بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
92 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
وَ الَّیۡلِ اِذَا یَغۡشٰی ۙ﴿۲﴾
92 : 2 Түнгө касам, ал ороп алганда.
وَ النَّہَارِ اِذَا تَجَلّٰی ۙ﴿۳﴾
92 : 3 Жана күнгө (касам), ал жарышканда.
وَ مَا خَلَقَ الذَّکَرَ وَ الۡاُنۡثٰۤی ۙ﴿۴﴾
92 : 4 Жана Ал (Алла) жараткан эркек жана ургаачыга (касам!)
اِنَّ سَعۡیَکُمۡ لَشَتّٰی ؕ﴿۵﴾
92 : 5 Силердин умтулуу-аракетиӊер албетте, түрдүүчө.
فَاَمَّا مَنۡ اَعۡطٰی وَ اتَّقٰی ۙ﴿۶﴾
92 : 6 Ошентип, ким (Алла жолунда) берсе жана такыба болсо,
وَ صَدَّقَ بِالۡحُسۡنٰی ۙ﴿۷﴾
92 : 7 Жана эӊ сонун жакшылыкты тастыктаса,
فَسَنُیَسِّرُہٗ لِلۡیُسۡرٰی ؕ﴿۸﴾
92 : 8 Биз ага албетте, кеӊчилик тартуулайбыз.
وَ اَمَّا مَنۡۢ بَخِلَ وَ اسۡتَغۡنٰی ۙ﴿۹﴾
92 : 9 Ал эми ким сараӊдык кылса жана кайдыгер болсо,
وَ کَذَّبَ بِالۡحُسۡنٰی ۙ﴿۱۰﴾
92 : 10 Жана эӊ сонун жакшылыкты жалган десе,
فَسَنُیَسِّرُہٗ لِلۡعُسۡرٰی ﴿ؕ۱۱﴾
92 : 11 Биз аны албетте, тардыкка кирептер кылып коёбуз.
وَ مَا یُغۡنِیۡ عَنۡہُ مَا لُہٗۤ اِذَا تَرَدّٰی ﴿ؕ۱۲﴾
92 : 12 Жана анын мал-мүлкү жок болуп кеткенде, ага эч болушпайт.
اِنَّ عَلَیۡنَا لَلۡہُدٰی ﴿۫ۖ۱۳﴾
92 : 13 Албетте, туура жол көрсөтүү – баары бир бизге парыз.
وَ اِنَّ لَنَا لَلۡاٰخِرَۃَ وَ الۡاُوۡلٰی ﴿۱۴﴾
92 : 14 Жана албетте, акыбет да, башталыш да сөзсүз Биздин ээлигибизде.
فَاَنۡذَرۡتُکُمۡ نَارًا تَلَظّٰی ﴿ۚ۱۵﴾
92 : 15 Ошондуктан, Мен силерди жалындап турган оттон кулактандырамын.
لَا یَصۡلٰٮہَاۤ اِلَّا الۡاَشۡقَی ﴿ۙ۱۶﴾
92 : 16 Ага абдан бактысыз бирөө гана кирет –
الَّذِیۡ کَذَّبَ وَ تَوَلّٰی ﴿ؕ۱۷﴾
92 : 17 (Чындыкты) жалган деген жана жүз бурган бирөө гана.
وَ سَیُجَنَّبُہَا الۡاَتۡقَی ﴿ۙ۱۸﴾
92 : 18 Эӊ такыба адам болсо, андан албетте, сакталат –
الَّذِیۡ یُؤۡتِیۡ مَالَہٗ یَتَزَکّٰی ﴿ۚ۱۹﴾
92 : 19 Тазаланууну тилеген бойдон, өз мал-мүлкүн сарптаган бирөө.
وَ مَا لِاَحَدٍ عِنۡدَہٗ مِنۡ نِّعۡمَۃٍ تُجۡزٰۤی ﴿ۙ۲۰﴾
92 : 20 Жана ага бирөө айкөлдүк көрсөткөн эмес: натыйжада ал (тарабынан) ошол (айкөлдүк)кө төлөм берилүүдө.
اِلَّا ابۡتِغَآءَ وَجۡہِ رَبِّہِ الۡاَعۡلٰی ﴿ۚ۲۱﴾
92 : 21 (Ооба, ал) эӊ бийик болгон Раббисинин ыраазычылыгын тилеген бойдон гана (мал-мүлктү сарптайт).
وَ لَسَوۡفَ یَرۡضٰی ﴿٪۲۲﴾
92 : 22 Жана Ал (Алла) албетте, (ага) ыраазы болуп калат.