Курани карим Абаса • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

عَبَسَ

Абаса

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    80 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • عَبَسَ وَ تَوَلّٰۤی ۙ﴿۲﴾
    80 : 2 Ал кабагын чытыды жана жүзүн буруп алды.
  • اَنۡ جَآءَہُ الۡاَعۡمٰی ؕ﴿۳﴾
    80 : 3 Анткени, анын алдына көзү көр бир киши келген.
  • وَ مَا یُدۡرِیۡکَ لَعَلَّہٗ یَزَّکّٰۤی ۙ﴿۴﴾
    80 : 4 Жана ал таза болуп чыгуу ыктымалын сен кайдан билесиӊ?
  • اَوۡ یَذَّکَّرُ فَتَنۡفَعَہُ الذِّکۡرٰی ؕ﴿۵﴾
    80 : 5 Же ал акыл-насаатка көӊүл бөлгөндө, насаат ага пайда берерин дагы.
  • اَمَّا مَنِ اسۡتَغۡنٰی ۙ﴿۶﴾
    80 : 6 Ал кайдыгер бирөө –
  • فَاَنۡتَ لَہٗ تَصَدّٰی ؕ﴿۷﴾
    80 : 7 Сен ага көп көӊүл бурдуӊ.
  • وَ مَا عَلَیۡکَ اَلَّا یَزَّکّٰی ؕ﴿۸﴾
    80 : 8 Жана акыйкатта болсо, эгер ал тазаланууну каалабаса, сен жоопкер эмессиӊ.
  • وَ اَمَّا مَنۡ جَآءَکَ یَسۡعٰی ۙ﴿۹﴾
    80 : 9 Ал эми сенин жаныӊа чуркап келген киши –
  • وَ ہُوَ یَخۡشٰی ۙ﴿۱۰﴾
    80 : 10 Жана ал коркуп жаткан эле.
  • فَاَنۡتَ عَنۡہُ تَلَہّٰی ﴿ۚ۱۱﴾
    80 : 11 Сен болсо, ага көӊүл бурбай койдуӊ.
  • کَلَّاۤ اِنَّہَا تَذۡکِرَۃٌ ﴿ۚ۱۲﴾
    80 : 12 Кулак салгыла! Албетте, бул – бир чоӊ насаат.
  • فَمَنۡ شَآءَ ذَکَرَہٗ ﴿ۘ۱۳﴾
    80 : 13 Ошентип, каалаган киши аны эсте тутсун.
  • فِیۡ صُحُفٍ مُّکَرَّمَۃٍ ﴿ۙ۱۴﴾
    80 : 14 Куттуу баракчаларда бар –
  • مَّرۡفُوۡعَۃٍ مُّطَہَّرَۃٍۭ ﴿ۙ۱۵﴾
    80 : 15 Алар жогорулатылган, абдан тазаланган.
  • بِاَیۡدِیۡ سَفَرَۃٍ ﴿ۙ۱۶﴾
    80 : 16 Жаза тургандардын колдорунда –
  • کِرَامٍۭ بَرَرَۃٍ ﴿ؕ۱۷﴾
    80 : 17 (Алар) абдан абройлуу (жана) абдан такыба.
  • قُتِلَ الۡاِنۡسَانُ مَاۤ اَکۡفَرَہٗ ﴿ؕ۱۸﴾
    80 : 18 Адамзатка өлүм болсун! Ал кандай шүкүрсүз!
  • مِنۡ اَیِّ شَیۡءٍ خَلَقَہٗ ﴿ؕ۱۹﴾
    80 : 19 Ал аны эмнеден жараткан?
  • مِنۡ نُّطۡفَۃٍ ؕ خَلَقَہٗ فَقَدَّرَہٗ ﴿ۙ۲۰﴾
    80 : 20 Бел суусунан. Ал аны жаратты, анан ага (өнүгүү) өлчөмүн белгиледи;
  • ثُمَّ السَّبِیۡلَ یَسَّرَہٗ ﴿ۙ۲۱﴾
    80 : 21 Анан жолду ал үчүн жеӊил кылып койду.
  • ثُمَّ اَمَاتَہٗ فَاَقۡبَرَہٗ ﴿ۙ۲۲﴾
    80 : 22 Анан аны өлтүрдү жана кабырга киргизди.
  • ثُمَّ اِذَا شَآءَ اَنۡشَرَہٗ ﴿ؕ۲۳﴾
    80 : 23 Анан Ал каалаганда, аны тургузат.
  • کَلَّا لَمَّا یَقۡضِ مَاۤ اَمَرَہٗ ﴿ؕ۲۴﴾
    80 : 24 Кулак салгыла! Ал (Алла) ага буюрган нерселерди азыркыга чейин ал аткара албады.
  • فَلۡیَنۡظُرِ الۡاِنۡسَانُ اِلٰی طَعَامِہٖۤ ﴿ۙ۲۵﴾
    80 : 25 Ошентип, адам өзүнүн азык-түлүгүнө бир назар салсын –
  • اَنَّا صَبَبۡنَا الۡمَآءَ صَبًّا ﴿ۙ۲۶﴾
    80 : 26 Биз мол суу жаадырдык.
  • ثُمَّ شَقَقۡنَا الۡاَرۡضَ شَقًّا ﴿ۙ۲۷﴾
    80 : 27 Анан жерди жакшылап жардык.
  • فَاَنۡۢبَتۡنَا فِیۡہَا حَبًّا ﴿ۙ۲۸﴾
    80 : 28 Анан анда дандарды өстүрдүк –
  • وَّ عِنَبًا وَّ قَضۡبًا ﴿ۙ۲۹﴾
    80 : 29 Жүзүмдөр жана жашылчаларды;
  • وَّ زَیۡتُوۡنًا وَّ نَخۡلًا ﴿ۙ۳۰﴾
    80 : 30 Зайтун жана курмаларды;
  • وَّ حَدَآئِقَ غُلۡبًا ﴿ۙ۳۱﴾
    80 : 31 Жана калыӊ бактарды;
  • وَّ فَاکِہَۃً وَّ اَبًّا ﴿ۙ۳۲﴾
    80 : 32 Ошондой эле ар кыл мөмөлөр жана чөп-чарларды дагы –
  • مَّتَاعًا لَّکُمۡ وَ لِاَنۡعَامِکُمۡ ﴿ؕ۳۳﴾
    80 : 33 Алар силер жана чарба малдарыӊардын пайдасы үчүн!
  • فَاِذَا جَآءَتِ الصَّآخَّۃُ ﴿۫۳۴﴾
    80 : 34 Ошентип, кулак жара турган бир кыйкырык келгенде,
  • یَوۡمَ یَفِرُّ الۡمَرۡءُ مِنۡ اَخِیۡہِ ﴿ۙ۳۵﴾
    80 : 35 Адам өзүнүн бир тууганынан да кача турган күнү –
  • وَ اُمِّہٖ وَ اَبِیۡہِ ﴿ۙ۳۶﴾
    80 : 36 Жана өзүнүн энесинен дагы, атасынан дагы;
  • وَ صَاحِبَتِہٖ وَ بَنِیۡہِ ﴿ؕ۳۷﴾
    80 : 37 Жана аялынан дагы, балдарынан дагы.
  • لِکُلِّ امۡرِیًٴ مِّنۡہُمۡ یَوۡمَئِذٍ شَاۡنٌ یُّغۡنِیۡہِ ﴿ؕ۳۸﴾
    80 : 38 Ошол күнү ар бир киши мындай ахвалга туш келет: ал аны (башкалардан) кайдыгер кылып коёт.
  • وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ مُّسۡفِرَۃٌ ﴿ۙ۳۹﴾
    80 : 39 Жана ошол күнү айрым жүздөр жарык болот –
  • ضَاحِکَۃٌ مُّسۡتَبۡشِرَۃٌ ﴿ۚ۴۰﴾
    80 : 40 Жылмайган, шаттуу.
  • وَ وُجُوۡہٌ یَّوۡمَئِذٍ عَلَیۡہَا غَبَرَۃٌ ﴿ۙ۴۱﴾
    80 : 41 Жана ошол күнү айрым жүздөрдү чаӊ баскан болот.
  • تَرۡہَقُہَا قَتَرَۃٌ ﴿ؕ۴۲﴾
    80 : 42 Аларды каралык каптап турган болот.
  • اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡکَفَرَۃُ الۡفَجَرَۃُ ﴿٪۴۳﴾
    80 : 43 Мына ошолор шүкүрсүз, бузукулар.
Share via