Курани карим Ал-Ахзааб • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الاٴحزَاب

Ал-Ахзааб

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    33 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ اتَّقِ اللّٰہَ وَ لَا تُطِعِ الۡکٰفِرِیۡنَ وَ الۡمُنٰفِقِیۡنَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ۙ﴿۲﴾
    33 : 2 Эй, Пайгамбар! Алладан корккун жана каапырлар менен мунафыктардын сөзүнө кулак салбагын! Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • وَّ اتَّبِعۡ مَا یُوۡحٰۤی اِلَیۡکَ مِنۡ رَّبِّکَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرًا ۙ﴿۳﴾
    33 : 3 Сага Раббиӊ тарабынан вахий-аян кылынып жаткан нерсени ээрчигин! Албетте, Алла кылып жаткан амалдарыӊардан абдан жакшы кабардар.
  • وَّ تَوَکَّلۡ عَلَی اللّٰہِ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ وَکِیۡلًا ﴿۴﴾
    33 : 4 Жана Аллага тобокел кыл! Коргоочу катары Алланын Өзү гана жетиштүү.
  • مَا جَعَلَ اللّٰہُ لِرَجُلٍ مِّنۡ قَلۡبَیۡنِ فِیۡ جَوۡفِہٖ ۚ وَ مَا جَعَلَ اَزۡوَاجَکُمُ الّٰٓیِٴۡ تُظٰہِرُوۡنَ مِنۡہُنَّ اُمَّہٰتِکُمۡ ۚ وَ مَا جَعَلَ اَدۡعِیَآءَکُمۡ اَبۡنَآءَکُمۡ ؕ ذٰلِکُمۡ قَوۡلُکُمۡ بِاَفۡوَاہِکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ یَقُوۡلُ الۡحَقَّ وَ ہُوَ یَہۡدِی السَّبِیۡلَ ﴿۵﴾
    33 : 5 Алла эч бир кишинин көкүрөгүндө эки жүрөк пайда кылган эмес жана силер эне деп өзүӊөргө арам кылып алган аялдарыӊарды энеӊер кылган эмес; силердин асырандыӊарды дагы уул кылган эмес. Булар – силердин оозуӊардан чыккан сөздөр гана. Алла ырас (кеп)ти баян кылат жана Анын Өзү гана (туура) жолго хидаят кылат.
  • اُدۡعُوۡہُمۡ لِاٰبَآئِہِمۡ ہُوَ اَقۡسَطُ عِنۡدَ اللّٰہِ ۚ فَاِنۡ لَّمۡ تَعۡلَمُوۡۤا اٰبَآءَہُمۡ فَاِخۡوَانُکُمۡ فِی الدِّیۡنِ وَ مَوَالِیۡکُمۡ ؕ وَ لَیۡسَ عَلَیۡکُمۡ جُنَاحٌ فِیۡمَاۤ اَخۡطَاۡتُمۡ بِہٖ ۙ وَ لٰکِنۡ مَّا تَعَمَّدَتۡ قُلُوۡبُکُمۡ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۶﴾
    33 : 6 Аларды өз аталарынын ысымы менен чакыргыла; мына ушул Алланын алдында ынсапка жакыныраак; эгер силер алардын аталарын билбесеӊер, анда алар динде силердин тууганыӊар жана досторуӊар. Ушул маселеде силер эмне ката кылып койгон болсоӊор, ал үчүн үстүӊөргө эч кандай күнөө жок. Ооба, бирок көӊүлдөрүӊөр билип туруп кылган нерсе – (күнөө). Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اَلنَّبِیُّ اَوۡلٰی بِالۡمُؤۡمِنِیۡنَ مِنۡ اَنۡفُسِہِمۡ وَ اَزۡوَاجُہٗۤ اُمَّہٰتُہُمۡ ؕ وَ اُولُوا الۡاَرۡحَامِ بَعۡضُہُمۡ اَوۡلٰی بِبَعۡضٍ فِیۡ کِتٰبِ اللّٰہِ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُہٰجِرِیۡنَ اِلَّاۤ اَنۡ تَفۡعَلُوۡۤا اِلٰۤی اَوۡلِیٰٓئِکُمۡ مَّعۡرُوۡفًا ؕ کَانَ ذٰلِکَ فِی الۡکِتٰبِ مَسۡطُوۡرًا ﴿۷﴾
    33 : 7 Пайгамбар момундарга алардын жандарынан дагы акылуураак жана анын аялдары алардын энелери. Тууган-туушкандар болсо, алардын айрымдары Алланын Китебинде (жазылып коюлган көрсөтмөлөр боюнча) башка момундар жана мухаажирлерге караганда айрымдарынан жогору турушат. Силер досторуӊарга (кайрымдуулук жолунда) кандайдыр бир жакшылык кылсаӊар, ал башка кеп. Бул – баардык нерселер Китепте жазылганынча бар.
  • وَ اِذۡ اَخَذۡنَا مِنَ النَّبِیّٖنَ مِیۡثَاقَہُمۡ وَ مِنۡکَ وَ مِنۡ نُّوۡحٍ وَّ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ مُوۡسٰی وَ عِیۡسَی ابۡنِ مَرۡیَمَ ۪ وَ اَخَذۡنَا مِنۡہُمۡ مِّیۡثَاقًا غَلِیۡظًا ۙ﴿۸﴾
    33 : 8 (Эстегиле), качан Биз пайгамбарлардан алардын ант-убадасын алганбыз жана сенден дагы, Нухтан, Ибраахийм, Муса жана Марям уулу Исадан (дагы). Биз алардан абдан бекем ант-убада алган элек.
  • لِّیَسۡـَٔلَ الصّٰدِقِیۡنَ عَنۡ صِدۡقِہِمۡ ۚ وَ اَعَدَّ لِلۡکٰفِرِیۡنَ عَذَابًا اَلِیۡمًا ٪﴿۹﴾
    33 : 9 Ал чынчылдардан алардын чынчылдыгы туурасында сурасын үчүн. Каапырлар үчүн Ал оор азапты даярдап койгон.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اذۡکُرُوۡا نِعۡمَۃَ اللّٰہِ عَلَیۡکُمۡ اِذۡ جَآءَتۡکُمۡ جُنُوۡدٌ فَاَرۡسَلۡنَا عَلَیۡہِمۡ رِیۡحًا وَّ جُنُوۡدًا لَّمۡ تَرَوۡہَا ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرًا ۚ﴿۱۰﴾
    33 : 10 Эй, ыйман келтиргендер! Өзүӊөрдүн үстүӊөргө болгон Алланын нээмат-берекесин эстегиле, качан силерге кошуундар келген; ошондо, Биз аларга каршы бир шамал жана силер көрбөй турган кошуундарды жөнөткөн элек. Албетте, Алла кылып жаткан иштериӊерди тереӊ күзөтүүчү.
  • اِذۡ جَآءُوۡکُمۡ مِّنۡ فَوۡقِکُمۡ وَ مِنۡ اَسۡفَلَ مِنۡکُمۡ وَ اِذۡ زَاغَتِ الۡاَبۡصَارُ وَ بَلَغَتِ الۡقُلُوۡبُ الۡحَنَاجِرَ وَ تَظُنُّوۡنَ بِاللّٰہِ الظُّنُوۡنَا ﴿۱۱﴾
    33 : 11 Ошондо алар силерге төбө жагыӊардан дагы, төмөн жагыӊардан дагы келишти, ошондо көздөр токтоп калды жана жүрөктөр тамакка тыгылып калды жана силер Аллага ар түркүн күмөн кылаар элеӊер.
  • ہُنَالِکَ ابۡتُلِیَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ وَ زُلۡزِلُوۡا زِلۡزَالًا شَدِیۡدًا ﴿۱۲﴾
    33 : 12 Ал жерде момундар сыноодон өткөрүлдү жана катуу (сыноо менен) кыймылдатылды.
  • وَ اِذۡ یَقُوۡلُ الۡمُنٰفِقُوۡنَ وَ الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ مَّا وَعَدَنَا اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗۤ اِلَّا غُرُوۡرًا ﴿۱۳﴾
    33 : 13 Ошондо мунафыктар жана дилдеринде мерез болгондор: «Алла жана Анын Пайгамбары бизге алдоодон башка эч кандай убада берген эмес», - дешти.
  • وَ اِذۡ قَالَتۡ طَّآئِفَۃٌ مِّنۡہُمۡ یٰۤاَہۡلَ یَثۡرِبَ لَا مُقَامَ لَکُمۡ فَارۡجِعُوۡا ۚ وَ یَسۡتَاۡذِنُ فَرِیۡقٌ مِّنۡہُمُ النَّبِیَّ یَقُوۡلُوۡنَ اِنَّ بُیُوۡتَنَا عَوۡرَۃٌ ؕۛ وَ مَا ہِیَ بِعَوۡرَۃٍ ۚۛ اِنۡ یُّرِیۡدُوۡنَ اِلَّا فِرَارًا ﴿۱۴﴾
    33 : 14 Ошондо алардын ичинен бир тайпа айтты: «Эй, Ясриб эли! Силердин турушуӊарга эч бир орун калбады, ошондуктан кайтып кете бергиле». Алардын бир тайпасы: «Албетте, үйлөрүбүз кароосуз калды», - деп Пайгамбардан уруксат сурай баштады. Чынында эле, алар кароосуз эмес болчу. Алар болгону качуу ниетинде болушкан.
  • وَ لَوۡ دُخِلَتۡ عَلَیۡہِمۡ مِّنۡ اَقۡطَارِہَا ثُمَّ سُئِلُوا الۡفِتۡنَۃَ لَاٰتَوۡہَا وَ مَا تَلَبَّثُوۡا بِہَاۤ اِلَّا یَسِیۡرًا ﴿۱۵﴾
    33 : 15 Эгер алардын үстүнө ал (шаар)дын ар тарабынан басып кирилгенде, анан алардан чагымчылдык талап кылынганда, алар албетте, ушундай кылмак жана алар буга көп чайпалып турбайт эле.
  • وَ لَقَدۡ کَانُوۡا عَاہَدُوا اللّٰہَ مِنۡ قَبۡلُ لَا یُوَلُّوۡنَ الۡاَدۡبَارَ ؕ وَ کَانَ عَہۡدُ اللّٰہِ مَسۡـُٔوۡلًا ﴿۱۶﴾
    33 : 16 Чынында эле, алар мындан мурун чегинбестикке, албетте, Алла менен убадалашып калган болчу. Алла менен түзүлгөн убада тууралуу сөзсүз суралат.
  • قُلۡ لَّنۡ یَّنۡفَعَکُمُ الۡفِرَارُ اِنۡ فَرَرۡتُمۡ مِّنَ الۡمَوۡتِ اَوِ الۡقَتۡلِ وَ اِذًا لَّا تُمَتَّعُوۡنَ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿۱۷﴾
    33 : 17 Айт: «Эгер силер өлүм же өлтүрүлүүдөн качсаӊар, анда качуу силерге эч кандай пайда бербейт. Бул ыкмада силерге абдан аз пайда берилет».
  • قُلۡ مَنۡ ذَا الَّذِیۡ یَعۡصِمُکُمۡ مِّنَ اللّٰہِ اِنۡ اَرَادَ بِکُمۡ سُوۡٓءًا اَوۡ اَرَادَ بِکُمۡ رَحۡمَۃً ؕ وَ لَا یَجِدُوۡنَ لَہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَلِیًّا وَّ لَا نَصِیۡرًا ﴿۱۸﴾
    33 : 18 Сурагын: «Ким силерди Алла(нын тутуусу)нан асырай алат, эгер Ал силерге кандайдыр бир зыян жеткирмекчи болсо, же силерге рахмат тартууламакчы болсо?» Алар өздөрүнө Алладан бөлөк эч бир дос жана эч бир жардамчы табышпайт.
  • قَدۡ یَعۡلَمُ اللّٰہُ الۡمُعَوِّقِیۡنَ مِنۡکُمۡ وَ الۡقَآئِلِیۡنَ لِاِخۡوَانِہِمۡ ہَلُمَّ اِلَیۡنَا ۚ وَ لَا یَاۡتُوۡنَ الۡبَاۡسَ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿ۙ۱۹﴾
    33 : 19 Алла силерден (жихаддан) кайтаруучулар жана өз туугандарына: «Биз тарапка өткүлө», - дей тургандарды абдан жакшы билет. Алар урушка абдан аз келишет.
  • اَشِحَّۃً عَلَیۡکُمۡ ۚۖ فَاِذَا جَآءَ الۡخَوۡفُ رَاَیۡتَہُمۡ یَنۡظُرُوۡنَ اِلَیۡکَ تَدُوۡرُ اَعۡیُنُہُمۡ کَالَّذِیۡ یُغۡشٰی عَلَیۡہِ مِنَ الۡمَوۡتِ ۚ فَاِذَا ذَہَبَ الۡخَوۡفُ سَلَقُوۡکُمۡ بِاَلۡسِنَۃٍ حِدَادٍ اَشِحَّۃً عَلَی الۡخَیۡرِ ؕ اُولٰٓئِکَ لَمۡ یُؤۡمِنُوۡا فَاَحۡبَطَ اللّٰہُ اَعۡمَالَہُمۡ ؕ وَ کَانَ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرًا ﴿۲۰﴾
    33 : 20 Силерге каршы абдан көп сараӊдык кылышат. Анан кандайдыр бир кооп(туу абал) келгенде, сен аларды өлүм далбасына түшүрүлгөн кишидей алардын көздөрү (коркунучтан) ойноп турган бойдон сага карашканын көрөсүӊ. Анан коркуу таралып кеткенден кийин, алар жакшылык боюнча сараӊдык кылган бойдон (өздөрүнүн) өткүр тилдери менен силерге зыян келтиришет. Булар –(чынында), ыйман келтирбей турган адамдар. Ошентип, Алла алардын амалдарын бекер кылып койду. Бул нерсе Алла үчүн абдан жеӊил.
  • یَحۡسَبُوۡنَ الۡاَحۡزَابَ لَمۡ یَذۡہَبُوۡا ۚ وَ اِنۡ یَّاۡتِ الۡاَحۡزَابُ یَوَدُّوۡا لَوۡ اَنَّہُمۡ بَادُوۡنَ فِی الۡاَعۡرَابِ یَسۡاَلُوۡنَ عَنۡ اَنۡۢبَآئِکُمۡ ؕ وَ لَوۡ کَانُوۡا فِیۡکُمۡ مَّا قٰتَلُوۡۤا اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿٪۲۱﴾
    33 : 21 Алар: «Кошуундар эмдигиче кеткен эмес», - деп ойлошоор эле. Эгер кошуундар (кайтып) келишсе, анда алар урандыларда, жергиликтүү көчмөндөрдүн арасында болуп, ал-абалыӊарды сураштырууну (өкүнүч менен) арзуу кылышат. Эгер алар араӊарда болушканында дагы, абдан аз уруш кылышмак.
  • لَقَدۡ کَانَ لَکُمۡ فِیۡ رَسُوۡلِ اللّٰہِ اُسۡوَۃٌ حَسَنَۃٌ لِّمَنۡ کَانَ یَرۡجُوا اللّٰہَ وَ الۡیَوۡمَ الۡاٰخِرَ وَ ذَکَرَ اللّٰہَ کَثِیۡرًا ﴿ؕ۲۲﴾
    33 : 22 Албетте, силер үчүн – Алла жана акырет күнүнөн үмүт кыла турган, ошондой эле Алланы абдан көп эске ала турган ар бир киши үчүн Алланын Пайгамбарында жакшы үлгү бар.
  • وَ لَمَّا رَاَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ الۡاَحۡزَابَ ۙ قَالُوۡا ہٰذَا مَا وَعَدَنَا اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗ وَ صَدَقَ اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗ ۫ وَ مَا زَادَہُمۡ اِلَّاۤ اِیۡمَانًا وَّ تَسۡلِیۡمًا ﴿ؕ۲۳﴾
    33 : 23 Момундар кошуундарды көргөндөрүндө, айтышты: «Мына ушул – Алла жана Анын Пайгамбары бизге убада кылган нерсе. Алла жана Анын Пайгамбары туура сүйлөгөн эле». Бул нерсе алардын ыйманын жана баш ийүүсүн гана көбөйттү.
  • مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ رِجَالٌ صَدَقُوۡا مَا عَاہَدُوا اللّٰہَ عَلَیۡہِ ۚ فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ قَضٰی نَحۡبَہٗ وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّنۡتَظِرُ ۫ۖ وَ مَا بَدَّلُوۡا تَبۡدِیۡلًا ﴿ۙ۲۴﴾
    33 : 24 Момундардын арасында ушундай марттар бар: алар Аллага берген убадаларына бекем турушту. Демек, алардын арасында кылган ниетин жүзөгө ашырган да бар жана алигиче күтүп жаткан бирөө да бар. Алар (ниеттерин) эч өзгөртүшкөн эмес.
  • لِّیَجۡزِیَ اللّٰہُ الصّٰدِقِیۡنَ بِصِدۡقِہِمۡ وَ یُعَذِّبَ الۡمُنٰفِقِیۡنَ اِنۡ شَآءَ اَوۡ یَتُوۡبَ عَلَیۡہِمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿ۚ۲۵﴾
    33 : 25 Мунун себеби төмөнкүчө: Алла чынчылдарды алардын чындыгы үчүн сыйласын жана мунафыктарга кааласа, азап берсин же тобону кабыл кылган бойдон аларга көӊүл бурсун. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ رَدَّ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِغَیۡظِہِمۡ لَمۡ یَنَالُوۡا خَیۡرًا ؕ وَ کَفَی اللّٰہُ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ الۡقِتَالَ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ قَوِیًّا عَزِیۡزًا ﴿ۚ۲۶﴾
    33 : 26 Алла каапырлык кылгандарды өздөрүнүн ачуусу менен бирге ушундай кайтарып жиберди: алар эч бир жакшылыкты ээлей алышпады. Урушта момундарга Алланын Өзү жетиштүү болду. Алла өтө күчтүү (жана) эӊ жеӊүүчү.
  • وَ اَنۡزَلَ الَّذِیۡنَ ظَاہَرُوۡہُمۡ مِّنۡ اَہۡلِ الۡکِتٰبِ مِنۡ صَیَاصِیۡہِمۡ وَ قَذَفَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمُ الرُّعۡبَ فَرِیۡقًا تَقۡتُلُوۡنَ وَ تَاۡسِرُوۡنَ فَرِیۡقًا ﴿ۚ۲۷﴾
    33 : 27 Ал Китеп ээлеринин ичинен аларга жардам кылгандарды чептеринен ылдыйга түшүрүп койду жана алардын жүрөктөрүнө коркунуч салып койду; алардын бир тайпасын силер өлтүрөөр элеӊер жана бир тайпасын туткунга алаар элеӊер.
  • وَ اَوۡرَثَکُمۡ اَرۡضَہُمۡ وَ دِیَارَہُمۡ وَ اَمۡوَالَہُمۡ وَ اَرۡضًا لَّمۡ تَطَـُٔوۡہَا ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرًا ﴿٪۲۸﴾
    33 : 28 Жана силерди алардын жерлерине, үй-жайларына, мал-мүлкүнө жана (алигиче) силер аяк баспаган жерге мураскер кылып койду. Алла Өзү каалаган баардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ قُلۡ لِّاَزۡوَاجِکَ اِنۡ کُنۡـتُنَّ تُرِدۡنَ الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا وَ زِیۡنَتَہَا فَتَعَالَیۡنَ اُمَتِّعۡکُنَّ وَ اُسَرِّحۡکُنَّ سَرَاحًا جَمِیۡلًا ﴿۲۹﴾
    33 : 29 Эй, Пайгамбар! Аялдарыӊа айтып кой: «Эгер силер дүйнөлүк жашоо жана анын шаан-шөөкөтүн кааласаӊар, анда келгиле, мен силерге дүйнөлүк пайда жеткирейин жана эӊ сонун жол менен силерди узатып коёюн.
  • وَ اِنۡ کُنۡـتُنَّ تُرِدۡنَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ وَ الدَّارَ الۡاٰخِرَۃَ فَاِنَّ اللّٰہَ اَعَدَّ لِلۡمُحۡسِنٰتِ مِنۡکُنَّ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿۳۰﴾
    33 : 30 Эгер силер Алланы, Анын Пайгамбарын жана акырет үйүн кааласаӊар, албетте, Алла араӊардагы жакшы амал кылуучулар үчүн абдан чоӊ сыйлыкты даярдап койгон».
  • یٰنِسَآءَ النَّبِیِّ مَنۡ یَّاۡتِ مِنۡکُنَّ بِفَاحِشَۃٍ مُّبَیِّنَۃٍ یُّضٰعَفۡ لَہَا الۡعَذَابُ ضِعۡفَیۡنِ ؕ وَ کَانَ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرًا ﴿۳۱﴾
    33 : 31 Эй, Пайгамбардын аялдары! Силерден ким ачыктан-ачык бузук иштерди кылса, ал үчүн азап эки эсе көбөйтүлүп жиберилет. Мына бул нерсе Алла үчүн жеӊил.
  • وَ مَنۡ یَّقۡنُتۡ مِنۡکُنَّ لِلّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ تَعۡمَلۡ صَالِحًا نُّؤۡتِہَاۤ اَجۡرَہَا مَرَّتَیۡنِ ۙ وَ اَعۡتَدۡنَا لَہَا رِزۡقًا کَرِیۡمًا ﴿۳۲﴾
    33 : 32 Силерден ким Аллага жана Анын Пайгамбарына баш ийсе, ошондой эле жакшы амалдарды кылса, Биз ага анын сыйлыгын эки эсе беребиз жана ал үчүн Биз абдан урматтуу ырыскы даярдап койгонбуз.
  • یٰنِسَآءَ النَّبِیِّ لَسۡتُنَّ کَاَحَدٍ مِّنَ النِّسَآءِ اِنِ اتَّقَیۡتُنَّ فَلَا تَخۡضَعۡنَ بِالۡقَوۡلِ فَیَطۡمَعَ الَّذِیۡ فِیۡ قَلۡبِہٖ مَرَضٌ وَّ قُلۡنَ قَوۡلًا مَّعۡرُوۡفًا ﴿ۚ۳۳﴾
    33 : 33 Эй, Пайгамбардын аялдары! Силер жөнөкөй аялдардай эмессиӊер, эгер такыба болсоӊор; ошондуктан, назданып сүйлөшпөгүлө, болбосо жүрөгү кесел бирөө сугун арта баштайт; жана жакшы сөз сүйлөгүлө!
  • وَ قَرۡنَ فِیۡ بُیُوۡتِکُنَّ وَ لَا تَبَرَّجۡنَ تَبَرُّجَ الۡجَاہِلِیَّۃِ الۡاُوۡلٰی وَ اَقِمۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ اٰتِیۡنَ الزَّکٰوۃَ وَ اَطِعۡنَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ ؕ اِنَّمَا یُرِیۡدُ اللّٰہُ لِیُذۡہِبَ عَنۡکُمُ الرِّجۡسَ اَہۡلَ الۡبَیۡتِ وَ یُطَہِّرَکُمۡ تَطۡہِیۡرًا ﴿ۚ۳۴﴾
    33 : 34 Ошондой эле өз үйлөрүӊөрдө гана калгыла жана наадандык доорундагы жасанып-сылангандай жасанбагыла; намаз окугула жана зекет бергиле, ошондой эле Алла жана Анын Пайгамбарына баш ийгиле. Эй, (Пайгамбардын) үй-бүлөсү! Албетте, Алла силерден ар кандай ыпластыкты алып таштоону жана силерди жакшылап тазалоону каалайт.
  • وَ اذۡکُرۡنَ مَا یُتۡلٰی فِیۡ بُیُوۡتِکُنَّ مِنۡ اٰیٰتِ اللّٰہِ وَ الۡحِکۡمَۃِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ لَطِیۡفًا خَبِیۡرًا ﴿٪۳۵﴾
    33 : 35 Жана үйлөрүӊөрдө окула турган Алланын аяттары жана хикмат-акылмандыкты эсте сактагыла. Албетте, Алла өтө көрөгөч (жана) кабардар.
  • اِنَّ الۡمُسۡلِمِیۡنَ وَ الۡمُسۡلِمٰتِ وَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ وَ الۡقٰنِتِیۡنَ وَ الۡقٰنِتٰتِ وَ الصّٰدِقِیۡنَ وَ الصّٰدِقٰتِ وَ الصّٰبِرِیۡنَ وَ الصّٰبِرٰتِ وَ الۡخٰشِعِیۡنَ وَ الۡخٰشِعٰتِ وَ الۡمُتَصَدِّقِیۡنَ وَ الۡمُتَصَدِّقٰتِ وَ الصَّآئِمِیۡنَ وَ الصّٰٓئِمٰتِ وَ الۡحٰفِظِیۡنَ فُرُوۡجَہُمۡ وَ الۡحٰفِظٰتِ وَ الذّٰکِرِیۡنَ اللّٰہَ کَثِیۡرًا وَّ الذّٰکِرٰتِ ۙ اَعَدَّ اللّٰہُ لَہُمۡ مَّغۡفِرَۃً وَّ اَجۡرًا عَظِیۡمًا ﴿۳۶﴾
    33 : 36 Албетте, мусулман эркектер жана мусулман аялдар, момун эркектер жана момун аялдар, баш ийген эркектер жана баш ийген аялдар, чынчыл эркектер жана чынчыл аялдар, сабыр кылуучу эркектер жана сабыр кылуучу аялдар, ийилүүчү эркектер жана ийилүүчү аялдар, кайыр-садага бере турган эркектер жана кайыр-садага бере турган аялдар, орозо тутуучу эркектер жана орозо тутуучу аялдар, уяттуу жерлерин сактоочу эркектер жана уяттуу жерлерин сактоочу аялдар, (Алланы) көп-көп эскере турган эркектер жана Алланы көп-көп эскере турган аялдар – алардын баарына Алла кечирим жана үлкөн сыйлыкты даярдап койгон.
  • وَ مَا کَانَ لِمُؤۡمِنٍ وَّ لَا مُؤۡمِنَۃٍ اِذَا قَضَی اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗۤ اَمۡرًا اَنۡ یَّکُوۡنَ لَہُمُ الۡخِیَرَۃُ مِنۡ اَمۡرِہِمۡ ؕ وَ مَنۡ یَّعۡصِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلٰلًا مُّبِیۡنًا ﴿ؕ۳۷﴾
    33 : 37 Алла жана Анын Пайгамбары кандайдыр бир иш жөнүндө чечим чыгарса, бир дагы момун эркек жана бир дагы момун аялга өзүнүн маселесинде өзүнчө өкүм кылуусу жарашпайт. Кимде-ким Аллага жана Анын Пайгамбарына баш ийбесе, ал ачыктан-ачык адашууда болот.
  • وَ اِذۡ تَقُوۡلُ لِلَّذِیۡۤ اَنۡعَمَ اللّٰہُ عَلَیۡہِ وَ اَنۡعَمۡتَ عَلَیۡہِ اَمۡسِکۡ عَلَیۡکَ زَوۡجَکَ وَ اتَّقِ اللّٰہَ وَ تُخۡفِیۡ فِیۡ نَفۡسِکَ مَا اللّٰہُ مُبۡدِیۡہِ وَ تَخۡشَی النَّاسَ ۚ وَ اللّٰہُ اَحَقُّ اَنۡ تَخۡشٰہُ ؕ فَلَمَّا قَضٰی زَیۡدٌ مِّنۡہَا وَطَرًا زَوَّجۡنٰکَہَا لِکَیۡ لَا یَکُوۡنَ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ حَرَجٌ فِیۡۤ اَزۡوَاجِ اَدۡعِیَآئِہِمۡ اِذَا قَضَوۡا مِنۡہُنَّ وَطَرًا ؕ وَ کَانَ اَمۡرُ اللّٰہِ مَفۡعُوۡلًا ﴿۳۸﴾
    33 : 38 Качан сен Алла жана өзүӊ тартуу кылган кишиге: «Аялыӊды токтотуп тур, (тактап айтканда) талак бербе жана Алладан корккун», - дээр элеӊ. Алла ачыкка чыгара турган нерсени сен көӊүлүӊдө жашыраар элеӊ жана сен адамдардан коркоор элеӊ. Чынында, коркушуӊ үчүн Алла акылуураак эле. Анан Зайд ал (аял) жөнүндө өз ниетине жеткен соӊ (аны талак кылган соӊ) момундарда өздөрүнүн асыранды алган уулдарынын аялдары жөнүндө, качан ал (асыранды уул)дар алардан кажетин үзүп алгандан кийин (аларды талак кылган соӊ) эч кандай кысынуу жана олку-солкулук болбосун үчүн Биз аны сага никелеп койдук. Алланын амири баары бир аткарылуучу.
  • مَا کَانَ عَلَی النَّبِیِّ مِنۡ حَرَجٍ فِیۡمَا فَرَضَ اللّٰہُ لَہٗ ؕ سُنَّۃَ اللّٰہِ فِی الَّذِیۡنَ خَلَوۡا مِنۡ قَبۡلُ ؕ وَ کَانَ اَمۡرُ اللّٰہِ قَدَرًا مَّقۡدُوۡرَا ۣ ﴿۫ۙ۳۹﴾
    33 : 39 Алдыӊкы кишилерде да улантылган Алланын Сүннөт-адаты катары Пайгамбарда Алла ал үчүн парыз кылган нерсе тууралуу эч кандай кысынуу болбош керек. Алланын амири анык бир өлчөмгө ылайык болот.
  • الَّذِیۡنَ یُبَلِّغُوۡنَ رِسٰلٰتِ اللّٰہِ وَ یَخۡشَوۡنَہٗ وَ لَا یَخۡشَوۡنَ اَحَدًا اِلَّا اللّٰہَ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ حَسِیۡبًا ﴿۴۰﴾
    33 : 40 (Алланын мына ошол Сүннөт-адаты) Алланын кабарларын жеткирип жүргөн, Андан гана коркуп турган жана Алладан бөлөк эч нерседен коркпогондор тууралуу (өтүп кеткен). Алла эсеп-кысап алууда жетиштүү.
  • مَا کَانَ مُحَمَّدٌ اَبَاۤ اَحَدٍ مِّنۡ رِّجَالِکُمۡ وَ لٰکِنۡ رَّسُوۡلَ اللّٰہِ وَ خَاتَمَ النَّبِیّٖنَ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمًا ﴿٪۴۱﴾
    33 : 41 Мухаммад (силердей) эркектериӊердин бирөөсүнүн да атасы эмес. Жок, ал Алланын Пайгамбары жана баардык пайгамбарлардын мөөрү. Алла баардык нерселерди жакшы билүүчү.
  • یٰۤاَیُّہَاالَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اذۡکُرُوا اللّٰہَ ذِکۡرًا کَثِیۡرًا﴿ۙ۴۲﴾
    33 : 42 Эй, ыйман келтиргендер! Алланы көп-көп эстегиле.
  • وَّ سَبِّحُوۡہُ بُکۡرَۃً وَّ اَصِیۡلًا ﴿۴۳﴾
    33 : 43 Жана Ага таӊкысын дагы тасбийх айткыла, кечинде дагы.
  • ہُوَ الَّذِیۡ یُصَلِّیۡ عَلَیۡکُمۡ وَ مَلٰٓئِکَتُہٗ لِیُخۡرِجَکُمۡ مِّنَ الظُّلُمٰتِ اِلَی النُّوۡرِ ؕ وَ کَانَ بِالۡمُؤۡمِنِیۡنَ رَحِیۡمًا ﴿۴۴﴾
    33 : 44 Ал (Алла) гана силерди караӊгылыктан нур тарапка чыгаруу үчүн силерге рахмат жөнөтөт жана Анын периштелери дагы. Ал момундарга кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • تَحِیَّتُہُمۡ یَوۡمَ یَلۡقَوۡنَہٗ سَلٰمٌ ۖۚ وَ اَعَدَّ لَہُمۡ اَجۡرًا کَرِیۡمًا ﴿۴۵﴾
    33 : 45 Алар Ага бетме-бет боло турган күнү «Салам» менен күтүп алынышат. Ал (Алла) аларга урматтуу сыйлыкты даярдап койгон.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ اِنَّاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ شَاہِدًا وَّ مُبَشِّرًا وَّ نَذِیۡرًا ﴿ۙ۴۶﴾
    33 : 46 Эй, Пайгамбар! Албетте, Биз сени бир күбө, бир куш кабар берүүчү жана бир кулактандыруучу кылып жөнөткөнбүз.
  • وَّ دَاعِیًا اِلَی اللّٰہِ بِاِذۡنِہٖ وَ سِرَاجًا مُّنِیۡرًا ﴿۴۷﴾
    33 : 47 Ошондой эле Алла тарапка Анын буйругу менен чакыруучу жана бир жарык берүүчү күн катарында.
  • وَ بَشِّرِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ بِاَنَّ لَہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ فَضۡلًا کَبِیۡرًا ﴿۴۸﴾
    33 : 48 Момундарга куш кабар берип кой, (бул) алар үчүн Алла тарабынан улуу берешендик.
  • وَ لَا تُطِعِ الۡکٰفِرِیۡنَ وَ الۡمُنٰفِقِیۡنَ وَ دَعۡ اَذٰٮہُمۡ وَ تَوَکَّلۡ عَلَی اللّٰہِ ؕ وَ کَفٰی بِاللّٰہِ وَکِیۡلًا ﴿۴۹﴾
    33 : 49 Ошондой эле каапырлар менен мунафыктарга баш ийбе жана алардын зыян жеткирүүсүнө көӊүл бурба! Аллага тобокел кыл. Алланын Өзү коргоочу катары жетиштүү.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا نَکَحۡتُمُ الۡمُؤۡمِنٰتِ ثُمَّ طَلَّقۡتُمُوۡہُنَّ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ تَمَسُّوۡہُنَّ فَمَا لَکُمۡ عَلَیۡہِنَّ مِنۡ عِدَّۃٍ تَعۡتَدُّوۡنَہَا ۚ فَمَتِّعُوۡہُنَّ وَ سَرِّحُوۡہُنَّ سَرَاحًا جَمِیۡلًا ﴿۵۰﴾
    33 : 50 Эй, ыйман келтиргендер! Качан силер момун аялдарга үйлөнсөӊөр, анан алар менен кошулуудан мурун аларды талак кылсаӊар, анда силер тараптан алардын милдетинде силер санай турган эч кандай мөөнөт жок. Ошентип, аларга азбы-көппү буюм бергиле жана аларды эӊ сонун жол менен узатып койгула.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ اِنَّاۤ اَحۡلَلۡنَا لَکَ اَزۡوَاجَکَ الّٰتِیۡۤ اٰتَیۡتَ اُجُوۡرَہُنَّ وَ مَا مَلَکَتۡ یَمِیۡنُکَ مِمَّاۤ اَفَآءَ اللّٰہُ عَلَیۡکَ وَ بَنٰتِ عَمِّکَ وَ بَنٰتِ عَمّٰتِکَ وَ بَنٰتِ خَالِکَ وَ بَنٰتِ خٰلٰتِکَ الّٰتِیۡ ہَاجَرۡنَ مَعَکَ ۫ وَ امۡرَاَۃً مُّؤۡمِنَۃً اِنۡ وَّہَبَتۡ نَفۡسَہَا لِلنَّبِیِّ اِنۡ اَرَادَ النَّبِیُّ اَنۡ یَّسۡتَنۡکِحَہَا ٭ خَالِصَۃً لَّکَ مِنۡ دُوۡنِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ؕ قَدۡ عَلِمۡنَا مَا فَرَضۡنَا عَلَیۡہِمۡ فِیۡۤ اَزۡوَاجِہِمۡ وَ مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُہُمۡ لِکَیۡلَا یَکُوۡنَ عَلَیۡکَ حَرَجٌ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۵۱﴾
    33 : 51 Эй, Пайгамбар! Албетте, Биз сага калыӊдарын берип койгон аялдарыӊды адал кылдык жана кол астыӊдагы аялдарды дагы. (Тактап айтканда) Алла сага олжо катары бергендерди; жана сени менен бирге хижрат кылган абаӊдын (атаӊдын ага-инисинин) кыздарын, эжелериӊдин (атаӊдын эже-карындаштарынын) кыздарын, таякелериӊдин кыздарын, тайэжелериӊдин кыздарын жана ар бир момун аялды, эгер ал өзүн Пайгамбар алдына тартуу кылса, эгер Пайгамбар (дагы) аны никелеп алууну кааласа. (Бул) момундарды коюп, бир гана сага таандык. Биз алардын аялдары тууралуу жана алардын кол астындагы аялдар жөнүндө аларга парыз кылганыбызды билебиз. Бул (аларды ойлогонуӊда) сенде кандайдыр бир кысылуу калбасын үчүн (айкындаштырылууда). Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • تُرۡجِیۡ مَنۡ تَشَآءُ مِنۡہُنَّ وَ تُــٔۡوِیۡۤ اِلَیۡکَ مَنۡ تَشَآءُ ؕ وَ مَنِ ابۡتَغَیۡتَ مِمَّنۡ عَزَلۡتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَیۡکَ ؕ ذٰلِکَ اَدۡنٰۤی اَنۡ تَقَرَّ اَعۡیُنُہُنَّ وَ لَا یَحۡزَنَّ وَ یَرۡضَیۡنَ بِمَاۤ اٰتَیۡتَہُنَّ کُلُّہُنَّ ؕ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ مَا فِیۡ قُلُوۡبِکُمۡ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلِیۡمًا حَلِیۡمًا ﴿۵۲﴾
    33 : 52 Сен алардан каалаганыӊды коё бер жана каалаганыӊды өзүӊө алып кал; эгер сен коё берген (аял)ды кайрадан (алууну) кааласаӊ, анда сага эч кандай күнөө жок. Бул алардын көздөрү кубанышына жана алардын сар-санаа болбошуна, ошондой эле сен аларга берген нерсеге алардын баарынын ыраазы болушуна жакыныраак. Алла жүрөктөрүӊөрдөгү бар нерсени билет. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө жумшак.
  • لَا یَحِلُّ لَکَ النِّسَآءُ مِنۡۢ بَعۡدُ وَ لَاۤ اَنۡ تَبَدَّلَ بِہِنَّ مِنۡ اَزۡوَاجٍ وَّ لَوۡ اَعۡجَبَکَ حُسۡنُہُنَّ اِلَّا مَا مَلَکَتۡ یَمِیۡنُکَ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ رَّقِیۡبًا ﴿٪۵۳﴾
    33 : 53 Мындан соӊ сен үчүн (башка) аялдар(ды алуу) адал эмес, бул (аял)дардын ордуна сен дагы башка аялдарды алышыӊ да адал эмес, мейли алардын сулуулугу сага жакса дагы. Ал эми кол астыӊдагылар болсо, анда башка кеп. Алла баардык нерсенин үстүнөн күзөтүүчү.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَدۡخُلُوۡا بُیُوۡتَ النَّبِیِّ اِلَّاۤ اَنۡ یُّؤۡذَنَ لَکُمۡ اِلٰی طَعَامٍ غَیۡرَ نٰظِرِیۡنَ اِنٰٮہُ ۙ وَ لٰکِنۡ اِذَا دُعِیۡتُمۡ فَادۡخُلُوۡا فَاِذَا طَعِمۡتُمۡ فَانۡتَشِرُوۡا وَ لَا مُسۡتَاۡنِسِیۡنَ لِحَدِیۡثٍ ؕ اِنَّ ذٰلِکُمۡ کَانَ یُؤۡذِی النَّبِیَّ فَیَسۡتَحۡیٖ مِنۡکُمۡ ۫ وَ اللّٰہُ لَا یَسۡتَحۡیٖ مِنَ الۡحَقِّ ؕ وَ اِذَا سَاَلۡتُمُوۡہُنَّ مَتَاعًا فَسۡـَٔلُوۡہُنَّ مِنۡ وَّرَآءِ حِجَابٍ ؕ ذٰلِکُمۡ اَطۡہَرُ لِقُلُوۡبِکُمۡ وَ قُلُوۡبِہِنَّ ؕ وَ مَا کَانَ لَکُمۡ اَنۡ تُؤۡذُوۡا رَسُوۡلَ اللّٰہِ وَ لَاۤ اَنۡ تَنۡکِحُوۡۤا اَزۡوَاجَہٗ مِنۡۢ بَعۡدِہٖۤ اَبَدًا ؕ اِنَّ ذٰلِکُمۡ کَانَ عِنۡدَ اللّٰہِ عَظِیۡمًا ﴿۵۴﴾
    33 : 54 Эй, ыйман келтиргендер! Силер тамакка чакырылганыӊарда гана Пайгамбардын үйлөрүнө киргиле, бирок ошондо дагы тамактын бышканын күтүп отурбагыла; жок, (тамак даяр болгондо), чакырылганыӊарда киргиле; анан тамактанып бүткөн соӊ таркап кеткиле, ал жерде маек куруп (отурбагыла). Бул (нерсе) албетте, Пайгамбар үчүн оор, бирок ал силерге (муну жарыялоодон) уялат, Алла болсо, чындык(ты айтуу)дан тартынбайт. Эгер силер алар (Пайгамбардын аялдары)нан бир нерсени сурай турган болсоӊор, парданын артынан сурагыла. Бул силердин жана алардын жүрөктөрү үчүн тазараак (жол). Алланын Пайгамбарына кыйынчылык келтирүү силер үчүн дурус эмес жана андан кийин анын аялдары(нын бири)не үйлөнүүӊөр да эч качан адал эмес. Албетте, Алланын алдында бул үлкөн нерсе.
  • اِنۡ تُبۡدُوۡا شَیۡئًا اَوۡ تُخۡفُوۡہُ فَاِنَّ اللّٰہَ کَانَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمًا ﴿۵۵﴾
    33 : 55 Эгер силер бир нерсени ачык кылсаӊар, же аны жашырсаӊар, албетте, Алла баардык нерсени абдан жакшы билүүчү.
  • لَا جُنَاحَ عَلَیۡہِنَّ فِیۡۤ اٰبَآئِہِنَّ وَ لَاۤ اَبۡنَآئِہِنَّ وَ لَاۤ اِخۡوَانِہِنَّ وَ لَاۤ اَبۡنَآءِ اِخۡوَانِہِنَّ وَ لَاۤ اَبۡنَآءِ اَخَوٰتِہِنَّ وَ لَا نِسَآئِہِنَّ وَ لَا مَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُہُنَّ ۚ وَ اتَّقِیۡنَ اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ شَہِیۡدًا ﴿۵۶﴾
    33 : 56 Буларга (Пайгамбардын аялдарына) өздөрүнүн аталарына, өздөрүнүн уулдарына, өздөрүнүн ага-инилерине, өздөрүнүн ага-инилеринин уулдарына, өздөрүнүн эже-сиӊдилеринин уулдарына, өздөрүнүн (момун) аялдарына жана өздөрүнүн кол астындагыларына кирүүгө эч кандай күнөө жок. (Эй, Пайгамбардын аялдары!) Алладан корккула! Албетте, Алла баардык нерсенин үстүндө күбө.
  • اِنَّ اللّٰہَ وَ مَلٰٓئِکَتَہٗ یُصَلُّوۡنَ عَلَی النَّبِیِّ ؕ یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا صَلُّوۡا عَلَیۡہِ وَ سَلِّمُوۡا تَسۡلِیۡمًا ﴿۵۷﴾
    33 : 57 Албетте, Алла жана Анын периштелери Пайгамбарга рахмат жөнөтүшөт. Эй, ыйман келтиргендер! Силер дагы анын үстүнө салават жана көп-көп салам жибергиле.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ یُؤۡذُوۡنَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ لَعَنَہُمُ اللّٰہُ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ وَ اَعَدَّ لَہُمۡ عَذَابًا مُّہِیۡنًا ﴿۵۸﴾
    33 : 58 Албетте, Алла жана Анын Пайгамбарына зыян жеткиргендер – аларды Алла бул дүйнөдө дагы каргыштады жана акыретте дагы Ал аларга кор кылуучу азапты даярдап койгон.
  • وَ الَّذِیۡنَ یُؤۡذُوۡنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ بِغَیۡرِ مَا اکۡتَسَبُوۡا فَقَدِ احۡتَمَلُوۡا بُہۡتَانًا وَّ اِثۡمًا مُّبِیۡنًا ﴿٪۵۹﴾
    33 : 59 Момун эркектер жана момун аялдарга алардын кылбаган (күнөөсү) үчүн зыян жеткире тургандар – алар бир чоӊ жалаа жана ачыктан-ачык күнөө жүгүн көтөрүп алышты.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ قُلۡ لِّاَزۡوَاجِکَ وَ بَنٰتِکَ وَ نِسَآءِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ یُدۡنِیۡنَ عَلَیۡہِنَّ مِنۡ جَلَابِیۡبِہِنَّ ؕ ذٰلِکَ اَدۡنٰۤی اَنۡ یُّعۡرَفۡنَ فَلَا یُؤۡذَیۡنَ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿۶۰﴾
    33 : 60 Эй, Пайгамбар! Аялдарыӊа, кыздарыӊа жана момундардын аялдарына айтып кой: «Алар өз оромолдору менен үстүлөрүн ороп алышсын. Бул – алардын таанылып калууларына жана аларга зыян берилбестигине жакыныраак. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • لَئِنۡ لَّمۡ یَنۡتَہِ الۡمُنٰفِقُوۡنَ وَ الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ وَّ الۡمُرۡجِفُوۡنَ فِی الۡمَدِیۡنَۃِ لَنُغۡرِیَنَّکَ بِہِمۡ ثُمَّ لَا یُجَاوِرُوۡنَکَ فِیۡہَاۤ اِلَّا قَلِیۡلًا ﴿ۖۛۚ۶۱﴾
    33 : 61 Эгер мунафыктар жана жүрөктөрүндө оору бар адамдар, ошондой эле Мединада жалган имиш-имиштерди таркатып жүргөндөр токтобосо, анда Биз албетте, сени (аларды жазалоо максатында) алардын изине салабыз; анан алар сага кошуна болуп, бул (шаар)да бир аз мөөнөт гана калышат.
  • مَّلۡعُوۡنِیۡنَ ۚۛ اَیۡنَمَا ثُقِفُوۡۤا اُخِذُوۡا وَ قُتِّلُوۡا تَقۡتِیۡلًا ﴿۶۲﴾
    33 : 62 (Мына бул) каргышталгандар каерде табылышса, кармап алынсын жана толук өлтүрүлсүн.
  • سُنَّۃَ اللّٰہِ فِی الَّذِیۡنَ خَلَوۡا مِنۡ قَبۡلُ ۚ وَ لَنۡ تَجِدَ لِسُنَّۃِ اللّٰہِ تَبۡدِیۡلًا ﴿۶۳﴾
    33 : 63 Алланын (бул) Сүннөт-адаты мурун өткөндөргө дагы тиешелүү болчу. Сен эч качан Алланын Сүннөт-адатында эч бир өзгөрүүнү таппайсыӊ.
  • یَسۡـَٔلُکَ النَّاسُ عَنِ السَّاعَۃِ ؕ قُلۡ اِنَّمَا عِلۡمُہَا عِنۡدَ اللّٰہِ ؕ وَ مَا یُدۡرِیۡکَ لَعَلَّ السَّاعَۃَ تَکُوۡنُ قَرِیۡبًا ﴿۶۴﴾
    33 : 64 Адамдар сенден «Саат» туурасында сурашат. Айткын: «Анын илими Алланын алдында гана. Сен каерден билесиӊ, балким, «Саат» жакын?
  • اِنَّ اللّٰہَ لَعَنَ الۡکٰفِرِیۡنَ وَ اَعَدَّ لَہُمۡ سَعِیۡرًا ﴿ۙ۶۵﴾
    33 : 65 Албетте, Алла каапырларды каргыштаган жана алар үчүн жалындап турган отту даярдап койгон.
  • خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ۚ لَا یَجِدُوۡنَ وَلِیًّا وَّ لَا نَصِیۡرًا ﴿ۚ۶۶﴾
    33 : 66 Анда алар узак убакытка чейин калуучулар; (анда) алар эч бир коргоочуну да, эч бир жардамчыны да таба алышпайт.
  • یَوۡمَ تُقَلَّبُ وُجُوۡہُہُمۡ فِی النَّارِ یَقُوۡلُوۡنَ یٰلَیۡتَنَاۤ اَطَعۡنَا اللّٰہَ وَ اَطَعۡنَا الرَّسُوۡلَا ﴿۶۷﴾
    33 : 67 Жүздөрү тозокко оодарыла турган күнү алар айтышат: «Эх, биз Аллага баш ийгенибизде жана Пайгамбарга баш ийгенибизде, кана!»
  • وَ قَالُوۡا رَبَّنَاۤ اِنَّاۤ اَطَعۡنَا سَادَتَنَا وَ کُبَرَآءَنَا فَاَضَلُّوۡنَا السَّبِیۡلَا ﴿۶۸﴾
    33 : 68 Жана алар айтышат: «Эй, Раббибиз! Албетте, биз өз башчыларыбызга жана чоӊдорубузга бой сунган элек. Ошондуктан, алар бизди адаштырып коюшту.
  • رَبَّنَاۤ اٰتِہِمۡ ضِعۡفَیۡنِ مِنَ الۡعَذَابِ وَ الۡعَنۡہُمۡ لَعۡنًا کَبِیۡرًا ﴿٪۶۹﴾
    33 : 69 Эй, Раббибиз! Аларга эки эсе азап бергин жана аларды чоӊ каргыш менен каргыштагын!»
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَکُوۡنُوۡا کَالَّذِیۡنَ اٰذَوۡا مُوۡسٰی فَبَرَّاَہُ اللّٰہُ مِمَّا قَالُوۡا ؕ وَ کَانَ عِنۡدَ اللّٰہِ وَجِیۡہًا ﴿ؕ۷۰﴾
    33 : 70 Эй, ыйман келтиргендер! Мусага зыян келтиргендер сыяктуу болбогула; анан Алла аны алар айткан нерседен тазалады; ал Алланын алдында абройлуу болчу.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ وَ قُوۡلُوۡا قَوۡلًا سَدِیۡدًا ﴿ۙ۷۱﴾
    33 : 71 Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана туура-түз сүйлөгүлө!
  • یُّصۡلِحۡ لَکُمۡ اَعۡمَالَکُمۡ وَ یَغۡفِرۡ لَکُمۡ ذُنُوۡبَکُمۡ ؕ وَ مَنۡ یُّطِعِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ فَقَدۡ فَازَ فَوۡزًا عَظِیۡمًا ﴿۷۲﴾
    33 : 72 Ал силер үчүн амалдарыӊарды тууралайт жана күнөөлөрүӊөрдү кечирет. Ким Аллага жана Анын Пайгамбарына баш ийсе, албетте, ал үлкөн ийгиликке жетишти.
  • اِنَّا عَرَضۡنَا الۡاَمَانَۃَ عَلَی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ الۡجِبَالِ فَاَبَیۡنَ اَنۡ یَّحۡمِلۡنَہَا وَ اَشۡفَقۡنَ مِنۡہَا وَ حَمَلَہَا الۡاِنۡسَانُ ؕ اِنَّہٗ کَانَ ظَلُوۡمًا جَہُوۡلًا ﴿ۙ۷۳﴾
    33 : 73 Албетте, Биз аманатты асмандар, жер жана тоолорго сунуш кылдык; ошондо алар аны көтөрүүдөн баш тартышты жана андан коркуп кетишти; ал эми, «жетик инсан» аны көтөрүп алды. Албетте, ал (өз жанына) өтө зулумдук кылуучу (жана ушул жоопкерчиликтин акыбетинен) бүтүндөй кайдыгер болчу.
  • لِّیُعَذِّبَ اللّٰہُ الۡمُنٰفِقِیۡنَ وَ الۡمُنٰفِقٰتِ وَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ وَ الۡمُشۡرِکٰتِ وَ یَتُوۡبَ اللّٰہُ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ ؕ وَ کَانَ اللّٰہُ غَفُوۡرًا رَّحِیۡمًا ﴿٪۷۴﴾
    33 : 74 Анткени Алла мунафык эркектер жана мунафык аялдар, мушрик эркектер жана мушрик аялдарга азап берсин; ошондой эле Алла момун эркектер жана момун аялдарга тобону кабыл кылган бойдон, мээримдүүлүк көрсөтсүн. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via