Курани карим Ал-Ахкааф • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الاٴحقاف

Ал-Ахкааф

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    46 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • حٰمٓ ۚ﴿۲﴾
    46 : 2 Хамийдун, Мажийдун: мактоолор ээси, улуу даражалуу.
  • تَنۡزِیۡلُ الۡکِتٰبِ مِنَ اللّٰہِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَکِیۡمِ ﴿۳﴾
    46 : 3 Ушул Китептин түшүрүлүшү – эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси болгон Алла тарабынан.
  • مَا خَلَقۡنَا السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَاۤ اِلَّا بِالۡحَقِّ وَ اَجَلٍ مُّسَمًّی ؕ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا عَمَّاۤ اُنۡذِرُوۡا مُعۡرِضُوۡنَ ﴿۴﴾
    46 : 4 Биз асмандар жана жерди, ошондой эле ал экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселерди жалаӊ чындык менен жана бир белгилүү мөөнөткө жараттык. Каапырлык кылгандар өздөрү эскертилген нерселерден жүз бурушат.
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ مَّا تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اَرُوۡنِیۡ مَاذَا خَلَقُوۡا مِنَ الۡاَرۡضِ اَمۡ لَہُمۡ شِرۡکٌ فِی السَّمٰوٰتِ ؕ اِیۡتُوۡنِیۡ بِکِتٰبٍ مِّنۡ قَبۡلِ ہٰذَاۤ اَوۡ اَثٰرَۃٍ مِّنۡ عِلۡمٍ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۵﴾
    46 : 5 Сурагын: «Силер Алланы коюп, сыйынып жаткан нерселериӊерди көрдүӊөрбү? Алар жерден эмнени жаратканын мага көрсөткүлөчү! Же алардын үлүшү асмандарда ганабы? Эгер чынчыл болсоӊор, мындан мурунку кандайдыр бир китепти же илимдин кандайдыр бир кичине эле изин келтиргилечи?»
  • وَ مَنۡ اَضَلُّ مِمَّنۡ یَّدۡعُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَنۡ لَّا یَسۡتَجِیۡبُ لَہٗۤ اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ وَ ہُمۡ عَنۡ دُعَآئِہِمۡ غٰفِلُوۡنَ ﴿۶﴾
    46 : 6 Жана Алланы коюп, кыямат күнүнө чейин өзүнө жооп кайтара албай турганга жалбара турган бирөөнөн да заалимирээк ким бар? Алар болсо, алардын чакыруусунан да кабарсыз.
  • وَ اِذَا حُشِرَ النَّاسُ کَانُوۡا لَہُمۡ اَعۡدَآءً وَّ کَانُوۡا بِعِبَادَتِہِمۡ کٰفِرِیۡنَ ﴿۷﴾
    46 : 7 Жана адамдар топтолгондорунда, ал (ойлоп чыгарылган кудай)лар алардын душмандарына айланат жана алардын ибадатын четке кагышат.
  • وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُنَا بَیِّنٰتٍ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِلۡحَقِّ لَمَّا جَآءَہُمۡ ۙ ہٰذَا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ؕ﴿۸﴾
    46 : 8 Жана аларга ачык-айкын аяттарыбыз окулганда, өздөрүнө чындык келгенинен кийин аны четке каккандар: «Бул – ачыктан-ачык сыйкырчылык», - дешет.
  • اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ افۡتَرٰٮہُ ؕ قُلۡ اِنِ افۡتَرَیۡتُہٗ فَلَا تَمۡلِکُوۡنَ لِیۡ مِنَ اللّٰہِ شَیۡئًا ؕ ہُوَ اَعۡلَمُ بِمَا تُفِیۡضُوۡنَ فِیۡہِ ؕ کَفٰی بِہٖ شَہِیۡدًۢا بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَکُمۡ ؕ وَ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الرَّحِیۡمُ ﴿۹﴾
    46 : 9 Алар: «Ал муну өзү ойлоп чыгарган», - дешеби? Айткын: «Эгер мен муну ойлоп чыгарганымда, силер Алланын каршысында мени эч коргой албайт элеӊер. Силер кандай кеп-сөз кылып жатканыӊарды Ал эӊ жакшы билет. Ал мени менен силердин ортоӊордо күбө катары жетиштүү. Ал өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу».
  • قُلۡ مَا کُنۡتُ بِدۡعًا مِّنَ الرُّسُلِ وَ مَاۤ اَدۡرِیۡ مَا یُفۡعَلُ بِیۡ وَ لَا بِکُمۡ ؕ اِنۡ اَتَّبِعُ اِلَّا مَا یُوۡحٰۤی اِلَیَّ وَ مَاۤ اَنَا اِلَّا نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿۱۰﴾
    46 : 10 Айткын: «Пайгамбарлардын арасында мен биринчи эмесмин! Мен өзүмө жана силерге эмне кылынышын билбеймин. Мен өзүмө вахий кылынган нерсени гана ээрчиймин. Мен болгону бир ачыктан-ачык кулактандыруучумун».
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ اِنۡ کَانَ مِنۡ عِنۡدِ اللّٰہِ وَ کَفَرۡتُمۡ بِہٖ وَ شَہِدَ شَاہِدٌ مِّنۡۢ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ عَلٰی مِثۡلِہٖ فَاٰمَنَ وَ اسۡتَکۡبَرۡتُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿٪۱۱﴾
    46 : 11 Сурагын: «Мага айткылачы, эгер ал Алла тарабынан болсо, силер аны четке каккан болсоӊор, анда (мунун акыбетине) көӊүл бөлдүӊөрбү? Ал эми Исраайил балдарынан болгон бир күбө да өзүнө окшогон бир киши жөнүндө күбөлүк берген эле. Анан ал ыйман келтирди, силер болсо, текеберлик кылдыӊар». Албетте, Алла заалим коомду туура жолго салбайт.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَوۡ کَانَ خَیۡرًا مَّا سَبَقُوۡنَاۤ اِلَیۡہِ ؕ وَ اِذۡ لَمۡ یَہۡتَدُوۡا بِہٖ فَسَیَقُوۡلُوۡنَ ہٰذَاۤ اِفۡکٌ قَدِیۡمٌ ﴿۱۲﴾
    46 : 12 Жана каапыр болгондор ыйман келтиргендер туурасында айтышты: «Эгер бул (Куран) жакшы нерсе болгондо, алар аны бизден мурун ээрчибейт эле». Эми алар хидаятты ээрчий албаганы үчүн албетте: «Бул – бир эски жалган», - дешет.
  • وَ مِنۡ قَبۡلِہٖ کِتٰبُ مُوۡسٰۤی اِمَامًا وَّ رَحۡمَۃً ؕ وَ ہٰذَا کِتٰبٌ مُّصَدِّقٌ لِّسَانًا عَرَبِیًّا لِّیُنۡذِرَ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا ٭ۖ وَ بُشۡرٰی لِلۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿ۚ۱۳﴾
    46 : 13 Жана мындан мурун Мусанын китеби бир жол көрсөтүүчү жана рахмат эле. Бул болсо, зулумдук кылгандарды кулактандырсын үчүн жана изги иштерди кылуучулар үчүн куш кабар болсун үчүн кызыл тилдеги тастыктоочу Китеп.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ قَالُوۡا رَبُّنَا اللّٰہُ ثُمَّ اسۡتَقَامُوۡا فَلَا خَوۡفٌ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿ۚ۱۴﴾
    46 : 14 Албетте: «Алла – биздин Раббибиз», - деген, анан (ага) туруктуу болгондор – аларга эч кандай коркунуч болбойт жана алар кайгырышпайт.
  • اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَنَّۃِ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ۚ جَزَآءًۢ بِمَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    46 : 15 Мына ошолор бейиш ээлери. Алар жасаган иштери үчүн сыйлык катары ал (бейиш)те түбөлүккө калуучулар.
  • وَ وَصَّیۡنَا الۡاِنۡسَانَ بِوَالِدَیۡہِ اِحۡسٰنًا ؕ حَمَلَتۡہُ اُمُّہٗ کُرۡہًا وَّ وَضَعَتۡہُ کُرۡہًا ؕ وَ حَمۡلُہٗ وَ فِصٰلُہٗ ثَلٰثُوۡنَ شَہۡرًا ؕ حَتّٰۤی اِذَا بَلَغَ اَشُدَّہٗ وَ بَلَغَ اَرۡبَعِیۡنَ سَنَۃً ۙ قَالَ رَبِّ اَوۡزِعۡنِیۡۤ اَنۡ اَشۡکُرَ نِعۡمَتَکَ الَّتِیۡۤ اَنۡعَمۡتَ عَلَیَّ وَ عَلٰی وَالِدَیَّ وَ اَنۡ اَعۡمَلَ صَالِحًا تَرۡضٰہُ وَ اَصۡلِحۡ لِیۡ فِیۡ ذُرِّیَّتِیۡ ۚؕ اِنِّیۡ تُبۡتُ اِلَیۡکَ وَ اِنِّیۡ مِنَ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿۱۶﴾
    46 : 16 Жана Биз инсанга ата-энесине жакшылык кылууну баса белгилеп насаат кылдык. Анын энеси аны кыйынчылык менен көтөрүп жүргөн жана кыйынчылык менен аны төрөгөн. Аны көтөрүп жүрүү жана аны көкүрөктөн айыруу мөөнөтү – отуз ай. А түгүл ал өзүнүн толук кубатына ээ болуп, кырк жашка киргенде, айтты: «Эй, Раббим! Мага жана ата-энеме көрсөткөн мээримдүүлүгүӊ үчүн шүкүр кылуума жана Сага жаккан иштерди кылышым үчүн мага күч-кубат бергин, ошондой эле мен үчүн тукумумду да оӊдогун. Албетте, мен Сага гана жалбарамын жана шексиз, мен баш ийүүчүлөрдөнмүн».
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ نَتَقَبَّلُ عَنۡہُمۡ اَحۡسَنَ مَا عَمِلُوۡا وَ نَتَجَاوَزُ عَنۡ سَیِّاٰتِہِمۡ فِیۡۤ اَصۡحٰبِ الۡجَنَّۃِ ؕ وَعۡدَ الصِّدۡقِ الَّذِیۡ کَانُوۡا یُوۡعَدُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    46 : 17 Мына ушулар кылган иштеринин эӊ жакшыларын Биз кабыл алабыз жана алардын жамандыктарын кечирип жиберебиз. Алар бейиш ээлеринен болушат. Бул – аларга бериле турган чыныгы убада.
  • وَ الَّذِیۡ قَالَ لِوَالِدَیۡہِ اُفٍّ لَّکُمَاۤ اَتَعِدٰنِنِیۡۤ اَنۡ اُخۡرَجَ وَ قَدۡ خَلَتِ الۡقُرُوۡنُ مِنۡ قَبۡلِیۡ ۚ وَ ہُمَا یَسۡتَغِیۡثٰنِ اللّٰہَ وَیۡلَکَ اٰمِنۡ ٭ۖ اِنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ ۚۖ فَیَقُوۡلُ مَا ہٰذَاۤ اِلَّاۤ اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۱۸﴾
    46 : 18 Жана (ушундай) бирөө (да бар): ал өзүнүн ата-энесине айтты: «Экөөӊөргө өкүнүч болсун! Менден мурун канчалаган коомдор өтүп кетишкен болсо да, (кайра) чыгарылуудан мени коркутасыӊарбы?» Ал экөөсү Аллага жалбарып айтты: «Сага өлүм болсун! Ыйман келтир! Албетте, Алланын убадасы чын». Ошондо ал жооп берди: «Бул – илгеркилердин жомокторунан башка эч нерсе эмес».
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ حَقَّ عَلَیۡہِمُ الۡقَوۡلُ فِیۡۤ اُمَمٍ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ مِّنَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا خٰسِرِیۡنَ ﴿۱۹﴾
    46 : 19 Мына ошолорго алардан мурун өткөн жин менен адамдардан болгон коомдорго важиб болгон буйрук важиб болуп калды. Албетте, булардын баары зыян көрүүчүлөр.
  • وَ لِکُلٍّ دَرَجٰتٌ مِّمَّا عَمِلُوۡا ۚ وَ لِیُوَفِّیَہُمۡ اَعۡمَالَہُمۡ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    46 : 20 Жана баарына, алар жасап жүргөн амалдарына жараша мартабалар бар. (Алла) жасап жүргөн амалдары үчүн аларга толук акы берсин үчүн. Аларга бир дагы акысыздык кылынбайт.
  • وَ یَوۡمَ یُعۡرَضُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا عَلَی النَّارِ ؕ اَذۡہَبۡتُمۡ طَیِّبٰتِکُمۡ فِیۡ حَیَاتِکُمُ الدُّنۡیَا وَ اسۡتَمۡتَعۡتُمۡ بِہَا ۚ فَالۡیَوۡمَ تُجۡزَوۡنَ عَذَابَ الۡہُوۡنِ بِمَا کُنۡتُمۡ تَسۡتَکۡبِرُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ وَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَفۡسُقُوۡنَ ﴿٪۲۱﴾
    46 : 21 Жана каапыр болгондор оттун алдына келтириле турган күнү (аларга): «Силер бардык жакшы нерселериӊерди дүйнөлүк жашоодо гана түгөттүӊөр жана алардан убактылуу пайдаландыӊар. Ошентип, бүгүн силерге кордук азабы берилет, анткени силер жерде акысыз текеберлик кылаар элеӊер жана силер баш ийбестик кылаар элеӊер», - (деп айтылат).
  • وَ اذۡکُرۡ اَخَا عَادٍ ؕ اِذۡ اَنۡذَرَ قَوۡمَہٗ بِالۡاَحۡقَافِ وَ قَدۡ خَلَتِ النُّذُرُ مِنۡۢ بَیۡنِ یَدَیۡہِ وَ مِنۡ خَلۡفِہٖۤ اَلَّا تَعۡبُدُوۡۤا اِلَّا اللّٰہَ ؕ اِنِّیۡۤ اَخَافُ عَلَیۡکُمۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۲۲﴾
    46 : 22 Жана Аад (коому)нун тууганын эсте, качан ал өз коомун кумдуу дөбөлөрдүн жанында: «Жалгыз Аллага ибадат кылгыла! Албетте, мен силер үчүн бир улуу күндүн азабынан коркомун», - деп кулактандырды. Ал эми анын алдында дагы, андан мурун дагы абдан көп кулактандыруучулар өткөн эле.
  • قَالُوۡۤا اَجِئۡتَنَا لِتَاۡفِکَنَا عَنۡ اٰلِہَتِنَا ۚ فَاۡتِنَا بِمَا تَعِدُنَاۤ اِنۡ کُنۡتَ مِنَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۲۳﴾
    46 : 23 Алар айтышты: «Сен бизди кудайларыбыздан жүз бурдуруу үчүн келгенсиӊби? Эгер чынчылдардан болсоӊ, бизди коркутуп жаткан нерсеӊди келтире бер?»
  • قَالَ اِنَّمَا الۡعِلۡمُ عِنۡدَ اللّٰہِ ۫ۖ وَ اُبَلِّغُکُمۡ مَّاۤ اُرۡسِلۡتُ بِہٖ وَ لٰکِنِّیۡۤ اَرٰٮکُمۡ قَوۡمًا تَجۡہَلُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    46 : 24 Ал айтты: «Албетте, илим жалгыз Алланын алдында. Мен болгону силерге өзүм менен жиберилген кабарды жеткирүүдөмүн. Бирок мен силердин бир өтө наадан коом экениӊерди көрүүдөмүн».
  • فَلَمَّا رَاَوۡہُ عَارِضًا مُّسۡتَقۡبِلَ اَوۡدِیَتِہِمۡ ۙ قَالُوۡا ہٰذَا عَارِضٌ مُّمۡطِرُنَا ؕ بَلۡ ہُوَ مَا اسۡتَعۡجَلۡتُمۡ بِہٖ ؕ رِیۡحٌ فِیۡہَا عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿ۙ۲۵﴾
    46 : 25 Алар анын булут түрүндө өздөрүнүн өрөөндөрүнө жакындап келе жатканын көргөндө, айтышты: «Бул – бизге жамгыр жаадыра турган булут го!» Жок! Тескерисинче, бул ошол – силер келүүсүн тездеткен нерсе. Бул – оор азаптан турган бир күчтүү бороон.
  • تُدَمِّرُ کُلَّ شَیۡءٍۭ بِاَمۡرِ رَبِّہَا فَاَصۡبَحُوۡا لَا یُرٰۤی اِلَّا مَسٰکِنُہُمۡ ؕ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الۡقَوۡمَ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۲۶﴾
    46 : 26 Ал өз Раббисинин буйругу менен бардык нерсени ойрон кылып таштайт. Ошондо алар ушундай (ойрон) болуп калышты: алардын үй-жайларынан бөлөк эч нерсе көрүнбөйт эле. Күнөөкөр коомду Биз мына ушундай жазалайбыз.
  • وَ لَقَدۡ مَکَّنّٰہُمۡ فِیۡمَاۤ اِنۡ مَّکَّنّٰکُمۡ فِیۡہِ وَ جَعَلۡنَا لَہُمۡ سَمۡعًا وَّ اَبۡصَارًا وَّ اَفۡـِٕدَۃً ۫ۖ فَمَاۤ اَغۡنٰی عَنۡہُمۡ سَمۡعُہُمۡ وَ لَاۤ اَبۡصَارُہُمۡ وَ لَاۤ اَفۡـِٕدَتُہُمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ اِذۡ کَانُوۡا یَجۡحَدُوۡنَ ۙ بِاٰیٰتِ اللّٰہِ وَ حَاقَ بِہِمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿٪۲۷﴾
    46 : 27 Жана албетте, Биз аларга, а түгүл силерге дагы бербеген туруктуулукту берген элек; ошондой эле Биз аларга кулактар, көздөр жана жүрөктөр тартуулаган элек. Ошентип, алар Алланын аят-жышаандарын жалганга чыгаргандарында, кулактары, көздөрү жана жүрөктөрү аларга эч болуша албады. Өздөрү маскаралап, күлгөн нерсе аларды курчап алды.
  • وَ لَقَدۡ اَہۡلَکۡنَا مَا حَوۡلَکُمۡ مِّنَ الۡقُرٰی وَ صَرَّفۡنَا الۡاٰیٰتِ لَعَلَّہُمۡ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    46 : 28 Жана албетте, Биз силердин айланаӊардагы кыштактарды дагы жок кылганбыз. Биз аят-жышаандарды, алардын кайтуусу үчүн ачык баяндадык.
  • فَلَوۡ لَا نَصَرَہُمُ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ قُرۡبَانًا اٰلِـہَۃً ؕ بَلۡ ضَلُّوۡا عَنۡہُمۡ ۚ وَ ذٰلِکَ اِفۡکُہُمۡ وَ مَا کَانُوۡا یَفۡتَرُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    46 : 29 Жакындашуу максатында Алла ордуна өздөрүнө кудай кылып алгандар эмнеге аларга жардам берген жок? Тескерисинче, алар алардан жоголуп кетти. Бул алардын жалгандыгы жана өздөрү ойлоп чыгарган нерсенин натыйжасы болчу.
  • وَ اِذۡ صَرَفۡنَاۤ اِلَیۡکَ نَفَرًا مِّنَ الۡجِنِّ یَسۡتَمِعُوۡنَ الۡقُرۡاٰنَ ۚ فَلَمَّا حَضَرُوۡہُ قَالُوۡۤا اَنۡصِتُوۡا ۚ فَلَمَّا قُضِیَ وَلَّوۡا اِلٰی قَوۡمِہِمۡ مُّنۡذِرِیۡنَ ﴿۳۰﴾
    46 : 30 Жана качан Биз жиндерден Куранды уга турган бир жамаатты сага жүз караттык. Анан алар анын алдына келгендеринде, алар (өз ара) айтышты: «Тынчтангыла!» Анан сөз бүткөндө, алар кулактандырган бойдон өз коомунун кашына кайтышты.
  • قَالُوۡا یٰقَوۡمَنَاۤ اِنَّا سَمِعۡنَا کِتٰبًا اُنۡزِلَ مِنۡۢ بَعۡدِ مُوۡسٰی مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہِ یَہۡدِیۡۤ اِلَی الۡحَقِّ وَ اِلٰی طَرِیۡقٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۳۱﴾
    46 : 31 Алар айтышты: «Эй, коомубуз! Албетте, биз Мусадан кийин түшүрүлгөн бир Китепти уктук. Ал өзүнүн алдындагысын тастыктаар эле. Ал чындыкка жана туура жолго багыттаар эле.
  • یٰقَوۡمَنَاۤ اَجِیۡبُوۡا دَاعِیَ اللّٰہِ وَ اٰمِنُوۡا بِہٖ یَغۡفِرۡ لَکُمۡ مِّنۡ ذُنُوۡبِکُمۡ وَ یُجِرۡکُمۡ مِّنۡ عَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿۳۲﴾
    46 : 32 Эй, коомубуз! Алла тарабына даават кылуучуга кулак салгыла жана ага ыйман келтиргиле. Ал (Алла) күнөөлөрүӊөрдү кечирет жана силерди оор азаптан сактайт.
  • وَ مَنۡ لَّا یُجِبۡ دَاعِیَ اللّٰہِ فَلَیۡسَ بِمُعۡجِزٍ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَیۡسَ لَہٗ مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءُ ؕ اُولٰٓئِکَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۳۳﴾
    46 : 33 Жана ким Алла тарапка чакыруучуга жооп кайтарбаса, ал жерде алсырата албайт жана Андан бөлөк эч бир дос да таба албайт. Мына ошолор ачыктан-ачык адашууда».
  • اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اَنَّ اللّٰہَ الَّذِیۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ لَمۡ یَعۡیَ بِخَلۡقِہِنَّ بِقٰدِرٍ عَلٰۤی اَنۡ یُّحۡیِۦَ الۡمَوۡتٰی ؕ بَلٰۤی اِنَّہٗ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۳۴﴾
    46 : 34 Асмандар жана жерди пайда кылган жана аларды жаратуудан чарчабаган Алланын өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү экенин алар көрүшкөн жокпу? Ооба! Албетте, Ал каалаган бардык нерселерге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ یَوۡمَ یُعۡرَضُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا عَلَی النَّارِ ؕ اَلَیۡسَ ہٰذَا بِالۡحَقِّ ؕ قَالُوۡا بَلٰی وَ رَبِّنَا ؕ قَالَ فَذُوۡقُوا الۡعَذَابَ بِمَا کُنۡتُمۡ تَکۡفُرُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    46 : 35 Жана каапырлар оттун алдына келтириле турган күнү (аларга): «Бул акыйкат эмеспи?» - (деп айтылат). Алар: «Ушундай! Раббибизге касам! (Бул акыйкат эле)», - дешет. Ал аларга: «Эми, азапты таткыла, анткени силер четке кагаар элеӊер», - дейт.
  • فَاصۡبِرۡ کَمَا صَبَرَ اُولُوا الۡعَزۡمِ مِنَ الرُّسُلِ وَ لَا تَسۡتَعۡجِلۡ لَّہُمۡ ؕ کَاَنَّہُمۡ یَوۡمَ یَرَوۡنَ مَا یُوۡعَدُوۡنَ ۙ لَمۡ یَلۡبَثُوۡۤا اِلَّا سَاعَۃً مِّنۡ نَّہَارٍ ؕ بَلٰغٌ ۚ فَہَلۡ یُہۡلَکُ اِلَّا الۡقَوۡمُ الۡفٰسِقُوۡنَ ﴿٪۳۶﴾
    46 : 36 Ошентип, эрки күчтүү пайгамбарлардын сабыр кылгандыктары сыӊары сабыр кыл жана алар тууралуу шашмалык кылба! Алар өздөрүнө убада кылынып жаткан азапты көргөн күнү өздөрүн күндүн бир саатынан көп турбагандай сезишет. Кабар жеткирилип болду. Демек, фасыктардан бөлөк дагы кандайдыр бир коом жок кылынып жиберилеби?
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via