Курани карим Ат-Тийн • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

التِّین

Ат-Тийн

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    95 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • وَ التِّیۡنِ وَ الزَّیۡتُوۡنِ ۙ﴿۲﴾
    95 : 2 Анжир жана зайтунга касам!
  • وَ طُوۡرِ سِیۡنِیۡنَ ۙ﴿۳﴾
    95 : 3 Жана Тури Сийнийнге.
  • وَ ہٰذَا الۡبَلَدِ الۡاَمِیۡنِ ۙ﴿۴﴾
    95 : 4 Жана бул тынчтык шаарга.
  • لَقَدۡ خَلَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ فِیۡۤ اَحۡسَنِ تَقۡوِیۡمٍ ۫﴿۵﴾
    95 : 5 Албетте, Биз адамзатты эӊ сонун баскычтуу түрдө жараттык.
  • ثُمَّ رَدَدۡنٰہُ اَسۡفَلَ سٰفِلِیۡنَ ۙ﴿۶﴾
    95 : 6 Анан Биз аны төмөнкү даражага кайтуучулардын эӊ төмөнүнө кайтарып жибердик.
  • اِلَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ فَلَہُمۡ اَجۡرٌ غَیۡرُ مَمۡنُوۡنٍ ؕ﴿۷﴾
    95 : 7 Ыйман келтирген жана жакшы амалдарды жасагандардан башкасын. Алар үчүн кыркылбай турган сыйлык бар.
  • فَمَا یُکَذِّبُکَ بَعۡدُ بِالدِّیۡنِ ؕ﴿۸﴾
    95 : 8 Демек, мындан кийин сени дин маселесинде жалганчыга чыгара турган нерсе эмне?
  • اَلَیۡسَ اللّٰہُ بِاَحۡکَمِ الۡحٰکِمِیۡنَ ٪﴿۹﴾
    95 : 9 Алла өкүм чыгаруучулардын эӊ жакшысы эмеспи?
Share via