بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
91 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
وَ الشَّمۡسِ وَ ضُحٰہَا ۪ۙ﴿۲﴾
91 : 2 Күн жана анын нуруна касам!
وَ الۡقَمَرِ اِذَا تَلٰٮہَا ۪ۙ﴿۳﴾
91 : 3 Жана айга (касам), ал анын артына келгенде.
وَ النَّہَارِ اِذَا جَلّٰٮہَا ۪ۙ﴿۴﴾
91 : 4 Жана күндүзгө (касам), ал аны (күндү) жакшылап жаркыратканда.
وَ الَّیۡلِ اِذَا یَغۡشٰٮہَا ۪ۙ﴿۵﴾
91 : 5 Жана түнгө (касам), ал аны ороп алганда.
وَ السَّمَآءِ وَ مَا بَنٰہَا ۪ۙ﴿۶﴾
91 : 6 Асманга жана Ал (Алла)нын аны жаратканына (касам!)
وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا طَحٰہَا ۪ۙ﴿۷﴾
91 : 7 Жерге жана Ал (Алла)нын аны төшөгөнүнө (касам!)
وَ نَفۡسٍ وَّ مَا سَوّٰٮہَا ۪ۙ﴿۸﴾
91 : 8 Ар бир жанга жана Ал (Алла)нын аны оӊдогонуна (касам!)
فَاَلۡہَمَہَا فُجُوۡرَہَا وَ تَقۡوٰٮہَا ۪ۙ﴿۹﴾
91 : 9 Ошентип, Ал (Алла) анын жамандыктарын жана такыбалыгын (айырмалоочу жөндөмдүүлүктү) табиятына киргизди.
قَدۡ اَفۡلَحَ مَنۡ زَکّٰٮہَا ۪ۙ﴿۱۰﴾
91 : 10 Албетте, аны (такыбаны) көбөйткөн киши ийгиликке жетти.
وَ قَدۡ خَابَ مَنۡ دَسّٰٮہَا ﴿ؕ۱۱﴾
91 : 11 Жана аны топуракка жуткуруп жиберген киши ийгиликсиз болуп калды.
کَذَّبَتۡ ثَمُوۡدُ بِطَغۡوٰٮہَاۤ ﴿۪ۙ۱۲﴾
91 : 12 Самуд өзүнүн кежирлиги себептүү (өз пайгамбарын) жалганчыга чыгарды.
اِذِ انۡۢبَعَثَ اَشۡقٰہَا ﴿۪ۙ۱۳﴾
91 : 13 Алардын эӊ бактысыз кишиси ордунан турганда,
فَقَالَ لَہُمۡ رَسُوۡلُ اللّٰہِ نَاقَۃَ اللّٰہِ وَ سُقۡیٰہَا ﴿ؕ۱۴﴾
91 : 14 Ошондо Алланын пайгамбары аларга айтты: «Алланын ургаачы төөсүн жана анын суу ичүү укугун (унутпагыла!)»
فَکَذَّبُوۡہُ فَعَقَرُوۡہَا ۪۬ۙ فَدَمۡدَمَ عَلَیۡہِمۡ رَبُّہُمۡ بِذَنۡۢبِہِمۡ فَسَوّٰٮہَا ﴿۪ۙ۱۵﴾
91 : 15 Ошого карабастан, алар аны жалганчыга чыгарышты жана ал (ургаачы төө)нүн тарамыштарын кесишти. Ошондо алардын Раббиси күнөөлөрү себептүү аларга удаа-удаа сокку берди жана ал (кыштак)ты тептегиз кылып койду.
وَ لَا یَخَافُ عُقۡبٰہَا ﴿٪۱۶﴾
91 : 16 Ал (Алла) анын акыбетинен коркпойт эле.