Курани карим Ар-Раъд • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الرّعد

Ар-Раъд

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    13 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • الٓـمّٓرٰ ۟ تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡکِتٰبِ ؕ وَ الَّذِیۡۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ الۡحَقُّ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَ النَّاسِ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۲﴾
    13 : 2 Аналлааху аъламу ва араа: Мен – Алламын, эӊ жакшы билүүчүмүн жана Мен көрөмүн. Булар – толук Китептин аяттары. Сага Раббиӊ тарабынан түшүрүлгөн нерсе акыйкат. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтирбейт.
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡ رَفَعَ السَّمٰوٰتِ بِغَیۡرِ عَمَدٍ تَرَوۡنَہَا ثُمَّ اسۡتَوٰی عَلَی الۡعَرۡشِ وَ سَخَّرَ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ ؕ کُلٌّ یَّجۡرِیۡ لِاَجَلٍ مُّسَمًّی ؕ یُدَبِّرُ الۡاَمۡرَ یُفَصِّلُ الۡاٰیٰتِ لَعَلَّکُمۡ بِلِقَآءِ رَبِّکُمۡ تُوۡقِنُوۡنَ ﴿۳﴾
    13 : 3 Алла асмандарды силер көрө албаган устундар менен көтөрүп койгон Зат. Анан Ал (Алла) Аршка орношту жана күн менен айды кызмат кылууга дайындап койду. Бардык нерсе бир анык мөөнөткө чейин аракетте. Силер өз Раббиӊерге жолугушууга ишенүүӊөр үчүн Ал бардык иштерди иш-чара жолу менен чечет (жана) Өз аят-жышаандарын ачык баян кылат.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ مَدَّ الۡاَرۡضَ وَ جَعَلَ فِیۡہَا رَوَاسِیَ وَ اَنۡہٰرًا ؕ وَ مِنۡ کُلِّ الثَّمَرٰتِ جَعَلَ فِیۡہَا زَوۡجَیۡنِ اثۡنَیۡنِ یُغۡشِی الَّیۡلَ النَّہَارَ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۴﴾
    13 : 4 Ошондой эле Ал жерди жайып койгон жана анда тоолор менен дарыяларды жараткан (Алла). Ал анда ар түрдүү мөмөлөрдү жуп-жуп кылып жаратты. Ал күндү түн менен жабат. Албетте, мында ой жүгүрткөн кишилер үчүн аят-белгилер бар.
  • وَ فِی الۡاَرۡضِ قِطَعٌ مُّتَجٰوِرٰتٌ وَّ جَنّٰتٌ مِّنۡ اَعۡنَابٍ وَّ زَرۡعٌ وَّ نَخِیۡلٌ صِنۡوَانٌ وَّ غَیۡرُ صِنۡوَانٍ یُّسۡقٰی بِمَآءٍ وَّاحِدٍ ۟ وَ نُفَضِّلُ بَعۡضَہَا عَلٰی بَعۡضٍ فِی الۡاُکُلِ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّعۡقِلُوۡنَ ﴿۵﴾
    13 : 5 Жерде бир-бирине кошуна болгон бөлүкчөлөр жана бир тамырдан бирден көп бүчүр чыгара турган жана бир тамырдан бирден көп бүчүр чыгарбай турган жүзүмзарлар, эгинзарлар жана курма дарактары дагы бар; му(нун бардыгы) бир эле суу менен гана сугарылат; Биз алардын айрымдарын-айрымдарынан мөмө жагынан абзелирээк кылып койдук. Албетте, мында акыл ээлери үчүн аят-белгилер бар.
  • وَ اِنۡ تَعۡجَبۡ فَعَجَبٌ قَوۡلُہُمۡ ءَ اِذَا کُنَّا تُرٰبًا ءَ اِنَّا لَفِیۡ خَلۡقٍ جَدِیۡدٍ ۬ؕ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِرَبِّہِمۡ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ الۡاَغۡلٰلُ فِیۡۤ اَعۡنَاقِہِمۡ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ ۚ ہُمۡ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۶﴾
    13 : 6 Эгер сен таӊ кала турган болсоӊ, анда алардын: «Эмне, топуракка айланып кеткенибизден кийин, биз сөзсүз бир жаӊы жаратылышка айландырылабызбы?» - деген сөзү дагы абдан таӊ калыштуу го! Өз Раббисин четке каккандар мына ошолор жана моюндарында каргы болгондор (дагы) мына ошолор жана от ээлери (да) мына ошолор. Алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • وَ یَسۡتَعۡجِلُوۡنَکَ بِالسَّیِّئَۃِ قَبۡلَ الۡحَسَنَۃِ وَ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِہِمُ الۡمَثُلٰتُ ؕ وَ اِنَّ رَبَّکَ لَذُوۡ مَغۡفِرَۃٍ لِّلنَّاسِ عَلٰی ظُلۡمِہِمۡ ۚ وَ اِنَّ رَبَّکَ لَشَدِیۡدُ الۡعِقَابِ ﴿۷﴾
    13 : 7 Алар сенден жамандыкты жакшылыктан мурун тезирээк талап кылышат. Чындыгында, алардан мурун көптөгөн ибараттуу мисалдар өткөн. Албетте, Раббиӊ адамдар үчүн алардын зулумуна карабастан өтө кечиримдүү. Албетте, Раббиӊ жазалоодо өтө катуу.
  • وَ یَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَوۡ لَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡہِ اٰیَۃٌ مِّنۡ رَّبِّہٖ ؕ اِنَّمَاۤ اَنۡتَ مُنۡذِرٌ وَّ لِکُلِّ قَوۡمٍ ہَادٍ ٪﴿۸﴾
    13 : 8 Четке каккандар: «Эмнеге ага Раббиси тарабынан бир дагы аят-белги түшүрүлгөн эмес?» - дешет. Албетте, сен болгону бир кулактандыруучусуӊ. Албетте, ар бир коом үчүн бирден жетекчи болот.
  • اَللّٰہُ یَعۡلَمُ مَا تَحۡمِلُ کُلُّ اُنۡثٰی وَ مَا تَغِیۡضُ الۡاَرۡحَامُ وَ مَا تَزۡدَادُ ؕ وَ کُلُّ شَیۡءٍ عِنۡدَہٗ بِمِقۡدَارٍ ﴿۹﴾
    13 : 9 Ар бир ургаачы (кош бойлуу учурунда) эмнени көтөрүп жүргөнүн, ошондой эле жатындар эмнени кемиткенин жана эмнени көбөйткөнүн (дагы) Алла билет. Анын алдында ар бир нерсе бир өзгөчө өлчөмгө ылайыктуу болот.
  • عٰلِمُ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ الۡکَبِیۡرُ الۡمُتَعَالِ ﴿۱۰﴾
    13 : 10 Ал кайыпты жана көрүнөөнү билүүчү. Өтө бийик (жана) жогору даражалуу.
  • سَوَآءٌ مِّنۡکُمۡ مَّنۡ اَسَرَّ الۡقَوۡلَ وَ مَنۡ جَہَرَ بِہٖ وَ مَنۡ ہُوَ مُسۡتَخۡفٍۭ بِالَّیۡلِ وَ سَارِبٌۢ بِالنَّہَارِ ﴿۱۱﴾
    13 : 11 Араӊардагы кепти жашырган жана аны ачык кылган киши, ошондой эле түнү менен жашырынып ала турган жана күндүзү (ачык-айкын) жүрө берген киши теӊ (болот).
  • لَہٗ مُعَقِّبٰتٌ مِّنۡۢ بَیۡنِ یَدَیۡہِ وَ مِنۡ خَلۡفِہٖ یَحۡفَظُوۡنَہٗ مِنۡ اَمۡرِ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُغَیِّرُ مَا بِقَوۡمٍ حَتّٰی یُغَیِّرُوۡا مَا بِاَنۡفُسِہِمۡ ؕ وَ اِذَاۤ اَرَادَ اللّٰہُ بِقَوۡمٍ سُوۡٓءًا فَلَا مَرَدَّ لَہٗ ۚ وَ مَا لَہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِہٖ مِنۡ وَّالٍ ﴿۱۲﴾
    13 : 12 Ал үчүн анын алдында жана аркасында жүргөн коргоочулар (дайындалган), алар Алланын амири менен аны коргошот. Албетте, Алла кандайдыр бир коом өздөрүндөгү бар нерсени өзгөртмөйүнчө, алардын ахвалын өзгөртпөйт. Албетте, Алла кандайдыр бир коомдун жаман акыбетине чечим чыгармакчы болгондо, аны такыр кайтарып болбойт. Андан бөлөк алар үчүн эч бир коргоочу жок.
  • ہُوَ الَّذِیۡ یُرِیۡکُمُ الۡبَرۡقَ خَوۡفًا وَّ طَمَعًا وَّ یُنۡشِیٴُ السَّحَابَ الثِّقَالَ ﴿ۚ۱۳﴾
    13 : 13 Ошол (Алла) кээде силер корко турган, кээде силер үмүт кыла турган чагылганды силерге көрсөтөт. Ал оор булуттарды (бийик) көтөрүп коёт.
  • وَ یُسَبِّحُ الرَّعۡدُ بِحَمۡدِہٖ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ مِنۡ خِیۡفَتِہٖ ۚ وَ یُرۡسِلُ الصَّوَاعِقَ فَیُصِیۡبُ بِہَا مَنۡ یَّشَآءُ وَ ہُمۡ یُجَادِلُوۡنَ فِی اللّٰہِ ۚ وَ ہُوَ شَدِیۡدُ الۡمِحَالِ ﴿ؕ۱۴﴾
    13 : 14 Күндүн күркүрөшү Анын мактоосу менен (Ага) тасбийх айтат жана периштелер дагы Андан кооптонгон бойдон (тасбийх кылып турган болушат). Ал чартылдаган чагылгандарды жиберет жана алар аркылуу каалаган бирөөнү кырсыкка кирептер кылат. Алар болсо, Алла туурасында талашып-тартышып турган болушат. Ал кармоодо абдан катуу.
  • لَہٗ دَعۡوَۃُ الۡحَقِّ ؕ وَ الَّذِیۡنَ یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖ لَا یَسۡتَجِیۡبُوۡنَ لَہُمۡ بِشَیۡءٍ اِلَّا کَبَاسِطِ کَفَّیۡہِ اِلَی الۡمَآءِ لِیَبۡلُغَ فَاہُ وَ مَا ہُوَ بِبَالِغِہٖ ؕ وَ مَا دُعَآءُ الۡکٰفِرِیۡنَ اِلَّا فِیۡ ضَلٰلٍ ﴿۱۵﴾
    13 : 15 Чыныгы дуба Ага гана кылынат. Алланын ордуна алар жалбарып жаткандар алардын эч бир сөзүнө жооп бербейт. Ооба, бирок алар (суу) анын оозуна жетиши үчүн эки колун суу жакка созуп турган адамга окшойт. Чынында, ал такыр ага жетүүчү эмес. Каапырлардын дубасы адашууга кирептер болуудан башка эч нерсе эмес.
  • وَ لِلّٰہِ یَسۡجُدُ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ طَوۡعًا وَّ کَرۡہًا وَّ ظِلٰلُہُمۡ بِالۡغُدُوِّ وَ الۡاٰصَالِ ﴿ٛ۱۶﴾
    13 : 16 Асмандар менен жердеги бардык нерселер жана алардын көлөкөлөрү таӊда дагы, кечкисин дагы, мейли ыраазычылык менен, мейли мажбурлук менен Аллага гана сажда кылат.
  • قُلۡ مَنۡ رَّبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ قُلِ اللّٰہُ ؕ قُلۡ اَفَاتَّخَذۡتُمۡ مِّنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءَ لَا یَمۡلِکُوۡنَ لِاَنۡفُسِہِمۡ نَفۡعًا وَّ لَا ضَرًّا ؕ قُلۡ ہَلۡ یَسۡتَوِی الۡاَعۡمٰی وَ الۡبَصِیۡرُ ۬ۙ اَمۡ ہَلۡ تَسۡتَوِی الظُّلُمٰتُ وَ النُّوۡرُ ۬ۚ اَمۡ جَعَلُوۡا لِلّٰہِ شُرَکَآءَ خَلَقُوۡا کَخَلۡقِہٖ فَتَشَابَہَ الۡخَلۡقُ عَلَیۡہِمۡ ؕ قُلِ اللّٰہُ خَالِقُ کُلِّ شَیۡءٍ وَّ ہُوَ الۡوَاحِدُ الۡقَہَّارُ ﴿۱۷﴾
    13 : 17 Сурагын: «Асмандар жана жердин Раббиси ким?» (Жана) айт: «Бир гана Алла!» Айт: «Андай болсо, силер Анын ордуна, өздөрүнө пайда жана зыян жеткирүүгө эч күчү жоктордү дос кылып алдыӊарбы?» Сурагын: «Көр менен көрүүчү теӊ боло алабы; ошондой эле караӊгылык жана жарык бирдей боло алабы? Же алар Алладан өзгө Ал жараткан сыяктуу жараткандарды шерик кылып алышканбы? Ошентип, жаратылыш аларга окшоп калдыбы?» Айт: «Алла гана ар бир нерсенин жаратуучусу, ошондой эле Ал жалгыз (жана) эӊ кудуреттүү».
  • اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَسَالَتۡ اَوۡدِیَۃٌۢ بِقَدَرِہَا فَاحۡتَمَلَ السَّیۡلُ زَبَدًا رَّابِیًا ؕ وَ مِمَّا یُوۡقِدُوۡنَ عَلَیۡہِ فِی النَّارِ ابۡتِغَآءَ حِلۡیَۃٍ اَوۡ مَتَاعٍ زَبَدٌ مِّثۡلُہٗ ؕ کَذٰلِکَ یَضۡرِبُ اللّٰہُ الۡحَقَّ وَ الۡبَاطِلَ ۬ؕ فَاَمَّا الزَّبَدُ فَیَذۡہَبُ جُفَآءً ۚ وَ اَمَّا مَا یَنۡفَعُ النَّاسَ فَیَمۡکُثُ فِی الۡاَرۡضِ ؕ کَذٰلِکَ یَضۡرِبُ اللّٰہُ الۡاَمۡثَالَ ﴿ؕ۱۸﴾
    13 : 18 Ал асмандан суу түшүрдү, ошондо өрөөндөр өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша агып кетти жана сел дөбөгө келген көбүктү көтөрүп алды. Алар кооздук жана башка аспап- эмеректерди жасоо үчүн отко кызыта турган нерседен дагы кудум ушундай көбүк көтөрүлөт. Алла акыйкат жана жалгандын мисалын мына ушундай баян кылат. Анан көбүк текке кетет жана адамдарга пайда келтире турган нерсе жерде калат. Алла мисалдарды мына ушундай баян кылат.
  • لِلَّذِیۡنَ اسۡتَجَابُوۡا لِرَبِّہِمُ الۡحُسۡنٰی ؕؔ وَ الَّذِیۡنَ لَمۡ یَسۡتَجِیۡبُوۡا لَہٗ لَوۡ اَنَّ لَہُمۡ مَّا فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا وَّ مِثۡلَہٗ مَعَہٗ لَافۡتَدَوۡا بِہٖ ؕ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ سُوۡٓءُ الۡحِسَابِ ۬ۙ وَ مَاۡوٰٮہُمۡ جَہَنَّمُ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمِہَادُ ﴿٪۱۹﴾
    13 : 19 Өз Раббисине жооп бергендер үчүн жакшылык бар. Ага жооп бербегендер болсо, эгер жердеги бардык нерселер, ошондой эле ага теӊ жана ошончо дагы алардыкы болсо да, алар аны берип, сөзсүз өз жандарын куткарууга аракет кылышат. Булар ушундай кишилер: алар үчүн абдан жаман эсеп-кысап даярдалган. Алардын турак жайы – тозок. Ал – абдан жаман турак жай.
  • اَفَمَنۡ یَّعۡلَمُ اَنَّمَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ الۡحَقُّ کَمَنۡ ہُوَ اَعۡمٰی ؕ اِنَّمَا یَتَذَکَّرُ اُولُوا الۡاَلۡبَابِ ﴿ۙ۲۰﴾
    13 : 20 Сага Раббиӊ тарабынан түшүрүлгөн нерсе акыйкат экенин биле турган киши сокур кишидей боло алабы? Албетте, акыл ээлери гана ибарат алышат –
  • الَّذِیۡنَ یُوۡفُوۡنَ بِعَہۡدِ اللّٰہِ وَ لَا یَنۡقُضُوۡنَ الۡمِیۡثَاقَ ﴿ۙ۲۱﴾
    13 : 21 Алла (менен кылган) ант-убадасын орундата турган жана келишимди бузбай тургандар.
  • وَ الَّذِیۡنَ یَصِلُوۡنَ مَاۤ اَمَرَ اللّٰہُ بِہٖۤ اَنۡ یُّوۡصَلَ وَ یَخۡشَوۡنَ رَبَّہُمۡ وَ یَخَافُوۡنَ سُوۡٓءَ الۡحِسَابِ ﴿ؕ۲۲﴾
    13 : 22 Жана Алла байлоого буюрган нерселерди байлай турган, ошондой эле өз Раббисинен жана жаман эсеп-кысаптан корко тургандар.
  • وَ الَّذِیۡنَ صَبَرُوا ابۡتِغَآءَ وَجۡہِ رَبِّہِمۡ وَ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ وَ اَنۡفَقُوۡا مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ سِرًّا وَّ عَلَانِیَۃً وَّ یَدۡرَءُوۡنَ بِالۡحَسَنَۃِ السَّیِّئَۃَ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عُقۡبَی الدَّارِ ﴿ۙ۲۳﴾
    13 : 23 Жана өз Раббисинин ыраазычылыгы үчүн сабыр кылган, намазды аткарган, Биз аларга берген нерселерден көмүскө да, көрүнөө да сарп кылган жана жаманчылыктарды жакшылыктар менен кетире тургандар – мына ошолор үчүн үйдүн (эӊ жакшы) акыбети бар –
  • جَنّٰتُ عَدۡنٍ یَّدۡخُلُوۡنَہَا وَ مَنۡ صَلَحَ مِنۡ اٰبَآئِہِمۡ وَ اَزۡوَاجِہِمۡ وَ ذُرِّیّٰتِہِمۡ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ یَدۡخُلُوۡنَ عَلَیۡہِمۡ مِّنۡ کُلِّ بَابٍ ﴿ۚ۲۴﴾
    13 : 24 Түбөлүктүү бейиштер (бар). Алар ал (бейиш)терге киришет жана алардын ата-бабаларынан, алардын жуптарынан жана тукумдарынан оӊолуп калган кишилер дагы. Периштелер ар бир эшиктен алардын алдына кирип турган болушат:
  • سَلٰمٌ عَلَیۡکُمۡ بِمَا صَبَرۡتُمۡ فَنِعۡمَ عُقۡبَی الدَّارِ ﴿ؕ۲۵﴾
    13 : 25 «Сабыр кылганыӊар үчүн силерге салам болсун. Демек, үйдүн акыбети кандай жакшы!»
  • وَ الَّذِیۡنَ یَنۡقُضُوۡنَ عَہۡدَ اللّٰہِ مِنۡۢ بَعۡدِ مِیۡثَاقِہٖ وَ یَقۡطَعُوۡنَ مَاۤ اَمَرَ اللّٰہُ بِہٖۤ اَنۡ یُّوۡصَلَ وَ یُفۡسِدُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ ۙ اُولٰٓئِکَ لَہُمُ اللَّعۡنَۃُ وَ لَہُمۡ سُوۡٓءُ الدَّارِ ﴿۲۶﴾
    13 : 26 Алланын ант-убадасын бекем түзгөндөн кийин буза турган жана Алла байлоого буюрган нерсени үзө турган, ошондой эле жерде бузгунчулук кылып жүрө бергендер – мына ошолор үчүн каргыш бар жана алар үчүн абдан жаман үй болот.
  • اَللّٰہُ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یَقۡدِرُ ؕ وَ فَرِحُوۡا بِالۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ؕ وَ مَا الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا فِی الۡاٰخِرَۃِ اِلَّا مَتَاعٌ ﴿٪۲۷﴾
    13 : 27 Алла каалаган киши үчүн ырыскыны кеӊ да, тар да кылат. Алар дүйнөлүк жашоодон гана көӊүлдүү болуп калышты. Акыретте дүйнөлүк жашоонун акыйкаты бир арзыбаган көӊүл ачуучу нерседен бөлөк түк (эсте) калбайт.
  • وَ یَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَوۡ لَاۤ اُنۡزِلَ عَلَیۡہِ اٰیَۃٌ مِّنۡ رَّبِّہٖ ؕ قُلۡ اِنَّ اللّٰہَ یُضِلُّ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَہۡدِیۡۤ اِلَیۡہِ مَنۡ اَنَابَ ﴿ۖۚ۲۸﴾
    13 : 28 Каапырлык кылгандар айтышат: «Эмнеге ага Раббиси тарабынан бир дагы аят-белги түшүрүлгөн эмес?» Айткын: «Алла каалаган кишини адашкан деп өкүм чыгарат жана Өзүнө ийилген кишини (гана) Өзүнө хидаят кылат –
  • اَلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ تَطۡمَئِنُّ قُلُوۡبُہُمۡ بِذِکۡرِ اللّٰہِ ؕ اَلَا بِذِکۡرِ اللّٰہِ تَطۡمَئِنُّ الۡقُلُوۡبُ ﴿ؕ۲۹﴾
    13 : 29 Ыйман келтирген жана жүрөктөрү Алланы эске алуу менен канаат тапкандарды. Уккула! Жалаӊ Алланы эске алуу менен гана жүрөктөр бейпилдик табат.
  • اَلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ طُوۡبٰی لَہُمۡ وَ حُسۡنُ مَاٰبٍ ﴿۳۰﴾
    13 : 30 Ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылгандар – алар үчүн абдан таза жай жана абдан сонун кайта турган жер бар».
  • کَذٰلِکَ اَرۡسَلۡنٰکَ فِیۡۤ اُمَّۃٍ قَدۡ خَلَتۡ مِنۡ قَبۡلِہَاۤ اُمَمٌ لِّتَتۡلُوَا۠ عَلَیۡہِمُ الَّذِیۡۤ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ وَ ہُمۡ یَکۡفُرُوۡنَ بِالرَّحۡمٰنِ ؕ قُلۡ ہُوَ رَبِّیۡ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ عَلَیۡہِ تَوَکَّلۡتُ وَ اِلَیۡہِ مَتَابِ ﴿۳۱﴾
    13 : 31 Ушинтип, Биз сага вахий-аян кылган нерселерди аларга окууӊ үчүн Биз сени бир ушундай үммөткө жөнөттүк: андан мурун бир нече үммөттөр өтүп кеткен эле; алар болсо, Мээримдүүнү четке кагышууда. Айткын: «Ал менин – Раббим, Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Ага гана мен тобокел кыламын жана Ага гана менин алсыз-жөнөкөйлүк (менен) ийилишим бар».
  • وَ لَوۡ اَنَّ قُرۡاٰنًا سُیِّرَتۡ بِہِ الۡجِبَالُ اَوۡ قُطِّعَتۡ بِہِ الۡاَرۡضُ اَوۡ کُلِّمَ بِہِ الۡمَوۡتٰی ؕ بَلۡ لِّلّٰہِ الۡاَمۡرُ جَمِیۡعًا ؕ اَفَلَمۡ یَایۡـَٔسِ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَنۡ لَّوۡ یَشَآءُ اللّٰہُ لَہَدَی النَّاسَ جَمِیۡعًا ؕ وَ لَا یَزَالُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا تُصِیۡبُہُمۡ بِمَا صَنَعُوۡا قَارِعَۃٌ اَوۡ تَحُلُّ قَرِیۡبًا مِّنۡ دَارِہِمۡ حَتّٰی یَاۡتِیَ وَعۡدُ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُخۡلِفُ الۡمِیۡعَادَ ﴿٪۳۲﴾
    13 : 32 Эгер Куран ушундай болгондо: ал аркылуу тоолор көчүрүлүп жиберилгенде, же аны менен жер жарылып жиберилгенде, же ал аркылуу өлүктөр менен сүйлөшүлгөндө, (анда дагы алар шектенген болоор эле). Чынында, өкүм бүтүндөй Аллага гана таандык. Демек, ыйман келтиргендер «эгер Алла каалаганда, бардык адамдарды туура жолго салган болоор эле» деген нерседен кабардар болушкан эмеспи? Алланын убадасы жетип келгенче, каапыр болгондорго кылыктары себептүү (көӊүлдөрүн) такылдатуучу апаат жетип турат же ал (эскертүү) үйлөрүнүн жанында түшөт. Албетте, Алла убадага каршы иш тутпайт.
  • وَ لَقَدِ اسۡتُہۡزِیٴَ بِرُسُلٍ مِّنۡ قَبۡلِکَ فَاَمۡلَیۡتُ لِلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ثُمَّ اَخَذۡتُہُمۡ ۟ فَکَیۡفَ کَانَ عِقَابِ ﴿۳۳﴾
    13 : 33 Албетте, сенден мурунку пайгамбарлар да мазакталышкан. Ошондуктан, Мен каапырлык кылгандарга бир аз мөөнөт бердим, анан аларды кармап алдым. Ошентип, Менин жазам кандай (ибараттуу) болгон?
  • اَفَمَنۡ ہُوَ قَآئِمٌ عَلٰی کُلِّ نَفۡسٍۭ بِمَا کَسَبَتۡ ۚ وَ جَعَلُوۡا لِلّٰہِ شُرَکَآءَ ؕ قُلۡ سَمُّوۡہُمۡ ؕ اَمۡ تُنَبِّـُٔوۡنَہٗ بِمَا لَا یَعۡلَمُ فِی الۡاَرۡضِ اَمۡ بِظَاہِرٍ مِّنَ الۡقَوۡلِ ؕ بَلۡ زُیِّنَ لِلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مَکۡرُہُمۡ وَ صُدُّوۡا عَنِ السَّبِیۡلِ ؕ وَ مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَمَا لَہٗ مِنۡ ہَادٍ ﴿۳۴﴾
    13 : 34 Демек, ар бир жан тапканынын үстүнөн кароолчу болгон (Алла чыныгы суракка алууга акылуу эмеспи?) Алар (башкаларды) Аллага шерик кылышты. Айткын: «Алардын ысымдарын айткылачы; же Ага бүтүн жерде Ал эч билбеген бир нерседен кабар бересиӊерби; же (булар) жөн эле кептерби?» Чынында, каапырлык кылгандардын айла-амалдары аларга сонун кылынып коюлду. Алар (туура) жолдон токтотулуп коюлушат. Алла адашкан деп өкүм чыгарган киши үчүн эч бир хидаят кылуучу жок.
  • لَہُمۡ عَذَابٌ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ لَعَذَابُ الۡاٰخِرَۃِ اَشَقُّ ۚ وَ مَا لَہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ مِنۡ وَّاقٍ ﴿۳۵﴾
    13 : 35 Алар үчүн дүйнөлүк жашоодо азап бар жана акыреттеги азап катуураак. Аларды Алладан куткаруучу эч ким жок.
  • مَثَلُ الۡجَنَّۃِ الَّتِیۡ وُعِدَ الۡمُتَّقُوۡنَ ؕ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ؕ اُکُلُہَا دَآئِمٌ وَّ ظِلُّہَا ؕ تِلۡکَ عُقۡبَی الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا ٭ۖ وَّ عُقۡبَی الۡکٰفِرِیۡنَ النَّارُ ﴿۳۶﴾
    13 : 36 Такыбаларга убада кылынган бейиштин мисалы (мындай): анын ортосунан дайралар агат, анын мөмөсү жана көлөкөсү түбөлүктүү. Бул – такыба болгондордун акыбети. Каапырлардын акыбети болсо – от.
  • وَ الَّذِیۡنَ اٰتَیۡنٰہُمُ الۡکِتٰبَ یَفۡرَحُوۡنَ بِمَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکَ وَ مِنَ الۡاَحۡزَابِ مَنۡ یُّنۡکِرُ بَعۡضَہٗ ؕ قُلۡ اِنَّمَاۤ اُمِرۡتُ اَنۡ اَعۡبُدَ اللّٰہَ وَ لَاۤ اُشۡرِکَ بِہٖ ؕ اِلَیۡہِ اَدۡعُوۡا وَ اِلَیۡہِ مَاٰبِ ﴿۳۷﴾
    13 : 37 Биз Китеп берген кишилер сага түшүрүлө турган нерседен сүйүнүшөт. Түрдүү топтордун арасында анын айрым бөлүктөрүн четке кага тургандар дагы бар. Айткын: «Албетте, мен жалаӊ Аллага гана ибадат кылууга жана Ага (башкаларды) шерик кылбастыкка буюрулганмын. Ага гана мен чакырамын жана Ага гана менин кайтышым бар».
  • وَ کَذٰلِکَ اَنۡزَلۡنٰہُ حُکۡمًا عَرَبِیًّا ؕ وَ لَئِنِ اتَّبَعۡتَ اَہۡوَآءَہُمۡ بَعۡدَ مَا جَآءَکَ مِنَ الۡعِلۡمِ ۙ مَا لَکَ مِنَ اللّٰہِ مِنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا وَاقٍ ﴿٪۳۸﴾
    13 : 38 Ушинтип, Биз аны бир ачык-чечен өкүм катары түшүрдүк. Эгер сен өзүӊө билим келгенден кийин дагы алардын жеӊил каалоолорун ээрчисеӊ, анда сага Алла тарабынан эч бир дос жана эч бир куткаруучу табылбайт.
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَا رُسُلًا مِّنۡ قَبۡلِکَ وَ جَعَلۡنَا لَہُمۡ اَزۡوَاجًا وَّ ذُرِّیَّۃً ؕ وَ مَا کَانَ لِرَسُوۡلٍ اَنۡ یَّاۡتِیَ بِاٰیَۃٍ اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ لِکُلِّ اَجَلٍ کِتَابٌ ﴿۳۹﴾
    13 : 39 Албетте, Биз сенден мурун көптөгөн пайгамбарларды жөнөттүк. Биз аларга жубайлар жана урук-тукумдарды дагы жараттык. Бир дагы пайгамбарга бир аятты да Алланын уруксатысыз келтирүү мүмкүн эмес. Ар бир белгиленген убакыт үчүн бир жазылган тагдыр бар.
  • یَمۡحُوا اللّٰہُ مَا یَشَآءُ وَ یُثۡبِتُ ۚۖ وَ عِنۡدَہٗۤ اُمُّ الۡکِتٰبِ ﴿۴۰﴾
    13 : 40 Алла каалаганын жок кылат, каалаганын туруктуу кылат. Бардык тагдырлардын булагы Анын алдында.
  • وَ اِنۡ مَّا نُرِیَنَّکَ بَعۡضَ الَّذِیۡ نَعِدُہُمۡ اَوۡ نَتَوَفَّیَنَّکَ فَاِنَّمَا عَلَیۡکَ الۡبَلٰغُ وَ عَلَیۡنَا الۡحِسَابُ ﴿۴۱﴾
    13 : 41 Эгер Биз аларга кылып жаткан ошол эскертүү убадалардан бир азын сага көрсөтүп койсок же сенин жаныӊды алсак, (баары бир) сенин милдетиӊ – ачык-айкын жеткирүү гана. Эсеп-кысап кылуу Биздин моюнубузда.
  • اَوَ لَمۡ یَرَوۡا اَنَّا نَاۡتِی الۡاَرۡضَ نَنۡقُصُہَا مِنۡ اَطۡرَافِہَا ؕ وَ اللّٰہُ یَحۡکُمُ لَا مُعَقِّبَ لِحُکۡمِہٖ ؕ وَ ہُوَ سَرِیۡعُ الۡحِسَابِ ﴿۴۲﴾
    13 : 42 Биз албетте, жерди анын четтеринен кемитип келе жатканыбызга алар көӊүл бурушкан эмеспи? Алла гана өкүм кылат. Анын өкүмүн өзгөртүүчү эч ким жок жана Ал эсеп-кысап (кылуу)да абдан тез.
  • وَ قَدۡ مَکَرَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ فَلِلّٰہِ الۡمَکۡرُ جَمِیۡعًا ؕ یَعۡلَمُ مَا تَکۡسِبُ کُلُّ نَفۡسٍ ؕ وَ سَیَعۡلَمُ الۡکُفّٰرُ لِمَنۡ عُقۡبَی الدَّارِ ﴿۴۳﴾
    13 : 43 Албетте, алардан мурункулар дагы айла-амал кылышкан эле. Демек, ар бир иш-чара бүтүндөй Алланын ыктыярында. Ал ар бир жан эмнени тапканын билет. Четке кагуучулар үйдүн (эӊ жакшы) акыбети кимдики экенин сөзсүз билип алышат.
  • وَ یَقُوۡلُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَسۡتَ مُرۡسَلًا ؕ قُلۡ کَفٰی بِاللّٰہِ شَہِیۡدًۢا بَیۡنِیۡ وَ بَیۡنَکُمۡ ۙ وَ مَنۡ عِنۡدَہٗ عِلۡمُ الۡکِتٰبِ ﴿٪۴۴﴾
    13 : 44 Каапырлык кылгандар айтышат: «Сен жиберилген эмессиӊ». Айткын: «Мени менен силердин араӊарда Алла күбө катары жетиштүү жана Китеп илиминен кабардар болгон (киши) дагы (күбө)».
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via