Курани карим Ал-Фуркаан • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الفُرقان

Ал-Фуркаан

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    25 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • تَبٰرَکَ الَّذِیۡ نَزَّلَ الۡفُرۡقَانَ عَلٰی عَبۡدِہٖ لِیَکُوۡنَ لِلۡعٰلَمِیۡنَ نَذِیۡرَا ۙ﴿۲﴾
    25 : 2 Бардык ааламдар үчүн кулактандыруучу болсун деп Өзүнүн пендесине Фуркаан түшүргөн (Алла) абдан берекелүү.
  • ۣالَّذِیۡ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ لَمۡ یَتَّخِذۡ وَلَدًا وَّ لَمۡ یَکُنۡ لَّہٗ شَرِیۡکٌ فِی الۡمُلۡکِ وَ خَلَقَ کُلَّ شَیۡءٍ فَقَدَّرَہٗ تَقۡدِیۡرًا ﴿۳﴾
    25 : 3 Тактап айтканда асмандар жана жердин падышачылыгы ээси болгон (Алла); Ал Өзүнө уул тутпаган жана падышалыкта шериги дагы жок; Ал ар бир нерсени жараткан жана аны бир сонун өлчөмгө ылайыкташтырган.
  • وَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اٰلِہَۃً لَّا یَخۡلُقُوۡنَ شَیۡئًا وَّ ہُمۡ یُخۡلَقُوۡنَ وَ لَا یَمۡلِکُوۡنَ لِاَنۡفُسِہِمۡ ضَرًّا وَّ لَا نَفۡعًا وَّ لَا یَمۡلِکُوۡنَ مَوۡتًا وَّ لَا حَیٰوۃً وَّ لَا نُشُوۡرًا ﴿۴﴾
    25 : 4 Алар Ал (Алла)ны коюп, эч нерсени жаратпаган, ал эми өздөрү жаратылган жана өздөрүнө кандайдыр бир зыян да, пайда да жеткирүүгө кудурети болбогон, ошондой эле жашоо, өлүм жана кайра тирилтүүгө күчү болбогон нерселерди өздөрүнө кудай кылып алышты.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّاۤ اِفۡکُ ۣافۡتَرٰٮہُ وَ اَعَانَہٗ عَلَیۡہِ قَوۡمٌ اٰخَرُوۡنَ ۚۛ فَقَدۡ جَآءُوۡ ظُلۡمًا وَّ زُوۡرًا ۚ﴿ۛ۵﴾
    25 : 5 Каапыр болгондор: «Бул нерсе ал ойлоп чыгарган жалгандан бөлөк эч нерсе эмес жана башка кишилер ага бул иште жардам бергендир», - дешти. Ошентип, албетте, алар бүтүндөй зулумдук кылышты жана кызылдай жалган сүйлөштү.
  • وَ قَالُوۡۤا اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ اکۡتَتَبَہَا فَہِیَ تُمۡلٰی عَلَیۡہِ بُکۡرَۃً وَّ اَصِیۡلًا ﴿۶﴾
    25 : 6 Жана алар айтышты: «Бул – ал жаздырып алган илгеркилерден калган жомоктор. Демек, булар ага таӊкысын жана түнкүсүн окулуп берилет».
  • قُلۡ اَنۡزَلَہُ الَّذِیۡ یَعۡلَمُ السِّرَّ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ اِنَّہٗ کَانَ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۷﴾
    25 : 7 Айт: «Асмандар жана жердеги сырды билген (Алла) аны түшүргөн. Албетте, Ал өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу».
  • وَ قَالُوۡا مَالِ ہٰذَا الرَّسُوۡلِ یَاۡکُلُ الطَّعَامَ وَ یَمۡشِیۡ فِی الۡاَسۡوَاقِ ؕ لَوۡ لَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡہِ مَلَکٌ فَیَکُوۡنَ مَعَہٗ نَذِیۡرًا ۙ﴿۸﴾
    25 : 8 Жана алар айтышат: «Ушул Пайгамбарга эмне болгон өзү? Тамак жейт жана базарларда жүрөт; эмнеге аны менен бирге (адамдарды) кулактандыруучу бир периште ага түшүрүлгөн эмес?
  • اَوۡ یُلۡقٰۤی اِلَیۡہِ کَنۡزٌ اَوۡ تَکُوۡنُ لَہٗ جَنَّۃٌ یَّاۡکُلُ مِنۡہَا ؕ وَ قَالَ الظّٰلِمُوۡنَ اِنۡ تَتَّبِعُوۡنَ اِلَّا رَجُلًا مَّسۡحُوۡرًا ﴿۹﴾
    25 : 9 Же болбосо, ага кандайдыр бир казына түшүрүлсө, же анын кандайдыр бир багы болуп, ал андан азыктанса?» Заалимдер айтышты: «Силер албетте, бир сыйкырланган кишини гана ээрчүүдөсүӊөр».
  • اُنۡظُرۡ کَیۡفَ ضَرَبُوۡا لَکَ الۡاَمۡثَالَ فَضَلُّوۡا فَلَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ سَبِیۡلًا ﴿٪۱۰﴾
    25 : 10 Карагын, алар сен жөнүндө кандай мисалдарды келтиришет?! Демек, алар туура жолдон адашкандар, алар эч бир жол таба алышпайт.
  • تَبٰرَکَ الَّذِیۡۤ اِنۡ شَآءَ جَعَلَ لَکَ خَیۡرًا مِّنۡ ذٰلِکَ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۙ وَ یَجۡعَلۡ لَّکَ قُصُوۡرًا ﴿۱۱﴾
    25 : 11 Эгер берекелердин ээси болгон Алла каалаганда, сага мындан дагы жакшыраак нерселерди – ортосунан дайралар агып өтө турган бактарды жаратмак жана сага абдан көп салтанаттуу сарайларды жасап коймок эле.
  • بَلۡ کَذَّبُوۡا بِالسَّاعَۃِ ۟ وَ اَعۡتَدۡنَا لِمَنۡ کَذَّبَ بِالسَّاعَۃِ سَعِیۡرًا ﴿ۚ۱۲﴾
    25 : 12 Акыйкатта, алар «Сааттын» өзүн дагы четке кагып отурушат. Биз «Саатты» четке каккандарга бир жалындуу отту даярдап койгонбуз.
  • اِذَا رَاَتۡہُمۡ مِّنۡ مَّکَانٍۭ بَعِیۡدٍ سَمِعُوۡا لَہَا تَغَیُّظًا وَّ زَفِیۡرًا ﴿۱۳﴾
    25 : 13 Ал – тозок аларды али алыстан көргөндө, алар анын каарынан кайнап турган үнүн жана кыйкырыктарын угушат.
  • وَ اِذَاۤ اُلۡقُوۡا مِنۡہَا مَکَانًا ضَیِّقًا مُّقَرَّنِیۡنَ دَعَوۡا ہُنَالِکَ ثُبُوۡرًا ﴿ؕ۱۴﴾
    25 : 14 Анын ичинде алар кишенделген бойдон бир тар жайга ыргытылганында – ошондо алар өлүмдү чакырышат.
  • لَا تَدۡعُوا الۡیَوۡمَ ثُبُوۡرًا وَّاحِدًا وَّ ادۡعُوۡا ثُبُوۡرًا کَثِیۡرًا ﴿۱۵﴾
    25 : 15 «Бүгүн силер болгону бир гана балекетти чакырбагыла, жок, көбүрөөк балекеттерди чакыргыла».
  • قُلۡ اَذٰلِکَ خَیۡرٌ اَمۡ جَنَّۃُ الۡخُلۡدِ الَّتِیۡ وُعِدَ الۡمُتَّقُوۡنَ ؕ کَانَتۡ لَہُمۡ جَزَآءً وَّ مَصِیۡرًا ﴿۱۶﴾
    25 : 16 Сурагын: «Бул (нерсе) жакшыраакпы же такыбаларга убада кылынган дайымкы бейишпи?» Ал алар үчүн (чыныгы) сыйлык болот жана кайтып бара турган жайы дагы.
  • لَہُمۡ فِیۡہَا مَا یَشَآءُوۡنَ خٰلِدِیۡنَ ؕ کَانَ عَلٰی رَبِّکَ وَعۡدًا مَّسۡـُٔوۡلًا ﴿۱۷﴾
    25 : 17 Анын ичинде түбөлүккө калган бойдон аларга өздөрү каалаган баардык нерселери насип болот. Бул ушундай убада: аны ишке ашыруу Раббиӊе лаазым.
  • وَ یَوۡمَ یَحۡشُرُہُمۡ وَ مَا یَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ فَیَقُوۡلُ ءَاَنۡتُمۡ اَضۡلَلۡتُمۡ عِبَادِیۡ ہٰۤؤُلَآءِ اَمۡ ہُمۡ ضَلُّوا السَّبِیۡلَ ﴿ؕ۱۸﴾
    25 : 18 Ал (Алла) аларды да, алар Алланы коюп, ордуна ибадат кылып жүргөн нерселерди да топтой турган күн(дү эстегиле). Ошондо Ал аларга: «Менин мына ушул пенделеримди силер адаштырдыӊарбы, же алар өздөрү туура жолдон адашып кетишкен беле?» - дейт.
  • قَالُوۡا سُبۡحٰنَکَ مَا کَانَ یَنۡۢبَغِیۡ لَنَاۤ اَنۡ نَّتَّخِذَ مِنۡ دُوۡنِکَ مِنۡ اَوۡلِیَآءَ وَ لٰکِنۡ مَّتَّعۡتَہُمۡ وَ اٰبَآءَہُمۡ حَتّٰی نَسُوا الذِّکۡرَ ۚ وَ کَانُوۡا قَوۡمًۢا بُوۡرًا ﴿۱۹﴾
    25 : 19 Алар айтышат: «Сен тазасыӊ! Сени коюп, башка бирөөнү өзүбүзгө дос кылып алуу бизге жарашпайт. Бирок, Сен аларга жана ата-бабаларына бир аз пайда келтирдиӊ, а түгүл алар (Сени) эскерүүнү унутуп жиберишти жана ойрон болуучу коом болуп калышты».
  • فَقَدۡ کَذَّبُوۡکُمۡ بِمَا تَقُوۡلُوۡنَ ۙ فَمَا تَسۡتَطِیۡعُوۡنَ صَرۡفًا وَّ لَا نَصۡرًا ۚ وَ مَنۡ یَّظۡلِمۡ مِّنۡکُمۡ نُذِقۡہُ عَذَابًا کَبِیۡرًا ﴿۲۰﴾
    25 : 20 Алар болсо, силер айтып жаткан нерселерди жалганга чыгарышты. Демек, азапты кайтарууга да, жардам (алуу)га да күчүӊөр жетпейт. Араӊардан кимде-ким зулумдук кылса, ага Биз бир үлкөн азап таттырабыз.
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا قَبۡلَکَ مِنَ الۡمُرۡسَلِیۡنَ اِلَّاۤ اِنَّہُمۡ لَیَاۡکُلُوۡنَ الطَّعَامَ وَ یَمۡشُوۡنَ فِی الۡاَسۡوَاقِ ؕ وَ جَعَلۡنَا بَعۡضَکُمۡ لِبَعۡضٍ فِتۡنَۃً ؕ اَتَصۡبِرُوۡنَ ۚ وَ کَانَ رَبُّکَ بَصِیۡرًا ﴿٪۲۱﴾
    25 : 21 Биз сенден илгери жиберген баардык пайгамбарлар дагы, албетте, тамактанышчу жана базарларда жүрүшчү. Биз айрымдарыӊарды-айрымдарыӊарга сыноо куралы кылып койдук. Силер сабыр кыласыӊарбы? Раббиӊ тереӊ күзөтүүчү.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ لَا یَرۡجُوۡنَ لِقَآءَنَا لَوۡ لَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡنَا الۡمَلٰٓئِکَۃُ اَوۡ نَرٰی رَبَّنَا ؕ لَقَدِ اسۡتَکۡبَرُوۡا فِیۡۤ اَنۡفُسِہِمۡ وَ عَتَوۡ عُتُوًّا کَبِیۡرًا ﴿۲۲﴾
    25 : 22 Биз менен жолугууну үмүт кылбай тургандар: «Эмнеге бизге периштелер түшүрүлбөгөн? Же биз Раббибизди (көздөрүбүз менен) көрсөк кана!» - дешти. Албетте, алар өздөрүн абдан бийик тутушту жана абдан чоӊ баш ийбестик кылышты.
  • یَوۡمَ یَرَوۡنَ الۡمَلٰٓئِکَۃَ لَا بُشۡرٰی یَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُجۡرِمِیۡنَ وَ یَقُوۡلُوۡنَ حِجۡرًا مَّحۡجُوۡرًا ﴿۲۳﴾
    25 : 23 Алар периштелерди көрө турган күнү – ошол күнү күнөөкөрлөр үчүн эч кандай куш кабар болбойт жана алар (азаптын периштелерине) айтышат: «Эч качан жок болбой турган тосук жакшыраак».
  • وَ قَدِمۡنَاۤ اِلٰی مَا عَمِلُوۡا مِنۡ عَمَلٍ فَجَعَلۡنٰہُ ہَبَآءً مَّنۡثُوۡرًا ﴿۲۴﴾
    25 : 24 Жана Биз алардын кылган ар бир амалына жүз бурабыз. Аны Биз тозгон чаӊ-тозоӊго айландырып коёбуз.
  • اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ یَوۡمَئِذٍ خَیۡرٌ مُّسۡتَقَرًّا وَّ اَحۡسَنُ مَقِیۡلًا ﴿۲۵﴾
    25 : 25 Бейиш ээлери ошол күнү дайымкы турак жай жагынан дагы эӊ жакшы болушат, убактылуу эс алчу жайы жагынан дагы эӊ жакшы болушат.
  • وَ یَوۡمَ تَشَقَّقُ السَّمَآءُ بِالۡغَمَامِ وَ نُزِّلَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ تَنۡزِیۡلًا ﴿۲۶﴾
    25 : 26 Асман булуттар(дын күркүрөшү)нөн жарыла баштай турган жана периштелер топ-топ түшүрүлө турган күн(дү эстегиле).
  • اَلۡمُلۡکُ یَوۡمَئِذِ ۣالۡحَقُّ لِلرَّحۡمٰنِ ؕ وَ کَانَ یَوۡمًا عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ عَسِیۡرًا ﴿۲۷﴾
    25 : 27 Чыныгы падышачылык ошол күнү Рахмаан үчүн болот жана ал күн каапырлар үчүн абдан оор болот.
  • وَ یَوۡمَ یَعَضُّ الظَّالِمُ عَلٰی یَدَیۡہِ یَقُوۡلُ یٰلَیۡتَنِی اتَّخَذۡتُ مَعَ الرَّسُوۡلِ سَبِیۡلًا ﴿۲۸﴾
    25 : 28 (Эстегиле), ошол күнү заалим (өкүнүчтөн) бармактарын тиштейт жана айтат: «Атаганат, мен Пайгамбар менен бирге жол тутканымда, кана!
  • یٰوَیۡلَتٰی لَیۡتَنِیۡ لَمۡ اَتَّخِذۡ فُلَانًا خَلِیۡلًا ﴿۲۹﴾
    25 : 29 Оо, мен куруп калайын! Атаганат, мен баланчаны жакын дос тутпаганымда, кана!
  • لَقَدۡ اَضَلَّنِیۡ عَنِ الذِّکۡرِ بَعۡدَ اِذۡ جَآءَنِیۡ ؕ وَ کَانَ الشَّیۡطٰنُ لِلۡاِنۡسَانِ خَذُوۡلًا ﴿۳۰﴾
    25 : 30 Ал албетте, менин алдыма келгенден кийин мени (Алланы) эскерүүдөн азгырды. Шайтан адамды жардамсыз калтыруучу».
  • وَ قَالَ الرَّسُوۡلُ یٰرَبِّ اِنَّ قَوۡمِی اتَّخَذُوۡا ہٰذَا الۡقُرۡاٰنَ مَہۡجُوۡرًا ﴿۳۱﴾
    25 : 31 Пайгамбар айтат: «Эй, Раббим! Албетте, менин коомум ушул Куранды (арттарына) таштап койду».
  • وَ کَذٰلِکَ جَعَلۡنَا لِکُلِّ نَبِیٍّ عَدُوًّا مِّنَ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ؕ وَ کَفٰی بِرَبِّکَ ہَادِیًا وَّ نَصِیۡرًا ﴿۳۲﴾
    25 : 32 Ушундай кылып, Биз ар бир пайгамбарга күнөөкөрлөрдөн душман кылып коёбуз. Раббиӊ хидаят кылуучу жана жардамчы катары жетиштүү.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَوۡ لَا نُزِّلَ عَلَیۡہِ الۡقُرۡاٰنُ جُمۡلَۃً وَّاحِدَۃً ۚۛ کَذٰلِکَ ۚۛ لِنُثَبِّتَ بِہٖ فُؤَادَکَ وَ رَتَّلۡنٰہُ تَرۡتِیۡلًا ﴿۳۳﴾
    25 : 33 Каапыр болгондор: «Эмнеге ага Куран бир эле жолу түшүрүлбөгөн?» - дешет. Анын жардамында сенин жүрөгүӊдү бекемдөөбүз үчүн мына ушундай (түшүрүлүшү шарт болчу). (Ушинтип), Биз аны абдан туруктуу жана түшүнүктүү кылдык.
  • وَ لَا یَاۡتُوۡنَکَ بِمَثَلٍ اِلَّا جِئۡنٰکَ بِالۡحَقِّ وَ اَحۡسَنَ تَفۡسِیۡرًا ﴿ؕ۳۴﴾
    25 : 34 Алар сенин алдыӊа кандай гана далил келтирбесин, Биз (ага жооп түрүндө) сага чындык алып келебиз жана (анын) эӊ сонун чечмеленишин дагы.
  • اَلَّذِیۡنَ یُحۡشَرُوۡنَ عَلٰی وُجُوۡہِہِمۡ اِلٰی جَہَنَّمَ ۙ اُولٰٓئِکَ شَرٌّ مَّکَانًا وَّ اَضَلُّ سَبِیۡلًا ﴿٪۳۵﴾
    25 : 35 Жүзү жер карап тозок тарапка алып барыла тургандар – мына ошолор орун жагынан эӊ жаман жана жол жагынан эӊ адашкандар.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسَی الۡکِتٰبَ وَ جَعَلۡنَا مَعَہٗۤ اَخَاہُ ہٰرُوۡنَ وَزِیۡرًا ﴿ۚۖ۳۶﴾
    25 : 36 Албетте, Биз Мусага Китеп тартууладык жана аны менен бирге анын тууганы Хаарунду (ага) жардамчы кылдык.
  • فَقُلۡنَا اذۡہَبَاۤ اِلَی الۡقَوۡمِ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا ؕ فَدَمَّرۡنٰہُمۡ تَدۡمِیۡرًا ﴿ؕ۳۷﴾
    25 : 37 Ошентип, Биз: «Экөөӊөр Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган коомго баргыла», - дедик. Анан Биз ал (адам)дарды бүтүндөй ойрон кылып жибердик.
  • وَ قَوۡمَ نُوۡحٍ لَّمَّا کَذَّبُوا الرُّسُلَ اَغۡرَقۡنٰہُمۡ وَ جَعَلۡنٰہُمۡ لِلنَّاسِ اٰیَۃً ؕ وَ اَعۡتَدۡنَا لِلظّٰلِمِیۡنَ عَذَابًا اَلِیۡمًا ﴿ۚۖ۳۸﴾
    25 : 38 Жана Нух коомун дагы; алар пайгамбарларды жалганчыга чыгарышканда, Биз аларды чөктүрүп жибердик жана аларды адамдар үчүн бир аят-белги кылып койдук. Заалимдер үчүн Биз абдан оор азапты даярдап койгонбуз.
  • وَّ عَادًا وَّ ثَمُوۡدَا۠ وَ اَصۡحٰبَ الرَّسِّ وَ قُرُوۡنًۢا بَیۡنَ ذٰلِکَ کَثِیۡرًا ﴿۳۹﴾
    25 : 39 Аад, Самуд жана кудук ээлерин дагы; ошондой эле мына ошол (доорлор)до болгон көптөгөн коомдорду дагы.
  • وَ کُلًّا ضَرَبۡنَا لَہُ الۡاَمۡثَالَ ۫ وَ کُلًّا تَبَّرۡنَا تَتۡبِیۡرًا ﴿۴۰﴾
    25 : 40 Ар бири үчүн Биз (ибараттуу) мисалдарды баян кылдык жана (акыры) баардыгын Биз бүтүндөй жок кылып жибердик.
  • وَ لَقَدۡ اَتَوۡا عَلَی الۡقَرۡیَۃِ الَّتِیۡۤ اُمۡطِرَتۡ مَطَرَ السَّوۡءِ ؕ اَفَلَمۡ یَکُوۡنُوۡا یَرَوۡنَہَا ۚ بَلۡ کَانُوۡا لَا یَرۡجُوۡنَ نُشُوۡرًا ﴿۴۱﴾
    25 : 41 Алар (сага каршы чыккандар) абдан жаман жамгыр жаадырылган кыштактан (кайра-кайра) өтүшкөн. Демек, алар ага көӊүл бура алышпадыбы? Чынында, алар кайра тирилүүнү үмүт кылышпайт.
  • وَ اِذَا رَاَوۡکَ اِنۡ یَّتَّخِذُوۡنَکَ اِلَّا ہُزُوًا ؕ اَہٰذَا الَّذِیۡ بَعَثَ اللّٰہُ رَسُوۡلًا ﴿۴۲﴾
    25 : 42 Алар сени көргөндөрүндө: «Алла Пайгамбар кылып жиберген киши – мына ушулбу?» - (деп) болгону сени маскара кылышат.
  • اِنۡ کَادَ لَیُضِلُّنَا عَنۡ اٰلِہَتِنَا لَوۡ لَاۤ اَنۡ صَبَرۡنَا عَلَیۡہَا ؕ وَ سَوۡفَ یَعۡلَمُوۡنَ حِیۡنَ یَرَوۡنَ الۡعَذَابَ مَنۡ اَضَلُّ سَبِیۡلًا ﴿۴۳﴾
    25 : 43 «Эгер Биз аларга (кудайларыбызга) сабыр кылып отурбаганыбызда, анын бизди кудайларыбыз жөнүндө жолдон чыгарып коюусуна аз калган эле». Алар азапты көргөндөрүндө, жол жагынан ким эӊ адашкан экендигин албетте, билип алышат.
  • اَرَءَیۡتَ مَنِ اتَّخَذَ اِلٰـہَہٗ ہَوٰٮہُ ؕ اَفَاَنۡتَ تَکُوۡنُ عَلَیۡہِ وَکِیۡلًا ﴿ۙ۴۴﴾
    25 : 44 Өз жеӊил напсисин өзүнө кудай кылып алган бирөөнү көрдүӊбү? Демек, сен ага дагы кепил боло аласыӊбы?
  • اَمۡ تَحۡسَبُ اَنَّ اَکۡثَرَہُمۡ یَسۡمَعُوۡنَ اَوۡ یَعۡقِلُوۡنَ ؕ اِنۡ ہُمۡ اِلَّا کَالۡاَنۡعَامِ بَلۡ ہُمۡ اَضَلُّ سَبِیۡلًا ﴿٪۴۵﴾
    25 : 45 Алардын көпчүлүгү угушат же түшүнүшөт деп ойлойсуӊбу? (Жок!) Алар чарба малдары сыяктуу, жок, алар (андан дагы) көбүрөөк жолдон адашкандар.
  • اَلَمۡ تَرَ اِلٰی رَبِّکَ کَیۡفَ مَدَّ الظِّلَّ ۚ وَ لَوۡ شَآءَ لَجَعَلَہٗ سَاکِنًا ۚ ثُمَّ جَعَلۡنَا الشَّمۡسَ عَلَیۡہِ دَلِیۡلًا ﴿ۙ۴۶﴾
    25 : 46 Раббиӊ көлөкөнү кандай жайып жатканын көрбөдүӊбү? Эгер Ал (Алла) каалаганда, аны кыймылсыз кылып койгон болоор эле. Анан Биз күндү анын үстүнөн белгилөөчү кылдык.
  • ثُمَّ قَبَضۡنٰہُ اِلَیۡنَا قَبۡضًا یَّسِیۡرًا ﴿۴۷﴾
    25 : 47 Анан Биз ал (көлөкө)нү Өзүбүз жакка акырындан жыйыштырып алабыз.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الَّیۡلَ لِبَاسًا وَّ النَّوۡمَ سُبَاتًا وَّ جَعَلَ النَّہَارَ نُشُوۡرًا ﴿۴۸﴾
    25 : 48 Ал (Алла) гана силер үчүн түндү кийим кылган, уйкуну эс алуу куралы жана күндүздү таркалуу куралы кылган.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَرۡسَلَ الرِّیٰحَ بُشۡرًۢا بَیۡنَ یَدَیۡ رَحۡمَتِہٖ ۚ وَ اَنۡزَلۡنَا مِنَ السَّمَآءِ مَآءً طَہُوۡرًا ﴿ۙ۴۹﴾
    25 : 49 Ал (Алла) гана Өз рахматынын алдынан шамалдарды куш кабар берген бойдон жиберген. Биз асмандан таза сууну түшүрдүк.
  • لِّنُحۡیِۦَ بِہٖ بَلۡدَۃً مَّیۡتًا وَّ نُسۡقِیَہٗ مِمَّا خَلَقۡنَاۤ اَنۡعَامًا وَّ اَنَاسِیَّ کَثِیۡرًا ﴿۵۰﴾
    25 : 50 Анын жардамында бир өлүк жерди тирилтишибиз жана аны менен Биз абдан көп чарба малдары жана адамдар сүрөтүндө жараткандарыбызды сугарышыбыз үчүн.
  • وَ لَقَدۡ صَرَّفۡنٰہُ بَیۡنَہُمۡ لِیَذَّکَّرُوۡا ۫ۖ فَاَبٰۤی اَکۡثَرُ النَّاسِ اِلَّا کُفُوۡرًا ﴿۵۱﴾
    25 : 51 Албетте, алар ибарат алышсын үчүн Биз алардын ортосунда аны ачык-айкын баян кылдык. Бирок көптөгөн кишилер болгону шүкүрсүздүк кылган бойдон четке кагышты.
  • وَ لَوۡ شِئۡنَا لَبَعَثۡنَا فِیۡ کُلِّ قَرۡیَۃٍ نَّذِیۡرًا ﴿۫ۖ۵۲﴾
    25 : 52 Эгер Биз каалаганыбызда, ар бир кыштакка кандайдыр бир кулактандыруучуну албетте, жиберген болоор элек.
  • فَلَا تُطِعِ الۡکٰفِرِیۡنَ وَ جَاہِدۡہُمۡ بِہٖ جِہَادًا کَبِیۡرًا ﴿۵۳﴾
    25 : 53 Демек, каапырларды ээрчибе жана ушул (Куран) аркылуу алар менен улуу жихад кыл.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ مَرَجَ الۡبَحۡرَیۡنِ ہٰذَا عَذۡبٌ فُرَاتٌ وَّ ہٰذَا مِلۡحٌ اُجَاجٌ ۚ وَ جَعَلَ بَیۡنَہُمَا بَرۡزَخًا وَّ حِجۡرًا مَّحۡجُوۡرًا ﴿۵۴﴾
    25 : 54 Ал (Алла) гана эки деӊизди кошуп коёт; мунусу абдан ширин жана мына мунусу болсо, абдан шор (жана) ачуу. Ал (Алла (азырынча) ал экөөсүнүн ортосунда бузууга болбой турган бир тосмо жана ажырымды койгон.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَ مِنَ الۡمَآءِ بَشَرًا فَجَعَلَہٗ نَسَبًا وَّ صِہۡرًا ؕ وَ کَانَ رَبُّکَ قَدِیۡرًا ﴿۵۵﴾
    25 : 55 Ал (Алла) гана адамзатты суудан жаратты жана аны укум-тукум менен кайын жагынан туугандыкка байлап койду. Раббиӊ дайыма кудуреттүү.
  • وَ یَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَا یَنۡفَعُہُمۡ وَ لَا یَضُرُّہُمۡ ؕ وَ کَانَ الۡکَافِرُ عَلٰی رَبِّہٖ ظَہِیۡرًا ﴿۵۶﴾
    25 : 56 Алар Алланы коюп, ордуна өздөрүнө пайда дагы, зыян дагы келтире албай турган нерселерге ибадат кылышат. Каапыр өзүнүн Раббисинин каршысында (башкалардын) көмөкчүсү.
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ اِلَّا مُبَشِّرًا وَّ نَذِیۡرًا ﴿۵۷﴾
    25 : 57 Биз сени болгону куш кабар берүүчү жана эскертүүчү кылып жөнөттүк.
  • قُلۡ مَاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ مِنۡ اَجۡرٍ اِلَّا مَنۡ شَآءَ اَنۡ یَّتَّخِذَ اِلٰی رَبِّہٖ سَبِیۡلًا ﴿۵۸﴾
    25 : 58 Айт: «Мен бул үчүн силерден эч бир акы талап кылбаймын. Ооба, ким кааласа, өз Раббисине бара турган жолду тандай алат».
  • وَ تَوَکَّلۡ عَلَی الۡحَیِّ الَّذِیۡ لَا یَمُوۡتُ وَ سَبِّحۡ بِحَمۡدِہٖ ؕ وَ کَفٰی بِہٖ بِذُنُوۡبِ عِبَادِہٖ خَبِیۡرَا ﴿ۚۛۙ۵۹﴾
    25 : 59 Эч качан өлбөй турган тирүү (Алла)га тобокел кыл жана Анын мактоосу менен Аны улукта. Ал (Алла) Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн кабардар болуу жагынан абдан жетиштүү.
  • ۣالَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَا فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ ثُمَّ اسۡتَوٰی عَلَی الۡعَرۡشِ ۚۛ اَلرَّحۡمٰنُ فَسۡـَٔلۡ بِہٖ خَبِیۡرًا ﴿۶۰﴾
    25 : 60 Ал асмандар жана жерди, ошон дой эле ал экөөсүнүн ортосундагы баардык нерселерди алты күндө жаратып, анан Аршта жайгашты. Ал – Рахмаан. Демек, Ал жөнүндө кандайдыр бир кабардардан сура.
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمُ اسۡجُدُوۡا لِلرَّحۡمٰنِ قَالُوۡا وَ مَا الرَّحۡمٰنُ ٭ اَنَسۡجُدُ لِمَا تَاۡمُرُنَا وَ زَادَہُمۡ نُفُوۡرًا ﴿٪ٛ۶۱﴾
    25 : 61 Аларга: «Рахмаандын алдында сажда кылгыла», - деп айтылганда, алар: «Рахмаан эмне Өзү? Сен бизге буюра турган нерсеге сажда кылалыбы?» - дешет. Бул (нерсе) алардын жек көрүүсүн дагы арттырып жиберди.
  • تَبٰرَکَ الَّذِیۡ جَعَلَ فِی السَّمَآءِ بُرُوۡجًا وَّ جَعَلَ فِیۡہَا سِرٰجًا وَّ قَمَرًا مُّنِیۡرًا ﴿۶۲﴾
    25 : 62 Асманда топ жылдыздарды жараткан жана ал (асман)да бир жарык чырак (күн)дү жана бир жаркырап турган айды жараткан (Алла) гана берекелүү.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَ الَّیۡلَ وَ النَّہَارَ خِلۡفَۃً لِّمَنۡ اَرَادَ اَنۡ یَّذَّکَّرَ اَوۡ اَرَادَ شُکُوۡرًا ﴿۶۳﴾
    25 : 63 Ал (Алла) гана насаат алмакчы же шүкүр кылмакчы болгон киши үчүн түн жана күндүздү бири-биринен кийин келүүчү кылган.
  • وَ عِبَادُ الرَّحۡمٰنِ الَّذِیۡنَ یَمۡشُوۡنَ عَلَی الۡاَرۡضِ ہَوۡنًا وَّ اِذَا خَاطَبَہُمُ الۡجٰہِلُوۡنَ قَالُوۡا سَلٰمًا ﴿۶۴﴾
    25 : 64 Жерде жөнөкөйлүк менен жүрө турган жана сабатсыздар өздөрүнө кайрылганда, (жообунда): «Салам!» - дей тургандар гана Рахмаандын пенделери.
  • وَ الَّذِیۡنَ یَبِیۡتُوۡنَ لِرَبِّہِمۡ سُجَّدًا وَّ قِیَامًا ﴿۶۵﴾
    25 : 65 Жана Раббиси үчүн түнкүсүн сажда жана кыям кылган бойдон өткөрө тургандар (дагы);
  • وَ الَّذِیۡنَ یَقُوۡلُوۡنَ رَبَّنَا اصۡرِفۡ عَنَّا عَذَابَ جَہَنَّمَ ٭ۖ اِنَّ عَذَابَہَا کَانَ غَرَامًا ﴿٭ۖ۶۶﴾
    25 : 66 «Эй, Раббибиз! Бизден тозок азабын узакташтырып койгун», - дей тургандар (дагы). Албетте, Анын азабы жабышуучу.
  • اِنَّہَا سَآءَتۡ مُسۡتَقَرًّا وَّ مُقَامًا ﴿۶۷﴾
    25 : 67 Албетте, ал убактылуу турак жай жагынан дагы абдан жаман, түбөлүк турак жай жагынан дагы.
  • وَ الَّذِیۡنَ اِذَاۤ اَنۡفَقُوۡا لَمۡ یُسۡرِفُوۡا وَ لَمۡ یَقۡتُرُوۡا وَ کَانَ بَیۡنَ ذٰلِکَ قَوَامًا ﴿۶۸﴾
    25 : 68 Жана сарптагандарында, ысырапкерчилик дагы, сараӊдык дагы кылбай турган, тескерисинче, мунун ортосундагы жолду (тандай тургандар дагы);
  • وَ الَّذِیۡنَ لَا یَدۡعُوۡنَ مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ وَ لَا یَقۡتُلُوۡنَ النَّفۡسَ الَّتِیۡ حَرَّمَ اللّٰہُ اِلَّا بِالۡحَقِّ وَ لَا یَزۡنُوۡنَ ۚ وَ مَنۡ یَّفۡعَلۡ ذٰلِکَ یَلۡقَ اَثَامًا ﴿ۙ۶۹﴾
    25 : 69 Жана Алла менен бирге башка эч кандай кудайга жалбарбай тургандар жана Алла тыюу салган эч бир жанды акысыз өлтүрбөй тургандар, ошондой эле зынаа кылбай тургандар. Ким ошондой кылса, ал күнөө (жазасын) алат.
  • یُّضٰعَفۡ لَہُ الۡعَذَابُ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ وَ یَخۡلُدۡ فِیۡہٖ مُہَانًا ﴿٭ۖ۷۰﴾
    25 : 70 Ал үчүн кыямат күнү азап ашырылып жиберилет жана ал анда узак мөөнөткө чейин кор болот –
  • اِلَّا مَنۡ تَابَ وَ اٰمَنَ وَ عَمِلَ عَمَلًا صَالِحًا فَاُولٰٓئِکَ یُبَدِّلُ اللّٰہُ سَیِّاٰتِہِمۡ حَسَنٰتٍ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۷۱﴾
    25 : 71 Тобо кылган, ыйман келтирген жана жакшы амал кылган бирөөнөн башкасы. Демек, ошолордун жамандыктарын Алла жакшылыктарга айландырып жиберет. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ مَنۡ تَابَ وَ عَمِلَ صَالِحًا فَاِنَّہٗ یَتُوۡبُ اِلَی اللّٰہِ مَتَابًا ﴿۷۲﴾
    25 : 72 Тобо келтирип, жана жакшы амалдарды кылган – мына ошол гана Аллага тобо кылган бойдон кайтат.
  • وَ الَّذِیۡنَ لَا یَشۡہَدُوۡنَ الزُّوۡرَ ۙ وَ اِذَا مَرُّوۡا بِاللَّغۡوِ مَرُّوۡا کِرَامًا ﴿۷۳﴾
    25 : 73 Ошондой эле жалган күбөлүк бербей турган жана маанисиз-курулай нерселердин жанынан өткөндөрүндө, адептүүлүк менен өтө тургандар;
  • وَ الَّذِیۡنَ اِذَا ذُکِّرُوۡا بِاٰیٰتِ رَبِّہِمۡ لَمۡ یَخِرُّوۡا عَلَیۡہَا صُمًّا وَّ عُمۡیَانًا ﴿۷۴﴾
    25 : 74 Жана өздөрүнө Раббисинин аяттары эстетилгенде, аларга дүлөй жана сокур болуп жыгылбай тургандар;
  • وَ الَّذِیۡنَ یَقُوۡلُوۡنَ رَبَّنَا ہَبۡ لَنَا مِنۡ اَزۡوَاجِنَا وَ ذُرِّیّٰتِنَا قُرَّۃَ اَعۡیُنٍ وَّ اجۡعَلۡنَا لِلۡمُتَّقِیۡنَ اِمَامًا ﴿۷۵﴾
    25 : 75 Жана: «Эй, Раббибиз! Бизге өмүрлүк жолдошторубуз жана балдарыбыз жагынан көздөр кубанычын тартуулагын, ошондой эле бизди такыбаларга имам кылып койгун!» - дей тургандар (дагы).
  • اُولٰٓئِکَ یُجۡزَوۡنَ الۡغُرۡفَۃَ بِمَا صَبَرُوۡا وَ یُلَقَّوۡنَ فِیۡہَا تَحِیَّۃً وَّ سَلٰمًا ﴿ۙ۷۶﴾
    25 : 76 Мына ошолорго сабыр кылгандыктары себептүү сыйлык катары жогорку үйлөр тартууланат. Ал жерде алар (жакшылап) тосулуп алынат жана аларга салам жеткирилет.
  • خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ حَسُنَتۡ مُسۡتَقَرًّا وَّ مُقَامًا ﴿۷۷﴾
    25 : 77 Алар ошол (бейиш)терде түбөлүккө калуучулар болушат. Ал убактылуу турак жай жагынан да, түбөлүк турак жай жагынан да кандай сонун!
  • قُلۡ مَا یَعۡبَؤُا بِکُمۡ رَبِّیۡ لَوۡ لَا دُعَآؤُکُمۡ ۚ فَقَدۡ کَذَّبۡتُمۡ فَسَوۡفَ یَکُوۡنُ لِزَامًا ﴿٪۷۸﴾
    25 : 78 Айткын: «Эгер силердин дубаӊар болбогондо, менин Раббим силерге кенедей дагы көӊүл бурбайт эле. Ошентип, силер аны жалганга чыгарып болдуӊар. Ошондуктан, анын кесепети албетте, силерге жабышып калуучу».
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via