بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
62 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
یُسَبِّحُ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ الۡمَلِکِ الۡقُدُّوۡسِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَکِیۡمِ ﴿۲﴾
62 : 2 Асмандар жана жердеги бар нерселер Аллага гана тасбийх айтат. Ал падыша! Ал таза! Эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
ہُوَ الَّذِیۡ بَعَثَ فِی الۡاُمِّیّٖنَ رَسُوۡلًا مِّنۡہُمۡ یَتۡلُوۡا عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتِہٖ وَ یُزَکِّیۡہِمۡ وَ یُعَلِّمُہُمُ الۡکِتٰبَ وَ الۡحِکۡمَۃَ ٭ وَ اِنۡ کَانُوۡا مِنۡ قَبۡلُ لَفِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ۙ﴿۳﴾
62 : 3 Ал (Алла) гана сабатсыздардын арасына өздөрүнөн болгон бир улук Пайгамбарды жиберди. Ал аларга Анын аяттарын окуйт, аларды тазалайт жана аларга Китеп менен хикматтан таалим берет. Мындан мурун болсо, алар албетте, ачыктан-ачык адашууда эле.
وَّ اٰخَرِیۡنَ مِنۡہُمۡ لَمَّا یَلۡحَقُوۡا بِہِمۡ ؕ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۴﴾
62 : 4 Жана ошолордон башкаларга дагы (аны жиберди), алар али аларга туш келе элек. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
ذٰلِکَ فَضۡلُ اللّٰہِ یُؤۡتِیۡہِ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ ذُو الۡفَضۡلِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۵﴾
62 : 5 Бул Алланын берешендиги, Ал аны Өзү каалаган пендесине берет. Алла үлкөн берешендик ээси.
مَثَلُ الَّذِیۡنَ حُمِّلُوا التَّوۡرٰٮۃَ ثُمَّ لَمۡ یَحۡمِلُوۡہَا کَمَثَلِ الۡحِمَارِ یَحۡمِلُ اَسۡفَارًا ؕ بِئۡسَ مَثَلُ الۡقَوۡمِ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۶﴾
62 : 6 Тоорат жүктөтүлгөн, анан аны (көтөрүү керек болгондой) көтөрбөгөн адамдардын мисалы китептердин жүгүн көтөрө турган эшекке окшойт. Алланын аяттарын жалганга чыгаргандардын мисалы кандай жаман! Алла заалим коомду туура жолго салбайт.
قُلۡ یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ ہَادُوۡۤا اِنۡ زَعَمۡتُمۡ اَنَّکُمۡ اَوۡلِیَآءُ لِلّٰہِ مِنۡ دُوۡنِ النَّاسِ فَتَمَنَّوُا الۡمَوۡتَ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۷﴾
62 : 7 Айткын: «Эй, яхудийлер! Эгер силер бардык адамдарды коюп, бир гана өзүӊөрдү Алланын досу деп ойлосоӊор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоӊор».
وَ لَا یَتَمَنَّوۡنَہٗۤ اَبَدًۢا بِمَا قَدَّمَتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِالظّٰلِمِیۡنَ ﴿۸﴾
62 : 8 Жана алар өз колдору менен жасаган амалдары себептүү аны такыр тилешпейт. Алла заалимдерди абдан жакшы билет.
قُلۡ اِنَّ الۡمَوۡتَ الَّذِیۡ تَفِرُّوۡنَ مِنۡہُ فَاِنَّہٗ مُلٰقِیۡکُمۡ ثُمَّ تُرَدُّوۡنَ اِلٰی عٰلِمِ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ فَیُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ٪﴿۹﴾
62 : 9 Айткын: «Албетте, силер качып жаткан өлүм сөзсүз силерди тутуп алат. Анан силер кайып жана ачыкты дайыма билүүчү (Алла)га кайтарыласыӊар. Ошондо Ал силерге жасап жүргөн амалдарыӊардын кабарын берет».
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا نُوۡدِیَ لِلصَّلٰوۃِ مِنۡ یَّوۡمِ الۡجُمُعَۃِ فَاسۡعَوۡا اِلٰی ذِکۡرِ اللّٰہِ وَ ذَرُوا الۡبَیۡعَ ؕ ذٰلِکُمۡ خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۰﴾
62 : 10 Эй, ыйман келтиргендер! Жума күнүнүн бир бөлүгүндө намаз үчүн чакырылганыӊарда, Алланын эскерилүүсү тарапка шашылгыла жана сооданы таштагыла. Эгер билсеӊер, бул силер үчүн жакшыраак.
فَاِذَا قُضِیَتِ الصَّلٰوۃُ فَانۡتَشِرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ وَ ابۡتَغُوۡا مِنۡ فَضۡلِ اللّٰہِ وَ اذۡکُرُوا اللّٰہَ کَثِیۡرًا لَّعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۱﴾
62 : 11 Анан намаз аткарылып бүткөндө, жерде таркалып кеткиле жана Алланын берешендигин издегиле жана ийгиликке жетишиӊер үчүн Алланы көп-көп эске алгыла.
وَ اِذَا رَاَوۡا تِجَارَۃً اَوۡ لَہۡوَاۨ انۡفَضُّوۡۤا اِلَیۡہَا وَ تَرَکُوۡکَ قَآئِمًا ؕ قُلۡ مَا عِنۡدَ اللّٰہِ خَیۡرٌ مِّنَ اللَّہۡوِ وَ مِنَ التِّجَارَۃِ ؕ وَ اللّٰہُ خَیۡرُ الرّٰزِقِیۡنَ ﴿٪۱۲﴾
62 : 12 Жана алар кандайдыр бир соода же көӊүл ачуучулукту көргөндөрүндө, ага учуп кетишет жана сени турган абалыӊда жалгыз калтырышат. Айткын: «Алланын алдындагы бар нерсе көӊүл ачуучулук жана соодадан абзелирээк. Алла ырыскы берүүчүлөрдүн эӊ жакшысы».