بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
36 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
یٰسٓ ۚ﴿۲﴾
36 : 2 Йаа Саййиду: эй, жол башчы!
وَ الۡقُرۡاٰنِ الۡحَکِیۡمِ ۙ﴿۳﴾
36 : 3 Хикматтуу Куранга касам!
اِنَّکَ لَمِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ ۙ﴿۴﴾
36 : 4 Сен албетте, жиберилгендерденсиӊ.
عَلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ؕ﴿۵﴾
36 : 5 Туура жолдо (жүрөсүӊ).
تَنۡزِیۡلَ الۡعَزِیۡزِ الرَّحِیۡمِ ۙ﴿۶﴾
36 : 6 (Бул) эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу тарабынан түшүрүлгөн –
لِتُنۡذِرَ قَوۡمًا مَّاۤ اُنۡذِرَ اٰبَآؤُہُمۡ فَہُمۡ غٰفِلُوۡنَ ﴿۷﴾
36 : 7 Ата-бабалары кулактандырылбаган бир коомду кулактандырууӊ үчүн. Демек, алар кабарсыз.
لَقَدۡ حَقَّ الۡقَوۡلُ عَلٰۤی اَکۡثَرِہِمۡ فَہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۸﴾
36 : 8 Албетте, алардын көпчүлүгүнө сөз акыйкат болуп чыкты. Демек, алар ыйман келтиришпейт.
اِنَّا جَعَلۡنَا فِیۡۤ اَعۡنَاقِہِمۡ اَغۡلٰلًا فَہِیَ اِلَی الۡاَذۡقَانِ فَہُمۡ مُّقۡمَحُوۡنَ ﴿۹﴾
36 : 9 Албетте, Биз алардын моюндарына моюнтурук асып койгонбуз, алар ээктерине чейин жетип барган, ушул себептен алар башын бийик көтөрүп турушат.
وَ جَعَلۡنَا مِنۡۢ بَیۡنِ اَیۡدِیۡہِمۡ سَدًّا وَّ مِنۡ خَلۡفِہِمۡ سَدًّا فَاَغۡشَیۡنٰہُمۡ فَہُمۡ لَا یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۱۰﴾
36 : 10 Биз алардын алдына дагы бир тосук коюп койгонбуз, аркасына дагы бир тосук коюп койгонбуз жана алардын үстүнөн парда тартып койгонбуз. Ошол үчүн алар көрө алышпайт.
وَ سَوَآءٌ عَلَیۡہِمۡ ءَاَنۡذَرۡتَہُمۡ اَمۡ لَمۡ تُنۡذِرۡہُمۡ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۱﴾
36 : 11 Сен аларды эскертсеӊ дагы, эскертпесеӊ дагы, аларга баары бир. Алар ыйман келтиришпейт.
اِنَّمَا تُنۡذِرُ مَنِ اتَّبَعَ الذِّکۡرَ وَ خَشِیَ الرَّحۡمٰنَ بِالۡغَیۡبِ ۚ فَبَشِّرۡہُ بِمَغۡفِرَۃٍ وَّ اَجۡرٍ کَرِیۡمٍ ﴿۱۲﴾
36 : 12 Сен болгону насаатты ээрчий турган жана кайыпта Рахмаандан корко турганды гана кулактандыра аласыӊ. Демек, ага бир улуу кечирим жана урматтуу сыйлык куш кабарын бер.
اِنَّا نَحۡنُ نُحۡیِ الۡمَوۡتٰی وَ نَکۡتُبُ مَا قَدَّمُوۡا وَ اٰثَارَہُمۡ ؕؑ وَ کُلَّ شَیۡءٍ اَحۡصَیۡنٰہُ فِیۡۤ اِمَامٍ مُّبِیۡنٍ ﴿٪۱۳﴾
36 : 13 Албетте, Биз гана өлүктөрдү тирилтебиз. Алар алдыга жибере турган нерселерди Биз жазып коёбуз жана алардын белги-калдыктарын дагы. Биз ар бир нерсени бир ачык-айкын жолдо (жер астында) сактап койгонбуз.
وَ اضۡرِبۡ لَہُمۡ مَّثَلًا اَصۡحٰبَ الۡقَرۡیَۃِ ۘ اِذۡ جَآءَہَا الۡمُرۡسَلُوۡنَ ﴿ۚ۱۴﴾
36 : 14 Аларга кыштактын жашоочуларын мисал катары келтир, качан ал (кыштак)ка (Алла тарабынан) пайгамбарлар келишкен.
اِذۡ اَرۡسَلۡنَاۤ اِلَیۡہِمُ اثۡنَیۡنِ فَکَذَّبُوۡہُمَا فَعَزَّزۡنَا بِثَالِثٍ فَقَالُوۡۤا اِنَّاۤ اِلَیۡکُمۡ مُّرۡسَلُوۡنَ ﴿۱۵﴾
36 : 15 Биз аларга эки (пайгамбар) жөнөткөнүбүздө, алар экөөнү теӊ жалганчыга чыгарышты. Ошондо Биз (аларды) үчүнчүсү менен кубаттандырдык. Анан алар: «Биз албетте, силерге жөнөтүлгөнбүз», - дешти.
قَالُوۡا مَاۤ اَنۡتُمۡ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُنَا ۙ وَ مَاۤ اَنۡزَلَ الرَّحۡمٰنُ مِنۡ شَیۡءٍ ۙ اِنۡ اَنۡتُمۡ اِلَّا تَکۡذِبُوۡنَ ﴿۱۶﴾
36 : 16 Алар айтышты: «Силер болгону бизге окшогон адамдарсыӊар жана Рахмаан эч нерсени түшүргөн эмес. Силер калпты гана айтуудасыӊар».
قَالُوۡا رَبُّنَا یَعۡلَمُ اِنَّاۤ اِلَیۡکُمۡ لَمُرۡسَلُوۡنَ ﴿۱۷﴾
36 : 17 Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз албетте, силерге жөнөтүлгөнбүз.
وَ مَا عَلَیۡنَاۤ اِلَّا الۡبَلٰغُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۸﴾
36 : 18 Жана биздин милдетибиз – сөздү ачык-айкын кылып жеткирүү гана».
قَالُوۡۤا اِنَّا تَطَیَّرۡنَا بِکُمۡ ۚ لَئِنۡ لَّمۡ تَنۡتَہُوۡا لَنَرۡجُمَنَّکُمۡ وَ لَیَمَسَّنَّکُمۡ مِّنَّا عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۹﴾
36 : 19 Алар айтышты: «Биз силерде бир балээ бар деп ойлойбуз, эгер силер кайтпасаӊар, анда биз силерди албетте, таш бараӊга алабыз жана албетте, бизден силерге оор азап жетет».
قَالُوۡا طَآئِرُکُمۡ مَّعَکُمۡ ؕ اَئِنۡ ذُکِّرۡتُمۡ ؕ بَلۡ اَنۡتُمۡ قَوۡمٌ مُّسۡرِفُوۡنَ ﴿۲۰﴾
36 : 20 Алар айтышты: «Силердин балээӊер өзүӊөр менен. Эгер силерге жакшылап насаат кылынып коюлса, (анда дагы четке кагасыӊарбы?) Чынында, силер чектен ашуучу коомсуӊар».
وَ جَآءَ مِنۡ اَقۡصَا الۡمَدِیۡنَۃِ رَجُلٌ یَّسۡعٰی قَالَ یٰقَوۡمِ اتَّبِعُوا الۡمُرۡسَلِیۡنَ ﴿ۙ۲۱﴾
36 : 21 Шаардын алыскы четинен бир адам жүгүрүп келди. Ал айтты: «Эй, коомум! (Бул) жиберилгендерди ээрчигиле!
اتَّبِعُوۡا مَنۡ لَّا یَسۡـَٔلُکُمۡ اَجۡرًا وَّ ہُمۡ مُّہۡتَدُوۡنَ ﴿۲۲﴾
36 : 22 Силерден эч кандай акы талап кылбай турган жана хидаят тапкандарга баш ийгиле!
وَ مَا لِیَ لَاۤ اَعۡبُدُ الَّذِیۡ فَطَرَنِیۡ وَ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۲۳﴾
36 : 23 Жана эмне үчүн мен өзүмдү жараткан (Алла)га ибадат кылбайын? Силер (дагы) Ага гана кайтарыласыӊар.
ءَاَتَّخِذُ مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اٰلِہَۃً اِنۡ یُّرِدۡنِ الرَّحۡمٰنُ بِضُرٍّ لَّا تُغۡنِ عَنِّیۡ شَفَاعَتُہُمۡ شَیۡئًا وَّ لَا یُنۡقِذُوۡنِ ﴿ۚ۲۴﴾
36 : 24 Мен Аны коюп, ушундай кудайларды тутайынбы? Эгер Рахмаан мага кандайдыр бир зыян келтирмекчи болсо, алардын эч бир шапааты мага болуша албайт жана алар мени куткара алышпайт.
اِنِّیۡۤ اِذًا لَّفِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۲۵﴾
36 : 25 Анда албетте, мен дароо ачыктан-ачык адашууга (кирептер) болуп каламын.
اِنِّیۡۤ اٰمَنۡتُ بِرَبِّکُمۡ فَاسۡمَعُوۡنِ ﴿ؕ۲۶﴾
36 : 26 Албетте, мен Раббиӊерге ыйман келтирдим. Демек, мага кулак салгыла!»
قِیۡلَ ادۡخُلِ الۡجَنَّۃَ ؕ قَالَ یٰلَیۡتَ قَوۡمِیۡ یَعۡلَمُوۡنَ ﴿ۙ۲۷﴾
36 : 27 (Ага) айтылды: «Бейишке киргин!» Ал айтты: «Эх, атаганат! Менин коомум билсе кана –
بِمَا غَفَرَ لِیۡ رَبِّیۡ وَ جَعَلَنِیۡ مِنَ الۡمُکۡرَمِیۡنَ ﴿۲۸﴾
36 : 28 Раббим мени кечиргенин жана мени урматтуулардан кылганын!»
وَ مَاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلٰی قَوۡمِہٖ مِنۡۢ بَعۡدِہٖ مِنۡ جُنۡدٍ مِّنَ السَّمَآءِ وَ مَا کُنَّا مُنۡزِلِیۡنَ ﴿۲۹﴾
36 : 29 Андан кийин Биз анын коомуна асмандан эч бир кошуун түшүрбөдүк жана Биз түшүрүүчү дагы эмес элек.
اِنۡ کَانَتۡ اِلَّا صَیۡحَۃً وَّاحِدَۃً فَاِذَا ہُمۡ خٰمِدُوۡنَ ﴿۳۰﴾
36 : 30 Ал болгону коркунучтуу үн болчу, ошондо кокустан алар өчүп (күл) болушту.
یٰحَسۡرَۃً عَلَی الۡعِبَادِ ۚؑ مَا یَاۡتِیۡہِمۡ مِّنۡ رَّسُوۡلٍ اِلَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۳۱﴾
36 : 31 Пенделердин ахвалына өкүнүч болсун! Аларга кайсы гана пайгамбар келбесин, алар аны маскара кыла башташат.
اَلَمۡ یَرَوۡا کَمۡ اَہۡلَکۡنَا قَبۡلَہُمۡ مِّنَ الۡقُرُوۡنِ اَنَّہُمۡ اِلَیۡہِمۡ لَا یَرۡجِعُوۡنَ ﴿ؕ۳۲﴾
36 : 32 Биз алардан мурун канчалаган насилдерди жок кылганыбызды алар көрүшкөн жокпу? Албетте, алар буларга кайтып келишпейт.
وَ اِنۡ کُلٌّ لَّمَّا جَمِیۡعٌ لَّدَیۡنَا مُحۡضَرُوۡنَ ﴿٪۳۳﴾
36 : 33 (Булардын) баары Биздин алдыбызга алып келинет.
وَ اٰیَۃٌ لَّہُمُ الۡاَرۡضُ الۡمَیۡتَۃُ ۚۖ اَحۡیَیۡنٰہَا وَ اَخۡرَجۡنَا مِنۡہَا حَبًّا فَمِنۡہُ یَاۡکُلُوۡنَ ﴿۳۴﴾
36 : 34 Өлүк жер алар үчүн бир аят-белги; Биз аны тирилттик жана андан (ар түрдүү) данды чыгардык. Демек, алар андан жешет.
وَ جَعَلۡنَا فِیۡہَا جَنّٰتٍ مِّنۡ نَّخِیۡلٍ وَّ اَعۡنَابٍ وَّ فَجَّرۡنَا فِیۡہَا مِنَ الۡعُیُوۡنِ ﴿ۙ۳۵﴾
36 : 35 Ошондой эле Биз анда курма менен жүзүм бактарын пайда кылдык жана анда булактарды жарып чыгардык.
لِیَاۡکُلُوۡا مِنۡ ثَمَرِہٖ ۙ وَ مَا عَمِلَتۡہُ اَیۡدِیۡہِمۡ ؕ اَفَلَا یَشۡکُرُوۡنَ ﴿۳۶﴾
36 : 36 Алар Анын (тартуулаган) мөмөлөрүнөн жеш үчүн, жана алар өз колдору менен тапкан нерселерди дагы жеш үчүн. Демек, алар шүкүр кылышпайбы?
سُبۡحٰنَ الَّذِیۡ خَلَقَ الۡاَزۡوَاجَ کُلَّہَا مِمَّا تُنۡۢبِتُ الۡاَرۡضُ وَ مِنۡ اَنۡفُسِہِمۡ وَ مِمَّا لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۷﴾
36 : 37 Жер өндүрө турган нерселерден дагы, алардын өздөрүнөн дагы, алар эч билбеген нерселерден дагы ар кандай жуптарды жараткан (Алла) таза.
وَ اٰیَۃٌ لَّہُمُ الَّیۡلُ ۚۖ نَسۡلَخُ مِنۡہُ النَّہَارَ فَاِذَا ہُمۡ مُّظۡلِمُوۡنَ ﴿ۙ۳۸﴾
36 : 38 Түн дагы алар үчүн бир аят-белги; Биз андан күндүздү тартып чыгарабыз. Ошентип, кокустан алар караӊгылыктарга батып кетишет.
وَ الشَّمۡسُ تَجۡرِیۡ لِمُسۡتَقَرٍّ لَّہَا ؕ ذٰلِکَ تَقۡدِیۡرُ الۡعَزِیۡزِ الۡعَلِیۡمِ ﴿ؕ۳۹﴾
36 : 39 Күн (дайыма) өзүнүн белгиленген жайын карай жүрүүдө. Бул эӊ жеӊүүчү (жана) дайыма билүүчүнүн (жараткан) тагдыры.
وَ الۡقَمَرَ قَدَّرۡنٰہُ مَنَازِلَ حَتّٰی عَادَ کَالۡعُرۡجُوۡنِ الۡقَدِیۡمِ ﴿۴۰﴾
36 : 40 Ай үчүн дагы Биз жайларды белгилеп койдук, а түгүл ал курманын эски шагындай болуп калат.
لَا الشَّمۡسُ یَنۡۢبَغِیۡ لَہَاۤ اَنۡ تُدۡرِکَ الۡقَمَرَ وَ لَا الَّیۡلُ سَابِقُ النَّہَارِ ؕ وَ کُلٌّ فِیۡ فَلَکٍ یَّسۡبَحُوۡنَ ﴿۴۱﴾
36 : 41 Күн айга жетиши мүмкүн эмес; түн дагы күндүздөн озуп кете албайт. Булардын баары (өзүнүн) айланасында жүрүүдө.
وَ اٰیَۃٌ لَّہُمۡ اَنَّا حَمَلۡنَا ذُرِّیَّتَہُمۡ فِی الۡفُلۡکِ الۡمَشۡحُوۡنِ ﴿ۙ۴۲﴾
36 : 42 Биз алардын тукумун бир жык толо кемеде көтөргөнүбүз дагы алар үчүн бир аят-белги.
وَ خَلَقۡنَا لَہُمۡ مِّنۡ مِّثۡلِہٖ مَا یَرۡکَبُوۡنَ ﴿۴۳﴾
36 : 43 Биз алар үчүн алар мине турган буга окшош дагы башка (унаалар)ды жаратабыз.
وَ اِنۡ نَّشَاۡ نُغۡرِقۡہُمۡ فَلَا صَرِیۡخَ لَہُمۡ وَ لَا ہُمۡ یُنۡقَذُوۡنَ ﴿ۙ۴۴﴾
36 : 44 Эгер Биз кааласак, аларды чөктүрүп жиберебиз. Ошондо алардын кыйкырыктарын уга турган эч ким болбойт жана алар куткарылбайт.
اِلَّا رَحۡمَۃً مِّنَّا وَ مَتَاعًا اِلٰی حِیۡنٍ ﴿۴۵﴾
36 : 45 Жалаӊ Биз тараптан мээримдүүлүк катары жана бир мөөнөткө чейин убактылуу пайда жеткирүү үчүн.
وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمُ اتَّقُوۡا مَا بَیۡنَ اَیۡدِیۡکُمۡ وَ مَا خَلۡفَکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَ ﴿۴۶﴾
36 : 46 Аларга: «Силерге ырайым кылынсын үчүн алдыӊардагы жана аркаӊардагы иштерде (Алладан) корккула», - деп айтылганда, (кулак салышпайт).
وَ مَا تَاۡتِیۡہِمۡ مِّنۡ اٰیَۃٍ مِّنۡ اٰیٰتِ رَبِّہِمۡ اِلَّا کَانُوۡا عَنۡہَا مُعۡرِضِیۡنَ ﴿۴۷﴾
36 : 47 Аларга Раббисинин аят-белгилеринен кандай гана аят-белги келбесин, алар андан жүз буруучулар болушат.
وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمۡ اَنۡفِقُوۡا مِمَّا رَزَقَکُمُ اللّٰہُ ۙ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَنُطۡعِمُ مَنۡ لَّوۡ یَشَآءُ اللّٰہُ اَطۡعَمَہٗۤ ٭ۖ اِنۡ اَنۡتُمۡ اِلَّا فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۴۸﴾
36 : 48 Жана аларга: «Алла силерге тартуулаган ырыскыдан сарп кылгыла», - деп айтылганда, каапырлык кылгандар ыйман келтиргендерге айтышат: «Эгер Алла кааласа, Өзү тамактандырышы мүмкүн болгондорду биз оокаттандыралыбы? Силер болгону бир ачыктан-ачык адашуудасыӊар».
وَ یَقُوۡلُوۡنَ مَتٰی ہٰذَا الۡوَعۡدُ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۴۹﴾
36 : 49 Алар сурашат: «Эгер силер чынчыл болсоӊор, бул убада качан аткарылат?»
مَا یَنۡظُرُوۡنَ اِلَّا صَیۡحَۃً وَّاحِدَۃً تَاۡخُذُہُمۡ وَ ہُمۡ یَخِصِّمُوۡنَ ﴿۵۰﴾
36 : 50 Алар бир коркунучтуу үндөн башка эч нерсени угушпайт эле. Ал алар талашып жатканда аларды тутуп алат.
فَلَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ تَوۡصِیَۃً وَّ لَاۤ اِلٰۤی اَہۡلِہِمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿٪۵۱﴾
36 : 51 Ошондо алар осуят кылууга дагы кудурет таба алышпайт жана өз жакындарына да кайтып бара алышпайт.
وَ نُفِخَ فِی الصُّوۡرِ فَاِذَا ہُمۡ مِّنَ الۡاَجۡدَاثِ اِلٰی رَبِّہِمۡ یَنۡسِلُوۡنَ ﴿۵۲﴾
36 : 52 Сурнай чалынаары менен алар кокустан кабырларынан чыгып, өздөрүнүн Раббисине карай жүгүрө башташат.
قَالُوۡا یٰوَیۡلَنَا مَنۡۢ بَعَثَنَا مِنۡ مَّرۡقَدِنَا ٜۘؐ ہٰذَا مَا وَعَدَ الرَّحۡمٰنُ وَ صَدَقَ الۡمُرۡسَلُوۡنَ ﴿۵۳﴾
36 : 53 Алар айтышат: «Шорубуз курусун! Бизди тынч жайыбыздан ким тургузду? Рахмаан убада берген нерсе – ушул жана пайгамбарлар жалаӊ акыйкатты сүйлөшчү».
اِنۡ کَانَتۡ اِلَّا صَیۡحَۃً وَّاحِدَۃً فَاِذَا ہُمۡ جَمِیۡعٌ لَّدَیۡنَا مُحۡضَرُوۡنَ ﴿۵۴﴾
36 : 54 Бул болгону бир коркунучтуу үн болот, ошондо дароо алардын баары Биздин алдыбызга алып келинет.
فَالۡیَوۡمَ لَا تُظۡلَمُ نَفۡسٌ شَیۡئًا وَّ لَا تُجۡزَوۡنَ اِلَّا مَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۵۵﴾
36 : 55 Ошентип, бул күндө эч бир жанга кенедей дагы акысыздык кылынбайт жана силер жалаӊ кылып жүргөн амалдарыӊар үчүн гана жаза-сыйлык аласыӊар.
اِنَّ اَصۡحٰبَ الۡجَنَّۃِ الۡیَوۡمَ فِیۡ شُغُلٍ فٰکِہُوۡنَ ﴿ۚ۵۶﴾
36 : 56 Албетте, бейиш ээлери бул күндө ар түрдүү кызыктуу иштерден шаттанып турган болушат.
ہُمۡ وَ اَزۡوَاجُہُمۡ فِیۡ ظِلٰلٍ عَلَی الۡاَرَآئِکِ مُتَّکِـُٔوۡنَ ﴿۵۷﴾
36 : 57 Алар жана алардын жолдоштору көлөкөлөрдө, тактардын үстүндө жамбаштап жаткан болушат.
لَہُمۡ فِیۡہَا فَاکِہَۃٌ وَّ لَہُمۡ مَّا یَدَّعُوۡنَ ﴿ۚۖ۵۸﴾
36 : 58 Алар үчүн анда мөмө-жемиш болот жана алар үчүн өздөрү талап кылган баардык нерселер болот.
سَلٰمٌ ۟ قَوۡلًا مِّنۡ رَّبٍّ رَّحِیۡمٍ ﴿۵۹﴾
36 : 59 Кайра-кайра ырайым кылуучу Рабби тарабынан «Салам» берилет.
وَ امۡتَازُوا الۡیَوۡمَ اَیُّہَا الۡمُجۡرِمُوۡنَ ﴿۶۰﴾
36 : 60 «Эй, күнөөкөрлөр! Бул күндө (момундардан) толук ажырагыла!»
اَلَمۡ اَعۡہَدۡ اِلَیۡکُمۡ یٰبَنِیۡۤ اٰدَمَ اَنۡ لَّا تَعۡبُدُوا الشَّیۡطٰنَ ۚ اِنَّہٗ لَکُمۡ عَدُوٌّ مُّبِیۡنٌ ﴿ۙ۶۱﴾
36 : 61 «Эй, Адам балдары! Шайтанга ибадат кылбагыла, албетте, ал силерге ачыктан-ачык душман», - деп Мен силерге буюрбадым беле?
وَّ اَنِ اعۡبُدُوۡنِیۡ ؕؔ ہٰذَا صِرَاطٌ مُّسۡتَقِیۡمٌ ﴿۶۲﴾
36 : 62 Жана: «Мага гана ибадат кылгыла; бул туура жол», - (деп айтпадым беле?)
وَ لَقَدۡ اَضَلَّ مِنۡکُمۡ جِبِلًّا کَثِیۡرًا ؕ اَفَلَمۡ تَکُوۡنُوۡا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۶۳﴾
36 : 63 Бирок ал албетте, силерден көп калкты жолдон адаштырды. Демек, ойлонуп көрбөдүӊөрбү?
ہٰذِہٖ جَہَنَّمُ الَّتِیۡ کُنۡتُمۡ تُوۡعَدُوۡنَ ﴿۶۴﴾
36 : 64 Силерге убада кылынган тозок – мына ушул.
اِصۡلَوۡہَا الۡیَوۡمَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَکۡفُرُوۡنَ ﴿۶۵﴾
36 : 65 Четке кагып жүргөнүӊөр себептүү бүгүн ага киргиле.
اَلۡیَوۡمَ نَخۡتِمُ عَلٰۤی اَفۡوَاہِہِمۡ وَ تُکَلِّمُنَاۤ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ تَشۡہَدُ اَرۡجُلُہُمۡ بِمَا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۶۶﴾
36 : 66 Бүгүн Биз алардын ооздорун мөөрлөп коёбуз; алардын колдору Бизге сүйлөйт жана алар кылып жүргөн амалдары туурасында алардын буттары күбөлүк берет.
وَ لَوۡ نَشَآءُ لَطَمَسۡنَا عَلٰۤی اَعۡیُنِہِمۡ فَاسۡتَبَقُوا الصِّرَاطَ فَاَنّٰی یُبۡصِرُوۡنَ ﴿۶۷﴾
36 : 67 Эгер Биз каалаганыбызда, алардын көздөрүн албетте, алып коёр элек. Анан алар жолдо алдыга жүрөөр эле, бирок алар (аны) кандайча көрө алышмак?
وَ لَوۡ نَشَآءُ لَمَسَخۡنٰہُمۡ عَلٰی مَکَانَتِہِمۡ فَمَا اسۡتَطَاعُوۡا مُضِیًّا وَّ لَا یَرۡجِعُوۡنَ ﴿٪۶۸﴾
36 : 68 Жана эгер Биз каалаганыбызда, аларды турган жайларында да жок кылып койгон болоор элек. Анан алар жүрө да албайт эле, артка да кайта албайт эле.
وَ مَنۡ نُّعَمِّرۡہُ نُنَکِّسۡہُ فِی الۡخَلۡقِ ؕ اَفَلَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۶۹﴾
36 : 69 Биз кимгедир узак өмүр берсек, анын денелик кубаттарын кемитип барабыз. Демек, алар ой жүгүртпөйбү?
وَ مَا عَلَّمۡنٰہُ الشِّعۡرَ وَ مَا یَنۡۢبَغِیۡ لَہٗ ؕ اِنۡ ہُوَ اِلَّا ذِکۡرٌ وَّ قُرۡاٰنٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۙ۷۰﴾
36 : 70 Биз ага ыр айтууну үйрөтпөдүк жана бул ага жарашпайт эле. Бул – жалаӊ бир насаат жана ачык-айкын Куран.
لِّیُنۡذِرَ مَنۡ کَانَ حَیًّا وَّ یَحِقَّ الۡقَوۡلُ عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۷۱﴾
36 : 71 Ал тирүү кишини кулактандырсын жана каапырларга буйрук важиб болсун үчүн.
اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اَنَّا خَلَقۡنَا لَہُمۡ مِّمَّا عَمِلَتۡ اَیۡدِیۡنَاۤ اَنۡعَامًا فَہُمۡ لَہَا مٰلِکُوۡنَ ﴿۷۲﴾
36 : 72 Биздин кудуреттүүлүк колубуз жаратканынан алар үчүн чарба малдарын пайда кылганыбызды алар көрүшкөн жокпу? Алар ошол (малдар)га ээлик кылышууда го!
وَ ذَلَّلۡنٰہَا لَہُمۡ فَمِنۡہَا رَکُوۡبُہُمۡ وَ مِنۡہَا یَاۡکُلُوۡنَ ﴿۷۳﴾
36 : 73 Биз ал (мал)дарды аларга моюн сундуруп койдук. Демек, алардан (айрымдары) аларга унаа жана алардан (айрымдарын болсо), алар жешет.
وَ لَہُمۡ فِیۡہَا مَنَافِعُ وَ مَشَارِبُ ؕ اَفَلَا یَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷۴﴾
36 : 74 Ошондой эле алар үчүн аларда абдан көп пайдалар бар жана ичимдиктер дагы. Демек, алар шүкүр кылышпайбы?
وَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اٰلِہَۃً لَّعَلَّہُمۡ یُنۡصَرُوۡنَ ﴿ؕ۷۵﴾
36 : 75 Алар Алланы коюп: «Балким, (алар тараптан) бизге жардам берилээр», - деп (башкаларды) кудай кылып алышты.
لَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ نَصۡرَہُمۡ ۙ وَ ہُمۡ لَہُمۡ جُنۡدٌ مُّحۡضَرُوۡنَ ﴿۷۶﴾
36 : 76 Аларга жардам берүү үчүн аларда эч кудурет болбойт. Алар болсо, аларга каршы (күбөлүк берүү үчүн) келтирилип коюлган кошуундар болот.
فَلَا یَحۡزُنۡکَ قَوۡلُہُمۡ ۘ اِنَّا نَعۡلَمُ مَا یُسِرُّوۡنَ وَ مَا یُعۡلِنُوۡنَ ﴿۷۷﴾
36 : 77 Ошентип, алардын сөзү сени кайгыга салбасын. Албетте, Биз алар жашырганды да, алар көрүнөө кылганды да билебиз.
اَوَ لَمۡ یَرَ الۡاِنۡسَانُ اَنَّا خَلَقۡنٰہُ مِنۡ نُّطۡفَۃٍ فَاِذَا ہُوَ خَصِیۡمٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۷۸﴾
36 : 78 Адам баласы, Биз аны бел суусунан жаратканыбызды билбедиби? Анан кандай өзгөрүш болду, ал ачыктан-ачык урушчаак болуп калды?
وَ ضَرَبَ لَنَا مَثَلًا وَّ نَسِیَ خَلۡقَہٗ ؕ قَالَ مَنۡ یُّحۡیِ الۡعِظَامَ وَ ہِیَ رَمِیۡمٌ ﴿۷۹﴾
36 : 79 Биз тууралуу ал (ар түрдүү) сөздөрдү чыгара баштады жана өзүнүн жаралганын унутуп койду. «Чирип кеткен сөөктөрдү дагы ким тирилте алат?» - дей баштады.
قُلۡ یُحۡیِیۡہَا الَّذِیۡۤ اَنۡشَاَہَاۤ اَوَّلَ مَرَّۃٍ ؕ وَ ہُوَ بِکُلِّ خَلۡقٍ عَلِیۡمُ ۣ﴿ۙ۸۰﴾
36 : 80 Айткын: «Аларды биринчи ирет жараткан (Алла) тирилтет. Ал ар кандай жаратылышты абдан жакшы билет».
الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمۡ مِّنَ الشَّجَرِ الۡاَخۡضَرِ نَارًا فَاِذَاۤ اَنۡتُمۡ مِّنۡہُ تُوۡقِدُوۡنَ ﴿۸۱﴾
36 : 81 Ал силер үчүн көп-көк дарактардан от чыгарган (Алла). Анан силер алардан айрымдарын жага баштадыӊар.
اَوَ لَیۡسَ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِقٰدِرٍ عَلٰۤی اَنۡ یَّخۡلُقَ مِثۡلَہُمۡ ؕ بَلٰی ٭ وَ ہُوَ الۡخَلّٰقُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۸۲﴾
36 : 82 Асмандар жана жерди жараткан (Алла) аларга окшогондорду жаратууга күчү жетүүчү эмеспи? Ооба, ошондой! Ал эӊ бийик жаратуучу (жана) дайыма билүүчү.
اِنَّمَاۤ اَمۡرُہٗۤ اِذَاۤ اَرَادَ شَیۡئًا اَنۡ یَّقُوۡلَ لَہٗ کُنۡ فَیَکُوۡنُ ﴿۸۳﴾
36 : 83 Ал (Алла) кандайдыр бир нерсенин болушун каалаганда: «Бол!» - деп буйрук берүүсү гана жетиштүү. Ошондо, ал боло баштайт жана болбой калбайт.
فَسُبۡحٰنَ الَّذِیۡ بِیَدِہٖ مَلَکُوۡتُ کُلِّ شَیۡءٍ وَّ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿٪۸۴﴾
36 : 84 Бардык нерселердин падышачылыгы колунда болгон (Алла) таза. Силер Ага гана кайтарыласыӊар.