بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
109 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
قُلۡ یٰۤاَیُّہَا الۡکٰفِرُوۡنَ ۙ﴿۲﴾
109 : 2 Айткын: «Эй, каапырлар!
لَاۤ اَعۡبُدُ مَا تَعۡبُدُوۡنَ ۙ﴿۳﴾
109 : 3 Силер сыйынып жаткан нерселерге мен ибадат кылбаймын.
وَ لَاۤ اَنۡتُمۡ عٰبِدُوۡنَ مَاۤ اَعۡبُدُ ۚ﴿۴﴾
109 : 4 Жана мен ибадат кылып жаткан (Алла)га силер да ибадат кылуучу эмессиӊер.
وَ لَاۤ اَنَا عَابِدٌ مَّا عَبَدۡتُّمۡ ۙ﴿۵﴾
109 : 5 Жана силер сыйынган нерселерге мен эч качан ибадат кылуучу болбоймун.
وَ لَاۤ اَنۡتُمۡ عٰبِدُوۡنَ مَاۤ اَعۡبُدُ ؕ﴿۶﴾
109 : 6 Жана мен ибадат кылып жаткан (Алла)га силер да ибадат кылуучу болбойсуӊар.
لَکُمۡ دِیۡنُکُمۡ وَلِیَ دِیۡنِ ٪﴿۷﴾
109 : 7 Силер үчүн силердин диниӊер, мен үчүн менин диним бар».