بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
64 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
یُسَبِّحُ لِلّٰہِ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ۚ لَہُ الۡمُلۡکُ وَ لَہُ الۡحَمۡدُ ۫ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۲﴾
64 : 2 Асмандар жана жердеги бар нерселер Аллага гана тасбийх айтууда. Падышалык Аныкы. Бардык мактоолор Ал үчүн. Ал Өзү каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَکُمۡ فَمِنۡکُمۡ کَافِرٌ وَّ مِنۡکُمۡ مُّؤۡمِنٌ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۳﴾
64 : 3 Ал (Алла) гана силерди жараткан. Ошентип, араӊарда каапырлар дагы бар, момундар дагы бар. Алла кылып жаткан амалдарыӊарды тереӊ күзөтүүчү.
خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ بِالۡحَقِّ وَ صَوَّرَکُمۡ فَاَحۡسَنَ صُوَرَکُمۡ ۚ وَ اِلَیۡہِ الۡمَصِیۡرُ ﴿۴﴾
64 : 4 Ал асмандар жана жерди чындык менен жаратты жана силерге кебете берди, ошондой эле кебетеӊерди абдан чырайлуу кылды. Ага гана кайтыш бар.
یَعۡلَمُ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ یَعۡلَمُ مَا تُسِرُّوۡنَ وَ مَا تُعۡلِنُوۡنَ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۵﴾
64 : 5 Ал асмандар жана жердеги бардык нерселерди билет. Ал силер жашыра турган нерселерди да, ачык кыла турган нерселерди да билет. Алла көкүрөктөрдөгү бардык нерсени дайыма билүүчү.
اَلَمۡ یَاۡتِکُمۡ نَبَؤُا الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ قَبۡلُ ۫ فَذَاقُوۡا وَبَالَ اَمۡرِہِمۡ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۶﴾
64 : 6 Силерге илгери каапырлык кылгандардын кабары жеткен жокпу? Анан алар өз чечимдеринин акыбетин татып көрүштү. Аларга абдан оор азап бар.
ذٰلِکَ بِاَنَّہٗ کَانَتۡ تَّاۡتِیۡہِمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ فَقَالُوۡۤا اَبَشَرٌ یَّہۡدُوۡنَنَا ۫ فَکَفَرُوۡا وَ تَوَلَّوۡا وَّ اسۡتَغۡنَی اللّٰہُ ؕ وَ اللّٰہُ غَنِیٌّ حَمِیۡدٌ ﴿۷﴾
64 : 7 Буга себеп, алардын пайгамбарлары аларга ачык-айкын аят-белгилер менен келээр эле. Ошондо алар: «Адамзат бизди туура жолго салышабы?» - дешчү. Ошентип, алар четке кагышты жана жүз бурушту. Алла дагы кажетсиз болду. Алла бай (жана) мактоолор ээси.
زَعَمَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَنۡ لَّنۡ یُّبۡعَثُوۡا ؕ قُلۡ بَلٰی وَ رَبِّیۡ لَتُبۡعَثُنَّ ثُمَّ لَتُنَبَّؤُنَّ بِمَا عَمِلۡتُمۡ ؕ وَ ذٰلِکَ عَلَی اللّٰہِ یَسِیۡرٌ ﴿۸﴾
64 : 8 Каапырлар: «Биз эч качан тургузулбайбыз», - деп ойлошту. Айткын: «Эч качан! Раббиме касам! Силер албетте, тургузуласыӊар. Анан албетте, силерге жасаган амалдарыӊардын кабары берилет. Бул Алла үчүн абдан жеӊил».
فَاٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ النُّوۡرِ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلۡنَا ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ خَبِیۡرٌ ﴿۹﴾
64 : 9 Ошондуктан, Аллага жана Анын Пайгамбарына, ошондой эле Биз түшүргөн нурга ыйман келтиргиле. Алла кылып жаткан амалдарыӊардан дайыма кабардар.
یَوۡمَ یَجۡمَعُکُمۡ لِیَوۡمِ الۡجَمۡعِ ذٰلِکَ یَوۡمُ التَّغَابُنِ ؕ وَ مَنۡ یُّؤۡمِنۡۢ بِاللّٰہِ وَ یَعۡمَلۡ صَالِحًا یُّکَفِّرۡ عَنۡہُ سَیِّاٰتِہٖ وَ یُدۡخِلۡہُ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ؕ ذٰلِکَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۱۰﴾
64 : 10 Ал силерди топтолуу күнү чогулта турган күн(дү эстегиле). Бул ошол утуу жана утпай калуу күнү. Ким Аллага ыйман келтирсе жана жакшы амалдарды кылса, Ал андан жамандыктарын алып таштайт жана аны ортолорунан дайралар өтүүчү бейиштерге киргизет. Алар ал (бейиш)терде түбөлүккө калышат. Бул – абдан чоӊ ийгилик.
وَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَاۤ اُولٰٓئِکَ اَصۡحٰبُ النَّارِ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ وَ بِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿٪۱۱﴾
64 : 11 Каапыр болгондор жана Биздин аяттарыбызды жалган дегендер – мына ошолор от ээлери. Алар анда узак мөөнөткө чейин калышат. (Ал) кандай жаман жай!
مَاۤ اَصَابَ مِنۡ مُّصِیۡبَۃٍ اِلَّا بِاِذۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ مَنۡ یُّؤۡمِنۡۢ بِاللّٰہِ یَہۡدِ قَلۡبَہٗ ؕ وَ اللّٰہُ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۱۲﴾
64 : 12 Алланын уруксатысыз эч бир балекет жетпейт. Ким Аллага ыйман келтирсе, Ал анын жүрөгүн туура жолго салат. Алла бардык нерсени дайыма билүүчү.
وَ اَطِیۡعُوا اللّٰہَ وَ اَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ ۚ فَاِنۡ تَوَلَّیۡتُمۡ فَاِنَّمَا عَلٰی رَسُوۡلِنَا الۡبَلٰغُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۳﴾
64 : 13 Аллага баш ийгиле жана Пайгамбарга баш ийгиле. Эгер силер жүз бурсаӊар, анда (билгиле), Биздин Пайгамбарыбыздын милдетинде бир гана кабарды ачык-айкын жеткирүү.
اَللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ وَ عَلَی اللّٰہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۴﴾
64 : 14 Алла (ушундай Зат): Андан өзгө эч кандай кудай жок. Ошондуктан, момундар Аллага гана тобокел кылуулары лаазым.
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنَّ مِنۡ اَزۡوَاجِکُمۡ وَ اَوۡلَادِکُمۡ عَدُوًّا لَّکُمۡ فَاحۡذَرُوۡہُمۡ ۚ وَ اِنۡ تَعۡفُوۡا وَ تَصۡفَحُوۡا وَ تَغۡفِرُوۡا فَاِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۵﴾
64 : 15 Эй, ыйман келтиргендер! Албетте, жуптарыӊар жана балдарыӊардын арасынан айрымдары силерге душман. Ошондуктан, алардан этият болгула. Эгер силер маркамат кылсаӊар, кечирсеӊер жана кечирим берсеӊер, анда албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
اِنَّمَاۤ اَمۡوَالُکُمۡ وَ اَوۡلَادُکُمۡ فِتۡنَۃٌ ؕ وَ اللّٰہُ عِنۡدَہٗۤ اَجۡرٌ عَظِیۡمٌ ﴿۱۶﴾
64 : 16 Силердин мал-мүлкүӊөр жана балдарыӊар бир гана сыноо. Үлкөн сыйлык жалгыз Алланын алдында.
فَاتَّقُوا اللّٰہَ مَا اسۡتَطَعۡتُمۡ وَ اسۡمَعُوۡا وَ اَطِیۡعُوۡا وَ اَنۡفِقُوۡا خَیۡرًا لِّاَنۡفُسِکُمۡ ؕ وَ مَنۡ یُّوۡقَ شُحَّ نَفۡسِہٖ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۱۷﴾
64 : 17 Ошентип, мүмкүнчүлүгүӊөргө жараша Алладан корккула, уккула, баш ийгиле жана сарп кылгыла. (Бул) силер үчүн жакшыраак болот. Ким өз напсисинин сараӊдыгынан сактанса, мына ошолор ийгиликке жетишүүчүлөр.
اِنۡ تُقۡرِضُوا اللّٰہَ قَرۡضًا حَسَنًا یُّضٰعِفۡہُ لَکُمۡ وَ یَغۡفِرۡ لَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ شَکُوۡرٌ حَلِیۡمٌ ﴿ۙ۱۸﴾
64 : 18 Эгер силер Аллага үстөксүз карыз берсеӊер, Ал силер үчүн аны көбөйтөт жана силерди кечирет. Алла абдан кадырман (жана) жумшак көӊүл.
عٰلِمُ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿٪۱۹﴾
64 : 19 (Ал) кайып жана көрүнөөнү дайыма билүүчү, эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.