Курани карим Нух • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

نُوح

Нух

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    71 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنَا نُوۡحًا اِلٰی قَوۡمِہٖۤ اَنۡ اَنۡذِرۡ قَوۡمَکَ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّاۡتِیَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۲﴾
    71 : 2 Албетте, Биз Нухту анын коомуна: «Аларга оор азап келе электе коомуӊду кулактандыр», - деп жөнөттүк.
  • قَالَ یٰقَوۡمِ اِنِّیۡ لَکُمۡ نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ۙ﴿۳﴾
    71 : 3 Ал айтты: «Эй, коомум! Албетте, мен силерге бир ачыктан-ачык кулактандыруучумун:
  • اَنِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ وَ اتَّقُوۡہُ وَ اَطِیۡعُوۡنِ ۙ﴿۴﴾
    71 : 4 «Аллага ибадат кылгыла, Андан корккула жана мага баш ийгиле.
  • یَغۡفِرۡ لَکُمۡ مِّنۡ ذُنُوۡبِکُمۡ وَ یُؤَخِّرۡکُمۡ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی ؕ اِنَّ اَجَلَ اللّٰہِ اِذَا جَآءَ لَا یُؤَخَّرُ ۘ لَوۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۵﴾
    71 : 5 Ал силердин күнөөлөрүӊөрдү кечирет жана силерге белгилүү бир убакытка чейин мөөнөт берет. Албетте, Алланын (белгилеп койгон) убакыты келгенде, аны артка сүрүп болбойт. Атаганат, силер билсеӊер, кана!»
  • قَالَ رَبِّ اِنِّیۡ دَعَوۡتُ قَوۡمِیۡ لَیۡلًا وَّ نَہَارًا ۙ﴿۶﴾
    71 : 6 Ал айтты: «Эй, Раббим! Мен коомумду күнү-түнү даават эттим.
  • فَلَمۡ یَزِدۡہُمۡ دُعَآءِیۡۤ اِلَّا فِرَارًا ﴿۷﴾
    71 : 7 Бирок менин дааватым аларга бир гана качууну көбөйттү.
  • وَ اِنِّیۡ کُلَّمَا دَعَوۡتُہُمۡ لِتَغۡفِرَ لَہُمۡ جَعَلُوۡۤا اَصَابِعَہُمۡ فِیۡۤ اٰذَانِہِمۡ وَ اسۡتَغۡشَوۡا ثِیَابَہُمۡ وَ اَصَرُّوۡا وَ اسۡتَکۡبَرُوا اسۡتِکۡبَارًا ۚ﴿۸﴾
    71 : 8 Жана албетте, мен ар качан аларды Сен кечирим кылышыӊ үчүн даават эткенимде, алар бармактарын кулактарына тыгып алышты жана кийимдерине оронуп алышты, ошондой эле абдан катуу өжөрлүк кылышты жана абдан көп текеберленишти.
  • ثُمَّ اِنِّیۡ دَعَوۡتُہُمۡ جِہَارًا ۙ﴿۹﴾
    71 : 9 Анан мен аларды бийик үн менен да даават кылдым.
  • ثُمَّ اِنِّیۡۤ اَعۡلَنۡتُ لَہُمۡ وَ اَسۡرَرۡتُ لَہُمۡ اِسۡرَارًا ۙ﴿۱۰﴾
    71 : 10 Анан мен аларга чакырык-үгүтүмдү ачык да жарыяладым, жашыруун да иш туттум.
  • فَقُلۡتُ اسۡتَغۡفِرُوۡا رَبَّکُمۡ ؕ اِنَّہٗ کَانَ غَفَّارًا ﴿ۙ۱۱﴾
    71 : 11 Ошондо мен айттым: «Раббиӊерден кечирим талап кылгыла, Ал албетте, өтө кечирүүчү.
  • یُّرۡسِلِ السَّمَآءَ عَلَیۡکُمۡ مِّدۡرَارًا ﴿ۙ۱۲﴾
    71 : 12 Ал үстүӊөргө тынымсыз жаай турган булут жиберет.
  • وَّ یُمۡدِدۡکُمۡ بِاَمۡوَالٍ وَّ بَنِیۡنَ وَ یَجۡعَلۡ لَّکُمۡ جَنّٰتٍ وَّ یَجۡعَلۡ لَّکُمۡ اَنۡہٰرًا ﴿ؕ۱۳﴾
    71 : 13 Жана Ал силерге мал-дүнүйө жана балдар менен жардам берет, ошондой эле силерге бактарды пайда кылат жана силер үчүн дайраларды чыгарат.
  • مَا لَکُمۡ لَا تَرۡجُوۡنَ لِلّٰہِ وَقَارًا ﴿ۚ۱۴﴾
    71 : 14 Силерге эмне болгон өзү, эмнеге Алладан кандайдыр бир сый-урматты күтпөйсүӊөр?
  • وَ قَدۡ خَلَقَکُمۡ اَطۡوَارًا ﴿۱۵﴾
    71 : 15 Жана Ал болсо, силерди түрдүү абалдарда пайда кылды.
  • اَلَمۡ تَرَوۡا کَیۡفَ خَلَقَ اللّٰہُ سَبۡعَ سَمٰوٰتٍ طِبَاقًا ﴿ۙ۱۶﴾
    71 : 16 Алла жети асманды кандайча кат-кат жаратып койгонун көрбөдүӊөрбү?
  • وَّ جَعَلَ الۡقَمَرَ فِیۡہِنَّ نُوۡرًا وَّ جَعَلَ الشَّمۡسَ سِرَاجًا ﴿۱۷﴾
    71 : 17 Жана Ал аларда айды бир нур, күндү бир жарык чырак кылды.
  • وَ اللّٰہُ اَنۡۢبَتَکُمۡ مِّنَ الۡاَرۡضِ نَبَاتًا ﴿ۙ۱۸﴾
    71 : 18 Жана Алла силерди кудум өсүмдүктөрдөй жерден өстүрүп чыгарды.
  • ثُمَّ یُعِیۡدُکُمۡ فِیۡہَا وَ یُخۡرِجُکُمۡ اِخۡرَاجًا ﴿۱۹﴾
    71 : 19 Анан Ал силерди кайрадан анын ичине кайтарат жана силерди бир жаӊы түстө чыгарат.
  • وَ اللّٰہُ جَعَلَ لَکُمُ الۡاَرۡضَ بِسَاطًا ﴿ۙ۲۰﴾
    71 : 20 Жана Алла жерди силер үчүн төшөк кылып койду –
  • لِّتَسۡلُکُوۡا مِنۡہَا سُبُلًا فِجَاجًا ﴿٪۲۱﴾
    71 : 21 Силер анын кеӊ жолдорунда жүрүшүӊөр үчүн».
  • قَالَ نُوۡحٌ رَّبِّ اِنَّہُمۡ عَصَوۡنِیۡ وَ اتَّبَعُوۡا مَنۡ لَّمۡ یَزِدۡہُ مَالُہٗ وَ وَلَدُہٗۤ اِلَّا خَسَارًا ﴿ۚ۲۲﴾
    71 : 22 Нух айтты: «Эй, Раббим! Албетте, алар мага баш ийбестик кылышты, ошондой эле байлыгы жана балдары зыянын гана арттырган бирөөнү ээрчишти.
  • وَ مَکَرُوۡا مَکۡرًا کُبَّارًا ﴿ۚ۲۳﴾
    71 : 23 Жана алар абдан чоӊ айла-амал кылышты.
  • وَ قَالُوۡا لَا تَذَرُنَّ اٰلِہَتَکُمۡ وَ لَا تَذَرُنَّ وَدًّا وَّ لَا سُوَاعًا ۬ۙ وَّ لَا یَغُوۡثَ وَ یَعُوۡقَ وَ نَسۡرًا ﴿ۚ۲۴﴾
    71 : 24 Жана алар айтышты: «Өз кудайларыӊарды эч таштабагыла; Вадды дагы, Сувааны дагы, Йагусту дагы, Йаъуукту дагы, Насрды дагы».
  • وَ قَدۡ اَضَلُّوۡا کَثِیۡرًا ۬ۚ وَ لَا تَزِدِ الظّٰلِمِیۡنَ اِلَّا ضَلٰلًا ﴿۲۵﴾
    71 : 25 Жана алар көпчүлүктү жолдон чыгарышты. Сен заалимдерге адашуудан башка эч нерсени көбөйтпөгүн!»
  • مِمَّا خَطِیۡٓــٰٔتِہِمۡ اُغۡرِقُوۡا فَاُدۡخِلُوۡا نَارًا ۬ۙ فَلَمۡ یَجِدُوۡا لَہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اَنۡصَارًا ﴿۲۶﴾
    71 : 26 Алар өз каталары себептүү чөктүрүлүштү, анан отко киргизилишти. Ошондо алар өздөрүнө Алладан бөлөк эч бир жардамчы таба алышпады.
  • وَ قَالَ نُوۡحٌ رَّبِّ لَا تَذَرۡ عَلَی الۡاَرۡضِ مِنَ الۡکٰفِرِیۡنَ دَیَّارًا ﴿۲۷﴾
    71 : 27 Жана Нух айтты: «Эй, Раббим! Каапырлардын бирөөсүнүн да жерде жашап жатканын калтырбагын.
  • اِنَّکَ اِنۡ تَذَرۡہُمۡ یُضِلُّوۡا عِبَادَکَ وَ لَا یَلِدُوۡۤا اِلَّا فَاجِرًا کَفَّارًا ﴿۲۸﴾
    71 : 28 Албетте, эгер Сен аларды калтырсаӊ, алар Сенин пенделериӊди жолдон чыгарышат, ошондой эле алар жалаӊ бузукулар жана өтө шүкүрсүз бирөөнү гана төрөшөт.
  • رَبِّ اغۡفِرۡ لِیۡ وَ لِوَالِدَیَّ وَ لِمَنۡ دَخَلَ بَیۡتِیَ مُؤۡمِنًا وَّ لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ ؕ وَ لَا تَزِدِ الظّٰلِمِیۡنَ اِلَّا تَبَارًا ﴿٪۲۹﴾
    71 : 29 Эй, Раббим! Мени да, менин ата-энелеримди да, менин үйүмө момун болуп киргенди да, ошондой эле бардык момун эркектер жана момун аялдарды да кечиргин. Сен заалимдерге ойрондуктан башка эч нерсени көбөйтпөгүн!»
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via