بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
100 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
وَ الۡعٰدِیٰتِ ضَبۡحًا ۙ﴿۲﴾
100 : 2 Бышкырып желдей уча турган аттарга касам!
فَالۡمُوۡرِیٰتِ قَدۡحًا ۙ﴿۳﴾
100 : 3 Анан учкун чачыратып шоола пайда кыла тургандарга (касам!)
فَالۡمُغِیۡرٰتِ صُبۡحًا ۙ﴿۴﴾
100 : 4 Анан таӊда чабуул жасай тургандарга (касам!)
فَاَثَرۡنَ بِہٖ نَقۡعًا ۙ﴿۵﴾
100 : 5 Анан алар ошол (чабуул) менен чаӊ-тозоӊ көтөрөт.
فَوَسَطۡنَ بِہٖ جَمۡعًا ۙ﴿۶﴾
100 : 6 Анан алар ошол (чаӊ-тозоӊ) менен бир жамааттын арасына жетип барат.
اِنَّ الۡاِنۡسَانَ لِرَبِّہٖ لَکَنُوۡدٌ ۚ﴿۷﴾
100 : 7 Албетте, адамзат өз Раббисине абдан шүкүрсүз.
وَ اِنَّہٗ عَلٰی ذٰلِکَ لَشَہِیۡدٌ ۚ﴿۸﴾
100 : 8 Жана албетте, буга өзү сөзсүз күбө.
وَ اِنَّہٗ لِحُبِّ الۡخَیۡرِ لَشَدِیۡدٌ ؕ﴿۹﴾
100 : 9 Жана албетте, мал-мүлктү сүйүүдө ал абдан катуу.
اَفَلَا یَعۡلَمُ اِذَا بُعۡثِرَ مَا فِی الۡقُبُوۡرِ ۙ﴿۱۰﴾
100 : 10 Ал билбейби, качан кабырлардагы нерсе чыгарылат?
وَ حُصِّلَ مَا فِی الصُّدُوۡرِ ﴿ۙ۱۱﴾
100 : 11 Жана көкүрөктөрдөгү нерселер чыгарылып алынат?
اِنَّ رَبَّہُمۡ بِہِمۡ یَوۡمَئِذٍ لَّخَبِیۡرٌ ٪﴿۱۲﴾
100 : 12 Албетте, алардын Раббиси ошол күнү алардан бүтүндөй кабардар болот.