بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
76 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
ہَلۡ اَتٰی عَلَی الۡاِنۡسَانِ حِیۡنٌ مِّنَ الدَّہۡرِ لَمۡ یَکُنۡ شَیۡئًا مَّذۡکُوۡرًا ﴿۲﴾
76 : 2 Заманда адамдын үстүнө ал кеп кылууга арзырлык нерсе болбогон бир учур да келдиби?
اِنَّا خَلَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ مِنۡ نُّطۡفَۃٍ اَمۡشَاجٍ ٭ۖ نَّبۡتَلِیۡہِ فَجَعَلۡنٰہُ سَمِیۡعًۢا بَصِیۡرًا ﴿۳﴾
76 : 3 Албетте, Биз адамзатты бир татаал бел суусунан жараттык. Аны Биз ар кыл кебетелерге айландырабыз. Анан Биз аны угуучу (жана) көрүүчү кылып койдук.
اِنَّا ہَدَیۡنٰہُ السَّبِیۡلَ اِمَّا شَاکِرًا وَّ اِمَّا کَفُوۡرًا ﴿۴﴾
76 : 4 Ал шүкүр кылып (жүрөбү) же шүкүрсүз болуп (жүрө)бү, албетте, Биз аны туура жолго хидаят кылдык.
اِنَّاۤ اَعۡتَدۡنَا لِلۡکٰفِرِیۡنَ سَلٰسِلَا۠ وَ اَغۡلٰلًا وَّ سَعِیۡرًا ﴿۵﴾
76 : 5 Албетте, Биз каапырлар үчүн ар түрдүү чынжырлар, моюнтурук жана бир жалындап турган отту даярдап койдук.
اِنَّ الۡاَبۡرَارَ یَشۡرَبُوۡنَ مِنۡ کَاۡسٍ کَانَ مِزَاجُہَا کَافُوۡرًا ۚ﴿۶﴾
76 : 6 Албетте, жакшы пенделер «Каафуур» аралашкан бир кеседен ичишет –
عَیۡنًا یَّشۡرَبُ بِہَا عِبَادُ اللّٰہِ یُفَجِّرُوۡنَہَا تَفۡجِیۡرًا ﴿۷﴾
76 : 7 Ал бир булак: андан Алланын пенделери ичишет жана аны жиреп-жиреп кеӊейте беришет.
یُوۡفُوۡنَ بِالنَّذۡرِ وَ یَخَافُوۡنَ یَوۡمًا کَانَ شَرُّہٗ مُسۡتَطِیۡرًا ﴿۸﴾
76 : 8 Алар (өз) назирлерин орундатышат жана жамандыгы таркала турган күндөн коркушат.
وَ یُطۡعِمُوۡنَ الطَّعَامَ عَلٰی حُبِّہٖ مِسۡکِیۡنًا وَّ یَتِیۡمًا وَّ اَسِیۡرًا ﴿۹﴾
76 : 9 Жана алар Ага болгон сүйүүсүнөн кембагалдарга, жетимдерге жана туткундарга тамак беришет.
اِنَّمَا نُطۡعِمُکُمۡ لِوَجۡہِ اللّٰہِ لَا نُرِیۡدُ مِنۡکُمۡ جَزَآءً وَّ لَا شُکُوۡرًا ﴿۱۰﴾
76 : 10 «Биз силерди бир гана Алланын ыраазычылыгы үчүн тамактандырып жатабыз, биз силерден эч качан кандайдыр бир сыйлыкты дагы, рахмат (айтышыӊар)ды дагы күтпөйбүз.
اِنَّا نَخَافُ مِنۡ رَّبِّنَا یَوۡمًا عَبُوۡسًا قَمۡطَرِیۡرًا ﴿۱۱﴾
76 : 11 Албетте, биз Раббибиз тарабынан (келе турган) кабак салган, бир абдан катуу күндөн коркобуз».
فَوَقٰہُمُ اللّٰہُ شَرَّ ذٰلِکَ الۡیَوۡمِ وَ لَقّٰہُمۡ نَضۡرَۃً وَّ سُرُوۡرًا ﴿ۚ۱۲﴾
76 : 12 Ошентип, Алла аларды ошол күндүн балээлеринен куткарып алды жана аларга сүйүнүч менен бакыт-кубаныч тартуулады.
وَ جَزٰٮہُمۡ بِمَا صَبَرُوۡا جَنَّۃً وَّ حَرِیۡرًا ﴿ۙ۱۳﴾
76 : 13 Жана Ал (Алла) алардын сабыр кылгандыктары себептүү аларды бир бейиш жана бир өзгөчө жибек менен сыйлады.
مُّتَّکِـِٕیۡنَ فِیۡہَا عَلَی الۡاَرَآئِکِ ۚ لَا یَرَوۡنَ فِیۡہَا شَمۡسًا وَّ لَا زَمۡہَرِیۡرًا ﴿ۚ۱۴﴾
76 : 14 Анын ичинде алар тактыларда жамбаштап отурган болушат. Алар анын ичинде аптапты да, ызгаардуу суукту да көрүшпөйт.
وَ دَانِیَۃً عَلَیۡہِمۡ ظِلٰلُہَا وَ ذُلِّلَتۡ قُطُوۡفُہَا تَذۡلِیۡلًا ﴿۱۵﴾
76 : 15 Жана алардын үстүндө анын көлөкөлөрү ийилген болот жана анын мөмөлөрү бүтүндөй ийилип жиберилет.
وَ یُطَافُ عَلَیۡہِمۡ بِاٰنِیَۃٍ مِّنۡ فِضَّۃٍ وَّ اَکۡوَابٍ کَانَتۡ قَؔوَارِیۡرَا۠ ﴿ۙ۱۶﴾
76 : 16 Күмүш идиштер жана айнектен жасалган кеселер алардын ортосунда айландырылат.
قَؔوَارِیۡرَا۠ مِنۡ فِضَّۃٍ قَدَّرُوۡہَا تَقۡدِیۡرًا ﴿۱۷﴾
76 : 17 (Ошол) айнектер (идиш) күмүштөн жасалган болот. Алар аларды чоӊ чеберчилик менен кураштырган болушат.
وَ یُسۡقَوۡنَ فِیۡہَا کَاۡسًا کَانَ مِزَاجُہَا زَنۡجَبِیۡلًا ﴿ۚ۱۸﴾
76 : 18 Жана алар анын ичинде имбир аралашкан бир кеседен ичирилишет.
عَیۡنًا فِیۡہَا تُسَمّٰی سَلۡسَبِیۡلًا ﴿۱۹﴾
76 : 19 Анын ичинде «Салсабийл» деп аталган бир ажайып булак болот.
وَ یَطُوۡفُ عَلَیۡہِمۡ وِلۡدَانٌ مُّخَلَّدُوۡنَ ۚ اِذَا رَاَیۡتَہُمۡ حَسِبۡتَہُمۡ لُؤۡلُؤًا مَّنۡثُوۡرًا ﴿۲۰﴾
76 : 20 Жана түбөлүктүүлүк тартууланган балдар аларга (кызмат көрсөтүү максатында) айланышат. Сен аларды көргөнүӊдө, чачылып жиберилген берметтер деп ойлойсуӊ.
وَ اِذَا رَاَیۡتَ ثَمَّ رَاَیۡتَ نَعِیۡمًا وَّ مُلۡکًا کَبِیۡرًا ﴿۲۱﴾
76 : 21 Жана сен назар таштаганыӊда, ал жерде бир чоӊ нээмат жана бир үлкөн падышачылыкты көрөсүӊ.
عٰلِیَہُمۡ ثِیَابُ سُنۡدُسٍ خُضۡرٌ وَّ اِسۡتَبۡرَقٌ ۫ وَّ حُلُّوۡۤا اَسَاوِرَ مِنۡ فِضَّۃٍ ۚ وَ سَقٰہُمۡ رَبُّہُمۡ شَرَابًا طَہُوۡرًا ﴿۲۲﴾
76 : 22 Алардын үстүндө жука жибектен турган жашыл кийимдер болот жана калыӊ жибектен дагы. Аларга күмүш билерик тактырылат жана алардын Раббиси аларга таза ичимдик ичирет.
اِنَّ ہٰذَا کَانَ لَکُمۡ جَزَآءً وَّ کَانَ سَعۡیُکُمۡ مَّشۡکُوۡرًا ﴿٪۲۳﴾
76 : 23 Албетте, мына ушул силер үчүн сыйлык катары болот жана силердин аракетиӊер бааланат».
اِنَّا نَحۡنُ نَزَّلۡنَا عَلَیۡکَ الۡقُرۡاٰنَ تَنۡزِیۡلًا ﴿ۚ۲۴﴾
76 : 24 Албетте, Биз гана сага бир салтанаттуу баскыч менен Куранды түшүрдүк.
فَاصۡبِرۡ لِحُکۡمِ رَبِّکَ وَ لَا تُطِعۡ مِنۡہُمۡ اٰثِمًا اَوۡ کَفُوۡرًا ﴿ۚ۲۵﴾
76 : 25 Ошентип, Раббиӊдин буйругу(на амал кылуу) үчүн туруктуулук менен бекем бол жана алардын арасындагы кандайдыр бир күнөөкөр жана өтө катуу шүкүрсүздү ээрчибе!
وَ اذۡکُرِ اسۡمَ رَبِّکَ بُکۡرَۃً وَّ اَصِیۡلًا ﴿ۖۚ۲۶﴾
76 : 26 Жана таӊкысын да, кечкисин да Раббиӊдин наамын эске ал.
وَ مِنَ الَّیۡلِ فَاسۡجُدۡ لَہٗ وَ سَبِّحۡہُ لَیۡلًا طَوِیۡلًا ﴿۲۷﴾
76 : 27 Жана түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл; түнү менен Ага тасбийх айтып тур.
اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ یُحِبُّوۡنَ الۡعَاجِلَۃَ وَ یَذَرُوۡنَ وَرَآءَہُمۡ یَوۡمًا ثَقِیۡلًا ﴿۲۸﴾
76 : 28 Албетте, булар дүйнөнү сүйүшөт жана өздөрүнөн нары болгон бир оор күнгө көз жумууда.
نَحۡنُ خَلَقۡنٰہُمۡ وَ شَدَدۡنَاۤ اَسۡرَہُمۡ ۚ وَ اِذَا شِئۡنَا بَدَّلۡنَاۤ اَمۡثَالَہُمۡ تَبۡدِیۡلًا ﴿۲۹﴾
76 : 29 Биз гана аларды жараттык жана (дене) мүчөлөрүн бекем кылдык. Биз каалаганыбызда, алардын кебетелерин бүтүндөй өзгөртүп жиберебиз.
اِنَّ ہٰذِہٖ تَذۡکِرَۃٌ ۚ فَمَنۡ شَآءَ اتَّخَذَ اِلٰی رَبِّہٖ سَبِیۡلًا ﴿۳۰﴾
76 : 30 Албетте, бул – бир ибараттуу насаат. Ошентип, каалаган киши өз Раббисине карай (бара турган) жолду жолдосун.
وَ مَا تَشَآءُوۡنَ اِلَّاۤ اَنۡ یَّشَآءَ اللّٰہُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ کَانَ عَلِیۡمًا حَکِیۡمًا ﴿٭ۖ۳۱﴾
76 : 31 Жана силердин каалаганыӊар Алла кааласа гана ишке ашат. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
یُّدۡخِلُ مَنۡ یَّشَآءُ فِیۡ رَحۡمَتِہٖ ؕ وَ الظّٰلِمِیۡنَ اَعَدَّ لَہُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمًا ﴿٪۳۲﴾
76 : 32 Ал Өзү каалаган пендесин Өз рахматына киргизет. Заалимдер үчүн болсо, Ал (Алла) оор азапты даярдап койгон.