بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
26 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
طٰسٓمّٓ ﴿۲﴾
26 : 2 Таййибун, Самийъун, Алиймун: таза, эӊ угуучу, өтө билүүчү.
تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡکِتٰبِ الۡمُبِیۡنِ ﴿۳﴾
26 : 3 Булар – жарык кылуучу Китептин аяттары.
لَعَلَّکَ بَاخِعٌ نَّفۡسَکَ اَلَّا یَکُوۡنُوۡا مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۴﴾
26 : 4 Сен алар момун болушпайт деп өз жаныӊды ойрон кылып коёсуӊбу?
اِنۡ نَّشَاۡ نُنَزِّلۡ عَلَیۡہِمۡ مِّنَ السَّمَآءِ اٰیَۃً فَظَلَّتۡ اَعۡنَاقُہُمۡ لَہَا خٰضِعِیۡنَ ﴿۵﴾
26 : 5 Эгер Биз кааласак, аларга асмандан ушундай бир белги-жышаан түшүрөбүз: анын алдында алардын моюндары ийилип калат.
وَ مَا یَاۡتِیۡہِمۡ مِّنۡ ذِکۡرٍ مِّنَ الرَّحۡمٰنِ مُحۡدَثٍ اِلَّا کَانُوۡا عَنۡہُ مُعۡرِضِیۡنَ ﴿۶﴾
26 : 6 Аларга Рахмаандан кандай гана жаӊы насыйкат келбесин, алар андан жүз бурушат.
فَقَدۡ کَذَّبُوۡا فَسَیَاۡتِیۡہِمۡ اَنۡۢبٰٓؤُا مَا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۷﴾
26 : 7 Ошентип, албетте, алар (ар бир жаӊы аят-жышаанды) жалганга чыгарышты. Анан, албетте, аларга өздөрү маскара кылып жүргөн (нерселердин жүзөгө ашкандыгы) жөнүндө кабарлар келет.
اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اِلَی الۡاَرۡضِ کَمۡ اَنۡۢبَتۡنَا فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ زَوۡجٍ کَرِیۡمٍ ﴿۸﴾
26 : 8 Алар жерге назар ташташкан эмеспи? Анда Биз канчалаган (өсүмдүктөрдүн) бийик даражалуу жуптарын өстүрдүк.
اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕوَ مَا کَانَ اَکۡثَرُ ہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۹﴾
26 : 9 Албетте, мында бир улуу аят-белги бар, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес.
وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿٪۱۰﴾
26 : 10 Албетте, Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
وَ اِذۡ نَادٰی رَبُّکَ مُوۡسٰۤی اَنِ ائۡتِ الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۙ۱۱﴾
26 : 11 Раббиӊ Мусага мындай кайрылган(ын эсте): «Сен заалим коомго бар –
قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَ ؕ اَلَا یَتَّقُوۡنَ ﴿۱۲﴾
26 : 12 (Тактап айтканда) Фараон коомуна. Алар такыба болушпайбы?»
قَالَ رَبِّ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اَنۡ یُّکَذِّبُوۡنِ ﴿ؕ۱۳﴾
26 : 13 Ал айтты: «Эй, Раббим! Алар мени жалганчыга чыгарууларынан мен коркомун.
وَ یَضِیۡقُ صَدۡرِیۡ وَ لَا یَنۡطَلِقُ لِسَانِیۡ فَاَرۡسِلۡ اِلٰی ہٰرُوۡنَ ﴿۱۴﴾
26 : 14 Көөдөнүм кысылды жана тилим өткүр эмес. Ошондуктан, өз пайгамбарлыгыӊды Хаарунга жибер.
وَ لَہُمۡ عَلَیَّ ذَنۡۢبٌ فَاَخَافُ اَنۡ یَّقۡتُلُوۡنِ ﴿ۚ۱۵﴾
26 : 15 Мындан тышкары, менин моюнумда аларга болгон бир кылмышым да бар. Ошондуктан, алар мени өлтүрүп коюуларынан коркомун».
قَالَ کَلَّا ۚ فَاذۡہَبَا بِاٰیٰتِنَاۤ اِنَّا مَعَکُمۡ مُّسۡتَمِعُوۡنَ ﴿۱۶﴾
26 : 16 Ал (Алла) айтты: «Жок! Экөөӊөр Биздин аят-жышаандарыбыз менен баргыла. Албетте, Биз силер менен эӊ угуучубуз.
فَاۡتِیَا فِرۡعَوۡنَ فَقُوۡلَاۤ اِنَّا رَسُوۡلُ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۱۷﴾
26 : 17 Ошентип, экөөӊөр Фараондун алдына барып, (ага) айткыла: «Албетте, Биз баардык ааламдардын Раббиси тарабынан пайгамбарбыз.
اَنۡ اَرۡسِلۡ مَعَنَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿ؕ۱۸﴾
26 : 18 Исрааийл балдарын биз менен бирге жөнөт», - (деген кабарды жеткирүү үчүн).
قَالَ اَلَمۡ نُرَبِّکَ فِیۡنَا وَلِیۡدًا وَّ لَبِثۡتَ فِیۡنَا مِنۡ عُمُرِکَ سِنِیۡنَ ﴿ۙ۱۹﴾
26 : 19 Ал (Фараон) айтты: «Биз сени балалык чагыӊдан арабызда чоӊойтподукпу жана сен өз өмүрүӊдүн бир канча жылын биздин арабызда өткөрбөдүӊбү?
وَ فَعَلۡتَ فَعۡلَتَکَ الَّتِیۡ فَعَلۡتَ وَ اَنۡتَ مِنَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۰﴾
26 : 20 Жана сен кылган кылгылыгыӊды кылдыӊ, сен шүкүрсүздөрдөн экенсиӊ».
قَالَ فَعَلۡتُہَاۤ اِذًا وَّ اَنَا مِنَ الضَّآلِّیۡنَ ﴿ؕ۲۱﴾
26 : 21 Ал (Муса) айтты: «Мен ал ишти акыйкатты билбегенимде кылган элем.
فَفَرَرۡتُ مِنۡکُمۡ لَمَّا خِفۡتُکُمۡ فَوَہَبَ لِیۡ رَبِّیۡ حُکۡمًا وَّ جَعَلَنِیۡ مِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۲۲﴾
26 : 22 Ошондуктан, мен силерден коркконумда, силерден качып кеттим. Ошондо Раббим мага хикмат-акылмандык тартуулады жана мени пайгамбарлардан кылды.
وَ تِلۡکَ نِعۡمَۃٌ تَمُنُّہَا عَلَیَّ اَنۡ عَبَّدۡتَّ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿ؕ۲۳﴾
26 : 23 Ошол сен мага милдет кылып жаткан ихсан-жакшылыгыӊ – Исрааийл балдарын кул кылып алганыӊбы?»
قَالَ فِرۡعَوۡنُ وَ مَا رَبُّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ؕ۲۴﴾
26 : 24 Фараон айтты: «Ал – баардык ааламдардын Раббиси эмне Өзү?»
قَالَ رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ؕ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّوۡقِنِیۡنَ ﴿۲۵﴾
26 : 25 Ал (Муса) айтты: «Асмандар менен жердин жана ал экөөсүнүн арасындагы баардык нерселердин Раббиси. Эгер силер ишенүүчү болгонуӊарда, (жакшы болоор эле)».
قَالَ لِمَنۡ حَوۡلَہٗۤ اَلَا تَسۡتَمِعُوۡنَ ﴿۲۶﴾
26 : 26 Ал (Фараон) өзүнүн айланасындагыларга айтты: «Силер укпай жатасыӊарбы?»
قَالَ رَبُّکُمۡ وَ رَبُّ اٰبَآئِکُمُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۲۷﴾
26 : 27 Ал (Муса) айтты: «Ал силердин дагы, илгери өткөн ата-бабаларыӊардын дагы Раббиси».
قَالَ اِنَّ رَسُوۡلَکُمُ الَّذِیۡۤ اُرۡسِلَ اِلَیۡکُمۡ لَمَجۡنُوۡنٌ ﴿۲۸﴾
26 : 28 Ал (Фараон) айтты: «Албетте, силерге жөнөтүлгөн бул пайгамбарыӊар чын эле жинди».
قَالَ رَبُّ الۡمَشۡرِقِ وَ الۡمَغۡرِبِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ؕ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۲۹﴾
26 : 29 Ал (Муса) айтты: «(Ал) Чыгыш менен Батыштын жана ал экөөсүнүн арасындагы баардык нерселердин дагы Раббиси. Эгер силер ой жүгүрткөнүӊөрдө, (жакшы болоор эле)».
قَالَ لَئِنِ اتَّخَذۡتَ اِلٰـہًا غَیۡرِیۡ لَاَجۡعَلَنَّکَ مِنَ الۡمَسۡجُوۡنِیۡنَ ﴿۳۰﴾
26 : 30 Ал (Фараон) айтты: «Эгер сен менден башканы кудай тутсаӊ, анда мен албетте, сени камакка аламын».
قَالَ اَوَ لَوۡ جِئۡتُکَ بِشَیۡءٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۚ۳۱﴾
26 : 31 Ал (Муса) айтты: «Эгер мен сага кандайдыр бир ачык-айкын нерсе алып келсем дагыбы?»
قَالَ فَاۡتِ بِہٖۤ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۳۲﴾
26 : 32 Ал (Фараон) айтты: «Аны алып кел, эгер сен чынчылдардан болсоӊ!»
فَاَلۡقٰی عَصَاہُ فَاِذَا ہِیَ ثُعۡبَانٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۚۖ۳۳﴾
26 : 33 Ошондо ал өз таягын таштады, ал кокустан анык көрүнө турган ажыдаар болуп калды.
وَّ نَزَعَ یَدَہٗ فَاِذَا ہِیَ بَیۡضَآءُ لِلنّٰظِرِیۡنَ ﴿٪۳۴﴾
26 : 34 Анан ал колун чыгарды, ошондо ал кокустан карап тургандарга ак болуп көрүнө баштады.
قَالَ لِلۡمَلَاِ حَوۡلَہٗۤ اِنَّ ہٰذَا لَسٰحِرٌ عَلِیۡمٌ ﴿ۙ۳۵﴾
26 : 35 Ал (Фараон) өзүнүн айланасындагы башчыларга айтты: «Албетте, бул абдан чебер сыйкырчы экен.
یُّرِیۡدُ اَنۡ یُّخۡرِجَکُمۡ مِّنۡ اَرۡضِکُمۡ بِسِحۡرِہٖ ٭ۖ فَمَا ذَا تَاۡمُرُوۡنَ ﴿۳۶﴾
26 : 36 Ал өз сыйкырынын күчү менен силерди (туулган) жериӊерден кууп чыгармакчы. Демек, кандай кеӊеш бересиӊер?»
قَالُوۡۤا اَرۡجِہۡ وَ اَخَاہُ وَ ابۡعَثۡ فِی الۡمَدَآئِنِ حٰشِرِیۡنَ ﴿ۙ۳۷﴾
26 : 37 Алар айтышты: «Ага жана тууганына бир аз мөөнөт бер жана шаарларга топтоочуларды жибер.
یَاۡتُوۡکَ بِکُلِّ سَحَّارٍ عَلِیۡمٍ ﴿۳۸﴾
26 : 38 Алар сага ар кандай мыкты сыйкырчыларды алып келишет».
فَجُمِعَ السَّحَرَۃُ لِمِیۡقَاتِ یَوۡمٍ مَّعۡلُوۡمٍ ﴿ۙ۳۹﴾
26 : 39 Ошентип, атайын бир күндүн белгилүү убактында сыйкырчылар жыйналышты.
وَّ قِیۡلَ لِلنَّاسِ ہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّجۡتَمِعُوۡنَ ﴿ۙ۴۰﴾
26 : 40 Адамдарга айтылды: «Силер чогула аласыӊарбы?
لَعَلَّنَا نَتَّبِعُ السَّحَرَۃَ اِنۡ کَانُوۡا ہُمُ الۡغٰلِبِیۡنَ ﴿۴۱﴾
26 : 41 Эгер сыйкырчылар жеӊсе, биз аларды ээрчүүбүз үчүн».
فَلَمَّا جَآءَ السَّحَرَۃُ قَالُوۡا لِفِرۡعَوۡنَ اَئِنَّ لَنَا لَاَجۡرًا اِنۡ کُنَّا نَحۡنُ الۡغٰلِبِیۡنَ ﴿۴۲﴾
26 : 42 Анан сыйкырчылар келгендеринде, алар Фараонга: «Эгер биз гана жеӊип чыксак, анда биз үчүн кандайдыр бир сыйлык барбы?» - дешти.
قَالَ نَعَمۡ وَ اِنَّکُمۡ اِذًا لَّمِنَ الۡمُقَرَّبِیۡنَ ﴿۴۳﴾
26 : 43 Ал айтты: «Ооба! Албетте, анда силер жакын кишилерден болуп каласыӊар».
قَالَ لَہُمۡ مُّوۡسٰۤی اَلۡقُوۡا مَاۤ اَنۡتُمۡ مُّلۡقُوۡنَ ﴿۴۴﴾
26 : 44 Муса аларга айтты: «Кана, таштамакчы болгон (сыйкыр)ыӊарды таштагыла!»
فَاَلۡقَوۡا حِبَالَہُمۡ وَ عِصِیَّہُمۡ وَ قَالُوۡا بِعِزَّۃِ فِرۡعَوۡنَ اِنَّا لَنَحۡنُ الۡغٰلِبُوۡنَ ﴿۴۵﴾
26 : 45 Ошондо алар аркандарын жана таяктарын (жерге) таштап, мындай айтышты: «Фараондун урматына касам! Албетте, биз гана жеӊип чыгабыз».
فَاَلۡقٰی مُوۡسٰی عَصَاہُ فَاِذَا ہِیَ تَلۡقَفُ مَا یَاۡفِکُوۡنَ ﴿ۚۖ۴۶﴾
26 : 46 Ошондо Муса өзүнүн таягын таштады, кокустан ал алар ойлоп чыгарган жалганды жута баштады.
فَاُلۡقِیَ السَّحَرَۃُ سٰجِدِیۡنَ ﴿ۙ۴۷﴾
26 : 47 Ошентип, сыйкырчылар сажда кылган бойдон (жерге) жыгылтылды.
قَالُوۡۤا اٰمَنَّا بِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۴۸﴾
26 : 48 Алар айтышты: «Биз бүткүл ааламдардын Раббисине ыйман келтирдик –
رَبِّ مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ ﴿۴۹﴾
26 : 49 Муса жана Хаарундун Раббисине».
قَالَ اٰمَنۡتُمۡ لَہٗ قَبۡلَ اَنۡ اٰذَنَ لَکُمۡ ۚ اِنَّہٗ لَکَبِیۡرُکُمُ الَّذِیۡ عَلَّمَکُمُ السِّحۡرَ ۚ فَلَسَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ۬ؕ لَاُقَطِّعَنَّ اَیۡدِیَکُمۡ وَ اَرۡجُلَکُمۡ مِّنۡ خِلَافٍ وَّ لَاُوصَلِّبَنَّکُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۚ۵۰﴾
26 : 50 Ал (Фараон) айтты: «Мен силерге уруксат берүүмдөн мурунураак ага ыйман келтирдиӊерби? Албетте, ал силерге сыйкыр үйрөткөн чоӊуӊар. Силер тез арада (мунун натыйжасын) билип аласыӊар. Мен албетте, силердин колдоруӊар жана буттарыӊарды карама-каршы жагынан кесип таштаймын жана албетте, мен баарыӊарды дарга асамын».
قَالُوۡا لَا ضَیۡرَ ۫ اِنَّاۤ اِلٰی رَبِّنَا مُنۡقَلِبُوۡنَ ﴿ۚ۵۱﴾
26 : 51 Алар айтышты: «Зыяны жок. Биз албетте, өз Раббибизге гана кайтуучубуз.
اِنَّا نَطۡمَعُ اَنۡ یَّغۡفِرَ لَنَا رَبُّنَا خَطٰیٰنَاۤ اَنۡ کُنَّاۤ اَوَّلَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿ؕ٪۵۲﴾
26 : 52 Албетте, биздин Раббибиз каталарыбызды кечирүүсүн биз үмүт кылабыз, анткени биз биринчи ыйман келтиргендерден болдук».
وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسٰۤی اَنۡ اَسۡرِ بِعِبَادِیۡۤ اِنَّکُمۡ مُّتَّبَعُوۡنَ ﴿۵۳﴾
26 : 53 Биз Мусага: «Менин пенделеримди түнкүсүн кандайдыр бир убакта бул жерден алып чыгып кет. Албетте, силер куугунтукталасыӊар», - деп вахий-аян жөнөттүк.
فَاَرۡسَلَ فِرۡعَوۡنُ فِی الۡمَدَآئِنِ حٰشِرِیۡنَ ﴿ۚ۵۴﴾
26 : 54 Ошондо Фараон ар кайсы шаарларга топтоочуларды жиберди:
اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ لَشِرۡ ذِمَۃٌ قَلِیۡلُوۡنَ ﴿ۙ۵۵﴾
26 : 55 «Албетте, бул адамдар бир ууч басмырланган жамаат», - (деген жарыя менен).
وَ اِنَّہُمۡ لَنَا لَغَآئِظُوۡنَ ﴿ۙ۵۶﴾
26 : 56 Буга карабастан, алар албетте, биздин каарыбызды келтирип жатышат.
وَ اِنَّا لَجَمِیۡعٌ حٰذِرُوۡنَ ﴿ؕ۵۷﴾
26 : 57 Ал эми биз баарыбыз сергек туруучубуз».
فَاَخۡرَجۡنٰہُمۡ مِّنۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ۙ۵۸﴾
26 : 58 Ошентип, Биз аларды бактар жана булактар (жай)ынан чыгарып жибердик.
وَّ کُنُوۡزٍ وَّ مَقَامٍ کَرِیۡمٍ ﴿ۙ۵۹﴾
26 : 59 Ошондой эле казыналуу жана азиз жерден дагы.
کَذٰلِکَ ؕ وَ اَوۡرَثۡنٰہَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿ؕ۶۰﴾
26 : 60 Ушундай (болду). Биз ал (жай)га Исрааийл балдарын мураскер кылдык.
فَاَتۡبَعُوۡہُمۡ مُّشۡرِقِیۡنَ ﴿۶۱﴾
26 : 61 Ошентип, алар таӊга маал алардын артынан түшүштү.
فَلَمَّا تَرَآءَ الۡجَمۡعٰنِ قَالَ اَصۡحٰبُ مُوۡسٰۤی اِنَّا لَمُدۡرَکُوۡنَ ﴿ۚ۶۲﴾
26 : 62 Анан эки тайпа бири-бирин көргөндө, Мусанын жолдоштору айтышты: «Албетте, биз тутулдук».
قَالَ کَلَّا ۚ اِنَّ مَعِیَ رَبِّیۡ سَیَہۡدِیۡنِ ﴿۶۳﴾
26 : 63 Ал (Муса) айтты: «Эч качан! Албетте, Раббим мени менен бирге (жана) Ал албетте, мага жол көрсөтөт».
فَاَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسٰۤی اَنِ اضۡرِبۡ بِّعَصَاکَ الۡبَحۡرَ ؕ فَانۡفَلَقَ فَکَانَ کُلُّ فِرۡقٍ کَالطَّوۡدِ الۡعَظِیۡمِ ﴿ۚ۶۴﴾
26 : 64 Анан Биз Мусага: «Деӊизди таягыӊ менен ур!» - деп вахий-аян кылдык; ошондо (деӊиз) жарылып кетти жана ар бир бөлүк дөбөчө сыяктуу болду.
وَ اَزۡلَفۡنَا ثَمَّ الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿ۚ۶۵﴾
26 : 65 Ошол жерде Биз кийинкилерди (алдыӊкыларга) жакыныраак кылып койдук.
وَ اَنۡجَیۡنَا مُوۡسٰی وَ مَنۡ مَّعَہٗۤ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۚ۶۶﴾
26 : 66 Биз Мусаны жана аны менен бирге болгондордун баарын куткардык.
ثُمَّ اَغۡرَقۡنَا الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿ؕ۶۷﴾
26 : 67 Анан башкаларды чөктүрүп жибердик.
اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۶۸﴾
26 : 68 Албетте, мында чоӊ аят-белги бар эле. (Ушундай болсо дагы), алардын көпчүлүгү момун болбоду.
وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿٪۶۹﴾
26 : 69 Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
وَ اتۡلُ عَلَیۡہِمۡ نَبَاَ اِبۡرٰہِیۡمَ ﴿ۘ۷۰﴾
26 : 70 Аларга Ибраахиймдин кабарын оку.
اِذۡ قَالَ لِاَبِیۡہِ وَ قَوۡمِہٖ مَا تَعۡبُدُوۡنَ ﴿۷۱﴾
26 : 71 Качан ал өз атасына жана анын коомуна айтты: «Силер эмнеге ибадат кыласыӊар?»
قَالُوۡا نَعۡبُدُ اَصۡنَامًا فَنَظَلُّ لَہَا عٰکِفِیۡنَ ﴿۷۲﴾
26 : 72 Алар айтышты: «Биз буттарга ибадат кылабыз жана аларга (ибадат кылуу үчүн) отура беребиз».
قَالَ ہَلۡ یَسۡمَعُوۡنَکُمۡ اِذۡ تَدۡعُوۡنَ ﴿ۙ۷۳﴾
26 : 73 Ал айтты: «Силер (аларга) кайрылганыӊарда, силерди угабы?
اَوۡ یَنۡفَعُوۡنَکُمۡ اَوۡ یَضُرُّوۡنَ ﴿۷۴﴾
26 : 74 Же силерге кандайдыр бир пайда же зыян келтиреби?»
قَالُوۡا بَلۡ وَجَدۡنَاۤ اٰبَآءَنَا کَذٰلِکَ یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۷۵﴾
26 : 75 Алар айтышты: «Жок! Биз ата-бабаларыбыздын ушундай кылганын көргөнбүз».
قَالَ اَفَرَءَیۡتُمۡ مَّا کُنۡتُمۡ تَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۙ۷۶﴾
26 : 76 Ал айтты: «Силер эмнеге ибадат кылып жатканыӊарды ойлоп көрдүӊөрбү?
اَنۡتُمۡ وَ اٰبَآؤُکُمُ الۡاَقۡدَمُوۡنَ ﴿۫ۖ۷۷﴾
26 : 77 (Тактап айтканда) силер же мурунку ата-бабаларыӊар?
فَاِنَّہُمۡ عَدُوٌّ لِّیۡۤ اِلَّا رَبَّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۙ۷۸﴾
26 : 78 Ошентип, бүтүн ааламдардын Раббисинен башка булар(дын баары) албетте, мага душман.
الَّذِیۡ خَلَقَنِیۡ فَہُوَ یَہۡدِیۡنِ ﴿ۙ۷۹﴾
26 : 79 Ал мени жараткан. Демек, Ал гана мага жетекчилик кылат.
وَ الَّذِیۡ ہُوَ یُطۡعِمُنِیۡ وَ یَسۡقِیۡنِ ﴿ۙ۸۰﴾
26 : 80 Ал (Алла) гана мага жедирет жана ичирет.
وَ اِذَا مَرِضۡتُ فَہُوَ یَشۡفِیۡنِ ﴿۪ۙ۸۱﴾
26 : 81 Мен ооруганымда, ошол эле (Алла) мага шыпаа берет.
وَ الَّذِیۡ یُمِیۡتُنِیۡ ثُمَّ یُحۡیِیۡنِ ﴿ۙ۸۲﴾
26 : 82 Ал (Алла) гана мени өлтүрөт, анан тирилтет.
وَ الَّذِیۡۤ اَطۡمَعُ اَنۡ یَّغۡفِرَ لِیۡ خَطِیۡٓئَتِیۡ یَوۡمَ الدِّیۡنِ ﴿ؕ۸۳﴾
26 : 83 Ал (Алла)дан жаза жана сыйлык күнү каталарымды кечирип жиберүүсүн үмүт кыламын.
رَبِّ ہَبۡ لِیۡ حُکۡمًا وَّ اَلۡحِقۡنِیۡ بِالصّٰلِحِیۡنَ ﴿ۙ۸۴﴾
26 : 84 Эй, Раббим! Мага хикмат-акылмандык тартуулагын жана мени жакшы пенделер сабына кошкун!
وَ اجۡعَلۡ لِّیۡ لِسَانَ صِدۡقٍ فِی الۡاٰخِرِیۡنَ ﴿ۙ۸۵﴾
26 : 85 Жана мен үчүн кийинкилерде туура сүйлөй турган тил насип кылгын!
وَ اجۡعَلۡنِیۡ مِنۡ وَّرَثَۃِ جَنَّۃِ النَّعِیۡمِ ﴿ۙ۸۶﴾
26 : 86 Жана мени нээматтуу бейиштердин мураскерлеринен кылгын!
وَ اغۡفِرۡ لِاَبِیۡۤ اِنَّہٗ کَانَ مِنَ الضَّآلِّیۡنَ ﴿ۙ۸۷﴾
26 : 87 Менин атамды дагы кечиргин! Албетте, ал адашкандардан эле.
وَ لَا تُخۡزِنِیۡ یَوۡمَ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿ۙ۸۸﴾
26 : 88 Жана алар(дын баары) тургузула турган күнү мени шерменде кылбагын».
یَوۡمَ لَا یَنۡفَعُ مَالٌ وَّ لَا بَنُوۡنَ ﴿ۙ۸۹﴾
26 : 89 Ал күнү дүнүйө-мүлк дагы, уулдар дагы пайда бербейт.
اِلَّا مَنۡ اَتَی اللّٰہَ بِقَلۡبٍ سَلِیۡمٍ ﴿ؕ۹۰﴾
26 : 90 Бирок Алланын алдына баш ийген жүрөк менен келе турган киши гана (пайда көрөт).
وَ اُزۡلِفَتِ الۡجَنَّۃُ لِلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿ۙ۹۱﴾
26 : 91 Бейиш такыбаларга жакын келтирилет.
وَ بُرِّزَتِ الۡجَحِیۡمُ لِلۡغٰوِیۡنَ ﴿ۙ۹۲﴾
26 : 92 Тозок адашкандардын алдына келтирилип коюлат.
وَ قِیۡلَ لَہُمۡ اَیۡنَمَا کُنۡتُمۡ تَعۡبُدُوۡنَ ﴿ۙ۹۳﴾
26 : 93 Аларга (мындай) айтылат: «Силер ибадат кылып жүргөн нерселериӊер кана –
مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ ہَلۡ یَنۡصُرُوۡنَکُمۡ اَوۡ یَنۡتَصِرُوۡنَ ﴿ؕ۹۴﴾
26 : 94 Алланы коюп?! Алар силерге жардам бере алышабы же (өз) өчүн ала алышабы?»
فَکُبۡکِبُوۡا فِیۡہَا ہُمۡ وَ الۡغَاوٗنَ ﴿ۙ۹۵﴾
26 : 95 Ошентип, алар ага жүз каратып ыргытылышат жана баш ийбегендер дагы.
وَ جُنُوۡدُ اِبۡلِیۡسَ اَجۡمَعُوۡنَ ﴿ؕ۹۶﴾
26 : 96 Мындан тышкары, Иблистин баардык кошуундары дагы.
قَالُوۡا وَ ہُمۡ فِیۡہَا یَخۡتَصِمُوۡنَ ﴿ۙ۹۷﴾
26 : 97 Алар анын ичинде бири-бири менен талашып-тартышып, мындай дешет:
تَاللّٰہِ اِنۡ کُنَّا لَفِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۙ۹۸﴾
26 : 98 «Аллага касам! Албетте , биз ачыктан-ачык адашууда элек.
اِذۡ نُسَوِّیۡکُمۡ بِرَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۹۹﴾
26 : 99 Качан биз силерди бүтүн ааламдардын Раббисине теӊештирер элек.
وَ مَاۤ اَضَلَّنَاۤ اِلَّا الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿۱۰۰﴾
26 : 100 Бизди болгону күнөөкөрлөр гана адаштырды.
فَمَا لَنَا مِنۡ شَافِعِیۡنَ ﴿۱۰۱﴾ۙ
26 : 101 Демек, биз үчүн (эми) эч бир шапаатчы жок.
وَ لَا صَدِیۡقٍ حَمِیۡمٍ ﴿۱۰۲﴾
26 : 102 Жана бир дагы жакын дос да жок.
فَلَوۡ اَنَّ لَنَا کَرَّۃً فَنَکُوۡنَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۰۳﴾
26 : 103 Ошондуктан, атаганат! Бир мертебе болсо да, биз үчүн кайтуу (мүмкүнчүлүгү) болгондо, биз ыйман келтирүүчүлөрдөн болоор элек».
اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۰۴﴾
26 : 104 Мында албетте, бир улуу аят-белги бар. Алардын көпчүлүгү момун эмес болчу.
وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۰۵﴾٪
26 : 105 Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
کَذَّبَتۡ قَوۡمُ نُوۡحِ ۣالۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۰۶﴾ۚۖ
26 : 106 Нух коому да пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
اِذۡ قَالَ لَہُمۡ اَخُوۡہُمۡ نُوۡحٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۰۷﴾ۚ
26 : 107 (Эстегиле), качан тууганы Нух аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۰۸﴾ۙ
26 : 108 Албетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۰۹﴾ۚ
26 : 109 Ошондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۱۰﴾ۚ
26 : 110 Мен бул үчүн силерден эч кандай акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۱۱﴾ؕ
26 : 111 Демек, Алладан корккула жана мага баш ийгиле».
قَالُوۡۤا اَنُؤۡمِنُ لَکَ وَ اتَّبَعَکَ الۡاَرۡذَلُوۡنَ ﴿۱۱۲﴾ؕ
26 : 112 Алар айтышты: «Биз сага ишенелиби? Ал эми эӊ төмөн адамдар сени ээрчишти».
قَالَ وَ مَا عِلۡمِیۡ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۱۳﴾ۚ
26 : 113 Ал айтты: «Мен алардын эмне менен алектенгенин кайдан билейин?
اِنۡ حِسَابُہُمۡ اِلَّا عَلٰی رَبِّیۡ لَوۡ تَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۱۴﴾ۚ
26 : 114 Алардын эсеп-кысабы менин Раббимдин милдетинде. Атаганат! Силер түшүнсөӊөр, кана!
وَ مَاۤ اَنَا بِطَارِدِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۵﴾ۚ
26 : 115 Мен момундарды кубалоочу эмесмин.
اِنۡ اَنَا اِلَّا نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۱۶﴾ؕ
26 : 116 Мен болгону ачыктан-ачык кулактандыруучумун».
قَالُوۡا لَئِنۡ لَّمۡ تَنۡتَہِ یٰنُوۡحُ لَتَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمَرۡجُوۡمِیۡنَ ﴿۱۱۷﴾ؕ
26 : 117 Алар айтышты: «Эй, Нух! Эгер кайтпасаӊ, албетте, таш бараӊ кылына тургандардан болуп каласыӊ».
قَالَ رَبِّ اِنَّ قَوۡمِیۡ کَذَّبُوۡنِ ﴿۱۱۸﴾ۚۖ
26 : 118 Ал айтты: «Эй, Раббим! Коомум мени жалганчыга чыгарды.
فَافۡتَحۡ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَہُمۡ فَتۡحًا وَّ نَجِّنِیۡ وَ مَنۡ مَّعِیَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۹﴾
26 : 119 Ошондуктан, мени менен коомумдун ортосунда ачык-айкын өкүм чыгаргын, ошондой эле мени жана мени менен бирге болгон момундарды куткаргын!»
فَاَنۡجَیۡنٰہُ وَ مَنۡ مَّعَہٗ فِی الۡفُلۡکِ الۡمَشۡحُوۡنِ ﴿۱۲۰﴾ۚ
26 : 120 Анан Биз ага жана аны менен бирге бир жык толо кемеде болгондорду куткардык.
ثُمَّ اَغۡرَقۡنَا بَعۡدُ الۡبٰقِیۡنَ ﴿۱۲۱﴾ؕ
26 : 121 Анан, (андан) кийин Биз аркада калгандарды чөктүрүп жибердик.
اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۲۲﴾
26 : 122 Албетте, мында бир чоӊ аят-белги бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес эле.
وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۲۳﴾٪
26 : 123 Албетте, Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
کَذَّبَتۡ عَادُ ۣ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۲۴﴾ۚۖ
26 : 124 Аад (коому дагы) пайгамбарларды жалганчыга чыгарды.
اِذۡ قَالَ لَہُمۡ اَخُوۡہُمۡ ہُوۡدٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۲۵﴾ۚ
26 : 125 (Эстегиле), качан тууганы Худ аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۲۶﴾ۙ
26 : 126 Албетте, мен силерге бир ишенимдүү пайгамбармын.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۲۷﴾ۚ
26 : 127 Ошондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۲۸﴾ؕ
26 : 128 Мен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым болгону бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
اَتَبۡنُوۡنَ بِکُلِّ رِیۡعٍ اٰیَۃً تَعۡبَثُوۡنَ ﴿۱۲۹﴾
26 : 129 Силер ар бир дөбөчөдө (болгону) курулай (өз бийиктигиӊердин) эстелигин курасыӊарбы?
وَ تَتَّخِذُوۡنَ مَصَانِعَ لَعَلَّکُمۡ تَخۡلُدُوۡنَ ﴿۱۳۰﴾ۚ
26 : 130 Жана силер түбөлүк калууӊар үчүн (ар кыл) өнөр жай мекемелерин курасыӊар.
وَ اِذَا بَطَشۡتُمۡ بَطَشۡتُمۡ جَبَّارِیۡنَ ﴿۱۳۱﴾ۚ
26 : 131 Жана кармаганыӊарда, силер күчтүү болуп кармайсыӊар.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۳۲﴾ۚ
26 : 132 Демек, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
وَ اتَّقُوا الَّذِیۡۤ اَمَدَّکُمۡ بِمَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۳۳﴾ۚ
26 : 133 Силерге өзүӊөр билген нерселериӊер менен жардам берген (Алла)дан корккула.
اَمَدَّکُمۡ بِاَنۡعَامٍ وَّ بَنِیۡنَ ﴿۱۳۴﴾ۚۙ
26 : 134 Ал (Алла) силерге чарба малдары жана бала-чака (тартуулоо жолу) менен жардам берди.
وَ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿۱۳۵﴾ۚ
26 : 135 Ошондой эле бактар жана булактар менен дагы.
اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۳۶﴾ؕ
26 : 136 Албетте, мен силердин үстүӊөргө бир улуу күндүн азабы (келиши)нен коркомун».
قَالُوۡا سَوَآءٌ عَلَیۡنَاۤ اَوَ عَظۡتَ اَمۡ لَمۡ تَکُنۡ مِّنَ الۡوٰعِظِیۡنَ ﴿۱۳۷﴾ۙ
26 : 137 Алар айтышты: «Сен бизге насаат кылсаӊ дагы, насаат кылуучулардан болбосоӊ дагы, бизге баары бир.
اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّا خُلُقُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۳۸﴾ۙ
26 : 138 (Сен бизге үйрөтүп жаткан нерселер) болгону мурункулардын үрп-адаттары.
وَ مَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِیۡنَ ﴿۱۳۹﴾ۚ
26 : 139 Бизге азап берилбейт».
فَکَذَّبُوۡہُ فَاَہۡلَکۡنٰہُمۡ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۴۰﴾
26 : 140 Ошентип, алар аны жалганчыга чыгарышты. Ошондо Биз аларды жок кылып жибердик. Албетте, мында бир улуу аят-белги бар. Алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес эле.
وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۴۱﴾٪
26 : 141 Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
کَذَّبَتۡ ثَمُوۡدُ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۴۲﴾ۚۖ
26 : 142 Самуд (коому дагы) пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
اِذۡ قَالَ لَہُمۡ اَخُوۡہُمۡ صٰلِحٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۴۳﴾ۚ
26 : 143 (Эстегиле), качан тууганы Саалих аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۴۴﴾ۙ
26 : 144 Албетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۴۵﴾ۚ
26 : 145 Ошондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۴۶﴾ؕ
26 : 146 Мен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым болгону бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
اَتُتۡرَکُوۡنَ فِیۡ مَا ہٰہُنَاۤ اٰمِنِیۡنَ ﴿۱۴۷﴾ۙ
26 : 147 Силер бул жерде кудум ушундай тынч жашап жаткан бойдон калтырыласыӊарбы?
فِیۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿۱۴۸﴾ۙ
26 : 148 Бактар жана булактардын арасында.
وَّ زُرُوۡعٍ وَّ نَخۡلٍ طَلۡعُہَا ہَضِیۡمٌ ﴿۱۴۹﴾ۚ
26 : 149 Эгиндер жана (мөмөлөрдүн оордугунан) баштары сынайын деп турган курма дарактарынын арасында.
وَ تَنۡحِتُوۡنَ مِنَ الۡجِبَالِ بُیُوۡتًا فٰرِہِیۡنَ ﴿۱۵۰﴾ۚ
26 : 150 Силер чеберчилик менен тоолорду түзөп, үй курасыӊар.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۵۱﴾ۚ
26 : 151 Демек, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
وَ لَا تُطِیۡعُوۡۤا اَمۡرَ الۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿۱۵۲﴾ۙ
26 : 152 Чектен ашуучулардын амирине баш ийбегиле.
الَّذِیۡنَ یُفۡسِدُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا یُصۡلِحُوۡنَ ﴿۱۵۳﴾
26 : 153 (Тактап айтканда) жерде бузгунчулук кыла турган жана оӊдобой тургандар(дын амирине)».
قَالُوۡۤا اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مِنَ الۡمُسَحَّرِیۡنَ ﴿۱۵۴﴾ۚ
26 : 154 Алар айтышты: «Албетте, сен сыйкыр менен акылдан азгырылгандардансыӊ.
مَاۤ اَنۡتَ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُنَا ۚۖ فَاۡتِ بِاٰیَۃٍ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۱۵۵﴾
26 : 155 Сен бизге окшогон адамдан бөлөк эч нерсе эмессиӊ. Демек, эгер чынчылдардан болсоӊ, кандайдыр бир аят-белги келтирчи?»
قَالَ ہٰذِہٖ نَاقَۃٌ لَّہَا شِرۡبٌ وَّ لَکُمۡ شِرۡبُ یَوۡمٍ مَّعۡلُوۡمٍ ﴿۱۵۶﴾ۚ
26 : 156 Ал айтты: «Мына бул ургаачы төө, анын суу ичиши үчүн бир убакыт белгиленет жана силер үчүн дагы бир анык күнү суунун нөөмөтү болот.
وَ لَا تَمَسُّوۡہَا بِسُوۡٓءٍ فَیَاۡخُذَکُمۡ عَذَابُ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۵۷﴾
26 : 157 Ошентип, зыян жеткирүү ниетинде ага тийбегиле. Болбосо, бир улуу күндүн азабы силерди тутуп алат».
فَعَقَرُوۡہَا فَاَصۡبَحُوۡا نٰدِمِیۡنَ ﴿۱۵۸﴾ۙ
26 : 158 Ошого карабай, алар анын тарамыштарын кесип жиберишти, анан шерменде болуп калышты.
فَاَخَذَہُمُ الۡعَذَابُ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۵۹﴾
26 : 159 Анан аларды азап тутуп алды. Албетте, мында бир улуу аят-белги бар, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес эле.
وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۶۰﴾٪
26 : 160 Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
کَذَّبَتۡ قَوۡمُ لُوۡطِ ۣالۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۶۱﴾ۚۖ
26 : 161 Лут коому дагы пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
اِذۡ قَالَ لَہُمۡ اَخُوۡہُمۡ لُوۡطٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۶۲﴾ۚ
26 : 162 (Эстегиле), качан тууганы Лут аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۶۳﴾ۙ
26 : 163 Албетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۶۴﴾ۚ
26 : 164 Ошондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۶۵﴾ؕ
26 : 165 Мен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым болгону бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
اَتَاۡتُوۡنَ الذُّکۡرَانَ مِنَ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۶۶﴾ۙ
26 : 166 Силер бүтүн ааламдарда жалаӊ эркектерге гана жакындашасыӊарбы?
وَ تَذَرُوۡنَ مَا خَلَقَ لَکُمۡ رَبُّکُمۡ مِّنۡ اَزۡوَاجِکُمۡ ؕ بَلۡ اَنۡتُمۡ قَوۡمٌ عٰدُوۡنَ ﴿۱۶۷﴾
26 : 167 Жана Раббиӊер силер үчүн жаратып койгон жолдошторуӊарды таштап коёсуӊар. Чындыгында, силер чектен ашуучу коомсуӊар».
قَالُوۡا لَئِنۡ لَّمۡ تَنۡتَہِ یٰلُوۡطُ لَتَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡمُخۡرَجِیۡنَ ﴿۱۶۸﴾
26 : 168 Алар айтышты: «Эй, Лут! Эгер кайтпасаӊ, албетте, (бул шаардан) чыгарылуучулардан болуп каласыӊ».
قَالَ اِنِّیۡ لِعَمَلِکُمۡ مِّنَ الۡقَالِیۡنَ ﴿۱۶۹﴾ؕ
26 : 169 Ал айтты: «Албетте, мен силердин кылык-жоругуӊардан жийиркенемин.
رَبِّ نَجِّنِیۡ وَ اَہۡلِیۡ مِمَّا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۷۰﴾
26 : 170 Эй, Раббим! Мени жана үй-бүлөмдү алар кылып жаткан иштеринен куткаргын».
فَنَجَّیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗۤ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۱۷۱﴾ۙ
26 : 171 Ошондо Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн баарын куткардык –
اِلَّا عَجُوۡزًا فِی الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿۱۷۲﴾ۚ
26 : 172 Артта калуучулардан болгон бир кемпирден башкаларын.
ثُمَّ دَمَّرۡنَا الۡاٰخَرِیۡنَ ﴿۱۷۳﴾ۚ
26 : 173 Анан башкаларды жок кылып жибердик –
وَ اَمۡطَرۡنَا عَلَیۡہِمۡ مَّطَرًا ۚ فَسَآءَ مَطَرُ الۡمُنۡذَرِیۡنَ ﴿۱۷۴﴾
26 : 174 Биз алардын үстүнө бир жамгыр жаадырдык. Ошентип, кулактандырылуучулардын жамгыры абдан жаман болчу.
اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۷۵﴾
26 : 175 Албетте, мында бир улуу аят-белги бар болчу, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес.
وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۷۶﴾٪
26 : 176 Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
کَذَّبَ اَصۡحٰبُ لۡـَٔـیۡکَۃِ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿۱۷۷﴾ۚۖ
26 : 177 Бан эли дагы пайгамбарларды жалганчыга чыгарган эле.
اِذۡ قَالَ لَہُمۡ شُعَیۡبٌ اَلَا تَتَّقُوۡنَ ﴿۱۷۸﴾ۚ
26 : 178 (Эстегиле), качан Шуайыб аларга айткан: «Такыба болууну каалабайсыӊарбы?
اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿۱۷۹﴾ۙ
26 : 179 Албетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ﴿۱۸۰﴾ۚ
26 : 180 Ошондуктан, Алладан корккула жана мага баш ийгиле.
وَ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ ۚ اِنۡ اَجۡرِیَ اِلَّا عَلٰی رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۸۱﴾ؕ
26 : 181 Мен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын; менин сыйлыгым болгону бүтүн ааламдардын Раббисинин алдында.
اَوۡفُوا الۡکَیۡلَ وَ لَا تَکُوۡنُوۡا مِنَ الۡمُخۡسِرِیۡنَ ﴿۱۸۲﴾ۚ
26 : 182 Өлчөөнү толук тарткыла жана кем бере тургандардан болбогула.
وَ زِنُوۡا بِالۡقِسۡطَاسِ الۡمُسۡتَقِیۡمِ ﴿۱۸۳﴾ۚ
26 : 183 Жана таразанын ташын туура койгула.
وَ لَا تَبۡخَسُوا النَّاسَ اَشۡیَآءَہُمۡ وَ لَا تَعۡثَوۡا فِی الۡاَرۡضِ مُفۡسِدِیۡنَ ﴿۱۸۴﴾ۚ
26 : 184 Ошондой эле адамдарга нерселерин кемитип бербегиле жана жерде бузгунчу болуп, бүлүк салбагыла.
وَ اتَّقُوا الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ وَ الۡجِبِلَّۃَ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۸۵﴾ؕ
26 : 185 Силерди да, мурунку жаратылгандарды да жараткан (Алла)дан корккула».
قَالُوۡۤا اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مِنَ الۡمُسَحَّرِیۡنَ ﴿۱۸۶﴾ۙ
26 : 186 Алар айтышты: «Албетте, сен сыйкыр менен акылдан азгырылгандардансыӊ.
وَ مَاۤ اَنۡتَ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُنَا وَ اِنۡ نَّظُنُّکَ لَمِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۱۸۷﴾ۚ
26 : 187 Сен бизге окшогон адамдан бөлөк эч нерсе эмессиӊ. Биз сени албетте, жалганчылардан деп ойлойбуз.
فَاَسۡقِطۡ عَلَیۡنَا کِسَفًا مِّنَ السَّمَآءِ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۱۸۸﴾ؕ
26 : 188 Демек, эгер чынчылдардан болсоӊ, үстүбүзгө асмандан айрым бөлүктөрдү түшүрчү!»
قَالَ رَبِّیۡۤ اَعۡلَمُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۸۹﴾
26 : 189 Ал айтты: «Эмне кылып жатканыӊарды Раббим абдан жакшы билет».
فَکَذَّبُوۡہُ فَاَخَذَہُمۡ عَذَابُ یَوۡمِ الظُّلَّۃِ ؕ اِنَّہٗ کَانَ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۹۰﴾
26 : 190 Ошентип, алар аны жалганчыга чыгарышты. Ошондо бир көлөкө кыла турган коркунучтуу булуттуу күндүн азабы аларды тутуп алды. Албетте, ал бир улуу күндүн азабы эле.
اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً ؕ وَ مَا کَانَ اَکۡثَرُہُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۹۱﴾
26 : 191 Албетте, мында бир улуу аят-белги бар болчу, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтирүүчүлөр эмес.
وَ اِنَّ رَبَّکَ لَہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۹۲﴾٪
26 : 192 Албетте, сенин Раббиӊ гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
وَ اِنَّہٗ لَتَنۡزِیۡلُ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۹۳﴾ؕ
26 : 193 Албетте, бул бүтүн ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн (Сөз) –
نَزَلَ بِہِ الرُّوۡحُ الۡاَمِیۡنُ ﴿۱۹۴﴾ۙ
26 : 194 Аны Рухул-Амийн алып түштү –
عَلٰی قَلۡبِکَ لِتَکُوۡنَ مِنَ الۡمُنۡذِرِیۡنَ ﴿۱۹۵﴾
26 : 195 Сенин жүрөгүӊө. Сен кулактандыруучулардан болушуӊ үчүн.
بِلِسَانٍ عَرَبِیٍّ مُّبِیۡنٍ ﴿۱۹۶﴾ؕ
26 : 196 Ачык-айкын араб тилинде.
وَ اِنَّہٗ لَفِیۡ زُبُرِ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۹۷﴾
26 : 197 Албетте, бул илгери өткөндөрдүн китепчелеринде (баян этилген) эле.
اَوَ لَمۡ یَکُنۡ لَّہُمۡ اٰیَۃً اَنۡ یَّعۡلَمَہٗ عُلَمٰٓؤُا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ﴿۱۹۸﴾ؕ
26 : 198 Исрааийл балдарынын аалымдарынын дагы аны билүүлөрү алар үчүн бир улуу аят-белги эмеспи?!
وَ لَوۡ نَزَّلۡنٰہُ عَلٰی بَعۡضِ الۡاَعۡجَمِیۡنَ ﴿۱۹۹﴾ۙ
26 : 199 Эгер Биз аны бөтөн элдердин бирөөсүнө түшүргөнүбүздө,
فَقَرَاَہٗ عَلَیۡہِمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۰۰﴾ؕ
26 : 200 Жана ал аны аларга окуп бергенде, алар баары бир ага ыйман келтирбеген болоор эле.
کَذٰلِکَ سَلَکۡنٰہُ فِیۡ قُلُوۡبِ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۲۰۱﴾ؕ
26 : 201 Биз бул (нерсе)ни күнөөкөрлөр жүрөгүнө мына ушундай киргизгенбиз:
لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِہٖ حَتّٰی یَرَوُا الۡعَذَابَ الۡاَلِیۡمَ ﴿۲۰۲﴾ۙ
26 : 202 Алар оор азапты көрмөйүнчө ага ыйман келтиришпейт.
فَیَاۡتِیَہُمۡ بَغۡتَۃً وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۲۰۳﴾ۙ
26 : 203 Демек, ал аларга өздөрү сезбеген абалда келет.
فَیَقُوۡلُوۡا ہَلۡ نَحۡنُ مُنۡظَرُوۡنَ ﴿۲۰۴﴾ؕ
26 : 204 Ошондо алар айтышат: «Бизге мөөнөт берилеби?»
اَفَبِعَذَابِنَا یَسۡتَعۡجِلُوۡنَ ﴿۲۰۵﴾
26 : 205 Демек, алар Биздин азабыбыздын тез келишин талап кылышабы?
اَفَرَءَیۡتَ اِنۡ مَّتَّعۡنٰہُمۡ سِنِیۡنَ ﴿۲۰۶﴾ۙ
26 : 206 Ойлоп көрдүӊбү? Эгер биз аларды бир нече жылга чейин пайда жеткирип койсок да,
ثُمَّ جَآءَہُمۡ مَّا کَانُوۡا یُوۡعَدُوۡنَ ﴿۲۰۷﴾ۙ
26 : 207 Анан аларга убада кылынган нерселери келсе,
مَاۤ اَغۡنٰی عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یُمَتَّعُوۡنَ ﴿۲۰۸﴾ؕ
26 : 208 Ошондо аларга убактылуу жеткирилген пайда өздөрүнө кенедей дагы жардам бербейт.
وَ مَاۤ اَہۡلَکۡنَا مِنۡ قَرۡیَۃٍ اِلَّا لَہَا مُنۡذِرُوۡنَ ﴿۲۰۹﴾٭ۖۛ
26 : 209 Биз кулактандыруучуларды (жөнөтпөстөн туруп), эч бир кыштакты жок кылбадык.
ذِکۡرٰی ۟ۛ وَ مَا کُنَّا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۲۱۰﴾
26 : 210 (Бул) бир чоӊ ибарат(туу насаат). Биз такыр зулумдук кылуучу эмес элек.
وَ مَا تَنَزَّلَتۡ بِہِ الشَّیٰطِیۡنُ ﴿۲۱۱﴾
26 : 211 Шайтандар бул (вахий)ди алып түшүшкөн эмес.
وَ مَا یَنۡۢبَغِیۡ لَہُمۡ وَ مَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ ﴿۲۱۲﴾ؕ
26 : 212 Жана аларга мүмкүн эмес, жана (буга) алардын кудурети да жетпейт.
اِنَّہُمۡ عَنِ السَّمۡعِ لَمَعۡزُوۡلُوۡنَ ﴿۲۱۳﴾ؕ
26 : 213 Албетте, алар (Кудайдын сөзүн) тыӊшоодон сөзсүз куру калтырылган.
فَلَا تَدۡعُ مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ فَتَکُوۡنَ مِنَ الۡمُعَذَّبِیۡنَ ﴿۲۱۴﴾ۚ
26 : 214 Демек, сен Алла менен бирге башка кудайга кайрылба, болбосо сен азап берилүүчүлөрдөн болуп каласыӊ.
وَ اَنۡذِرۡ عَشِیۡرَتَکَ الۡاَقۡرَبِیۡنَ ﴿۲۱۵﴾ۙ
26 : 215 Өз үй-бүлөөӊдү, (тактап айтканда) жакын туугандарыӊды кулактандыр.
وَ اخۡفِضۡ جَنَاحَکَ لِمَنِ اتَّبَعَکَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۲۱۶﴾ۚ
26 : 216 Жана момундардан сени ээрчигендер үчүн канатыӊды төмөн тут.
فَاِنۡ عَصَوۡکَ فَقُلۡ اِنِّیۡ بَرِیۡٓءٌ مِّمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۱۷﴾ۚ
26 : 217 Анан, эгер алар сага баш ийбестик кылышса, анда айт: «Албетте, силер кылып жаткан амалдарыӊар үчүн мен жоопкер эмесмин».
وَ تَوَکَّلۡ عَلَی الۡعَزِیۡزِ الرَّحِیۡمِ ﴿۲۱۸﴾ۙ
26 : 218 Ошондой эле эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу (Алла)га тобокел кыл –
الَّذِیۡ یَرٰٮکَ حِیۡنَ تَقُوۡمُ ﴿۲۱۹﴾ۙ
26 : 219 (Тактап айтканда) сен турганыӊда, сени көрүп турган (Алла)га.
وَ تَقَلُّبَکَ فِی السّٰجِدِیۡنَ ﴿۲۲۰﴾
26 : 220 Жана сажда кылуучулардын арасында толкунданууӊду дагы.
اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۲۲۱﴾
26 : 221 Албетте, Ал (Алла) гана эӊ угуучу (жана) дайыма билүүчү.
ہَلۡ اُنَبِّئُکُمۡ عَلٰی مَنۡ تَنَزَّلُ الشَّیٰطِیۡنُ ﴿۲۲۲﴾ؕ
26 : 222 Мен силерге шайтандар кимдин үстүнө көбүрөөк түшөөрүн кабарлайынбы?
تَنَزَّلُ عَلٰی کُلِّ اَفَّاکٍ اَثِیۡمٍ ﴿۲۲۳﴾ۙ
26 : 223 Алар ар бир жалганчы (жана) өтө күнөөкөрдүн үстүнө түшүшөт.
یُّلۡقُوۡنَ السَّمۡعَ وَ اَکۡثَرُہُمۡ کٰذِبُوۡنَ ﴿۲۲۴﴾ؕ
26 : 224 Алар (алардын сөздөрүнө) кулак салышат. Алардын көпчүлүгү жалганчылар.
وَ الشُّعَرَآءُ یَتَّبِعُہُمُ الۡغَاوٗنَ ﴿۲۲۵﴾ؕ
26 : 225 Ырчылар болсо – аларды жалаӊ адашкандар гана ээрчишет.
اَلَمۡ تَرَ اَنَّہُمۡ فِیۡ کُلِّ وَادٍ یَّہِیۡمُوۡنَ ﴿۲۲۶﴾ۙ
26 : 226 Сен алардын ар бир өрөөндө кезип жүргөнүн көргөн эмессиӊби?
وَ اَنَّہُمۡ یَقُوۡلُوۡنَ مَا لَا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۲۲۷﴾ۙ
26 : 227 Албетте, алар өздөрү кылбаган нерселерди сүйлөшөт.
اِلَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَ ذَکَرُوا اللّٰہَ کَثِیۡرًا وَّ انۡتَصَرُوۡا مِنۡۢ بَعۡدِ مَا ظُلِمُوۡا ؕ وَ سَیَعۡلَمُ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡۤا اَیَّ مُنۡقَلَبٍ یَّنۡقَلِبُوۡنَ ﴿۲۲۸﴾٪
26 : 228 (Алардын арасынан) ыйман келтирген, жакшы амалдар кылган, Алланы көбүрөөк эске алган жана зулумдук көргөндөн кийин өч алгандардан башкалары. Зулумдук кылгандар тез арада кайсы кайтуу жайына кайтууларын билип алышат.