Курани карим Фаатир • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

فَاطِر

Фаатир

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    35 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ فَاطِرِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ جَاعِلِ الۡمَلٰٓئِکَۃِ رُسُلًا اُولِیۡۤ اَجۡنِحَۃٍ مَّثۡنٰی وَ ثُلٰثَ وَ رُبٰعَ ؕ یَزِیۡدُ فِی الۡخَلۡقِ مَا یَشَآءُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۲﴾
    35 : 2 Бардык мактоо асмандар жана жердин Жаратуучусу, периштелерди экиден, үчтөн жана төрттөн канаттуу (кудуреттүү) элчи кылуучу Аллага таандык. Ал (Алла) жаратылышта Өзү каалаган нерсени көбөйтөт. Албетте, Алла Өзү каалаган баардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • مَا یَفۡتَحِ اللّٰہُ لِلنَّاسِ مِنۡ رَّحۡمَۃٍ فَلَا مُمۡسِکَ لَہَا ۚ وَ مَا یُمۡسِکۡ ۙ فَلَا مُرۡسِلَ لَہٗ مِنۡۢ بَعۡدِہٖ ؕ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۳﴾
    35 : 3 Алла адамдар үчүн берген рахматты эч бир тосуп-токтотуучу жок жана Ал тосуп-токтотуп койгон нерсени Анын (тоскону)нан соӊ эч бир кыймылга келтирүүчү жок. Ал эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اذۡکُرُوۡا نِعۡمَتَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ ؕ ہَلۡ مِنۡ خَالِقٍ غَیۡرُ اللّٰہِ یَرۡزُقُکُمۡ مِّنَ السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۫ۖ فَاَنّٰی تُؤۡفَکُوۡنَ ﴿۴﴾
    35 : 4 Эй, адамдар! Алланын силерге берген нээмат-берекесин эске алгыла; Алладан башка дагы силерге асман жана жерден ырыскы берүүчү кандайдыр бир жаратуучу барбы? Андан өзгө эч кандай кудай жок. Демек, силер каяка тескери айландырыласыӊар?
  • وَ اِنۡ یُّکَذِّبُوۡکَ فَقَدۡ کُذِّبَتۡ رُسُلٌ مِّنۡ قَبۡلِکَ ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ تُرۡجَعُ الۡاُمُوۡرُ ﴿۵﴾
    35 : 5 Эгер алар сени жалганга чыгарышса, сенден мурун дагы канчалаган пайгамбарлар жалганчыга чыгарылган. Баардык иштер Алланын алдына гана кайтарылат.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اِنَّ وَعۡدَ اللّٰہِ حَقٌّ فَلَا تَغُرَّنَّکُمُ الۡحَیٰوۃُ الدُّنۡیَا ٝ وَ لَا یَغُرَّنَّکُمۡ بِاللّٰہِ الۡغَرُوۡرُ ﴿۶﴾
    35 : 6 Эй, адамдар! Алланын убадасы, албетте, акыйкат. Ошентип, дүйнөлүк жашоо силерди алдап койбосун жана Алла тууралуу өтө айлакер (шайтан) силерди эч алдабасын.
  • اِنَّ الشَّیۡطٰنَ لَکُمۡ عَدُوٌّ فَاتَّخِذُوۡہُ عَدُوًّا ؕ اِنَّمَا یَدۡعُوۡا حِزۡبَہٗ لِیَکُوۡنُوۡا مِنۡ اَصۡحٰبِ السَّعِیۡرِ ؕ﴿۷﴾
    35 : 7 Албетте, шайтан силерге душман. Ошентип, аны душман деп билгиле; ал өз тайпасын, алар жалындаган отко кирүүчүлөрдөн болушу үчүн гана чакырат.
  • اَلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَہُمۡ عَذَابٌ شَدِیۡدٌ ۬ؕ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ اَجۡرٌ کَبِیۡرٌ ﴿٪۸﴾
    35 : 8 Каапырлык кылгандар үчүн катуу азап бар. Ал эми ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандарга кечирим жана үлкөн сыйлык бар.
  • اَفَمَنۡ زُیِّنَ لَہٗ سُوۡٓءُ عَمَلِہٖ فَرَاٰہُ حَسَنًا ؕ فَاِنَّ اللّٰہَ یُضِلُّ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَہۡدِیۡ مَنۡ یَّشَآءُ ۫ۖ فَلَا تَذۡہَبۡ نَفۡسُکَ عَلَیۡہِمۡ حَسَرٰتٍ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌۢ بِمَا یَصۡنَعُوۡنَ ﴿۹﴾
    35 : 9 Демек, кылган жаман амалы өзүнө сонун кылынып көрсөтүлгөн жана ал аны сонун деп ойлой баштаган бирөө(нөн дагы алданган ким болот?) Демек, албетте, Алла Өзү каалаганын адашкан деп өкүм кылат жана Өзү каалаганын хидаят кылат. Ошондуктан, сенин жаныӊ аларга өкүнүп, (колуӊан чыгып) кетпесин. Албетте, Алла алар кылып жаткан амалдарын жакшы билет.
  • وَ اللّٰہُ الَّذِیۡۤ اَرۡسَلَ الرِّیٰحَ فَتُثِیۡرُ سَحَابًا فَسُقۡنٰہُ اِلٰی بَلَدٍ مَّیِّتٍ فَاَحۡیَیۡنَا بِہِ الۡاَرۡضَ بَعۡدَ مَوۡتِہَا ؕ کَذٰلِکَ النُّشُوۡرُ ﴿۱۰﴾
    35 : 10 Алла шамалдарды жөнөткөн; анан алар булуттарды көтөрөт; анан Биз аны бир өлүк шаарга карай айдап алып кетебиз, анан анын жардамында жерди өлгөнүнөн кийин тирилтебиз. Кайра тирилүү дагы кудум ушундай.
  • مَنۡ کَانَ یُرِیۡدُ الۡعِزَّۃَ فَلِلّٰہِ الۡعِزَّۃُ جَمِیۡعًا ؕ اِلَیۡہِ یَصۡعَدُ الۡکَلِمُ الطَّیِّبُ وَ الۡعَمَلُ الصَّالِحُ یَرۡفَعُہٗ ؕ وَ الَّذِیۡنَ یَمۡکُرُوۡنَ السَّیِّاٰتِ لَہُمۡ عَذَابٌ شَدِیۡدٌ ؕ وَ مَکۡرُ اُولٰٓئِکَ ہُوَ یَبُوۡرُ ﴿۱۱﴾
    35 : 11 Ким урмат-сыйды кааласа, (ал) баардык урмат-сый Алланын ээлигинде бар экен(ин билсин). Таза сөз Анын Өзүнө гана көтөрүлөт жана жакшы амал аны жогорулатат. Жаман айла-амал кыла тургандар – алар үчүн катуу азап бар жана алардын айла-амалдары, албетте, куру кетет.
  • وَ اللّٰہُ خَلَقَکُمۡ مِّنۡ تُرَابٍ ثُمَّ مِنۡ نُّطۡفَۃٍ ثُمَّ جَعَلَکُمۡ اَزۡوَاجًا ؕ وَ مَا تَحۡمِلُ مِنۡ اُنۡثٰی وَ لَا تَضَعُ اِلَّا بِعِلۡمِہٖ ؕ وَ مَا یُعَمَّرُ مِنۡ مُّعَمَّرٍ وَّ لَا یُنۡقَصُ مِنۡ عُمُرِہٖۤ اِلَّا فِیۡ کِتٰبٍ ؕ اِنَّ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرٌ ﴿۱۲﴾
    35 : 12 Алла силерди топурактан жаратты, анан бел суусунан, анан силерди жуп-жуп кылды; Ал билбей туруп, эч бир аял боюнда болбойт жана туубайт; жана эч бир кары (адам) узак өмүр көрбөйт жана анын өмүрүнөн кичине да кыскартылбайт, бирок (мунун баары бир) китепте бар. Албетте, бул (нерсе) Алла үчүн жеӊил.
  • وَ مَا یَسۡتَوِی الۡبَحۡرٰنِ ٭ۖ ہٰذَا عَذۡبٌ فُرَاتٌ سَآئِغٌ شَرَابُہٗ وَ ہٰذَا مِلۡحٌ اُجَاجٌ ؕ وَ مِنۡ کُلٍّ تَاۡکُلُوۡنَ لَحۡمًا طَرِیًّا وَّ تَسۡتَخۡرِجُوۡنَ حِلۡیَۃً تَلۡبَسُوۡنَہَا ۚ وَ تَرَی الۡفُلۡکَ فِیۡہِ مَوَاخِرَ لِتَبۡتَغُوۡا مِنۡ فَضۡلِہٖ وَ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    35 : 13 Эки деӊиз бирдей боло албайт; мына мунусу таттуу суу, аны ичүү – рахат жана жагымдуу; мына мунусу (болсо), абдан шор (жана) туздуу. Баарынан силер таза эт жейсиӊер жана өзүӊөр тагып жүргөн жасалгаларды чыгарасыӊар. Сен анда кемелерди (сууну) жарган бойдон сүзгөнүн көрөсүӊ. (Бул түзүлүш) силер Анын берешендигинен бир нерсе тилешиӊер жана шүкүр кылууӊар үчүн.
  • یُوۡلِجُ الَّیۡلَ فِی النَّہَارِ وَ یُوۡلِجُ النَّہَارَ فِی الَّیۡلِ ۙ وَ سَخَّرَ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ ۫ۖ کُلٌّ یَّجۡرِیۡ لِاَجَلٍ مُّسَمًّی ؕ ذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبُّکُمۡ لَہُ الۡمُلۡکُ ؕ وَ الَّذِیۡنَ تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖ مَا یَمۡلِکُوۡنَ مِنۡ قِطۡمِیۡرٍ ﴿ؕ۱۴﴾
    35 : 14 Ал түндү күнгө киргизет жана күндү түнгө киргизет. Ал күн менен айды бой сундуруп койгон. Ар бири өзүнүн белгиленген убакытына карата жүрүүдө. Мына бул –силердин Раббиӊер болгон Алла. Падышалык Аныкы. Силер Аны коюп, жалбарып жатканыӊар курма данегинин кабыгына дагы ээ эмес.
  • اِنۡ تَدۡعُوۡہُمۡ لَا یَسۡمَعُوۡا دُعَآءَکُمۡ ۚ وَ لَوۡ سَمِعُوۡا مَا اسۡتَجَابُوۡا لَکُمۡ ؕ وَ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ یَکۡفُرُوۡنَ بِشِرۡکِکُمۡ ؕ وَ لَا یُنَبِّئُکَ مِثۡلُ خَبِیۡرٍ ﴿٪۱۵﴾
    35 : 15 Эгер силер аларды чакырсаӊар, алар силердин чакырууӊарды угушпайт; эгер алар укса дагы, силерге жооп кылышпайт. Кыямат күнү болсо, алар силердин (аларды Аллага) шерик кылып алганыӊарды четке кагышат. Башка эч ким сени бир улук кабар берүүчү сыяктуу кулактандыра албайт.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اَنۡتُمُ الۡفُقَرَآءُ اِلَی اللّٰہِ ۚ وَ اللّٰہُ ہُوَ الۡغَنِیُّ الۡحَمِیۡدُ ﴿۱۶﴾
    35 : 16 Эй, адамдар! Силер гана Аллага муктажсыӊар. Алла болсо, бай (жана) ар бир мактоого ээ.
  • اِنۡ یَّشَاۡ یُذۡہِبۡکُمۡ وَ یَاۡتِ بِخَلۡقٍ جَدِیۡدٍ ﴿ۚ۱۷﴾
    35 : 17 Эгер Ал кааласа, силерди алып кетер жана бир жаӊы жаратылышты алып келер.
  • وَ مَا ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ بِعَزِیۡزٍ ﴿۱۸﴾
    35 : 18 Жана бул (иш) Алла үчүн эч качан кыйын эмес.
  • وَ لَا تَزِرُ وَازِرَۃٌ وِّزۡرَ اُخۡرٰی ؕ وَ اِنۡ تَدۡعُ مُثۡقَلَۃٌ اِلٰی حِمۡلِہَا لَا یُحۡمَلۡ مِنۡہُ شَیۡءٌ وَّ لَوۡ کَانَ ذَا قُرۡبٰی ؕ اِنَّمَا تُنۡذِرُ الَّذِیۡنَ یَخۡشَوۡنَ رَبَّہُمۡ بِالۡغَیۡبِ وَ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ ؕ وَ مَنۡ تَزَکّٰی فَاِنَّمَا یَتَزَکّٰی لِنَفۡسِہٖ ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ الۡمَصِیۡرُ ﴿۱۹﴾
    35 : 19 Эч бир жүк көтөрүүчү (жан) кандайдыр бир башка (жан)дын жүгүн көтөрбөйт. Эгер кандайдыр бир жүктөлгөн (жан) өз жүгүнө чакырса дагы, анын (жүгү)нөн кичине дагы көтөрүлбөйт, мейли ал жакын (тууган) болсо дагы. Сен болгону өздөрүнүн Раббисинен Анын кайыпта болушуна карабастан корко турган жана намазды аткара тургандарды гана кулактандыра аласыӊ. Кимде-ким тазаланса, ал өз пайдасына тазаланат. Акыркы мекен Алла тарабында гана.
  • وَ مَا یَسۡتَوِی الۡاَعۡمٰی وَ الۡبَصِیۡرُ ﴿ۙ۲۰﴾
    35 : 20 Сокур жана көрө турган киши теӊ болбойт.
  • وَ لَا الظُّلُمٰتُ وَ لَا النُّوۡرُ ﴿ۙ۲۱﴾
    35 : 21 Караӊгылыктар жана нур (дагы).
  • وَ لَا الظِّلُّ وَ لَا الۡحَرُوۡرُ ﴿ۚ۲۲﴾
    35 : 22 Көлөкө жана аптап дагы (теӊ болбойт).
  • وَ مَا یَسۡتَوِی الۡاَحۡیَآءُ وَ لَا الۡاَمۡوَاتُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُسۡمِعُ مَنۡ یَّشَآءُ ۚ وَ مَاۤ اَنۡتَ بِمُسۡمِعٍ مَّنۡ فِی الۡقُبُوۡرِ ﴿۲۳﴾
    35 : 23 Кудум ушундай тирүүлөр жана өлүктөр дагы теӊ болбойт. Албетте, Алла Өзү каалаган кишиге угузат. Сен мүрзөлөрдө жаткандарга эч качан угуза албайсыӊ.
  • اِنۡ اَنۡتَ اِلَّا نَذِیۡرٌ ﴿۲۴﴾
    35 : 24 Сен болгону бир кулактандыруучусуӊ.
  • اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ بِالۡحَقِّ بَشِیۡرًا وَّ نَذِیۡرًا ؕ وَ اِنۡ مِّنۡ اُمَّۃٍ اِلَّا خَلَا فِیۡہَا نَذِیۡرٌ ﴿۲۵﴾
    35 : 25 Албетте, Биз сени чындык менен куш кабар берүүчү жана кулактандыруучу кылып жөнөткөнбүз. Ар бир үммөттө, албетте, кандайдыр бир кулактандыруучу өткөн.
  • وَ اِنۡ یُّکَذِّبُوۡکَ فَقَدۡ کَذَّبَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ۚ جَآءَتۡہُمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ وَ بِالزُّبُرِ وَ بِالۡکِتٰبِ الۡمُنِیۡرِ ﴿۲۶﴾
    35 : 26 Эгер алар сени жалганчыга чыгарышса, албетте, алардан илгери өткөндөр дагы (өз пайгамбарларын) жалганчыга чыгарган эле. Аларга дагы алардын пайгамбарлары ачык-айкын аят-белгилер, ар түрдүү китепчелер жана ачык-айкын китепти келтирген эле.
  • ثُمَّ اَخَذۡتُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فَکَیۡفَ کَانَ نَکِیۡرِ ﴿٪۲۷﴾
    35 : 27 Анан Мен каапыр болгондорду кармадым. Демек, Менин жазам кандай катуу!
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً ۚ فَاَخۡرَجۡنَا بِہٖ ثَمَرٰتٍ مُّخۡتَلِفًا اَلۡوَانُہَا ؕ وَ مِنَ الۡجِبَالِ جُدَدٌۢ بِیۡضٌ وَّ حُمۡرٌ مُّخۡتَلِفٌ اَلۡوَانُہَا وَ غَرَابِیۡبُ سُوۡدٌ ﴿۲۸﴾
    35 : 28 Алла асмандан суу түшүргөнүн сен көргөн эмес белеӊ? Анан Биз анын жардамында ар түрдүү өӊдөгү мөмөлөрдү чыгарабыз. Тоолордун айрымдары ак, айрымдары болсо, кызыл; алардын түстөрү башка башка жана капкара түстөгүлөр дагы бар.
  • وَ مِنَ النَّاسِ وَ الدَّوَآبِّ وَ الۡاَنۡعَامِ مُخۡتَلِفٌ اَلۡوَانُہٗ کَذٰلِکَ ؕ اِنَّمَا یَخۡشَی اللّٰہَ مِنۡ عِبَادِہِ الۡعُلَمٰٓؤُا ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ غَفُوۡرٌ ﴿۲۹﴾
    35 : 29 Ошондой эле адамдар, жерде жүргөн жаныбарлар жана чарба малдарында дагы ар кандай түстүүлөр бар. Албетте, Алланын пенделеринин арасынан жалаӊ билимдүүлөр гана Андан коркушат. Албетте, Алла эӊ жеӊүүчү (жана) өтө кечирүүчү.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یَتۡلُوۡنَ کِتٰبَ اللّٰہِ وَ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ وَ اَنۡفَقُوۡا مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ سِرًّا وَّ عَلَانِیَۃً یَّرۡجُوۡنَ تِجَارَۃً لَّنۡ تَبُوۡرَ ﴿ۙ۳۰﴾
    35 : 30 Албетте, Алланын Китебин окуй турган, намазды аткара турган жана Биз аларга берген нерселерден жашыруун дагы, ачык дагы сарптай тургандар – алар эч качан ойрон болбой турган соодадан үмүткөрлөр.
  • لِیُوَفِّیَہُمۡ اُجُوۡرَہُمۡ وَ یَزِیۡدَہُمۡ مِّنۡ فَضۡلِہٖ ؕ اِنَّہٗ غَفُوۡرٌ شَکُوۡرٌ ﴿۳۱﴾
    35 : 31 Ал аларга алардын сыйлыктарын (өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша) толук берсин, жок, Өз берешендигинен аларды мындан дагы көбүрөөк кылсын үчүн. Албетте, Ал өтө кечирүүчү (жана) өтө кадырлоочу.
  • وَ الَّذِیۡۤ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ مِنَ الۡکِتٰبِ ہُوَ الۡحَقُّ مُصَدِّقًا لِّمَا بَیۡنَ یَدَیۡہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِعِبَادِہٖ لَخَبِیۡرٌۢ بَصِیۡرٌ ﴿۳۲﴾
    35 : 32 Биз сага Китептен вахий-аян кылган нерсе гана акыйкат. (Ал) өзүнөн алдыӊкысын тастыктоочу. Албетте, Алла Өз пенделеринен дайыма кабардар (жана аларды) тереӊ күзөтүүчү.
  • ثُمَّ اَوۡرَثۡنَا الۡکِتٰبَ الَّذِیۡنَ اصۡطَفَیۡنَا مِنۡ عِبَادِنَا ۚ فَمِنۡہُمۡ ظَالِمٌ لِّنَفۡسِہٖ ۚ وَ مِنۡہُمۡ مُّقۡتَصِدٌ ۚ وَ مِنۡہُمۡ سَابِقٌۢ بِالۡخَیۡرٰتِ بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَضۡلُ الۡکَبِیۡرُ ﴿ؕ۳۳﴾
    35 : 33 Анан Биз пенделерибиздин ичинен Өзүбүз тандап алгандарды Китепке мураскер кылдык. Демек, алардын арасында өз жанына жабыр кылуучулар дагы бар жана орто заарлар дагы бар жана алардын арасында Алланын буйругу менен жакшылыктарда (башкалардан) озуп кетүүчүлөр дагы бар. Үлкөн берешендиктин өзү мына ушул.
  • جَنّٰتُ عَدۡنٍ یَّدۡخُلُوۡنَہَا یُحَلَّوۡنَ فِیۡہَا مِنۡ اَسَاوِرَ مِنۡ ذَہَبٍ وَّ لُؤۡلُؤًا ۚ وَ لِبَاسُہُمۡ فِیۡہَا حَرِیۡرٌ ﴿۳۴﴾
    35 : 34 Түбөлүктүү бейиштер бар! Алар ошолорго киришет; аларда алтын билериктер жана берметтер аларга тагылат; алардын кийимдери аларда жибектен болот.
  • وَ قَالُوا الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡۤ اَذۡہَبَ عَنَّا الۡحَزَنَ ؕ اِنَّ رَبَّنَا لَغَفُوۡرٌ شَکُوۡرُ ۣ﴿ۙ۳۵﴾
    35 : 35 Алар айтышат: «Баардык мактоо бизден кайгы-капаны алып таштаган Алла үчүн. Албетте, Раббибиз өтө кечирүүчү (жана) кадырлоочу.
  • الَّذِیۡۤ اَحَلَّنَا دَارَ الۡمُقَامَۃِ مِنۡ فَضۡلِہٖ ۚ لَا یَمَسُّنَا فِیۡہَا نَصَبٌ وَّ لَا یَمَسُّنَا فِیۡہَا لُغُوۡبٌ ﴿۳۶﴾
    35 : 36 (Тактап айтканда), Өзүнүн берешендиги менен бизди бир өзгөчө мартабалуу үйгө түшүргөн (Алла). Мында бизге эч бир машакат да жетпейт, эч бир чарчоо да тийбейт.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا لَہُمۡ نَارُ جَہَنَّمَ ۚ لَا یُقۡضٰی عَلَیۡہِمۡ فَیَمُوۡتُوۡا وَ لَا یُخَفَّفُ عَنۡہُمۡ مِّنۡ عَذَابِہَا ؕ کَذٰلِکَ نَجۡزِیۡ کُلَّ کَفُوۡرٍ ﴿ۚ۳۷﴾
    35 : 37 Ал эми каапыр болгондор үчүн тозоктун оту бар. «Алар өлүп кетсин», - деп өкүм да кылынбайт, аларга ошол (от) азабында бир аз жеӊилдик да берилбейт. Ар бир шүкүрсүздү Биз мына ушундай «сыйлайбыз».
  • وَ ہُمۡ یَصۡطَرِخُوۡنَ فِیۡہَا ۚ رَبَّنَاۤ اَخۡرِجۡنَا نَعۡمَلۡ صَالِحًا غَیۡرَ الَّذِیۡ کُنَّا نَعۡمَلُ ؕ اَوَ لَمۡ نُعَمِّرۡکُمۡ مَّا یَتَذَکَّرُ فِیۡہِ مَنۡ تَذَکَّرَ وَ جَآءَکُمُ النَّذِیۡرُ ؕ فَذُوۡقُوۡا فَمَا لِلظّٰلِمِیۡنَ مِنۡ نَّصِیۡرٍ ﴿٪۳۸﴾
    35 : 38 Алар анын ичинде: «Эй, Раббибиз! Бизди чыгарып алгын; биз жакшы амалдарды кылабыз, ал амалдар болсо, биз кылып өткөн амалдарыбыздан көрө башкача болот», - деп кыйкырышкан болот. «Акыры, Биз силерге кандайдыр бир ибарат ала турган киши ибарат алышы мүмкүн болгон өмүр бербедик беле? Мындан тышкары, силерге бир кулактандыруучу да келген эле го! Демек, (өз зулумуӊардын даамын) таткыла. Заалимдер үчүн эч бир жардамчы жок».
  • اِنَّ اللّٰہَ عٰلِمُ غَیۡبِ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ اِنَّہٗ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۳۹﴾
    35 : 39 Албетте, Алла асмандар жана жердин кайыбын билүүчү. Ал албетте, көкүрөктөрдөгү нерселерди (дагы) билет.
  • ہُوَ الَّذِیۡ جَعَلَکُمۡ خَلٰٓئِفَ فِی الۡاَرۡضِ ؕ فَمَنۡ کَفَرَ فَعَلَیۡہِ کُفۡرُہٗ ؕ وَ لَا یَزِیۡدُ الۡکٰفِرِیۡنَ کُفۡرُہُمۡ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ اِلَّا مَقۡتًا ۚ وَ لَا یَزِیۡدُ الۡکٰفِرِیۡنَ کُفۡرُہُمۡ اِلَّا خَسَارًا ﴿۴۰﴾
    35 : 40 Ал (Алла) гана силерди жерде халифа кылып койгон. Демек, ким каапыр болсо, анын каапырлыгы болгону өзүнө гана түшөт. Каапырлардын каапырлыгы өздөрүнүн Раббисинин алдында (жалаӊ Анын) нааразылыгын гана аларга көбөйтөт жана каапырлардын каапырлыгы аларга жалаӊ зыянды гана көбөйтөт.
  • قُلۡ اَرَءَیۡتُمۡ شُرَکَآءَکُمُ الَّذِیۡنَ تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ اَرُوۡنِیۡ مَاذَا خَلَقُوۡا مِنَ الۡاَرۡضِ اَمۡ لَہُمۡ شِرۡکٌ فِی السَّمٰوٰتِ ۚ اَمۡ اٰتَیۡنٰہُمۡ کِتٰبًا فَہُمۡ عَلٰی بَیِّنَتٍ مِّنۡہُ ۚ بَلۡ اِنۡ یَّعِدُ الظّٰلِمُوۡنَ بَعۡضُہُمۡ بَعۡضًا اِلَّا غُرُوۡرًا ﴿۴۱﴾
    35 : 41 Сурагын: «Силер Алланы коюп, ордуна жалбара турган, өзүӊөр (ойлоп тапкан) шериктериӊерди көрдүӊөрбү? Алар жерден эмне жаратканын мага көрсөткүлөчү! Же жалаӊ асмандарда гана алардын катышы барбы? Же Биз аларга кандайдыр бир китеп берген белек? Ошондуктан, алар ошого карата бир айкын далилде турушуптурбу?» Жок, андай эмес! Тескерисинче, заалимдердин арасынан айрымдары башка айрымдарына жалаӊ алдамчылыкты убада кылышат.
  • اِنَّ اللّٰہَ یُمۡسِکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ اَنۡ تَزُوۡلَا ۬ۚ وَ لَئِنۡ زَالَتَاۤ اِنۡ اَمۡسَکَہُمَا مِنۡ اَحَدٍ مِّنۡۢ بَعۡدِہٖ ؕ اِنَّہٗ کَانَ حَلِیۡمًا غَفُوۡرًا ﴿۴۲﴾
    35 : 42 Албетте, Алла асмандар жана жерди алар өз жайынан козголуп кетпеши үчүн кармап турат; эгер ал экөөсү теӊ (бир жолу өз жайынан) козголуп кетсе, андан кийин аларды кармап кала турган эч ким жок. Албетте, Ал өтө жумшак (жана) өтө кечирүүчү.
  • وَ اَقۡسَمُوۡا بِاللّٰہِ جَہۡدَ اَیۡمَانِہِمۡ لَئِنۡ جَآءَہُمۡ نَذِیۡرٌ لَّیَکُوۡنُنَّ اَہۡدٰی مِنۡ اِحۡدَی الۡاُمَمِ ۚ فَلَمَّا جَآءَہُمۡ نَذِیۡرٌ مَّا زَادَہُمۡ اِلَّا نُفُوۡرَا ۣ﴿ۙ۴۳﴾
    35 : 43 Алар: «Эгер бизге кандайдыр бир кулактандыруучу келсе, биз албетте, ар бир үммөттөн көрө көбүрөөк хидаят табабыз», - деп Аллага бекем касам ичишкен эле. Бирок аларга бир кулактандыруучу келгенде, бул абал алардын жек көрүүсүн гана көбөйттү –
  • اسۡتِکۡـبَارًا فِی الۡاَرۡضِ وَ مَکۡرَ السَّیِّیَٴ ؕ وَ لَا یَحِیۡقُ الۡمَکۡرُ السَّیِّیٴُ اِلَّا بِاَہۡلِہٖ ؕ فَہَلۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَّا سُنَّتَ الۡاَوَّلِیۡنَ ۚ فَلَنۡ تَجِدَ لِسُنَّتِ اللّٰہِ تَبۡدِیۡلًا ۬ۚ وَ لَنۡ تَجِدَ لِسُنَّتِ اللّٰہِ تَحۡوِیۡلًا ﴿۴۴﴾
    35 : 44 (Алардын) жерде текеберлик жана жаман айла-амалдар кылгандыктары себептүү. Жаман айла-амалдар жалаӊ өз ээсин гана курчап алат. Эмне, алар илгерки адамдардын (үстүнө важип болгон Алланын) Сүннөтүнөн башка бир нерсени күтүшүүдөбү? Ошентип, Алланын адат-мыйзамында сен эч бир өзгөрүүнү такыр таппайсыӊ жана Алланын адат-мыйзамында сен эч бир өзгөрүүнү такыр таппайсыӊ.
  • اَوَ لَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَیَنۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ وَ کَانُوۡۤا اَشَدَّ مِنۡہُمۡ قُوَّۃً ؕ وَ مَا کَانَ اللّٰہُ لِیُعۡجِزَہٗ مِنۡ شَیۡءٍ فِی السَّمٰوٰتِ وَ لَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ اِنَّہٗ کَانَ عَلِیۡمًا قَدِیۡرًا ﴿۴۵﴾
    35 : 45 Өздөрүнөн мурун өткөндөрдүн акыбети эмне болгонун көрө алуулары үчүн алар жерде саякат кылышкан жокпу? Чынында, алар буларга караганда күчтүрөөк болушчу. Алланы асмандарда же жерде эч бир нерсе алсырата албайт. Албетте, Ал дайыма билүүчү (жана) кудурет ээси.
  • وَ لَوۡ یُؤَاخِذُ اللّٰہُ النَّاسَ بِمَا کَسَبُوۡا مَا تَرَکَ عَلٰی ظَہۡرِہَا مِنۡ دَآبَّۃٍ وَّ لٰکِنۡ یُّؤَخِّرُہُمۡ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی ۚ فَاِذَا جَآءَ اَجَلُہُمۡ فَاِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِعِبَادِہٖ بَصِیۡرًا ﴿٪۴۶﴾
    35 : 46 Эгер Алла адамдарды алардын кылган амалдары үчүн суракка тутканда, ал (жер) жүзүндө жүрө турган эч бир жаныбарды калтырбаган болоор эле. Бирок, Ал (Алла) аларга (акыркы) белгиленген мөөнөткө чейин мөөнөт берет. Анан алардын (белгиленген) мөөнөтү келгенде, албетте, Алла Өз пенделерин тереӊ күзөтүүчү (экендиги айкын болуп калат).
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via