Курани карим Ал-Кахф • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الکهف

Ал-Кахф

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    18 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ عَلٰی عَبۡدِہِ الۡکِتٰبَ وَ لَمۡ یَجۡعَلۡ لَّہٗ عِوَجًا ؕ﴿ٜ۲﴾
    18 : 2 Бардык мактоо Өзүнүн пендесине Китеп түшүргөн жана анда эч бир кыйшыктыкка жол бербеген Аллага гана таандык.
  • قَیِّمًا لِّیُنۡذِرَ بَاۡسًا شَدِیۡدًا مِّنۡ لَّدُنۡہُ وَ یُبَشِّرَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ الَّذِیۡنَ یَعۡمَلُوۡنَ الصّٰلِحٰتِ اَنَّ لَہُمۡ اَجۡرًا حَسَنًا ۙ﴿۳﴾
    18 : 3 Ал (адамдарды) Ал (Алла) тарабынан келүүчү катуу азаптан кулактандырсын үчүн, жана жакшы амалдарды кыла турган момундарга: «Алар үчүн абдан жакшы сыйлык бар», - деп куш кабар берсин үчүн Алла аны чындыкка толгон жана туура жол көрсөтүүчү кылып түшүрдү.
  • مَّاکِثِیۡنَ فِیۡہِ اَبَدًا ۙ﴿۴﴾
    18 : 4 Алар анын ичинде түбөлүккө калуучулар.
  • وَّ یُنۡذِرَ الَّذِیۡنَ قَالُوا اتَّخَذَ اللّٰہُ وَلَدًا ٭﴿۵﴾
    18 : 5 Жана ал: «Алла Өзүнө уул кылып алды», - дегендерди дагы кулактандырсын үчүн.
  • مَا لَہُمۡ بِہٖ مِنۡ عِلۡمٍ وَّ لَا لِاٰبَآئِہِمۡ ؕ کَبُرَتۡ کَلِمَۃً تَخۡرُجُ مِنۡ اَفۡوَاہِہِمۡ ؕ اِنۡ یَّقُوۡلُوۡنَ اِلَّا کَذِبًا ﴿۶﴾
    18 : 6 Алар муну такыр билишпейт жана алардын ата-бабалары дагы. Алардын ооздорунан чыга турган сөз абдан чоӊ. Алар жалгандан башка нерсени сүйлөшпөйт.
  • فَلَعَلَّکَ بَاخِعٌ نَّفۡسَکَ عَلٰۤی اٰثَارِہِمۡ اِنۡ لَّمۡ یُؤۡمِنُوۡا بِہٰذَا الۡحَدِیۡثِ اَسَفًا ﴿۷﴾
    18 : 7 Демек, эгер алар ушул сөзгө ыйман келтиришпесе, анда сен катуу кайгы себептүү алар үчүн өзүӊдү ойрон кыласыӊбы?
  • اِنَّا جَعَلۡنَا مَا عَلَی الۡاَرۡضِ زِیۡنَۃً لَّہَا لِنَبۡلُوَہُمۡ اَیُّہُمۡ اَحۡسَنُ عَمَلًا ﴿۸﴾
    18 : 8 Албетте, Биз алардын ичинен ким эӊ жакшы амал кылуучу экендигин сынашыбыз үчүн жер үстүндөгү бардык нерселерди ага зыйнат катары жараттык.
  • وَ اِنَّا لَجٰعِلُوۡنَ مَا عَلَیۡہَا صَعِیۡدًا جُرُزًا ؕ﴿۹﴾
    18 : 9 Жана албетте, Биз анын үстүндөгү бардык нерселерди кургак, какыраган такыр жерге айландырып коёбуз.
  • اَمۡ حَسِبۡتَ اَنَّ اَصۡحٰبَ الۡکَہۡفِ وَ الرَّقِیۡمِ ۙ کَانُوۡا مِنۡ اٰیٰتِنَا عَجَبًا ﴿۱۰﴾
    18 : 10 Эмне, сен үӊкүрдөгүлөр жана Жазуу ээлери Биздин аят-жышаандарыбыздын ичинен ажайып аят-жышаан экенин ойлойсуӊбу?
  • اِذۡ اَوَی الۡفِتۡیَۃُ اِلَی الۡکَہۡفِ فَقَالُوۡا رَبَّنَاۤ اٰتِنَا مِنۡ لَّدُنۡکَ رَحۡمَۃً وَّ ہَیِّیٴۡ لَنَا مِنۡ اَمۡرِنَا رَشَدًا ﴿۱۱﴾
    18 : 11 Бир нече жигит бир үӊкүрдөн паана тапкандарында, алар: «Эй, Раббибиз! Бизге алдыӊдан рахмат тартуулагын жана биздин ишибиз боюнча бизге хидаят насип эткин!» - дешти.
  • فَضَرَبۡنَا عَلٰۤی اٰذَانِہِمۡ فِی الۡکَہۡفِ سِنِیۡنَ عَدَدًا ﴿ۙ۱۲﴾
    18 : 12 Ошентип, Биз үӊкүр ичинде алардын кулактарын бир нече жылдарга чейин (тыштагы кабарларды угуудан) куру калтырдык.
  • ثُمَّ بَعَثۡنٰہُمۡ لِنَعۡلَمَ اَیُّ الۡحِزۡبَیۡنِ اَحۡصٰی لِمَا لَبِثُوۡۤا اَمَدًا ﴿٪۱۳﴾
    18 : 13 Анан эки топтон кайсы бири (мунун ичинде) канча убакыт тургандыктарын туура-так эсептегенин билүү үчүн Биз аларды тургуздук.
  • نَحۡنُ نَقُصُّ عَلَیۡکَ نَبَاَہُمۡ بِالۡحَقِّ ؕ اِنَّہُمۡ فِتۡیَۃٌ اٰمَنُوۡا بِرَبِّہِمۡ وَ زِدۡنٰہُمۡ ہُدًی ﴿٭ۖ۱۴﴾
    18 : 14 Биз алардын кабарын акыйкаттык менен баян кылабыз. Албетте, алар өздөрүнүн Раббисине ыйман келтирген бир нече жигиттер болчу жана Биз аларды туура жолдо өнүктүрдүк.
  • وَّ رَبَطۡنَا عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ اِذۡ قَامُوۡا فَقَالُوۡا رَبُّنَا رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ لَنۡ نَّدۡعُوَا۠ مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اِلٰـہًا لَّقَدۡ قُلۡنَاۤ اِذًا شَطَطًا ﴿۱۵﴾
    18 : 15 Жана алар тургандарында, Биз алардын жүрөктөрүн кубаттандырдык. Анан алар айтышты: «Биздин Раббибиз – асмандар жана жердин Раббиси. Биз эч качан Ал (Алла)дан башка эч бир кудайга жалбарбайбыз. Эгер ушундай болсо, анда биз албетте, орунсуз сөз айтуучулар болуп калабыз.
  • ہٰۤؤُلَآءِ قَوۡمُنَا اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اٰلِہَۃً ؕ لَوۡ لَا یَاۡتُوۡنَ عَلَیۡہِمۡ بِسُلۡطٰنٍۭ بَیِّنٍ ؕ فَمَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنِ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا ﴿ؕ۱۶﴾
    18 : 16 Мына булар биздин коомубуз – алар Ал (Алла)дан башкаларды кудай кылып алышкан. Эмнеге алар тууралуу кандайдыр бир ачык-айкын далил келтиришпейт? Демек, Аллага каршы жалган айткан бирөөнөн дагы заалимирээк ким бар?»
  • وَ اِذِ اعۡتَزَلۡتُمُوۡہُمۡ وَمَا یَعۡبُدُوۡنَ اِلَّا اللّٰہَ فَاۡ وٗۤا اِلَی الۡکَہۡفِ یَنۡشُرۡ لَکُمۡ رَبُّکُمۡ مِّنۡ رَّحۡمَتِہٖ وَیُہَیِّیٴۡ لَکُمۡ مِّنۡ اَمۡرِکُمۡ مِّرۡفَقًا ﴿۱۷﴾
    18 : 17 Ошентип, эми силер алардан жана алар Алланын ордуна ибадат кылып жаткан нерселерден баш тарттыӊар. Ошондуктан, паана алуу максатында үӊкүр тарабына кете бергиле. Раббиӊер Өзүнүн рахматын силер үчүн жайылтат жана ишиӊерди силерге жеӊилдетип коёт.
  • وَ تَرَی الشَّمۡسَ اِذَا طَلَعَتۡ تَّزٰوَرُ عَنۡ کَہۡفِہِمۡ ذَاتَ الۡیَمِیۡنِ وَ اِذَا غَرَبَتۡ تَّقۡرِضُہُمۡ ذَاتَ الشِّمَالِ وَ ہُمۡ فِیۡ فَجۡوَۃٍ مِّنۡہُ ؕ ذٰلِکَ مِنۡ اٰیٰتِ اللّٰہِ ؕ مَنۡ یَّہۡدِ اللّٰہُ فَہُوَ الۡمُہۡتَدِ ۚ وَ مَنۡ یُّضۡلِلۡ فَلَنۡ تَجِدَ لَہٗ وَلِیًّا مُّرۡشِدًا ﴿٪۱۸﴾
    18 : 18 Сен күн чыкканда, алардын үӊкүрүнөн оӊ тарапка өтүп кеткенин жана батып бара жатканда, аларды четтеп, сол тараптан өтүп кеткенин көрөсүӊ. Алар анын ортосундагы бир кеӊ жайда. Бул Алланын аят-жышаандарынан. Кимди Алла хидаят кылса, ошол гана хидаят табуучу жана кимди Ал адашкан деп өкүм чыгарып койсо, ал үчүн сен эч бир хидаят кылуучу досту таппайсыӊ.
  • وَ تَحۡسَبُہُمۡ اَیۡقَاظًا وَّ ہُمۡ رُقُوۡدٌ ٭ۖ وَّ نُقَلِّبُہُمۡ ذَاتَ الۡیَمِیۡنِ وَ ذَاتَ الشِّمَالِ ٭ۖ وَ کَلۡبُہُمۡ بَاسِطٌ ذِرَاعَیۡہِ بِالۡوَصِیۡدِ ؕ لَوِ اطَّلَعۡتَ عَلَیۡہِمۡ لَوَلَّیۡتَ مِنۡہُمۡ فِرَارًا وَّ لَمُلِئۡتَ مِنۡہُمۡ رُعۡبًا ﴿۱۹﴾
    18 : 19 Сен аларды ойгоо деп ойлойсоӊ, алар болсо уктоодо. Биз аларды оӊ жана сол тарапка алмаштырып турабыз. Алардын ити өзүнүн алдыӊкы эки аягын босогого созуп туруптур. Эгер сен аларга назар таштап көрсөӊ, сен албетте, жүз буруп, алардан качмаксыӊ жана алардын айбатына кабылмаксыӊ.
  • وَ کَذٰلِکَ بَعَثۡنٰہُمۡ لِیَتَسَآءَلُوۡا بَیۡنَہُمۡ ؕ قَالَ قَآئِلٌ مِّنۡہُمۡ کَمۡ لَبِثۡتُمۡ ؕ قَالُوۡا لَبِثۡنَا یَوۡمًا اَوۡ بَعۡضَ یَوۡمٍ ؕ قَالُوۡا رَبُّکُمۡ اَعۡلَمُ بِمَا لَبِثۡتُمۡ ؕ فَابۡعَثُوۡۤا اَحَدَکُمۡ بِوَرِقِکُمۡ ہٰذِہٖۤ اِلَی الۡمَدِیۡنَۃِ فَلۡیَنۡظُرۡ اَیُّہَاۤ اَزۡکٰی طَعَامًا فَلۡیَاۡتِکُمۡ بِرِزۡقٍ مِّنۡہُ وَ لۡـیَؔ‍‍‍تَلَطَّفۡ وَ لَا یُشۡعِرَنَّ بِکُمۡ اَحَدًا ﴿۲۰﴾
    18 : 20 Алар өз ара бири-бири менен суроо-жооп кылуулары үчүн Биз аларды (бейгамдыктан) ойготтук. Алардын ичинен бир айтуучу сурады: «Канча убакыт болдуӊар?» Алар айтышты: «Биз болгону бир күн же күндүн бир бөлүгүнчө болдук». (Башкалары) айтышты: «Канча убакыт болгонуӊарды бир гана Раббиӊер жакшыраак билет. Ошентип, өзүӊөрдөн бирөөӊөргө мына бул теӊгеӊерди берип, шаарга жөнөткүлө. Анан ал эӊ жакшы тамак кайсы экенин көрсүн, кийин андан силерге бир азын алып келсин, этияттык менен алардын сырларын маалымдасын жана силер жөнүндө эч кимге кабар кылбасын.
  • اِنَّہُمۡ اِنۡ یَّظۡہَرُوۡا عَلَیۡکُمۡ یَرۡجُمُوۡکُمۡ اَوۡ یُعِیۡدُوۡکُمۡ فِیۡ مِلَّتِہِمۡ وَ لَنۡ تُفۡلِحُوۡۤا اِذًا اَبَدًا ﴿۲۱﴾
    18 : 21 Албетте, алар ушундай адамдар: эгер алар үстүӊөрдөн жеӊишке жетишсе, силерди ташбараӊ кылышат же силерди өздөрүнүн динине кайтарып алышат, натыйжада силер эч качан ийгиликке жете албайсыӊар».
  • وَ کَذٰلِکَ اَعۡثَرۡنَا عَلَیۡہِمۡ لِیَعۡلَمُوۡۤا اَنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ وَّ اَنَّ السَّاعَۃَ لَا رَیۡبَ فِیۡہَا ۚ٭ اِذۡ یَتَنَازَعُوۡنَ بَیۡنَہُمۡ اَمۡرَہُمۡ فَقَالُوا ابۡنُوۡا عَلَیۡہِمۡ بُنۡیَانًا ؕ رَبُّہُمۡ اَعۡلَمُ بِہِمۡ ؕ قَالَ الَّذِیۡنَ غَلَبُوۡا عَلٰۤی اَمۡرِہِمۡ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَیۡہِمۡ مَّسۡجِدًا ﴿۲۲﴾
    18 : 22 Жана алар (адамдар) Алланын убадасы чын экенин жана «ыӊкылап сааты» жөнүндө эч кандай шек-күмөн жоктугун билүүлөрү үчүн Биз алардын ахвалдарынан кабар бердик. Алар өз ара талашып жатканда, алардын ичинен айрымдары: «Алардын үстүндө кандайдыр бир эстелик кургула», - дешти. Алардын Раббиси алар тууралуу абдан жакшы билет. Өздөрүнүн пикиринде жеӊип чыккандар: «Биз албетте, алардын үстүндө бир мечит курабыз», - дешти.
  • سَیَقُوۡلُوۡنَ ثَلٰثَۃٌ رَّابِعُہُمۡ کَلۡبُہُمۡ ۚ وَ یَقُوۡلُوۡنَ خَمۡسَۃٌ سَادِسُہُمۡ کَلۡبُہُمۡ رَجۡمًۢا بِالۡغَیۡبِ ۚ وَ یَقُوۡلُوۡنَ سَبۡعَۃٌ وَّ ثَامِنُہُمۡ کَلۡبُہُمۡ ؕ قُلۡ رَّبِّیۡۤ اَعۡلَمُ بِعِدَّتِہِمۡ مَّا یَعۡلَمُہُمۡ اِلَّا قَلِیۡلٌ ۬۟ فَلَا تُمَارِ فِیۡہِمۡ اِلَّا مِرَآءً ظَاہِرًا ۪ وَّ لَا تَسۡتَفۡتِ فِیۡہِمۡ مِّنۡہُمۡ اَحَدًا ﴿٪۲۳﴾
    18 : 23 Алар албетте, айтышат: «Алар үчөө болгон жана төртүнчүсү алардын ити болчу». Алар көрбөстөн туруп болжолдошот: «Алар бешөө болгон жана алтынчысы алардын ити болчу». Жана алар айтышат: «Алар жетөө болгон жана сегизинчиси алардын ити болчу». Айткын: «Алардын санагын Раббимдин Өзү гана жакшыраак билет жана (Андан башка) эч ким аларды билбейт». Демек, алар жөнүндө кыскача сүйлөшүүдөн башка талашпа жана алар жөнүндө алардын бирөөсүнөн дагы эч бир нерсени сураба!
  • وَ لَا تَقُوۡلَنَّ لِشَایۡءٍ اِنِّیۡ فَاعِلٌ ذٰلِکَ غَدًا ﴿ۙ۲۴﴾
    18 : 24 Жана эч бир нерсе жөнүндө: «Мен муну эртеӊ сөзсүз кыламын», - дебегин.
  • اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ اللّٰہُ ۫ وَ اذۡکُرۡ رَّبَّکَ اِذَا نَسِیۡتَ وَ قُلۡ عَسٰۤی اَنۡ یَّہۡدِیَنِ رَبِّیۡ لِاَقۡرَبَ مِنۡ ہٰذَا رَشَدًا ﴿۲۵﴾
    18 : 25 Тескерисинче: «Кудай кааласа», - (дегин) жана унутуп жибергениӊде, Раббиӊди зикир кылгын жана айткын: «Раббим мени мындан дагы туурараак нерсеге хидаят кылышы мүмкүн».
  • وَ لَبِثُوۡا فِیۡ کَہۡفِہِمۡ ثَلٰثَ مِائَۃٍ سِنِیۡنَ وَ ازۡدَادُوۡا تِسۡعًا ﴿۲۶﴾
    18 : 26 Алар өз үӊкүрүндө үч жүз жыл ичинде бир нече жыл турушту жана буга алар дагы тогузду кошушту.
  • قُلِ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا لَبِثُوۡا ۚ لَہٗ غَیۡبُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ اَبۡصِرۡ بِہٖ وَ اَسۡمِعۡ ؕ مَا لَہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِہٖ مِنۡ وَّلِیٍّ ۫ وَّ لَا یُشۡرِکُ فِیۡ حُکۡمِہٖۤ اَحَدًا ﴿۲۷﴾
    18 : 27 Айткын: «Алар канча убакыт тургандыктарын Алланын Өзү жакшыраак билет. Асмандар жана жердин кайыбы – Аныкы. Ал абдан жакшы көрүүчү жана жакшы угуучу! Алардын Андан башка эч бир досу жок жана Ал Өзүнүн өкмөтүнө эч кимди шерик кылбайт».
  • وَ اتۡلُ مَاۤ اُوۡحِیَ اِلَیۡکَ مِنۡ کِتَابِ رَبِّکَ ۚؕ لَا مُبَدِّلَ لِکَلِمٰتِہٖ ۚ۟ وَ لَنۡ تَجِدَ مِنۡ دُوۡنِہٖ مُلۡتَحَدًا ﴿۲۸﴾
    18 : 28 Жана Раббиӊдин Китебинен сага вахий-аян кылынган нерсени оку. Анын сөздөрүн эч ким өзгөртө албайт жана сен Андан бөлөк эч кандай паана таба албайсыӊ.
  • وَ اصۡبِرۡ نَفۡسَکَ مَعَ الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ رَبَّہُمۡ بِالۡغَدٰوۃِ وَ الۡعَشِیِّ یُرِیۡدُوۡنَ وَجۡہَہٗ وَ لَا تَعۡدُ عَیۡنٰکَ عَنۡہُمۡ ۚ تُرِیۡدُ زِیۡنَۃَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۚ وَ لَا تُطِعۡ مَنۡ اَغۡفَلۡنَا قَلۡبَہٗ عَنۡ ذِکۡرِنَا وَ اتَّبَعَ ہَوٰٮہُ وَ کَانَ اَمۡرُہٗ فُرُطًا ﴿۲۹﴾
    18 : 29 Жана өз Раббиӊе, Ал (Алла)нын ыраазычылыгын тилеген бойдон таӊкысын дагы, түнкүсүн дагы жалбаргандар менен бирге өзүӊ дагы сабыр кыл. Дүйнөлүк жашоонун шаан-шөөкөтүн көздөгөн бойдон көздөрүӊ алардан дагы өтүп кетпесин. Биз жүрөгүн Бизди эстөөдөн унуткарып койгон жана өзүнүн жеӊил напсилерин ээрчиген, ошондой эле иши чектен ашкан бирөөнү ээрчибе!
  • وَ قُلِ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکُمۡ ۟ فَمَنۡ شَآءَ فَلۡیُؤۡمِنۡ وَّ مَنۡ شَآءَ فَلۡیَکۡفُرۡ ۙ اِنَّاۤ اَعۡتَدۡنَا لِلظّٰلِمِیۡنَ نَارًا ۙ اَحَاطَ بِہِمۡ سُرَادِقُہَا ؕ وَ اِنۡ یَّسۡتَغِیۡثُوۡا یُغَاثُوۡا بِمَآءٍ کَالۡمُہۡلِ یَشۡوِی الۡوُجُوۡہَ ؕ بِئۡسَ الشَّرَابُ ؕ وَ سَآءَتۡ مُرۡتَفَقًا ﴿۳۰﴾
    18 : 30 Жана айткын: «Раббиӊер тарабынан болгон нерсе гана акыйкат. Анан ким кааласа, ыйман келтирсин жана ким кааласа, четке каксын». Албетте, Биз заалимдерге ушундай отту даярдап койгонбуз: анын дубалдары аларды курчап алат; эгер алар суу сурашса, аларга эриген жездей суу берилет, ал жүздөрүн күйгүзөт; ал абдан жаман ичимдик жана абдан жаман ырахат жайы!
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ اِنَّا لَا نُضِیۡعُ اَجۡرَ مَنۡ اَحۡسَنَ عَمَلًا ﴿ۚ۳۱﴾
    18 : 31 Албетте, ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар (угуп алышсын): Биз жакшы амалдарды кылган кишинин сыйлыгын эч качан текке кетирбейбиз.
  • اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ جَنّٰتُ عَدۡنٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہِمُ الۡاَنۡہٰرُ یُحَلَّوۡنَ فِیۡہَا مِنۡ اَسَاوِرَ مِنۡ ذَہَبٍ وَّ یَلۡبَسُوۡنَ ثِیَابًا خُضۡرًا مِّنۡ سُنۡدُسٍ وَّ اِسۡتَبۡرَقٍ مُّتَّکِئِیۡنَ فِیۡہَا عَلَی الۡاَرَآئِکِ ؕ نِعۡمَ الثَّوَابُ ؕ وَ حَسُنَتۡ مُرۡتَفَقًا ﴿٪۳۲﴾
    18 : 32 Түбөлүктүү бактар мына ошолор үчүн гана. Алардын (таман) астынан дайралар агып өтөт; аларга ал жерде алтын билериктер тагылат, ошондой эле алар жука жана калыӊ жибектен жашыл кийимдер кийишет; ал (бак)тарда алар тактарга жамбаштап отурган болушат. (Ал) абдан сонун сыйлык жана абдан сонун ырахат жайы!
  • وَ اضۡرِبۡ لَہُمۡ مَّثَلًا رَّجُلَیۡنِ جَعَلۡنَا لِاَحَدِہِمَا جَنَّتَیۡنِ مِنۡ اَعۡنَابٍ وَّ حَفَفۡنٰہُمَا بِنَخۡلٍ وَّ جَعَلۡنَا بَیۡنَہُمَا زَرۡعًا ﴿ؕ۳۳﴾
    18 : 33 Жана алардын алдына эки кишинин мисалын баян кыл: алардын бири үчүн Биз эки жүзүм багын кылган жана ал экөөсүн курма (дарактары) менен курчап койгон элек жана ал экөөсүнүн ортосунда эгинзарларды чыгарган элек.
  • کِلۡتَا الۡجَنَّتَیۡنِ اٰتَتۡ اُکُلَہَا وَ لَمۡ تَظۡلِمۡ مِّنۡہُ شَیۡئًا ۙ وَّ فَجَّرۡنَا خِلٰلَہُمَا نَہَرًا ﴿ۙ۳۴﴾
    18 : 34 Ал эки бак өз мөмөсүн берчү жана андан эч нерсени кем кылбайт эле жана алардын ортосунан Биз бир дайраны агызып койгонбуз.
  • وَّ کَانَ لَہٗ ثَمَرٌ ۚ فَقَالَ لِصَاحِبِہٖ وَ ہُوَ یُحَاوِرُہٗۤ اَنَا اَکۡثَرُ مِنۡکَ مَالًا وَّ اَعَزُّ نَفَرًا ﴿۳۵﴾
    18 : 35 Анын көп мөмө(лүү бак)тары бар эле. Ал өзүнүн жолдошуна, аны менен сүйлөшүп жатканда: «Мал-дүйнөдө мен сенден байыраакмын жана тайпа боюнча бакубаттуураакмын», - деди.
  • وَ دَخَلَ جَنَّتَہٗ وَ ہُوَ ظَالِمٌ لِّنَفۡسِہٖ ۚ قَالَ مَاۤ اَظُنُّ اَنۡ تَبِیۡدَ ہٰذِہٖۤ اَبَدًا ﴿ۙ۳۶﴾
    18 : 36 Жана ал өз жанына зулумдук кылуучу болгон бойдон багына кирди. Ал айтты: «Бул кандайдыр бир убакта жер менен жексен болуп кетет, деп элестете да албаймын.
  • وَّ مَاۤ اَظُنُّ السَّاعَۃَ قَآئِمَۃً ۙ وَّ لَئِنۡ رُّدِدۡتُّ اِلٰی رَبِّیۡ لَاَجِدَنَّ خَیۡرًا مِّنۡہَا مُنۡقَلَبًا ﴿۳۷﴾
    18 : 37 Жана кыямат кайым болуусуна дагы ишенбеймин; эгер Раббиме кайтарылсам да, албетте, мындан дагы жакшыраак кайта турган жай табамын».
  • قَالَ لَہٗ صَاحِبُہٗ وَ ہُوَ یُحَاوِرُہٗۤ اَکَفَرۡتَ بِالَّذِیۡ خَلَقَکَ مِنۡ تُرَابٍ ثُمَّ مِنۡ نُّطۡفَۃٍ ثُمَّ سَوّٰٮکَ رَجُلًا ﴿ؕ۳۸﴾
    18 : 38 Анын жолдошу ага, аны менен сүйлөшүп жатканда айтты: «Сени топурактан жараткан, анан бел суусунан пайда кылган, кийин желип-жүрө турган инсан кейпинде сени тууралаган (Алла)ны четке кагасыӊбы?
  • لٰکِنَّا۠ ہُوَ اللّٰہُ رَبِّیۡ وَ لَاۤ اُشۡرِکُ بِرَبِّیۡۤ اَحَدًا ﴿۳۹﴾
    18 : 39 Бирок мен: «Ошол Алла менин Раббим жана мен Раббиме эч нерсени шерик кылбаймын», - (деп айтамын).
  • وَ لَوۡ لَاۤ اِذۡ دَخَلۡتَ جَنَّتَکَ قُلۡتَ مَا شَآءَ اللّٰہُ ۙ لَا قُوَّۃَ اِلَّا بِاللّٰہِ ۚ اِنۡ تَرَنِ اَنَا اَقَلَّ مِنۡکَ مَالًا وَّ وَلَدًا ﴿ۚ۴۰﴾
    18 : 40 Сен өз багыӊа киргениӊде, эмнеге : «МаашааАллаах» жана «Алладан башка бирөөндө эч кандай кудурет жок», - дебедиӊ? Эгер сен мени дүнүйө-мүлктө жана тукумда өзүӊдөн төмөнүрөөк көрө турган болсоӊ,
  • فَعَسٰی رَبِّیۡۤ اَنۡ یُّؤۡتِیَنِ خَیۡرًا مِّنۡ جَنَّتِکَ وَ یُرۡسِلَ عَلَیۡہَا حُسۡبَانًا مِّنَ السَّمَآءِ فَتُصۡبِحَ صَعِیۡدًا زَلَقًا ﴿ۙ۴۱﴾
    18 : 41 Анда, мүмкүн, Раббим мага сенин багыӊдан (да) жакшыраагын берээр жана бул (багыӊ)а асмандан жаза катары кандайдыр бир азап түшүрөөр. Ошентип, ал какыраган такыр жерге айланып калаар.
  • اَوۡ یُصۡبِحَ مَآؤُہَا غَوۡرًا فَلَنۡ تَسۡتَطِیۡعَ لَہٗ طَلَبًا ﴿۴۲﴾
    18 : 42 Же анын суусу (жерге) тереӊ сиӊип кетээр, анан аны (кайтарып) алууга сенин күчүӊ жетпес».
  • وَ اُحِیۡطَ بِثَمَرِہٖ فَاَصۡبَحَ یُقَلِّبُ کَفَّیۡہِ عَلٰی مَاۤ اَنۡفَقَ فِیۡہَا وَ ہِیَ خَاوِیَۃٌ عَلٰی عُرُوۡشِہَا وَ یَقُوۡلُ یٰلَیۡتَنِیۡ لَمۡ اُشۡرِکۡ بِرَبِّیۡۤ اَحَدًا ﴿۴۳﴾
    18 : 43 Анын мөмөсү (апааттар менен) курчалып алынды жана ал ага сарптаган эмгегине күйүнүп, колдорун кайырып алды. Ал (бак) өзүнүн тирөөчтөрү менен бирге жексен болуп калган эле. Ал мындай айта баштады: «Атаганат, Раббиме эч нерсени шерик кылбаган болсом, кана!»
  • وَ لَمۡ تَکُنۡ لَّہٗ فِئَۃٌ یَّنۡصُرُوۡنَہٗ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ مَا کَانَ مُنۡتَصِرًا ﴿ؕ۴۴﴾
    18 : 44 Аллага каршы ага жардам бере ала турган эч бир тайпа жок болчу жана ал эч кандай өч алалбай калды.
  • ہُنَالِکَ الۡوَلَایَۃُ لِلّٰہِ الۡحَقِّ ؕ ہُوَ خَیۡرٌ ثَوَابًا وَّ خَیۡرٌ عُقۡبًا ﴿٪۴۵﴾
    18 : 45 Ошондо эрк-ыктыяр бүтүндөй акыйкат болгон Алланыкы эле. Ал сыйлоодо дагы жакшы, кайырлуу натыйжага жеткирүүдө дагы жакшы.
  • وَ اضۡرِبۡ لَہُمۡ مَّثَلَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا کَمَآءٍ اَنۡزَلۡنٰہُ مِنَ السَّمَآءِ فَاخۡتَلَطَ بِہٖ نَبَاتُ الۡاَرۡضِ فَاَصۡبَحَ ہَشِیۡمًا تَذۡرُوۡہُ الرِّیٰحُ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ مُّقۡتَدِرًا ﴿۴۶﴾
    18 : 46 Алардын алдында Биз асмандан түшүргөн суу сыяктуу болгон дүйнөлүк жашоо мисалын баян кыл. Анан жердин өнүшү ага кошулуп кетти, андан кийин ал майдаланып кетти. Шамалдар аны учуруп туруптур. Алла бардык нерселерге бүтүндөй күчү жетүүчү.
  • اَلۡمَالُ وَ الۡبَنُوۡنَ زِیۡنَۃُ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۚ وَ الۡبٰقِیٰتُ الصّٰلِحٰتُ خَیۡرٌ عِنۡدَ رَبِّکَ ثَوَابًا وَّ خَیۡرٌ اَمَلًا ﴿۴۷﴾
    18 : 47 Дүнүйө-мүлк жана урук-тукум дүйнөлүк жашоонун зыйнат-жасалгасы. Кала турган жакшылыктар Раббиӊдин алдында сыйлык жагынан жакшыраак жана үмүт жагынан эӊ жакшы.
  • وَ یَوۡمَ نُسَیِّرُ الۡجِبَالَ وَ تَرَی الۡاَرۡضَ بَارِزَۃً ۙ وَّ حَشَرۡنٰہُمۡ فَلَمۡ نُغَادِرۡ مِنۡہُمۡ اَحَدًا ﴿ۚ۴۸﴾
    18 : 48 Биз тоолорду аракетке келтире турган күнү жер өз ичин ачык кылып койгонун сен көрөсүӊ. Биз (ушул апаатта) алардын баарын жыгабыз жана алардан бирөөсүн дагы калтырбайбыз.
  • وَ عُرِضُوۡا عَلٰی رَبِّکَ صَفًّا ؕ لَقَدۡ جِئۡتُمُوۡنَا کَمَا خَلَقۡنٰکُمۡ اَوَّلَ مَرَّۃٍۭ ۫ بَلۡ زَعَمۡتُمۡ اَلَّنۡ نَّجۡعَلَ لَکُمۡ مَّوۡعِدًا ﴿۴۹﴾
    18 : 49 Алар Раббиӊдин алдында сап-сап кылып келтирилет: «Албетте, Биз силерди биринчи жолу пайда кылганыбыз сыяктуу силер Биздин алдыбызга келдиӊер. Бирок силер: «Биз эч качан силер үчүн кандайдыр бир убада кылынган күндү белгилебейбиз», - деп ойлогон элеӊер».
  • وَ وُضِعَ الۡکِتٰبُ فَتَرَی الۡمُجۡرِمِیۡنَ مُشۡفِقِیۡنَ مِمَّا فِیۡہِ وَ یَقُوۡلُوۡنَ یٰوَیۡلَتَنَا مَالِ ہٰذَا الۡکِتٰبِ لَا یُغَادِرُ صَغِیۡرَۃً وَّ لَا کَبِیۡرَۃً اِلَّاۤ اَحۡصٰہَا ۚ وَ وَجَدُوۡا مَا عَمِلُوۡا حَاضِرًا ؕ وَ لَا یَظۡلِمُ رَبُّکَ اَحَدًا ﴿٪۵۰﴾
    18 : 50 Жана китеп (алардын алдына) коюлат, ошондо сен күнөөкөрлөрдүн анын ичиндеги нерседен коркуп жатканын көрөсүӊ. Алар айтышат: «Шорубуз курусун! Бул китепке эмне болду? Ал кандайдыр бир кичине нерсени да, кандайдыр бир чоӊ нерсени да калтырбайт, тескерисинче, алардын баарын эсептеп койду». Алар кылып өткөн бардык нерселердин бар экенин табышат. Раббиӊ эч кимге зулумдук кылбайт.
  • وَ اِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اسۡجُدُوۡا لِاٰدَمَ فَسَجَدُوۡۤا اِلَّاۤ اِبۡلِیۡسَ ؕ کَانَ مِنَ الۡجِنِّ فَفَسَقَ عَنۡ اَمۡرِ رَبِّہٖ ؕ اَفَتَتَّخِذُوۡنَہٗ وَ ذُرِّیَّتَہٗۤ اَوۡلِیَآءَ مِنۡ دُوۡنِیۡ وَ ہُمۡ لَکُمۡ عَدُوٌّ ؕ بِئۡسَ لِلظّٰلِمِیۡنَ بَدَلًا ﴿۵۱﴾
    18 : 51 Биз периштелерге: «Адам үчүн сажда кылгыла», - дегенибизде, Иблистен тышкары алардын баары сажда кылышты. Ал жиндерден эле. Ошондуктан, ал өз Раббисинин буйругунан баш тартты. Эми силер аны жана анын тукумун Менин ордума дос кылып аласыӊарбы? Алар болсо, силерге душман. Заалимдер үчүн бул акы кандай жаман, ыя?
  • مَاۤ اَشۡہَدۡتُّہُمۡ خَلۡقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ لَا خَلۡقَ اَنۡفُسِہِمۡ ۪ وَ مَا کُنۡتُ مُتَّخِذَ الۡمُضِلِّیۡنَ عَضُدًا ﴿۵۲﴾
    18 : 52 Мен аларды асмандар жана жердин жаралышына да, өздөрүнүн жаралышына да күбө кылган эмесмин. Мен азгыруучуларды жардамчы кылуучу эмесмин.
  • وَ یَوۡمَ یَقُوۡلُ نَادُوۡا شُرَکَآءِیَ الَّذِیۡنَ زَعَمۡتُمۡ فَدَعَوۡہُمۡ فَلَمۡ یَسۡتَجِیۡبُوۡا لَہُمۡ وَ جَعَلۡنَا بَیۡنَہُمۡ مَّوۡبِقًا ﴿۵۳﴾
    18 : 53 Ал: «Силер Менин шериктерим деп ойлогонуӊарды чакыргыла», - дей турган күнү алар (мушриктер) аларды чакырышат, бирок алар аларга жооп беришпейт. Биз алардын ортосуна бир ойрондук дубалын коёбуз.
  • وَ رَاَ الۡمُجۡرِمُوۡنَ النَّارَ فَظَنُّوۡۤا اَنَّہُمۡ مُّوَاقِعُوۡہَا وَ لَمۡ یَجِدُوۡا عَنۡہَا مَصۡرِفًا ﴿٪۵۴﴾
    18 : 54 Күнөөкөрлөр отту көрүп: «Биз ага түшүүчүлөрбүз», - деп түшүнүп алышат. Алар андан качып кутулуунун эч бир жолун табышпайт.
  • وَ لَقَدۡ صَرَّفۡنَا فِیۡ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنِ لِلنَّاسِ مِنۡ کُلِّ مَثَلٍ ؕ وَ کَانَ الۡاِنۡسَانُ اَکۡثَرَ شَیۡءٍ جَدَلًا ﴿۵۵﴾
    18 : 55 Биз ушул Куранда адамдарга түрдүү мисалдарды ачык-айкын баян кылганбыз. Чынында, баардык нерселерден көрө адам эӊ урушчаак.
  • وَ مَا مَنَعَ النَّاسَ اَنۡ یُّؤۡمِنُوۡۤا اِذۡ جَآءَہُمُ الۡہُدٰی وَ یَسۡتَغۡفِرُوۡا رَبَّہُمۡ اِلَّاۤ اَنۡ تَاۡتِیَہُمۡ سُنَّۃُ الۡاَوَّلِیۡنَ اَوۡ یَاۡتِیَہُمُ الۡعَذَابُ قُبُلًا ﴿۵۶﴾
    18 : 56 Адамдарды, өздөрүнө хидаят келгенде, ыйман келтирүүлөрүнө жана өз Раббисинен кечирим суроолоруна мурункулардын тарыхы алардын үстүнө кайтарылышын же алар тарапка токтоосуз келе турган азап аларды тутуп алышын (тилегендери)нен бөлөк эч нерсе тоскоолдук кылган эмес.
  • وَ مَا نُرۡسِلُ الۡمُرۡسَلِیۡنَ اِلَّا مُبَشِّرِیۡنَ وَ مُنۡذِرِیۡنَ ۚ وَ یُجَادِلُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِالۡبَاطِلِ لِیُدۡحِضُوۡا بِہِ الۡحَقَّ وَ اتَّخَذُوۡۤا اٰیٰتِیۡ وَ مَاۤ اُنۡذِرُوۡا ہُزُوًا ﴿۵۷﴾
    18 : 57 Биз пайгамбарларды бир гана куш кабар берүүчү жана кулактандыруучу катары жөнөтөбүз. Каапырлык кылгандар жалганга таянган бойдон, анын жардамы менен чындыкты жалганга чыгарып коюу үчүн талашып-тартышат. Алар Менин аят-жышаандарымды да, өздөрү кулактандырылган нерселерди да маскара кылышты.
  • وَ مَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنۡ ذُکِّرَ بِاٰیٰتِ رَبِّہٖ فَاَعۡرَضَ عَنۡہَا وَ نَسِیَ مَا قَدَّمَتۡ یَدٰہُ ؕ اِنَّا جَعَلۡنَا عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ اَکِنَّۃً اَنۡ یَّفۡقَہُوۡہُ وَ فِیۡۤ اٰذَانِہِمۡ وَقۡرًا ؕ وَ اِنۡ تَدۡعُہُمۡ اِلَی الۡہُدٰی فَلَنۡ یَّہۡتَدُوۡۤا اِذًا اَبَدًا ﴿۵۸﴾
    18 : 58 Өзүнө Раббисинин аяттары эстетилген, анан ага карабастан алардан жүз бурган жана өз колдору менен кылган кылмыштарын унутуп койгон бирөөнөн дагы заалимирээк ким бар? Албетте, алар аны түшүнө албастыктары үчүн Биз алардын жүрөктөрүнө парда тартып, кулактарын оор кылып койгонбуз. Эгер сен аларды хидаят тарапка чакырсаӊ да, алар эч качан хидаят табышпайт.
  • وَ رَبُّکَ الۡغَفُوۡرُ ذُو الرَّحۡمَۃِ ؕ لَوۡ یُؤَاخِذُہُمۡ بِمَا کَسَبُوۡا لَعَجَّلَ لَہُمُ الۡعَذَابَ ؕ بَلۡ لَّہُمۡ مَّوۡعِدٌ لَّنۡ یَّجِدُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖ مَوۡئِلًا ﴿۵۹﴾
    18 : 59 Сенин Раббиӊ өтө кечирүүчү жана улуу рахмат ээси. Эгер Ал аларды кылып жаткан амалдары үчүн суракка тартса, аларга азапты тезирээк алып келер. Бирок алар үчүн бир убакыт белгиленип коюлган. Алар андан качып кутулуунун эч бир жолун таба алышпайт.
  • وَ تِلۡکَ الۡقُرٰۤی اَہۡلَکۡنٰہُمۡ لَمَّا ظَلَمُوۡا وَ جَعَلۡنَا لِمَہۡلِکِہِمۡ مَّوۡعِدًا ﴿٪۶۰﴾
    18 : 60 Качан зулумдук кылгандарында, Биз аларды жок кылып койгон кыштактар – мына булар. Биз алардын ойрондолушу үчүн бир мөөнөттү белгилеп койгонбуз.
  • وَ اِذۡ قَالَ مُوۡسٰی لِفَتٰٮہُ لَاۤ اَبۡرَحُ حَتّٰۤی اَبۡلُغَ مَجۡمَعَ الۡبَحۡرَیۡنِ اَوۡ اَمۡضِیَ حُقُبًا ﴿۶۱﴾
    18 : 61 Муса өзүнүн жаш жолдошуна: «Эки деӊиз кошула турган жерге жетмейинче токтобоймун, мейли кылымдап жүрүүгө мага туура келсе дагы», - деген учур(ду эстегиле).
  • فَلَمَّا بَلَغَا مَجۡمَعَ بَیۡنِہِمَا نَسِیَا حُوۡتَہُمَا فَاتَّخَذَ سَبِیۡلَہٗ فِی الۡبَحۡرِ سَرَبًا ﴿۶۲﴾
    18 : 62 Анан ал экөөсү алардын (деӊиздердин) кошула турган жерине жеткенде, өздөрүнүн балыгын унутуп коюшту жана ал (балык) акырын деӊизден өз жолун таап алды.
  • فَلَمَّا جَاوَزَا قَالَ لِفَتٰٮہُ اٰتِنَا غَدَآءَنَا ۫ لَقَدۡ لَقِیۡنَا مِنۡ سَفَرِنَا ہٰذَا نَصَبًا ﴿۶۳﴾
    18 : 63 Анан ал экөөсү илгерилеп кетип калгандарында, ал өзүнүн жаш жолдошуна айтты: «Бизге тамагыбызды алып кел! Албетте, биз ушул сапарыбыздан абдан чарчап калдык».
  • قَالَ اَرَءَیۡتَ اِذۡ اَوَیۡنَاۤ اِلَی الصَّخۡرَۃِ فَاِنِّیۡ نَسِیۡتُ الۡحُوۡتَ ۫ وَ مَاۤ اَنۡسٰنِیۡہُ اِلَّا الشَّیۡطٰنُ اَنۡ اَذۡکُرَہٗ ۚ وَ اتَّخَذَ سَبِیۡلَہٗ فِی الۡبَحۡرِ ٭ۖ عَجَبًا ﴿۶۴﴾
    18 : 64 Ал айтты: «Билдиӊби, биз асканын үстүндө пааналаганыбызда, мен балыкты унутуп койгонмун? Аны эстөөнү жалаӊ шайтан эсимен чыгарды, ошондо ал деӊизде ажайып жол таап алды».
  • قَالَ ذٰلِکَ مَا کُنَّا نَبۡغِ ٭ۖ فَارۡتَدَّا عَلٰۤی اٰثَارِہِمَا قَصَصًا ﴿ۙ۶۵﴾
    18 : 65 Ал айтты: «Кудум мына ушуну биз каалаар элек». Ошентип, ал экөөсү теӊ өздөрүнүн издерин кыдырган бойдон кайтып кетишти.
  • فَوَجَدَا عَبۡدًا مِّنۡ عِبَادِنَاۤ اٰتَیۡنٰہُ رَحۡمَۃً مِّنۡ عِنۡدِنَا وَ عَلَّمۡنٰہُ مِنۡ لَّدُنَّا عِلۡمًا ﴿۶۶﴾
    18 : 66 Анда алар ал жерде пенделерибизден Биз Өзүбүздөн бийик рахматыбызды берген жана алдыбыздан илим тартуулаган бир улуу пендебизди табышты.
  • قَالَ لَہٗ مُوۡسٰی ہَلۡ اَتَّبِعُکَ عَلٰۤی اَنۡ تُعَلِّمَنِ مِمَّا عُلِّمۡتَ رُشۡدًا ﴿۶۷﴾
    18 : 67 Муса ага айтты: «Сага үйрөтүлгөн хидаяттан бир азын мага дагы үйрөтүп коюшуӊ үчүн сени ээрчисем, болобу?»
  • قَالَ اِنَّکَ لَنۡ تَسۡتَطِیۡعَ مَعِیَ صَبۡرًا ﴿۶۸﴾
    18 : 68 Ал айтты: «Албетте, мени менен сабыр кылууга күчүӊ эч жетпейт.
  • وَ کَیۡفَ تَصۡبِرُ عَلٰی مَا لَمۡ تُحِطۡ بِہٖ خُبۡرًا ﴿۶۹﴾
    18 : 69 Сен тажрыйба аркылуу курчап албай турган нерсеге кандай сабыр кыла аласыӊ?»
  • قَالَ سَتَجِدُنِیۡۤ اِنۡ شَآءَ اللّٰہُ صَابِرًا وَّ لَاۤ اَعۡصِیۡ لَکَ اَمۡرًا ﴿۷۰﴾
    18 : 70 Ал айтты: «Эгер Кудай кааласа, менин сабыр кылуучу экендигиме күбө болосуӊ жана эч бир буйрукта мен сага баш ийбестик кылбаймын».
  • قَالَ فَاِنِ اتَّبَعۡتَنِیۡ فَلَا تَسۡـَٔلۡنِیۡ عَنۡ شَیۡءٍ حَتّٰۤی اُحۡدِثَ لَکَ مِنۡہُ ذِکۡرًا ﴿٪۷۱﴾
    18 : 71 Ал айтты: «Демек, эгер мени ээрчий турган болсоӊ, анда менден бир нерсе туурасында өзүм сага ал жөнүндө ооз ачмайынча сураба!»
  • فَانۡطَلَقَا ٝ حَتّٰۤی اِذَا رَکِبَا فِی السَّفِیۡنَۃِ خَرَقَہَا ؕ قَالَ اَخَرَقۡتَہَا لِتُغۡرِقَ اَہۡلَہَا ۚ لَقَدۡ جِئۡتَ شَیۡئًا اِمۡرًا ﴿۷۲﴾
    18 : 72 Анда ал экөөсү жөнөп кетишти. А түгүл алар бир ушундай кемеге түшүштү: (кийинчерээк) ал аны бузуп таштады. Ал айтты: «Анын ээлерин чөктүрүп жиберүүӊ үчүн аны бузуп салдыӊбы? Албетте, сен бир абдан жаман иш кылдыӊ!»
  • قَالَ اَلَمۡ اَقُلۡ اِنَّکَ لَنۡ تَسۡتَطِیۡعَ مَعِیَ صَبۡرًا ﴿۷۳﴾
    18 : 73 Ал айтты: «Мени менен сабыр кылууга эч күчүӊ жетпейт дебедим беле?»
  • قَالَ لَا تُؤَاخِذۡنِیۡ بِمَا نَسِیۡتُ وَ لَا تُرۡہِقۡنِیۡ مِنۡ اَمۡرِیۡ عُسۡرًا ﴿۷۴﴾
    18 : 74 Ал айтты: «Мен унутуп койгон нерседен улам мени жоопкерчиликке тартпа жана мага катуу эскертүү менен мени машакатка салба!»
  • فَانۡطَلَقَا ٝ حَتّٰۤی اِذَا لَقِیَا غُلٰمًا فَقَتَلَہٗ ۙ قَالَ اَقَتَلۡتَ نَفۡسًا زَکِیَّۃًۢ بِغَیۡرِ نَفۡسٍ ؕ لَقَدۡ جِئۡتَ شَیۡئًا نُّکۡرًا ﴿۷۵﴾
    18 : 75 Ал экөөсү андан ары жөнөп кетишти. А түгүл алар бир баланы жолуктурушканда, ал аны өлтүрүп салды. Ал айтты: «Эч кимди өлтүрбөгөн бир күнөөсүз жанды өлтүрдүӊбү? Албетте, сен өтө жийиркеничтүү иш кылдыӊ!»
  • قَالَ اَلَمۡ اَقُلۡ لَّکَ اِنَّکَ لَنۡ تَسۡتَطِیۡعَ مَعِیَ صَبۡرًا ﴿۷۶﴾
    18 : 76 Ал айтты: «Мени менен сабыр кылууга такыр күчүӊ жетпейт дебедим беле?»
  • قَالَ اِنۡ سَاَلۡتُکَ عَنۡ شَیۡءٍۭ بَعۡدَہَا فَلَا تُصٰحِبۡنِیۡ ۚ قَدۡ بَلَغۡتَ مِنۡ لَّدُنِّیۡ عُذۡرًا ﴿۷۷﴾
    18 : 77 Ал айтты: «Эгер мындан кийин мен сенден кандайдыр бир нерсени сурай турган болсом, өзүӊө жолдош болушума жол бербегин. Албетте, мен тараптан сен үчүн кечирим чегине жетти».
  • فَانۡطَلَقَا ٝ حَتّٰۤی اِذَاۤ اَتَیَاۤ اَہۡلَ قَرۡیَۃِ ۣاسۡتَطۡعَمَاۤ اَہۡلَہَا فَاَبَوۡا اَنۡ یُّضَیِّفُوۡہُمَا فَوَجَدَا فِیۡہَا جِدَارًا یُّرِیۡدُ اَنۡ یَّنۡقَضَّ فَاَقَامَہٗ ؕ قَالَ لَوۡ شِئۡتَ لَتَّخَذۡتَ عَلَیۡہِ اَجۡرًا ﴿۷۸﴾
    18 : 78 Экөөсү андан ары жөнөп кетишти. А түгүл алар бир кыштак элинин алдына жетишкенде, алар анын элинен тамак сурашты, ошондо алар (кыштак эли) аларды мейман кылуудан баш тартты. Ал жерде алар жыгылайын деп турган бир дубалды көрүп калышты. Анда ал аны тууралап койду. Ал айтты: «Эгер каалаганыӊда, албетте, бул иш үчүн акы алышыӊ мүмкүн эле».
  • قَالَ ہٰذَا فِرَاقُ بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنِکَ ۚ سَاُنَبِّئُکَ بِتَاۡوِیۡلِ مَا لَمۡ تَسۡتَطِعۡ عَّلَیۡہِ صَبۡرًا ﴿۷۹﴾
    18 : 79 Ал айтты: «Мына ушул – сени менен менин ортомдо ажырашуу (убактысы). Эми, мен сага өзүӊ сабыр кыла албай турган нерсенин акыйкатын айтамын.
  • اَمَّا السَّفِیۡنَۃُ فَکَانَتۡ لِمَسٰکِیۡنَ یَعۡمَلُوۡنَ فِی الۡبَحۡرِ فَاَرَدۡتُّ اَنۡ اَعِیۡبَہَا وَ کَانَ وَرَآءَہُمۡ مَّلِکٌ یَّاۡخُذُ کُلَّ سَفِیۡنَۃٍ غَصۡبًا ﴿۸۰﴾
    18 : 80 Кеме тууралуу келсек, ал деӊизде мээнет кылып жүргөн бир нече кембагал кишилерге тийиштүү болчу. Мен аны айыптуу кылып коюуга ниет кылдым, анткени ар бир кемени тартып ала турган бир падыша алардын артынан (келе жаткан) эле.
  • وَ اَمَّا الۡغُلٰمُ فَکَانَ اَبَوٰہُ مُؤۡمِنَیۡنِ فَخَشِیۡنَاۤ اَنۡ یُّرۡہِقَہُمَا طُغۡیَانًا وَّ کُفۡرًا ﴿ۚ۸۱﴾
    18 : 81 Ал эми балага келе турган болсок, анын ата-энеси – экөөсү момун болчу. Ошондуктан, биз ал бейбаштык жана шүкүрсүздүк кылган бойдон аларга чыдоо кыйын болгон жүктү салып койбосун деп корктук.
  • فَاَرَدۡنَاۤ اَنۡ یُّبۡدِلَہُمَا رَبُّہُمَا خَیۡرًا مِّنۡہُ زَکٰوۃً وَّ اَقۡرَبَ رُحۡمًا ﴿۸۲﴾
    18 : 82 Демек, биз өздөрүнүн Раббиси аларга тазалык жагынан андан жакшыраак жана көбүрөөк ырайым кылуучу орун басар берүүнү тиледик.
  • وَ اَمَّا الۡجِدَارُ فَکَانَ لِغُلٰمَیۡنِ یَتِیۡمَیۡنِ فِی الۡمَدِیۡنَۃِ وَ کَانَ تَحۡتَہٗ کَنۡزٌ لَّہُمَا وَ کَانَ اَبُوۡہُمَا صَالِحًا ۚ فَاَرَادَ رَبُّکَ اَنۡ یَّبۡلُغَاۤ اَشُدَّہُمَا وَ یَسۡتَخۡرِجَا کَنۡزَہُمَا ٭ۖ رَحۡمَۃً مِّنۡ رَّبِّکَ ۚ وَ مَا فَعَلۡتُہٗ عَنۡ اَمۡرِیۡ ؕ ذٰلِکَ تَاۡوِیۡلُ مَا لَمۡ تَسۡطِعۡ عَّلَیۡہِ صَبۡرًا ﴿ؕ٪۸۳﴾
    18 : 83 Ал эми дубалга келе турган болсок, ал шаарда жашоочу эки жетим баланыкы болчу. Анын астында алар үчүн казына бар жана алардын атасы такыба киши. Ошентип, Раббиӊ алардын балакат жашына жетүүлөрүн жана казыналарын чыгарып алууларын тилеген. Мына ушул – Раббиӊ тарабынан рахмат катары эле. Мен өз каалоом менен ушундай кылган эмесмин. Бул – сен сабыр кылууга күчүӊ жетпеген нерселердин акылмандыгы эле».
  • وَ یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنۡ ذِی الۡقَرۡنَیۡنِ ؕ قُلۡ سَاَتۡلُوۡا عَلَیۡکُمۡ مِّنۡہُ ذِکۡرًا ﴿ؕ۸۴﴾
    18 : 84 Алар сенден Зулкарнайын туурасында сурашат. Айткын: «Мен албетте, силерге анын зикиринен бир азын окуймун».
  • اِنَّا مَکَّنَّا لَہٗ فِی الۡاَرۡضِ وَ اٰتَیۡنٰہُ مِنۡ کُلِّ شَیۡءٍ سَبَبًا ﴿ۙ۸۵﴾
    18 : 85 Биз албетте, аны жерде туруктуу кылган элек жана ага ар түрдүү иштердин жол-мүмкүнчүлүктөрүн тартуулаган элек.
  • فَاَتۡبَعَ سَبَبًا ﴿۸۶﴾
    18 : 86 Анан ал бир жолго түштү.
  • حَتّٰۤی اِذَا بَلَغَ مَغۡرِبَ الشَّمۡسِ وَجَدَہَا تَغۡرُبُ فِیۡ عَیۡنٍ حَمِئَۃٍ وَّ وَجَدَ عِنۡدَہَا قَوۡمًا ۬ؕ قُلۡنَا یٰذَا الۡقَرۡنَیۡنِ اِمَّاۤ اَنۡ تُعَذِّبَ وَ اِمَّاۤ اَنۡ تَتَّخِذَ فِیۡہِمۡ حُسۡنًا ﴿۸۷﴾
    18 : 87 А түгүл ал күн бата турган жайга чейин жетип барганда, ал аны бир сасык ылайга батып жатканын көрдү жана анын жанында бир коомду учуратты. Биз айттык: «Эй, Зулкарнайын! Кааласаӊ, азап бер, кааласаӊ, аларга жакшы мамиле кыл».
  • قَالَ اَمَّا مَنۡ ظَلَمَ فَسَوۡفَ نُعَذِّبُہٗ ثُمَّ یُرَدُّ اِلٰی رَبِّہٖ فَیُعَذِّبُہٗ عَذَابًا نُّکۡرًا ﴿۸۸﴾
    18 : 88 Ал айтты: «Ким зулумдук кылган болсо, аны биз албетте, азаптайбыз, анан ал өз Раббисине кайтарылат, ошондо Ал ага (дагы) катуураак азап берет.
  • وَ اَمَّا مَنۡ اٰمَنَ وَ عَمِلَ صَالِحًا فَلَہٗ جَزَآءَۨ الۡحُسۡنٰی ۚ وَ سَنَقُوۡلُ لَہٗ مِنۡ اَمۡرِنَا یُسۡرًا ﴿ؕ۸۹﴾
    18 : 89 Ким ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, ага сыйлык катары бүтүндөй жакшылык болот. Биз Өз буйругубуз менен ал үчүн жеӊил өкүм кылабыз».
  • ثُمَّ اَتۡبَعَ سَبَبًا ﴿۹۰﴾
    18 : 90 Анан ал башка жол менен кетти.
  • حَتّٰۤی اِذَا بَلَغَ مَطۡلِعَ الشَّمۡسِ وَجَدَہَا تَطۡلُعُ عَلٰی قَوۡمٍ لَّمۡ نَجۡعَلۡ لَّہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِہَا سِتۡرًا ﴿ۙ۹۱﴾
    18 : 91 А түгүл ал күн чыга турган жайга чейин жетип барганда, ал аны бир ушундай коомдун үстүнө чыгып жатканын көрдү: Биз аларга ал (күн)дөн ары эч бир тосмо кылбаган элек.
  • کَذٰلِکَ ؕ وَ قَدۡ اَحَطۡنَا بِمَا لَدَیۡہِ خُبۡرًا ﴿۹۲﴾
    18 : 92 Ушундай болду. Биз анын ар бир тажрыйбасын курчап турган элек.
  • ثُمَّ اَتۡبَعَ سَبَبًا ﴿۹۳﴾
    18 : 93 Анан ал башка бир жол артынан кетти.
  • حَتّٰۤی اِذَا بَلَغَ بَیۡنَ السَّدَّیۡنِ وَجَدَ مِنۡ دُوۡنِہِمَا قَوۡمًا ۙ لَّا یَکَادُوۡنَ یَفۡقَہُوۡنَ قَوۡلًا ﴿۹۴﴾
    18 : 94 А түгүл ал эки дубалдын ортосуна жеткенде, ал экөөсүнүн аркы жагында сөздү түшүнбөгөн бир башка коомду учуратты.
  • قَالُوۡا یٰذَاالۡقَرۡنَیۡنِ اِنَّ یَاۡجُوۡجَ وَ مَاۡجُوۡجَ مُفۡسِدُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ فَہَلۡ نَجۡعَلُ لَکَ خَرۡجًا عَلٰۤی اَنۡ تَجۡعَلَ بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَہُمۡ سَدًّا ﴿۹۵﴾
    18 : 95 Алар айтышты: «Эй, Зулкарнайын! Албетте, Я'жуж жана Ма'жуж жерде бузгунчулук кылуучулар. Ошондуктан, сен алар менен биздин ортобузда кандайдыр бир тосмо куруп берүү шарты менен биз сага кандайдыр бир акы белгилесек, болобу?»
  • قَالَ مَا مَکَّنِّیۡ فِیۡہِ رَبِّیۡ خَیۡرٌ فَاَعِیۡنُوۡنِیۡ بِقُوَّۃٍ اَجۡعَلۡ بَیۡنَکُمۡ وَ بَیۡنَہُمۡ رَدۡمًا ﴿ۙ۹۶﴾
    18 : 96 Ал айтты: «Раббим мага тартуулаган туруктуулук жакшыраак. Демек, силер мага жалаӊ күч-кубат менен жардам бергиле, мен болсо, силер менен алардын ортосунда бир чоӊ тосмо курамын.
  • اٰتُوۡنِیۡ زُبَرَ الۡحَدِیۡدِ ؕ حَتّٰۤی اِذَا سَاوٰی بَیۡنَ الصَّدَفَیۡنِ قَالَ انۡفُخُوۡا ؕ حَتّٰۤی اِذَا جَعَلَہٗ نَارًا ۙ قَالَ اٰتُوۡنِیۡۤ اُفۡرِغۡ عَلَیۡہِ قِطۡرًا ﴿ؕ۹۷﴾
    18 : 97 Мага темир кесиндилерин алып келгиле. А түгүл ал эки тоонун ортосундагы жайды (толтуруп) тегиздегенде: «Эми от жаккыла», - деди. А түгүл ал аны отко айландырып койгондо: «Мага бергиле, мен мунун үстүнө жез куяйын!» - деди.
  • فَمَا اسۡطَاعُوۡۤا اَنۡ یَّظۡہَرُوۡہُ وَ مَا اسۡتَطَاعُوۡا لَہٗ نَقۡبًا ﴿۹۸﴾
    18 : 98 Ошентип, анын үстүнөн ашып өтүүгө дагы аларда кудурет жок эле жана аны тешип коюусуна дагы күчү жетпес.
  • قَالَ ہٰذَا رَحۡمَۃٌ مِّنۡ رَّبِّیۡ ۚ فَاِذَا جَآءَ وَعۡدُ رَبِّیۡ جَعَلَہٗ دَکَّآءَ ۚ وَ کَانَ وَعۡدُ رَبِّیۡ حَقًّا ﴿ؕ۹۹﴾
    18 : 99 Ал айтты: «Бул Раббимдин рахматы. Анан Раббимдин убадасы келгенде, Ал аны талкалап салат. Албетте, Раббимдин убадасы акыйкат».
  • وَ تَرَکۡنَا بَعۡضَہُمۡ یَوۡمَئِذٍ یَّمُوۡجُ فِیۡ بَعۡضٍ وَّ نُفِخَ فِی الصُّوۡرِ فَجَمَعۡنٰہُمۡ جَمۡعًا ﴿ۙ۱۰۰﴾
    18 : 100 Ал күнү Биз кудум толкундар сыяктуу алардан айрымдарына-айрымдарынын үстүнөн бастырып кетүүсүнө жол коёбуз. Сурнай чалынат жана Биз алардын баарын топтойбуз.
  • وَّ عَرَضۡنَا جَہَنَّمَ یَوۡمَئِذٍ لِّلۡکٰفِرِیۡنَ عَرۡضَا ۣ﴿۱۰۱﴾ۙ
    18 : 101 Анан Биз ошол күнү каапырлардын көз алдына тозокту келтирип коёбуз.
  • الَّذِیۡنَ کَانَتۡ اَعۡیُنُہُمۡ فِیۡ غِطَـآءٍ عَنۡ ذِکۡرِیۡ وَ کَانُوۡا لَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ سَمۡعًا ﴿۱۰۲﴾٪
    18 : 102 Тактап айтканда, көздөрү Менин зикиримден пардада болгон жана угууга дагы алы келбегендердин (алдына).
  • اَفَحَسِبَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَنۡ یَّتَّخِذُوۡا عِبَادِیۡ مِنۡ دُوۡنِیۡۤ اَوۡلِیَآءَ ؕ اِنَّـاۤ اَعۡتَدۡنَا جَہَنَّمَ لِلۡکٰفِرِیۡنَ نُزُلًا ﴿۱۰۳﴾
    18 : 103 Эмне, каапырлык кылгандар Менин ордума пенделеримди өздөрүнө коргоочу кылып алууну ойлошобу? Албетте, Биз каапырлар үчүн «зыяпат» катары тозокту даярдап койгонбуз.
  • قُلۡ ہَلۡ نُنَبِّئُکُمۡ بِالۡاَخۡسَرِیۡنَ اَعۡمَالًا ﴿۱۰۴﴾ؕ
    18 : 104 Айткын: «Биз силерге амалдар жагынан эӊ зыян көрүүчүлөрдүн кабарын берелиби?
  • اَلَّذِیۡنَ ضَلَّ سَعۡیُہُمۡ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ ہُمۡ یَحۡسَبُوۡنَ اَنَّہُمۡ یُحۡسِنُوۡنَ صُنۡعًا ﴿۱۰۵﴾
    18 : 105 Тактап айтканда, бардык аракеттери дүйнөлүк жашоонун талабына гана сиӊип кеткендердин. Алар: «Биз өнөр жайда эӊ жакшы иш кылуучубуз», - деп ойлошот».
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِ رَبِّہِمۡ وَ لِقَآئِہٖ فَحَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ فَلَا نُقِیۡمُ لَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ وَزۡنًا ﴿۱۰۶﴾
    18 : 106 Өз Раббисинин аяттарын жана Ага бетме-бет болуусун четке каккандар – мына ошолор. Демек, алардын амалдары текке кетти жана кыямат күнү Биз аларга эч кандай маани бербейбиз.
  • ذٰلِکَ جَزَآؤُہُمۡ جَہَنَّمُ بِمَا کَفَرُوۡا وَ اتَّخَذُوۡۤا اٰیٰتِیۡ وَ رُسُلِیۡ ہُزُوًا ﴿۱۰۷﴾
    18 : 107 Алардын «сыйлыгы» – мына ошол тозок, анткени алар каапырлык кылышты жана Менин аят-жышаандарымды жана Менин пайгамбарларымды маскара кылышкан эле.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ کَانَتۡ لَہُمۡ جَنّٰتُ الۡفِرۡدَوۡسِ نُزُلًا ﴿۱۰۸﴾ۙ
    18 : 108 Албетте, ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар – алар үчүн зыяпат катары Фирдаус бейиштери бар.
  • خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا لَا یَبۡغُوۡنَ عَنۡہَا حِوَلًا ﴿۱۰۹﴾
    18 : 109 Алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калуучулар; алар эч качан алардан айрылууну каалашпайт.
  • قُلۡ لَّوۡ کَانَ الۡبَحۡرُ مِدَادًا لِّکَلِمٰتِ رَبِّیۡ لَنَفِدَ الۡبَحۡرُ قَبۡلَ اَنۡ تَنۡفَدَ کَلِمٰتُ رَبِّیۡ وَ لَوۡ جِئۡنَا بِمِثۡلِہٖ مَدَدًا ﴿۱۱۰﴾
    18 : 110 Айткын: «Эгер деӊиздер Раббимдин сөздөрү үчүн сыя болсо, Раббимдин сөздөрү бүтүштөн мурунураак деӊиздер албетте, түгөнүп калат, мейли Биз жардам катары ушул сыяктуу (башка деӊиз)дерди алып келсек (дагы)».
  • قُلۡ اِنَّمَاۤ اَنَا بَشَرٌ مِّثۡلُکُمۡ یُوۡحٰۤی اِلَیَّ اَنَّمَاۤ اِلٰـہُکُمۡ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ ۚ فَمَنۡ کَانَ یَرۡجُوۡا لِقَآءَ رَبِّہٖ فَلۡیَعۡمَلۡ عَمَلًا صَالِحًا وَّ لَا یُشۡرِکۡ بِعِبَادَۃِ رَبِّہٖۤ اَحَدًا ﴿۱۱۱﴾٪
    18 : 111 Айткын: «Мен болгону силер сыяктуу бир адаммын. Мага: «Силердин Кудайыӊар жалгыз Кудай», - деп вахий-аян кылынат. Демек, ким Раббисине жолугууну арзуу кыла турган болсо, ал жакшы амалдарды (дагы) кылсын жана Раббисинин ибадатында эч нерсени (Ага) шерик кылбасын».
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via