердин убадаңарга бекем турам жана Менден гана корккула.
  • وَ اٰمِنُوۡا بِمَاۤ اَنۡزَلۡتُ مُصَدِّقًا لِّمَا مَعَکُمۡ وَ لَا تَکُوۡنُوۡۤا اَوَّلَ کَافِرٍۭ بِہٖ ۪ وَ لَا تَشۡتَرُوۡا بِاٰیٰتِیۡ ثَمَنًا قَلِیۡلًا ۫ وَّ اِیَّایَ فَاتَّقُوۡنِ ﴿۴۲﴾
    2 : 42 Жана Мен силерге өзүңөрдө бар нерсени тастыктаган абалда түшүргөн нерсеге ыйман келтиргиле жана аны алгач четке кагуучулардан болбогула; ошондой эле аят-белгилеримдин ордуна арзыбаган наркты албагыла. Жалгыз Менден гана корккула!
  • وَ لَا تَلۡبِسُوا الۡحَقَّ بِالۡبَاطِلِ وَ تَکۡتُمُوا الۡحَقَّ وَ اَنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    2 : 43 Ошондой эле чындыкты жалганга кошуп жибербегиле жана билип туруп акыйкатты жашырбагыла!
  • وَ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتُوا الزَّکٰوۃَ وَ ارۡکَعُوۡا مَعَ الرّٰکِعِیۡنَ ﴿۴۴﴾
    2 : 44 Ошондой эле намазды толук аткаргыла, зекетти бергиле жана руку кылуучулар менен бирге руку кылгыла.
  • اَتَاۡمُرُوۡنَ النَّاسَ بِالۡبِرِّ وَ تَنۡسَوۡنَ اَنۡفُسَکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ تَتۡلُوۡنَ الۡکِتٰبَ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    2 : 45 Силер Китепти окуп туруп, өзүңөрдү унутуп, адамдарды жакшылык кылууга чакырасыңарбы? Акыры, эмнеге силер ой жүгүртпөйсүңөр?
  • وَ اسۡتَعِیۡنُوۡا بِالصَّبۡرِ وَ الصَّلٰوۃِ ؕ وَ اِنَّہَا لَکَبِیۡرَۃٌ اِلَّا عَلَی الۡخٰشِعِیۡنَ ﴿ۙ۴۶﴾
    2 : 46 Ошондой эле сабырдуулук жана намаз менен жардам сурагыла! Албетте, бул таазим кылуучулардан башкаларга оор –
  • الَّذِیۡنَ یَظُنُّوۡنَ اَنَّہُمۡ مُّلٰقُوۡا رَبِّہِمۡ وَ اَنَّہُمۡ اِلَیۡہِ رٰجِعُوۡنَ ﴿٪۴۷﴾
    2 : 47 Өз Раббисине жолугаарына жана Анын Өзүнө гана кайтаарына ишенген пенделерден бөлөктөргө.
  • یٰبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَتِیَ الَّتِیۡۤ اَنۡعَمۡتُ عَلَیۡکُمۡ وَ اَنِّیۡ فَضَّلۡتُکُمۡ عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۴۸﴾
    2 : 48 Эй, Исрааийл балдары! Мен силерге тартуулаган нээмат-берекемди жана Мен силерди бүткүл ааламдардан артык кылганымды эстегиле.
  • وَ اتَّقُوۡا یَوۡمًا لَّا تَجۡزِیۡ نَفۡسٌ عَنۡ نَّفۡسٍ شَیۡئًا وَّ لَا یُقۡبَلُ مِنۡہَا شَفَاعَۃٌ وَّ لَا یُؤۡخَذُ مِنۡہَا عَدۡلٌ وَّ لَا ہُمۡ یُنۡصَرُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    2 : 49 Жана бир дагы жан башкасына жардам бере албай турган, андан (өзү жөнүндө) эч кандай шапаат кабыл кылынбай турган жана андан бир дагы акы алынбай турган, ошондой эле аларга (адамдарга) эч кандай жардам берилбей турган күндөн корккула.
  • وَ اِذۡ نَجَّیۡنٰکُمۡ مِّنۡ اٰلِ فِرۡعَوۡنَ یَسُوۡمُوۡنَکُمۡ سُوۡٓءَ الۡعَذَابِ یُذَبِّحُوۡنَ اَبۡنَآءَکُمۡ وَ یَسۡتَحۡیُوۡنَ نِسَآءَکُمۡ ؕ وَ فِیۡ ذٰلِکُمۡ بَلَآ ءٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ عَظِیۡمٌ ﴿۵۰﴾
    2 : 50 Ошондой эле Биз силерди Фараон коомунан куткарганыбыз(ды эстегиле!) Алар силерге оор азап берер эле. Балдарыңарды өлтүрүп, аялдарыңарды тирүү калтырар эле. Мында Раббиңер тарабынан силер үчүн бир чоң сыноо бар эле.
  • وَ اِذۡ فَرَقۡنَا بِکُمُ الۡبَحۡرَ فَاَنۡجَیۡنٰکُمۡ وَ اَغۡرَقۡنَاۤ اٰلَ فِرۡعَوۡنَ وَ اَنۡتُمۡ تَنۡظُرُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    2 : 51 Ошондой эле Биз силер үчүн деңизди жарып, силерди куткарып, көз алдыңарда Фараон коомун чөктүрүп жибергенибиз(ди да эстегиле!)
  • وَ اِذۡ وٰعَدۡنَا مُوۡسٰۤی اَرۡبَعِیۡنَ لَیۡلَۃً ثُمَّ اتَّخَذۡتُمُ الۡعِجۡلَ مِنۡۢ بَعۡدِہٖ وَ اَنۡتُمۡ ظٰلِمُوۡنَ ﴿۵۲﴾
    2 : 52 Жана Биз Мусага кырк түнгө убада бергенибиз(ди да эстегиле!) Анан ал (кеткенден) кийин силер музоону (кудай кылып) алдыңар жана силер заалим элеңер.
  • ثُمَّ عَفَوۡنَا عَنۡکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    2 : 53 Анан буга карабастан шүкүр кылуучулардан болушуңар үчүн Биз силерди кечирдик.
  • وَ اِذۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ وَ الۡفُرۡقَانَ لَعَلَّکُمۡ تَہۡتَدُوۡنَ ﴿۵۴﴾
    2 : 54 Жана хидаят алууңар үчүн Биз Мусага Китеп жана Фуркаан бергенибиз(ди да эстегиле).
  • وَ اِذۡ قَالَ مُوۡسٰی لِقَوۡمِہٖ یٰقَوۡمِ اِنَّکُمۡ ظَلَمۡتُمۡ اَنۡفُسَکُمۡ بِاتِّخَاذِکُمُ الۡعِجۡلَ فَتُوۡبُوۡۤا اِلٰی بَارِئِکُمۡ فَاقۡتُلُوۡۤا اَنۡفُسَکُمۡ ؕ ذٰلِکُمۡ خَیۡرٌ لَّکُمۡ عِنۡدَ بَارِئِکُمۡ ؕ فَتَابَ عَلَیۡکُمۡ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ التَّوَّابُ الرَّحِیۡمُ ﴿۵۵﴾
    2 : 55 Ошондой эле Мусанын өз коомуна мындай айткан(ын да эстегиле): «Эй, коомум! Албетте, силер музоону (кудай кылып) алып, өзүңөргө зулумдук кылдыңар. Ошондуктан, тобо келтирген бойдон Раббиңерге көңүл бургула жана өз напсиңерди өлтүргүлө. Мына ушул Раббиңердин алдында силер үчүн жакшыраак. Ошентип, Ал тобону кабыл кылган бойдон силерге мээримдүү болду. Албетте, Анын Өзү тобону кабыл алуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ اِذۡ قُلۡتُمۡ یٰمُوۡسٰی لَنۡ نُّؤۡمِنَ لَکَ حَتّٰی نَرَی اللّٰہَ جَہۡرَۃً فَاَخَذَتۡکُمُ الصّٰعِقَۃُ وَ اَنۡتُمۡ تَنۡظُرُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    2 : 56 Жана силер: «Эй, Муса! Биз Алланы даана көрмөйүнчө, сага эч качан кулак салбайбыз», - деп айтканыңар(ды эстегиле). Ошондо, чагылган силерди тутуп алды, силер жалдырап карап калдыңар.
  • ثُمَّ بَعَثۡنٰکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَوۡتِکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۵۷﴾
    2 : 57 Анан силер шүкүр кылууңар үчүн Биз силерди өлүм (сыяктуу абал)ыңардан кийин тирилттик.
  • وَ ظَلَّلۡنَا عَلَیۡکُمُ الۡغَمَامَ وَ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡکُمُ الۡمَنَّ وَ السَّلۡوٰی ؕ کُلُوۡا مِنۡ طَیِّبٰتِ مَا رَزَقۡنٰکُمۡ ؕ وَ مَا ظَلَمُوۡنَا وَ لٰکِنۡ کَانُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    2 : 58 Биз булуттарды үстүңөргө көлөкө кылдык жана силерге Манна менен Салва түшүрүп: «Биз силерге ырыскы кылып берген нерселердин тазаларын жегиле», - (дедик). Алар Бизге зулумдук кылышпады. Тескерисинче, алар өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылуучулар эле.
  • وَ اِذۡ قُلۡنَا ادۡخُلُوۡا ہٰذِہِ الۡقَرۡیَۃَ فَکُلُوۡا مِنۡہَا حَیۡثُ شِئۡتُمۡ رَغَدًا وَّ ادۡخُلُوا الۡبَابَ سُجَّدًا وَّ قُوۡلُوۡا حِطَّۃٌ نَّغۡفِرۡ لَکُمۡ خَطٰیٰکُمۡ ؕ وَ سَنَزِیۡدُ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۵۹﴾
    2 : 59 Биз: «Ушул кыштакка киргиле жана андан каалаган жайыңардан кең-кесири жегиле, ошондой эле (борбордук) дарбазадан баш ийген бойдон киргиле жана: «Жүктөр жеңилдетилсин», - дегиле. Биз силердин каталарыңарды кечиребиз жана изги иштер жасоочуларга Биз албетте, дагы көбүрөөк беребиз», - деп айтканыбыз(ды да эстегиле).
  • فَبَدَّلَ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا قَوۡلًا غَیۡرَ الَّذِیۡ قِیۡلَ لَہُمۡ فَاَنۡزَلۡنَا عَلَی الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا رِجۡزًا مِّنَ السَّمَآءِ بِمَا کَانُوۡا یَفۡسُقُوۡنَ ﴿٪۶۰﴾
    2 : 60 Ошентип, зулумдук кылган кишилер өздөрүнө айтылган сөздү башкасына алмаштырып коюшту. Ошондуктан, Биз зулумдук кылгандардын үстүнө алардын моюн сунбай жүргөндөрү үчүн асмандан бир азапты түшүрдүк.
  • وَ اِذِ اسۡتَسۡقٰی مُوۡسٰی لِقَوۡمِہٖ فَقُلۡنَا اضۡرِبۡ بِّعَصَاکَ الۡحَجَرَ ؕ فَانۡفَجَرَتۡ مِنۡہُ اثۡنَتَاعَشۡرَۃَ عَیۡنًا ؕ قَدۡ عَلِمَ کُلُّ اُنَاسٍ مَّشۡرَبَہُمۡ ؕ کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا مِنۡ رِّزۡقِ اللّٰہِ وَ لَا تَعۡثَوۡا فِی الۡاَرۡضِ مُفۡسِدِیۡنَ ﴿۶۱﴾
    2 : 61 (Эстегиле), Муса өз коому үчүн суу сураганда, Биз айттык: «Асаң менен аскага ургун!» Ошондо, андан он эки булак атылып чыкты, бардык адамдар өздөрүнүн суу иче турган жайын билип алышты. (Ошондо аларга айтылды): «Алланын ырыскысынан жеп-ичкиле жана баш аламандык кылып, жерде бүлүк салбагыла!»
  • وَ اِذۡ قُلۡتُمۡ یٰمُوۡسٰی لَنۡ نَّصۡبِرَ عَلٰی طَعَامٍ وَّاحِدٍ فَادۡعُ لَنَا رَبَّکَ یُخۡرِجۡ لَنَا مِمَّا تُنۡۢبِتُ الۡاَرۡضُ مِنۡۢ بَقۡلِہَا وَ قِثَّآئِہَا وَ فُوۡمِہَا وَ عَدَسِہَا وَ بَصَلِہَا ؕ قَالَ اَتَسۡتَبۡدِلُوۡنَ الَّذِیۡ ہُوَ اَدۡنٰی بِالَّذِیۡ ہُوَ خَیۡرٌ ؕ اِہۡبِطُوۡا مِصۡرًا فَاِنَّ لَکُمۡ مَّا سَاَلۡتُمۡ ؕ وَ ضُرِبَتۡ عَلَیۡہِمُ الذِّلَّۃُ وَ الۡمَسۡکَنَۃُ ٭ وَ بَآءُوۡ بِغَضَبٍ مِّنَ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ کَانُوۡا یَکۡفُرُوۡنَ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ یَقۡتُلُوۡنَ النَّبِیّٖنَ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ ؕ ذٰلِکَ بِمَا عَصَوۡا وَّ کَانُوۡا یَعۡتَدُوۡنَ ﴿٪۶۲﴾
    2 : 62 (Эстегиле), качан силер айткан: «Эй, Муса! Биз бир гана тамакка эч качан сабыр кыла албайбыз. Ошондуктан, Раббиңден биз үчүн дуба кылгын, Ал биз үчүн жер өстүрө турган нерселерди: анын жер-жемиштерин, бадыраңын, буудайын, буурчагын жана пиязын чыгарсын». Ал айтты: «Жакшы нерсени арзыбас нерсеге алмаштырып алмакчысыңарбы? Силер кандайдыр бир шаарга киргиле, албетте, силер талап кылган нерселериңер силерге табылат. (Ошондо), алар кордук менен жакырчылыкка кабылышты жана алар Алланын каары менен кайтышты. Анткени, алар Алланын аят-белгилерин четке кагып, пайгамбарларды адилетсиз өлтүрөөр эле. (Ырас), баш ийбегендиктери жана чектен чыккандыктары үчүн ушундай болду.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ الَّذِیۡنَ ہَادُوۡا وَ النَّصٰرٰی وَ الصّٰبِئِیۡنَ مَنۡ اٰمَنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ عَمِلَ صَالِحًا فَلَہُمۡ اَجۡرُہُمۡ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ۪ۚ وَ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۶۳﴾
    2 : 63 Албетте, ыйман келтиргендер, жөөттөр, христиандар жана башка Кудайдан түшкөн китептерге ыйман келтирүүчүлөр – (алардан) кимде-ким Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылса, алардын бардыгы үчүн өздөрүнүн сыйлыгы алардын Раббисинин алдында. Ошондой эле аларга эч кандай коркунуч болбойт жана алар сар-санаа тартышпайт.
  • وَ اِذۡ اَخَذۡنَا مِیۡثَاقَکُمۡ وَ رَفَعۡنَا فَوۡقَکُمُ الطُّوۡرَ ؕ خُذُوۡا مَاۤ اٰتَیۡنٰکُمۡ بِقُوَّۃٍ وَّ اذۡکُرُوۡا مَا فِیۡہِ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    2 : 64 (Эстегиле), качан Биз (силерден) бекем ант-убадаңарды алдык жана Тур (тоосу)н үстүңөргө көтөрдүк. (Балээ-кырсыктан) сактанууңар үчүн Биз силерге берген нерсени бекем тутуп алгыла жана анда бар нерсени эсте сактагыла (дедик).
  • ثُمَّ تَوَلَّیۡتُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ ۚ فَلَوۡ لَا فَضۡلُ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ رَحۡمَتُہٗ لَکُنۡتُمۡ مِّنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۶۵﴾
    2 : 65 Анан, ошондон кийин дагы жүзүңөрдү тетири бурдуңар. Ушундай, эгер Алланын (өзгөчө) мээримдүүлүгү жана рахматы силерге болбогондо, силер албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп калат элеңер.
  • وَ لَقَدۡ عَلِمۡتُمُ الَّذِیۡنَ اعۡتَدَوۡا مِنۡکُمۡ فِی السَّبۡتِ فَقُلۡنَا لَہُمۡ کُوۡنُوۡا قِرَدَۃً خٰسِئِیۡنَ ﴿ۚ۶۶﴾
    2 : 66 Албетте, араңардагы «Сабт» жөнүндө чектен ашкандарды билип алдыңар. Ошондо, Биз аларга: «Кордолгон маймыл болгула!» - дедик.
  • فَجَعَلۡنٰہَا نَکَالًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہَا وَ مَا خَلۡفَہَا وَ مَوۡعِظَۃً لِّلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۶۷﴾
    2 : 67 Ошондуктан, ал (Сабттын урматсыздыгы)н анын алдыңкы жана кийинки ахвалы себептүү жазалоо куралы кылып койдук жана такыбалар үчүн улуу насаат (кылдык).
  • وَ اِذۡ قَالَ مُوۡسٰی لِقَوۡمِہٖۤ اِنَّ اللّٰہَ یَاۡمُرُکُمۡ اَنۡ تَذۡبَحُوۡا بَقَرَۃً ؕ قَالُوۡۤا اَتَتَّخِذُنَا ہُزُوًا ؕ قَالَ اَعُوۡذُ بِاللّٰہِ اَنۡ اَکُوۡنَ مِنَ الۡجٰہِلِیۡنَ ﴿۶۸﴾
    2 : 68 (Эстегиле), качан Муса өз коомуна айткан: «Албетте, Алла силерге бир (өзгөчө) уй союшуңарды буюрат». Алар айтышты: «Эмне, сен бизди маскара кылып жатасыңбы?» Ал айтты: «Наадандардан болуп калбас үчүн Алладан паана сураймын».
  • قَالُوا ادۡعُ لَنَا رَبَّکَ یُبَیِّنۡ لَّنَا مَا ہِیَ ؕ قَالَ اِنَّہٗ یَقُوۡلُ اِنَّہَا بَقَرَۃٌ لَّا فَارِضٌ وَّ لَا بِکۡرٌ ؕ عَوَانٌۢ بَیۡنَ ذٰلِکَ ؕ فَافۡعَلُوۡا مَا تُؤۡمَرُوۡنَ ﴿۶۹﴾
    2 : 69 Алар айтышты: «Биз үчүн өз Раббиңе дуба кыл, Ал анын эмне экендигин бизге ачык-айкын баян кылсын». Ал жооп берди: «Албетте, Ал (мындай) айтат: «Ал бир уй болуп, өтө кары эмес, өтө жаш эмес, ушул аралыктагы бир орто жаш. Ошондуктан, силерге буюрулуп жаткан нерсени гана аткаргыла».
  • قَالُوا ادۡعُ لَنَا رَبَّکَ یُبَیِّنۡ لَّنَا مَا لَوۡنُہَا ؕ قَالَ اِنَّہٗ یَقُوۡلُ اِنَّہَا بَقَرَۃٌ صَفۡرَآءُ ۙ فَاقِعٌ لَّوۡنُہَا تَسُرُّ النّٰظِرِیۡنَ ﴿۷۰﴾
    2 : 70 Алар айтышты: «Биз үчүн өз Раббиңе дуба кыл, Ал бизге анын өңү кандай болгонун ачык-айкын билдирсин». Ал жооп берди: «Албетте, Ал (мындай) айтат: «Албетте, ал сары уй, анын өңү өтө коюу, ал көргөндөрдүн көздөрүн кубандырат».
  • قَالُوا ادۡعُ لَنَا رَبَّکَ یُبَیِّنۡ لَّنَا مَا ہِیَ ۙ اِنَّ الۡبَقَرَ تَشٰبَہَ عَلَیۡنَا ؕ وَ اِنَّاۤ اِنۡ شَآءَ اللّٰہُ لَمُہۡتَدُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    2 : 71 Алар айтышты: «Биз үчүн өз Раббиңе дуба кыл, Ал бизге анын эмне экендигин (дагы) жакшылап, айкын кылсын. Албетте, бардык уйлар бизге бирдей болуп туюлат. Албетте, эгер Кудай кааласа, биз сөзсүз хидаят табуучу болобуз».
  • قَالَ اِنَّہٗ یَقُوۡلُ اِنَّہَا بَقَرَۃٌ لَّا ذَلُوۡلٌ تُثِیۡرُ الۡاَرۡضَ وَ لَا تَسۡقِی الۡحَرۡثَ ۚ مُسَلَّمَۃٌ لَّا شِیَۃَ فِیۡہَا ؕ قَالُوا الۡـٰٔنَ جِئۡتَ بِالۡحَقِّ ؕ فَذَبَحُوۡہَا وَ مَا کَادُوۡا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿٪۷۲﴾
    2 : 72 Ал айтты: «Албетте, Ал (мындай) дейт: «Ал албетте, жерде буурусун тартуу үчүн жана эгин-талааларды сугарууга кошко кошулбаган уй, анын дени соо, анда эч кандай кемтик жок». Алар айтышты: «Мына эми чындыкты ачыкка чыгардың». Ошентип, алар аны союшту. Чынында, алар (мурун мындай) кылуучулар эмес эле.
  • وَ اِذۡ قَتَلۡتُمۡ نَفۡسًا فَادّٰرَءۡتُمۡ فِیۡہَا ؕ وَ اللّٰہُ مُخۡرِجٌ مَّا کُنۡتُمۡ تَکۡتُمُوۡنَ ﴿ۚ۷۳﴾
    2 : 73 Жана (эстегиле), качан силер бир жанды өлтүрүп койдуңар, кийин ал жөнүндө талаш-тартыш чыгардыңар. Алла болсо, силер жашырып турган сырды ачыкка чыгарыш керек эле.
  • فَقُلۡنَا اضۡرِبُوۡہُ بِبَعۡضِہَا ؕ کَذٰلِکَ یُحۡیِ اللّٰہُ الۡمَوۡتٰی ۙ وَ یُرِیۡکُمۡ اٰیٰتِہٖ لَعَلَّکُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۷۴﴾
    2 : 74 Ошентип, Биз айттык: «(Тергөө максатында) бул (окуя)ны бул сыяктуу башка кайгылуу окуяга салыштыргыла». Ушундайча, Алла өлүктөрдү (аларды өлтүргөндөрдү суракка алып), тирилтет жана ой жүгүртүүңөр үчүн силерге Өз аят-белгилерин көрсөтөт.
  • ثُمَّ قَسَتۡ قُلُوۡبُکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ فَہِیَ کَالۡحِجَارَۃِ اَوۡ اَشَدُّ قَسۡوَۃً ؕ وَ اِنَّ مِنَ الۡحِجَارَۃِ لَمَا یَتَفَجَّرُ مِنۡہُ الۡاَنۡہٰرُ ؕ وَ اِنَّ مِنۡہَا لَمَا یَشَّقَّقُ فَیَخۡرُجُ مِنۡہُ الۡمَآءُ ؕ وَ اِنَّ مِنۡہَا لَمَا یَہۡبِطُ مِنۡ خَشۡیَۃِ اللّٰہِ ؕوَ مَا اللّٰہُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۷۵﴾
    2 : 75 Андан кийин жүрөктөрүңөр катуу болду. Алар таштар сыяктуу же андан да өткөн катуу эле. Ал эми, таштардын арасында албетте, ушундайлары да бар: алардын ичинен дарыялар атылып чыгат. Дагы алардын арасында албетте, ушундайлары да бар: алар жарылса, ичинен суу чыгат. Кийин алардын арасында албетте, ушундайлары да бар: алар Алланын кооп-коркунучунан кулап түшөт. Алла кылып жаткан амалдарыңардан кабарсыз эмес.
  • اَفَتَطۡمَعُوۡنَ اَنۡ یُّؤۡمِنُوۡا لَکُمۡ وَ قَدۡ کَانَ فَرِیۡقٌ مِّنۡہُمۡ یَسۡمَعُوۡنَ کَلٰمَ اللّٰہِ ثُمَّ یُحَرِّفُوۡنَہٗ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا عَقَلُوۡہُ وَ ہُمۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۷۶﴾
    2 : 76 Алардын силерге кулак салышын күтүп жатасыңарбы? Ал эми, алардын бир тайпасы Алланын Сөзүн угат жана аны жакшылап түшүнгөндөн кийин, билип туруп аны бурмалайт.
  • وَ اِذَا لَقُوا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا قَالُوۡۤا اٰمَنَّا ۚۖ وَ اِذَا خَلَا بَعۡضُہُمۡ اِلٰی بَعۡضٍ قَالُوۡۤا اَتُحَدِّثُوۡنَہُمۡ بِمَا فَتَحَ اللّٰہُ عَلَیۡکُمۡ لِیُحَآجُّوۡکُمۡ بِہٖ عِنۡدَ رَبِّکُمۡ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۷۷﴾
    2 : 77 Алар ыйман келтиргендерге туш келгендеринде: «Биз дагы ыйман келтирдик», - дешет. Ал эми алардын айрымдары башкалар менен обочолонуп калганда, алар (аларга мындай) айтышат: «Алла силерге аян кылган нерселерди - ошол нерселер аркылуу алар силер менен Раббиңердин алдында талашсын үчүн – аларга айтасыңарбы? Силер ой жүгүртпөйсүңөрбү?
  • اَ وَ لَا یَعۡلَمُوۡنَ اَنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ مَا یُسِرُّوۡنَ وَ مَا یُعۡلِنُوۡنَ ﴿۷۸﴾
    2 : 78 Алар өздөрүнүн жашырып жаткан жана ачыктап жаткан нерселеринен албетте, Алла кабардар экенин билишпейби?
  • وَ مِنۡہُمۡ اُمِّیُّوۡنَ لَا یَعۡلَمُوۡنَ الۡکِتٰبَ اِلَّاۤ اَمَانِیَّ وَ اِنۡ ہُمۡ اِلَّا یَظُنُّوۡنَ ﴿۷۹﴾
    2 : 79 Алардын арасында ушундай сабатсыздар да бар: алар (өздөрүнүн) напсилеринен башка Китепти эч билишпейт жана алар божомол гана кылышат.
  • فَوَیۡلٌ لِّلَّذِیۡنَ یَکۡتُبُوۡنَ الۡکِتٰبَ بِاَیۡدِیۡہِمۡ ٭ ثُمَّ یَقُوۡلُوۡنَ ہٰذَا مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ لِیَشۡتَرُوۡا بِہٖ ثَمَنًا قَلِیۡلًا ؕ فَوَیۡلٌ لَّہُمۡ مِّمَّا کَتَبَتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ وَیۡلٌ لَّہُمۡ مِّمَّا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۸۰﴾
    2 : 80 Ошентип, өз колдору менен китеп жазып, анын ордуна арзыбас нарк алуу максатында: «Бул Алладан», - деп айта тургандарга өлүм бар! Ошентип, алардын колдору жазган нерселердин себебинен алар үчүн өлүм бар, ошондой эле алар иштеп тапкан нерселери себептүү алар үчүн өлүм бар.
  • وَ قَالُوۡا لَنۡ تَمَسَّنَا النَّارُ اِلَّاۤ اَیَّامًا مَّعۡدُوۡدَۃً ؕ قُلۡ اَتَّخَذۡتُمۡ عِنۡدَ اللّٰہِ عَہۡدًا فَلَنۡ یُّخۡلِفَ اللّٰہُ عَہۡدَہٗۤ اَمۡ تَقُوۡلُوۡنَ عَلَی اللّٰہِ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    2 : 81 Алар айтышат: «Саналуу күндөрдөн башка от бизге таптакыр тийбейт». Айт: «Алладан бир убада алгансыңарбы? Ошондой болсо, Алла такыр Өз убада-шертине каршы иш кылбайт. Же силер Аллага каршы эч билбеген нерселериңерди айтып жатасыңарбы?»
  • بَلٰی مَنۡ کَسَبَ سَیِّئَۃً وَّ اَحَاطَتۡ بِہٖ خَطِیۡٓــَٔتُہٗ فَاُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۸۲﴾
    2 : 82 Чындыгында, кимде-ким жамандык кылган болсо, а түгүл анын каталары аны курчап алган болсо, мына ошолор от ээлери. Алар анда узак мөөнөт калуучулар.
  • وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿٪۸۳﴾
    2 : 83 Ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар – мына ошолор бейиш ээлери. Алар анда түбөлүк калуучулар.
  • وَ اِذۡ اَخَذۡنَا مِیۡثَاقَ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ لَا تَعۡبُدُوۡنَ اِلَّا اللّٰہَ ۟ وَ بِالۡوَالِدَیۡنِ اِحۡسَانًا وَّ ذِی ‌الۡقُرۡبٰی وَ الۡیَتٰمٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنِ وَ قُوۡلُوۡا لِلنَّاسِ حُسۡنًا وَّ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتُوا الزَّکٰوۃَ ؕ ثُمَّ تَوَلَّیۡتُمۡ اِلَّا قَلِیۡلًا مِّنۡکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ مُّعۡرِضُوۡنَ ﴿۸۴﴾
    2 : 84 (Эстегиле), качан Биз Исрааийл балдарынан убада-шертин алдык: «Алладан башка эч нерсеге ибадат кылбайсыңар; ата-энелер, тууган-уруктар, жетимдер жана кедейлерге жакшы мамиле кыласыңар. Адамдарга жакшы сөз айткыла жана намазды (толук) аткаргыла, ошондой эле зекет бергиле». Буга карабастан, силердин кээ бириңерден башка баарыңар (ал убада-шертиңерден) кайттыңар. Силер тетири жүз буруучу элеңер.
  • وَ اِذۡ اَخَذۡنَا مِیۡثَاقَکُمۡ لَا تَسۡفِکُوۡنَ دِمَآءَکُمۡ وَ لَا تُخۡرِجُوۡنَ اَنۡفُسَکُمۡ مِّنۡ دِیَارِکُمۡ ثُمَّ اَقۡرَرۡتُمۡ وَ اَنۡتُمۡ تَشۡہَدُوۡنَ ﴿۸۵﴾
    2 : 85 (Эстегиле), качан Биз: «Силер (өз ара) каныңарды төкпөйсүңөр жана өз кишилериңерди мекениңерден кууп чыгарбайсыңар», - деп убада-шертиңерди алдык. Ошондо силер макул болгонсуңар жана силер буга күбө элеңер.
  • ثُمَّ اَنۡتُمۡ ہٰۤـؤُلَآءِ تَقۡتُلُوۡنَ اَنۡفُسَکُمۡ وَ تُخۡرِجُوۡنَ فَرِیۡقًا مِّنۡکُمۡ مِّنۡ دِیَارِہِمۡ ۫ تَظٰہَرُوۡنَ عَلَیۡہِمۡ بِالۡاِثۡمِ وَ الۡعُدۡوَانِ ؕ وَ اِنۡ یَّاۡتُوۡکُمۡ اُسٰرٰی تُفٰدُوۡہُمۡ وَ ہُوَ مُحَرَّمٌ عَلَیۡکُمۡ اِخۡرَاجُہُمۡ ؕ اَفَتُؤۡمِنُوۡنَ بِبَعۡضِ الۡکِتٰبِ وَ تَکۡفُرُوۡنَ بِبَعۡضٍ ۚ فَمَا جَزَآءُ مَنۡ یَّفۡعَلُ ذٰلِکَ مِنۡکُمۡ اِلَّا خِزۡیٌ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۚ وَ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ یُرَدُّوۡنَ اِلٰۤی اَشَدِّ الۡعَذَابِ ؕ وَ مَا اللّٰہُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۸۶﴾
    2 : 86 Ошого карабастан, силер өз адамдарыңарды өлтүрөсүңөр жана силер өзүңөрдөн болгон бир тайпаны мекенинен кууп чыгарасыңар. Силер күнөө жана зулумдук менен аларга каршы бири-бириңерге көмөктөшөсүңөр. Эгер алар туткун болуп, алдыңарга келишсе, кун алып, аларды азаттыкка чыгарасыңар. Чынында, аларды кубалоо да силерге арам эле. Ошентип, силер Китептин айрым бөлүктөрүнө ыйман келтирип, айрымдарын четке кагасыңарбы? Демек, араңардан мындай кылган бирөөнүн жазасы бул дүйнөлүк жашоодо өтө пастыктан бөлөк эмне болушу мүмкүн? Ошондой эле кыямат күнү алар катуураак азапка кайтарылат. Алла кылып жаткан иштериңерден кабарсыз эмес.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ اشۡتَرَوُا الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا بِالۡاٰخِرَۃِ ۫ فَلَا یُخَفَّفُ عَنۡہُمُ الۡعَذَابُ وَ لَا ہُمۡ یُنۡصَرُوۡنَ ﴿٪۸۷﴾
    2 : 87 Акыреттин ордуна дүйнөлүк жашоону сатып алгандар – мына ошолор. Кыскасы, алар үчүн азап да жеңилдетилбейт жана аларга жардам да берилбейт.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ وَ قَفَّیۡنَا مِنۡۢ بَعۡدِہٖ بِالرُّسُلِ ۫ وَ اٰتَیۡنَا عِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ الۡبَیِّنٰتِ وَ اَیَّدۡنٰہُ بِرُوۡحِ الۡقُدُسِ ؕ اَفَکُلَّمَا جَآءَکُمۡ رَسُوۡلٌۢ بِمَا لَا تَہۡوٰۤی اَنۡفُسُکُمُ اسۡتَکۡبَرۡتُمۡ ۚ فَفَرِیۡقًا کَذَّبۡتُمۡ ۫ وَ فَرِیۡقًا تَقۡتُلُوۡنَ ﴿۸۸﴾
    2 : 88 Албетте, Биз Мусага Китеп бердик жана андан кийин дагы тынымсыз пайгамбарларды жөнөтүп турдук. Биз Иса Марям уулуна ачык-айкын аят-белгилерди бердик жана Биз аны Рухул-Кудус менен кубаттандырдык. Эмне, ар бир жолу кандайдыр бир пайгамбар силерге жакпаган нерселер менен алдыңарга келгенде, силер текеберлик кыласыңарбы? Алардын айрымдарын жалганчы кылып, айрымдарын өлтүрөсүңөрбү?
  • وَ قَالُوۡا قُلُوۡبُنَا غُلۡفٌ ؕ بَلۡ لَّعَنَہُمُ اللّٰہُ بِکُفۡرِہِمۡ فَقَلِیۡلًا مَّا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۸۹﴾
    2 : 89 Алар айтышты: «Биздин жүрөктөрүбүз толук көшөгөдө». Чындыгында, алардын каапырлыгы себептүү Алла аларды каргыштаган. Демек, алар аз эле ыйман келтиришет.
  • وَ لَمَّا جَآءَہُمۡ کِتٰبٌ مِّنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ مُصَدِّقٌ لِّمَا مَعَہُمۡ ۙ وَ کَانُوۡا مِنۡ قَبۡلُ یَسۡتَفۡتِحُوۡنَ عَلَی الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ۚۖ فَلَمَّا جَآءَہُمۡ مَّا عَرَفُوۡا کَفَرُوۡا بِہٖ ۫ فَلَعۡنَۃُ اللّٰہِ عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۹۰﴾
    2 : 90 Аларга Алла тарабынан өздөрүндө бар (таалим)ди тастыктай турган Китеп келгенде – мындан мурун алар каапырларга каршы (Алладан) жардам сурап жүрүшкөнүнө карабастан, өздөрү таанып алган нерсе аларга келгенде, аны четке кагышкан. Демек, каапырларга Алланын каргышы тийсин!
  • بِئۡسَمَا اشۡتَرَوۡا بِہٖۤ اَنۡفُسَہُمۡ اَنۡ یَّکۡفُرُوۡا بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ بَغۡیًا اَنۡ یُّنَزِّلَ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ عَلٰی مَنۡ یَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِہٖ ۚ فَبَآءُوۡ بِغَضَبٍ عَلٰی غَضَبٍ ؕ وَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابٌ مُّہِیۡنٌ ﴿۹۱﴾
    2 : 91 «Алла Өзүнүн пенделеринен каалаган кишиге Өз берекесин түшүрөт», - деген нерсеге каршы тоң моюндук кылган бойдон, Алла түшүргөн (чындык)ты четке кагып, алар өздөрүн сатып, ордуна алган нерсе өтө жаман. Ушундай алар каар үстүнө каар алып кайтышты. Каапырлар үчүн кор кылуучу азап бар.
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ اٰمِنُوۡا بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ قَالُوۡا نُؤۡمِنُ بِمَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡنَا وَ یَکۡفُرُوۡنَ بِمَا وَرَآءَہٗ ٭ وَ ہُوَ الۡحَقُّ مُصَدِّقًا لِّمَا مَعَہُمۡ ؕ قُلۡ فَلِمَ تَقۡتُلُوۡنَ اَنۡۢبِیَآءَ اللّٰہِ مِنۡ قَبۡلُ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۹۲﴾
    2 : 92 Аларга: «Алла түшүргөн нерсеге ыйман келтиргиле», - деп айтылганда, алар: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирдик», - дешет. Ал эми, андан бөлөк (түшүрүлгөн) нерсени четке кагышат. Чындыгында, ал өздөрүндөгү бар нерсени тастыктап турган акыйкат. Айт: «Эгер силер акыйкатта дагы момун болсоңор, эмнеге мындан илгери Алланын пайгамбарларын өлтүрүп жүргөнсүңөр?»
  • وَ لَقَدۡ جَآءَکُمۡ مُّوۡسٰی بِالۡبَیِّنٰتِ ثُمَّ اتَّخَذۡتُمُ الۡعِجۡلَ مِنۡۢ بَعۡدِہٖ وَ اَنۡتُمۡ ظٰلِمُوۡنَ ﴿۹۳﴾
    2 : 93 Албетте, Муса силерге ачык-айкын аят-белгилерди келтирген эле. Кийин анын жоктугунда силер музоону (кудай кылып) алдыңар жана силер заалим элеңер.
  • وَ اِذۡ اَخَذۡنَا مِیۡثَاقَکُمۡ وَ رَفَعۡنَا فَوۡقَکُمُ الطُّوۡرَ ؕ خُذُوۡا مَاۤ اٰتَیۡنٰکُمۡ بِقُوَّۃٍ وَّ اسۡمَعُوۡا ؕ قَالُوۡا سَمِعۡنَا وَ عَصَیۡنَا ٭ وَ اُشۡرِبُوۡا فِیۡ قُلُوۡبِہِمُ الۡعِجۡلَ بِکُفۡرِہِمۡ ؕ قُلۡ بِئۡسَمَا یَاۡمُرُکُمۡ بِہٖۤ اِیۡمَانُکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۹۴﴾
    2 : 94 «Биз силерге берген нерсени бекем тутуп алгыла жана кулак салгыла», - деп Биз (силерден) бекем убада-шертиңерди алганыбыз(ды) жана Тур (тоосу)н үстүңөргө көтөргөнүбүз(дү эстегиле). Алар (жооп берип): «Биз уктук жана баш тарттык», - дешти. Алардын каапырлыгы себептүү музоого болгон сүйүүсү алардын көңүлдөрүнө сиңдирилип коюлду. (Аларга) айт: «Эгер силер момун болсоңор, анда ыйманыңар силерге буюрган нерсе өтө жаман».
  • قُلۡ اِنۡ کَانَتۡ لَکُمُ الدَّارُ الۡاٰخِرَۃُ عِنۡدَ اللّٰہِ خَالِصَۃً مِّنۡ دُوۡنِ النَّاسِ فَتَمَنَّوُا الۡمَوۡتَ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۹۵﴾
    2 : 95 Айт: «Эгер Алла алдында акырет үйү бардык адамдарды коюп, силерге гана таандык болсо, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоңор».
  • وَ لَنۡ یَّتَمَنَّوۡہُ اَبَدًۢا بِمَا قَدَّمَتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِالظّٰلِمِیۡنَ ﴿۹۶﴾
    2 : 96 Өз колдору менен жасаган ар кандай иштери себептүү алар эч качан ал (өлүм)дү тилешпейт. Алла заалимдерди жакшы билет.
  • وَ لَتَجِدَنَّہُمۡ اَحۡرَصَ النَّاسِ عَلٰی حَیٰوۃٍ ۚۛ وَ مِنَ الَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡا ۚۛ یَوَدُّ اَحَدُہُمۡ لَوۡ یُعَمَّرُ اَلۡفَ سَنَۃٍ ۚ وَ مَا ہُوَ بِمُزَحۡزِحِہٖ مِنَ الۡعَذَابِ اَنۡ یُّعَمَّرَ ؕ وَ اللّٰہُ بَصِیۡرٌۢ بِمَا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿٪۹۷﴾
    2 : 97 Сен аларды бардык адамдарга караганда, а түгүл мушриктерден да (көбүрөөк) жашоо-өмүргө ач көз экенин көрөсүң. Алардын ар бири өзүнө миң жыл өмүр берилүүсүн арзуу кылат. Чынында, ага узак өмүр берилиши дагы аны азаптан куткаруучу эмес. Алла алар кылып жаткан амалдарын терең күзөтүүчү.
  • قُلۡ مَنۡ کَانَ عَدُوًّا لِّجِبۡرِیۡلَ فَاِنَّہٗ نَزَّلَہٗ عَلٰی قَلۡبِکَ بِاِذۡنِ اللّٰہِ مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہِ وَ ہُدًی وَّ بُشۡرٰی لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۹۸﴾
    2 : 98 Айт: «Ким Жебрейилге душман болсо, (ал) өзүнүн алдындагы бар нерсени тастыктап турган жана момундар үчүн хидаят, ошондой эле куш кабар болгон бул (Сөз)ды албетте, ошол (Жебрейил) Алланын буйругу менен жүрөгүңө түшүргөн(үн билип алсын).
  • مَنۡ کَانَ عَدُوًّا لِّلّٰہِ وَ مَلٰٓئِکَتِہٖ وَ رُسُلِہٖ وَ جِبۡرِیۡلَ وَ مِیۡکٰٮلَ فَاِنَّ اللّٰہَ عَدُوٌّ لِّلۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۹۹﴾
    2 : 99 Демек, кимде-ким Аллага, Анын периштелерине, Анын пайгамбарларына жана Жебрейил менен Микааийлге душман болсо, (ал) Алла албетте, каапырларга душман экен(ин билип алсын).
  • وَ لَقَدۡ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکَ اٰیٰتٍۭ بَیِّنٰتٍ ۚ وَ مَا یَکۡفُرُ بِہَاۤ اِلَّا الۡفٰسِقُوۡنَ ﴿۱۰۰﴾
    2 : 100 Албетте, Биз сага ачык-айкын аяттарды түшүрдүк. Фасыктардан бөлөк эч ким аларды четке какпайт.
  • اَوَ کُلَّمَا عٰہَدُوۡا عَہۡدًا نَّبَذَہٗ فَرِیۡقٌ مِّنۡہُمۡ ؕ بَلۡ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۰۱﴾
    2 : 101 Алар дайыма кандайдыр бир убада кылышканда, алардын бир тайпасы ал (убада)ны ары жакка ыргыта береби? Жок, алардын көпчүлүгү ыйман келтирбейт.
  • وَ لَمَّا جَآءَہُمۡ رَسُوۡلٌ مِّنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ مُصَدِّقٌ لِّمَا مَعَہُمۡ نَبَذَ فَرِیۡقٌ مِّنَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ ٭ۙ کِتٰبَ اللّٰہِ وَرَآءَ ظُہُوۡرِہِمۡ کَاَنَّہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۰۲﴾۫
    2 : 102 Ар дайым Алла тарабынан өздөрүндө бар нерсени тастыктоочу бир пайгамбар аларга келгенде, Китеп берилгендердин бир тайпасы, тим эле алар эч нерсени билбегендей, Алланын Китебин аркасына ыргытып жиберишти.
  • وَ اتَّبَعُوۡا مَا تَتۡلُوا الشَّیٰطِیۡنُ عَلٰی مُلۡکِ سُلَیۡمٰنَ ۚ وَ مَا کَفَرَ سُلَیۡمٰنُ وَ لٰکِنَّ الشَّیٰطِیۡنَ کَفَرُوۡا یُعَلِّمُوۡنَ النَّاسَ السِّحۡرَ ٭ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ عَلَی الۡمَلَکَیۡنِ بِبَابِلَ ہَارُوۡتَ وَ مَارُوۡتَ ؕ وَ مَا یُعَلِّمٰنِ مِنۡ اَحَدٍ حَتّٰی یَقُوۡلَاۤ اِنَّمَا نَحۡنُ فِتۡنَۃٌ فَلَا تَکۡفُرۡ ؕ فَیَتَعَلَّمُوۡنَ مِنۡہُمَا مَا یُفَرِّقُوۡنَ بِہٖ بَیۡنَ الۡمَرۡءِ وَ زَوۡجِہٖ ؕ وَ مَا ہُمۡ بِضَآرِّیۡنَ بِہٖ مِنۡ اَحَدٍ اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ یَتَعَلَّمُوۡنَ مَا یَضُرُّہُمۡ وَ لَا یَنۡفَعُہُمۡ ؕ وَ لَقَدۡ عَلِمُوۡا لَمَنِ اشۡتَرٰٮہُ مَا لَہٗ فِی الۡاٰخِرَۃِ مِنۡ خَلَاقٍ ۟ؕ وَ لَبِئۡسَ مَا شَرَوۡا بِہٖۤ اَنۡفُسَہُمۡ ؕ لَوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۰۳﴾
    2 : 103 Алар Сулайман падышачылыгына каршы шайтандар окуп жүргөн нерселерди ээрчишти. Сулайман каапырлык кылбады, жок, ошол шайтандар каапырлык кылышты. Алар адамдарга сыйкыр үйрөтүп жатышкан. (Буга тескерисинче), Баабилде эки периште «Хаарут» жана «Маарутка» түшүрүлгөн нерсе(нин акыйкаты мындай): алардын экөөсү ар кимге: «Биз болгону, (Алла тарабынан жиберилген) сынообуз, ошон үчүн сен каапырлык кылба», - дебестен туруп, эч кимге эч нерсе үйрөтпөдү. Ошентип, адамдар ал экөөнөн мындай нерселерди үйрөнүшкөн: ал аркылуу алар күйөөсү жана аялынын ортосун ажыраштырган. Жана Алланын уруксатысыз алар ал аркылуу эч кимге зыян келтирүүчүлөр эмес эле. (Буга тескерисинче, шайтандардан үйрөнүп жүргөн кишилер) өздөрүнө зыян келтире турган, пайда бербей турган нерселерди гана үйрөнүшкөн. Чынында, алар: «Кимде-ким мындай соодалашса, ал үчүн акыретте эч кандай үлүш болбойт», - деген нерсени жакшы билип алышкан эле. Демек, алар өздөрүнүн жандарын сатып жиберип, ордуна алган (убактылуу пайда) өтө жаман. Атаганат, алар билишсе кана!
  • وَ لَوۡ اَنَّہُمۡ اٰمَنُوۡا وَ اتَّقَوۡا لَمَثُوۡبَۃٌ مِّنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ خَیۡرٌ ؕ لَوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۰۴﴾٪
    2 : 104 Эгер алар ыйман келтирип, такыба болгонунда, Алла тарабынан (мунун) сыйлыгы, албетте, өтө жакшы болмок. Атаганат, алар (муну) билишсе кана!
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَقُوۡلُوۡا رَاعِنَا وَ قُوۡلُوا انۡظُرۡنَا وَ اسۡمَعُوۡا ؕ وَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۰۵﴾
    2 : 105 Эй, ыйман келтиргендер! (Биздин Пайгамбарыбызга) «Рааъинаа» дебегиле! Тескерисинче: «Бизге жакшылык менен назар салгын!» - дегиле жана кулак салгыла! Каапырлар үчүн ачуу азап бар.
  • مَا یَوَدُّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ وَ لَا الۡمُشۡرِکِیۡنَ اَنۡ یُّنَزَّلَ عَلَیۡکُمۡ مِّنۡ خَیۡرٍ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یَخۡتَصُّ بِرَحۡمَتِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ ذُو الۡفَضۡلِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۱۰۶﴾
    2 : 106 Китеп ээлери жана мушриктерден каапырлык кылгандар силерге Раббиңер тарабынан кандайдыр бир жакшы нерсенин түшүрүлүшүн эч жактырышпайт. Чынында, Алла Өзүнүн маркаматына каалаган пендесин тандап алат. Алла үлкөн берешендик ээси.
  • مَا نَنۡسَخۡ مِنۡ اٰیَۃٍ اَوۡ نُنۡسِہَا نَاۡتِ بِخَیۡرٍ مِّنۡہَاۤ اَوۡ مِثۡلِہَا ؕ اَلَمۡ تَعۡلَمۡ اَنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۱۰۷﴾
    2 : 107 Биз кандайдыр бир аятты бекер кылсак, же аны унуткарсак, андан жакшыраагын, же ага окшошун албетте, келтиребиз. Эмне, Алла каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү экенин билбейсиңби?
  • اَلَمۡ تَعۡلَمۡ اَنَّ اللّٰہَ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مِنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا نَصِیۡرٍ ﴿۱۰۸﴾
    2 : 108 Асмандар жана жердин падышачылыгы жалгыз Аллага гана караштуу экенин билбейсиңби? Силер үчүн Алладан бөлөк эч кандай коргоочу жана жардамчы жок.
  • اَمۡ تُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ تَسۡـَٔلُوۡا رَسُوۡلَکُمۡ کَمَا سُئِلَ مُوۡسٰی مِنۡ قَبۡلُ ؕ وَ مَنۡ یَّتَبَدَّلِ الۡکُفۡرَ بِالۡاِیۡمَانِ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ السَّبِیۡلِ ﴿۱۰۹﴾
    2 : 109 Илгери кудум Мусага суроолор берилген сыяктуу силер дагы Пайгамбарыңарга суроо берип турууну каалайсыңарбы? Демек, кимде-ким ыйманды каапырлыкка алмаштырса, албетте, ал туура жолдон адашкан.
  • وَدَّ کَثِیۡرٌ مِّنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ لَوۡ یَرُدُّوۡنَکُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ اِیۡمَانِکُمۡ کُفَّارًا ۚۖ حَسَدًا مِّنۡ عِنۡدِ اَنۡفُسِہِمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَا تَبَیَّنَ لَہُمُ الۡحَقُّ ۚ فَاعۡفُوۡا وَ اصۡفَحُوۡا حَتّٰی یَاۡتِیَ اللّٰہُ بِاَمۡرِہٖ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۱۱۰﴾
    2 : 110 Китеп ээлери арасында, өздөрүнө чындык ачык-айкын болгондон кийин дагы, көңүлдөрүндө пайда болгон көрө албастык себептүү ыйман келтиргениңерден кийин (дагы бир ирет) силерди каапырлыкка кайтармакчы болгондор көп. Алла Өзүнүн буйругун чыгарганча, (аларды) кечирим кылгыла жана кечиргиле. Албетте, Алла каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتُوا الزَّکٰوۃَ ؕ وَ مَا تُقَدِّمُوۡا لِاَنۡفُسِکُمۡ مِّنۡ خَیۡرٍ تَجِدُوۡہُ عِنۡدَ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۱۱۱﴾
    2 : 111 Намаз окугула жана зекет бергиле. Өзүңөр үчүн алдыңарга жибере турган ар бир жакшы амалды Алланын алдынан табасыңар. Албетте, кылып жаткан ар бир амалыңарды Алла көрүп турат.
  • وَ قَالُوۡا لَنۡ یَّدۡخُلَ الۡجَنَّۃَ اِلَّا مَنۡ کَانَ ہُوۡدًا اَوۡ نَصٰرٰی ؕ تِلۡکَ اَمَانِیُّہُمۡ ؕ قُلۡ ہَاتُوۡا بُرۡہَانَکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    2 : 112 Алар: «Жөөт же христиандан бөлөк эч ким бейишке кирбейт», - деп айтышат. Бул болгону алардын бышпаган кыялдары гана. Айт: «Эгер чынчыл болсоңор, бекем далилиңерди келтиргилечи!»
  • بَلٰی ٭ مَنۡ اَسۡلَمَ وَجۡہَہٗ لِلّٰہِ وَ ہُوَ مُحۡسِنٌ فَلَہٗۤ اَجۡرُہٗ عِنۡدَ رَبِّہٖ ۪ وَ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۱۱۳﴾٪
    2 : 113 Жок, жок! Чындыгында, кимде-ким өзүн бүтүндөй Аллага тапшырса жана ал жакшы амалдарды жасоочу болсо, анын сыйлыгы Раббисинин алдында бар. Аларга эч кандай коркунуч жок жана алар сар-санаа да тартышпайт.
  • وَ قَالَتِ الۡیَہُوۡدُ لَیۡسَتِ النَّصٰرٰی عَلٰی شَیۡءٍ ۪ وَّ قَالَتِ النَّصٰرٰی لَیۡسَتِ الۡیَہُوۡدُ عَلٰی شَیۡءٍ ۙ وَّ ہُمۡ یَتۡلُوۡنَ الۡکِتٰبَ ؕ کَذٰلِکَ قَالَ الَّذِیۡنَ لَا یَعۡلَمُوۡنَ مِثۡلَ قَوۡلِہِمۡ ۚ فَاللّٰہُ یَحۡکُمُ بَیۡنَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ فِیۡمَا کَانُوۡا فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۱۱۴﴾
    2 : 114 Жөөттөр айтышат: «Христиандарда эч кандай негиз жок». Жана христиандар айтышат: «Жөөттөрдө эч кандай негиз жок». Чынында, алар Китепти окушат. Ушундайча, билимсиз кишилер дагы алардын кебине окшош сөз айтышты. Ошентип, алар талашкан нерселер туурасында кыямат күнү Алла алардын арасында өкүм чыгарат.
  • وَ مَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنۡ مَّنَعَ مَسٰجِدَ اللّٰہِ اَنۡ یُّذۡکَرَ فِیۡہَا اسۡمُہٗ وَ سَعٰی فِیۡ خَرَابِہَا ؕ اُولٰٓئِکَ مَا کَانَ لَہُمۡ اَنۡ یَّدۡخُلُوۡہَاۤ اِلَّا خَآئِفِیۡنَ ۬ؕ لَہُمۡ فِی الدُّنۡیَا خِزۡیٌ وَّ لَہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ عَذَابٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۱۵﴾
    2 : 115 Алланын мечиттеринде Анын ысымын зикир кылууга жолтоо болгон жана аларды бузууга аракет кылган кишиден дагы заалимирээк ким бар? Чындыгында, алар ушул (мечит)терге корккон бойдон кирүүлөрү лаазым эле. Алар үчүн дүйнөдө кордук жана акыретте үлкөн азап бар.
  • وَ لِلّٰہِ الۡمَشۡرِقُ وَ الۡمَغۡرِبُ ٭ فَاَیۡنَمَا تُوَلُّوۡا فَثَمَّ وَجۡہُ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ وَاسِعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۱۶﴾
    2 : 116 Чыгыш дагы, Батыш дагы Алланыкы. Ошондуктан, кайсы жакка жүз бурсаңар, ошол жерде Алланын жүзүнө туш келесиңер. Албетте, Алла өтө көп кеңчиликтерди тартуулоочу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ قَالُوا اتَّخَذَ اللّٰہُ وَلَدًا ۙ سُبۡحٰنَہٗ ؕ بَلۡ لَّہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ کُلٌّ لَّہٗ قٰنِتُوۡنَ ﴿۱۱۷﴾
    2 : 117 Алар айтышат: «Алла (Өзүнө) уул кылып алды». Ал таза! Чынында, (Анын улуулугу мындай): асмандар жана жердеги бардык нерселер Аныкы. Бардык нерсе Ага гана көз каранды.
  • بَدِیۡعُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ اِذَا قَضٰۤی اَمۡرًا فَاِنَّمَا یَقُوۡلُ لَہٗ کُنۡ فَیَکُوۡنُ ﴿۱۱۸﴾
    2 : 118 Ал асмандардын жана жердин жаратылышын баштоочу. Ал кандайдыр бир ишти жасоого чечим кылганда, ага болгону: «Бол!» - дейт, ошондо ал боло баштайт жана болбостон калбайт.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ لَا یَعۡلَمُوۡنَ لَوۡ لَا یُکَلِّمُنَا اللّٰہُ اَوۡ تَاۡتِیۡنَاۤ اٰیَۃٌ ؕ کَذٰلِکَ قَالَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ مِّثۡلَ قَوۡلِہِمۡ ؕ تَشَابَہَتۡ قُلُوۡبُہُمۡ ؕ قَدۡ بَیَّنَّا الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یُّوۡقِنُوۡنَ ﴿۱۱۹﴾
    2 : 119 Билимсиз кишилер айтышат: «Эмнеге Алла бизге сүйлөбөйт же эмнеге бизге дагы бир аят-белги келбейт?» Алардан мурун өткөндөр дагы куду булардын сөзүнө окшош кепти айтышкан эле. Алардын жүрөктөрү бири-бирине окшоп калды. Биз аяттарды ишенүүчү коомго ачык-айкын баян кылып бергенбиз.
  • اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ بِالۡحَقِّ بَشِیۡرًا وَّ نَذِیۡرًا ۙ وَّ لَا تُسۡئَلُ عَنۡ اَصۡحٰبِ الۡجَحِیۡمِ ﴿۱۲۰﴾
    2 : 120 Албетте, Биз сени чындык менен куш кабар берүүчү жана эскертүүчү кылып жөнөттүк. Сенден тозок ээлери туурасында суралбайт.
  • وَ لَنۡ تَرۡضٰی عَنۡکَ الۡیَہُوۡدُ وَ لَا النَّصٰرٰی حَتّٰی تَتَّبِعَ مِلَّتَہُمۡ ؕ قُلۡ اِنَّ ہُدَی اللّٰہِ ہُوَ الۡہُدٰی ؕ وَ لَئِنِ اتَّبَعۡتَ اَہۡوَآءَہُمۡ بَعۡدَ الَّذِیۡ جَآءَکَ مِنَ الۡعِلۡمِ ۙ مَا لَکَ مِنَ اللّٰہِ مِنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا نَصِیۡرٍ ﴿۱۲۱﴾ؔ
    2 : 121 Жөөттөр жана христиандар сен алардын динин ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айт: «Алла (берген) хидаят гана чын хидаят». Эгер сен өзүңө билим келгенден кийин дагы, алардын напсилерине ээрчисең, анда Алладан сага бир дагы дос жана бир дагы жардамчы болбойт.
  • اَلَّذِیۡنَ اٰتَیۡنٰہُمُ الۡکِتٰبَ یَتۡلُوۡنَہٗ حَقَّ تِلَاوَتِہٖ ؕ اُولٰٓئِکَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِہٖ ؕ وَ مَنۡ یَّکۡفُرۡ بِہٖ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿۱۲۲﴾٪
    2 : 122 Биз Китеп тартуулаган кишилер, аны кандай окуш керек болсо, ошондой окушат. Мына ушулар гана (чынында), ага ыйман келтиришет. Кимде-ким аны четке какса, ошолор зыян тартуучулар.
  • یٰبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَتِیَ الَّتِیۡۤ اَنۡعَمۡتُ عَلَیۡکُمۡ وَ اَنِّیۡ فَضَّلۡتُکُمۡ عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۲۳﴾
    2 : 123 Эй, Исрааийл балдары! Мен силерге тартуулаган береке-нээматымды жана силерди бүтүн ааламдардан абзел кылганымды дагы эстегиле!
  • وَ اتَّقُوۡا یَوۡمًا لَّا تَجۡزِیۡ نَفۡسٌ عَنۡ نَّفۡسٍ شَیۡئًا وَّ لَا یُقۡبَلُ مِنۡہَا عَدۡلٌ وَّ لَا تَنۡفَعُہَا شَفَاعَۃٌ وَّ لَا ہُمۡ یُنۡصَرُوۡنَ ﴿۱۲۴﴾
    2 : 124 Жана бир дагы жан башкасына болушпай турган жана андан эч бир акы алынбай турган, ошондой эле бир дагы шапаат өзүнө пайда бербей турган жана ошол адамдарга эч кандай жардам берилбей турган күндөн корккула.
  • وَ اِذِ ابۡتَلٰۤی اِبۡرٰہٖمَ رَبُّہٗ بِکَلِمٰتٍ فَاَتَمَّہُنَّ ؕ قَالَ اِنِّیۡ جَاعِلُکَ لِلنَّاسِ اِمَامًا ؕ قَالَ وَ مِنۡ ذُرِّیَّتِیۡ ؕ قَالَ لَا یَنَالُ عَہۡدِی الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۲۵﴾
    2 : 125 Ибраахиймди анын Раббиси айрым «келимелер» менен сынаганда жана (Ибраахийм) алардын баарын орундатканда, (Алла) айтты: «Мен албетте, сени адамдарга бир улуу Имам кылмакчымын». Ал: «Менин тукумуман дагыбы?», - деп сурады. (Алла) айтты: «(Ооба! Бирок), заалимдерге Менин келишимим жетпейт».
  • وَ اِذۡ جَعَلۡنَا الۡبَیۡتَ مَثَابَۃً لِّلنَّاسِ وَ اَمۡنًا ؕ وَ اتَّخِذُوۡا مِنۡ مَّقَامِ اِبۡرٰہٖمَ مُصَلًّی ؕ وَ عَہِدۡنَاۤ اِلٰۤی اِبۡرٰہٖمَ وَ اِسۡمٰعِیۡلَ اَنۡ طَہِّرَا بَیۡتِیَ لِلطَّآئِفِیۡنَ وَ الۡعٰکِفِیۡنَ وَ الرُّکَّعِ السُّجُوۡدِ ﴿۱۲۶﴾
    2 : 126 (Эстегиле), качан Биз (Өз) Үй(үбүз)дү адамдар үчүн кайра-кайра чогула турган жана тынчтык жайы кылдык. «Ибраахиймдин мартабасынан намаз жайын туткула». Биз Ибраахийм менен Исмааийлге буюрдук: «Экөөңөр Менин үйүмдү зыярат кылуучулар жана «эътикааф» кылуучулар, ошондой эле руку (жана) сажда кылуучулар үчүн абдан таза туткула».
  • وَ اِذۡ قَالَ اِبۡرٰہٖمُ رَبِّ اجۡعَلۡ ہٰذَا بَلَدًا اٰمِنًا وَّ ارۡزُقۡ اَہۡلَہٗ مِنَ الثَّمَرٰتِ مَنۡ اٰمَنَ مِنۡہُمۡ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ؕ قَالَ وَ مَنۡ کَفَرَ فَاُمَتِّعُہٗ قَلِیۡلًا ثُمَّ اَضۡطَرُّہٗۤ اِلٰی عَذَابِ النَّارِ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۱۲۷﴾
    2 : 127 (Эстегиле), качан Ибраахийм: «Эй, Раббим! Муну тынч жана тынчтык бере турган шаар кылгын, ошондой эле анда жашоочу адамдарга алардын арасынан Алла жана акырет күнүнө ыйман келтиргенге түрдүү мөмөлөрдөн ырыскы бергин», - деди. (Алла) айтты: «Каапырлык кылган адамга дагы бир аз убактылуу пайда жеткиземин, кийин аны от азабына барууга мажбур кылып коемун. (Ал) өтө жаман жай!»
  • وَ اِذۡ یَرۡفَعُ اِبۡرٰہٖمُ الۡقَوَاعِدَ مِنَ الۡبَیۡتِ وَ اِسۡمٰعِیۡلُ ؕ رَبَّنَا تَقَبَّلۡ مِنَّا ؕ اِنَّکَ اَنۡتَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۱۲۸﴾
    2 : 128 Ибраахийм жана Исмааийл дагы: «Эй, Раббибиз! (Муну) бизден кабыл алгын. Албетте, Сен эң угуучу (жана) дайыма билүүчүсүң», - (деген дубаны сурап), ал өзгөчө Үйдүн пайдубалдарын көтөрүп жаткан(ын эстегиле).
  • رَبَّنَا وَ اجۡعَلۡنَا مُسۡلِمَیۡنِ لَکَ وَ مِنۡ ذُرِّیَّتِنَاۤ اُمَّۃً مُّسۡلِمَۃً لَّکَ ۪ وَ اَرِنَا مَنَاسِکَنَا وَ تُبۡ عَلَیۡنَا ۚ اِنَّکَ اَنۡتَ التَّوَّابُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۲۹﴾
    2 : 129 «Эй, Раббибиз! Бизди Өзүңө эки бой сунуучу пенде кылгын жана тукумубуздан дагы Өзүңө баш ийүүчү бир жамаат (чыгаргын). Ошондой эле бизге өзүбүздүн ибадаттарыбыз менен курмандыктарыбыздын жолун үйрөткүн жана тобону кабыл кылган бойдон бизге карагын. Албетте, Сен тобону кабыл алуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучусуң».
  • رَبَّنَا وَ ابۡعَثۡ فِیۡہِمۡ رَسُوۡلًا مِّنۡہُمۡ یَتۡلُوۡا عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتِکَ وَ یُعَلِّمُہُمُ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ وَ یُزَکِّیۡہِمۡ ؕ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۱۳۰﴾٪
    2 : 130 «Эй, Раббибиз! Аларга өздөрүнөн болгон, аларга Сенин аяттарыңды окуй турган жана аларга Китепти үйрөтө турган, ошондой эле (анын) даанышмандыгын дагы үйрөтө турган жана аларды тазалай турган бир улуу Пайгамбарды жөнөткүн. Албетте, Сен эң жеңүүчү (жана) эң даанышмансың».
  • وَ مَنۡ یَّرۡغَبُ عَنۡ مِّلَّۃِ اِبۡرٰہٖمَ اِلَّا مَنۡ سَفِہَ نَفۡسَہٗ ؕ وَ لَقَدِ اصۡطَفَیۡنٰہُ فِی الدُّنۡیَا ۚ وَ اِنَّہٗ فِی الۡاٰخِرَۃِ لَمِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۱۳۱﴾
    2 : 131 Өзүн акмак кылып алган адамдан бөлөк ким Ибраахиймдин дининен тетири жүз бурат? Албетте, Биз аны (Ибраахиймди) дүйнөдө дагы тандап алдык жана акыретте дагы, албетте, ал саалих-такыбалардан болот.
  • اِذۡ قَالَ لَہٗ رَبُّہٗۤ اَسۡلِمۡ ۙ قَالَ اَسۡلَمۡتُ لِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۳۲﴾
    2 : 132 (Эстегиле!) Качан анын Раббиси ага: «Бой сунгун» дегенде, ал (дароо) айтты: «Бүткүл ааламдардын Раббисине бой сундум».
  • وَ وَصّٰی بِہَاۤ اِبۡرٰہٖمُ بَنِیۡہِ وَ یَعۡقُوۡبُ ؕ یٰبَنِیَّ اِنَّ اللّٰہَ اصۡطَفٰی لَکُمُ الدِّیۡنَ فَلَا تَمُوۡتُنَّ اِلَّا وَ اَنۡتُمۡ مُّسۡلِمُوۡنَ ﴿۱۳۳﴾ؕ
    2 : 133 Кудум ушул нерсени Ибраахийм жана Яъкууб дагы уулдарына насаат кылды: «Эй, азиз уулдарым! Албетте, Алла силерге ушул динди тандап алган. Демек, бой сунбай турган ахвалда ааламдан өтпөгүлө».
  • اَمۡ کُنۡتُمۡ شُہَدَآءَ اِذۡ حَضَرَ یَعۡقُوۡبَ الۡمَوۡتُ ۙ اِذۡ قَالَ لِبَنِیۡہِ مَا تَعۡبُدُوۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِیۡ ؕ قَالُوۡا نَعۡبُدُ اِلٰہَکَ وَ اِلٰـہَ اٰبَآئِکَ اِبۡرٰہٖمَ وَ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ اِسۡحٰقَ اِلٰـہًا وَّاحِدًا ۚۖ وَّ نَحۡنُ لَہٗ مُسۡلِمُوۡنَ ﴿۱۳۴﴾
    2 : 134 Силер Яъкуубга өлүм келгенде бар белеңер? Качан ал уулдарынан: «Жакшы, менден кийин эмнеге ибадат кыласыңар?» - деп сураган. Алар жооп беришти: «Биз сенин Кудайыңа жана сенин ата-бабаларың Ибраахийм, Исмааийл жана Исхаактын Кудайы болгон, жалгыз Кудайга ибадат кылабыз жана Ага гана биз баш ийип турабыз».
  • تِلۡکَ اُمَّۃٌ قَدۡ خَلَتۡ ۚ لَہَا مَا کَسَبَتۡ وَ لَکُمۡ مَّا کَسَبۡتُمۡ ۚ وَ لَا تُسۡـَٔلُوۡنَ عَمَّا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۳۵﴾
    2 : 135 Бул өтүп кеткен бир жамаат болчу. Ал кылган амалдар өзү үчүн эле жана силер кылган амалыңар өзүңөр үчүн. Силер алар кылып жүргөн амалдар үчүн жоопкер болбойсуңар.
  • وَ قَالُوۡا کُوۡنُوۡا ہُوۡدًا اَوۡ نَصٰرٰی تَہۡتَدُوۡا ؕ قُلۡ بَلۡ مِلَّۃَ اِبۡرٰہٖمَ حَنِیۡفًا ؕ وَ مَا کَانَ مِنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ﴿۱۳۶﴾
    2 : 136 Алар айтышат: «Жөөт же христиан болгула, ошондо туура жол табасыңар». Айт: «(Жок), бой сунган Ибраахиймдин үммөтү болгула, (себеби ушул гана туура) жол. Ал эч качан мушриктерден эмес эле».
  • قُوۡلُوۡۤا اٰمَنَّا بِاللّٰہِ وَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡنَا وَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلٰۤی اِبۡرٰہٖمَ وَ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ وَ الۡاَسۡبَاطِ وَ مَاۤ اُوۡتِیَ مُوۡسٰی وَ عِیۡسٰی وَ مَاۤ اُوۡتِیَ النَّبِیُّوۡنَ مِنۡ رَّبِّہِمۡ ۚ لَا نُفَرِّقُ بَیۡنَ اَحَدٍ مِّنۡہُمۡ ۫ۖ وَ نَحۡنُ لَہٗ مُسۡلِمُوۡنَ ﴿۱۳۷﴾
    2 : 137 Силер айткыла: «Биз Аллага жана бизге түшүрүлгөн, ошондой эле Ибраахийм, Исмааийл, Исхаак жана Яъкуубга, ошондой эле (анын) урук-тукумдарына түшүрүлгөн жана Муса менен Исага берилген жана (башка) бардык пайгамбарларга алардын Раббиси тарабынан берилген нерселерге ыйман келтирдик. Биз алардын бирин да ажыратып карабайбыз жана биз Ага гана бой сунуучубуз».
  • فَاِنۡ اٰمَنُوۡا بِمِثۡلِ مَاۤ اٰمَنۡتُمۡ بِہٖ فَقَدِ اہۡتَدَوۡا ۚ وَ اِنۡ تَوَلَّوۡا فَاِنَّمَا ہُمۡ فِیۡ شِقَاقٍ ۚ فَسَیَکۡفِیۡکَہُمُ اللّٰہُ ۚ وَ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۱۳۸﴾ؕ
    2 : 138 Ошентип, эгер алар силер ыйман келтирген сыяктуу ыйман келтиришсе, анда албетте, алар дагы хидаят-туура жол табышты, эгер алар (андан) жүз бурушса, анда алар (адаттагыдай) дайыма талаш-тартышта болушат. Кыскасы, алар менен (мелдешүүдө) сага Алла жетиштүү болот. Ал абдан угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • صِبۡغَۃَ اللّٰہِ ۚ وَ مَنۡ اَحۡسَنُ مِنَ اللّٰہِ صِبۡغَۃً ۫ وَّ نَحۡنُ لَہٗ عٰبِدُوۡنَ ﴿۱۳۹﴾
    2 : 139 «Алланын өңүн туткула». Өң боюнча Алладан жакшыраак башка ким боло алат? Ага гана биз ибадат кылуучубуз.
  • قُلۡ اَتُحَآجُّوۡنَنَا فِی اللّٰہِ وَ ہُوَ رَبُّنَا وَ رَبُّکُمۡ ۚ وَ لَنَاۤ اَعۡمَالُنَا وَ لَکُمۡ اَعۡمَالُکُمۡ ۚ وَ نَحۡنُ لَہٗ مُخۡلِصُوۡنَ ﴿۱۴۰﴾ۙ
    2 : 140 Айт: «Алла биз менен силердин Раббиңер болсо да, Биз менен Ал туурасында талашасыңарбы? Биздин амалдарыбыз өзүбүз үчүн жана силердин амалдарыңар өзүңөр үчүн. Биз чын дилден Ага гана берилдик».
  • اَمۡ تَقُوۡلُوۡنَ اِنَّ اِبۡرٰہٖمَ وَ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ اِسۡحٰقَ وَ یَعۡقُوۡبَ وَ الۡاَسۡبَاطَ کَانُوۡا ہُوۡدًا اَوۡ نَصٰرٰی ؕ قُلۡ ءَاَنۡتُمۡ اَعۡلَمُ اَمِ اللّٰہُ ؕ وَ مَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنۡ کَتَمَ شَہَادَۃً عِنۡدَہٗ مِنَ اللّٰہِ ؕ وَ مَا اللّٰہُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۴۱﴾
    2 : 141 Эмне, силер: «Ибраахийм, Исмааийл, Исхаак, Яъкууб жана (анын) урук-тукуму жөөт же христиан болгон», - дейсиңерби? Айт: «Силер жакшыраак билесиңерби же Аллабы?» Алла тарабынан өзүндө (аманат) болгон күбөлүктү жашыра турган кишиден заалимирээк ким бар? Алла силер кылып жаткан амалдарыңардан кабарсыз эмес.
  • تِلۡکَ اُمَّۃٌ قَدۡ خَلَتۡ ۚ لَہَا مَا کَسَبَتۡ وَ لَکُمۡ مَّا کَسَبۡتُمۡ ۚ وَ لَا تُسۡـَٔلُوۡنَ عَمَّا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۴۲﴾٪
    2 : 142 Бул (дагы) өтүп кеткен бир жамаат эле. Анын кылган амалдары өзү үчүн эле жана силер кылган амалдарыңар өзүңөр үчүн. Алар кылып жүргөн амалдары үчүн силер жоопкер болбойсуңар.
  • سَیَقُوۡلُ السُّفَہَآءُ مِنَ النَّاسِ مَا وَلّٰٮہُمۡ عَنۡ قِبۡلَتِہِمُ الَّتِیۡ کَانُوۡا عَلَیۡہَا ؕ قُلۡ لِّلّٰہِ الۡمَشۡرِقُ وَ الۡمَغۡرِبُ ؕ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۱۴۳﴾
    2 : 143 Адамдардын ичиндеги акылсыздар албетте, айтышат: «Алар (илгери) турган кыбыласынан аларды эмне жүз бургузду?» Айт: «Чыгыш дагы, Батыш дагы Алланыкы. Ал Өзү каалаган кишини туура жолго баштайт».
  • وَ کَذٰلِکَ جَعَلۡنٰکُمۡ اُمَّۃً وَّسَطًا لِّتَکُوۡنُوۡا شُہَدَآءَ عَلَی النَّاسِ وَ یَکُوۡنَ الرَّسُوۡلُ عَلَیۡکُمۡ شَہِیۡدًا ؕ وَ مَا جَعَلۡنَا الۡقِبۡلَۃَ الَّتِیۡ کُنۡتَ عَلَیۡہَاۤ اِلَّا لِنَعۡلَمَ مَنۡ یَّتَّبِعُ الرَّسُوۡلَ مِمَّنۡ یَّنۡقَلِبُ عَلٰی عَقِبَیۡہِ ؕ وَ اِنۡ کَانَتۡ لَکَبِیۡرَۃً اِلَّا عَلَی الَّذِیۡنَ ہَدَی اللّٰہُ ؕ وَ مَا کَانَ اللّٰہُ لِیُضِیۡعَ اِیۡمَانَکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِالنَّاسِ لَرَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۴۴﴾
    2 : 144 Ушундай кылып, адамдардын үстүнөн күзөтүүчү болушуңар үчүн жана Пайгамбар силердин үстүңөрдөн күзөтүүчү болушу үчүн Биз силерди ортоңку үммөт кылдык. Биз, сен (илгери) турган кыбыланы болгону, Пайгамбарга бой суна турган кишини, изине кайтып кете турган адамдан айырмалашыбыз үчүн белгилеп койдук. Бул Алла хидаят кылгандардан өзгөлөргө эң оор иш болчу. Алла ыйманыңарды бекерге кетирүүчү Зат эмес. Албетте, Алла адамдарга абдан мээримдүү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • قَدۡ نَرٰی تَقَلُّبَ وَجۡہِکَ فِی السَّمَآءِ ۚ فَلَنُوَلِّیَنَّکَ قِبۡلَۃً تَرۡضٰہَا ۪ فَوَلِّ وَجۡہَکَ شَطۡرَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ؕ وَ حَیۡثُ مَا کُنۡتُمۡ فَوَلُّوۡا وُجُوۡہَکُمۡ شَطۡرَہٗ ؕ وَ اِنَّ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ لَیَعۡلَمُوۡنَ اَنَّہُ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّہِمۡ ؕ وَ مَا اللّٰہُ بِغَافِلٍ عَمَّا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۴۵﴾
    2 : 145 Албетте, Биз жүзүңдүн асманга бурулганын көргөн элек. Ошондуктан, өзүңө жаккан кыбыла тарапка сенин жүзүңдү бурушубуз зарыл эле. Демек, жүзүңдү Хараам Мечитине карай бургун! Силер кайда болсоңор дагы, жүзүңөрдү ошол тарапка бургула. Албетте, Китеп берилгендер мунун өздөрүнүн Раббиси тарабынан (келген) чындык экендигин сөзсүз билишет. Алла алар кылып жаткан амалдарынан кабарсыз эмес.
  • وَ لَئِنۡ اَتَیۡتَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ بِکُلِّ اٰیَۃٍ مَّا تَبِعُوۡا قِبۡلَتَکَ ۚ وَ مَاۤ اَنۡتَ بِتَابِعٍ قِبۡلَتَہُمۡ ۚ وَ مَا بَعۡضُہُمۡ بِتَابِعٍ قِبۡلَۃَ بَعۡضٍ ؕ وَ لَئِنِ اتَّبَعۡتَ اَہۡوَآءَہُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَکَ مِنَ الۡعِلۡمِ ۙ اِنَّکَ اِذًا لَّمِنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۴۶﴾ۘ
    2 : 146 Эгер сен Китеп берилгендердин алдына ар түрдүү аят-белгини келтирсең дагы, алар сенин кыбылаңды ээрчишпейт; сен дагы алардын кыбыласын ээрчүүчү эмессиң; ошондой эле алардын айрымдары да башкалардын кыбыласын дагы ээрчишпейт. Эгер сен өзүңө билим келгенден кийин дагы, алардын напсилерин ээрчисең, анда албетте, заалимдерден болуп каласың.
  • اَلَّذِیۡنَ اٰتَیۡنٰہُمُ الۡکِتٰبَ یَعۡرِفُوۡنَہٗ کَمَا یَعۡرِفُوۡنَ اَبۡنَآءَہُمۡ ؕ وَ اِنَّ فَرِیۡقًا مِّنۡہُمۡ لَیَکۡتُمُوۡنَ الۡحَقَّ وَ ہُمۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۴۷﴾ؔ
    2 : 147 Биз Китеп бергендер аны (Пайгамбарды анда Алланын белгилерин көрүп), кудум өз уулдарын тааныгандай таанышат. Албетте, алардын арасында билип туруп, акыйкатты жашыра турган бир тайпа дагы бар.
  • اَلۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکَ فَلَا تَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمُمۡتَرِیۡنَ ﴿۱۴۸﴾٪
    2 : 148 (Бул албетте), Раббиң тарабынан (болгон) акыйкат. Ошондуктан, сен такыр шек кылуучулардан болбо.
  • وَ لِکُلٍّ وِّجۡہَۃٌ ہُوَ مُوَلِّیۡہَا فَاسۡتَبِقُوا الۡخَیۡرٰتِ ؕ؃ اَیۡنَ مَا تَکُوۡنُوۡا یَاۡتِ بِکُمُ اللّٰہُ جَمِیۡعًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۱۴۹﴾
    2 : 149 Ар кимдин ал өзү көңүл бура турган бир улуу максаты бар. Ошентип, жакшылыктар боюнча бири-бириңерден озуп кеткиле. Силер каерде болсоңор дагы, Алла силерди топтоп, алып келет. Албетте, Алла Өзү каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ مِنۡ حَیۡثُ خَرَجۡتَ فَوَلِّ وَجۡہَکَ شَطۡرَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ؕ وَ اِنَّہٗ لَلۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکَ ؕ وَ مَا اللّٰہُ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۵۰﴾
    2 : 150 Сен кайдан чыксаң дагы, көңүлүңдү Хараам Мечити тарабына гана бургун. Албетте, ал Раббиң тарабынан (келген) акыйкат. Алла кылып жаткан амалдарыңардан кабарсыз эмес.
  • وَ مِنۡ حَیۡثُ خَرَجۡتَ فَوَلِّ وَجۡہَکَ شَطۡرَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ؕ وَ حَیۡثُ مَا کُنۡتُمۡ فَوَلُّوۡا وُجُوۡہَکُمۡ شَطۡرَہٗ ۙ لِئَلَّا یَکُوۡنَ لِلنَّاسِ عَلَیۡکُمۡ حُجَّۃٌ ٭ۙ اِلَّا الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مِنۡہُمۡ ٭ فَلَا تَخۡشَوۡہُمۡ وَ اخۡشَوۡنِیۡ ٭ وَ لِاُتِمَّ نِعۡمَتِیۡ عَلَیۡکُمۡ وَ لَعَلَّکُمۡ تَہۡتَدُوۡنَ ﴿۱۵۱﴾ۙۛ
    2 : 151 Жана кайдан чыксаң дагы, көңүлүңдү Хараам Мечити тарабына гана бургун. Жана силер кайда болсоңор дагы, көңүлүңөрдү ошол эле тарапка караткыла. Анткени, адамдарда силерге каршы эч кандай далил болбосун. Алардын арасындагы заалим кишилер буга кирбейт. Демек, алардан коркпогула, Мен силерге нээмат-кутумду толук кылышым үчүн жана силер хидаят табышыңар үчүн Менден корккула.
  • کَمَاۤ اَرۡسَلۡنَا فِیۡکُمۡ رَسُوۡلًا مِّنۡکُمۡ یَتۡلُوۡا عَلَیۡکُمۡ اٰیٰتِنَا وَ یُزَکِّیۡکُمۡ وَ یُعَلِّمُکُمُ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ وَ یُعَلِّمُکُمۡ مَّا لَمۡ تَکُوۡنُوۡا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۵۲﴾ؕۛ
    2 : 152 Жана Биз силерге өзүңөрдөн болгон, силерге аяттарыбызды окуй турган, силерди тазалай турган, силерге Китеп жана (анын) даанышмандыгын үйрөтө турган жана силер мурун билбеген нерселерди силерге үйрөтө турган бир Пайгамбарды жибердик.
  • فَاذۡکُرُوۡنِیۡۤ اَذۡکُرۡکُمۡ وَ اشۡکُرُوۡا لِیۡ وَ لَا تَکۡفُرُوۡنِ ﴿۱۵۳﴾٪
    2 : 153 Ошентип, Мени эске алып жүргүлө, Мен дагы силерди эске аламын. Мага шүкүр кылгыла, шүкүрсүздүк кылбагыла.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اسۡتَعِیۡنُوۡا بِالصَّبۡرِ وَ الصَّلٰوۃِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ مَعَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۱۵۴﴾
    2 : 154 Эй, ыйман келтиргендер! Сабырдуулук жана намаз менен (Алладан) жардам сурагыла. Албетте, Алла сабыр кылуучулар менен бирге.
  • وَ لَا تَقُوۡلُوۡا لِمَنۡ یُّقۡتَلُ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ اَمۡوَاتٌ ؕ بَلۡ اَحۡیَآءٌ وَّ لٰکِنۡ لَّا تَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۵۵﴾
    2 : 155 Жана Алла жолунда өлтүрүлүүчүлөрдү өлүктөр дебегиле. Жок, (алар) тирүүлөр, бирок силер түшүнбөйсүңөр.
  • وَ لَنَبۡلُوَنَّکُمۡ بِشَیۡءٍ مِّنَ الۡخَوۡفِ وَ الۡجُوۡعِ وَ نَقۡصٍ مِّنَ الۡاَمۡوَالِ وَ الۡاَنۡفُسِ وَ الثَّمَرٰتِ ؕ وَ بَشِّرِ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۱۵۶﴾ۙ
    2 : 156 Биз албетте, силерди бир аз коркуу жана бир аз ачкалык, бир аз мал-дүнүйө, жан жана мөмө-жемиштердин тартыштыгы менен сынайбыз. Сабыр кылуучуларга куш кабар бергин –
  • الَّذِیۡنَ اِذَاۤ اَصَابَتۡہُمۡ مُّصِیۡبَۃٌ ۙ قَالُوۡۤا اِنَّا لِلّٰہِ وَ اِنَّاۤ اِلَیۡہِ رٰجِعُوۡنَ ﴿۱۵۷﴾ؕ
    2 : 157 Башына кандайдыр бир балээ-кырсык түшкөндө: «Биз албетте, Алланыкыбыз жана биз албетте, Ага гана кайтуучуларбыз», - дегендерге.
  • اُولٰٓئِکَ عَلَیۡہِمۡ صَلَوٰتٌ مِّنۡ رَّبِّہِمۡ وَ رَحۡمَۃٌ ۟ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُہۡتَدُوۡنَ ﴿۱۵۸﴾
    2 : 158 Мына ушулардын үстүнө өздөрүнүн Раббиси тарабынан берекелер жана рахмат бар. Мына ушулар хидаят табуучулар.
  • اِنَّ الصَّفَا وَ الۡمَرۡوَۃَ مِنۡ شَعَآئِرِ اللّٰہِ ۚ فَمَنۡ حَجَّ الۡبَیۡتَ اَوِ اعۡتَمَرَ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡہِ اَنۡ یَّطَّوَّفَ بِہِمَا ؕ وَ مَنۡ تَطَوَّعَ خَیۡرًا ۙ فَاِنَّ اللّٰہَ شَاکِرٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۵۹﴾
    2 : 159 Албетте, «Сафаа» жана «Марва» Алланын белгилеринен. Демек, бул Үйдү зыярат кылган же «Умра» кылган киши, алар экөөсүн да «Тавааф» кылса, ага эч кандай күнөө болбойт. Ким кошумча жакшылык кылмакчы болсо, албетте, Алла шүкүрдү кадырлоочу (жана) дайыма билүүчү.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یَکۡتُمُوۡنَ مَاۤ اَنۡزَلۡنَا مِنَ الۡبَیِّنٰتِ وَ الۡہُدٰی مِنۡۢ بَعۡدِ مَا بَیَّنّٰہُ لِلنَّاسِ فِی الۡکِتٰبِ ۙ اُولٰٓئِکَ یَلۡعَنُہُمُ اللّٰہُ وَ یَلۡعَنُہُمُ اللّٰعِنُوۡنَ ﴿۱۶۰﴾ۙ
    2 : 160 Албетте, Биз ачык аят-белгилер жана толук хидаяттан түшүргөн нерселерди, аны Китепте адамдарга ачык-айкын баян кылып бергенибизден кийин дагы жашыра тургандар – мына ошолорду Алла каргыштайт жана бардык каргыштоочулар дагы аларды каргышташат.
  • اِلَّا الَّذِیۡنَ تَابُوۡا وَ اَصۡلَحُوۡا وَ بَیَّنُوۡا فَاُولٰٓئِکَ اَتُوۡبُ عَلَیۡہِمۡ ۚ وَ اَنَا التَّوَّابُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۶۱﴾
    2 : 161 (Ооба), тобо кылып, оңдогон жана (Алланын аят-белгилерин) ачык-айкын баян кылгандар буга киришпейт. Демек, мына ошолорго Мен тобосун кабыл кылган бойдон караймын. Мен тобону кабыл алуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучумун.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ مَاتُوۡا وَ ہُمۡ کُفَّارٌ اُولٰٓئِکَ عَلَیۡہِمۡ لَعۡنَۃُ اللّٰہِ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ وَ النَّاسِ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۶۲﴾ۙ
    2 : 162 Албетте, каапырлык кылган жана каапырлык бойдон өлүп кеткендер – мына ошолордун үстүнө Алланын жана периштелердин, ошондой эле бардык адамдардын каргышы бар.
  • خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ۚ لَا یُخَفَّفُ عَنۡہُمُ الۡعَذَابُ وَ لَا ہُمۡ یُنۡظَرُوۡنَ ﴿۱۶۳﴾
    2 : 163 Ал (каргыш)та алар узак убакытка чейин калуучулар. Аларга азап жеңилдетилбейт жана аларга дем (алууга) мөөнөт берилбейт.
  • وَ اِلٰـہُکُمۡ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ ۚ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ الرَّحۡمٰنُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۶۴﴾٪
    2 : 164 Силердин Кудайыңар жалгыз Кудай. Ал – Рахмаан (жана) Рахиймден бөлөк эч бир кудай жок.
  • اِنَّ فِیۡ خَلۡقِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ اخۡتِلَافِ الَّیۡلِ وَ النَّہَارِ وَ الۡفُلۡکِ الَّتِیۡ تَجۡرِیۡ فِی الۡبَحۡرِ بِمَا یَنۡفَعُ النَّاسَ وَ مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ مِنَ السَّمَآءِ مِنۡ مَّآءٍ فَاَحۡیَا بِہِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا وَ بَثَّ فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ دَآبَّۃٍ ۪ وَّ تَصۡرِیۡفِ الرِّیٰحِ وَ السَّحَابِ الۡمُسَخَّرِ بَیۡنَ السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۶۵﴾
    2 : 165 Албетте, асмандардын жана жердин жаралышында, түн жана күндүн алмашып турушунда, адамдарга пайда тийгизе турган (нерселер) менен деңизде сүзүп жүргөн кемелерде, Алла асмандан түшүрүп, аны менен жерди өлгөнүнөн кийин тирилтип, анда ар түрдүү жүрүп турган жандыктарды жайып жиберген сууда, шамалдарды ар тарабынан учуруп-айдоодо жана асман менен жердин ортосундагы моюн сундурулган булуттарда акылы бар коом үчүн аят-белгилер бар.
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّتَّخِذُ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اَنۡدَادًا یُّحِبُّوۡنَہُمۡ کَحُبِّ اللّٰہِ ؕ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَشَدُّ حُبًّا لِّلّٰہِ ؕوَ لَوۡ یَرَی الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡۤا اِذۡ یَرَوۡنَ الۡعَذَابَ ۙ اَنَّ الۡقُوَّۃَ لِلّٰہِ جَمِیۡعًا ۙ وَّ اَنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعَذَابِ ﴿۱۶۶﴾
    2 : 166 Адамдардын арасында Алладан башкаларды шерик кылып алгандар да бар. Аларды Алланы сүйгөндөй сүйүшөт. Ал эми, ыйман келтиргендердин Аллага болгон сүйүүсү (ар кандай махабаттан) күчтүүрөөк. Жок дегенде, зулумдук кылган кишилер азапты көрүшкөндө, (эзелтен) бардык кудурет Аллага гана тийиштүү экенин жана Алла жазалоодо өтө катуу экенин түшүнүшсө, кана!
  • اِذۡ تَبَرَّاَ الَّذِیۡنَ اتُّبِعُوۡا مِنَ الَّذِیۡنَ اتَّبَعُوۡا وَ رَاَوُا الۡعَذَابَ وَ تَقَطَّعَتۡ بِہِمُ الۡاَسۡبَابُ ﴿۱۶۷﴾
    2 : 167 (Жок дегенде), алар (адамдар ээрчиген) башчылар (өздөрүн) ээрчигендерден баш тартканын билдирүүлөрүн жана азапты көрүүлөрүн, ошондой эле алардан (кутулуунун) бардык жолдору кесилгенин (көрсөң, кана!)
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ اتَّبَعُوۡا لَوۡ اَنَّ لَنَا کَرَّۃً فَنَتَبَرَّاَ مِنۡہُمۡ کَمَا تَبَرَّءُوۡا مِنَّا ؕ کَذٰلِکَ یُرِیۡہِمُ اللّٰہُ اَعۡمَالَہُمۡ حَسَرٰتٍ عَلَیۡہِمۡ ؕ وَ مَا ہُمۡ بِخٰرِجِیۡنَ مِنَ النَّارِ ﴿۱۶۸﴾٪
    2 : 168 Ээрчигендер айтышат: «Жок дегенде, бизге дагы бир ирет мүмкүнчүлүк берилгенде, алар бизден баш тартканы сыяктуу биз дагы алардан баш тартат элек». Ушундайча, Алла аларга өздөрүнүн амалдарын өкүнүч катары көрсөтөт жана алар (ошол) оттон чыга алышпайт.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ کُلُوۡا مِمَّا فِی الۡاَرۡضِ حَلٰلًا طَیِّبًا ۫ۖ وَّ لَا تَتَّبِعُوۡا خُطُوٰتِ الشَّیۡطٰنِ ؕ اِنَّہٗ لَکُمۡ عَدُوٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۶۹﴾
    2 : 169 Эй, адамдар! Жердеги адал жана пакиза нерселерден жегиле, ошондой эле шайтандын изине түшпөгүлө. Албетте, ал силерге ачыктан-ачык душман.
  • اِنَّمَا یَاۡمُرُکُمۡ بِالسُّوۡٓءِ وَ الۡفَحۡشَآءِ وَ اَنۡ تَقُوۡلُوۡا عَلَی اللّٰہِ مَا لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۷۰﴾
    2 : 170 Албетте, ал силерди болгону жаман жана уятсыз нерселерге чакырат жана Аллага каршы билбеген нерселериңерди сүйлөөңөргө (үндөйт).
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمُ اتَّبِعُوۡا مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ قَالُوۡا بَلۡ نَتَّبِعُ مَاۤ اَلۡفَیۡنَا عَلَیۡہِ اٰبَآءَنَا ؕ اَوَ لَوۡ کَانَ اٰبَآؤُہُمۡ لَا یَعۡقِلُوۡنَ شَیۡئًا وَّ لَا یَہۡتَدُوۡنَ ﴿۱۷۱﴾
    2 : 171 Аларга: «Алла түшүргөн нерселерди ээрчигиле», - деп айтылганда, алар: «Жок, биз ата-бабаларыбызды эмнеде тапкан болсок, ошону ээрчийбиз», - дешет. Эмне, алардын ата-бабалары акылсыз болгон болсо жана хидаят таппаган болсо, дагы (алардын жолун жолдой)бу?
  • وَ مَثَلُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا کَمَثَلِ الَّذِیۡ یَنۡعِقُ بِمَا لَا یَسۡمَعُ اِلَّا دُعَآءً وَّ نِدَآءً ؕ صُمٌّۢ بُکۡمٌ عُمۡیٌ فَہُمۡ لَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۱۷۲﴾
    2 : 172 Каапырлык кылган кишилердин мисалы кыйкырып-кыйкырып эчтеке укпаган нерсеге кайрылган кишиге окшойт. Бул (болгону) бир кыйкырык жана чакырык, (мындан сырткары эчтеке эмес). (Ушундай адамдар) дүлөй, дудук жана сокурлар. Ошентип, алар түшүнүшпөйт.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا کُلُوۡا مِنۡ طَیِّبٰتِ مَا رَزَقۡنٰکُمۡ وَ اشۡکُرُوۡا لِلّٰہِ اِنۡ کُنۡتُمۡ اِیَّاہُ تَعۡبُدُوۡنَ ﴿۱۷۳﴾
    2 : 173 Эй, ыйман келтиргендер! Биз силерге ырыскы кылып берген нерселердин тазаларын жегиле. Эгерде сыйына турганыңар Алла болсо, анда Ага шүкүр кылгыла.
  • اِنَّمَا حَرَّمَ عَلَیۡکُمُ الۡمَیۡتَۃَ وَ الدَّمَ وَ لَحۡمَ الۡخِنۡزِیۡرِ وَ مَاۤ اُہِلَّ بِہٖ لِغَیۡرِ اللّٰہِ ۚ فَمَنِ اضۡطُرَّ غَیۡرَ بَاغٍ وَّ لَا عَادٍ فَلَاۤ اِثۡمَ عَلَیۡہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۷۴﴾
    2 : 174 Ал силерге бир гана өлүмтүктү, канды, чочконун этин жана Алладан башкага аталган нерселерди арам кылды. Бирок, кимде-ким (ачкалыктан) мажбур болуп калса, ачкөздөнбөсө жана чектен ашуучу да болбосо, ал күнөөкөр эсептелбейт. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یَکۡتُمُوۡنَ مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ مِنَ الۡکِتٰبِ وَ یَشۡتَرُوۡنَ بِہٖ ثَمَنًا قَلِیۡلًا ۙ اُولٰٓئِکَ مَا یَاۡکُلُوۡنَ فِیۡ بُطُوۡنِہِمۡ اِلَّا النَّارَ وَ لَا یُکَلِّمُہُمُ اللّٰہُ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ وَ لَا یُزَکِّیۡہِمۡ ۚۖ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۷۵﴾
    2 : 175 Албетте, Алла Китептен түшүргөн (таалим)ди беките турган жана анын ордуна арзыбас баа ала тургандар – мына ошолор өз карындарын оттон бөлөк эч нерсе менен толтурушпайт. Кыямат күнү Алла алар менен сүйлөшпөйт жана аларды тазалабайт. Алар үчүн оор азап бар.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ اشۡتَرَوُا الضَّلٰلَۃَ بِالۡہُدٰی وَ الۡعَذَابَ بِالۡمَغۡفِرَۃِ ۚ فَمَاۤ اَصۡبَرَہُمۡ عَلَی النَّارِ ﴿۱۷۶﴾
    2 : 176 Мына ошолор хидаятты адашууга жана кечиримди азапка алмаштырып алган кишилер. Демек, отко алардын сабырдуулугу ошончолук чексизби?
  • ذٰلِکَ بِاَنَّ اللّٰہَ نَزَّلَ الۡکِتٰبَ بِالۡحَقِّ ؕ وَ اِنَّ الَّذِیۡنَ اخۡتَلَفُوۡا فِی الۡکِتٰبِ لَفِیۡ شِقَاقٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿۱۷۷﴾٪
    2 : 177 Мунун баары Алла Китепти чындык менен түшүргөндүгү себебинен. Албетте, Китеп туурасында талашып-тартышкандар эң алыстагы душмандыкка (кирептер).
  • لَیۡسَ الۡبِرَّ اَنۡ تُوَلُّوۡا وُجُوۡہَکُمۡ قِبَلَ الۡمَشۡرِقِ وَ الۡمَغۡرِبِ وَ لٰکِنَّ الۡبِرَّ مَنۡ اٰمَنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ وَ الۡکِتٰبِ وَ النَّبِیّٖنَ ۚ وَ اٰتَی الۡمَالَ عَلٰی حُبِّہٖ ذَوِی الۡقُرۡبٰی وَ الۡیَتٰمٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنَ وَ ابۡنَ السَّبِیۡلِ ۙ وَ السَّآئِلِیۡنَ وَ فِی الرِّقَابِ ۚ وَ اَقَامَ الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَی الزَّکٰوۃَ ۚ وَ الۡمُوۡفُوۡنَ بِعَہۡدِہِمۡ اِذَا عٰہَدُوۡا ۚ وَ الصّٰبِرِیۡنَ فِی الۡبَاۡسَآءِ وَ الضَّرَّآءِ وَ حِیۡنَ الۡبَاۡسِ ؕ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ صَدَقُوۡا ؕ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُتَّقُوۡنَ ﴿۱۷۸﴾
    2 : 178 Бир гана жүзүңөрдү Чыгышка же Батышка бурганыңар жакшылык эмес. Жок, Аллага, кыямат күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман келтирген, ошондой эле Аны сүйгөндүгүнөн мал-мүлкүн тууган-уруктарына, жетимдерге, жардыларга, жолоочуларга, кайырчыларга жана туткундарды азат кылдырууга сарптаган жана намазды толук аткарган, зекетти берген бирөө жакшылык ээси. Убада бергенден кийин убадасын аткара тургандар жана кыйынчылыктар менен балээ-кырсыктуу учурда, ошондой эле уруш маалында дагы сабыр кыла тургандар (чыныгы жакшылык ээлери). Мына ушулар чынчыл болгондор жана ушулар нагыз такыбалар.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا کُتِبَ عَلَیۡکُمُ الۡقِصَاصُ فِی الۡقَتۡلٰی ؕ اَلۡحُرُّ بِالۡحُرِّ وَ الۡعَبۡدُ بِالۡعَبۡدِ وَ الۡاُنۡثٰی بِالۡاُنۡثٰی ؕ فَمَنۡ عُفِیَ لَہٗ مِنۡ اَخِیۡہِ شَیۡءٌ فَاتِّبَاعٌۢ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ اَدَآءٌ اِلَیۡہِ بِاِحۡسَانٍ ؕ ذٰلِکَ تَخۡفِیۡفٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ رَحۡمَۃٌ ؕ فَمَنِ اعۡتَدٰی بَعۡدَ ذٰلِکَ فَلَہٗ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۷۹﴾
    2 : 179 Эй, ыйман келтиргендер! Силерге өлтүрүлгөн кишилердин өчүн алуу парыз кылынды: азат киши үчүн азат кишиден, кул үчүн кулдан жана аял үчүн аялдан (алуу парыз). Эгер кимдир бирөөнүн бир тууганы тарабынан бир аз кечирим кылынса, анда эрежеге амал кылып, жакшылык менен ага (кун) төлөшү керек. Бул Раббиңер тарабынан (силерге берилген) жеңилдик жана рахмат. Демек, ким ошондон кийин чектен ашса, ал үчүн оор азап бар.
  • وَ لَکُمۡ فِی الۡقِصَاصِ حَیٰوۃٌ یّٰۤاُولِی الۡاَلۡبَابِ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۸۰﴾
    2 : 180 Эй, акыл ээлери! Такыба болууңар үчүн өч алууда силер үчүн жашоо бар.
  • کُتِبَ عَلَیۡکُمۡ اِذَا حَضَرَ اَحَدَکُمُ الۡمَوۡتُ اِنۡ تَرَکَ خَیۡرَۨا ۚۖ الۡوَصِیَّۃُ لِلۡوَالِدَیۡنِ وَ الۡاَقۡرَبِیۡنَ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ۚ حَقًّا عَلَی الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۱۸۱﴾ؕ
    2 : 181 Силерге парыз кылынып коюлду: араңардан кимге өлүм келсе, эгер ал кандайдыр бир мал-мүлкүн (мурас катары) калтыра турган болсо, эреже боюнча ата-энеси жана тууган-уруктары жөнүндө осуят кылсын. Мына бул такыбаларга парыз.
  • فَمَنۡۢ بَدَّلَہٗ بَعۡدَ مَا سَمِعَہٗ فَاِنَّمَاۤ اِثۡمُہٗ عَلَی الَّذِیۡنَ یُبَدِّلُوۡنَہٗ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۸۲﴾ؕ
    2 : 182 Ким аны уккандан кийин өзгөртсө, анда анын күнөөсү аны өзгөрткөндөрдүн мойнуна түшөт. Албетте, Алла эң угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • فَمَنۡ خَافَ مِنۡ مُّوۡصٍ جَنَفًا اَوۡ اِثۡمًا فَاَصۡلَحَ بَیۡنَہُمۡ فَلَاۤ اِثۡمَ عَلَیۡہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۸۳﴾٪
    2 : 183 Демек, кимдир бирөө бир осуят кылуучудан (анын) адилетсиз жан тартуусунан же күнөө кылуусунан кооптонуп, алар – (мураскерлер)ди жарашууга чакырса, ага эч кандай күнөө болбойт. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا کُتِبَ عَلَیۡکُمُ الصِّیَامُ کَمَا کُتِبَ عَلَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۸۴﴾ۙ
    2 : 184 Эй, ыйман келтиргендер! Силер такыба болууңар үчүн силерден мурун өткөн кишилерге орозо парыз кылынган сыяктуу силерге дагы парыз кылынды.
  • اَیَّامًا مَّعۡدُوۡدٰتٍ ؕ فَمَنۡ کَانَ مِنۡکُمۡ مَّرِیۡضًا اَوۡ عَلٰی سَفَرٍ فَعِدَّۃٌ مِّنۡ اَیَّامٍ اُخَرَ ؕ وَ عَلَی الَّذِیۡنَ یُطِیۡقُوۡنَہٗ فِدۡیَۃٌ طَعَامُ مِسۡکِیۡنٍ ؕ فَمَنۡ تَطَوَّعَ خَیۡرًا فَہُوَ خَیۡرٌ لَّہٗ ؕ وَ اَنۡ تَصُوۡمُوۡا خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۸۵﴾
    2 : 185 (Ошентип), белгилүү күндөрдө (орозо туткула). Демек, силерден ким оорулуу болсо, же сапарда болсо, ал башка убакта ошончо күн орозо тутушу керек. Буга күчү жеткен кишилерге фидя (иретинде) бир кембагалды тамактандыруу лаазым. Ошентип, ким кошумча жакшы амал кылса, бул өзү үчүн эң жакшы. Эгер билсеңер, орозо тутушуңар силер үчүн жакшы нерсе.
  • شَہۡرُ رَمَضَانَ الَّذِیۡۤ اُنۡزِلَ فِیۡہِ الۡقُرۡاٰنُ ہُدًی لِّلنَّاسِ وَ بَیِّنٰتٍ مِّنَ الۡہُدٰی وَ الۡفُرۡقَانِ ۚ فَمَنۡ شَہِدَ مِنۡکُمُ الشَّہۡرَ فَلۡیَصُمۡہُ ؕ وَ مَنۡ کَانَ مَرِیۡضًا اَوۡ عَلٰی سَفَرٍ فَعِدَّۃٌ مِّنۡ اَیَّامٍ اُخَرَ ؕ یُرِیۡدُ اللّٰہُ بِکُمُ الۡیُسۡرَ وَ لَا یُرِیۡدُ بِکُمُ الۡعُسۡرَ ۫ وَ لِتُکۡمِلُوا الۡعِدَّۃَ وَ لِتُکَبِّرُوا اللّٰہَ عَلٰی مَا ہَدٰٮکُمۡ وَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۱۸۶﴾
    2 : 186 Рамазан айы – Куран адамдар үчүн улуу хидаят, ошондой эле хидаят түшүндүрмөсү жана чындык менен жалгандын ортосундагы айырмалай турган буйруктардан турган аят-белгилер катары түшүрүлгөн (ай). Ошондуктан, силерден ким бул айды көрсө, анын орозолорун тутсун, ошондой эле ким оорулуу болсо же сапарда болсо, (ошончо күн) өлчөмүндө башка күндөрдө орозо тутуусу зарыл. Алла силерге жеңилдик каалайт жана силерге кыйын болушун каалабайт. Ошондой эле аталган санды (жеңил) толукташыңарды каалайт жана шүгүр кылууңар үчүн Алла силерди хидаят кылгандыгы себептүү Аллага мактоо-алкоо айтышыңарды (каалайт).
  • وَ اِذَا سَاَلَکَ عِبَادِیۡ عَنِّیۡ فَاِنِّیۡ قَرِیۡبٌ ؕ اُجِیۡبُ دَعۡوَۃَ الدَّاعِ اِذَا دَعَانِ ۙ فَلۡیَسۡتَجِیۡبُوۡا لِیۡ وَ لۡیُؤۡمِنُوۡا بِیۡ لَعَلَّہُمۡ یَرۡشُدُوۡنَ ﴿۱۸۷﴾
    2 : 187 Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашканда, албетте, Мен жакынмын. Дуба кылуучу киши Мени чакырганда, Мен анын дубасына жооп кайтарамын. Демек, хидаят табуулары үчүн алар дагы Мага жооп кылуулары жана Мага ыйман келтирүүлөрү зарыл.
  • اُحِلَّ لَکُمۡ لَیۡلَۃَ الصِّیَامِ الرَّفَثُ اِلٰی نِسَآئِکُمۡ ؕ ہُنَّ لِبَاسٌ لَّکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ لِبَاسٌ لَّہُنَّ ؕ عَلِمَ اللّٰہُ اَنَّکُمۡ کُنۡتُمۡ تَخۡتَانُوۡنَ اَنۡفُسَکُمۡ فَتَابَ عَلَیۡکُمۡ وَ عَفَا عَنۡکُمۡ ۚ فَالۡـٰٔنَ بَاشِرُوۡہُنَّ وَ ابۡتَغُوۡا مَا کَتَبَ اللّٰہُ لَکُمۡ ۪ وَ کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا حَتّٰی یَتَبَیَّنَ لَکُمُ الۡخَیۡطُ الۡاَبۡیَضُ مِنَ الۡخَیۡطِ الۡاَسۡوَدِ مِنَ الۡفَجۡرِ۪ ثُمَّ اَتِمُّوا الصِّیَامَ اِلَی الَّیۡلِ ۚ وَ لَا تُبَاشِرُوۡہُنَّ وَ اَنۡتُمۡ عٰکِفُوۡنَ ۙ فِی الۡمَسٰجِدِ ؕ تِلۡکَ حُدُوۡدُ اللّٰہِ فَلَا تَقۡرَبُوۡہَا ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ اٰیٰتِہٖ لِلنَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَتَّقُوۡنَ ﴿۱۸۸﴾
    2 : 188 Орозо (айынын) түндөрүндө аялдарыңар менен кошулуу силерге адал кылынды. Алар силердин кийимиңер, силер алардын кийимисиңер. Силер өзүңөргө карата кылган адилетсиздигиңерди Алла билет. Ошондуктан, Ал силерге мээрбан болду жана силерди кечирди. Эми, алар менен кошулла бергиле жана Алла силер тууралуу жазып койгонун талап кылгыла. Таң (аткан)дыктан (саардын) ак нуру (түндүн) караңгысынан айырмаланганга чейин жеп-ичкиле. Анан кечке чейин орозону уланткыла. Силер мечиттерде «Эътикааф» болгонуңарда, алар менен кошулбагыла. Булар Алланын чек аралары. Ошондуктан, аларга жакын барбагыла. Алла Өз аяттарын адамдарга, алар такыба болсун үчүн мына ушундай ачык баяндайт.
  • وَ لَا تَاۡکُلُوۡۤا اَمۡوَالَکُمۡ بَیۡنَکُمۡ بِالۡبَاطِلِ وَ تُدۡلُوۡا بِہَاۤ اِلَی الۡحُکَّامِ لِتَاۡکُلُوۡا فَرِیۡقًا مِّنۡ اَمۡوَالِ النَّاسِ بِالۡاِثۡمِ وَ اَنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۸۹﴾٪
    2 : 189 Ошондой эле силер дүнүйө-мүлкүңөрдү өз ара жалган-алдоо жолу менен жебегиле жана (жакшы) билип туруп, адамдардын – (калктын) дүнүйө-мүлкүнүн бир бөлүгүн арам жолу менен жеш үчүн аларды акимдердин алдына алып барбагыла.
  • یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الۡاَہِلَّۃِ ؕ قُلۡ ہِیَ مَوَاقِیۡتُ لِلنَّاسِ وَ الۡحَجِّ ؕ وَ لَیۡسَ الۡبِرُّ بِاَنۡ تَاۡتُوا الۡبُیُوۡتَ مِنۡ ظُہُوۡرِہَا وَ لٰکِنَّ الۡبِرَّ مَنِ اتَّقٰیۚ وَ اۡتُوا الۡبُیُوۡتَ مِنۡ اَبۡوَابِہَا ۪ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۹۰﴾
    2 : 190 Алар сенден биринчи үч түндүк айлар туурасында сурашат. Айт: «Булар адамдарга убакытты жана ажылыкты белгилөө куралы». Үйлөргө анын арка тарабынан кирүүңөр жакшылык эмес. Жакшылык Алладан корккон кишиники. Үйлөргө эшиктеринен киргиле жана ийгиликке жетишүүңөр үчүн Алладан корккула.
  • وَ قَاتِلُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ الَّذِیۡنَ یُقَاتِلُوۡنَکُمۡ وَ لَا تَعۡتَدُوۡا ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ الۡمُعۡتَدِیۡنَ ﴿۱۹۱﴾
    2 : 191 Силерге каршы урушкандар менен Алла жолунда урушкула, бирок чектен чыкпагыла. Албетте, Алла чектен чыккандарды жактырбайт.
  • وَ اقۡتُلُوۡہُمۡ حَیۡثُ ثَقِفۡتُمُوۡہُمۡ وَ اَخۡرِجُوۡہُمۡ مِّنۡ حَیۡثُ اَخۡرَجُوۡکُمۡ وَ الۡفِتۡنَۃُ اَشَدُّ مِنَ الۡقَتۡلِ ۚ وَ لَا تُقٰتِلُوۡہُمۡ عِنۡدَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ حَتّٰی یُقٰتِلُوۡکُمۡ فِیۡہِ ۚ فَاِنۡ قٰتَلُوۡکُمۡ فَاقۡتُلُوۡہُمۡ ؕ کَذٰلِکَ جَزَآءُ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۱۹۲﴾
    2 : 192 Ошондой эле (уруш маалында) аларды тапкан жериңерде өлтүргүлө жана алар силерди кууп чыгарган жайдан аларды кууп чыгаргыла. Фитна өлтүрүүдөн жаманыраак. Алар менен Хараам Мечитинин тегерегинде, алар силер менен согушмайынча согушпагыла. Демек, эгер өздөрү силер менен согушса, анда силер аларды өлтүргүлө. Каапырлардын жазасы мына ушундай болот.
  • فَاِنِ انۡتَہَوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۹۳﴾
    2 : 193 Демек, эгер алар өздөрүн тыйса, анда албетте, Алла өтө кечиримдүү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ قٰتِلُوۡہُمۡ حَتّٰی لَا تَکُوۡنَ فِتۡنَۃٌ وَّ یَکُوۡنَ الدِّیۡنُ لِلّٰہِ ؕ فَاِنِ انۡتَہَوۡا فَلَا عُدۡوَانَ اِلَّا عَلَی الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۹۴﴾
    2 : 194 Ошондой эле фитна-дүрбөлөң аягына чыкмайынча жана дин(ди) Алла үчүн (эркин тутуу мүмкүнчүлүгү) болмоюнча, алар менен согушкула. Ошентип, эгер алар өздөрүн тыйса, анда чектен чыгуучу заалимдерден башка эч кимге адилетсиздик кылуу мүмкүн эмес(тигин билип койгула).
  • اَلشَّہۡرُ الۡحَرَامُ بِالشَّہۡرِ الۡحَرَامِ وَ الۡحُرُمٰتُ قِصَاصٌ ؕ فَمَنِ اعۡتَدٰی عَلَیۡکُمۡ فَاعۡتَدُوۡا عَلَیۡہِ بِمِثۡلِ مَا اعۡتَدٰی عَلَیۡکُمۡ ۪ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ مَعَ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۱۹۵﴾
    2 : 195 Урматтуу ай урматтуу айдын ордунда. Бардык урматтуу нерселер(дин урматсыздыгы) үчүн өч алынат. Ошондуктан, кимде-ким силерге ынсапсыздык кылса, силер дагы, ал силерге кылган ынсапсыздыкка тең өч алгыла. Алладан корккула жана Алла албетте, такыбалар менен бирге экенин билгиле.
  • وَ اَنۡفِقُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ لَا تُلۡقُوۡا بِاَیۡدِیۡکُمۡ اِلَی التَّہۡلُکَۃِ ۚۖۛ وَ اَحۡسِنُوۡا ۚۛ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۹۶﴾
    2 : 196 Алла жолунда сарптагыла жана өз колдоруңар менен (өзүңөрдү) жок кылбагыла. Ошондой эле изги иштер кылгыла, албетте, Алла изги иштер кылуучуларды сүйөт.
  • وَ اَتِمُّوا الۡحَجَّ وَ الۡعُمۡرَۃَ لِلّٰہِ ؕ فَاِنۡ اُحۡصِرۡتُمۡ فَمَا اسۡتَیۡسَرَ مِنَ الۡہَدۡیِ ۚ وَ لَا تَحۡلِقُوۡا رُءُوۡسَکُمۡ حَتّٰی یَبۡلُغَ الۡہَدۡیُ مَحِلَّہٗ ؕ فَمَنۡ کَانَ مِنۡکُمۡ مَّرِیۡضًا اَوۡ بِہٖۤ اَذًی مِّنۡ رَّاۡسِہٖ فَفِدۡیَۃٌ مِّنۡ صِیَامٍ اَوۡ صَدَقَۃٍ اَوۡ نُسُکٍ ۚ فَاِذَاۤ اَمِنۡتُمۡ ٝ فَمَنۡ تَمَتَّعَ بِالۡعُمۡرَۃِ اِلَی الۡحَجِّ فَمَا اسۡتَیۡسَرَ مِنَ الۡہَدۡیِ ۚ فَمَنۡ لَّمۡ یَجِدۡ فَصِیَامُ ثَلٰثَۃِ اَیَّامٍ فِی الۡحَجِّ وَ سَبۡعَۃٍ اِذَا رَجَعۡتُمۡ ؕ تِلۡکَ عَشَرَۃٌ کَامِلَۃٌ ؕ ذٰلِکَ لِمَنۡ لَّمۡ یَکُنۡ اَہۡلُہٗ حَاضِرِی الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۱۹۷﴾٪
    2 : 197 Алла үчүн ажылыкты жана «Умраны» аткаргыла. Демек, эгер силер тосулуп калсаңар, анда мүмкүн болгон курмандык(ты кылгыла) жана курмандык өзүнүн (союла турган) белгилүү жайына жетип бармайынча, баштарыңарды – (чачтарыңарды) алдырбагыла. Ошентип, эгер силерден кимдир бирөө оорулуу болсо же башында кесел болсо, орозо тутуп же садага берип же курмандык кылып, «Фидя» төлөшү керек. Ошентип, коркунучтан кийин бейпилдик тапканыңарда, ким «Умраны» ажылыкка кошуп, пайдаланмакчы болсо, ал өзүнө насип болгон курмандык(ты кылышы керек).(Курмандыкка) күчү жетпеген киши ажылык учурунда үч күн орозо тутушу керек жана кайтып кеткениңерде жети орозо. Булардын бардыгы он (күн) болот. Бул буйруктар үй-бүлөсү Хараам Мечитинин тегерегинде жашабаган киши үчүн. Алладан корккула жана Алла жазалоодо өтө катуу экенин билгиле.
  • اَلۡحَجُّ اَشۡہُرٌ مَّعۡلُوۡمٰتٌ ۚ فَمَنۡ فَرَضَ فِیۡہِنَّ الۡحَجَّ فَلَا رَفَثَ وَ لَا فُسُوۡقَ ۙ وَ لَا جِدَالَ فِی الۡحَجِّ ؕ وَ مَا تَفۡعَلُوۡا مِنۡ خَیۡرٍ یَّعۡلَمۡہُ اللّٰہُ ؕؔ وَ تَزَوَّدُوۡا فَاِنَّ خَیۡرَ الزَّادِ التَّقۡوٰی ۫ وَ اتَّقُوۡنِ یٰۤاُولِی الۡاَلۡبَابِ ﴿۱۹۸﴾
    2 : 198 Ажылык айрым белгилүү айларда болот. Демек, ким бул (айлар)да ажылык кылууну ниет кылган болсо, (ал) ажылык маалында эч бир жаман сөз, бузукулук жана жаңжал-тополоң кылуу дурус эмес(тигин билип койсун). Эмне жакшылык кылсаңар, Алла аны билип алат. Жол азыктарын камдап тургула. Демек, жол азыктарынын эң жакшысы – такыбалык. Эй, акыл ээлери! Менден гана корккула.
  • لَیۡسَ عَلَیۡکُمۡ جُنَاحٌ اَنۡ تَبۡتَغُوۡا فَضۡلًا مِّنۡ رَّبِّکُمۡ ؕ فَاِذَاۤ اَفَضۡتُمۡ مِّنۡ عَرَفٰتٍ فَاذۡکُرُوا اللّٰہَ عِنۡدَ الۡمَشۡعَرِ الۡحَرَامِ ۪ وَ اذۡکُرُوۡہُ کَمَا ہَدٰٮکُمۡ ۚ وَ اِنۡ کُنۡتُمۡ مِّنۡ قَبۡلِہٖ لَمِنَ الضَّآلِّیۡنَ ﴿۱۹۹﴾
    2 : 199 Раббиңерден берешендик талап кылууңарда силер үчүн эч кандай күнөө жок. Ошентип, Арафааттан кайтканыңарда, Машъари Хараамдын жанында Алланы зикир кылгыла. Ал силерге жол көрсөткөндөй, Аны зикир кылгыла. Мындан мурун силер албетте, адашкандардан элеңер.
  • ثُمَّ اَفِیۡضُوۡا مِنۡ حَیۡثُ اَفَاضَ النَّاسُ وَ اسۡتَغۡفِرُوا اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۲۰۰﴾
    2 : 200 Анан адамдар кайткан жайдан силер (дагы) кайткыла жана Алладан кечирим сурагыла. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • فَاِذَا قَضَیۡتُمۡ مَّنَاسِکَکُمۡ فَاذۡکُرُوا اللّٰہَ کَذِکۡرِکُمۡ اٰبَآءَکُمۡ اَوۡ اَشَدَّ ذِکۡرًا ؕ فَمِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّقُوۡلُ رَبَّنَاۤ اٰتِنَا فِی الدُّنۡیَا وَ مَا لَہٗ فِی الۡاٰخِرَۃِ مِنۡ خَلَاقٍ ﴿۲۰۱﴾
    2 : 201 Демек, силер (ажылык) амалдарыңарды аткарып бүткөнүңөрдөн кийин, Алланы ата-бабаларыңарды эстегениңердей, же андан дагы көбүрөөк эстегиле. Демек, адамдардын арасында: «Эй, Раббибиз! Бизге (бере турганыңды) бул дүйнөнүн өзүндө бергин!» - деп айта турган да бар. Ал үчүн акыретте эч кандай үлүш болбойт.
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّقُوۡلُ رَبَّنَاۤ اٰتِنَا فِی الدُّنۡیَا حَسَنَۃً وَّ فِی الۡاٰخِرَۃِ حَسَنَۃً وَّ قِنَا عَذَابَ النَّارِ ﴿۲۰۲﴾
    2 : 202 Ошондой эле алардын арасында: «Эй, Раббибиз! Бизге бул дүйнөдө дагы жакшылык тартуулагын, акыретте дагы жакшылык тартуулагын жана бизди от азабынан сактагын», - деп айта турган да бар.
  • اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ نَصِیۡبٌ مِّمَّا کَسَبُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ سَرِیۡعُ الۡحِسَابِ ﴿۲۰۳﴾
    2 : 203 Мына ушулар үчүн гана кылган амалдарынан бир үлкөн сыйлык болот. Алла эсеп-кысап (кылуу)да абдан тез.
  • وَ اذۡکُرُوا اللّٰہَ فِیۡۤ اَیَّامٍ مَّعۡدُوۡدٰتٍ ؕ فَمَنۡ تَعَجَّلَ فِیۡ یَوۡمَیۡنِ فَلَاۤ اِثۡمَ عَلَیۡہِ ۚ وَ مَنۡ تَاَخَّرَ فَلَاۤ اِثۡمَ عَلَیۡہِ ۙ لِمَنِ اتَّقٰی ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّکُمۡ اِلَیۡہِ تُحۡشَرُوۡنَ ﴿۲۰۴﴾
    2 : 204 Ушул саналуу күндөрдө Алланы (өтө көп) зикир кылгыла. Ошентип, ким эки күндө эрте бошосо, ага эч кандай күнөө болбойт жана ким артта калса, ага (дагы) күнөө болбойт. (Ушул убада) Алладан корккон киши үчүн. Алладан корккула жана силер Анын Өзүнө чогулушуңарды билгиле.
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یُّعۡجِبُکَ قَوۡلُہٗ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ یُشۡہِدُ اللّٰہَ عَلٰی مَا فِیۡ قَلۡبِہٖ ۙ وَ ہُوَ اَلَدُّ الۡخِصَامِ ﴿۲۰۵﴾
    2 : 205 Адамдардын арасында ушундай бирөө да бар: анын бул дүйнөлүк жашоо туурасындагы сөзү сага жаккандай болот. Ал болсо, өз көңүлүндөгү нерсеге Алланы күбө кылат. Чынында, ал ашынган уруш-жаңжал чыгаруучу.
  • وَ اِذَا تَوَلّٰی سَعٰی فِی الۡاَرۡضِ لِیُفۡسِدَ فِیۡہَا وَ یُہۡلِکَ الۡحَرۡثَ وَ النَّسۡلَ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یُحِبُّ الۡفَسَادَ ﴿۲۰۶﴾
    2 : 206 Жана ал ыктыярдуу-мансаптуу болгондо, жерде бүлүк салып, эгин жана адам насилин жок кылуу үчүн ал жактан бул жакка чуркап жүрөт. Алла болсо, бүлүк салууну жактырбайт.
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُ اتَّقِ اللّٰہَ اَخَذَتۡہُ الۡعِزَّۃُ بِالۡاِثۡمِ فَحَسۡبُہٗ جَہَنَّمُ ؕ وَ لَبِئۡسَ الۡمِہَادُ ﴿۲۰۷﴾
    2 : 207 Ага: «Алладан корккун!» - деп айтылганда, куру намысы аны күнөөгө бекем кармап турат. Демек, тозок ал үчүн жетиштүү. Ал эң жаман турак жай!
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّشۡرِیۡ نَفۡسَہُ ابۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ رَءُوۡفٌۢ بِالۡعِبَادِ ﴿۲۰۸﴾
    2 : 208 Жана адамдардын арасында ушундай киши дагы бар: ал Алланын ыраазылыгы үчүн өзүн сатып жиберет. Алла пенделерге абдан мээримдүү.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا ادۡخُلُوۡا فِی السِّلۡمِ کَآفَّۃً ۪ وَ لَا تَتَّبِعُوۡا خُطُوٰتِ الشَّیۡطٰنِ ؕ اِنَّہٗ لَکُمۡ عَدُوٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿۲۰۹﴾
    2 : 209 Эй, ыйман келтиргендер! Баарыңар баш ийүү (айланасы)на киргиле жана шайтандын изине түшпөгүлө. Албетте, ал силерге ачыктан-ачык душман.
  • فَاِنۡ زَلَلۡتُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡکُمُ الۡبَیِّنٰتُ فَاعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۱۰﴾
    2 : 210 Демек, эгер силерге ачык-айкын аят-белгилер келгенден кийин дагы тайып кетсеңер, анда Алла жеңиш (жана) даанышмандык ээси экенин билгиле.
  • ہَلۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡ یَّاۡتِیَہُمُ اللّٰہُ فِیۡ ظُلَلٍ مِّنَ الۡغَمَامِ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ وَ قُضِیَ الۡاَمۡرُ ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ تُرۡجَعُ الۡاُمُوۡرُ ﴿۲۱۱﴾٪
    2 : 211 Эмне, алар болгону Алла жана периштелер булуттардын көлөкөсүндө аларга келишин жана маселенин чечилишин күтүп жатышабы? Баардык иштер Аллага гана кайтарылат.
  • سَلۡ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ کَمۡ اٰتَیۡنٰہُمۡ مِّنۡ اٰیَۃٍۭ بَیِّنَۃٍ ؕ وَ مَنۡ یُّبَدِّلۡ نِعۡمَۃَ اللّٰہِ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡہُ فَاِنَّ اللّٰہَ شَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۲۱۲﴾
    2 : 212 Исрааийл балдарынан аларга канчалаган ачык-айкын аят-белгилерди бергенибизди сурагын! Кимде-ким Алланын нээмат-белегин өзүнө келгенден кийин өзгөртсө, албетте, Алла жазалоодо абдан катуу.
  • زُیِّنَ لِلَّذِیۡنَ کَفَرُوا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا وَ یَسۡخَرُوۡنَ مِنَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ۘ وَ الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا فَوۡقَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ وَ اللّٰہُ یَرۡزُقُ مَنۡ یَّشَآءُ بِغَیۡرِ حِسَابٍ ﴿۲۱۳﴾
    2 : 213 Бул дүйнөлүк жашоо каапырларга ажайып-кооз кылынып көрсөтүлгөн. Алар ыйман келтиргендерди мазакташат. Такыба адамдар кыямат күнү алардан жогору турушат. Алла Өзү каалаган пендеге эсеп-кысапсыз ырыскы берет.
  • کَانَ النَّاسُ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً ۟ فَبَعَثَ اللّٰہُ النَّبِیّٖنَ مُبَشِّرِیۡنَ وَ مُنۡذِرِیۡنَ ۪ وَ اَنۡزَلَ مَعَہُمُ الۡکِتٰبَ بِالۡحَقِّ لِیَحۡکُمَ بَیۡنَ النَّاسِ فِیۡمَا اخۡتَلَفُوۡا فِیۡہِ ؕ وَ مَا اخۡتَلَفَ فِیۡہِ اِلَّا الَّذِیۡنَ اُوۡتُوۡہُ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡہُمُ الۡبَیِّنٰتُ بَغۡیًۢا بَیۡنَہُمۡ ۚ فَہَدَی اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لِمَا اخۡتَلَفُوۡا فِیۡہِ مِنَ الۡحَقِّ بِاِذۡنِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۲۱۴﴾
    2 : 214 Бардык адамдар бир үммөт болгон. Ошентип, Алла пайгамбарларды куш кабар берүүчү жана эскертүүчү кылып жөнөттү. Жана алар менен бирге Ал – (Алла) адамдардын арасында алар талашып-тартышкан маселелер боюнча өкүм кылсын үчүн чындыктан турган Китепти дагы түшүрдү. Ал – (Китеп) берилгендер гана өздөрүнө ачык-айкын аят-белгилер келгенден кийин бул – (Китеп) туурасында өз ара баш ийбестик себептүү талаш-тартыш чыгарышты. Ошентип, Алла Өз буйругу менен ыйман келтиргендерди хидаят кылды, анткени алар чындык себебинен ал тууралуу талашып-тартышкан. Алла Өзү каалаган пендени туура жолго хидаят кылат.
  • اَمۡ حَسِبۡتُمۡ اَنۡ تَدۡخُلُوا الۡجَنَّۃَ وَ لَمَّا یَاۡتِکُمۡ مَّثَلُ الَّذِیۡنَ خَلَوۡا مِنۡ قَبۡلِکُمۡ ؕ مَسَّتۡہُمُ الۡبَاۡسَآءُ وَ الضَّرَّآءُ وَ زُلۡزِلُوۡا حَتّٰی یَقُوۡلَ الرَّسُوۡلُ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَہٗ مَتٰی نَصۡرُ اللّٰہِ ؕ اَلَاۤ اِنَّ نَصۡرَ اللّٰہِ قَرِیۡبٌ ﴿۲۱۵﴾
    2 : 215 «Бейишке киребиз», - деп ойлойсуңарбы? Ал эми, силерден мурун өтүп кеткендердин ахвалы силерге али келе элек! Аларга азап-тозоктор жана кыйынчылыктар болду жана алар кыймылдатылган. А түгүл пайгамбар жана аны менен ыйман келтиргендер дагы: «Акыры, Алланын жардамы качан келет?» - деп чакырык кылышты. Кулак салгыла! Албетте, Алланын жардамы жакын.
  • یَسۡـَٔلُوۡنَکَ مَا ذَا یُنۡفِقُوۡنَ ۬ؕ قُلۡ مَاۤ اَنۡفَقۡتُمۡ مِّنۡ خَیۡرٍ فَلِلۡوَالِدَیۡنِ وَ الۡاَقۡرَبِیۡنَ وَ الۡیَتٰمٰی وَ الۡمَسٰکِیۡنِ وَ ابۡنِ‌السَّبِیۡلِ ؕ وَ مَا تَفۡعَلُوۡا مِنۡ خَیۡرٍ فَاِنَّ اللّٰہَ بِہٖ عَلِیۡمٌ ﴿۲۱۶﴾
    2 : 216 Алар сенден эмнени сарп кылуу керектигин сурашат. Айт: «Силер өз дүнүйө-мүлкүңөрдөн эмнени сарп кылмакчы болсоңор, ата-энеге, тууган-туушкандарга, жетимдерге, кембагалдарга жана жолоочуларга (сарп кылгыла). Кандай изги иш кылсаңар, албетте, Алла аны жакшы билет.
  • کُتِبَ عَلَیۡکُمُ الۡقِتَالُ وَ ہُوَ کُرۡہٌ لَّکُمۡ ۚ وَ عَسٰۤی اَنۡ تَکۡرَہُوۡا شَیۡئًا وَّ ہُوَ خَیۡرٌ لَّکُمۡ ۚ وَ عَسٰۤی اَنۡ تُحِبُّوۡا شَیۡئًا وَّ ہُوَ شَرٌّ لَّکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ وَ اَنۡتُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۱۷﴾٪
    2 : 217 Согуш силерге жакпаган болсо да, ал силерге парыз кылынды. Ыктымал, силер бир нерсени жактырбайсыңар, бирок ал силер үчүн жакшы болушу мүмкүн. Ошондой эле, ыктымал, силер бир нерсени жактырасыңар, бирок ал силер үчүн зыяндуу болушу мүмкүн. Алла билет, силер болсо билбейсиңер.
  • یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الشَّہۡرِ الۡحَرَامِ قِتَالٍ فِیۡہِ ؕ قُلۡ قِتَالٌ فِیۡہِ کَبِیۡرٌ ؕ وَ صَدٌّ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ کُفۡرٌۢ بِہٖ وَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ٭ وَ اِخۡرَاجُ اَہۡلِہٖ مِنۡہُ اَکۡبَرُ عِنۡدَ اللّٰہِ ۚ وَ الۡفِتۡنَۃُ اَکۡبَرُ مِنَ الۡقَتۡلِ ؕ وَ لَا یَزَالُوۡنَ یُقَاتِلُوۡنَکُمۡ حَتّٰی یَرُدُّوۡکُمۡ عَنۡ دِیۡنِکُمۡ اِنِ اسۡتَطَاعُوۡا ؕ وَ مَنۡ یَّرۡتَدِدۡ مِنۡکُمۡ عَنۡ دِیۡنِہٖ فَیَمُتۡ وَ ہُوَ کَافِرٌ فَاُولٰٓئِکَ حَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۲۱۸﴾
    2 : 218 Алар сенден урматтуу ай – анда согушуу туурасында сурашат. (Аларга) айт: «Анда согушуу эң чоң күнөө». Ошондой эле Алла жолунан (адамдарды) тосуу, Аны четке кагуу, Хараам Мечитинен (адамдарды) тыюу, ошондой эле ал жерден анын чыныгы ээлерин кууп чыгаруу да Алланын алдында эң чоң (күнөө). Фитна өлтүрүүдөн дагы чоңураак (күнөө). Алар эгер колдорунан келсе, силерди диниңерден кайтармайынча, силер менен согушууну улантышат. Араларыңардан кимде-ким өз дининен кайтып, каапыр бойдон өлсө – мына ошолордун кылган амалдары бул дүйнөдө да, акыретте да бекерге кетти. Мына ошолор отто жашоочулар. Алар анда узак убакытка чейин калуучулар.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ الَّذِیۡنَ ہَاجَرُوۡا وَ جٰہَدُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ۙ اُولٰٓئِکَ یَرۡجُوۡنَ رَحۡمَتَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۲۱۹﴾
    2 : 219 Албетте, ыйман келтирген жана «хижрат» кылган, ошондой эле Алла жолунда жихад кылган кишилер – мына ушулар гана Алланын рахма-тынан үмүт кылышат. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الۡخَمۡرِ وَ الۡمَیۡسِرِؕ قُلۡ فِیۡہِمَاۤ اِثۡمٌ کَبِیۡرٌ وَّ مَنَافِعُ لِلنَّاسِ ۫ وَ اِثۡمُہُمَاۤ اَکۡبَرُ مِنۡ نَّفۡعِہِمَا ؕ وَ یَسۡـَٔلُوۡنَکَ مَا ذَا یُنۡفِقُوۡنَ ۬ؕ قُلِ الۡعَفۡوَ ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمُ الۡاٰیٰتِ لَعَلَّکُمۡ تَتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۲۲۰﴾ۙ
    2 : 220 Алар сенден шарап жана кумар туурасында сурашат. Айт: «Булардын экөөсүндө тең чоң күнөө дагы, адамдар үчүн пайдалар дагы бар. Алардын экөөсүнүн күнөөсү пайдасынан көрө чоңураак». Жана алар сенден эмнени сарп кылууларын (дагы) сурашат. (Аларга) айт: «(Өз керектөөңөрдөн) артканын». Ошентип, Алла Өз аят-белгилерин силерге ой жүгүртүүңөр үчүн ачык-айкын баян кылат –
  • فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ؕ وَ یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الۡیَتٰمٰی ؕ قُلۡ اِصۡلَاحٌ لَّہُمۡ خَیۡرٌ ؕ وَ اِنۡ تُخَالِطُوۡہُمۡ فَاِخۡوَانُکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ الۡمُفۡسِدَ مِنَ الۡمُصۡلِحِ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَاَعۡنَتَکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۲۱﴾
    2 : 221 Дүйнө тууралуу дагы, акырет тууралуу дагы. Жана алар сенден жетимдер туурасында сурашат. Айт: «Аларды жакшыртуу эң жакшы иштердин бири. Эгер алар менен кошулуп-аралашып жашасаңар, алар силердин бир тууганыңар». Алла бүлүк салуучу бирөөнү жакшыртуучу бирөөнөн айырмалай алат. Эгер Алла каалаганда, силерди албетте, машакатка салмак эле. Албетте, Алла жеңүүчү (жана) даанышмандык ээси.
  • وَ لَا تَنۡکِحُوا الۡمُشۡرِکٰتِ حَتّٰی یُؤۡمِنَّ ؕ وَ لَاَمَۃٌ مُّؤۡمِنَۃٌ خَیۡرٌ مِّنۡ مُّشۡرِکَۃٍ وَّ لَوۡ اَعۡجَبَتۡکُمۡ ۚ وَ لَا تُنۡکِحُوا الۡمُشۡرِکِیۡنَ حَتّٰی یُؤۡمِنُوۡا ؕ وَ لَعَبۡدٌ مُّؤۡمِنٌ خَیۡرٌ مِّنۡ مُّشۡرِکٍ وَّ لَوۡ اَعۡجَبَکُمۡ ؕ اُولٰٓئِکَ یَدۡعُوۡنَ اِلَی النَّارِ ۚۖ وَ اللّٰہُ یَدۡعُوۡۤا اِلَی الۡجَنَّۃِ وَ الۡمَغۡفِرَۃِ بِاِذۡنِہٖ ۚ وَ یُبَیِّنُ اٰیٰتِہٖ لِلنَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۲۲۲﴾٪
    2 : 222 Мушрик аялдарга, алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. Албетте, бир мусулман күң бир (азат) мушрик аялдан көрө жакшыраак, мейли ал силерге канчалык жагып калган болсо да. Ошондой эле мушрик эркектерге, алар ыйман келтирмейинче (кыздарыңарды) аялдыкка бербегиле. Албетте, бир момун кул бир (азат) мушриктен көрө жакшыраак, мейли ал силерге канчалык жагып калган болсо да. Мына ушулар отко чакыруучулар. Алла болсо, Өз буйругу менен (силерди) бейишке жана кечиримдүүлүккө чакырууда. Ал Өз аят-белгилерин адамдарга – алар ибарат-үлгү алсын үчүн ачык-айкын баян кылат.
  • وَ یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الۡمَحِیۡضِ ؕ قُلۡ ہُوَ اَذًی ۙ فَاعۡتَزِلُوا النِّسَآءَ فِی الۡمَحِیۡضِ ۙ وَ لَا تَقۡرَبُوۡہُنَّ حَتّٰی یَطۡہُرۡنَ ۚ فَاِذَا تَطَہَّرۡنَ فَاۡتُوۡہُنَّ مِنۡ حَیۡثُ اَمَرَکُمُ اللّٰہُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ التَّوَّابِیۡنَ وَ یُحِبُّ الۡمُتَطَہِّرِیۡنَ ﴿۲۲۳﴾
    2 : 223 Жана алар сенден айыз абалы туурасында сурашат. Айт: «Ал бир машакат(туу абал). Ошондуктан, айыз учурунда аялдардан оолак болгула жана алар тазаланмайынча, аларга жакындашпагыла. Кийин алар чайканып, жуунганда, Алла силерге буюргандай, аларга жакындашкыла. Албетте, Алла эң көп тобо кылуучуларды сүйөт. Жана өздөрүн таза тутуучуларды (дагы) сүйөт».
  • نِسَآؤُکُمۡ حَرۡثٌ لَّکُمۡ ۪ فَاۡتُوۡا حَرۡثَکُمۡ اَنّٰی شِئۡتُمۡ ۫ وَ قَدِّمُوۡا لِاَنۡفُسِکُمۡ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّکُمۡ مُّلٰقُوۡہُ ؕ وَ بَشِّرِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۲۴﴾
    2 : 224 Аялдарыңар силердин (бир түрдүү) эгин талааңар. Ошондуктан, кандай кааласаңар, эгин талааңарга келгиле жана өзүңөр үчүн бир аз алдыга жибергиле. Алладан корккула жана силер, албетте, Аны менен бетме-бет болушуңарды билгиле. Момундарга (бул нерседен) куш кабар жеткиргин.
  • وَ لَا تَجۡعَلُوا اللّٰہَ عُرۡضَۃً لِّاَیۡمَانِکُمۡ اَنۡ تَبَرُّوۡا وَ تَتَّقُوۡا وَ تُصۡلِحُوۡا بَیۡنَ النَّاسِ ؕ وَ اللّٰہُ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۲۵﴾
    2 : 225 Жакшылык кылуу, же такыба болуу, же адамдар арасын жакшыртуудан оолак болушуңар үчүн Алланын аты менен касам ичпегиле. Алла эң угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • لَا یُؤَاخِذُکُمُ اللّٰہُ بِاللَّغۡوِ فِیۡۤ اَیۡمَانِکُمۡ وَ لٰکِنۡ یُّؤَاخِذُکُمۡ بِمَا کَسَبَتۡ قُلُوۡبُکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ حَلِیۡمٌ ﴿۲۲۶﴾
    2 : 226 Алла силерди маанисиз касамдарыңар үчүн жоопкерчиликке тартпайт. Тескерисинче, дилдериңер кылган (күнөө) үчүн силерди жоопкерчиликке тартат. Алла өтө кечирүүчү (жана) жумшак.
  • لِلَّذِیۡنَ یُؤۡلُوۡنَ مِنۡ نِّسَآئِہِمۡ تَرَبُّصُ اَرۡبَعَۃِ اَشۡہُرٍ ۚ فَاِنۡ فَآءُوۡ فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۲۲۷﴾
    2 : 227 Өз аялдарына кошулбастыкка касам иче турган кишилер үчүн күтүү мөөнөтү төрт ай. Ошентип, эгер алар кайтышса, Алла албетте, өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ اِنۡ عَزَمُوا الطَّلَاقَ فَاِنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۲۸﴾
    2 : 228 Эгер алар талак кылууга бекем ниеттенсе, анда албетте, Алла эң угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ الۡمُطَلَّقٰتُ یَتَرَبَّصۡنَ بِاَنۡفُسِہِنَّ ثَلٰثَۃَ قُرُوۡٓءٍ ؕ وَ لَا یَحِلُّ لَہُنَّ اَنۡ یَّکۡتُمۡنَ مَا خَلَقَ اللّٰہُ فِیۡۤ اَرۡحَامِہِنَّ اِنۡ کُنَّ یُؤۡمِنَّ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ؕ وَ بُعُوۡلَتُہُنَّ اَحَقُّ بِرَدِّہِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ اِنۡ اَرَادُوۡۤا اِصۡلَاحًا ؕ وَ لَہُنَّ مِثۡلُ الَّذِیۡ عَلَیۡہِنَّ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ۪ وَ لِلرِّجَالِ عَلَیۡہِنَّ دَرَجَۃٌ ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۲۹﴾٪
    2 : 229 Талак кылынган аялдар өздөрүн үч айызга чейин тосуп туруулары керек. Эгер алар Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтиришсе, анда Алла алардын жатындарында жаратканын жашыруу аларга жарашпайт. Мындай абалда алардын күйөөлөрү, эгер алар жарашууну каалашса, аларды кайтарып алууга укуктуураак. Эреже боюнча алар – (аялдар эркектердин) аларга болгон укуктарындай укукка ээ. Ал эми, эркектер бир жагынан алардан өйдө турушат. Алла эң жеңүүчү (жана) даанышмандык ээси.
  • اَلطَّلَاقُ مَرَّتٰنِ۪ فَاِمۡسَاکٌۢ بِمَعۡرُوۡفٍ اَوۡ تَسۡرِیۡحٌۢ بِاِحۡسَانٍ ؕ وَ لَا یَحِلُّ لَکُمۡ اَنۡ تَاۡخُذُوۡا مِمَّاۤ اٰتَیۡتُمُوۡہُنَّ شَیۡئًا اِلَّاۤ اَنۡ یَّخَافَاۤ اَلَّا یُقِیۡمَا حُدُوۡدَ اللّٰہِ ؕ فَاِنۡ خِفۡتُمۡ اَلَّا یُقِیۡمَا حُدُوۡدَ اللّٰہِ ۙ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡہِمَا فِیۡمَا افۡتَدَتۡ بِہٖ ؕ تِلۡکَ حُدُوۡدُ اللّٰہِ فَلَا تَعۡتَدُوۡہَا ۚ وَ مَنۡ یَّتَعَدَّ حُدُوۡدَ اللّٰہِ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۲۳۰﴾
    2 : 230 Талак кылуу эки ирет. Демек, (андан кийин) эреже боюнча (аларды) кармап калуу керек, же жакшылык менен коё берүү керек. Силер үчүн аларга берип болгонуңардан бир нерсени дагы кайтарып алууңар дурус эмес. Бирок, эгер ал экөөсү тең Алла тарабынан белгиленип коюлган чек араларда туралбастыктан корксо, анда башка кеп. Эгер силер: «Алар Алла тарабынан белгиленип коюлган чек араларда тура алышпайт», - деп корксоңор, анда ал аял (өзүнүн азаттыгы ордуна күйөөсү үчүн) калтырган (дүнүйө-мүлк) туурасында ал экөөсүнө тең күнөө болбойт. Булар Алла белгилеп койгон чек аралары. Ошондуктан, алардан ашып кетпегиле. Ким Алланын чек араларынан ашып өтсө – мына ошолор гана заалимдер.
  • فَاِنۡ طَلَّقَہَا فَلَا تَحِلُّ لَہٗ مِنۡۢ بَعۡدُ حَتّٰی تَنۡکِحَ زَوۡجًا غَیۡرَہٗ ؕ فَاِنۡ طَلَّقَہَا فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡہِمَاۤ اَنۡ یَّتَرَاجَعَاۤ اِنۡ ظَنَّاۤ اَنۡ یُّقِیۡمَا حُدُوۡدَ اللّٰہِ ؕ وَ تِلۡکَ حُدُوۡدُ اللّٰہِ یُبَیِّنُہَا لِقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۳۱﴾
    2 : 231 Кийин, эгер ал – (эркек) аны (үчүнчү жолу) талак кылса, анда ал аял үчүн мындан кийин башка бир эрге тиймейинче, ал эркектин никесине кайтышы адал эмес. Анан, эгер ал (дагы) аны талак кылса, анда эгер алар Алла тарабынан белгиленип коюлган чек араларда (ушул сапар) тура алышына ишенишсе, анда бири-бирине кайткандарында, алардын экөөсүнө күнөө болбойт. Булар – Алла илим ээлери үчүн ачык-айкын баян кылып жаткан, Өзү тарабынан белгиленип коюлган чек аралары.
  • وَ اِذَا طَلَّقۡتُمُ النِّسَآءَ فَبَلَغۡنَ اَجَلَہُنَّ فَاَمۡسِکُوۡہُنَّ بِمَعۡرُوۡفٍ اَوۡ سَرِّحُوۡہُنَّ بِمَعۡرُوۡفٍ ۪ وَ لَا تُمۡسِکُوۡہُنَّ ضِرَارًا لِّتَعۡتَدُوۡا ۚ وَ مَنۡ یَّفۡعَلۡ ذٰلِکَ فَقَدۡ ظَلَمَ نَفۡسَہٗ ؕ وَ لَا تَتَّخِذُوۡۤا اٰیٰتِ اللّٰہِ ہُزُوًا ۫ وَّ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَتَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ وَ مَاۤ اَنۡزَلَ عَلَیۡکُمۡ مِّنَ الۡکِتٰبِ وَ الۡحِکۡمَۃِ یَعِظُکُمۡ بِہٖ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۲۳۲﴾٪
    2 : 232 Качан силер аялдарды талак кылсаңар жана алар өздөрүнүн белгиленген мөөнөтүн бүтүрүп алышса, анда (кааласаңар) аларды эреже боюнча кармап калгыла, же (кааласаңар) аларга эреже боюнча жооп бергиле. Аларга адилетсиздик кылуу үчүн, зыян келтирүү максатында аларды кармап турбагыла. Ким ушундай кылса, ал албетте, өзүнө гана зулумдук кылды. Ошондой эле Алланын аяттарын мазактабагыла жана Алланын үстүңөргө жөнөткөн нээмат-кутун, ошондой эле Ал силерге түшүргөн Китеп жана даанышмандыкты эстегиле. Бул аркылуу Ал силерге насыйкат кылат. Алладан корккула жана Алла бардык нерсени эң жакшы билүүчү экенин билгиле.
  • وَ اِذَا طَلَّقۡتُمُ النِّسَآءَ فَبَلَغۡنَ اَجَلَہُنَّ فَلَا تَعۡضُلُوۡہُنَّ اَنۡ یَّنۡکِحۡنَ اَزۡوَاجَہُنَّ اِذَا تَرَاضَوۡا بَیۡنَہُمۡ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ؕ ذٰلِکَ یُوۡعَظُ بِہٖ مَنۡ کَانَ مِنۡکُمۡ یُؤۡمِنُ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ ؕ ذٰلِکُمۡ اَزۡکٰی لَکُمۡ وَ اَطۡہَرُ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ وَ اَنۡتُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۳۳﴾
    2 : 233 Качан силер аялдарды талак кылып, алар өз мөөнөтүн бүтүрүп алышканда, алар эреже боюнча (болочок) эрлери менен никеге өз ара келишип алгандан кийин, аларды ошондой кылуусунан тоспогула. Бул араңардагы Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтире турган кишиге насыйкат кылынып жатат. Бул силерди жакшыраак жана тазараак кыла турган жол. Алла билет, силер болсо, билбейсиңер.
  • وَ الۡوَالِدٰتُ یُرۡضِعۡنَ اَوۡلَادَہُنَّ حَوۡلَیۡنِ کَامِلَیۡنِ لِمَنۡ اَرَادَ اَنۡ یُّتِمَّ الرَّضَاعَۃَ ؕ وَ عَلَی الۡمَوۡلُوۡدِ لَہٗ رِزۡقُہُنَّ وَ کِسۡوَتُہُنَّ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ؕ لَا تُکَلَّفُ نَفۡسٌ اِلَّا وُسۡعَہَا ۚ لَا تُضَآرَّ وَالِدَۃٌۢ بِوَلَدِہَا وَ لَا مَوۡلُوۡدٌ لَّہٗ بِوَلَدِہٖ ٭ وَ عَلَی الۡوَارِثِ مِثۡلُ ذٰلِکَ ۚ فَاِنۡ اَرَادَا فِصَالًا عَنۡ تَرَاضٍ مِّنۡہُمَا وَ تَشَاوُرٍ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡہِمَا ؕ وَ اِنۡ اَرَدۡتُّمۡ اَنۡ تَسۡتَرۡضِعُوۡۤا اَوۡلَادَکُمۡ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ اِذَا سَلَّمۡتُمۡ مَّاۤ اٰتَیۡتُمۡ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۲۳۴﴾
    2 : 234 Эмизүү (мөөнөтү)н толуктамакчы болгон (эркек) үчүн энелер өз балдарын толук эки жыл эмизсин. Ушундай аялдарды эреже боюнча керектүү азык-оокат жана кийим-кечек менен камсыздандыруу баланын атасынын милдети. Эч бир жанга мүмкүнчүлүгүнөн ашыкча жүк жүктөлбөйт. Эне баласы үчүн кысмакка алынбашы керек жана ата дагы баласы үчүн кысмакка алынбашы керек. Жана мураскерге дагы кудум ушундай өкүм важиб болот. Ошентип, эгер ал экөөсү өз ара келишип жана кеңешип, баланы эмчектен чыгармакчы болушса, анда ал экөөсүнө эч кандай күнөө жок. Эгер силер өз балдарыңарды (башка бирөөгө) эмиздирмекчи болсоңор, анда эреже боюнча (аларга) бере турган акыны (аларга) берип салган болсоңор, силерге эч күнөө болбойт. Алладан корккула жана Алла кылып жаткан иштериңерди терең күзөтүүчү экенин билгиле.
  • وَ الَّذِیۡنَ یُتَوَفَّوۡنَ مِنۡکُمۡ وَ یَذَرُوۡنَ اَزۡوَاجًا یَّتَرَبَّصۡنَ بِاَنۡفُسِہِنَّ اَرۡبَعَۃَ اَشۡہُرٍ وَّ عَشۡرًا ۚ فَاِذَا بَلَغۡنَ اَجَلَہُنَّ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ فِیۡمَا فَعَلۡنَ فِیۡۤ اَنۡفُسِہِنَّ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿۲۳۵﴾
    2 : 235 Араларыңардан кимдер каза болуп, аялдарды калтырган болсо, алар – (аялдар) өздөрүн төрт ай жана он күнгө чейин кармап турушу керек. Анан, алар өздөрүнүн (белгиленген) мөөнөтүн бүтүрүшкөндө, алар – (аялдар) өздөрү тууралуу эреже боюнча кандай чечимге келишсе да, ал жөнүндө силерге эч күнөө болбойт. Алла кылып жаткан иштериңерден дайыма кабардар.
  • وَ لَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ فِیۡمَا عَرَّضۡتُمۡ بِہٖ مِنۡ خِطۡبَۃِ النِّسَآءِ اَوۡ اَکۡنَنۡتُمۡ فِیۡۤ اَنۡفُسِکُمۡ ؕ عَلِمَ اللّٰہُ اَنَّکُمۡ سَتَذۡکُرُوۡنَہُنَّ وَ لٰکِنۡ لَّا تُوَاعِدُوۡہُنَّ سِرًّا اِلَّاۤ اَنۡ تَقُوۡلُوۡا قَوۡلًا مَّعۡرُوۡفًا ۬ؕ وَ لَا تَعۡزِمُوۡا عُقۡدَۃَ النِّکَاحِ حَتّٰی یَبۡلُغَ الۡکِتٰبُ اَجَلَہٗ ؕ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ مَا فِیۡۤ اَنۡفُسِکُمۡ فَاحۡذَرُوۡہُ ۚ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ حَلِیۡمٌ ﴿۲۳۶﴾٪
    2 : 236 (Ушул) аялдарга үйлөнүү тууралуу сунушка кандайдыр бир ишаарат кылууңарда, же (аны) жүрөктөрүңөрдө жашырууңарда силерге эч күнөө болбойт. Силердин сөзсүз аларды ойлошуңарды Алла билет. Бирок, силер жакшы сөз сүйлөөңөрдөн башка, алар менен жашыруун бүтүм түзбөгүлө жана белгиленген мөөнөт акырына жетмейинче, никеден өтүүгө чечим кылбагыла. Жана Алла көңүлдөрүңөрдөгү нерсени билерин билгиле. Ошондуктан, А(нын кармап алуусу)нан сак болгула. Алла өтө кечирүүчү (жана) жумшак экенин билгиле.
  • لَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ اِنۡ طَلَّقۡتُمُ النِّسَآءَ مَا لَمۡ تَمَسُّوۡہُنَّ اَوۡ تَفۡرِضُوۡا لَہُنَّ فَرِیۡضَۃً ۚۖ وَّ مَتِّعُوۡہُنَّ ۚ عَلَی الۡمُوۡسِعِ قَدَرُہٗ وَ عَلَی الۡمُقۡتِرِ قَدَرُہٗ ۚ مَتَاعًۢا بِالۡمَعۡرُوۡفِ ۚ حَقًّا عَلَی الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۲۳۷﴾
    2 : 237 Эгер аялдарды аларга али кол тийгизбей туруп же алардын махрын али белгилебей туруп, талак кылсаңар, силерге эч кандай күнөө болбойт. Аларга бир аз пайда дагы жеткиргиле: бай-дөөлөттүүгө күчүнө жараша жана кембагалга өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө ылайык парыз. (Бул) эреже боюнча бир аз пайда болсун. Изги иштерди кылуучуларга (бул) парыз.
  • وَ اِنۡ طَلَّقۡتُمُوۡہُنَّ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ تَمَسُّوۡہُنَّ وَ قَدۡ فَرَضۡتُمۡ لَہُنَّ فَرِیۡضَۃً فَنِصۡفُ مَا فَرَضۡتُمۡ اِلَّاۤ اَنۡ یَّعۡفُوۡنَ اَوۡ یَعۡفُوَا الَّذِیۡ بِیَدِہٖ عُقۡدَۃُ النِّکَاحِ ؕ وَ اَنۡ تَعۡفُوۡۤا اَقۡرَبُ لِلتَّقۡوٰی ؕ وَ لَا تَنۡسَوُا الۡفَضۡلَ بَیۡنَکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۲۳۸﴾
    2 : 238 Эгер аларга махрын аныктап койгонуңардан кийин, бирок аларга кол тийгизүүңөрдөн мурун аларды талак кылсаңар, анда силер аныктап койгон махрыңардын жарымын (төлөө зарыл). Эгер алар – (аялдар), же нике түйүнү колунда болгон киши кечирип жиберсе, анда бул башка кеп. Силердин кечирип жиберишиңер такыбалыкка жакыныраак иш. Бири-бириңерге мартчылык (кылуу)ну унутпагыла. Албетте, Алла жасап жаткан иштериңерди терең күзөтүүчү.
  • حٰفِظُوۡا عَلَی الصَّلَوٰتِ وَ الصَّلٰوۃِ الۡوُسۡطٰی ٭ وَ قُوۡمُوۡا لِلّٰہِ قٰنِتِیۡنَ ﴿۲۳۹﴾
    2 : 239 (Өз) намаздар(ыңар)ды, өзгөчө борбордук намазды коргогула жана Алланын алдында моюн сунган бойдон тургула.
  • فَاِنۡ خِفۡتُمۡ فَرِجَالًا اَوۡ رُکۡبَانًا ۚ فَاِذَاۤ اَمِنۡتُمۡ فَاذۡکُرُوا اللّٰہَ کَمَا عَلَّمَکُمۡ مَّا لَمۡ تَکُوۡنُوۡا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۴۰﴾
    2 : 240 Демек, эгер корксоңор, анда жүргөн же минген бойдон (намазды окугула). Кийин тынчылыкта болгонуңарда, (мындан илгери) силер билбеген, (бирок) Ал силерге үйрөткөндөй, Алланы зикир кылгыла.
  • وَ الَّذِیۡنَ یُتَوَفَّوۡنَ مِنۡکُمۡ وَ یَذَرُوۡنَ اَزۡوَاجًا ۚۖ وَّصِیَّۃً لِّاَزۡوَاجِہِمۡ مَّتَاعًا اِلَی الۡحَوۡلِ غَیۡرَ اِخۡرَاجٍ ۚ فَاِنۡ خَرَجۡنَ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ فِیۡ مَا فَعَلۡنَ فِیۡۤ اَنۡفُسِہِنَّ مِنۡ مَّعۡرُوۡفٍ ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۴۱﴾
    2 : 241 Араларыңардан кимдер аялдарын артында калтырган бойдон каза болушса, алар аялдары туурасында: «Алар (өз үйлөрүндө) бир жылга чейин пайдалансын – (үйлөрүнөн) чыгарылбасын», - деп осуят кылуулары зарыл. Бирок, эгер алардын өздөрү чыгып кетишсе, анда алар өздөрү туурасында кандайдыр бир ыңгайлуу чечим чыгарышса, ал жөнүндө силерге эч кандай күнөө болбойт. Алла эң жеңүүчү (жана) даанышмандык ээси.
  • وَ لِلۡمُطَلَّقٰتِ مَتَاعٌۢ بِالۡمَعۡرُوۡفِ ؕ حَقًّا عَلَی الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۲۴۲﴾
    2 : 242 Талак кылынган аялдарга дагы эреже боюнча бир аз пайда жеткирүү зарыл. (Бул) такыбаларга парыз.
  • کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمۡ اٰیٰتِہٖ لَعَلَّکُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۲۴۳﴾٪
    2 : 243 Ушинтип, Алла Өз аят-белгилерин силерге ой жүгүртүүңөр үчүн ачык-айкын баян кылат.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡنَ خَرَجُوۡا مِنۡ دِیَارِہِمۡ وَ ہُمۡ اُلُوۡفٌ حَذَرَ الۡمَوۡتِ ۪ فَقَالَ لَہُمُ اللّٰہُ مُوۡتُوۡا ۟ ثُمَّ اَحۡیَاہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَذُوۡ فَضۡلٍ عَلَی النَّاسِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یَشۡکُرُوۡنَ ﴿۲۴۴﴾
    2 : 244 Эмне, миңдеген сандагы, өз үйлөрүнөн өлүм коркунучунан качып чыккан кишилерден кабарың жокпу? Ошондо, Алла аларга айтты: «Өлүмдү кабыл кылгыла». Кийин (ушинтип), аларды тирилтип жиберди. Албетте, Алла адамдарга берешендик кылуучу, бирок көптөгөн адамдар (Ага) шүкүр кылышпайт.
  • وَ قَاتِلُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۴۵﴾
    2 : 245 Алла жолунда согушкула жана Алла эң угуучу (жана) дайыма билүүчү экенин билгиле.
  • مَنۡ ذَا الَّذِیۡ یُقۡرِضُ اللّٰہَ قَرۡضًا حَسَنًا فَیُضٰعِفَہٗ لَہٗۤ اَضۡعَافًا کَثِیۡرَۃً ؕ وَ اللّٰہُ یَقۡبِضُ وَ یَبۡصُۜطُ ۪ وَ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۲۴۶﴾
    2 : 246 Аллага ким үстөксүз карыз берет? Анткени, Ал аны ал үчүн бир нече пайыз көбөйтсүн. Алла (ырыскыны) тар дагы кылат, кең дагы кылып коёт. Силер Ага гана кайтарыласыңар.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الۡمَلَاِ مِنۡۢ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ مِنۡۢ بَعۡدِ مُوۡسٰی ۘ اِذۡ قَالُوۡا لِنَبِیٍّ لَّہُمُ ابۡعَثۡ لَنَا مَلِکًا نُّقَاتِلۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ قَالَ ہَلۡ عَسَیۡتُمۡ اِنۡ کُتِبَ عَلَیۡکُمُ الۡقِتَالُ اَلَّا تُقَاتِلُوۡا ؕ قَالُوۡا وَ مَا لَنَاۤ اَلَّا نُقَاتِلَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ قَدۡ اُخۡرِجۡنَا مِنۡ دِیَارِنَا وَ اَبۡنَآئِنَا ؕ فَلَمَّا کُتِبَ عَلَیۡہِمُ الۡقِتَالُ تَوَلَّوۡا اِلَّا قَلِیۡلًا مِّنۡہُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِالظّٰلِمِیۡنَ ﴿۲۴۷﴾
    2 : 247 Сен Мусадан кийин Исрааийл балдарынын сардарларынын ал-ахвалын көрбөдүңбү? Качан алар өздөрүнүн бир пайгамбарына айтышты: «Биз Алла жолунда уруш кылуубуз үчүн бизге бир падыша дайындагын!» Ал айтты: «Уруш кылуу силерге парыз кылынганда, урушпасаңарчы?» Алар айтышты: «Биз үйлөрүбүздөн куулуп чыгарылганыбыздан жана балдарыбыздан ажыратылганыбыздан кийин эмнеге Алла жолунда урушпайбыз?» Демек, (акыр аягында) уруш аларга парыз кылынганда, аз гана бөлүгүнөн башка бардыгы тетири жүз бурушту. Алла заалимдерди эң жакшы билет.
  • وَ قَالَ لَہُمۡ نَبِیُّہُمۡ اِنَّ اللّٰہَ قَدۡ بَعَثَ لَکُمۡ طَالُوۡتَ مَلِکًا ؕ قَالُوۡۤا اَنّٰی یَکُوۡنُ لَہُ الۡمُلۡکُ عَلَیۡنَا وَ نَحۡنُ اَحَقُّ بِالۡمُلۡکِ مِنۡہُ وَ لَمۡ یُؤۡتَ سَعَۃً مِّنَ الۡمَالِ ؕ قَالَ اِنَّ اللّٰہَ اصۡطَفٰٮہُ عَلَیۡکُمۡ وَ زَادَہٗ بَسۡطَۃً فِی الۡعِلۡمِ وَ الۡجِسۡمِ ؕ وَ اللّٰہُ یُؤۡتِیۡ مُلۡکَہٗ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ وَاسِعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۴۸﴾
    2 : 248 Алардын пайгамбары аларга айтты: «Албетте, Алла Таалуутту силерге падыша кылып дайындады». Алар айтышты: «Ал кандайча бизге падышачылык кыла алат, ал эми биз падышачылыкка андан көрө укуктуураакпыз жана ага финансылык кеңдик (дагы) берилген эмес?» Ал – (пайгамбар) айтты: «Албетте, Алла аны силерден абзелирээк кылып койду, ошондой эле илимий жана материалдык молчулукту ага арбын кылды. Алла Өз мүлкүн Өзү каалаган кишиге тартуу кылат. Алла молчулук тартуу кылуучу (жана) дайыма билүүчү».
  • وَ قَالَ لَہُمۡ نَبِیُّہُمۡ اِنَّ اٰیَۃَ مُلۡکِہٖۤ اَنۡ یَّاۡتِیَکُمُ التَّابُوۡتُ فِیۡہِ سَکِیۡنَۃٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ وَ بَقِیَّۃٌ مِّمَّا تَرَکَ اٰلُ مُوۡسٰی وَ اٰلُ ہٰرُوۡنَ تَحۡمِلُہُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۴۹﴾٪
    2 : 249 Жана алардын пайгамбары аларга айтты: «Албетте, анын өкүмчүлүгүнүн белгиси болуп, силерге бир сандык келет, анда Раббиңер тарабынан бейпилдик, ошондой эле Муса жана Хааруун тукумдары (өз артында) калтырган (нерсенин) калганы болот; периштелер аны көтөрүп турган болушат. Албетте, эгерде момун болсоңор, мында силер үчүн (бир чоң) аят-жышаан бар.
  • فَلَمَّا فَصَلَ طَالُوۡتُ بِالۡجُنُوۡدِ ۙ قَالَ اِنَّ اللّٰہَ مُبۡتَلِیۡکُمۡ بِنَہَرٍ ۚ فَمَنۡ شَرِبَ مِنۡہُ فَلَیۡسَ مِنِّیۡ ۚ وَ مَنۡ لَّمۡ یَطۡعَمۡہُ فَاِنَّہٗ مِنِّیۡۤ اِلَّا مَنِ اغۡتَرَفَ غُرۡفَۃًۢ بِیَدِہٖ ۚ فَشَرِبُوۡا مِنۡہُ اِلَّا قَلِیۡلًا مِّنۡہُمۡ ؕ فَلَمَّا جَاوَزَہٗ ہُوَ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَہٗ ۙ قَالُوۡا لَا طَاقَۃَ لَنَا الۡیَوۡمَ بِجَالُوۡتَ وَ جُنُوۡدِہٖ ؕ قَالَ الَّذِیۡنَ یَظُنُّوۡنَ اَنَّہُمۡ مُّلٰقُوا اللّٰہِ ۙ کَمۡ مِّنۡ فِئَۃٍ قَلِیۡلَۃٍ غَلَبَتۡ فِئَۃً کَثِیۡرَۃًۢ بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ مَعَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿۲۵۰﴾
    2 : 250 Ошентип, качан Таалуут кошуун алып, жолго түшкөндө, айтты: «Албетте, Алла силерди бир дарыя аркылуу сынамакчы. Демек, ким андан ичсе, ал менден эмес, ким аны (канып) ичпесе, ал албетте, менден болот». Бир эки жолу бир аз суу ичкен киши ага кирбейт. Ошондо да, алардын аз гана бөлүгүнөн башка көпчүлүгү андан ичишти. Анан, ал жана аны менен бирге ыйман келтирген кишилер ал – (дарыядан) өткөндөн кийин, алар – (баш ийбегендер) айтышты: «Бүгүн Жаалуутка жана анын кошуунуна каршы күрөшүүгө күчүбүз жетпейт». (Ошондо) Алла менен бетме-бет болууларына ишенген кишилер айтышты: «Алланын буйругу менен канчалаган аз сандагы жамааттар ири сандагы жамааттардын үстүнөн жеңишке жетишкен. Алла сабыр кылуучулар менен бирге болот».
  • وَ لَمَّا بَرَزُوۡا لِجَالُوۡتَ وَ جُنُوۡدِہٖ قَالُوۡا رَبَّنَاۤ اَفۡرِغۡ عَلَیۡنَا صَبۡرًا وَّ ثَبِّتۡ اَقۡدَامَنَا وَ انۡصُرۡنَا عَلَی الۡقَوۡمِ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۵۱﴾ؕ
    2 : 251 Ошентип, Жаалуут жана анын кошууну менен салгылашка чыгышканда, алар: «Эй, Раббибиз! Үстүбүзгө сабырдуулук түшүргүн, кадамдарыбызды бекем кылгын жана каапыр коомуна каршы бизге жардам бергин!» - дешти.
  • فَہَزَمُوۡہُمۡ بِاِذۡنِ اللّٰہِ ۟ۙ وَ قَتَلَ دَاوٗدُ جَالُوۡتَ وَ اٰتٰٮہُ اللّٰہُ الۡمُلۡکَ وَ الۡحِکۡمَۃَ وَ عَلَّمَہٗ مِمَّا یَشَآءُ ؕ وَ لَوۡ لَا دَفۡعُ اللّٰہِ النَّاسَ بَعۡضَہُمۡ بِبَعۡضٍ ۙ لَّفَسَدَتِ الۡاَرۡضُ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ ذُوۡ فَضۡلٍ عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۲۵۲﴾
    2 : 252 Ошентип, Алланын буйругу менен аларды жеңишти. Давуд Жаалуутту өлтүрдү жана Алла ага падышачылык менен акылмандык тартуулады жана Өзү каалаган нерселерди ага үйрөттү. Эгер Алла тарабынан адамдарды бири-биринин колунан сактоо чаралары көрүлбөгөндө, жер албетте, бүлүк-тополоңго толмок эле. Бирок, Алла бүткүл ааламдарга карата абдан берешендүү.
  • تِلۡکَ اٰیٰتُ اللّٰہِ نَتۡلُوۡہَا عَلَیۡکَ بِالۡحَقِّ ؕ وَ اِنَّکَ لَمِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۲۵۳﴾
    2 : 253 Булар Алланын аяттары болуп, Биз аларды акыйкат менен сага окуйбуз. Албетте, сен пайгамбарлардансың.
  • تِلۡکَ الرُّسُلُ فَضَّلۡنَا بَعۡضَہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ ۘ مِنۡہُمۡ مَّنۡ کَلَّمَ اللّٰہُ وَ رَفَعَ بَعۡضَہُمۡ دَرَجٰتٍ ؕ وَ اٰتَیۡنَا عِیۡسَی ابۡنَ مَرۡیَمَ الۡبَیِّنٰتِ وَ اَیَّدۡنٰہُ بِرُوۡحِ الۡقُدُسِ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَا اقۡتَتَلَ الَّذِیۡنَ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَتۡہُمُ الۡبَیِّنٰتُ وَ لٰکِنِ اخۡتَلَفُوۡا فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ اٰمَنَ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ کَفَرَ ؕ وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ مَا اقۡتَتَلُوۡا ۟ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ یَفۡعَلُ مَا یُرِیۡدُ ﴿۲۵۴﴾٪
    2 : 254 Мына ушул пайгамбарлардын айрымдарын (башка) айрымдарынан абзелирээк кылдык. Алардын арасында Алла менен (бетме-бет) сүйлөшкөндөр дагы бар. Ал алардын айрымдарын (башка айрымдарынан) даражалар боюнча жогору койду. Ошондой эле Биз Марям уулу Исага анык аят-жышаандар бердик жана аны Рухул-Кудус менен кубаттандырдык. Эгер Алла каалаганда, алардан кийин келген бирөөлөр өздөрүнө ачык-айкын аят-белгилер келгенден кийин, өз ара кандуу кыргын салбайт эле. Бирок алар (өз ара) талаш-тартыш чыгарышты. Демек, алардын арасында ыйман келтирген адамдар дагы, каапырлык кылган бирөөлөр дагы бар эле. Эгер Алла каалаганда, алар өз ара кандуу кыргын салбайт эле. Бирок, Алла Өзү каалаганын кылат.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَنۡفِقُوۡا مِمَّا رَزَقۡنٰکُمۡ مِّنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّاۡتِیَ یَوۡمٌ لَّا بَیۡعٌ فِیۡہِ وَ لَا خُلَّۃٌ وَّ لَا شَفَاعَۃٌ ؕ وَ الۡکٰفِرُوۡنَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۲۵۵﴾
    2 : 255 Эй, ыйман келтиргендер! Эч бир соода, эч бир достук жана эч кандай шапаат болбой турган күндүн келүүсүнөн мурунураак Биз силерге тартуу кылган нерселерден сарптагыла. Каапырлык кылгандар гана заалимдер.
  • اَللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَۚ اَلۡحَیُّ الۡقَیُّوۡمُ ۬ۚ لَا تَاۡخُذُہٗ سِنَۃٌ وَّ لَا نَوۡمٌ ؕ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ مَنۡ ذَا الَّذِیۡ یَشۡفَعُ عِنۡدَہٗۤ اِلَّا بِاِذۡنِہٖ ؕ یَعۡلَمُ مَا بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مَا خَلۡفَہُمۡ ۚ وَ لَا یُحِیۡطُوۡنَ بِشَیۡءٍ مِّنۡ عِلۡمِہٖۤ اِلَّا بِمَا شَآءَ ۚ وَسِعَ کُرۡسِیُّہُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ ۚ وَ لَا یَـُٔوۡدُہٗ حِفۡظُہُمَا ۚ وَ ہُوَ الۡعَلِیُّ الۡعَظِیۡمُ ﴿۲۵۶﴾
    2 : 256 Алла! Андан башка эч кандай кудай жок. Ал дайыма тирүү (жана) түбөлүктүү. Анын көзү ирмелбейт жана Аны уйку баспайт. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Аныкы. Анын уруксатысыз Анын алдында ким шапаат кыла алат? Ал алардын алдындагыларды да, артындагыларды да билет. Алар Анын билиминен, Өзү каалагандан өзгөнү камтый алышпайт. Анын падышачылыгы асмандар жана жерде жайылган. Ал экөөсүн коргоо Аны чарчатпайт. Ал эң бийик шаңдуу (жана) эң улук.
  • لَاۤ اِکۡرَاہَ فِی الدِّیۡنِ ۟ۙ قَدۡ تَّبَیَّنَ الرُّشۡدُ مِنَ الۡغَیِّ ۚ فَمَنۡ یَّکۡفُرۡ بِالطَّاغُوۡتِ وَ یُؤۡمِنۡۢ بِاللّٰہِ فَقَدِ اسۡتَمۡسَکَ بِالۡعُرۡوَۃِ الۡوُثۡقٰی ٭ لَا انۡفِصَامَ لَہَا ؕ وَ اللّٰہُ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۵۷﴾
    2 : 257 Динде эч кандай зордук-зомбулук жок. Албетте, хидаят адашуудан ачык-айкын болду. Демек, кимде-ким шайтанды четке какса жана Аллага ыйман келтирсе, албетте, ал сынуу эмне экенин билбеген бекем тутканы кармады. Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • اَللّٰہُ وَلِیُّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ۙ یُخۡرِجُہُمۡ مِّنَ الظُّلُمٰتِ اِلَی النُّوۡرِ۬ؕ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَوۡلِیٰٓـُٔہُمُ الطَّاغُوۡتُ ۙ یُخۡرِجُوۡنَہُمۡ مِّنَ النُّوۡرِ اِلَی الظُّلُمٰتِ ؕ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۲۵۸﴾٪
    2 : 258 Алла ыйман келтиргендердин досу. Ал аларды караңгылыктардан нурга чыгарат. Каапырлык кылган кишилердин достору – шайтандар. Алар аларды – (каапырларды) жарыктан караңгылыктарга чыгарышат. Мына ошолор от ээлери. Алар анын ичинде узак мөөнөткө чейин жашоочулар.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلَی الَّذِیۡ حَآجَّ اِبۡرٰہٖمَ فِیۡ رَبِّہٖۤ اَنۡ اٰتٰٮہُ اللّٰہُ الۡمُلۡکَ ۘ اِذۡ قَالَ اِبۡرٰہٖمُ رَبِّیَ الَّذِیۡ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ۙ قَالَ اَنَا اُحۡیٖ وَ اُمِیۡتُ ؕ قَالَ اِبۡرٰہٖمُ فَاِنَّ اللّٰہَ یَاۡتِیۡ بِالشَّمۡسِ مِنَ الۡمَشۡرِقِ فَاۡتِ بِہَا مِنَ الۡمَغۡرِبِ فَبُہِتَ الَّذِیۡ کَفَرَ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۲۵۹﴾ۚ
    2 : 259 Сен Ибраахийм менен анын Раббиси тууралуу талашкан бирөө жөнүндө ойлоп көрдүңбү? Себеби, Алла ага падышалык тартуулаган эле. Ибраахийм: «Менин Раббим тирилтет жана өлтүрөт», - дегенде, ал айтты: «Мен (дагы) тирилтемин жана өлтүрөмүн». Ибраахийм айтты: «Албетте, Алла күндү чыгыштан алып келет, сен аны батыштан алып келчи?» Ошондо, ал каапырлык кылган киши апкаарып калды. Алла заалим коомду хидаят кылбайт.
  • اَوۡ کَالَّذِیۡ مَرَّ عَلٰی قَرۡیَۃٍ وَّ ہِیَ خَاوِیَۃٌ عَلٰی عُرُوۡشِہَا ۚ قَالَ اَنّٰی یُحۡیٖ ہٰذِہِ اللّٰہُ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ۚ فَاَمَاتَہُ اللّٰہُ مِائَۃَ عَامٍ ثُمَّ بَعَثَہٗ ؕ قَالَ کَمۡ لَبِثۡتَ ؕ قَالَ لَبِثۡتُ یَوۡمًا اَوۡ بَعۡضَ یَوۡمٍ ؕ قَالَ بَلۡ لَّبِثۡتَ مِائَۃَ عَامٍ فَانۡظُرۡ اِلٰی طَعَامِکَ وَ شَرَابِکَ لَمۡ یَتَسَنَّہۡ ۚ وَ انۡظُرۡ اِلٰی حِمَارِکَ وَ لِنَجۡعَلَکَ اٰیَۃً لِّلنَّاسِ وَ انۡظُرۡ اِلَی الۡعِظَامِ کَیۡفَ نُنۡشِزُہَا ثُمَّ نَکۡسُوۡہَا لَحۡمًا ؕ فَلَمَّا تَبَیَّنَ لَہٗ ۙ قَالَ اَعۡلَمُ اَنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۲۶۰﴾
    2 : 260 Же ошол тамдары урап, кыйрап калган бир кыштактын жанынан өткөн киши мисалы(на көңүл бурдуңбу?) Ал айтты: «Алла муну анын өлүмүнөн кийин кандай тирилтет?» Ошондо, Алла аны жүз жылдык өлүк (абалына) коюп койду. Кийин аны тургузуп сурады: «(Бул абалда) канча турдуң?» Ал айтты: «Бир күн же күндүн бир бөлүгүнчө турдум». (Ошондо, Алла) айтты: «Жок, андай эмес. Сен (бул абалда) жүз жыл турдуң. Демек, тамак-ашыңа жана ичимдигиңе назар сал, алар бузулган эмес. Жана эшегиңе дагы карагын. Биз сени адамдар үчүн бир аят-жышаан кылууга бул (көрүнүш)тү көрсөттүк. Жана сөөктөргө назар сал, Биз аларды кандайча жай-жайына коюп, анан эт менен каптайбыз. Ошентип, акыйкат ага аян болгон соң, ал айтты: «Алла каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү экенин билип алдым».
  • وَ اِذۡ قَالَ اِبۡرٰہٖمُ رَبِّ اَرِنِیۡ کَیۡفَ تُحۡیِ الۡمَوۡتٰی ؕ قَالَ اَوَ لَمۡ تُؤۡمِنۡ ؕ قَالَ بَلٰی وَ لٰکِنۡ لِّیَطۡمَئِنَّ قَلۡبِیۡ ؕ قَالَ فَخُذۡ اَرۡبَعَۃً مِّنَ الطَّیۡرِ فَصُرۡہُنَّ اِلَیۡکَ ثُمَّ اجۡعَلۡ عَلٰی کُلِّ جَبَلٍ مِّنۡہُنَّ جُزۡءًا ثُمَّ ادۡعُہُنَّ یَاۡتِیۡنَکَ سَعۡیًا ؕ وَ اعۡلَمۡ اَنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۶۱﴾٪
    2 : 261 Ибраахийм: «Эй, Раббим! Сен өлүктөрдү кандай тирилтериңди мага көрсөтчү?» - деп айткан(ына дагы көңүл бурдуңбу?) Ал айтты: «Эмне, сен ыйман келтирген жоксуңбу?» Ал: «Жок, андай эмес. (Мен) болгону жүрөгүм бейпилдик тапсын үчүн (сурадым)», - деди. Ал айтты: «Андай болсо, төрт кушту алгын жана аларды өзүңө үйрөткүн, анан аларды бирден ар бир тоонун үстүнө койгун! Анан аларды чакыргын, алар шашкан бойдон жаныңа келет. Алла эң жеңүүчү (жана) даанышмандык ээси экенин билгин.
  • مَثَلُ الَّذِیۡنَ یُنۡفِقُوۡنَ اَمۡوَالَہُمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ کَمَثَلِ حَبَّۃٍ اَنۡۢبَتَتۡ سَبۡعَ سَنَابِلَ فِیۡ کُلِّ سُنۡۢبُلَۃٍ مِّائَۃُ حَبَّۃٍ ؕ وَ اللّٰہُ یُضٰعِفُ لِمَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ وَاسِعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۶۲﴾
    2 : 262 Алла жолунда мал-дүнүйөсүн сарптай турган кишилердин мисалы жети машакты өстүргөн жана ар бир машак жүздөн дан байлаган урукка окшойт. Алла каалаган кишиге (мындан дагы) көбөйтүп берет. Алла кеңдик тартуулоочу (жана) дайыма билүүчү.
  • اَلَّذِیۡنَ یُنۡفِقُوۡنَ اَمۡوَالَہُمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ثُمَّ لَا یُتۡبِعُوۡنَ مَاۤ اَنۡفَقُوۡا مَنًّا وَّ لَاۤ اَذًی ۙ لَّہُمۡ اَجۡرُہُمۡ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ۚ وَ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۲۶۳﴾
    2 : 263 Алла жолунда мал-дүнүйөсүн сарптай турган, анан сарп кылганынын артынан милдет же доо кылып жүрбөгөндөр – алар үчүн алардын сыйлыгы өздөрүнүн Раббисинин алдында. Аларга эч кандай коркунуч болбойт жана алар сар-санаа тартышпайт.
  • قَوۡلٌ مَّعۡرُوۡفٌ وَّ مَغۡفِرَۃٌ خَیۡرٌ مِّنۡ صَدَقَۃٍ یَّتۡبَعُہَاۤ اَذًی ؕ وَ اللّٰہُ غَنِیٌّ حَلِیۡمٌ ﴿۲۶۴﴾
    2 : 264 Артынан доо кылынып жаткан садагадан көрө ширин сөз айтуу жана кечирип коюу жакшыраак. Алла бейкажет (жана) жумшак.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تُبۡطِلُوۡا صَدَقٰتِکُمۡ بِالۡمَنِّ وَ الۡاَذٰی ۙ کَالَّذِیۡ یُنۡفِقُ مَالَہٗ رِئَآءَ النَّاسِ وَ لَا یُؤۡمِنُ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِؕ فَمَثَلُہٗ کَمَثَلِ صَفۡوَانٍ عَلَیۡہِ تُرَابٌ فَاَصَابَہٗ وَابِلٌ فَتَرَکَہٗ صَلۡدًا ؕ لَا یَقۡدِرُوۡنَ عَلٰی شَیۡءٍ مِّمَّا کَسَبُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۶۵﴾
    2 : 265 Эй, ыйман келтиргендер! Өз дүнүйө-мүлкүн адамдарга көрсөтүү үчүн сарп кыла турган, Аллага да, акырет күнүнө да ыйман келтирбей турган бирөөнө окшоп, кайыр-садагаларыңарды милдет кылуу же доо кылуу жолу менен бекерге кетирбегиле. Демек, анын мисалы үстүн топурак каптап турган аска ташына окшойт: ага катуу жамгыр жааса, аны жылмакай бойдон калтырат. Алар тапкан нерселердин бирисине да өздөрүндө эч кандай ыктыяр жок. Алла каапыр коомду хидаят кылбайт.
  • وَ مَثَلُ الَّذِیۡنَ یُنۡفِقُوۡنَ اَمۡوَالَہُمُ ابۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِ اللّٰہِ وَ تَثۡبِیۡتًا مِّنۡ اَنۡفُسِہِمۡ کَمَثَلِ جَنَّۃٍۭ بِرَبۡوَۃٍ اَصَابَہَا وَابِلٌ فَاٰتَتۡ اُکُلَہَا ضِعۡفَیۡنِ ۚ فَاِنۡ لَّمۡ یُصِبۡہَا وَابِلٌ فَطَلٌّ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۲۶۶﴾
    2 : 266 Алланын ыраазычылыгын тилеп туруп, өздөрүнүн айрымдарын кубаттандыруу максатында сарп кыла турган кишилердин мисалы дөбөчө жайда жайгашкан бактын мисалы сыяктуу: ага нөшөрлөгөн жаан жааса, ал эки эсе көп мөмө берет. Эгер ага катуу жаан жаабаса, анда шүүдүрүмдүн өзү дагы жетиштүү. Алла кылып жаткан иштериңерди терең күзөтүүчү.
  • اَیَوَدُّ اَحَدُکُمۡ اَنۡ تَکُوۡنَ لَہٗ جَنَّۃٌ مِّنۡ نَّخِیۡلٍ وَّ اَعۡنَابٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۙ لَہٗ فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ الثَّمَرٰتِ ۙ وَ اَصَابَہُ الۡکِبَرُ وَ لَہٗ ذُرِّیَّۃٌ ضُعَفَآءُ ۪ۖ فَاَصَابَہَاۤ اِعۡصَارٌ فِیۡہِ نَارٌ فَاحۡتَرَقَتۡ ؕ کَذٰلِکَ یُبَیِّنُ اللّٰہُ لَکُمُ الۡاٰیٰتِ لَعَلَّکُمۡ تَتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۲۶۷﴾٪
    2 : 267 Эмне, араларыңардан бирөө өзүнө ортолорунан дайралар агып турган бир курма бак жана жүзүмзар болуп, анда ал үчүн ар түрдүү мөмөлөр болуп, балдарынын али алсыздыгына (жана жаштыгына) карабастан карып калган бир учурда, ал (бак)ка бир оттуу бороон келип, анын өрттөнүп кетүүсүн каалайбы? Силер ой жүгүртүүңөр үчүн Алла (Өз) аят-белгилерин силерге мына ушундай ачык-айкын баян кылат.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَنۡفِقُوۡا مِنۡ طَیِّبٰتِ مَا کَسَبۡتُمۡ وَ مِمَّاۤ اَخۡرَجۡنَا لَکُمۡ مِّنَ الۡاَرۡضِ ۪ وَ لَا تَیَمَّمُوا الۡخَبِیۡثَ مِنۡہُ تُنۡفِقُوۡنَ وَ لَسۡتُمۡ بِاٰخِذِیۡہِ اِلَّاۤ اَنۡ تُغۡمِضُوۡا فِیۡہِ ؕ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ غَنِیٌّ حَمِیۡدٌ ﴿۲۶۸﴾
    2 : 268 Эй, ыйман келтиргендер! Силер тапканыңардан жана Биз силер үчүн жерден чыгарган нерселерибизден пакиза нерселерди сарп кылгыла. Силер (Алла жолунда) сарптап жатканыңарда, өзүңөр дагы эч качан кабыл кылбай туруп, (кыжаалаттан) көздөрүңөрдү жерге каратууга мажбур болгон таза эмес нерсеге ниет кылбагыла. Алла бейкажет (жана) мактоо-алкоого татыктуу экенин билгиле.
  • اَلشَّیۡطٰنُ یَعِدُکُمُ الۡفَقۡرَ وَ یَاۡمُرُکُمۡ بِالۡفَحۡشَآءِ ۚ وَ اللّٰہُ یَعِدُکُمۡ مَّغۡفِرَۃً مِّنۡہُ وَ فَضۡلًا ؕ وَ اللّٰہُ وَاسِعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۲۶۹﴾ۖۙ
    2 : 269 Шайтан силерди кембагал болуп калууңардан коркутат жана силерди бузуку иштерге буюрат. Алла болсо, силерге Өзүнөн кечирим жана берешендикти убада кылат. Алла молчулук тартуу кылуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • یُّؤۡتِی الۡحِکۡمَۃَ مَنۡ یَّشَآءُ ۚ وَ مَنۡ یُّؤۡتَ الۡحِکۡمَۃَ فَقَدۡ اُوۡتِیَ خَیۡرًا کَثِیۡرًا ؕ وَ مَا یَذَّکَّرُ اِلَّاۤ اُولُوا الۡاَلۡبَابِ ﴿۲۷۰﴾
    2 : 270 Ал Өзү каалаган кишиге хикмат-даанышмандык тартуулайт. Кимге хикмат тартууланса, албетте, ага эң көп жакшылык тартууланган болот. Акыл ээлеринен бөлөк эч ким насаат албайт.
  • وَ مَاۤ اَنۡفَقۡتُمۡ مِّنۡ نَّفَقَۃٍ اَوۡ نَذَرۡتُمۡ مِّنۡ نَّذۡرٍ فَاِنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُہٗ ؕ وَ مَا لِلظّٰلِمِیۡنَ مِنۡ اَنۡصَارٍ ﴿۲۷۱﴾
    2 : 271 Сарп кылууга арзый турган нерселерден эмнени сарп кылсаңар же назирлерден эмнени назир берсеңер, Алла албетте, аны билет. Заалимдерге эч кандай жардамчылар жок.
  • اِنۡ تُبۡدُوا الصَّدَقٰتِ فَنِعِمَّا ہِیَ ۚ وَ اِنۡ تُخۡفُوۡہَا وَ تُؤۡتُوۡہَا الۡفُقَرَآءَ فَہُوَ خَیۡرٌ لَّکُمۡ ؕ وَ یُکَفِّرُ عَنۡکُمۡ مِّنۡ سَیِّاٰتِکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿۲۷۲﴾
    2 : 272 Эгер силер садагаларды ачык түрдө берсеңер, бул дагы эң сонун нерсе. Эгер аларды жашырсаңар жана аларды муктаж адамдарга берсеңер, бул силер үчүн жакшыраак. Ал – (Алла) көптөгөн жамандыктарыңарды силерден алып таштайт. Алла кылып жаткан иштериңерден дайыма кабардар.
  • لَیۡسَ عَلَیۡکَ ہُدٰٮہُمۡ وَ لٰکِنَّ اللّٰہَ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ مَا تُنۡفِقُوۡا مِنۡ خَیۡرٍ فَلِاَنۡفُسِکُمۡ ؕ وَ مَا تُنۡفِقُوۡنَ اِلَّا ابۡتِغَآءَ وَجۡہِ اللّٰہِ ؕ وَ مَا تُنۡفِقُوۡا مِنۡ خَیۡرٍ یُّوَفَّ اِلَیۡکُمۡ وَ اَنۡتُمۡ لَا تُظۡلَمُوۡنَ ﴿۲۷۳﴾
    2 : 273 Аларды хидаят кылуу сага парыз эмес. Бирок, Алла Өзү каалаган кишини хидаят кылат. Дүнүйө-мүлк(үңөр)дөн эмнени сарп кылсаңар, ал өзүңөрдүн пайдаңар үчүн. Чынында, силер болгону Алланын ыраазычылыгы үчүн гана сарп кыласыңар. Дүнүйө(ңөр)дөн эмнени сарп кылсаңар, ал силерге түгөл бойдон кайтарылат жана эч качан силерге бир дагы адилетсиздик кылынбайт.
  • لِلۡفُقَرَآءِ الَّذِیۡنَ اُحۡصِرُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ لَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ ضَرۡبًا فِی الۡاَرۡضِ ۫ یَحۡسَبُہُمُ الۡجَاہِلُ اَغۡنِیَآءَ مِنَ التَّعَفُّفِ ۚ تَعۡرِفُہُمۡ بِسِیۡمٰہُمۡ ۚ لَا یَسۡـَٔلُوۡنَ النَّاسَ اِلۡحَافًا ؕ وَ مَا تُنۡفِقُوۡا مِنۡ خَیۡرٍ فَاِنَّ اللّٰہَ بِہٖ عَلِیۡمٌ ﴿۲۷۴﴾٪
    2 : 274 (Бул сарп кылуу) Алла жолунда камалган (жана) жерде (ал жактан бул жакка) жүрүүгө күчү жетпеген муктаж кишилер үчүн. Билбеген бир адам аларды тилемчиликтен тыйылгандары үчүн бай-дөөлөттүү деп ойлойт. (Бирок), сен аларды кейпинен тааныйсың. Алар адамдардан уятсыздардай талап кылышпайт. Силер мал-мүлк(үңөр)дөн эмнени сарп кылсаңар, Алла албетте, аны эң жакшы билет.
  • اَلَّذِیۡنَ یُنۡفِقُوۡنَ اَمۡوَالَہُمۡ بِالَّیۡلِ وَ النَّہَارِ سِرًّا وَّ عَلَانِیَۃً فَلَہُمۡ اَجۡرُہُمۡ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ۚ وَ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۲۷۵﴾ؔ
    2 : 275 Өз дүнүйө-мүлктөрүн күнү-түнү, көмүскө жана көрүнөө сарптаган адамдар – алар үчүн өздөрүнүн сыйлыгы алардын Раббисинин алдында. Аларга эч кандай коркунуч болбойт жана алар сар-санаа тартышпайт.
  • اَلَّذِیۡنَ یَاۡکُلُوۡنَ الرِّبٰوا لَا یَقُوۡمُوۡنَ اِلَّا کَمَا یَقُوۡمُ الَّذِیۡ یَتَخَبَّطُہُ الشَّیۡطٰنُ مِنَ الۡمَسِّ ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَالُوۡۤا اِنَّمَا الۡبَیۡعُ مِثۡلُ الرِّبٰوا ۘ وَ اَحَلَّ اللّٰہُ الۡبَیۡعَ وَ حَرَّمَ الرِّبٰوا ؕ فَمَنۡ جَآءَہٗ مَوۡعِظَۃٌ مِّنۡ رَّبِّہٖ فَانۡتَہٰی فَلَہٗ مَا سَلَفَ ؕ وَ اَمۡرُہٗۤ اِلَی اللّٰہِ ؕ وَ مَنۡ عَادَ فَاُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۲۷۶﴾
    2 : 276 Сүткор адамдар шайтан чалып, апкаарыткан киши турган сыяктуу турушат. Анткени алар: «Албетте, соода-сатык сүткорлуктун өзү го!» - дешти. Ал эми, Алла соода-сатыкты адал кылган жана сүткорлукту арам кылган. Демек, кимге анын Раббисинен насыйкат келсе жана ал (андан) кайтса, анда илгери болуп өткөн өзүнүкү болот жана анын иши Алланын алдында. Ким экинчи жолу ушундай кылса – мына ошолор от ээлери. Алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • یَمۡحَقُ اللّٰہُ الرِّبٰوا وَ یُرۡبِی الصَّدَقٰتِ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یُحِبُّ کُلَّ کَفَّارٍ اَثِیۡمٍ ﴿۲۷۷﴾
    2 : 277 Алла сүткорлукту жок кылат жана садагаларды көбөйтөт. Алла ар бир такыр шүкүр кылбай турган (жана) кызылдай күнөөкөрдү жактырбайт.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَوُا الزَّکٰوۃَ لَہُمۡ اَجۡرُہُمۡ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ۚ وَ لَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۲۷۸﴾
    2 : 278 Албетте, ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган, намаз окуган жана зекет берген адамдардын сыйлыгы өздөрүнүн Раббисинин алдында. Аларга эч кандай коркунуч болбойт жана алар сар-санаа тартышпайт.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ وَ ذَرُوۡا مَا بَقِیَ مِنَ الرِّبٰۤوا اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۷۹﴾
    2 : 279 Эй, ыйман келтиргендер! Эгер (чыныгы) момун болсоңор, Алладан корккула жана сүткорлуктан калганын таштагыла.
  • فَاِنۡ لَّمۡ تَفۡعَلُوۡا فَاۡذَنُوۡا بِحَرۡبٍ مِّنَ اللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ ۚ وَ اِنۡ تُبۡتُمۡ فَلَکُمۡ رُءُوۡسُ اَمۡوَالِکُمۡ ۚ لَا تَظۡلِمُوۡنَ وَ لَا تُظۡلَمُوۡنَ ﴿۲۸۰﴾
    2 : 280 Эгер силер ушундай кылбасаңар, анда Алла жана Анын Пайгамбары тарабынан согуш жарыясын угуп алгыла. Эгер тобо кылсаңар, анда мал-мүлкүңөрдүн башы өзүңөрдө калат. Силер да зулумдук кылбайсыңар, силерге (да) зулумдук кылынбайт.
  • وَ اِنۡ کَانَ ذُوۡ عُسۡرَۃٍ فَنَظِرَۃٌ اِلٰی مَیۡسَرَۃٍ ؕ وَ اَنۡ تَصَدَّقُوۡا خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۸۱﴾
    2 : 281 Эгер кимдир бирөө (карызда калып), начар ахвалда болсо, (ага) ахвалы оңолгончо мөөнөт берүү керек. Эгер силер кайыр-садага кылсаңар, бул өзүңөр үчүн жакшыраак, эгер билсеңер.
  • وَ اتَّقُوۡا یَوۡمًا تُرۡجَعُوۡنَ فِیۡہِ اِلَی اللّٰہِ ٭۟ ثُمَّ تُوَفّٰی کُلُّ نَفۡسٍ مَّا کَسَبَتۡ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۲۸۲﴾٪
    2 : 282 Силер Алланын алдына кайтарыла турган күндөн корккула. Ошондо, ар кимге кылган амалы үчүн толук акы төлөнөт жана аларга эч кандай адилетсиздик кылынбайт.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا تَدَایَنۡتُمۡ بِدَیۡنٍ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی فَاکۡتُبُوۡہُ ؕ وَ لۡیَکۡتُبۡ بَّیۡنَکُمۡ کَاتِبٌۢ بِالۡعَدۡلِ ۪ وَ لَا یَاۡبَ کَاتِبٌ اَنۡ یَّکۡتُبَ کَمَا عَلَّمَہُ اللّٰہُ فَلۡیَکۡتُبۡ ۚ وَ لۡیُمۡلِلِ الَّذِیۡ عَلَیۡہِ الۡحَقُّ وَ لۡیَتَّقِ اللّٰہَ رَبَّہٗ وَ لَا یَبۡخَسۡ مِنۡہُ شَیۡئًا ؕ فَاِنۡ کَانَ الَّذِیۡ عَلَیۡہِ الۡحَقُّ سَفِیۡہًا اَوۡ ضَعِیۡفًا اَوۡ لَا یَسۡتَطِیۡعُ اَنۡ یُّمِلَّ ہُوَ فَلۡیُمۡلِلۡ وَلِیُّہٗ بِالۡعَدۡلِ ؕ وَ اسۡتَشۡہِدُوۡا شَہِیۡدَیۡنِ مِنۡ رِّجَالِکُمۡ ۚ فَاِنۡ لَّمۡ یَکُوۡنَا رَجُلَیۡنِ فَرَجُلٌ وَّ امۡرَاَتٰنِ مِمَّنۡ تَرۡضَوۡنَ مِنَ الشُّہَدَآءِ اَنۡ تَضِلَّ اِحۡدٰٮہُمَا فَتُذَکِّرَ اِحۡدٰٮہُمَا الۡاُخۡرٰی ؕ وَ لَا یَاۡبَ الشُّہَدَآءُ اِذَا مَا دُعُوۡا ؕ وَ لَا تَسۡـَٔمُوۡۤا اَنۡ تَکۡتُبُوۡہُ صَغِیۡرًا اَوۡ کَبِیۡرًا اِلٰۤی اَجَلِہٖ ؕ ذٰلِکُمۡ اَقۡسَطُ عِنۡدَ اللّٰہِ وَ اَقۡوَمُ لِلشَّہَادَۃِ وَ اَدۡنٰۤی اَلَّا تَرۡتَابُوۡۤا اِلَّاۤ اَنۡ تَکُوۡنَ تِجَارَۃً حَاضِرَۃً تُدِیۡرُوۡنَہَا بَیۡنَکُمۡ فَلَیۡسَ عَلَیۡکُمۡ جُنَاحٌ اَلَّا تَکۡتُبُوۡہَا ؕ وَ اَشۡہِدُوۡۤا اِذَا تَبَایَعۡتُمۡ ۪ وَ لَا یُضَآرَّ کَاتِبٌ وَّ لَا شَہِیۡدٌ ۬ؕ وَ اِنۡ تَفۡعَلُوۡا فَاِنَّہٗ فُسُوۡقٌۢ بِکُمۡ ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ ؕ وَ یُعَلِّمُکُمُ اللّٰہُ ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۲۸۳﴾
    2 : 283 Эй, ыйман келтиргендер! Бири-бириңерден белгилүү мөөнөткө чейин карыз алганыңарда же бергениңерде, аны жазып койгула жана силердин араңардагы катчы адилет менен (муну) жазып коюшу керек. Эч бир катчы жазып коюшунан баш тартпасын. Демек, Алла ага үйрөткөндөй, ал жазып койсун. Мойнунда (башканын) акысы болгон киши жаздырсын жана ал өзүнүн Раббиси болгон Алладан коркуп, андан эч нерсени кемитпесин. Эгер мойнунда (башканын) акысы болгон киши акылсыз болсо, же алсыз болсо, же жаздырууга күчү жетпесе, анда (анын ордунда) анын кепилчиси-өкүлү адилет менен жаздырышы керек. Өз эркектериңерден эки кишини күбө кылып алгыла. Эгер эки эркек табылбаса, анда күбөлөрдөн өзүңөргө ылайык келген бир эркек жана эки аялды күбө кылып алгыла: (бул) эгер ал эки аялдын биринин эсинен чыкса, экинчиси ага эстетип коюшу үчүн. Күбөлөр чакырылганда, баш тартышпасын. (Алыш-бериштин) чоң же кичинелигине карабай, анын белгиленген (төлөө) мөөнөтү менен жазып коюудан эринбегиле. Силердин бул амалыңар Алланын алдында адилеттүүрөөк жана күбөлүктү туруктуу кылуу үчүн ишенимдүүрөөк, ошондой эле шектенип калбашыңар үчүн ылайыктуураак болот. (Жазып коюу парыз). Бирок, кеп силер ошол эле убакытта колдон-колго өткөргөн соода туурасында болсо, ошондой абалда аны жазып койбосоңор дагы силерге күнөө болбойт. Бири-бириңер менен (узак мөөнөткө) алыш-бериш кылганыңарда, күбөлөрдү дайындагыла. Катчы дагы, күбө дагы (такыр) кысмакка алынбасын. Эгер ушундай кылсаңар, анда бул нерсе силер үчүн оор күнөө болот. Алладан корккула. Ал эми, Алланын Өзү силерге билим берет. Алла бардык нерсени эң жакшы билет.
  • وَ اِنۡ کُنۡتُمۡ عَلٰی سَفَرٍ وَّ لَمۡ تَجِدُوۡا کَاتِبًا فَرِہٰنٌ مَّقۡبُوۡضَۃٌ ؕ فَاِنۡ اَمِنَ بَعۡضُکُمۡ بَعۡضًا فَلۡیُؤَدِّ الَّذِی اؤۡتُمِنَ اَمَانَتَہٗ وَ لۡیَتَّقِ اللّٰہَ رَبَّہٗ ؕ وَ لَا تَکۡتُمُوا الشَّہَادَۃَ ؕ وَ مَنۡ یَّکۡتُمۡہَا فَاِنَّہٗۤ اٰثِمٌ قَلۡبُہٗ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ عَلِیۡمٌ ﴿۲۸۴﴾٪
    2 : 284 Эгер силер сапарда болсоңор, ошондо эч бир катчы таба албасаңар, анда бир нерсе колго алынып, күрөө катары болушу керек. Ошентип, эгер силерден бирөөңөр башка бирөөгө бир нерсени аманат кылып тапшырса, аманат алган киши аманатты албетте, кайтарып бериши керек жана ал өзүнүн Раббиси болгон Алладан коркушу керек. Силер күбөлүктү жашырбагыла, ким аны жашырса, албетте, анын жүрөгү күнөөкөр болуп калат. Алла кылып жаткан амалдарыңарды эң жакшы билет.
  • لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ اِنۡ تُبۡدُوۡا مَا فِیۡۤ اَنۡفُسِکُمۡ اَوۡ تُخۡفُوۡہُ یُحَاسِبۡکُمۡ بِہِ اللّٰہُ ؕ فَیَغۡفِرُ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یُعَذِّبُ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۲۸۵﴾
    2 : 285 Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Алланыкы. Көңүлдөрүңөрдөгү нерселерди көрүнөө кылсаңар да, аны жашырсаңар да, Алла силерди ал тууралуу жоопкерчиликке тартат. Анан Ал Өзү каалаган пендени кечирим кылат жана Өзү каалаган кишиге азап берет. Алла Өзү каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • اٰمَنَ الرَّسُوۡلُ بِمَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡہِ مِنۡ رَّبِّہٖ وَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ؕ کُلٌّ اٰمَنَ بِاللّٰہِ وَ مَلٰٓئِکَتِہٖ وَ کُتُبِہٖ وَ رُسُلِہٖ ۟ لَا نُفَرِّقُ بَیۡنَ اَحَدٍ مِّنۡ رُّسُلِہٖ ۟ وَ قَالُوۡا سَمِعۡنَا وَ اَطَعۡنَا ٭۫ غُفۡرَانَکَ رَبَّنَا وَ اِلَیۡکَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۲۸۶﴾
    2 : 286 Пайгамбар өзүнүн Раббиси тарабынан өзүнө түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана момундар дагы. (Алардын) ар бири: «Биз Анын пайгамбарларынан эч кимди ажыратпайбыз», - деп Аллага, Анын периштелерине, китептерине жана пайгамбарларына ыйман келтирди. Алар айтышты: «Биз уктук жана баш ийдик, Сенден кечирим тилейбиз. Эй, Раббибиз! Сага гана кайтып баруу бар».
  • لَا یُکَلِّفُ اللّٰہُ نَفۡسًا اِلَّا وُسۡعَہَا ؕ لَہَا مَا کَسَبَتۡ وَ عَلَیۡہَا مَا اکۡتَسَبَتۡ ؕ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذۡنَاۤ اِنۡ نَّسِیۡنَاۤ اَوۡ اَخۡطَاۡنَا ۚ رَبَّنَا وَ لَا تَحۡمِلۡ عَلَیۡنَاۤ اِصۡرًا کَمَا حَمَلۡتَہٗ عَلَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِنَا ۚ رَبَّنَا وَ لَا تُحَمِّلۡنَا مَا لَا طَاقَۃَ لَنَا بِہٖ ۚ وَ اعۡفُ عَنَّا ٝ وَ اغۡفِرۡ لَنَا ٝ وَ ارۡحَمۡنَا ٝ اَنۡتَ مَوۡلٰٮنَا فَانۡصُرۡنَا عَلَی الۡقَوۡمِ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۸۷﴾٪
    2 : 287 Алла эч бир жанга анын мүмкүнчүлүгүнөн артык жүктү жүктөбөйт. Ал кылган амалы өзү үчүн жана ал «тапкан» (жамандыктын) кесепети дагы өзүнө тиет. (Алар мындай айтышты:) «Эй, Раббибиз! Эгер биз унутуп калсак же бизден бир ката кетсе, бизди жоопкерчиликке тартпагын! Эй, Раббибиз! Бизден мурун өткөндөргө (алардын күнөөлөрүнүн натыйжасында) Сен арткан жүктөй жүктү бизге артпагын. Эй, Раббибиз! Мүмкүндүгүбүздөн артык нерсени бизге жүктөбөгүн, бизди кечиргин жана бизди аягын. Бизге ырайым кылгын. Өзүң биздин Кожоюнубузсуң. Ошондуктан, бизге каапыр коомуна каршы жардам бергин!»
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via