Курани карим Аз-Зумар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الزُّمَر

Аз-Зумар

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    39 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • تَنۡزِیۡلُ الۡکِتٰبِ مِنَ اللّٰہِ الۡعَزِیۡزِ الۡحَکِیۡمِ ﴿۲﴾
    39 : 2 Ушул жетик Китептин түшүшү – эӊ жеӊүүчү (жана) өтө хикмат-акылмандык ээси Алла тарабынан.
  • اِنَّاۤ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکَ الۡکِتٰبَ بِالۡحَقِّ فَاعۡبُدِ اللّٰہَ مُخۡلِصًا لَّہُ الدِّیۡنَ ؕ﴿۳﴾
    39 : 3 Албетте, Биз (ушул) Китепти сага чындык менен түшүрдүк. Ошондуктан, Аллага динди Ага гана таандык кылган бойдон ибадат кыл.
  • اَلَا لِلّٰہِ الدِّیۡنُ الۡخَالِصُ ؕ وَ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءَ ۘ مَا نَعۡبُدُہُمۡ اِلَّا لِیُقَرِّبُوۡنَاۤ اِلَی اللّٰہِ زُلۡفٰی ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَحۡکُمُ بَیۡنَہُمۡ فِیۡ مَا ہُمۡ فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ۬ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یَہۡدِیۡ مَنۡ ہُوَ کٰذِبٌ کَفَّارٌ ﴿۴﴾
    39 : 4 Сак болгула! Таза дин гана Аллага ылайык. Ал (Алла)нын ордуна (башкаларды) дос кылып алгандар: «Алар бизди Аллага жакындаштырган бойдон жакындыктын бийик мартабасына жеткирип коюшу үчүн гана биз аларга ибадат кылабыз», - (дешет). Албетте, алар талашып-тартышып жаткан нерселер туурасында Алла алардын ортосунда өкүм кылат. Алла жалганчы (жана) шүкүрсүздү эч качан туура жолго салбайт.
  • لَوۡ اَرَادَ اللّٰہُ اَنۡ یَّتَّخِذَ وَلَدًا لَّاصۡطَفٰی مِمَّا یَخۡلُقُ مَا یَشَآءُ ۙ سُبۡحٰنَہٗ ؕ ہُوَ اللّٰہُ الۡوَاحِدُ الۡقَہَّارُ ﴿۵﴾
    39 : 5 Эгер Алла Өзүнө уул кылууну каалаганда, Ал Өзү жараткандардын ичинен жакканын тандап алмак. Ал өтө таза. Ал жападан-жалгыз (жана) кудуреттүү Алла.
  • خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِالۡحَقِّ ۚ یُکَوِّرُ الَّیۡلَ عَلَی النَّہَارِ وَ یُکَوِّرُ النَّہَارَ عَلَی الَّیۡلِ وَ سَخَّرَ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ ؕ کُلٌّ یَّجۡرِیۡ لِاَجَلٍ مُّسَمًّی ؕ اَلَا ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡغَفَّارُ ﴿۶﴾
    39 : 6 Ал асмандар жана жерди чындык менен жаратты; Ал күндүн үстүнөн түндү оройт жана түндүн үстүнөн күндү оройт; Ал күн менен айды бой сундуруп койду. (Алардын) ар бири өзүнүн белгиленген мөөнөтүнө карап аракеттенүүдө. Сак болгула! Ал гана эӊ жеӊүүчү (жана) өтө кечирүүчү.
  • خَلَقَکُمۡ مِّنۡ نَّفۡسٍ وَّاحِدَۃٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنۡہَا زَوۡجَہَا وَ اَنۡزَلَ لَکُمۡ مِّنَ الۡاَنۡعَامِ ثَمٰنِیَۃَ اَزۡوَاجٍ ؕ یَخۡلُقُکُمۡ فِیۡ بُطُوۡنِ اُمَّہٰتِکُمۡ خَلۡقًا مِّنۡۢ بَعۡدِ خَلۡقٍ فِیۡ ظُلُمٰتٍ ثَلٰثٍ ؕ ذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبُّکُمۡ لَہُ الۡمُلۡکُ ؕ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ۚ فَاَنّٰی تُصۡرَفُوۡنَ ﴿۷﴾
    39 : 7 Ал силерди бир жандан жаратты, анан Ал анын өзүнөн жубун жаратты; Ал силер үчүн чарба айбандарынан сегиз жубун түшүрдү; Ал силерди энелериӊердин карынында үч караӊгылык ичинде бир жаратылыштан кийин, экинчи жаратылышты тартуулаган бойдон жаратат. Мына ушул Алла – Раббиӊер. Падышачылык Аныкы, Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Демек, силер кайсы жакка тескери айландырыласыӊар?
  • اِنۡ تَکۡفُرُوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ غَنِیٌّ عَنۡکُمۡ ۟ وَ لَا یَرۡضٰی لِعِبَادِہِ الۡکُفۡرَ ۚ وَ اِنۡ تَشۡکُرُوۡا یَرۡضَہُ لَکُمۡ ؕ وَ لَا تَزِرُ وَازِرَۃٌ وِّزۡرَ اُخۡرٰی ؕ ثُمَّ اِلٰی رَبِّکُمۡ مَّرۡجِعُکُمۡ فَیُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ؕ اِنَّہٗ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۸﴾
    39 : 8 Эгер силер каапырлык кылсаӊар, албетте, Алла силерге муктаж эмес жана Ал Өзүнүн пенделерине каапырчылыкты ыраа көрбөйт. Эгер силер шүкүр кылсаӊар, Ал муну силер үчүн жакшы көрөт. Эч бир жүк көтөрүүчү (жан) башка бирөөнүн жүгүн көтөрбөйт. Анан Раббиӊерге баарыӊардын кайтышыӊар бар. Ошондо Ал силерге өзүӊөр кылган амалдарыӊардан кабар берет. Албетте, Ал көкүрөктөрдөгү сырларды абдан жакшы билет.
  • وَ اِذَا مَسَّ الۡاِنۡسَانَ ضُرٌّ دَعَا رَبَّہٗ مُنِیۡبًا اِلَیۡہِ ثُمَّ اِذَا خَوَّلَہٗ نِعۡمَۃً مِّنۡہُ نَسِیَ مَا کَانَ یَدۡعُوۡۤا اِلَیۡہِ مِنۡ قَبۡلُ وَ جَعَلَ لِلّٰہِ اَنۡدَادًا لِّیُضِلَّ عَنۡ سَبِیۡلِہٖ ؕ قُلۡ تَمَتَّعۡ بِکُفۡرِکَ قَلِیۡلًا ٭ۖ اِنَّکَ مِنۡ اَصۡحٰبِ النَّارِ ﴿۹﴾
    39 : 9 Адам баласына кандайдыр бир зыян тийгенде, ал өз Раббисине Ага ийилген бойдон жалбарат. Анан Ал ага Өз алдынан кандайдыр бир нээмат тартуулаганда, ал илгери дуба кылган нерсени унутуп коёт жана Анын жолунан азгырып коюшу үчүн (башкаларды) Аллага шерик кошо баштайт. Айткын: «Каапырлыгыӊдан бир аз, убактылуу пайдаланып ал, албетте, сен от ээлериненсиӊ».
  • اَمَّنۡ ہُوَ قَانِتٌ اٰنَآءَ الَّیۡلِ سَاجِدًا وَّ قَآئِمًا یَّحۡذَرُ الۡاٰخِرَۃَ وَ یَرۡجُوۡا رَحۡمَۃَ رَبِّہٖ ؕ قُلۡ ہَلۡ یَسۡتَوِی الَّذِیۡنَ یَعۡلَمُوۡنَ وَ الَّذِیۡنَ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ؕ اِنَّمَا یَتَذَکَّرُ اُولُوا الۡاَلۡبَابِ ٪﴿۱۰﴾
    39 : 10 Түнкүсүн (кээде) сажда кылган бойдон, (кээде) тик турган бойдон ибадат кыла турган, акыреттен корко турган жана Раббисинин рахматынан үмүткөр болгон киши (илим ээси болбойбу?!) Сурагын: «Илими барлар жана илими жоктор теӊ боло алышабы?» Албетте, акылдуулар гана насаат алышат.
  • قُلۡ یٰعِبَادِ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوۡا رَبَّکُمۡ ؕ لِلَّذِیۡنَ اَحۡسَنُوۡا فِیۡ ہٰذِہِ الدُّنۡیَا حَسَنَۃٌ ؕ وَ اَرۡضُ اللّٰہِ وَاسِعَۃٌ ؕ اِنَّمَا یُوَفَّی الصّٰبِرُوۡنَ اَجۡرَہُمۡ بِغَیۡرِ حِسَابٍ ﴿۱۱﴾
    39 : 11 Айткын: «Эй, ыйман келтирген пенделерим! Өз Раббиӊерден корккула! Изги иштерди жасай тургандарга бул дүйнөдө да жакшылык болот жана Алланын жери кеӊ. Албетте, сабыр кылуучуларга гана алардын сыйлыгы эсеп-кысапсыз толук берилет».
  • قُلۡ اِنِّیۡۤ اُمِرۡتُ اَنۡ اَعۡبُدَ اللّٰہَ مُخۡلِصًا لَّہُ الدِّیۡنَ ﴿ۙ۱۲﴾
    39 : 12 Айткын: «Аллага, динди Ага гана таандык кылган бойдон ибадат кылуу мага буюрулган.
  • وَ اُمِرۡتُ لِاَنۡ اَکُوۡنَ اَوَّلَ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿۱۳﴾
    39 : 13 Жана бой сунуучулардын эӊ биринчиси болуу мага буюрулган».
  • قُلۡ اِنِّیۡۤ اَخَافُ اِنۡ عَصَیۡتُ رَبِّیۡ عَذَابَ یَوۡمٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۴﴾
    39 : 14 Айткын: «Эгер мен Раббиме баш ийбесем, анда мен бир улук күндүн азабынан коркомун».
  • قُلِ اللّٰہَ اَعۡبُدُ مُخۡلِصًا لَّہٗ دِیۡنِیۡ ﴿ۙ۱۵﴾
    39 : 15 Айткын: «Мен Аллага гана, динимди Ага таандык кылган бойдон ибадат кыламын.
  • فَاعۡبُدُوۡا مَا شِئۡتُمۡ مِّنۡ دُوۡنِہٖ ؕ قُلۡ اِنَّ الۡخٰسِرِیۡنَ الَّذِیۡنَ خَسِرُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ وَ اَہۡلِیۡہِمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اَلَا ذٰلِکَ ہُوَ الۡخُسۡرَانُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۶﴾
    39 : 16 Демек, силер Аны коюп, ордуна каалаганыӊарга ибадат кыла бергиле». Айт: «Албетте, кыямат күнү өздөрүн жана өз үй-бүлөөсүн зыянга учураткандар гана чыныгы зыян көрүүчүлөр. Сак болгула! Мунун өзү ачыктан-ачык зыян».
  • لَہُمۡ مِّنۡ فَوۡقِہِمۡ ظُلَلٌ مِّنَ النَّارِ وَ مِنۡ تَحۡتِہِمۡ ظُلَلٌ ؕ ذٰلِکَ یُخَوِّفُ اللّٰہُ بِہٖ عِبَادَہٗ ؕ یٰعِبَادِ فَاتَّقُوۡنِ ﴿۱۷﴾
    39 : 17 Алар үчүн алардын үстүнөн от көлөкөлөрү болот жана астынан дагы (от) көлөкөлөрү болот. (Тактап айтканда от аларды туш тараптан өз кучагына ороп алат). Бул – Алла Өз пенделерин коркутуп жаткан нерсе. «Демек, эй, пенделерим! Менден гана корккула!»
  • وَ الَّذِیۡنَ اجۡتَنَبُوا الطَّاغُوۡتَ اَنۡ یَّعۡبُدُوۡہَا وَ اَنَابُوۡۤا اِلَی اللّٰہِ لَہُمُ الۡبُشۡرٰی ۚ فَبَشِّرۡ عِبَادِ ﴿ۙ۱۸﴾
    39 : 18 Буттарга ибадат кылуудан оолак болгондор жана Аллага ийилгендер – алар үчүн үлкөн куш кабар бар. Ошентип, Менин пенделериме куш кабар бер –
  • الَّذِیۡنَ یَسۡتَمِعُوۡنَ الۡقَوۡلَ فَیَتَّبِعُوۡنَ اَحۡسَنَہٗ ؕ اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ ہَدٰٮہُمُ اللّٰہُ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمۡ اُولُوا الۡاَلۡبَابِ ﴿۱۹﴾
    39 : 19 Сөзгө кулак салып, анын эӊ жакшысына амал кыла тургандарга. Алла туура жолго салгандар – мына ошолор жана акыл ээлери дагы мына ошолор.
  • اَفَمَنۡ حَقَّ عَلَیۡہِ کَلِمَۃُ الۡعَذَابِ ؕ اَفَاَنۡتَ تُنۡقِذُ مَنۡ فِی النَّارِ ﴿ۚ۲۰﴾
    39 : 20 Демек, азап өкүмү важиб-зарыл болгон бирөө (да кутулушу мүмкүнбү?) Коош, (башынан-аягына чейин) оттогу бирөөнү да куткара аласыӊбы?
  • لٰکِنِ الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا رَبَّہُمۡ لَہُمۡ غُرَفٌ مِّنۡ فَوۡقِہَا غُرَفٌ مَّبۡنِیَّۃٌ ۙ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ ۬ؕ وَعۡدَ اللّٰہِ ؕ لَا یُخۡلِفُ اللّٰہُ الۡمِیۡعَادَ ﴿۲۱﴾
    39 : 21 Бирок, өз Раббисинен корко тургандар үчүн бөлмөлөр үстүнө курулган бөлмөлөр болот; алардын ортосунан дарыялар агып өтөт. (Буга) Алла убада берген. Алла убадаларды бузбайт.
  • اَلَمۡ تَرَ اَنَّ اللّٰہَ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً فَسَلَکَہٗ یَنَابِیۡعَ فِی الۡاَرۡضِ ثُمَّ یُخۡرِجُ بِہٖ زَرۡعًا مُّخۡتَلِفًا اَلۡوَانُہٗ ثُمَّ یَہِیۡجُ فَتَرٰٮہُ مُصۡفَرًّا ثُمَّ یَجۡعَلُہٗ حُطَامًا ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَذِکۡرٰی لِاُولِی الۡاَلۡبَابِ ﴿٪۲۲﴾
    39 : 22 Алла асмандан суу түшүргөнүн, анан аны булактар катары жерде агызып койгонун, анан анын жардамында эгин чыгарганын көргөн эмес белеӊ? Ал (эгин)дин түстөрү ар түрдүү болот; анан (бышып же бышпастан) куурап калат; анан сен аны саргайып баратканын көрөсүӊ; анан Ал аны бөлөк-бөлөк кылып коёт. Албетте, мында акыл ээлери үчүн бир үлкөн насыйкат бар.
  • اَفَمَنۡ شَرَحَ اللّٰہُ صَدۡرَہٗ لِلۡاِسۡلَامِ فَہُوَ عَلٰی نُوۡرٍ مِّنۡ رَّبِّہٖ ؕ فَوَیۡلٌ لِّلۡقٰسِیَۃِ قُلُوۡبُہُمۡ مِّنۡ ذِکۡرِ اللّٰہِ ؕ اُولٰٓئِکَ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۲۳﴾
    39 : 23 Ошентип, Алла жүрөгүн Ислам үчүн ачып койгон, анан ал өз Раббиси тарабынан бир нур үстүндө (дагы) турган адам (Алланы эске албай тургандардай боло алабы?) Демек, Алланы эске алуудан жүрөктөрү (бош калган) бойдон катып калгандарга ойрондук болсун! Мына ошолор ачыктан-ачык адашууда.
  • اَللّٰہُ نَزَّلَ اَحۡسَنَ الۡحَدِیۡثِ کِتٰبًا مُّتَشَابِہًا مَّثَانِیَ ٭ۖ تَقۡشَعِرُّ مِنۡہُ جُلُوۡدُ الَّذِیۡنَ یَخۡشَوۡنَ رَبَّہُمۡ ۚ ثُمَّ تَلِیۡنُ جُلُوۡدُہُمۡ وَ قُلُوۡبُہُمۡ اِلٰی ذِکۡرِ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکَ ہُدَی اللّٰہِ یَہۡدِیۡ بِہٖ مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَمَا لَہٗ مِنۡ ہَادٍ ﴿۲۴﴾
    39 : 24 Алла эӊ сонун баянды бир окшош (жана) кайра-кайра кайталануучу Китеп катары түшүрдү; андан өз Раббисинен корко тургандардын терилери титирей баштайт; анан алардын терилери жана жүрөктөрү Алланын эскерилүүсүнө (ык коюп) жумшарып калат. Бул – Алланын хидаяты; Ал Өзү каалаган кишини аны менен туура жолго салат. Алла кимди адашкан деп билдирсе, аны туура жолго салуучу эч ким жок.
  • اَفَمَنۡ یَّتَّقِیۡ بِوَجۡہِہٖ سُوۡٓءَ الۡعَذَابِ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ وَ قِیۡلَ لِلظّٰلِمِیۡنَ ذُوۡقُوۡا مَا کُنۡتُمۡ تَکۡسِبُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    39 : 25 Ошентип, кыямат күнү катуу азаптан сактоо максатында өзүнүн жүзүн гана калкан кылып ала турган бирөө (сактана алабы?) Заалимдерге айтылат: «Өзүӊөр кылып жүргөн амалдарыӊардын натыйжасын таткыла».
  • کَذَّبَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ فَاَتٰٮہُمُ الۡعَذَابُ مِنۡ حَیۡثُ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    39 : 26 Алардан илгери өткөндөр да жалганга чыгарган эле; ошондо азап аларга алар элестете да алалбай турган тараптан келди.
  • فَاَذَاقَہُمُ اللّٰہُ الۡخِزۡیَ فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۚ وَ لَعَذَابُ الۡاٰخِرَۃِ اَکۡبَرُ ۘ لَوۡ کَانُوۡا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۲۷﴾
    39 : 27 Ошентип, Алла аларга бул дүйнөлүк жашоодо да кордук даамын таттырып койду. Акыреттин азабы болсо, дагы көбүрөөк. Атаганат, алар билишсе, кана!
  • وَ لَقَدۡ ضَرَبۡنَا لِلنَّاسِ فِیۡ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنِ مِنۡ کُلِّ مَثَلٍ لَّعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿ۚ۲۸﴾
    39 : 28 Албетте, Биз ушул Куранда адамдарга түрдүү мисалдарды, алар ибарат алуулары үчүн баяндадык.
  • قُرۡاٰنًا عَرَبِیًّا غَیۡرَ ذِیۡ عِوَجٍ لَّعَلَّہُمۡ یَتَّقُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    39 : 29 Эч бир ийрилиги болбогон, жетик кызыл тилдүү улуу Куранды алар такыба болушсун үчүн (түшүрдүк).
  • ضَرَبَ اللّٰہُ مَثَلًا رَّجُلًا فِیۡہِ شُرَکَآءُ مُتَشٰکِسُوۡنَ وَ رَجُلًا سَلَمًا لِّرَجُلٍ ؕ ہَلۡ یَسۡتَوِیٰنِ مَثَلًا ؕ اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ ۚ بَلۡ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۳۰﴾
    39 : 30 Алла кожоюндары көп болгон жана алар бири-бирине каршы болгон бир кишинин мисалын жана бүтүндөй бир гана кожоюндуку болгон бир кишинин (мисалын) дагы келтирет: ал экөөсү теӊ өздөрүнүн абалы жагынан теӊ боло алышабы? Бардык мактоо тек Алла үчүн. Чынында, алардын көпчүлүгү билбейт.
  • اِنَّکَ مَیِّتٌ وَّ اِنَّہُمۡ مَّیِّتُوۡنَ ﴿۫۳۱﴾
    39 : 31 Албетте, сен дагы өлүүчүсүӊ жана албетте, алар дагы өлүүчүлөр.
  • ثُمَّ اِنَّکُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ عِنۡدَ رَبِّکُمۡ تَخۡتَصِمُوۡنَ ﴿٪۳۲﴾
    39 : 32 Анан албетте, кыямат күнү силер Раббиӊердин алдында бири-бириӊер менен талашып-тартышасыӊар.
  • فَمَنۡ اَظۡلَمُ مِمَّنۡ کَذَبَ عَلَی اللّٰہِ وَ کَذَّبَ بِالصِّدۡقِ اِذۡ جَآءَہٗ ؕ اَلَیۡسَ فِیۡ جَہَنَّمَ مَثۡوًی لِّلۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۳۳﴾
    39 : 33 Ошентип, Аллага каршы калп айткан жана акыйкатты өзүнө келгенден кийин жалганга чыгарган бирөөнөн (дагы) заалимирээк ким боло алат?! Тозокто каапырлар үчүн турак жайы жокпу?
  • وَ الَّذِیۡ جَآءَ بِالصِّدۡقِ وَ صَدَّقَ بِہٖۤ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُتَّقُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    39 : 34 Акыйкатты келтирген адам жана ошол (акыйкат)ты тастыктаган адам – мына ошолор такыбалар.
  • لَہُمۡ مَّا یَشَآءُوۡنَ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ؕ ذٰلِکَ جَزٰٓوٴُا الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿ۚۖ۳۵﴾
    39 : 35 Алар үчүн алардын Раббисинин алдында өздөрү каалаган нерсе болот. Изги иштер жасоочулардын сыйлыгы мына ушул болот.
  • لِیُکَفِّرَ اللّٰہُ عَنۡہُمۡ اَسۡوَاَ الَّذِیۡ عَمِلُوۡا وَ یَجۡزِیَہُمۡ اَجۡرَہُمۡ بِاَحۡسَنِ الَّذِیۡ کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    39 : 36 Алла алар кылган эӊ жаман иштеринин (таасирлерин) алардан алып таштасын жана аларга кылган эӊ жакшы амалдарына ылайык сыйлык берсин үчүн.
  • اَلَیۡسَ اللّٰہُ بِکَافٍ عَبۡدَہٗ ؕ وَ یُخَوِّفُوۡنَکَ بِالَّذِیۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖ ؕ وَ مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَمَا لَہٗ مِنۡ ہَادٍ ﴿ۚ۳۷﴾
    39 : 37 Алла Өзүнүн пендеси үчүн жетиштүү эмеспи? Алар сени Андан өзгөлөрдөн коркутушат. Алла кимди адашкан деп өкүм кылса, ал үчүн эч бир туура жолго салуучу жок.
  • وَ مَنۡ یَّہۡدِ اللّٰہُ فَمَا لَہٗ مِنۡ مُّضِلٍّ ؕ اَلَیۡسَ اللّٰہُ بِعَزِیۡزٍ ذِی انۡتِقَامٍ ﴿۳۸﴾
    39 : 38 Жана Алла кимди туура жолго салган болсо, аны жолдон азгыруучу эч ким жок. Алла эӊ жеӊүүчү (жана) өч алуучу эмеспи?
  • وَ لَئِنۡ سَاَلۡتَہُمۡ مَّنۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ لَیَقُوۡلُنَّ اللّٰہُ ؕ قُلۡ اَفَرَءَیۡتُمۡ مَّا تَدۡعُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ اِنۡ اَرَادَنِیَ اللّٰہُ بِضُرٍّ ہَلۡ ہُنَّ کٰشِفٰتُ ضُرِّہٖۤ اَوۡ اَرَادَنِیۡ بِرَحۡمَۃٍ ہَلۡ ہُنَّ مُمۡسِکٰتُ رَحۡمَتِہٖ ؕ قُلۡ حَسۡبِیَ اللّٰہُ ؕ عَلَیۡہِ یَتَوَکَّلُ الۡمُتَوَکِّلُوۡنَ ﴿۳۹﴾
    39 : 39 Жана эгер сен алардан: «Асмандар менен жерди ким жараткан?» - деп сурасаӊ, алар албетте: «Алла!» - деп жооп беришет. Айткын: «Ойлоп көргүлөчү, эгер Алла мага кандайдыр бир зыян келтирмекчи болсо, силер Алланы коюп, сыйынып жаткан нерселериӊер анын (келтирген) зыянын алыстата алышабы? Же ал мага кандайдыр бир рахмат көрсөтүүнү кааласа, алар Анын рахматына тоскоолдук кыла алышабы?» Айткын: «Алланын Өзү мага жетиштүү. Бардык тобокел кылуучулар Ага гана тобокел кылышат».
  • قُلۡ یٰقَوۡمِ اعۡمَلُوۡا عَلٰی مَکَانَتِکُمۡ اِنِّیۡ عَامِلٌ ۚ فَسَوۡفَ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿ۙ۴۰﴾
    39 : 40 Айткын: «Эй, коомум! Силер өз жайыӊарда эмне кылмакчы болсоӊор, кыла бергиле, мен дагы (бир нерсе) кыла беремин. Анан силер тез арада билип аласыӊар –
  • مَنۡ یَّاۡتِیۡہِ عَذَابٌ یُّخۡزِیۡہِ وَ یَحِلُّ عَلَیۡہِ عَذَابٌ مُّقِیۡمٌ ﴿۴۱﴾
    39 : 41 Кимге азап келип, аны кор кылаарын жана кимге туруп калуучу азап түшөөрүн (билип аласыӊар)».
  • اِنَّاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡکَ الۡکِتٰبَ لِلنَّاسِ بِالۡحَقِّ ۚ فَمَنِ اہۡتَدٰی فَلِنَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ ضَلَّ فَاِنَّمَا یَضِلُّ عَلَیۡہَا ۚ وَ مَاۤ اَنۡتَ عَلَیۡہِمۡ بِوَکِیۡلٍ ﴿٪۴۲﴾
    39 : 42 Албетте, Биз сага адамдардын пайдасы үчүн чындык менен Китепти түшүрдүк. Ошентип, ким туура жолго түшсө, ал өзүнүн пайдасына туура жолго түшөт жана ким жолдон адашса, ал өз (жаны)на каршы адашкан болот. Сен алардын үстүнөн кароолчу эмессиӊ.
  • اَللّٰہُ یَتَوَفَّی الۡاَنۡفُسَ حِیۡنَ مَوۡتِہَا وَ الَّتِیۡ لَمۡ تَمُتۡ فِیۡ مَنَامِہَا ۚ فَیُمۡسِکُ الَّتِیۡ قَضٰی عَلَیۡہَا الۡمَوۡتَ وَ یُرۡسِلُ الۡاُخۡرٰۤی اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یَّتَفَکَّرُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    39 : 43 Алла жандарды алардын өлөөрүндө алат жана өлбөгөн (жан) болсо, аларды уйку абалында (алат). Ошондо кимдин өлүмүнө өкүм кылса, аны тосуп алат, башкасын белгилүү бир мөөнөткө чейин (кайтарып) жиберет. Мында албетте, ой жүгүртүүчүлөр үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • اَمِ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ شُفَعَآءَ ؕ قُلۡ اَوَ لَوۡ کَانُوۡا لَا یَمۡلِکُوۡنَ شَیۡئًا وَّ لَا یَعۡقِلُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    39 : 44 Алар Алланын эркине каршы кандайдыр бир шапаатчыларды тандап алышканбы? Айткын: «Эгер алар кандайдыр бир нерсеге да, акыл-парасатка да ээ болушпаса, дагыбы?»
  • قُلۡ لِّلّٰہِ الشَّفَاعَۃُ جَمِیۡعًا ؕ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ ثُمَّ اِلَیۡہِ تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    39 : 45 Айткын: «Шапаат (маселеси) бүтүндөй Алланын колунда. Асмандар жана жердин падышачылыгы Аныкы; анан силер Ага гана кайтарыласыӊар».
  • وَ اِذَا ذُکِرَ اللّٰہُ وَحۡدَہُ اشۡمَاَزَّتۡ قُلُوۡبُ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ اِذَا ذُکِرَ الَّذِیۡنَ مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اِذَا ہُمۡ یَسۡتَبۡشِرُوۡنَ ﴿۴۶﴾
    39 : 46 Жана жалгыз Алла(нын ысымы) эске алынганда, акыретке ыйман келтирбей тургандардын жүрөктөрү кысылып кетет. Ал (Алла)нын ордуна башкалардын аттары тилге алынганда болсо, алар гүлдөй ачылып кетишет.
  • قُلِ اللّٰہُمَّ فَاطِرَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ عٰلِمَ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ اَنۡتَ تَحۡکُمُ بَیۡنَ عِبَادِکَ فِیۡ مَا کَانُوۡا فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    39 : 47 Айткын: «Эй, Алла! Асмандар жана жердин Жаратуучусу! Кайып жана көрүнөөнү Билүүчү! Өз пенделериӊдин ортосунда алар талашып-тартышып жүргөн (бардык) нерселер тууралуу жалгыз Өзүӊ өкүм чыгарасыӊ».
  • وَ لَوۡ اَنَّ لِلَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مَا فِی الۡاَرۡضِ جَمِیۡعًا وَّ مِثۡلَہٗ مَعَہٗ لَافۡتَدَوۡا بِہٖ مِنۡ سُوۡٓءِ الۡعَذَابِ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ وَ بَدَا لَہُمۡ مِّنَ اللّٰہِ مَا لَمۡ یَکُوۡنُوۡا یَحۡتَسِبُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    39 : 48 Эгер жердеги бар нерселер жана анын үстүнө дагы ошончо нерселер да зулумдук кылгандардыкы болгон болсо, алар кыямат күнүндөгү жаман азаптан кутулуу үчүн аны төлөм кылып берген болоор эле. Аларга Алла тарабынан алар ойлоп да көрбөгөн нерселер ачыкка чыгат.
  • وَ بَدَا لَہُمۡ سَیِّاٰتُ مَا کَسَبُوۡا وَ حَاقَ بِہِمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    39 : 49 Жана алар кылып өткөн амалдарынын жаманчылыктары аларга ачык болот; ошондой эле алар маскара кылып жүргөн нерсе аларды ороп алат.
  • فَاِذَا مَسَّ الۡاِنۡسَانَ ضُرٌّ دَعَانَا ۫ ثُمَّ اِذَا خَوَّلۡنٰہُ نِعۡمَۃً مِّنَّا ۙ قَالَ اِنَّمَاۤ اُوۡتِیۡتُہٗ عَلٰی عِلۡمٍ ؕ بَلۡ ہِیَ فِتۡنَۃٌ وَّ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    39 : 50 Ошентип, адамзатка кандайдыр бир зыян жеткенде, ал Бизге жалбарат; анан Биз ага Өзүбүздөн кандайдыр бир нээмат тартуулаганыбызда, ал айтат: «Бул мага бир илимдин негизинде гана берилди». Чынында, бул бир чоӊ фитна-сыноо, бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
  • قَدۡ قَالَہَا الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ فَمَاۤ اَغۡنٰی عَنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    39 : 51 Албетте, алардан илгеркилер дагы кудум ушул нерсени айткан эле. Анан алар жасап жүргөн иштери аларга эч жардам бере албады.
  • فَاَصَابَہُمۡ سَیِّاٰتُ مَا کَسَبُوۡا ؕ وَ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا مِنۡ ہٰۤؤُلَآءِ سَیُصِیۡبُہُمۡ سَیِّاٰتُ مَا کَسَبُوۡا ۙ وَ مَا ہُمۡ بِمُعۡجِزِیۡنَ ﴿۵۲﴾
    39 : 52 Ошентип, алар кылган амалдарынын жаманчылыктары гана аларга жетти. Мына бул адамдардан зулумдук кылгандарга дагы алардын амалдарынын жаман акыбети, албетте, жетет жана алар (Алланы) алсырата албайт.
  • اَوَ لَمۡ یَعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یَقۡدِرُ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿٪۵۳﴾
    39 : 53 Алла Өзү каалаган киши үчүн ырыскыны кеӊейтип коюшун жана тарытып коёрун алар билишпейби? Албетте, мында ыйман келтире тургандар үчүн чоӊ аят-белгилер бар.
  • قُلۡ یٰعِبَادِیَ الَّذِیۡنَ اَسۡرَفُوۡا عَلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ لَا تَقۡنَطُوۡا مِنۡ رَّحۡمَۃِ اللّٰہِ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یَغۡفِرُ الذُّنُوۡبَ جَمِیۡعًا ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الرَّحِیۡمُ ﴿۵۴﴾
    39 : 54 Айткын: «Эй, өз жандарыӊарга жабыр кылган пенделерим! Алланын рахматынан үмүтсүз болбогула. Албетте, Алла бардык күнөөлөрдү кечире алат. Албетте, Ал өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ اَنِیۡبُوۡۤا اِلٰی رَبِّکُمۡ وَ اَسۡلِمُوۡا لَہٗ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّاۡتِیَکُمُ الۡعَذَابُ ثُمَّ لَا تُنۡصَرُوۡنَ ﴿۵۵﴾
    39 : 55 Силер азаптын келүүсүнөн мурунураак Раббиӊерге ийилгиле жана Ага бой сунгула, (анткени) ошондо силерге эч жардам берилбейт.
  • وَ اتَّبِعُوۡۤا اَحۡسَنَ مَاۤ اُنۡزِلَ اِلَیۡکُمۡ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ مِّنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّاۡتِیَکُمُ الۡعَذَابُ بَغۡتَۃً وَّ اَنۡتُمۡ لَا تَشۡعُرُوۡنَ ﴿ۙ۵۶﴾
    39 : 56 Жана өзүӊөр сезбеген абалда силерге күтүлбөгөндө азаптын келүүсүнөн илгерирээк Раббиӊер тарабынан силерге түшүрүлгөн нерсенин эӊ жакшысын ээрчигиле.
  • اَنۡ تَقُوۡلَ نَفۡسٌ یّٰحَسۡرَتٰی عَلٰی مَا فَرَّطۡتُّ فِیۡ جَنۡۢبِ اللّٰہِ وَ اِنۡ کُنۡتُ لَمِنَ السّٰخِرِیۡنَ ﴿ۙ۵۷﴾
    39 : 57 Кимдир бирөө: «Алланын жанында (Анын көз алдында) кетирип турган кемчилигим үчүн абалыма өкүнүч болсун! Мен болгону маскара кылуучулардан элем», - деп айтпашы үчүн.
  • اَوۡ تَقُوۡلَ لَوۡ اَنَّ اللّٰہَ ہَدٰٮنِیۡ لَکُنۡتُ مِنَ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿ۙ۵۸﴾
    39 : 58 Же: «Эгер Алла мени туура жолго салганында, мен албетте, такыбалардан болоор элем», - деп айтпашы үчүн.
  • اَوۡ تَقُوۡلَ حِیۡنَ تَرَی الۡعَذَابَ لَوۡ اَنَّ لِیۡ کَرَّۃً فَاَکُوۡنَ مِنَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۵۹﴾
    39 : 59 Же азапка көзү түшкөндө: «Атаганат, мага бир жолу кайтуу болсо, анда мен албетте, жакшылык кылуучулардан болоор элем», - деп айтпашы үчүн.
  • بَلٰی قَدۡ جَآءَتۡکَ اٰیٰتِیۡ فَکَذَّبۡتَ بِہَا وَ اسۡتَکۡبَرۡتَ وَ کُنۡتَ مِنَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۶۰﴾
    39 : 60 «Кулак сал! Албетте, сага Менин аят-белгилерим келди, сен аларды жалганга чыгардыӊ жана текеберлик кылдыӊ. Сен каапырлардан элеӊ».
  • وَ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ تَرَی الَّذِیۡنَ کَذَبُوۡا عَلَی اللّٰہِ وُجُوۡہُہُمۡ مُّسۡوَدَّۃٌ ؕ اَلَیۡسَ فِیۡ جَہَنَّمَ مَثۡوًی لِّلۡمُتَکَبِّرِیۡنَ ﴿۶۱﴾
    39 : 61 Жана кыямат күнү сен Аллага каршы жалган сүйлөгөндөрдүн жүздөрү кара болгонун көрөсүӊ. Коош, тозокто текеберлик кылуучулар үчүн турак жайы жокпу?
  • وَ یُنَجِّی اللّٰہُ الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا بِمَفَازَتِہِمۡ ۫ لَا یَمَسُّہُمُ السُّوۡٓءُ وَ لَا ہُمۡ یَحۡزَنُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    39 : 62 Жана Алла такыбаларды алардын ийгиликтери менен куткарат; аларга эч зыян жетпейт жана алар кайгырышпайт.
  • اَللّٰہُ خَالِقُ کُلِّ شَیۡءٍ ۫ وَّ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ وَّکِیۡلٌ ﴿۶۳﴾
    39 : 63 Алла бардык нерселердин Жаратуучусу; Ал бардык нерселердин үстүнөн кароолчу.
  • لَہٗ مَقَالِیۡدُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿٪۶۴﴾
    39 : 64 Асмандар жана жердин ачкычтары Аныкы. Алланын аят-жышаандарын четке каккандар гана зыян көрүүчүлөр.
  • قُلۡ اَفَغَیۡرَ اللّٰہِ تَاۡمُرُوۡٓنِّیۡۤ اَعۡبُدُ اَیُّہَا الۡجٰہِلُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    39 : 65 Айткын: «Силер мага Алладан өзгө бир нерсеге ибадат кылууну буюрасыӊарбы, эй, наадандар?»
  • وَ لَقَدۡ اُوۡحِیَ اِلَیۡکَ وَ اِلَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکَ ۚ لَئِنۡ اَشۡرَکۡتَ لَیَحۡبَطَنَّ عَمَلُکَ وَ لَتَکُوۡنَنَّ مِنَ الۡخٰسِرِیۡنَ ﴿۶۶﴾
    39 : 66 Албетте, сага жана сенден илгери болгондорго дагы вахий-аян кылынды: «Эгер сен (Аллага) шерик кошсоӊ, албетте, (жасаган) амалыӊ бекерге кетет жана сен албетте, зыян көрүүчүлөрдөн болуп каласыӊ.
  • بَلِ اللّٰہَ فَاعۡبُدۡ وَ کُنۡ مِّنَ الشّٰکِرِیۡنَ ﴿۶۷﴾
    39 : 67 Жок, Аллага гана ибадат кыл жана шүкүр кылуучулардан бол!»
  • وَ مَا قَدَرُوا اللّٰہَ حَقَّ قَدۡرِہٖ ٭ۖ وَ الۡاَرۡضُ جَمِیۡعًا قَبۡضَتُہٗ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ وَ السَّمٰوٰتُ مَطۡوِیّٰتٌۢ بِیَمِیۡنِہٖ ؕ سُبۡحٰنَہٗ وَ تَعٰلٰی عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    39 : 68 Жана алар Алланы Анын кадырына жараша кадырлашпады. Кыямат күнү жер бүтүндөй Анын ээлигинде болот жана асмандар Анын оӊ колунда оролуп турган болот. Ал таза жана алар (Ага) теӊештирип жаткан (бардык) нерселеринен жогору.
  • وَ نُفِخَ فِی الصُّوۡرِ فَصَعِقَ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ اِلَّا مَنۡ شَآءَ اللّٰہُ ؕ ثُمَّ نُفِخَ فِیۡہِ اُخۡرٰی فَاِذَا ہُمۡ قِیَامٌ یَّنۡظُرُوۡنَ ﴿۶۹﴾
    39 : 69 Сурнай чалынганда, Алла каалаганынан башка асмандар жана жердегилердин баары эсинен танып жыгылат. Анан ал кайра чалынат, ошондо кокустан алар тик абалда карап турган болушат.
  • وَ اَشۡرَقَتِ الۡاَرۡضُ بِنُوۡرِ رَبِّہَا وَ وُضِعَ الۡکِتٰبُ وَ جِایۡٓءَ بِالنَّبِیّٖنَ وَ الشُّہَدَآءِ وَ قُضِیَ بَیۡنَہُمۡ بِالۡحَقِّ وَ ہُمۡ لَا یُظۡلَمُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    39 : 70 Жана жер өз Раббисинин нуру менен жаркыйт. Амал Китеби (алдына) коюлат жана пайгамбарлар менен күбөлөрдүн баары келтирилет; алардын ортосунда адилет менен өкүм кылынат жана аларга акысыздык кылынбайт.
  • وَ وُفِّیَتۡ کُلُّ نَفۡسٍ مَّا عَمِلَتۡ وَ ہُوَ اَعۡلَمُ بِمَا یَفۡعَلُوۡنَ ﴿٪۷۱﴾
    39 : 71 Жана ар бир жанга кылган амалына жараша толук акы берилет. Ал алар эмне кылып жаткандарын эӊ жакшы билет.
  • وَ سِیۡقَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِلٰی جَہَنَّمَ زُمَرًا ؕ حَتّٰۤی اِذَا جَآءُوۡہَا فُتِحَتۡ اَبۡوَابُہَا وَ قَالَ لَہُمۡ خَزَنَتُہَاۤ اَلَمۡ یَاۡتِکُمۡ رُسُلٌ مِّنۡکُمۡ یَتۡلُوۡنَ عَلَیۡکُمۡ اٰیٰتِ رَبِّکُمۡ وَ یُنۡذِرُوۡنَکُمۡ لِقَآءَ یَوۡمِکُمۡ ہٰذَا ؕ قَالُوۡا بَلٰی وَ لٰکِنۡ حَقَّتۡ کَلِمَۃُ الۡعَذَابِ عَلَی الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۷۲﴾
    39 : 72 Жана каапырлар топ-топ болуп тозокту карай айдалышат. А түгүл алар анын алдына келип калгандарында, анын дарбазалары ачылып коюлат. Анын кароолчулары аларга айтышат: «Өзүӊөрдөн болгон Раббиӊердин аяттарын силерге окуй турган жана силерди мына ушул күнүӊөрдөгү кездешүүдөн кулактандыра турган пайгамбарлар келишкен жокпу?» Алар айтышат: «Ооба! (Келген эле)». Бирок азап өкүмү каапырлардын үстүнө албетте, важиб болуп калды.
  • قِیۡلَ ادۡخُلُوۡۤا اَبۡوَابَ جَہَنَّمَ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ۚ فَبِئۡسَ مَثۡوَی الۡمُتَکَبِّرِیۡنَ ﴿۷۳﴾
    39 : 73 (Аларга) айтылат: «Тозоктун дарбазаларынан киргиле, анда узак мөөнөткө чейин калуучуларсыӊар. Демек, текеберлик кылгандардын турак жайы кандай жаман!»
  • وَ سِیۡقَ الَّذِیۡنَ اتَّقَوۡا رَبَّہُمۡ اِلَی الۡجَنَّۃِ زُمَرًا ؕ حَتّٰۤی اِذَا جَآءُوۡہَا وَ فُتِحَتۡ اَبۡوَابُہَا وَ قَالَ لَہُمۡ خَزَنَتُہَا سَلٰمٌ عَلَیۡکُمۡ طِبۡتُمۡ فَادۡخُلُوۡہَا خٰلِدِیۡنَ ﴿۷۴﴾
    39 : 74 Жана өз Раббисинен корко тургандар дагы топ-топ болуп бейиш тарапка алып барылышат. А түгүл алар ага жетип калышканда, анын дарбазалары ачылып коюлат, ошондо анын корукчулары аларга айтышат: «Силерге тынчтык болсун! Силер абдан жогорку ахвалга жетиштиӊер. Демек, ага түбөлүк калуучулар болуп киргиле!»
  • وَ قَالُوا الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ صَدَقَنَا وَعۡدَہٗ وَ اَوۡرَثَنَا الۡاَرۡضَ نَتَبَوَّاُ مِنَ الۡجَنَّۃِ حَیۡثُ نَشَآءُ ۚ فَنِعۡمَ اَجۡرُ الۡعٰمِلِیۡنَ ﴿۷۵﴾
    39 : 75 Жана алар айтышат: «Бардык мактоо – бизге берген убадасынын үстүнөн чыккан жана бизди (мына ушул убада кылынган) жерге мураскер кылган Аллага таандык. Бейиште биз каалаган жайды мекен-турак тута алабыз». Демек, амал кылуучулардын сыйлыгы кандай жакшы, ыя!
  • وَ تَرَی الۡمَلٰٓئِکَۃَ حَآفِّیۡنَ مِنۡ حَوۡلِ الۡعَرۡشِ یُسَبِّحُوۡنَ بِحَمۡدِ رَبِّہِمۡ ۚ وَ قُضِیَ بَیۡنَہُمۡ بِالۡحَقِّ وَ قِیۡلَ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿٪۷۶﴾
    39 : 76 Жана сен периштелердин Арштын айланасын курчап тургандарын көрөсүӊ; алар өз Раббисине мактоо менен тасбийх айтып турган болушат. Алардын ортосунда адилет менен өкүм кылынат жана: «Бардык мактоо бүткүл ааламдардын Раббиси болгон Алла үчүн», - деп айтылат.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via