-
بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
1 : 1
Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ۙ﴿۲﴾
1 : 2
Бардык мактоо бүткүл ааламдардын Раббиси, Аллага таандык.
-
الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ ۙ﴿۳﴾
1 : 3
Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
-
مٰلِکِ یَوۡمِ الدِّیۡنِ ؕ﴿۴﴾
1 : 4
Сыйлык жана Жаза күнүнүн Ээси.
-
اِیَّاکَ نَعۡبُدُ وَ اِیَّاکَ نَسۡتَعِیۡنُ ؕ﴿۵﴾
1 : 5
Биз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз.
-
اِہۡدِ نَا الصِّرَاطَ الۡمُسۡتَقِیۡمَ ۙ﴿۶﴾
1 : 6
Бизди туура жолго багыттагын –
-
صِرَاطَ الَّذِیۡنَ اَنۡعَمۡتَ عَلَیۡہِمۡ ۬ۙ غَیۡرِ الۡمَغۡضُوۡبِ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا الضَّآلِّیۡنَ ٪﴿۷﴾
1 : 7
Сен белек кылгандардын, каарыңа дуушар болбогон жана адашпагандардын жолуна.