Курани карим Лукмаан • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

لقمَان

Лукмаан

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    31 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓـمّٓ ۚ﴿۲﴾
    31 : 2 Аналлааху аъламу: Мен – Алла, эӊ жакшы билүүчүмүн.
  • تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡکِتٰبِ الۡحَکِیۡمِ ۙ﴿۳﴾
    31 : 3 Булар – акылман Китептин аяттары.
  • ہُدًی وَّ رَحۡمَۃً لِّلۡمُحۡسِنِیۡنَ ۙ﴿۴﴾
    31 : 4 Жакшы амал кылуучулар үчүн хидаят жана рахмат.
  • الَّذِیۡنَ یُقِیۡمُوۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ یُؤۡتُوۡنَ الزَّکٰوۃَ وَ ہُمۡ بِالۡاٰخِرَۃِ ہُمۡ یُوۡقِنُوۡنَ ؕ﴿۵﴾
    31 : 5 (Тактап айтканда), намаз окуй турган, зекет бере турган жана акыретке дагы албетте, ишене тургандар үчүн.
  • اُولٰٓئِکَ عَلٰی ہُدًی مِّنۡ رَّبِّہِمۡ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۶﴾
    31 : 6 Мына ошолор өз Раббиси тарабынан хидаятта жана мына ошолор ийгилик табуучулар.
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّشۡتَرِیۡ لَہۡوَ الۡحَدِیۡثِ لِیُضِلَّ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ ٭ۖ وَّ یَتَّخِذَہَا ہُزُوًا ؕ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عَذَابٌ مُّہِیۡنٌ ﴿۷﴾
    31 : 7 Адамдардын арасында ушундайлар да бар: алар билимсиздик менен (адамдарды) Алланын жолунан адаштыруу үчүн, жана ал (жол)ду маскара кылуулары үчүн бекер кептерди сатып алышат. Мына ошолор үчүн кор кылуучу азап бар.
  • وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِ اٰیٰتُنَا وَلّٰی مُسۡتَکۡبِرًا کَاَنۡ لَّمۡ یَسۡمَعۡہَا کَاَنَّ فِیۡۤ اُذُنَیۡہِ وَقۡرًا ۚ فَبَشِّرۡہُ بِعَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿۸﴾
    31 : 8 Ага Биздин аяттарыбыз окулганда, ал текеберлик кылган бойдон жүз буруп алат, тим эле ал аларды укпагандай. Анын эки кулагында бир дүлөй кылуучу оордук бар. Ошентип, ага оор азап «куш кабарын» берип кой.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَہُمۡ جَنّٰتُ النَّعِیۡمِ ۙ﴿۹﴾
    31 : 9 Албетте, ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандар – алар үчүн нээмат-берекелүү бейиштер бар.
  • خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقًّا ؕ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۱۰﴾
    31 : 10 Алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калышат. (Бул) – Алланын чыныгы убадасы. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • خَلَقَ السَّمٰوٰتِ بِغَیۡرِ عَمَدٍ تَرَوۡنَہَا وَ اَلۡقٰی فِی الۡاَرۡضِ رَوَاسِیَ اَنۡ تَمِیۡدَ بِکُمۡ وَ بَثَّ فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ دَآبَّۃٍ ؕ وَ اَنۡزَلۡنَا مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَاَنۡۢبَتۡنَا فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ زَوۡجٍ کَرِیۡمٍ ﴿۱۱﴾
    31 : 11 Ал асмандарды силер көрө албаган устундар менен пайда кылды жана силерге азык-оокат жеткириши үчүн жерде тоолорду жаратты; ошондой эле анда (жерде) жүрүүчү ар түрдүү жандыктарды жаратты. Биз асмандан суу түшүрдүк жана анда (жерде) ар түрдүү кооз жуптарды өстүрдүк.
  • ہٰذَا خَلۡقُ اللّٰہِ فَاَرُوۡنِیۡ مَاذَا خَلَقَ الَّذِیۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖ ؕ بَلِ الظّٰلِمُوۡنَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿٪۱۲﴾
    31 : 12 Мына бул – Алланын жаратылышы. Демек, Андан бөлөк башкалардын эмнелерди жаратканын мага көрсөткүлөчү? Чынында, заалимдер ачыктан-ачык адашууда.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا لُقۡمٰنَ الۡحِکۡمَۃَ اَنِ اشۡکُرۡ لِلّٰہِ ؕ وَ مَنۡ یَّشۡکُرۡ فَاِنَّمَا یَشۡکُرُ لِنَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ کَفَرَ فَاِنَّ اللّٰہَ غَنِیٌّ حَمِیۡدٌ ﴿۱۳﴾
    31 : 13 Албетте, Биз: «Аллага шүкүр кыл!» - (деп) Лукмаанга хикмат-акылмандык тартуулаган элек. Ким шүкүр кылса, ал өз пайдасы үчүн гана шүкүр кылат, а ким шүкүрсүздүк кылса, албетте, Алла бай (жана) мактоо ээси.
  • وَ اِذۡ قَالَ لُقۡمٰنُ لِابۡنِہٖ وَ ہُوَ یَعِظُہٗ یٰبُنَیَّ لَا تُشۡرِکۡ بِاللّٰہِ ؕؔ اِنَّ الشِّرۡکَ لَظُلۡمٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۴﴾
    31 : 14 Лукмаан өз уулуна акыл-насаат айтып жатып: «Эй, сүйүктүү уулум! Аллага (башкаларды) шерик кылба! Албетте, «ширк» бир абдан чоӊ зулумдук», - деген(ин эстегиле).
  • وَ وَصَّیۡنَا الۡاِنۡسَانَ بِوَالِدَیۡہِ ۚ حَمَلَتۡہُ اُمُّہٗ وَہۡنًا عَلٰی وَہۡنٍ وَّ فِصٰلُہٗ فِیۡ عَامَیۡنِ اَنِ اشۡکُرۡ لِیۡ وَ لِوَالِدَیۡکَ ؕ اِلَیَّ الۡمَصِیۡرُ ﴿۱۵﴾
    31 : 15 Биз инсанга ата-энеси жөнүндө өзгөчө насаат кылдык. Анын энеси аны алсыздык үстүнө алсыздыкта көтөрүп турду. Анын эмчектен чыгарылышы эки жылда (чегине) жетти. (Ага Биз ушундай өзгөчө насаат кылдык): «Мага шүкүр кыл жана ата-энеӊе дагы. Мага гана кайтыш бар.
  • وَ اِنۡ جَاہَدٰکَ عَلٰۤی اَنۡ تُشۡرِکَ بِیۡ مَا لَیۡسَ لَکَ بِہٖ عِلۡمٌ ۙ فَلَا تُطِعۡہُمَا وَ صَاحِبۡہُمَا فِی الدُّنۡیَا مَعۡرُوۡفًا ۫ وَّ اتَّبِعۡ سَبِیۡلَ مَنۡ اَنَابَ اِلَیَّ ۚ ثُمَّ اِلَیَّ مَرۡجِعُکُمۡ فَاُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۶﴾
    31 : 16 Жана эгер ал экөөсү (дагы) өзүӊ эч билбеген нерсени Мага шерик кылууӊ үчүн сени менен талашса, анда ал экөөсүнө теӊ баш ийбе! Ал экөөсү менен дүйнөдө эреже боюнча камкордукту уланта бер жана Мага ийилген бирөөнүн жолун ээрчи! Анан Мага гана кайтышыӊар бар. Ошондо Мен силерди кылып жүргөн амалдарыӊардан кулактандырамын».
  • یٰبُنَیَّ اِنَّہَاۤ اِنۡ تَکُ مِثۡقَالَ حَبَّۃٍ مِّنۡ خَرۡدَلٍ فَتَکُنۡ فِیۡ صَخۡرَۃٍ اَوۡ فِی السَّمٰوٰتِ اَوۡ فِی الۡاَرۡضِ یَاۡتِ بِہَا اللّٰہُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَطِیۡفٌ خَبِیۡرٌ ﴿۱۷﴾
    31 : 17 «Эй, сүйүктүү уулум! Албетте, эгер зыгыр данындай бир нерсе болсо дагы, ал кандайдыр бир аскада (жаткан) болсо да, же асмандарда же жерде – кайсы жайда болсо дагы, Алла аны сөзсүз алып келет. Албетте, Алла абдан көрөөгөч (жана) кабардар.
  • یٰبُنَیَّ اَقِمِ الصَّلٰوۃَ وَ اۡمُرۡ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ انۡہَ عَنِ الۡمُنۡکَرِ وَ اصۡبِرۡ عَلٰی مَاۤ اَصَابَکَ ؕ اِنَّ ذٰلِکَ مِنۡ عَزۡمِ الۡاُمُوۡرِ ﴿ۚ۱۸﴾
    31 : 18 «Эй, сүйүктүү уулум! Намаз оку, жакшылыктарга буюр, жамандыктардан кайтар жана сага жеткен (кайгы-кырсык)ка сабыр кыл! Албетте, бул маанилүү нерселерден.
  • وَ لَا تُصَعِّرۡ خَدَّکَ لِلنَّاسِ وَ لَا تَمۡشِ فِی الۡاَرۡضِ مَرَحًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ کُلَّ مُخۡتَالٍ فَخُوۡرٍ ﴿ۚ۱۹﴾
    31 : 19 Жана (менменсинип) адамдарга жүзүӊдү бырыштырба жана жерде кекейип жүрбө! Алла эч бир текеберлик кылуучу (жана) мактанчаакты жактырбайт.
  • وَ اقۡصِدۡ فِیۡ مَشۡیِکَ وَ اغۡضُضۡ مِنۡ صَوۡتِکَ ؕ اِنَّ اَنۡکَرَ الۡاَصۡوَاتِ لَصَوۡتُ الۡحَمِیۡرِ ﴿٪۲۰﴾
    31 : 20 Ошондой эле жүрүшүӊдө орточо бол жана үнүӊдү басаӊдат! Албетте, үндөрдүн эӊ жагымсызы – эшектин үнү».
  • اَلَمۡ تَرَوۡا اَنَّ اللّٰہَ سَخَّرَ لَکُمۡ مَّا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ وَ اَسۡبَغَ عَلَیۡکُمۡ نِعَمَہٗ ظَاہِرَۃً وَّ بَاطِنَۃً ؕ وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یُّجَادِلُ فِی اللّٰہِ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ وَّ لَا ہُدًی وَّ لَا کِتٰبٍ مُّنِیۡرٍ ﴿۲۱﴾
    31 : 21 Алланын силер үчүн асмандар жана жердеги баардык нерселерди моюн сундурганына көӊүл бурбадыӊарбы?! Ал силерге Өз нээматтарын ачык дагы, жашыруун дагы толуктады. Адамдардын арасында Алла тууралуу эч бир илим же хидаят же ачык-айкын китепсиз талашып-тартыша тургандар да бар.
  • وَ اِذَا قِیۡلَ لَہُمُ اتَّبِعُوۡا مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ قَالُوۡا بَلۡ نَتَّبِعُ مَا وَجَدۡنَا عَلَیۡہِ اٰبَآءَنَا ؕ اَوَ لَوۡ کَانَ الشَّیۡطٰنُ یَدۡعُوۡہُمۡ اِلٰی عَذَابِ السَّعِیۡرِ ﴿۲۲﴾
    31 : 22 Аларга: «Алла түшүргөн нерсени ээрчигиле», - деп айтылганда, алар жооп беришет: «Жок, андан көрө биз ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок, ошону ээрчийбиз». Эмне, шайтан аларды балбылдап жанып турган от азабына чакырып жаткан болсо, анда дагы (ушинтишеби?)
  • وَ مَنۡ یُّسۡلِمۡ وَجۡہَہٗۤ اِلَی اللّٰہِ وَ ہُوَ مُحۡسِنٌ فَقَدِ اسۡتَمۡسَکَ بِالۡعُرۡوَۃِ الۡوُثۡقٰی ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ عَاقِبَۃُ الۡاُمُوۡرِ ﴿۲۳﴾
    31 : 23 Ким өзүнүн баардык көӊүл-дитин Аллага тапшырып койсо жана изги иштер кылуучу болсо, ал албетте, бир бекем тутканы тутту. Акыры, бардык иштердин натыйжасы Аллага гана (кайтат).
  • وَ مَنۡ کَفَرَ فَلَا یَحۡزُنۡکَ کُفۡرُہٗ ؕ اِلَیۡنَا مَرۡجِعُہُمۡ فَنُنَبِّئُہُمۡ بِمَا عَمِلُوۡا ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۲۴﴾
    31 : 24 Ким каапырлык кылса, анын каапырлыгы сени кайгыга салбасын. Биздин алдыбызга гана алардын кайтып келиши бар. Ошондо Биз аларды өздөрү кылып жүргөн амалдарынан кабардар кылабыз. Албетте, Алла көкүрөктөрдөгү нерселерди абдан жакшы билүүчү.
  • نُمَتِّعُہُمۡ قَلِیۡلًا ثُمَّ نَضۡطَرُّہُمۡ اِلٰی عَذَابٍ غَلِیۡظٍ ﴿۲۵﴾
    31 : 25 Биз аларга бир аз убактылуу пайда жеткиребиз. Анан аларды бир катуу азап тарапка мажбурлап алып кетебиз.
  • وَ لَئِنۡ سَاَلۡتَہُمۡ مَّنۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ لَیَقُوۡلُنَّ اللّٰہُ ؕ قُلِ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ ؕ بَلۡ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    31 : 26 Эгер сен алардан: «Асмандар жана жерди ким жараткан?» - деп сурасаӊ, алар албетте: «Алла!» - дешет. Айткын: «Баардык мактоо Алла үчүн, бирок алардын көпчүлүгү билбейт».
  • لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡغَنِیُّ الۡحَمِیۡدُ ﴿۲۷﴾
    31 : 27 Асмандар жана жердеги баардык нерселер Алланыкы. Албетте, Алла гана бай (жана) мактоо ээси.
  • وَ لَوۡ اَنَّ مَا فِی الۡاَرۡضِ مِنۡ شَجَرَۃٍ اَقۡلَامٌ وَّ الۡبَحۡرُ یَمُدُّہٗ مِنۡۢ بَعۡدِہٖ سَبۡعَۃُ اَبۡحُرٍ مَّا نَفِدَتۡ کَلِمٰتُ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۸﴾
    31 : 28 Эгер жердеги баардык дарактар калемдерге айланса жана деӊиз (сыя болуп калса), мындан тышкары жети деӊиз ага жардам берсе дагы, ошондо дагы Алланын сөздөрү түгөнбөйт. Албетте, Алла эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • مَا خَلۡقُکُمۡ وَ لَا بَعۡثُکُمۡ اِلَّا کَنَفۡسٍ وَّاحِدَۃٍ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌۢ بَصِیۡرٌ ﴿۲۹﴾
    31 : 29 Силердин жаратылышыӊар жана кайра тургузулушуӊар болгону бир жан(дын жаратылышына жана кайра тургузулушу)на окшойт. Албетте, Алла өтө угуучу (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ یُوۡلِجُ الَّیۡلَ فِی النَّہَارِ وَ یُوۡلِجُ النَّہَارَ فِی الَّیۡلِ وَ سَخَّرَ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ ۫ کُلٌّ یَّجۡرِیۡۤ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی وَّ اَنَّ اللّٰہَ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿۳۰﴾
    31 : 30 Сен көӊүл бурбадыӊбы? Алла түндү күнгө киргизет жана күндү түнгө киргизет; ошондой эле Ал күн менен айды моюн сундурган; ар бири өзүнүн белгиленген мөөнөтүн карай кетүүдө. Алла жасап жаткан амалдарыӊардан дайыма кабардар экен(ин билип койгула).
  • ذٰلِکَ بِاَنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡحَقُّ وَ اَنَّ مَا یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہِ الۡبَاطِلُ ۙ وَ اَنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡعَلِیُّ الۡکَبِیۡرُ ﴿٪۳۱﴾
    31 : 31 Буга себеп, албетте, Алла гана акыйкат, Аны коюп, алар кайрылып жаткан нерселер жалган. Алла гана абдан жогору (жана) улук.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ الۡفُلۡکَ تَجۡرِیۡ فِی الۡبَحۡرِ بِنِعۡمَتِ اللّٰہِ لِیُرِیَکُمۡ مِّنۡ اٰیٰتِہٖ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّکُلِّ صَبَّارٍ شَکُوۡرٍ ﴿۳۲﴾
    31 : 32 Сен көӊүл бурбадыӊбы? Ал Өз аят-белгилеринин айрымдарын силерге көрсөтсүн үчүн деӊизде кемелер Алланын нээматы менен жүрөт. Мында, албетте, ар бир өтө сабыр кылуучу жана өтө шүкүр кылуучу үчүн аят-белгилер бар.
  • وَ اِذَا غَشِیَہُمۡ مَّوۡجٌ کَالظُّلَلِ دَعَوُا اللّٰہَ مُخۡلِصِیۡنَ لَہُ الدِّیۡنَ ۬ۚ فَلَمَّا نَجّٰہُمۡ اِلَی الۡبَرِّ فَمِنۡہُمۡ مُّقۡتَصِدٌ ؕ وَ مَا یَجۡحَدُ بِاٰیٰتِنَاۤ اِلَّا کُلُّ خَتَّارٍ کَفُوۡرٍ ﴿۳۳﴾
    31 : 33 Качан толкун аларды көлөкөлөрдөй каптап алганда, алар Аллага, динди Ага гана таандык кылган бойдон кайрылышат. Ошентип, Ал аларды кургакты көздөй сактап алып кеткенде, алардын арасында айрым орто жүрүүчүлөр дагы болот. Ар бир алдамчы (жана) өтө шүкүрсүздөн тышкары эч ким Биздин аят-жышаандарыбызды четке какпайт.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اتَّقُوۡا رَبَّکُمۡ وَ اخۡشَوۡا یَوۡمًا لَّا یَجۡزِیۡ وَالِدٌ عَنۡ وَّلَدِہٖ ۫ وَ لَا مَوۡلُوۡدٌ ہُوَ جَازٍ عَنۡ وَّالِدِہٖ شَیۡئًا ؕ اِنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ فَلَا تَغُرَّنَّکُمُ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا ٝ وَ لَا یَغُرَّنَّکُمۡ بِاللّٰہِ الۡغَرُوۡرُ ﴿۳۴﴾
    31 : 34 Эй, адамдар! Раббиӊерден корккула жана ата өз уулуна жардам бере албай турган, ошондой эле уул өз атасына такыр жардам бере албай турган күндөн сак болгула. Албетте, Алланын убадасы акыйкат. Ошондуктан, дүйнөлүк жашоо силерди эч алдап койбосун жана силерди Алла тууралуу алдамчы (шайтан) эч арбап койбосун.
  • اِنَّ اللّٰہَ عِنۡدَہٗ عِلۡمُ السَّاعَۃِ ۚ وَ یُنَزِّلُ الۡغَیۡثَ ۚ وَ یَعۡلَمُ مَا فِی الۡاَرۡحَامِ ؕ وَ مَا تَدۡرِیۡ نَفۡسٌ مَّاذَا تَکۡسِبُ غَدًا ؕ وَ مَا تَدۡرِیۡ نَفۡسٌۢ بِاَیِّ اَرۡضٍ تَمُوۡتُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌ خَبِیۡرٌ ﴿٪۳۵﴾
    31 : 35 Албетте, кыямат илими жалаӊ Алланын алдында. Ал жамгыр жаадырат жана жатындарда эмне бар экенин билет. Эч бир жан эртеӊ эмнени табаарды билбейт? Жана эч бир жан каерде өлөөрүн да билбейт? Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) дайыма кабардар.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via