Курани карим Кааф • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

قٓ

Кааф

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    50 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • قٓ ۟ۚ وَ الۡقُرۡاٰنِ الۡمَجِیۡدِ ۚ﴿۲﴾
    50 : 2 Кадийрун: эӊ кудуреттүү. Ардактуу Куранга касам!
  • بَلۡ عَجِبُوۡۤا اَنۡ جَآءَہُمۡ مُّنۡذِرٌ مِّنۡہُمۡ فَقَالَ الۡکٰفِرُوۡنَ ہٰذَا شَیۡءٌ عَجِیۡبٌ ۚ﴿۳﴾
    50 : 3 Чынында, аларга өздөрүнүн ичинен болгон бир кулактандыруучу келгени үчүн алар таӊ калышты. Ошондуктан, каапырлар айтышат: «Бул (абдан) таӊ калаарлык нерсе.
  • ءَاِذَا مِتۡنَا وَ کُنَّا تُرَابًا ۚ ذٰلِکَ رَجۡعٌۢ بَعِیۡدٌ ﴿۴﴾
    50 : 4 Биз өлүп, топуракка айланып кеткенибизден кийин дагы (кайра жашоого кайтарылабызбы?) Ал кайтуу – алыстагы бир нерсе».
  • قَدۡ عَلِمۡنَا مَا تَنۡقُصُ الۡاَرۡضُ مِنۡہُمۡ ۚ وَ عِنۡدَنَا کِتٰبٌ حَفِیۡظٌ ﴿۵﴾
    50 : 5 Жер алардын эмнесин кемитип келе жатканын Биз абдан жакшы билебиз жана алдыбызда (бардык нерсени) сактоочу бир китеп бар.
  • بَلۡ کَذَّبُوۡا بِالۡحَقِّ لَمَّا جَآءَہُمۡ فَہُمۡ فِیۡۤ اَمۡرٍ مَّرِیۡجٍ ﴿۶﴾
    50 : 6 Жок, алар чындыкты өздөрүнө келгенде, жалганга чыгарышты. Ошентип, алар күмөндүү ахвалда.
  • اَفَلَمۡ یَنۡظُرُوۡۤا اِلَی السَّمَآءِ فَوۡقَہُمۡ کَیۡفَ بَنَیۡنٰہَا وَ زَیَّنّٰہَا وَ مَا لَہَا مِنۡ فُرُوۡجٍ ﴿۷﴾
    50 : 7 Алар үстүлөрүндөгү асманды көрүшкөн жокпу? Биз аны кандайча жаратканбыз жана аны кооздоп койгонбуз. Ал кемчиликтерден оолак.
  • وَ الۡاَرۡضَ مَدَدۡنٰہَا وَ اَلۡقَیۡنَا فِیۡہَا رَوَاسِیَ وَ اَنۡۢبَتۡنَا فِیۡہَا مِنۡ کُلِّ زَوۡجٍۭ بَہِیۡجٍ ۙ﴿۸﴾
    50 : 8 Жана жерди Биз жайып жибердик, анда бекем кадалган тоолорду салып койдук жана анда ар түрдүү жап-жашыл жуптарды өстүрдүк –
  • تَبۡصِرَۃً وَّ ذِکۡرٰی لِکُلِّ عَبۡدٍ مُّنِیۡبٍ ﴿۹﴾
    50 : 9 Көздөрдү ачыш үчүн жана кайра-кайра (Аллага) кайта турган ар бир пенде үчүн ибарат катарында.
  • وَ نَزَّلۡنَا مِنَ السَّمَآءِ مَآءً مُّبٰرَکًا فَاَنۡۢبَتۡنَا بِہٖ جَنّٰتٍ وَّ حَبَّ الۡحَصِیۡدِ ۙ﴿۱۰﴾
    50 : 10 Биз асмандан куттуу суу түшүрдүк жана анын жардамында бактар жана орула турган түшүмдөрдүн уруктарын өстүрдүк.
  • وَ النَّخۡلَ بٰسِقٰتٍ لَّہَا طَلۡعٌ نَّضِیۡدٌ ﴿ۙ۱۱﴾
    50 : 11 Жана кат-кат баштуу бийик курма дарактарын (дагы) –
  • رِّزۡقًا لِّلۡعِبَادِ ۙ وَ اَحۡیَیۡنَا بِہٖ بَلۡدَۃً مَّیۡتًا ؕ کَذٰلِکَ الۡخُرُوۡجُ ﴿۱۲﴾
    50 : 12 Пенделерге ырыскы болушу үчүн. Биз ал (жамгыр)дын жардамында бир өлүк өлкөнү тирилттик; (өлгөндөн кийин) чыгуу (дагы) мына ушундай болот.
  • کَذَّبَتۡ قَبۡلَہُمۡ قَوۡمُ نُوۡحٍ وَّ اَصۡحٰبُ الرَّسِّ وَ ثَمُوۡدُ ﴿ۙ۱۳﴾
    50 : 13 Алардан илгери Нух коому дагы, кен ээлери жана Самуд (коому) дагы жалганга чыгарган эле.
  • وَ عَادٌ وَّ فِرۡعَوۡنُ وَ اِخۡوَانُ لُوۡطٍ ﴿ۙ۱۴﴾
    50 : 14 Аад, Фараон жана Луттун туугандары дагы.
  • وَّ اَصۡحٰبُ الۡاَیۡکَۃِ وَ قَوۡمُ تُبَّعٍ ؕ کُلٌّ کَذَّبَ الرُّسُلَ فَحَقَّ وَعِیۡدِ ﴿۱۵﴾
    50 : 15 Ошондой эле калыӊ дарактардын арасында жашоочулар жана Тубба коому (дагы). Булардын баары пайгамбарларды жалганга чыгарышкан. Ошентип, Менин эскертүүм чындык болуп чыкты.
  • اَفَعَیِیۡنَا بِالۡخَلۡقِ الۡاَوَّلِ ؕ بَلۡ ہُمۡ فِیۡ لَبۡسٍ مِّنۡ خَلۡقٍ جَدِیۡدٍ ﴿٪۱۶﴾
    50 : 16 Баштапкы жаратканыбыздан Биз чарчап калдыкпы? Жок! Тескерисинче, алар жаӊы жаратылыш тууралуу дагы шек-күмөндө.
  • وَ لَقَدۡ خَلَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ وَ نَعۡلَمُ مَا تُوَسۡوِسُ بِہٖ نَفۡسُہٗ ۚۖ وَ نَحۡنُ اَقۡرَبُ اِلَیۡہِ مِنۡ حَبۡلِ الۡوَرِیۡدِ ﴿۱۷﴾
    50 : 17 Албетте, Биз адамзатты жараттык жана анын напсиси аны эмне деген васваса-азгырыктарга салуусун дагы Биз билебиз. Биз ага күрөө тамырынан дагы жакыныраакпыз.
  • اِذۡ یَتَلَقَّی الۡمُتَلَقِّیٰنِ عَنِ الۡیَمِیۡنِ وَ عَنِ الشِّمَالِ قَعِیۡدٌ ﴿۱۸﴾
    50 : 18 Эки сактоочу оӊ жана сол тарапта отуруп, кептерди сактаганда –
  • مَا یَلۡفِظُ مِنۡ قَوۡلٍ اِلَّا لَدَیۡہِ رَقِیۡبٌ عَتِیۡدٌ ﴿۱۹﴾
    50 : 19 Ал эч бир сөз сүйлөбөйт, бирок анын жанында күзөтүүчүсү дайыма даяр турат.
  • وَ جَآءَتۡ سَکۡرَۃُ الۡمَوۡتِ بِالۡحَقِّ ؕ ذٰلِکَ مَا کُنۡتَ مِنۡہُ تَحِیۡدُ ﴿۲۰﴾
    50 : 20 Качан өлүмдүн нукура жандалбасы келгенде, (Биз айтабыз): «Бул – ошол сен качып жүргөн нерсе».
  • وَ نُفِخَ فِی الصُّوۡرِ ؕ ذٰلِکَ یَوۡمُ الۡوَعِیۡدِ ﴿۲۱﴾
    50 : 21 Сурнай чалынат. «Бул – ошол убада кылынган азап күнү».
  • وَ جَآءَتۡ کُلُّ نَفۡسٍ مَّعَہَا سَآئِقٌ وَّ شَہِیۡدٌ ﴿۲۲﴾
    50 : 22 Ар бир жан бир айдактоочу жана бир күбө менен бирге келет.
  • لَقَدۡ کُنۡتَ فِیۡ غَفۡلَۃٍ مِّنۡ ہٰذَا فَکَشَفۡنَا عَنۡکَ غِطَآءَکَ فَبَصَرُکَ الۡیَوۡمَ حَدِیۡدٌ ﴿۲۳﴾
    50 : 23 «Албетте, сен бул тууралуу бейкабар элеӊ. Ошентип, Биз сенден пардаӊды алып таштадык жана бүгүн көзүӊ абдан өткүр болуп калды».
  • وَ قَالَ قَرِیۡنُہٗ ہٰذَا مَا لَدَیَّ عَتِیۡدٌ ﴿ؕ۲۴﴾
    50 : 24 Анын жолдошу айтат: «Мына бул менде даяр туруптур».
  • اَلۡقِیَا فِیۡ جَہَنَّمَ کُلَّ کَفَّارٍ عَنِیۡدٍ ﴿ۙ۲۵﴾
    50 : 25 «(Эй, айдактоочу жана эй, күбө!) Экөөӊөр ар бир өтө шүкүрсүз (жана чындыкка) катуу душман болгон бирөөнү тозокко ыргыткыла –
  • مَّنَّاعٍ لِّلۡخَیۡرِ مُعۡتَدٍ مُّرِیۡبِ ۣ﴿ۙ۲۶﴾
    50 : 26 Ар бир жакшылыктан тосуучу, чектен чыгуучу жана шектендирүүчүнү –
  • الَّذِیۡ جَعَلَ مَعَ اللّٰہِ اِلٰـہًا اٰخَرَ فَاَلۡقِیٰہُ فِی الۡعَذَابِ الشَّدِیۡدِ ﴿۲۷﴾
    50 : 27 Ал Аллага башка бир нерсени шерик кылып алган бирөө болчу. Ошондуктан, экөөӊөр аны катуу азапка таштагыла!»
  • قَالَ قَرِیۡنُہٗ رَبَّنَا مَاۤ اَطۡغَیۡتُہٗ وَ لٰکِنۡ کَانَ فِیۡ ضَلٰلٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿۲۸﴾
    50 : 28 Анын жолдошу айтты: «Эй, Раббибиз! Мен аны баш ийбес кылганым жок, анын өзү бир алыстагы адашууда болчу».
  • قَالَ لَا تَخۡتَصِمُوۡا لَدَیَّ وَ قَدۡ قَدَّمۡتُ اِلَیۡکُمۡ بِالۡوَعِیۡدِ ﴿۲۹﴾
    50 : 29 Ал (Алла) айтат: «Менин алдымда талашпагыла. Мен силерге мурунтан эле эскертүүнү жибергенмин.
  • مَا یُبَدَّلُ الۡقَوۡلُ لَدَیَّ وَ مَاۤ اَنَا بِظَلَّامٍ لِّلۡعَبِیۡدِ ﴿٪۳۰﴾
    50 : 30 Менин алдымда буйрук өзгөртүлбөйт жана Мен бечара пенделерге эч качан зулумдук кылуучу эмесмин».
  • یَوۡمَ نَقُوۡلُ لِجَہَنَّمَ ہَلِ امۡتَلَاۡتِ وَ تَقُوۡلُ ہَلۡ مِنۡ مَّزِیۡدٍ ﴿۳۱﴾
    50 : 31 Биз тозоктон: «Толуп калдыӊбы?» - деп сурай турган күн(дү эстегиле. Ошондо) ал: «Дагы барбы?» - деп жооп берет.
  • وَ اُزۡلِفَتِ الۡجَنَّۃُ لِلۡمُتَّقِیۡنَ غَیۡرَ بَعِیۡدٍ ﴿۳۲﴾
    50 : 32 (Ошол күнү) бейиш такыбаларга жакын кылынып коюлат. Ал анчалык деле узак болбойт.
  • ہٰذَا مَا تُوۡعَدُوۡنَ لِکُلِّ اَوَّابٍ حَفِیۡظٍ ﴿ۚ۳۳﴾
    50 : 33 «Мына ушул силерге – ар бир ийилүүчү, сактоочу үчүн убада кылынган (белек) –
  • مَنۡ خَشِیَ الرَّحۡمٰنَ بِالۡغَیۡبِ وَ جَآءَ بِقَلۡبٍ مُّنِیۡبِ ۣ﴿ۙ۳۴﴾
    50 : 34 Тактап айтканда кайыпта Рахмаандан корко турган жана бир ийиле турган жүрөк менен (Ага) келген бирөө үчүн.
  • ادۡخُلُوۡہَا بِسَلٰمٍ ؕ ذٰلِکَ یَوۡمُ الۡخُلُوۡدِ ﴿۳۵﴾
    50 : 35 Тынчтык-аманчылык менен ага киргиле. Бул – мына ошол түбөлүктүү күн».
  • لَہُمۡ مَّا یَشَآءُوۡنَ فِیۡہَا وَلَدَیۡنَا مَزِیۡدٌ ﴿۳۶﴾
    50 : 36 Алар үчүн анын ичинде өздөрү каалаган баардык нерсе болот жана Биздин алдыбызда дагы кошумча бар.
  • وَ کَمۡ اَہۡلَکۡنَا قَبۡلَہُمۡ مِّنۡ قَرۡنٍ ہُمۡ اَشَدُّ مِنۡہُمۡ بَطۡشًا فَنَقَّبُوۡا فِی الۡبِلَادِ ؕ ہَلۡ مِنۡ مَّحِیۡصٍ ﴿۳۷﴾
    50 : 37 Алардан илгери канчалаган коомдорду жок кылдык, алар тутууда булардан күчтүүрөөк болчу! Ошентип, алар жерде үӊкүрлөрдү жасап алышты. (Бирок) качып кутула турган кандайдыр бир башпаанек бар беле?
  • اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَذِکۡرٰی لِمَنۡ کَانَ لَہٗ قَلۡبٌ اَوۡ اَلۡقَی السَّمۡعَ وَ ہُوَ شَہِیۡدٌ ﴿۳۸﴾
    50 : 38 Албетте, мында жүрөк ээси болгон же кулак туткан жана көрүүчү үчүн бир абдан чоӊ ибарат бар.
  • وَ لَقَدۡ خَلَقۡنَا السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَا فِیۡ سِتَّۃِ اَیَّامٍ ٭ۖ وَّ مَا مَسَّنَا مِنۡ لُّغُوۡبٍ ﴿۳۹﴾
    50 : 39 Албетте, Биз асмандар жана жерди, ошондой эле бул экөөсүнүн ортосундагы бардык нерселерди алты күндө жараттык жана эч кандай чарчоо Бизге тийгени да жок.
  • فَاصۡبِرۡ عَلٰی مَا یَقُوۡلُوۡنَ وَ سَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّکَ قَبۡلَ طُلُوۡعِ الشَّمۡسِ وَ قَبۡلَ الۡغُرُوۡبِ ﴿ۚ۴۰﴾
    50 : 40 Ошентип, алар сүйлөп жаткан нерселерге сабыр кыл жана күн чыгуудан мурун дагы, (күн) батуудан мурун дагы Раббиӊе Анын мактоосу менен тасбийх айт.
  • وَ مِنَ الَّیۡلِ فَسَبِّحۡہُ وَ اَدۡبَارَ السُّجُوۡدِ ﴿۴۱﴾
    50 : 41 Жана түндүн бир бөлүгүндө дагы, саждалардан кийин дагы Ага мактоо айт.
  • وَ اسۡتَمِعۡ یَوۡمَ یُنَادِ الۡمُنَادِ مِنۡ مَّکَانٍ قَرِیۡبٍ ﴿ۙ۴۲﴾
    50 : 42 Кунт коюп ук! Бир жарчы жакын жайдан туруп жар сала турган күнү –
  • یَّوۡمَ یَسۡمَعُوۡنَ الصَّیۡحَۃَ بِالۡحَقِّ ؕ ذٰلِکَ یَوۡمُ الۡخُرُوۡجِ ﴿۴۳﴾
    50 : 43 Алар бир коркунучтуу нукура үн эшите турган күнү – бул чыгуу Күнү.
  • اِنَّا نَحۡنُ نُحۡیٖ وَ نُمِیۡتُ وَ اِلَیۡنَا الۡمَصِیۡرُ ﴿ۙ۴۴﴾
    50 : 44 Албетте, Биз гана жашоо жана өлүм беребиз; Бизге гана кайтуу бар.
  • یَوۡمَ تَشَقَّقُ الۡاَرۡضُ عَنۡہُمۡ سِرَاعًا ؕ ذٰلِکَ حَشۡرٌ عَلَیۡنَا یَسِیۡرٌ ﴿۴۵﴾
    50 : 45 Алардын үстүнөн жер өз аракетинин тездиги себебинен жарылып кете турган күнү – бул Биз үчүн жеӊил болгон улуу чогултуу.
  • نَحۡنُ اَعۡلَمُ بِمَا یَقُوۡلُوۡنَ وَ مَاۤ اَنۡتَ عَلَیۡہِمۡ بِجَبَّارٍ ۟ فَذَکِّرۡ بِالۡقُرۡاٰنِ مَنۡ یَّخَافُ وَعِیۡدِ ﴿٪۴۶﴾
    50 : 46 Алардын эмне деп жаткандарын Биз эӊ жакшы билебиз. Сен алардын үстүндө аларды мажбурлап, оӊдой турган кароолчу эмессиӊ. Ошондуктан, Куран менен Менин эскертүүмөн корко турган кишиге насаат кылып тур!
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via