Курани карим Ал-Хаж • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الحَجّ

Ал-Хаж

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    22 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اتَّقُوۡا رَبَّکُمۡ ۚ اِنَّ زَلۡزَلَۃَ السَّاعَۃِ شَیۡءٌ عَظِیۡمٌ ﴿۲﴾
    22 : 2 Эй, адамдар! Раббиӊерден корккула. Албетте, «Саат» зилзаласы бир чоӊ нерсе болот.
  • یَوۡمَ تَرَوۡنَہَا تَذۡہَلُ کُلُّ مُرۡضِعَۃٍ عَمَّاۤ اَرۡضَعَتۡ وَ تَضَعُ کُلُّ ذَاتِ حَمۡلٍ حَمۡلَہَا وَ تَرَی النَّاسَ سُکٰرٰی وَ مَا ہُمۡ بِسُکٰرٰی وَ لٰکِنَّ عَذَابَ اللّٰہِ شَدِیۡدٌ ﴿۳﴾
    22 : 3 Силер аны көрө турган күнү, ар бир эмизүүчү эмизип жүргөнүн унутат жана ар бир кош бойлуу боюндагысын түшүрөт; ошондой эле сен адамдарды эс-мас абалда көрөсүӊ; акыйкатта, алар мас эмес; бирок Алланын азабы абдан катуу болот.
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یُّجَادِلُ فِی اللّٰہِ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ وَّ یَتَّبِعُ کُلَّ شَیۡطٰنٍ مَّرِیۡدٍ ۙ﴿۴﴾
    22 : 4 Адамдардын арасында эч кандай илимге ээ болбостон туруп, Алла туурасында талаша турган жана ар бир баш ийбес шайтанды ээрчий турган бирөө да бар.
  • کُتِبَ عَلَیۡہِ اَنَّہٗ مَنۡ تَوَلَّاہُ فَاَنَّہٗ یُضِلُّہٗ وَ یَہۡدِیۡہِ اِلٰی عَذَابِ السَّعِیۡرِ ﴿۵﴾
    22 : 5 Ал жөнүндө бул нерсе парыз кылынып коюлган: кимде-ким аны дос тутса, ал албетте, аны дагы жолдон азгырат жана аны алоолонгон от азабы жакка алып кетет.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اِنۡ کُنۡتُمۡ فِیۡ رَیۡبٍ مِّنَ الۡبَعۡثِ فَاِنَّا خَلَقۡنٰکُمۡ مِّنۡ تُرَابٍ ثُمَّ مِنۡ نُّطۡفَۃٍ ثُمَّ مِنۡ عَلَقَۃٍ ثُمَّ مِنۡ مُّضۡغَۃٍ مُّخَلَّقَۃٍ وَّ غَیۡرِ مُخَلَّقَۃٍ لِّنُبَیِّنَ لَکُمۡ ؕ وَ نُقِرُّ فِی الۡاَرۡحَامِ مَا نَشَآءُ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی ثُمَّ نُخۡرِجُکُمۡ طِفۡلًا ثُمَّ لِتَبۡلُغُوۡۤا اَشُدَّکُمۡ ۚ وَ مِنۡکُمۡ مَّنۡ یُّتَوَفّٰی وَ مِنۡکُمۡ مَّنۡ یُّرَدُّ اِلٰۤی اَرۡذَلِ الۡعُمُرِ لِکَیۡلَا یَعۡلَمَ مِنۡۢ بَعۡدِ عِلۡمٍ شَیۡئًا ؕ وَ تَرَی الۡاَرۡضَ ہَامِدَۃً فَاِذَاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡہَا الۡمَآءَ اہۡتَزَّتۡ وَ رَبَتۡ وَ اَنۡۢبَتَتۡ مِنۡ کُلِّ زَوۡجٍۭ بَہِیۡجٍ ﴿۶﴾
    22 : 6 Эй, адамдар! Эгер силер кайра тирилүү жөнүндө шек-күмөндө болсоӊор, албетте, Биз силерге (жаратуунун түйүн-сырларын) айкын кылуу үчүн силерди топурактан, анан бел суусунан, андан кийин уюган кандан, анан бөлөк-бөлөгү түспөлдөшкөн жана бөлөк-бөлөгү түспөлдөшпөгөн бир кесим эттен жараттык; Биз Өзүбүз эмнени кааласак, жатындарда бир белгилүү мөөнөткө чейин коюп коёбуз; анан силер өзүӊөрдүн балакат жашыӊарга жетүүӊөр үчүн Биз силерди ымыркай катары чыгарабыз; өлтүрүлө турган бирөө дагы силерден жана илим алган соӊ, бүтүндөй илимден куру калуу үчүн өзүн билбей кала турган өмүргө чейин жеткириле турган киши дагы силерден. Сен жерди суу жана чөп-чарсыз абалда көрөсүӊ. Анан Биз анын үстүнө суу түшүргөнүбүздө, ал (өнүү жагынан) аракетке келип, гүлдөй баштайт жана өсүмдүктөрдөн ар түрдүү жап-жашыл, көркөм жуптарды өстүрөт.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡحَقُّ وَ اَنَّہٗ یُحۡیِ الۡمَوۡتٰی وَ اَنَّہٗ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ۙ﴿۷﴾
    22 : 7 Анткени Алланын Өзү гана акыйкат жана Анын Өзү өлүктөрдү тирилтет; Ал албетте, Өзү каалаган баардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَّ اَنَّ السَّاعَۃَ اٰتِیَۃٌ لَّا رَیۡبَ فِیۡہَا ۙ وَ اَنَّ اللّٰہَ یَبۡعَثُ مَنۡ فِی الۡقُبُوۡرِ ﴿۸﴾
    22 : 8 Кыямат сөзсүз келет; анда кенедей дагы шек жок. Албетте, Алла мүрзөлөрдө жаткандарды тургузат.
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یُّجَادِلُ فِی اللّٰہِ بِغَیۡرِ عِلۡمٍ وَّ لَا ہُدًی وَّ لَا کِتٰبٍ مُّنِیۡرٍ ۙ﴿۹﴾
    22 : 9 Адамдардын арасында илимге да, хидаятка да жана эч бир айкын китепке да ээ болбостон туруп, Алла жөнүндө талашып-тартыша турган бирөө дагы бар –
  • ثَانِیَ عِطۡفِہٖ لِیُضِلَّ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ لَہٗ فِی الدُّنۡیَا خِزۡیٌ وَّ نُذِیۡقُہٗ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ عَذَابَ الۡحَرِیۡقِ ﴿۱۰﴾
    22 : 10 Алланын жолунан тайдыруу үчүн (текеберлик менен) өз жамбашын бурган бойдон. Ал үчүн дүнүйөдө кордук болот жана кыямат күнү дагы Биз ага от азабын таттырабыз.
  • ذٰلِکَ بِمَا قَدَّمَتۡ یَدٰکَ وَ اَنَّ اللّٰہَ لَیۡسَ بِظَلَّامٍ لِّلۡعَبِیۡدِ ﴿٪۱۱﴾
    22 : 11 «Бул – сен эки колуӊ менен кылган амалдарыӊ себептүү. Албетте, Алла пенделерге кенедей дагы зулумдук кылуучу эмес».
  • وَ مِنَ النَّاسِ مَنۡ یَّعۡبُدُ اللّٰہَ عَلٰی حَرۡفٍ ۚ فَاِنۡ اَصَابَہٗ خَیۡرُ ۨ اطۡمَاَنَّ بِہٖ ۚ وَ اِنۡ اَصَابَتۡہُ فِتۡنَۃُ ۣ انۡقَلَبَ عَلٰی وَجۡہِہٖ ۟ۚ خَسِرَ الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃَ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡخُسۡرَانُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۲﴾
    22 : 12 Адамдардын арасында Аллага үстүртөн гана ибадат кыла турган бирөө бар; эгер ага кандайдыр бир жакшылык жетсе, андан тынчтык табат; эгер кандайдыр бир сыноо ага туш келсе, анда ал жүз буруп алат; ал дүйнөнү дагы, акыретти дагы колдон чыгарып койду. Бул ачыктан-ачык зыян.
  • یَدۡعُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَا یَضُرُّہٗ وَ مَا لَا یَنۡفَعُہٗ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الضَّلٰلُ الۡبَعِیۡدُ ﴿ۚ۱۳﴾
    22 : 13 Ал Алланын ордуна өзүнө зыян дагы, пайда дагы жеткире албай турган нерсеге жалбарат. Эӊ алыстагы адашуу мына ушунун өзү!
  • یَدۡعُوۡا لَمَنۡ ضَرُّہٗۤ اَقۡرَبُ مِنۡ نَّفۡعِہٖ ؕ لَبِئۡسَ الۡمَوۡلٰی وَ لَبِئۡسَ الۡعَشِیۡرُ ﴿۱۴﴾
    22 : 14 Ал пайда жеткирүүдөн көрө зыян жеткирүү ыктымалы бар нерсеге жалбарат. Кандай жаман коргоочу жана кандай жаман жолдош!
  • اِنَّ اللّٰہَ یُدۡخِلُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَفۡعَلُ مَا یُرِیۡدُ ﴿۱۵﴾
    22 : 15 Албетте, Алла ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарды ортосунан дайралар агып турган бейиштерге киргизет. Албетте, Алла Өзү каалаганын кылат.
  • مَنۡ کَانَ یَظُنُّ اَنۡ لَّنۡ یَّنۡصُرَہُ اللّٰہُ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ فَلۡیَمۡدُدۡ بِسَبَبٍ اِلَی السَّمَآءِ ثُمَّ لۡیَقۡطَعۡ فَلۡیَنۡظُرۡ ہَلۡ یُذۡہِبَنَّ کَیۡدُہٗ مَا یَغِیۡظُ ﴿۱۶﴾
    22 : 16 «Алла бул (Пайгамбар)га дүйнөдө жана акыретте жардам бербейт», - деп ойлой баштаган бирөө асман тарапка жол ачсын; анан (ал жардамды) үзүп койсун; анан көрүп алсын: анын чарасы (өзүнүн) ачуусун келтире турган нерсени алып таштай алабы?
  • وَ کَذٰلِکَ اَنۡزَلۡنٰہُ اٰیٰتٍۭ بَیِّنٰتٍ ۙ وَّ اَنَّ اللّٰہَ یَہۡدِیۡ مَنۡ یُّرِیۡدُ ﴿۱۷﴾
    22 : 17 Мына ушундай Биз аны ачыктан-ачык аяттар катары түшүрдүк. (Акыйкатта, хидаятты) каалай турганын гана Алла хидаят кылат.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ الَّذِیۡنَ ہَادُوۡا وَ الصّٰبِئِیۡنَ وَ النَّصٰرٰی وَ الۡمَجُوۡسَ وَ الَّذِیۡنَ اَشۡرَکُوۡۤا ٭ۖ اِنَّ اللّٰہَ یَفۡصِلُ بَیۡنَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدٌ ﴿۱۸﴾
    22 : 18 Албетте, ыйман келтиргендер, яхудийлер, сабийлер, христиандар, мажусийлер жана мушриктер – алардын ортосунда Алла албетте, кыямат күнү өкүм чыгарат. Албетте, Алла баардык нерселердин үстүнөн күбө.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ یَسۡجُدُ لَہٗ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ وَ الشَّمۡسُ وَ الۡقَمَرُ وَ النُّجُوۡمُ وَ الۡجِبَالُ وَ الشَّجَرُ وَ الدَّوَآبُّ وَ کَثِیۡرٌ مِّنَ النَّاسِ ؕ وَ کَثِیۡرٌ حَقَّ عَلَیۡہِ الۡعَذَابُ ؕ وَ مَنۡ یُّہِنِ اللّٰہُ فَمَا لَہٗ مِنۡ مُّکۡرِمٍ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَفۡعَلُ مَا یَشَآءُ ﴿ؕٛ۱۹﴾
    22 : 19 Асмандар жана жердеги баардык нерселер дагы, күн жана ай дагы, жылдыздар дагы, тоолор жана бак-дарактар дагы, кыбыр эткен бардык жандыктар жана көптөгөн инсандар дагы Аллага гана сажда кылууларын көргөн эмессиӊби? Көптөрүнө болсо, (Анын) азабы важиб болуп калган. Кимди Алла кор кылып койсо, аны урматтай турган эч ким жок. Албетте, Алла Өзү каалаганын кылат.
  • ہٰذٰنِ خَصۡمٰنِ اخۡتَصَمُوۡا فِیۡ رَبِّہِمۡ ۫ فَالَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا قُطِّعَتۡ لَہُمۡ ثِیَابٌ مِّنۡ نَّارٍ ؕ یُصَبُّ مِنۡ فَوۡقِ رُءُوۡسِہِمُ الۡحَمِیۡمُ ﴿ۚ۲۰﴾
    22 : 20 Булар – өз Раббиси жөнүндө талашкан эки талашуучулар. Каапыр болгондорго болсо, оттон кийимдер бычылат; алардын төбөлөрүнөн өтө кайнак суу куюлат.
  • یُصۡہَرُ بِہٖ مَا فِیۡ بُطُوۡنِہِمۡ وَ الۡجُلُوۡدُ ﴿ؕ۲۱﴾
    22 : 21 Ал аркылуу алардын ичиндеги нерселер дагы, терилери дагы эритилип жиберилет.
  • وَ لَہُمۡ مَّقَامِعُ مِنۡ حَدِیۡدٍ ﴿۲۲﴾
    22 : 22 Жана алар үчүн темир балкалар болот.
  • کُلَّمَاۤ اَرَادُوۡۤا اَنۡ یَّخۡرُجُوۡا مِنۡہَا مِنۡ غَمٍّ اُعِیۡدُوۡا فِیۡہَا ٭ وَ ذُوۡقُوۡا عَذَابَ الۡحَرِیۡقِ ﴿٪۲۳﴾
    22 : 23 Ар качан алар кайгынын басымы себептүү андан чыгып кетүүсүн каалагандарында, алар анын ичине кайтарылып жиберилет. (Аларга): «От азабын таткыла», - (деп айтылат).
  • اِنَّ اللّٰہَ یُدۡخِلُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ یُحَلَّوۡنَ فِیۡہَا مِنۡ اَسَاوِرَ مِنۡ ذَہَبٍ وَّ لُؤۡلُؤًا ؕ وَ لِبَاسُہُمۡ فِیۡہَا حَرِیۡرٌ ﴿۲۴﴾
    22 : 24 Албетте, Алла ыйман келтирип, жакшы амал кылгандарды ортолорунан дайралар агып өтүүчү бейиштерге киргизет; алардын ичинде аларга алтын билериктер жана асыл берметтер тагылат жана алардын ичинде кийимдери ичке жибек болот.
  • وَ ہُدُوۡۤا اِلٰی الطَّیِّبِ مِنَ الۡقَوۡلِ ۚۖ وَ ہُدُوۡۤا اِلَی صِرَاطِ الۡحَمِیۡدِ ﴿۲۵﴾
    22 : 25 Алар таза сөзгө хидаят кылынышат жана алар мактоо ээси (Алла) жолуна хидаят кылынышат.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ یَصُدُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ الَّذِیۡ جَعَلۡنٰہُ لِلنَّاسِ سَوَآءَ ۣ الۡعَاکِفُ فِیۡہِ وَ الۡبَادِ ؕ وَ مَنۡ یُّرِدۡ فِیۡہِ بِاِلۡحَادٍۭ بِظُلۡمٍ نُّذِقۡہُ مِنۡ عَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿٪۲۶﴾
    22 : 26 Албетте, каапыр болгондор Алланын жолунан жана Биз бардык адамдардын пайдасы үчүн жасаган Харам Мечитинен (адамдарды) тосушат. (Ырас, Биз Байтуллахты бардык адамдар үчүн) анда (Алла үчүн) «Эътикааф» кылуучу үчүн дагы, токойлордо жашоочулар үчүн дагы (жасадык). Кимде-ким зулумдук жолу менен анда кыйшайтууну пайда кылмакчы болсо, Биз ага оор азапты таттырабыз.
  • وَ اِذۡ بَوَّاۡنَا لِاِبۡرٰہِیۡمَ مَکَانَ الۡبَیۡتِ اَنۡ لَّا تُشۡرِکۡ بِیۡ شَیۡئًا وَّ طَہِّرۡ بَیۡتِیَ لِلطَّآئِفِیۡنَ وَ الۡقَآئِمِیۡنَ وَ الرُّکَّعِ السُّجُوۡدِ ﴿۲۷﴾
    22 : 27 Биз Ибраахиймге: «Мага эч бир нерсени шерик кылбагын жана Менин Үйүмдү «Тавааф » кылуучулар, кыямда туруучулар, руку кылуучулар (жана) сажда кылуучулар үчүн таза туткун», - (деп) Байтуллахтын жайын белгилегенибиз(ди эсте).
  • وَ اَذِّنۡ فِی النَّاسِ بِالۡحَجِّ یَاۡتُوۡکَ رِجَالًا وَّ عَلٰی کُلِّ ضَامِرٍ یَّاۡتِیۡنَ مِنۡ کُلِّ فَجٍّ عَمِیۡقٍ ﴿ۙ۲۸﴾
    22 : 28 «Жана адамдардын арасында ажылыкты жарыяла; алар сенин жаныӊа жөө дагы, жолдун узактыгынан арып-азган ар бир миниле турган нерселерде дагы келишет; ал (миниле турган унаалар) ар ойдуӊ-чүӊкур жана алыс жолдордон келет.
  • لِّیَشۡہَدُوۡا مَنَافِعَ لَہُمۡ وَ یَذۡکُرُوا اسۡمَ اللّٰہِ فِیۡۤ اَیَّامٍ مَّعۡلُوۡمٰتٍ عَلٰی مَا رَزَقَہُمۡ مِّنۡۢ بَہِیۡمَۃِ الۡاَنۡعَامِ ۚ فَکُلُوۡا مِنۡہَا وَ اَطۡعِمُوا الۡبَآئِسَ الۡفَقِیۡرَ ﴿۫۲۹﴾
    22 : 29 Алар ал жерде өздөрүнүн пайдаларын көрүүлөрү үчүн жана бир нече белгилүү күндөрдө Алла аларга чарба малдары аркылуу тартуулаган ырыскы үчүн Анын наамын зикир этүүлөрү үчүн келишет. Ошентип, алардан (өзүӊөр дагы) жегиле жана муктаж, зар адамдарга дагы жедиргиле!
  • ثُمَّ لۡیَقۡضُوۡا تَفَثَہُمۡ وَ لۡیُوۡفُوۡا نُذُوۡرَہُمۡ وَ لۡیَطَّوَّفُوۡا بِالۡبَیۡتِ الۡعَتِیۡقِ ﴿۳۰﴾
    22 : 30 Анан алар өз (жамандыктарынын) кирин алып таштоолору жана назирлерин аткаруулары жана мына бул Эски Үйдү «Тавааф» кылуулары керек».
  • ذٰلِکَ ٭ وَ مَنۡ یُّعَظِّمۡ حُرُمٰتِ اللّٰہِ فَہُوَ خَیۡرٌ لَّہٗ عِنۡدَ رَبِّہٖ ؕ وَ اُحِلَّتۡ لَکُمُ الۡاَنۡعَامُ اِلَّا مَا یُتۡلٰی عَلَیۡکُمۡ فَاجۡتَنِبُوا الرِّجۡسَ مِنَ الۡاَوۡثَانِ وَ اجۡتَنِبُوۡا قَوۡلَ الزُّوۡرِ ﴿ۙ۳۱﴾
    22 : 31 Биз мына ушундай (буюрдук): ким Алланын ыйык нерселерин урмат кылса, бул анын Раббисинин алдында өзү үчүн жакшыраак. Силерге айтылып өтүлө тургандардан башка бардык айбандар силер үчүн адал кылынып коюлду. Буттардын ыпластыгынан алыс болгула жана жалган сүйлөөдөн этият болгула –
  • حُنَفَآءَ لِلّٰہِ غَیۡرَ مُشۡرِکِیۡنَ بِہٖ ؕ وَ مَنۡ یُّشۡرِکۡ بِاللّٰہِ فَکَاَنَّمَا خَرَّ مِنَ السَّمَآءِ فَتَخۡطَفُہُ الطَّیۡرُ اَوۡ تَہۡوِیۡ بِہِ الرِّیۡحُ فِیۡ مَکَانٍ سَحِیۡقٍ ﴿۳۲﴾
    22 : 32 Дайыма Аллага ийилген жана Ага эч нерсени шерик кылбаган бойдон. Ким (кандайдыр бир нерсени) Аллага шерик кылса, тим эле ал асмандан кулап түшкөндөй; анан аны куштар тутуп алат же шамал аны кандайдыр бир алыс жайга учуруп кетет.
  • ذٰلِکَ ٭ وَ مَنۡ یُّعَظِّمۡ شَعَآئِرَ اللّٰہِ فَاِنَّہَا مِنۡ تَقۡوَی الۡقُلُوۡبِ ﴿۳۳﴾
    22 : 33 Бул (маанилүү нерсе). Ким Алланын ыйык аят-белгилерин урмат кылса, албетте, бул нерсе жүрөктөрдүн такыбалуулугунун белгиси.
  • لَکُمۡ فِیۡہَا مَنَافِعُ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی ثُمَّ مَحِلُّہَاۤ اِلَی الۡبَیۡتِ الۡعَتِیۡقِ ﴿٪۳۴﴾
    22 : 34 Силер үчүн ал (курбандык чарба малдарын)да бир белгилүү мөөнөткө чейин пайдалар бар, анан аларды Эски Үйгө чейин жеткирүү керек.
  • وَ لِکُلِّ اُمَّۃٍ جَعَلۡنَا مَنۡسَکًا لِّیَذۡکُرُوا اسۡمَ اللّٰہِ عَلٰی مَا رَزَقَہُمۡ مِّنۡۢ بَہِیۡمَۃِ الۡاَنۡعَامِ ؕ فَاِلٰـہُکُمۡ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ فَلَہٗۤ اَسۡلِمُوۡا ؕ وَ بَشِّرِ الۡمُخۡبِتِیۡنَ ﴿ۙ۳۵﴾
    22 : 35 Ар бир үммөткө, Биз аларга тартуулаган чарба малдарынын үстүндө Алланын атын зикир кылуулары үчүн курбандык кылуу жолун белгилегенбиз. Силердин Кудайыӊар жалгыз Кудай; ошондуктан, Ага гана баш ийүүчү болгула! Бой сунуучуларга куш кабар бер –
  • الَّذِیۡنَ اِذَا ذُکِرَ اللّٰہُ وَجِلَتۡ قُلُوۡبُہُمۡ وَ الصّٰبِرِیۡنَ عَلٰی مَاۤ اَصَابَہُمۡ وَ الۡمُقِیۡمِی الصَّلٰوۃِ ۙ وَ مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ یُنۡفِقُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    22 : 36 (Тактап айтканда) Алланын зикири тилге алынганда, дилдери коркууга толо турган, баштарына түшкөн оорчулукка сабыр кыла турган, намазды аткара турган жана Биз аларга тартуулаган нерселерден сарп кыла тургандарга.
  • وَ الۡبُدۡنَ جَعَلۡنٰہَا لَکُمۡ مِّنۡ شَعَآئِرِ اللّٰہِ لَکُمۡ فِیۡہَا خَیۡرٌ ٭ۖ فَاذۡکُرُوا اسۡمَ اللّٰہِ عَلَیۡہَا صَوَآفَّ ۚ فَاِذَا وَجَبَتۡ جُنُوۡبُہَا فَکُلُوۡا مِنۡہَا وَ اَطۡعِمُوا الۡقَانِعَ وَ الۡمُعۡتَرَّ ؕ کَذٰلِکَ سَخَّرۡنٰہَا لَکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تَشۡکُرُوۡنَ ﴿۳۷﴾
    22 : 37 Биз курбандык төөлөрүн силер үчүн Алланын аят-белгилеринен кылдык; аларда силер үчүн жакшылык бар. Ошентип, аларды катарлаштырып, үстүнөн Алланын ысымын зикир кылгыла; анан (сойгондон кийин) алардын жамбаштары жерге тийгенде, алардан жегиле жана канаат кылуучуларга да, суроочуларга да жедиргиле. Шүгүр кылышыӊар үчүн Биз аларды мына ушундай силерге моюн сундуруп койдук.
  • لَنۡ یَّنَالَ اللّٰہَ لُحُوۡمُہَا وَ لَا دِمَآؤُہَا وَ لٰکِنۡ یَّنَالُہُ التَّقۡوٰی مِنۡکُمۡ ؕ کَذٰلِکَ سَخَّرَہَا لَکُمۡ لِتُکَبِّرُوا اللّٰہَ عَلٰی مَا ہَدٰٮکُمۡ ؕ وَ بَشِّرِ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۳۸﴾
    22 : 38 Алардын эттери дагы, кандары дагы Аллага такыр жетпейт, бирок силердин такыбаӊар Ага жетет. Ал (Алла) силерди хидаят кылган себебинен силер Алланы улукташыӊар үчүн Ал силерге аларды мына ушундай моюн сундуруп койгон. Изги иштер кылуучуларга куш кабар бергин.
  • اِنَّ اللّٰہَ یُدٰفِعُ عَنِ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ کُلَّ خَوَّانٍ کَفُوۡرٍ ﴿٪۳۹﴾
    22 : 39 Албетте, Алла ыйман келтиргендерди коргойт. Албетте, Алла эч бир кыянатчы (жана) шүкүрсүздү жактырбайт.
  • اُذِنَ لِلَّذِیۡنَ یُقٰتَلُوۡنَ بِاَنَّہُمۡ ظُلِمُوۡا ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ عَلٰی نَصۡرِہِمۡ لَقَدِیۡرُ ۣ ﴿ۙ۴۰﴾
    22 : 40 Өздөрүнө каршы уруш кылынып жаткан кишилерге (уруш кылууга) уруксат берилди, анткени аларга зулумдук кылынды. Албетте, Алла аларга жардам берүүгө толук кудуреттүү.
  • الَّذِیۡنَ اُخۡرِجُوۡا مِنۡ دِیَارِہِمۡ بِغَیۡرِ حَقٍّ اِلَّاۤ اَنۡ یَّقُوۡلُوۡا رَبُّنَا اللّٰہُ ؕ وَ لَوۡ لَا دَفۡعُ اللّٰہِ النَّاسَ بَعۡضَہُمۡ بِبَعۡضٍ لَّہُدِّمَتۡ صَوَامِعُ وَ بِیَعٌ وَّ صَلَوٰتٌ وَّ مَسٰجِدُ یُذۡکَرُ فِیۡہَا اسۡمُ اللّٰہِ کَثِیۡرًا ؕ وَ لَیَنۡصُرَنَّ اللّٰہُ مَنۡ یَّنۡصُرُہٗ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَقَوِیٌّ عَزِیۡزٌ ﴿۴۱﴾
    22 : 41 (Тактап айтканда): «Алла – биздин Раббибиз», - дегендиктери үчүн гана акысыз өз үйлөрүнөн куулгандарга. Эгер Алла тарабынан адамдар – алардын айрымдары башкалары аркылуу корголбогондо, монастрлар да, чиркөөлөр да, жөөттөрдүн ибадатканалары да, Алланын наамы көп эскериле турган мечиттер да жок кылынып ташталган болоор эле. Албетте, Алла Өзүнө жардам бере турганга сөзсүз жардам берет. Албетте, Алла өтө кудуреттүү (жана) эӊ жеӊүүчү.
  • اَلَّذِیۡنَ اِنۡ مَّکَّنّٰہُمۡ فِی الۡاَرۡضِ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَوُا الزَّکٰوۃَ وَ اَمَرُوۡا بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ نَہَوۡا عَنِ الۡمُنۡکَرِ ؕ وَ لِلّٰہِ عَاقِبَۃُ الۡاُمُوۡرِ ﴿۴۲﴾
    22 : 42 Бул (Мухажир мусулман)дарды эгер Биз жерде бекем жайгаштырсак, алар намаз окушат, зекет беришет, жакшылыктарга буюрушат жана жамандыктардан кайтарышат. Бардык нерселердин акыбети Алланын колунда.
  • وَ اِنۡ یُّکَذِّبُوۡکَ فَقَدۡ کَذَّبَتۡ قَبۡلَہُمۡ قَوۡمُ نُوۡحٍ وَّ عَادٌ وَّ ثَمُوۡدُ ﴿ۙ۴۳﴾
    22 : 43 Эгер алар сени жалганчыга чыгарышса, алардан илгери Нух коому дагы, Аад жана Самуд (коому) дагы (өздөрүнүн пайгамбарларын) жалганчыга чыгарган эле.
  • وَ قَوۡمُ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ قَوۡمُ لُوۡطٍ ﴿ۙ۴۴﴾
    22 : 44 Жана Ибраахийм коому дагы, Лут коому дагы.
  • وَّ اَصۡحٰبُ مَدۡیَنَ ۚ وَ کُذِّبَ مُوۡسٰی فَاَمۡلَیۡتُ لِلۡکٰفِرِیۡنَ ثُمَّ اَخَذۡتُہُمۡ ۚ فَکَیۡفَ کَانَ نَکِیۡرِ ﴿۴۵﴾
    22 : 45 Мындан тышкары Мадян эли дагы. Жана Муса дагы жалганчыга чыгарылган эле. Ошентип, Мен каапырларга бир аз мөөнөт бердим, анан аларды Мен тутуп алдым. Демек, Менин жазам кандай эле?!
  • فَکَاَیِّنۡ مِّنۡ قَرۡیَۃٍ اَہۡلَکۡنٰہَا وَ ہِیَ ظَالِمَۃٌ فَہِیَ خَاوِیَۃٌ عَلٰی عُرُوۡشِہَا وَ بِئۡرٍ مُّعَطَّلَۃٍ وَّ قَصۡرٍ مَّشِیۡدٍ ﴿۴۶﴾
    22 : 46 Биз жок кылып жиберген канчалаган кыштактар бар. Чынында, алар заалим болчу. Эми болсо, алар тамдары кулап түшкөн бойдон турат; ошондой эле (кудум ушундай мамиле кылынган) канчалаган таштанды кудуктар жана бекем курулган чептер (дагы) бар!
  • اَفَلَمۡ یَسِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَتَکُوۡنَ لَہُمۡ قُلُوۡبٌ یَّعۡقِلُوۡنَ بِہَاۤ اَوۡ اٰذَانٌ یَّسۡمَعُوۡنَ بِہَا ۚ فَاِنَّہَا لَا تَعۡمَی الۡاَبۡصَارُ وَ لٰکِنۡ تَعۡمَی الۡقُلُوۡبُ الَّتِیۡ فِی الصُّدُوۡرِ ﴿۴۷﴾
    22 : 47 Демек, алар жерде саякат кылышкан жокпу? Ошондо алар түшүнө турган жүрөктөргө же уга турган кулактарга ээ болушмак. Акыйкатта, көздөр көр болбойт, жок, көкүрөктөрдөгү жүрөктөр көр болот.
  • وَ یَسۡتَعۡجِلُوۡنَکَ بِالۡعَذَابِ وَ لَنۡ یُّخۡلِفَ اللّٰہُ وَعۡدَہٗ ؕ وَ اِنَّ یَوۡمًا عِنۡدَ رَبِّکَ کَاَلۡفِ سَنَۃٍ مِّمَّا تَعُدُّوۡنَ ﴿۴۸﴾
    22 : 48 Алар сенден азапты тездетишиӊди талап кылышат. Алла болсо, эч качан Өзүнүн убадасына каршы иш тутпайт. Албетте, Раббиӊдин алдында ушундай күн дагы бар: ал силердин эсебиӊер боюнча миӊ жылга тете.
  • وَ کَاَیِّنۡ مِّنۡ قَرۡیَۃٍ اَمۡلَیۡتُ لَہَا وَ ہِیَ ظَالِمَۃٌ ثُمَّ اَخَذۡتُہَا ۚ وَ اِلَیَّ الۡمَصِیۡرُ ﴿٪۴۹﴾
    22 : 49 Мен мөөнөт берген канчалаган кыштактар бар; чынында, алар заалим болчу; анан Мен аларды тутуп алдым. Мага гана кайтуу бар.
  • قُلۡ یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ اِنَّمَاۤ اَنَا لَکُمۡ نَذِیۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۚ۵۰﴾
    22 : 50 Айткын: «Эй, бардык адамдар! Мен болгону силер үчүн ачыктан-ачык эскертүүчүмүн».
  • فَالَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃٌ وَّ رِزۡقٌ کَرِیۡمٌ ﴿۵۱﴾
    22 : 51 Ошентип, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар – алар үчүн кечирим жана бир урматтуу ырыскы бар.
  • وَ الَّذِیۡنَ سَعَوۡا فِیۡۤ اٰیٰتِنَا مُعٰجِزِیۡنَ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ الۡجَحِیۡمِ ﴿۵۲﴾
    22 : 52 Биздин аяттарыбызды күчсүз калтырууга аракет кылгандар –мына ошолор тозок ээлери.
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ قَبۡلِکَ مِنۡ رَّسُوۡلٍ وَّ لَا نَبِیٍّ اِلَّاۤ اِذَا تَمَنّٰۤی اَلۡقَی الشَّیۡطٰنُ فِیۡۤ اُمۡنِیَّتِہٖ ۚ فَیَنۡسَخُ اللّٰہُ مَا یُلۡقِی الشَّیۡطٰنُ ثُمَّ یُحۡکِمُ اللّٰہُ اٰیٰتِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿ۙ۵۳﴾
    22 : 53 Биз сенден мурун жөнөткөн ар бир элчи жана пайгамбар качандыр бир нерсени арзуу кылганда, (напсинин) шайтаны анын арзуусуна бирдеме аралашма катары кошкон; ошондо Алла шайтан кошо турган нерсени өчүрүп жиберет; анан Алла Өз аяттарын бекем кылып коёт. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • لِّیَجۡعَلَ مَا یُلۡقِی الشَّیۡطٰنُ فِتۡنَۃً لِّلَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ وَّ الۡقَاسِیَۃِ قُلُوۡبُہُمۡ ؕ وَ اِنَّ الظّٰلِمِیۡنَ لَفِیۡ شِقَاقٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿ۙ۵۴﴾
    22 : 54 (Бул) – шайтан өз тарабынан кошкон нерсени жалаӊ жүрөктөрүндө кесел болгон жана жүрөктөрү катып калгандарга сыноо кылып койсун үчүн. Албетте, заалимдер эӊ алыстагы каршылыкта.
  • وَّ لِیَعۡلَمَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡعِلۡمَ اَنَّہُ الۡحَقُّ مِنۡ رَّبِّکَ فَیُؤۡمِنُوۡا بِہٖ فَتُخۡبِتَ لَہٗ قُلُوۡبُہُمۡ ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَہَادِ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۵۵﴾
    22 : 55 Анткени илим берилгендер мунун Раббиӊ тарабынан акыйкат экенин билип, ага ыйман келтиришсин жана жүрөктөрү Ага ийилсин. Албетте, Алла ыйман келтиргендерди туура жолго хидаят кылуучу.
  • وَ لَا یَزَالُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا فِیۡ مِرۡیَۃٍ مِّنۡہُ حَتّٰی تَاۡتِیَہُمُ السَّاعَۃُ بَغۡتَۃً اَوۡ یَاۡتِیَہُمۡ عَذَابُ یَوۡمٍ عَقِیۡمٍ ﴿۵۶﴾
    22 : 56 Каапыр болгондор өздөрүнө ыӊкылап «Сааты» келгенге чейин же кубанычтан алыс болгон күндөгү азап аларды тутуп алганга чейин дайыма ушул (Куран) тууралуу шек-күмөндө калышат.
  • اَلۡمُلۡکُ یَوۡمَئِذٍ لِّلّٰہِ ؕ یَحۡکُمُ بَیۡنَہُمۡ ؕ فَالَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ فِیۡ جَنّٰتِ النَّعِیۡمِ ﴿۵۷﴾
    22 : 57 Ошол күнү өкүмчүлүк Алланыкы болот; Ал алардын ортосунда өкүм кылат. Ошентип, ыйман келтирип, жакшы амал кылгандар нээмат-берекелүү бейиштерде болушат.
  • وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا فَاُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عَذَابٌ مُّہِیۡنٌ ﴿٪۵۸﴾
    22 : 58 Каапыр болгон жана Биздин аят-жышаандарыбызды жалганга чыгаргандар – мына ошолор үчүн кор кылуучу азап бар.
  • وَ الَّذِیۡنَ ہَاجَرُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ثُمَّ قُتِلُوۡۤا اَوۡ مَاتُوۡا لَیَرۡزُقَنَّہُمُ اللّٰہُ رِزۡقًا حَسَنًا ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَہُوَ خَیۡرُ الرّٰزِقِیۡنَ ﴿۵۹﴾
    22 : 59 Алла жолунда хижрат кылган, анан өлтүрүлгөн же өз ажалы менен өлгөндөр – аларга Алла албетте, эӊ сонун ырыскы тартуулайт. Албетте, Алла гана ырыскы берүүчүлөрдүн эӊ жакшысы.
  • لَیُدۡخِلَنَّہُمۡ مُّدۡخَلًا یَّرۡضَوۡنَہٗ ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَعَلِیۡمٌ حَلِیۡمٌ ﴿۶۰﴾
    22 : 60 Ал албетте, аларды өздөрү жактыра турган жайга киргизет. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) жумшак.
  • ذٰلِکَ ۚ وَ مَنۡ عَاقَبَ بِمِثۡلِ مَا عُوۡقِبَ بِہٖ ثُمَّ بُغِیَ عَلَیۡہِ لَیَنۡصُرَنَّہُ اللّٰہُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَعَفُوٌّ غَفُوۡرٌ ﴿۶۱﴾
    22 : 61 Бул – ушундай болот! Ким өзүнө берилген азап өлчөмүндө (бирөөгө) азап берсе, анан (анын натыйжасында) ага каршы кежирлик кылынса, анда албетте, Алла ага сөзсүз жардам берет. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) аябай кечиримдүүлүк кылуучу.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّ اللّٰہَ یُوۡلِجُ الَّیۡلَ فِی النَّہَارِ وَ یُوۡلِجُ النَّہَارَ فِی الَّیۡلِ وَ اَنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌۢ بَصِیۡرٌ ﴿۶۲﴾
    22 : 62 Мунун себеби, Алла түндү күнгө киргизет жана күндү түнгө киргизет. Алла өтө угуучу (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • ذٰلِکَ بِاَنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡحَقُّ وَ اَنَّ مَا یَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖ ہُوَ الۡبَاطِلُ وَ اَنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡعَلِیُّ الۡکَبِیۡرُ ﴿۶۳﴾
    22 : 63 Бул – ушундай! Анткени, Алла гана акыйкат жана Аны коюп, алар сыйынып жаткан нерсе гана жалган. Албетте, Алла гана абдан бийик даражалуу (жана) эӊ улук.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً ۫ فَتُصۡبِحُ الۡاَرۡضُ مُخۡضَرَّۃً ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَطِیۡفٌ خَبِیۡرٌ ﴿ۚ۶۴﴾
    22 : 64 Алла асмандан суу түшүргөнүн жана жер андан жап-жашыл болгонун көргөн эмессиӊби? Албетте, Алла абдан көрөгөч (жана) дайыма кабардар.
  • لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ اِنَّ اللّٰہَ لَہُوَ الۡغَنِیُّ الۡحَمِیۡدُ ﴿٪۶۵﴾
    22 : 65 Асмандар жана жердеги бардык нерселер Аныкы. Албетте, Алла гана бай (жана) мактоо ээси.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ سَخَّرَ لَکُمۡ مَّا فِی الۡاَرۡضِ وَ الۡفُلۡکَ تَجۡرِیۡ فِی الۡبَحۡرِ بِاَمۡرِہٖ ؕ وَ یُمۡسِکُ السَّمَآءَ اَنۡ تَقَعَ عَلَی الۡاَرۡضِ اِلَّا بِاِذۡنِہٖ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِالنَّاسِ لَرَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۶۶﴾
    22 : 66 Жердеги бардык нерселерди Алла силерге бой сундуруп койгонун көрбөдүӊбү жана кемелерди дагы? Алар Анын буйругу менен деӊизде жүрөт. Ал Өзүнүн буйругусуз жерге түшбөстүгү үчүн асманды токтотуп турган. Албетте, Алла адамдарга абдан мээрбан (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡۤ اَحۡیَاکُمۡ ۫ ثُمَّ یُمِیۡتُکُمۡ ثُمَّ یُحۡیِیۡکُمۡ ؕ اِنَّ الۡاِنۡسَانَ لَکَفُوۡرٌ ﴿۶۷﴾
    22 : 67 Ал (Алла) гана силерди тирилтти, анан силердин жаныӊарды алат, андан кийин силерди тирилтет. Албетте, адамзат өтө шүкүрсүз.
  • لِکُلِّ اُمَّۃٍ جَعَلۡنَا مَنۡسَکًا ہُمۡ نَاسِکُوۡہُ فَلَا یُنَازِعُنَّکَ فِی الۡاَمۡرِ وَ ادۡعُ اِلٰی رَبِّکَ ؕ اِنَّکَ لَعَلٰی ہُدًی مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿۶۸﴾
    22 : 68 Биз ар бир үммөт үчүн курбандык кылуу жолун белгилеп койгонбуз, ошого ылайык алар курбандык кылышат. Демек, алар бул жөнүндө сени менен такыр талашпасын жана сен (аларды) Раббиӊе даават кыл. Албетте, сен хидаяттын туура жолуна (багыт алгансыӊ).
  • وَ اِنۡ جٰدَلُوۡکَ فَقُلِ اللّٰہُ اَعۡلَمُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۶۹﴾
    22 : 69 Эгер алар сени менен талашып-тартышса, анда айткын: «Силер жасап жаткан амалдарыӊарды Алла абдан жакшы билет.
  • اَللّٰہُ یَحۡکُمُ بَیۡنَکُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ فِیۡمَا کُنۡتُمۡ فِیۡہِ تَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    22 : 70 Кыямат күнү Алла силер талашып жүргөн нерселер жөнүндө ортоӊордо өкүм чыгарат».
  • اَلَمۡ تَعۡلَمۡ اَنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ مَا فِی السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ اِنَّ ذٰلِکَ فِیۡ کِتٰبٍ ؕ اِنَّ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرٌ ﴿۷۱﴾
    22 : 71 Алла асман жана жердеги бардык нерселерди билээринен кабарыӊ жокпу? Албетте, (мунун баары) бир Китепте бар. Албетте, бул нерсе Алла үчүн абдан оӊой.
  • وَ یَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَمۡ یُنَزِّلۡ بِہٖ سُلۡطٰنًا وَّ مَا لَیۡسَ لَہُمۡ بِہٖ عِلۡمٌ ؕ وَ مَا لِلظّٰلِمِیۡنَ مِنۡ نَّصِیۡرٍ ﴿۷۲﴾
    22 : 72 Алар Алланы коюп, ордуна ушундай нерсеге ибадат кылышат: ал тууралуу Ал (Алла) эч бир чечкиндүү далил түшүрбөгөн жана ал жөнүндө өздөрү эч кандай илимге ээ эмес. Заалимдер үчүн эч кандай жардамчы болбойт.
  • وَ اِذَا تُتۡلٰی عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتُنَا بَیِّنٰتٍ تَعۡرِفُ فِیۡ وُجُوۡہِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوا الۡمُنۡکَرَ ؕ یَکَادُوۡنَ یَسۡطُوۡنَ بِالَّذِیۡنَ یَتۡلُوۡنَ عَلَیۡہِمۡ اٰیٰتِنَا ؕ قُلۡ اَفَاُنَبِّئُکُمۡ بِشَرٍّ مِّنۡ ذٰلِکُمۡ ؕ اَلنَّارُ ؕ وَعَدَہَا اللّٰہُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ؕ وَ بِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿٪۷۳﴾
    22 : 73 Биздин ачыктан-ачык аяттарыбыз аларга окулганда, каапыр болгондордун жүздөрүнөн нааразылык (белгилерин) сезесиӊ. Биздин аяттарыбызды аларга окуй тургандарга жапырылып кетүүлөрүнө дагы аз калган. Демек, айткын: «Мен силерге мындан дагы жаманыраак нерседен кабар берейинби? От! Алла аны каапырларга убада кылган. Ал абдан жаман турак жай!»
  • یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ ضُرِبَ مَثَلٌ فَاسۡتَمِعُوۡا لَہٗ ؕ اِنَّ الَّذِیۡنَ تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ لَنۡ یَّخۡلُقُوۡا ذُبَابًا وَّ لَوِ اجۡتَمَعُوۡا لَہٗ ؕ وَ اِنۡ یَّسۡلُبۡہُمُ الذُّبَابُ شَیۡئًا لَّا یَسۡتَنۡقِذُوۡہُ مِنۡہُ ؕ ضَعُفَ الطَّالِبُ وَ الۡمَطۡلُوۡبُ ﴿۷۴﴾
    22 : 74 Эй, адамдар! Бир абдан маанилүү мисал айтылууда; ошондуктан, аны көӊүл коюп уккула! Албетте, силер Алланы коюп, жалбарып жаткан нерселериӊер бир чиркейди дагы жарата албайт, мейли алар бул үчүн биргелешип алышса дагы; эгер чиркей алардан бир нерсени тартып алса, алар андан ошол нерсени куткара албайт. (Улуу берекенин) талап кылуучусу дагы, (ошол берекенин) талап кылынуучусу дагы ошончолук алсыз!
  • مَا قَدَرُوا اللّٰہَ حَقَّ قَدۡرِہٖ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَقَوِیٌّ عَزِیۡزٌ ﴿۷۵﴾
    22 : 75 Алар Алланы, Аны кадырлоо керек болгонундай кадырлашкан эмес. Албетте, Алла абдан күчтүү (жана) эӊ жеӊүүчү.
  • اَللّٰہُ یَصۡطَفِیۡ مِنَ الۡمَلٰٓئِکَۃِ رُسُلًا وَّ مِنَ النَّاسِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ سَمِیۡعٌۢ بَصِیۡرٌ ﴿ۚ۷۶﴾
    22 : 76 Алла периштелерден дагы, адамдардан дагы пайгамбарларды тандайт. Албетте, Алла өтө угуучу (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • یَعۡلَمُ مَا بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مَا خَلۡفَہُمۡ ؕ وَ اِلَی اللّٰہِ تُرۡجَعُ الۡاُمُوۡرُ ﴿۷۷﴾
    22 : 77 Ал алардын алдындагы нерсени дагы, артындагы нерсени дагы билет. Бардык иштер Аллага гана кайтарылат.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا ارۡکَعُوۡا وَ اسۡجُدُوۡا وَ اعۡبُدُوۡا رَبَّکُمۡ وَ افۡعَلُوا الۡخَیۡرَ لَعَلَّکُمۡ تُفۡلِحُوۡنَ ﴿ۚٛ۷۸﴾
    22 : 78 Эй, ыйман келтиргендер! Ийгиликке жетишиӊер үчүн руку кылгыла, сажда кылгыла, Раббиӊерге ибадат кылгыла жана жакшы иштерди жасагыла.
  • وَ جَاہِدُوۡا فِی اللّٰہِ حَقَّ جِہَادِہٖ ؕ ہُوَ اجۡتَبٰٮکُمۡ وَ مَا جَعَلَ عَلَیۡکُمۡ فِی الدِّیۡنِ مِنۡ حَرَجٍ ؕ مِلَّۃَ اَبِیۡکُمۡ اِبۡرٰہِیۡمَ ؕ ہُوَ سَمّٰٮکُمُ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ۬ۙ مِنۡ قَبۡلُ وَ فِیۡ ہٰذَا لِیَکُوۡنَ الرَّسُوۡلُ شَہِیۡدًا عَلَیۡکُمۡ وَ تَکُوۡنُوۡا شُہَدَآءَ عَلَی النَّاسِ ۚۖ فَاَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتُوا الزَّکٰوۃَ وَ اعۡتَصِمُوۡا بِاللّٰہِ ؕ ہُوَ مَوۡلٰٮکُمۡ ۚ فَنِعۡمَ الۡمَوۡلٰی وَ نِعۡمَ النَّصِیۡرُ ﴿٪۷۹﴾
    22 : 79 Жана Алла үчүн жихад кылыш керек болгондой жихад кылгыла; Ал силерди тандап алды жана дин маселелеринде силерге эч бир кыйынчылык туудурбады; атаӊар Ибраахиймдин дини дагы мына ушул эле. Пайгамбар баарыӊардын үстүӊөрдөн күбө болсун жана силер бардык адамдардын үстүнөн күбө болушуӊар үчүн. Ал (Алла) силерди (мындан) мурун дагы, ушул (Куран)да дагы мусулман деп атады. Ошондуктан, намаз окугула, зекет бергиле жана Алланы бекем тутуп алгыла. Ал (Алла) гана силердин Кожоӊор. Ошентип, кандай ажайып Кожо жана кандай ажайып жардамчы!
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via