Курани карим Таахаа • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

طٰه

Таахаа

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    20 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • طٰہٰ ۚ﴿۲﴾
    20 : 2 Таййибун, Хаадийун: эй, таза (Пайгамбар) жана жетик хидаятчы!
  • مَاۤ اَنۡزَلۡنَا عَلَیۡکَ الۡقُرۡاٰنَ لِتَشۡقٰۤی ۙ﴿۳﴾
    20 : 3 Биз машакат чегишиӊ үчүн сага Куранды түшүрбөдүк.
  • اِلَّا تَذۡکِرَۃً لِّمَنۡ یَّخۡشٰی ۙ﴿۴﴾
    20 : 4 Тескерисинче, (ал) корко турган киши үчүн болгону бир насыйкат катарында.
  • تَنۡزِیۡلًا مِّمَّنۡ خَلَقَ الۡاَرۡضَ وَ السَّمٰوٰتِ الۡعُلٰی ؕ﴿۵﴾
    20 : 5 Мунун түшүрүлүшү жер жана бийик асмандарды жараткан (Алла) тарабынан.
  • اَلرَّحۡمٰنُ عَلَی الۡعَرۡشِ اسۡتَوٰی ﴿۶﴾
    20 : 6 Рахмаан. Ал Аршка жайгашты.
  • لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا وَ مَا تَحۡتَ الثَّرٰی ﴿۷﴾
    20 : 7 Асмандардагы жана жердеги, ошондой эле бул экөөсүнүн арасындагы жана жердин түбүндөгү бардык нерселер дагы Ага гана таандык.
  • وَ اِنۡ تَجۡہَرۡ بِالۡقَوۡلِ فَاِنَّہٗ یَعۡلَمُ السِّرَّ وَ اَخۡفٰی ﴿۸﴾
    20 : 8 Эгер сен сөзүӊдү бийик үн менен айтсаӊ, албетте, Ал (Алла) көмүскө жана жашыруун нерселерди дагы билет.
  • اَللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ لَہُ الۡاَسۡمَآءُ الۡحُسۡنٰی ﴿۹﴾
    20 : 9 Алла; Алдан башка эч бир кудай жок; бардык көркөм ысымдар Аныкы.
  • وَ ہَلۡ اَتٰٮکَ حَدِیۡثُ مُوۡسٰی ۘ﴿۱۰﴾
    20 : 10 Эмне, Мусанын окуясы сага жеттиби?
  • اِذۡ رَاٰ نَارًا فَقَالَ لِاَہۡلِہِ امۡکُثُوۡۤا اِنِّیۡۤ اٰنَسۡتُ نَارًا لَّعَلِّیۡۤ اٰتِیۡکُمۡ مِّنۡہَا بِقَبَسٍ اَوۡ اَجِدُ عَلَی النَّارِ ہُدًی ﴿۱۱﴾
    20 : 11 Ал от көргөндө, үй-бүлөсүнө айтты: «Бир аз күтүп тургула, мен бир оттой нерсе көрдүм. Балким, силерге андан бир аз чок алып келермин же ал оттун алдында туура багыт табармын».
  • فَلَمَّاۤ اَتٰٮہَا نُوۡدِیَ یٰمُوۡسٰی ﴿ؕ۱۲﴾
    20 : 12 Ошентип, ал анын алдына келгенде, үн салынды: «Эй, Муса!
  • اِنِّیۡۤ اَنَا رَبُّکَ فَاخۡلَعۡ نَعۡلَیۡکَ ۚ اِنَّکَ بِالۡوَادِ الۡمُقَدَّسِ طُوًی ﴿ؕ۱۳﴾
    20 : 13 Албетте, Мен сенин Раббиӊмин. Демек, өзүӊдүн бут кийимиӊди чечип койгун. Албетте, сен ыйык Тува өрөөнүндөсүӊ.
  • وَ اَنَا اخۡتَرۡتُکَ فَاسۡتَمِعۡ لِمَا یُوۡحٰی ﴿۱۴﴾
    20 : 14 Мен сени тандап алдым; ошол үчүн вахий-аян кылынып жаткан нерселерге кулак сал.
  • اِنَّنِیۡۤ اَنَا اللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّاۤ اَنَا فَاعۡبُدۡنِیۡ ۙ وَ اَقِمِ الصَّلٰوۃَ لِذِکۡرِیۡ ﴿۱۵﴾
    20 : 15 Албетте, Мен бир гана Алламын; Менден бөлөк эч кандай кудай жок; ошондуктан, Мага гана ибадат кыл жана Мени эскерүү үчүн намаз оку.
  • اِنَّ السَّاعَۃَ اٰتِیَۃٌ اَکَادُ اُخۡفِیۡہَا لِتُجۡزٰی کُلُّ نَفۡسٍۭ بِمَا تَسۡعٰی ﴿۱۶﴾
    20 : 16 «Саат» албетте, келүүчү. Ыктымал, ар бир жан кылып жаткан иш-аракеттерине сыйлык алсын үчүн Мен аны жашырып турармын.
  • فَلَا یَصُدَّنَّکَ عَنۡہَا مَنۡ لَّا یُؤۡمِنُ بِہَا وَ اتَّبَعَ ہَوٰٮہُ فَتَرۡدٰی ﴿۱۷﴾
    20 : 17 Демек, ага ыйман келтирбей турган жана өзүнүн напсисин ээрчиген киши сени эч качан (анын талаптарына жооп кайтаруу)дан токтото албасын, болбосо сен ойрон болуп кетесиӊ.
  • وَ مَا تِلۡکَ بِیَمِیۡنِکَ یٰمُوۡسٰی ﴿۱۸﴾
    20 : 18 Жана бул оӊ колуӊдагы эмне, эй, Муса!»
  • قَالَ ہِیَ عَصَایَ ۚ اَتَوَکَّوٴُا عَلَیۡہَا وَ اَہُشُّ بِہَا عَلٰی غَنَمِیۡ وَ لِیَ فِیۡہَا مَاٰرِبُ اُخۡرٰی ﴿۱۹﴾
    20 : 19 Ал айтты: «Бул менин таягым; мен ага таянамын жана аны менен кой-эчкилериме жалбырактарды күбүп беремин жана анда мен үчүн башка көптөгөн пайдалар да бар».
  • قَالَ اَلۡقِہَا یٰمُوۡسٰی ﴿۲۰﴾
    20 : 20 Ал (Алла) айтты: «Аны ташта, эй, Муса!»
  • فَاَلۡقٰہَا فَاِذَا ہِیَ حَیَّۃٌ تَسۡعٰی ﴿۲۱﴾
    20 : 21 Ошентип, ал аны таштап жиберди, ошондо кокустан ал кыймылдаган жылаан болуп калды.
  • قَالَ خُذۡہَا وَ لَا تَخَفۡ ٝ سَنُعِیۡدُہَا سِیۡرَتَہَا الۡاُوۡلٰی ﴿۲۲﴾
    20 : 22 Ал (Алла) айтты: «Аны кармап ал жана коркпо; Биз аны мурунку абалына кайтарып коёбуз.
  • وَ اضۡمُمۡ یَدَکَ اِلٰی جَنَاحِکَ تَخۡرُجۡ بَیۡضَآءَ مِنۡ غَیۡرِ سُوۡٓءٍ اٰیَۃً اُخۡرٰی ﴿ۙ۲۳﴾
    20 : 23 Колуӊду колтугуӊа сал, ал кеселсиз аппак болуп чыгат. Бул –экинчи аят-белги.
  • لِنُرِیَکَ مِنۡ اٰیٰتِنَا الۡکُبۡرٰی ﴿ۚ۲۴﴾
    20 : 24 Болочокто сага Биз Өзүбүздүн эң улуу аят-белгилерибизден дагы айрымдарын көрсөтүү үчүн (Биз ушундай кылабыз).
  • اِذۡہَبۡ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ اِنَّہٗ طَغٰی ﴿٪۲۵﴾
    20 : 25 Фараондун алдына баргын. Албетте, ал баш ийбестик кылды».
  • قَالَ رَبِّ اشۡرَحۡ لِیۡ صَدۡرِیۡ ﴿ۙ۲۶﴾
    20 : 26 Ал (Муса) айтты: «Эй, Раббим! Мен үчүн көкүрөгүмдү ачкын!
  • وَ یَسِّرۡ لِیۡۤ اَمۡرِیۡ ﴿ۙ۲۷﴾
    20 : 27 Ишимди мага жеӊилдеткин!
  • وَ احۡلُلۡ عُقۡدَۃً مِّنۡ لِّسَانِیۡ ﴿ۙ۲۸﴾
    20 : 28 Жана тилимдин түйүнүн чечип жибергин!
  • یَفۡقَہُوۡا قَوۡلِیۡ ﴿۪۲۹﴾
    20 : 29 Алар менин сөзүмдү түшүнүүлөрү үчүн!
  • وَ اجۡعَلۡ لِّیۡ وَزِیۡرًا مِّنۡ اَہۡلِیۡ ﴿ۙ۳۰﴾
    20 : 30 Жана үй-бүлөмдөн мага орун басар кылып койгун!
  • ہٰرُوۡنَ اَخِی ﴿ۙ۳۱﴾
    20 : 31 Менин тууганым – Хаарунду.
  • اشۡدُدۡ بِہٖۤ اَزۡرِیۡ ﴿ۙ۳۲﴾
    20 : 32 Анын жардамында менин белимди бекемдегин!
  • وَ اَشۡرِکۡہُ فِیۡۤ اَمۡرِیۡ ﴿ۙ۳۳﴾
    20 : 33 Жана аны менин ишимде (мага) шерик кылгын.
  • کَیۡ نُسَبِّحَکَ کَثِیۡرًا ﴿ۙ۳۴﴾
    20 : 34 Биз сага көп-көп тасбийх айтуубуз үчүн.
  • وَّ نَذۡکُرَکَ کَثِیۡرًا ﴿ؕ۳۵﴾
    20 : 35 Жана Сени көп-көп эске алуубуз (үчүн).
  • اِنَّکَ کُنۡتَ بِنَا بَصِیۡرًا ﴿۳۶﴾
    20 : 36 Албетте, Өзүӊ ахвалыбызды тереӊ күзөтүүчүсүӊ».
  • قَالَ قَدۡ اُوۡتِیۡتَ سُؤۡلَکَ یٰمُوۡسٰی ﴿۳۷﴾
    20 : 37 Ал (Алла) айтты: «Эй, Муса! Сураган (мүдөө)ӊ сага тартууланды.
  • وَ لَقَدۡ مَنَنَّا عَلَیۡکَ مَرَّۃً اُخۡرٰۤی ﴿ۙ۳۸﴾
    20 : 38 Албетте, Биз сага (мурун дагы) бир айкөлдүк көрсөткөн элек.
  • اِذۡ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰۤی اُمِّکَ مَا یُوۡحٰۤی ﴿ۙ۳۹﴾
    20 : 39 Качан Биз энеӊе вахий-аян кылына турган нерсени вахий кылдык:
  • اَنِ اقۡذِفِیۡہِ فِی التَّابُوۡتِ فَاقۡذِفِیۡہِ فِی الۡیَمِّ فَلۡیُلۡقِہِ الۡیَمُّ بِالسَّاحِلِ یَاۡخُذۡہُ عَدُوٌّ لِّیۡ وَ عَدُوٌّ لَّہٗ ؕ وَ اَلۡقَیۡتُ عَلَیۡکَ مَحَبَّۃً مِّنِّیۡ ۬ۚ وَ لِتُصۡنَعَ عَلٰی عَیۡنِیۡ ﴿ۘ۴۰﴾
    20 : 40 «Аны сандыкка салгын, анан аны дарыяга таштап жибергин; андан кийин Менин душманым жана анын душманы аны кармап алсын үчүн дарыя аны жээкке таштап койсун». Сен Менин көз алдымда чоӊойушуӊ үчүн Мен сени Өзүмдүн сүйүүмө ороп койдум.
  • اِذۡ تَمۡشِیۡۤ اُخۡتُکَ فَتَقُوۡلُ ہَلۡ اَدُلُّکُمۡ عَلٰی مَنۡ یَّکۡفُلُہٗ ؕ فَرَجَعۡنٰکَ اِلٰۤی اُمِّکَ کَیۡ تَقَرَّ عَیۡنُہَا وَ لَا تَحۡزَنَ ۬ؕ وَ قَتَلۡتَ نَفۡسًا فَنَجَّیۡنٰکَ مِنَ الۡغَمِّ وَ فَتَنّٰکَ فُتُوۡنًا ۬۟ فَلَبِثۡتَ سِنِیۡنَ فِیۡۤ اَہۡلِ مَدۡیَنَ ۬ۙ ثُمَّ جِئۡتَ عَلٰی قَدَرٍ یّٰمُوۡسٰی ﴿۴۱﴾
    20 : 41 (Сен) эжеӊдин бара жаткан(ын элестет). Ошондо ал: «Аны бага турган кишиден силерди кулактандырайынбы?» - деп бараар эле. Анан анын (энеӊдин) көзү кубансын үчүн, жана ал сар-санаа чекпесин үчүн Биз сени энеӊе кайтарып бердик. Мындан тышкары, сен бир жанды өлтүрүп койдуӊ, Биз болсо, сени кайгыдан куткардык жана ар түрдүү сыноолордон өткөрдүк. Анан сен бир нече жыл Мадян элинин арасында болдуӊ. Анан (пайгамбарлык үчүн) ылайыктуу жашка жеттиӊ, эй, Муса!
  • وَ اصۡطَنَعۡتُکَ لِنَفۡسِیۡ ﴿ۚ۴۲﴾
    20 : 42 Мен сени Өзүм үчүн тандап алдым.
  • اِذۡہَبۡ اَنۡتَ وَ اَخُوۡکَ بِاٰیٰتِیۡ وَ لَا تَنِیَا فِیۡ ذِکۡرِیۡ ﴿ۚ۴۳﴾
    20 : 43 Сен жана тууганыӊ Менин аят-белгилерим менен баргыла жана экөөӊөр Мени эскерүүдө жалкоолук кылбагыла.
  • اِذۡہَبَاۤ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ اِنَّہٗ طَغٰی ﴿ۚۖ۴۴﴾
    20 : 44 Экөөӊөр Фараондун алдына баргыла. Албетте, ал чектен ашып кетти.
  • فَقُوۡلَا لَہٗ قَوۡلًا لَّیِّنًا لَّعَلَّہٗ یَتَذَکَّرُ اَوۡ یَخۡشٰی ﴿۴۵﴾
    20 : 45 Ага жумшак сөз айткыла. Балким, ал ибарат алаар же коркоор.
  • قَالَا رَبَّنَاۤ اِنَّنَا نَخَافُ اَنۡ یَّفۡرُطَ عَلَیۡنَاۤ اَوۡ اَنۡ یَّطۡغٰی ﴿۴۶﴾
    20 : 46 Ал экөөсү айтышты: «Эй, Раббибиз! Анын бизге жамандык кылуусунан же чектен ашуусунан биз коркобуз».
  • قَالَ لَا تَخَافَاۤ اِنَّنِیۡ مَعَکُمَاۤ اَسۡمَعُ وَ اَرٰی ﴿۴۷﴾
    20 : 47 Ал (Алла) айтты: «Коркпогула. Албетте, Мен экөөӊөр менен биргемин. Мен угамын жана Мен көрөмүн».
  • فَاۡتِیٰہُ فَقُوۡلَاۤ اِنَّا رَسُوۡلَا رَبِّکَ فَاَرۡسِلۡ مَعَنَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ ۬ۙ وَ لَا تُعَذِّبۡہُمۡ ؕ قَدۡ جِئۡنٰکَ بِاٰیَۃٍ مِّنۡ رَّبِّکَ ؕ وَ السَّلٰمُ عَلٰی مَنِ اتَّبَعَ الۡہُدٰی ﴿۴۸﴾
    20 : 48 Демек, экөөӊөр анын алдына баргыла жана ага айткыла: «Биз Раббиӊдин эки элчисибиз. Ошондуктан, Исрааийл балдарын биз менен жибер жана аларга азап бербе! Албетте, биз сага Раббиӊ тарабынан бир чоӊ аят-белги келтирдик. Ким хидаятты ээрчисе, ага салам болсун!»
  • اِنَّا قَدۡ اُوۡحِیَ اِلَیۡنَاۤ اَنَّ الۡعَذَابَ عَلٰی مَنۡ کَذَّبَ وَ تَوَلّٰی ﴿۴۹﴾
    20 : 49 Албетте, бизге: «Жалган сүйлөй турган жана тескери бурулуп кете турган бирөөнө азап болот», - деп вахий-аян кылынды.
  • قَالَ فَمَنۡ رَّبُّکُمَا یٰمُوۡسٰی ﴿۵۰﴾
    20 : 50 Ал (Фараон) айтты: «Экөөӊөрдүн Раббиӊер ким өзү, эй, Муса?»
  • قَالَ رَبُّنَا الَّذِیۡۤ اَعۡطٰی کُلَّ شَیۡءٍ خَلۡقَہٗ ثُمَّ ہَدٰی ﴿۵۱﴾
    20 : 51 Ал (Муса) айтты: «Ар бир нерсеге анын жаратылуусун тартуулап, анан хидаят жолго баштап койгон (Алла) биздин Раббибиз».
  • قَالَ فَمَا بَالُ الۡقُرُوۡنِ الۡاُوۡلٰی ﴿۵۲﴾
    20 : 52 Ал (Фараон) айтты: «Анда илгерки коомдордун абалы эмне болгон?»
  • قَالَ عِلۡمُہَا عِنۡدَ رَبِّیۡ فِیۡ کِتٰبٍ ۚ لَا یَضِلُّ رَبِّیۡ وَ لَا یَنۡسَی ﴿۫۵۳﴾
    20 : 53 Ал (Муса) жооп берди: «Алардын илими Раббимдин алдындагы бир китепте бар. Менин Раббим адашпайт дагы, унутпайт дагы».
  • الَّذِیۡ جَعَلَ لَکُمُ الۡاَرۡضَ مَہۡدًا وَّ سَلَکَ لَکُمۡ فِیۡہَا سُبُلًا وَّ اَنۡزَلَ مِنَ السَّمَآءِ مَآءً ؕ فَاَخۡرَجۡنَا بِہٖۤ اَزۡوَاجًا مِّنۡ نَّبَاتٍ شَتّٰی ﴿۵۴﴾
    20 : 54 Ал (Алла) жерди силер үчүн төшөк кылып койду жана силер үчүн анда бир нече жолдорду пайда кылды жана асмандан суу түшүрдү; анан анын жардамында Биз өсүмдүктөрдүн түрдүү бөлүктөрүнөн бир нече жубун өстүрүп чыгардык.
  • کُلُوۡا وَ ارۡعَوۡا اَنۡعَامَکُمۡ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّاُولِی النُّہٰی ﴿٪۵۵﴾
    20 : 55 Жегиле жана чарба малдарыӊарды оттоткула. Мында албетте, акыл ээлери үчүн айрым чоӊ аят-белгилер бар.
  • مِنۡہَا خَلَقۡنٰکُمۡ وَ فِیۡہَا نُعِیۡدُکُمۡ وَ مِنۡہَا نُخۡرِجُکُمۡ تَارَۃً اُخۡرٰی ﴿۵۶﴾
    20 : 56 Ал (жер)дин өзүнөн Биз силерди жаратканбыз, анын өзүнө Биз силерди кайтарып жиберебиз жана анын өзүнөн Биз силерди экинчи жолу чыгарабыз.
  • وَ لَقَدۡ اَرَیۡنٰہُ اٰیٰتِنَا کُلَّہَا فَکَذَّبَ وَ اَبٰی ﴿۵۷﴾
    20 : 57 Албетте, Биз ага аят-жышаандарыбыздын баарын көрсөттүк, бирок ал жалганга чыгарды жана четке какты.
  • قَالَ اَجِئۡتَنَا لِتُخۡرِجَنَا مِنۡ اَرۡضِنَا بِسِحۡرِکَ یٰمُوۡسٰی ﴿۵۸﴾
    20 : 58 Ал (Фараон) айтты: «Сен өз сыйкырчылыгыӊ менен бизди мекенибизден кууп чыгарыш үчүн келдиӊби, эй, Муса!
  • فَلَنَاۡتِیَنَّکَ بِسِحۡرٍ مِّثۡلِہٖ فَاجۡعَلۡ بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَکَ مَوۡعِدًا لَّا نُخۡلِفُہٗ نَحۡنُ وَ لَاۤ اَنۡتَ مَکَانًا سُوًی ﴿۵۹﴾
    20 : 59 Демек, биз дагы сага албетте, ушул сыяктуу сыйкыр келтиребиз. Ошондуктан, өзүӊ менен биздин ортобузда бир убада күнүн жана жайын белгилеп кой: ага каршы биз дагы иш тутпайлы, сен дагы. Бул (экөөбүз үчүн) теӊ келе турган бир жай болсун!»
  • قَالَ مَوۡعِدُکُمۡ یَوۡمُ الزِّیۡنَۃِ وَ اَنۡ یُّحۡشَرَ النَّاسُ ضُحًی ﴿۶۰﴾
    20 : 60 Ал (Муса) айтты: «Силер үчүн белгиленген күн майрам күнү жана шашкеде адамдар топтолсун!»
  • فَتَوَلّٰی فِرۡعَوۡنُ فَجَمَعَ کَیۡدَہٗ ثُمَّ اَتٰی ﴿۶۱﴾
    20 : 61 Ошентип, Фараон жүз буруп кетти. Анан өзүнүн айла-амалын жыйды, кийин кайра келди.
  • قَالَ لَہُمۡ مُّوۡسٰی وَیۡلَکُمۡ لَا تَفۡتَرُوۡا عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا فَیُسۡحِتَکُمۡ بِعَذَابٍ ۚ وَ قَدۡ خَابَ مَنِ افۡتَرٰی ﴿۶۲﴾
    20 : 62 Муса аларга айтты: «Алыӊарга өкүнүч болсун! Аллага жалган жалаа жаппагыла, болбосо Ал силерди азап менен ойрон кылып жиберет. Албетте, ким жалаа жапса, ал максатына жетпейт».
  • فَتَنَازَعُوۡۤا اَمۡرَہُمۡ بَیۡنَہُمۡ وَ اَسَرُّوا النَّجۡوٰی ﴿۶۳﴾
    20 : 63 Анан алар өз иштери туурасында бири-бири менен талашып турушкан жана жашыруун кеӊешип жатышкан.
  • قَالُوۡۤا اِنۡ ہٰذٰٮنِ لَسٰحِرٰنِ یُرِیۡدٰنِ اَنۡ یُّخۡرِجٰکُمۡ مِّنۡ اَرۡضِکُمۡ بِسِحۡرِہِمَا وَ یَذۡہَبَا بِطَرِیۡقَتِکُمُ الۡمُثۡلٰی ﴿۶۴﴾
    20 : 64 Алар айтышты: «Бул экөөсү болгону сыйкырчылар; алар өз сыйкырлары менен силерди жериӊерден кууп чыгарууну жана силердин эӊ жакшы каада-салтыӊарды жок кылып жиберүүнү тилешет.
  • فَاَجۡمِعُوۡا کَیۡدَکُمۡ ثُمَّ ائۡتُوۡا صَفًّا ۚ وَ قَدۡ اَفۡلَحَ الۡیَوۡمَ مَنِ اسۡتَعۡلٰی ﴿۶۵﴾
    20 : 65 Ошондуктан, айла-амалыӊарды топтоп алгыла, анан сапма-сап келгиле. Албетте, ким үстөмдүк кылса, бүгүн ошол ийгиликке чыгат».
  • قَالُوۡا یٰمُوۡسٰۤی اِمَّاۤ اَنۡ تُلۡقِیَ وَ اِمَّاۤ اَنۡ نَّکُوۡنَ اَوَّلَ مَنۡ اَلۡقٰی ﴿۶۶﴾
    20 : 66 Алар айтышты: «Эй, Муса! Сен таштайсыӊбы же (сыйкырыбызды) таштоодо биз биринчи бололубу?»
  • قَالَ بَلۡ اَلۡقُوۡا ۚ فَاِذَا حِبَالُہُمۡ وَ عِصِیُّہُمۡ یُخَیَّلُ اِلَیۡہِ مِنۡ سِحۡرِہِمۡ اَنَّہَا تَسۡعٰی ﴿۶۷﴾
    20 : 67 Ал (Муса) айтты: «Жок, силер таштагыла!» Анан кокустан ага алардын сыйкырлары себебинен жиптери жана таякчалары жүгүрүп жаткандай элестетилди.
  • فَاَوۡجَسَ فِیۡ نَفۡسِہٖ خِیۡفَۃً مُّوۡسٰی ﴿۶۸﴾
    20 : 68 Ошондо Муса ичинен бир коркунучту сезди.
  • قُلۡنَا لَا تَخَفۡ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡاَعۡلٰی ﴿۶۹﴾
    20 : 69 Биз айттык: «Коркпо! Албетте, сен гана жеӊүүчүсүӊ.
  • وَ اَلۡقِ مَا فِیۡ یَمِیۡنِکَ تَلۡقَفۡ مَا صَنَعُوۡا ؕ اِنَّمَا صَنَعُوۡا کَیۡدُ سٰحِرٍ ؕ وَ لَا یُفۡلِحُ السَّاحِرُ حَیۡثُ اَتٰی ﴿۷۰﴾
    20 : 70 Оӊ колуӊдагы нерсени ташта! Алар кылган нерселерин жутуп жиберет. Алар кылган нерселер жалаӊ бир сыйкырчынын айла-амалы. Сыйкырчы кайдан келбесин, ийгиликке жетпейт».
  • فَاُلۡقِیَ السَّحَرَۃُ سُجَّدًا قَالُوۡۤا اٰمَنَّا بِرَبِّ ہٰرُوۡنَ وَ مُوۡسٰی ﴿۷۱﴾
    20 : 71 Ошентип, сыйкырчылардын баары саждага жыгылышты. Алар айтышты: «Биз Хаарун жана Мусанын Раббисине ыйман келтирдик».
  • قَالَ اٰمَنۡتُمۡ لَہٗ قَبۡلَ اَنۡ اٰذَنَ لَکُمۡ ؕ اِنَّہٗ لَکَبِیۡرُکُمُ الَّذِیۡ عَلَّمَکُمُ السِّحۡرَ ۚ فَلَاُقَطِّعَنَّ اَیۡدِیَکُمۡ وَ اَرۡجُلَکُمۡ مِّنۡ خِلَافٍ وَّ لَاُصَلِّبَنَّکُمۡ فِیۡ جُذُوۡعِ النَّخۡلِ ۫ وَ لَتَعۡلَمُنَّ اَیُّنَاۤ اَشَدُّ عَذَابًا وَّ اَبۡقٰی ﴿۷۲﴾
    20 : 72 Ал (Фараон) айтты: «Силерге мен уруксат берүүдөн мурун ага ыйман келтирдиӊерби? Албетте, бул силерге сыйкырды үйрөткөн башчыӊар. Эми, сөзсүз мен силердин колдоруӊар жана буттарыӊарды карама-каршы жагынан кесип таштаймын жана албетте, силерди курма (дарагы)нын бутактарына асып коёмун. Ошондо силер албетте, кимибиздин азап берүүдө катуураак жана туруктуураак экенибизди билип аласыӊар».
  • قَالُوۡا لَنۡ نُّؤۡثِرَکَ عَلٰی مَا جَآءَنَا مِنَ الۡبَیِّنٰتِ وَ الَّذِیۡ فَطَرَنَا فَاقۡضِ مَاۤ اَنۡتَ قَاضٍ ؕ اِنَّمَا تَقۡضِیۡ ہٰذِہِ الۡحَیٰوۃَ الدُّنۡیَا ﴿ؕ۷۳﴾
    20 : 73 Алар айтышты: «Биз сени өзүбүзгө жетип келген ачык-айкын аят-жышаандарыбыздан эч өйдө койбойбуз жана бизди жоктон бар кылган (Алла)дан да (жогору койбойбуз). Ошондуктан, эмне кылмакчы болсоӊ, кыла бер; сен болгону ушул дүйнөлүк жашоо жөнүндө гана өкүм кыла аласыӊ.
  • اِنَّـاۤ اٰمَنَّا بِرَبِّنَا لِیَغۡفِرَ لَنَا خَطٰیٰنَا وَ مَاۤ اَکۡرَہۡتَنَا عَلَیۡہِ مِنَ السِّحۡرِ ؕ وَ اللّٰہُ خَیۡرٌ وَّ اَبۡقٰی ﴿۷۴﴾
    20 : 74 Албетте, Ал (Алла) биздин каталарыбызды жана сен бизди мажбур кылган сыйкыр иштерибизди кечирип коюусу үчүн биз Раббибизге ыйман келтирдик. Алла эӊ жакшы жана түбөлүктүү».
  • اِنَّہٗ مَنۡ یَّاۡتِ رَبَّہٗ مُجۡرِمًا فَاِنَّ لَہٗ جَہَنَّمَ ؕ لَا یَمُوۡتُ فِیۡہَا وَ لَا یَحۡیٰی ﴿۷۵﴾
    20 : 75 Албетте, ким күнөөкөр бойдон өзүнүн Раббисинин алдына келсе, ал үчүн сөзсүз тозок бар; анын ичинде ал өлө да албайт, жашай да албайт.
  • وَ مَنۡ یَّاۡتِہٖ مُؤۡمِنًا قَدۡ عَمِلَ الصّٰلِحٰتِ فَاُولٰٓئِکَ لَہُمُ الدَّرَجٰتُ الۡعُلٰی ﴿ۙ۷۶﴾
    20 : 76 Кимде-ким жакшы амалдарды кылып, момун бойдон Ал (Алла)нын алдына келсе – мына ошолор үчүн абдан жогорку даражалар бар.
  • جَنّٰتُ عَدۡنٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ وَ ذٰلِکَ جَزٰٓؤُا مَنۡ تَزَکّٰی ﴿٪۷۷﴾
    20 : 77 (Алар) ортолорунан дайралар агып турган түбөлүк бейиштер. Алар ал (бейиш)тердин ичинде түбөлүккө калуучулар болушат. Мына бул – өзүн тазалаган кишинин сыйлыгы.
  • وَ لَقَدۡ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلٰی مُوۡسٰۤی ۬ۙ اَنۡ اَسۡرِ بِعِبَادِیۡ فَاضۡرِبۡ لَہُمۡ طَرِیۡقًا فِی الۡبَحۡرِ یَبَسًا ۙ لَّا تَخٰفُ دَرَکًا وَّ لَا تَخۡشٰی ﴿۷۸﴾
    20 : 78 Албетте, Биз Мусага: «Пенделеримди түн ичинде алып кет жана аларга деӊиздеги кургак жолду танда; сага колго түшүп калуу коркунучу да болбойт жана сен коркпойсуӊ», - деп вахий кылган элек.
  • فَاَتۡبَعَہُمۡ فِرۡعَوۡنُ بِجُنُوۡدِہٖ فَغَشِیَہُمۡ مِّنَ الۡیَمِّ مَا غَشِیَہُمۡ ﴿ؕ۷۹﴾
    20 : 79 Анан алардын артынан Фараон өз аскерлери менен кууп барды, ошондо деӊиз аларды бүтүндөй каптап калды.
  • وَ اَضَلَّ فِرۡعَوۡنُ قَوۡمَہٗ وَ مَا ہَدٰی ﴿۸۰﴾
    20 : 80 Фараон өз коомун адаштырып койду, туура жолго багыттабады.
  • یٰبَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ قَدۡ اَنۡجَیۡنٰکُمۡ مِّنۡ عَدُوِّکُمۡ وَ وٰعَدۡنٰکُمۡ جَانِبَ الطُّوۡرِ الۡاَیۡمَنَ وَ نَزَّلۡنَا عَلَیۡکُمُ الۡمَنَّ وَ السَّلۡوٰی ﴿۸۱﴾
    20 : 81 «Эй, Исрааийл балдары! Албетте, Биз силерди душманыӊардан куткардык жана Турдун оӊ тарабында силер менен бир келишим түздүк, ошондой эле үстүӊөргө Манна жана Салва түшүрдүк.
  • کُلُوۡا مِنۡ طَیِّبٰتِ مَا رَزَقۡنٰکُمۡ وَ لَا تَطۡغَوۡا فِیۡہِ فَیَحِلَّ عَلَیۡکُمۡ غَضَبِیۡ ۚ وَ مَنۡ یَّحۡلِلۡ عَلَیۡہِ غَضَبِیۡ فَقَدۡ ہَوٰی ﴿۸۲﴾
    20 : 82 Биз силерге тартуулаган ырыскыдан таза нерселерди жегиле жана бул маселеде чектен ашпагыла, болбосо үстүӊөргө каарым түшөт; кимдин үстүнө Менин каарым түшсө, ал албетте, жок болот.
  • وَ اِنِّیۡ لَغَفَّارٌ لِّمَنۡ تَابَ وَ اٰمَنَ وَ عَمِلَ صَالِحًا ثُمَّ اہۡتَدٰی ﴿۸۳﴾
    20 : 83 Ким тобо кылса жана ыйман келтирсе, ошондой эле жакшы амалдарды кылса, анан хидаятка туруктуу болсо, албетте, Мен аны кечирүүчүмүн».
  • وَ مَاۤ اَعۡجَلَکَ عَنۡ قَوۡمِکَ یٰمُوۡسٰی ﴿۸۴﴾
    20 : 84 «Эй, Муса! Сени шашылыш түрдө коомуӊдан ажырашууга эмне мажбур кылды?»
  • قَالَ ہُمۡ اُولَآءِ عَلٰۤی اَثَرِیۡ وَ عَجِلۡتُ اِلَیۡکَ رَبِّ لِتَرۡضٰی ﴿۸۵﴾
    20 : 85 Ал айтты: «Алар менин изимде, эй, Раббим! Сен ыраазы болушуӊ үчүн Сага шашылдым».
  • قَالَ فَاِنَّا قَدۡ فَتَنَّا قَوۡمَکَ مِنۡۢ بَعۡدِکَ وَ اَضَلَّہُمُ السَّامِرِیُّ ﴿۸۶﴾
    20 : 86 Ал (Алла) айтты: «Сенин жоктугуӊда Биз албетте, коомуӊду сынадык; Саамирий аларды жолдон азгырды».
  • فَرَجَعَ مُوۡسٰۤی اِلٰی قَوۡمِہٖ غَضۡبَانَ اَسِفًا ۬ۚ قَالَ یٰقَوۡمِ اَلَمۡ یَعِدۡکُمۡ رَبُّکُمۡ وَعۡدًا حَسَنًا ۬ؕ اَفَطَالَ عَلَیۡکُمُ الۡعَہۡدُ اَمۡ اَرَدۡتُّمۡ اَنۡ یَّحِلَّ عَلَیۡکُمۡ غَضَبٌ مِّنۡ رَّبِّکُمۡ فَاَخۡلَفۡتُمۡ مَّوۡعِدِیۡ ﴿۸۷﴾
    20 : 87 Ошондо Муса катуу ачууланган жана өкүнгөн бойдон өз коомуна кайтып келди. Ал айтты: «Эй, коомум! Раббиӊер силерге эӊ жакшы убада берген эмес беле? Анан ант-убада мөөнөтү силерге абдан узак туюлдубу же Раббиӊердин каары үстүӊөргө түшүүсүн кааладыӊарбы? Ошентип, силер мага берген убадага каршы иш кылдыӊар».
  • قَالُوۡا مَاۤ اَخۡلَفۡنَا مَوۡعِدَکَ بِمَلۡکِنَا وَ لٰکِنَّا حُمِّلۡنَاۤ اَوۡزَارًا مِّنۡ زِیۡنَۃِ الۡقَوۡمِ فَقَذَفۡنٰہَا فَکَذٰلِکَ اَلۡقَی السَّامِرِیُّ ﴿ۙ۸۸﴾
    20 : 88 Алар айтышты: «Биз сага берген убадага өз эркибиз менен каршы иш туткан эмеспиз, бирок бизге коомдун зыйнат буюмдарынан турган жүк артылган эле, ошондо биз аны таштап жибердик. Демек, Саамирий мына ушундай баштап берди».
  • فَاَخۡرَجَ لَہُمۡ عِجۡلًا جَسَدًا لَّہٗ خُوَارٌ فَقَالُوۡا ہٰذَاۤ اِلٰـہُکُمۡ وَ اِلٰہُ مُوۡسٰی ۬ فَنَسِیَ ﴿ؕ۸۹﴾
    20 : 89 Анан ал алар үчүн үнү уй үнүндөй (жансыз) дене болгон бир музоону (жасап) чыгарды; ошондо алар айтышты: «Силердин Кудайыӊар жана Мусанын Кудайы дагы мына ушул». Демек, андан ката кетти.
  • اَفَلَا یَرَوۡنَ اَلَّا یَرۡجِعُ اِلَیۡہِمۡ قَوۡلًا ۬ۙ وَّ لَا یَمۡلِکُ لَہُمۡ ضَرًّا وَّ لَا نَفۡعًا ﴿٪۹۰﴾
    20 : 90 Алар анын өздөрүнө жооп бербестигин жана эч бир зыян жеткирүүгө да, пайда жеткирүүгө да кудурети жоктугун көрүшпөйбү?
  • وَ لَقَدۡ قَالَ لَہُمۡ ہٰرُوۡنُ مِنۡ قَبۡلُ یٰقَوۡمِ اِنَّمَا فُتِنۡتُمۡ بِہٖ ۚ وَ اِنَّ رَبَّکُمُ الرَّحۡمٰنُ فَاتَّبِعُوۡنِیۡ وَ اَطِیۡعُوۡۤا اَمۡرِیۡ ﴿۹۱﴾
    20 : 91 Чынында, мурун эле Хаарун аларга: «Эй, коомум! Силер бул аркылуу сыналдыӊар. Албетте, силердин Раббиӊер чексиз ырайым кылуучу. Ошондуктан, силер мени ээрчигиле жана менин буйругума бой сунгула!» - деп айткан эле.
  • قَالُوۡا لَنۡ نَّبۡرَحَ عَلَیۡہِ عٰکِفِیۡنَ حَتّٰی یَرۡجِعَ اِلَیۡنَا مُوۡسٰی ﴿۹۲﴾
    20 : 92 Алар айтышты: «Муса биздин алдыбызга кайтып келмейинче, биз мунун алдында албетте, отура беребиз».
  • قَالَ یٰہٰرُوۡنُ مَا مَنَعَکَ اِذۡ رَاَیۡتَہُمۡ ضَلُّوۡۤا ﴿ۙ۹۳﴾
    20 : 93 Ал (Муса) айтты: «Эй, Хаарун! Алардын жолдон чыгып кеткенин көргөнүӊдө, (аларды суракка тартуудан) сени эмне тоскон эле?
  • اَلَّا تَتَّبِعَنِ ؕ اَفَعَصَیۡتَ اَمۡرِیۡ ﴿۹۴﴾
    20 : 94 Мени ээрчүүӊдөн (сени эмне тоскон эле?) Демек, менин буйругума баш ийбестик кылдыӊбы?»
  • قَالَ یَبۡنَؤُمَّ لَا تَاۡخُذۡ بِلِحۡیَتِیۡ وَ لَا بِرَاۡسِیۡ ۚ اِنِّیۡ خَشِیۡتُ اَنۡ تَقُوۡلَ فَرَّقۡتَ بَیۡنَ بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ وَ لَمۡ تَرۡقُبۡ قَوۡلِیۡ ﴿۹۵﴾
    20 : 95 Ал (Хаарун) айтты: «Эй, энемдин уулу! Сакалым менен башымдан кармаба! Мен: «Исрааийл балдарын бөлүп жиберипсиӊ жана менин өкүмүмдү күтбөпсүӊ», - деп айтууӊдан корктум».
  • قَالَ فَمَا خَطۡبُکَ یٰسَامِرِیُّ ﴿۹۶﴾
    20 : 96 Ал (Муса) айтты: «Демек, эй, Саамирий! Бул эмне кылганыӊ?»
  • قَالَ بَصُرۡتُ بِمَا لَمۡ یَبۡصُرُوۡا بِہٖ فَقَبَضۡتُ قَبۡضَۃً مِّنۡ اَثَرِ الرَّسُوۡلِ فَنَبَذۡتُہَا وَ کَذٰلِکَ سَوَّلَتۡ لِیۡ نَفۡسِیۡ ﴿۹۷﴾
    20 : 97 Ал айтты: «Булар биле албаган нерсени мен билип алдым. Ошондо мен пайгамбардын изинен бир аз нерсени өздөштүрүп алдым, анан аны таштап жибердим. Напсим мага мына ушуну гана сонун кылып көрсөттү».
  • قَالَ فَاذۡہَبۡ فَاِنَّ لَکَ فِی الۡحَیٰوۃِ اَنۡ تَقُوۡلَ لَا مِسَاسَ ۪ وَ اِنَّ لَکَ مَوۡعِدًا لَّنۡ تُخۡلَفَہٗ ۚ وَ انۡظُرۡ اِلٰۤی اِلٰـہِکَ الَّذِیۡ ظَلۡتَ عَلَیۡہِ عَاکِفًا ؕ لَنُحَرِّقَنَّہٗ ثُمَّ لَنَنۡسِفَنَّہٗ فِی الۡیَمِّ نَسۡفًا ﴿۹۸﴾
    20 : 98 Ал (Муса) айтты: «Эми, жогол! Сен үчүн өмүр бою: «Эч качан (мага) тийбегиле», - деп айтышыӊ керек. Албетте, сен үчүн бир белгиленген убакыттын убадасы бар. Ал жөнүндө сага каршылык кылынбайт. Ошентип, сен алдында отурган өз кудайыӊа кара. Биз аны албетте, бүтүндөй күйдүрүп, анан деӊизге бүт чачып жиберебиз».
  • اِنَّمَاۤ اِلٰـہُکُمُ اللّٰہُ الَّذِیۡ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ وَسِعَ کُلَّ شَیۡءٍ عِلۡمًا ﴿۹۹﴾
    20 : 99 Албетте, силердин Кудайыӊар бир гана Алла; Анан бөлөк эч кандай кудай жок; Ал илим жагынан бардык нерселерди камтып алган.
  • کَذٰلِکَ نَقُصُّ عَلَیۡکَ مِنۡ اَنۡۢبَآءِ مَا قَدۡ سَبَقَ ۚ وَ قَدۡ اٰتَیۡنٰکَ مِنۡ لَّدُنَّا ذِکۡرًا ﴿ۖۚ۱۰۰﴾
    20 : 100 Биз сага болуп өткөн нерсенин кабарларын мына ушундай баян кылабыз. Биз сага Өз алдыбыздан Зикир тартуу кылдык.
  • مَنۡ اَعۡرَضَ عَنۡہُ فَاِنَّہٗ یَحۡمِلُ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ وِزۡرًا ﴿۱۰۱﴾ۙ
    20 : 101 Ким андан жүз бурса, кыямат күнү албетте, ал бир чоӊ жүктү көтөрөт.
  • خٰلِدِیۡنَ فِیۡہِ ؕ وَ سَآءَ لَہُمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ حِمۡلًا ﴿۱۰۲﴾ۙ
    20 : 102 Алар узак мөөнөткө чейин бул (ахвал)да калуучулар. Ал кыямат күнү аларга бир жаман жүк болуп (чыгат).
  • یَّوۡمَ یُنۡفَخُ فِی الصُّوۡرِ وَ نَحۡشُرُ الۡمُجۡرِمِیۡنَ یَوۡمَئِذٍ زُرۡقًا ﴿۱۰۳﴾ۚۖ
    20 : 103 Сурнай чалына турган күнү – ошол күнү Биз күнөөкөрлөрдү, тактап айтканда көк көздүүлөрдү жыйнайбыз.
  • یَّتَخَافَتُوۡنَ بَیۡنَہُمۡ اِنۡ لَّبِثۡتُمۡ اِلَّا عَشۡرًا ﴿۱۰۴﴾
    20 : 104 Алар өз ара акырындан: «Силер болгону он (күн гана) турдуӊар», - деп сүйлөшүп жаткан болушат.
  • نَحۡنُ اَعۡلَمُ بِمَا یَقُوۡلُوۡنَ اِذۡ یَقُوۡلُ اَمۡثَلُہُمۡ طَرِیۡقَۃً اِنۡ لَّبِثۡتُمۡ اِلَّا یَوۡمًا ﴿۱۰۵﴾٪
    20 : 105 Алар эмне дегендерин Биз абдан жакшы билебиз. Ошондо алардын арасындагы эӊ сонун жолду тандоочу айтат: «Силер болгону бир күн гана турдуӊар».
  • وَ یَسۡـَٔلُوۡنَکَ عَنِ الۡجِبَالِ فَقُلۡ یَنۡسِفُہَا رَبِّیۡ نَسۡفًا ﴿۱۰۶﴾ۙ
    20 : 106 Алар сенден тоолор туурасында сурашат. Айткын: «Раббим аларды бырчалап таштайт.
  • فَیَذَرُہَا قَاعًا صَفۡصَفًا ﴿۱۰۷﴾ۙ
    20 : 107 Анан Ал аларды бир тегиз майданга айландырып коёт.
  • لَّا تَرٰی فِیۡہَا عِوَجًا وَّ لَاۤ اَمۡتًا ﴿۱۰۸﴾ؕ
    20 : 108 Сен анда эч кандай бүдүрдү да, эч кандай өйдө-төмөндү да көрбөйсүӊ».
  • یَوۡمَئِذٍ یَّتَّبِعُوۡنَ الدَّاعِیَ لَا عِوَجَ لَہٗ ۚ وَ خَشَعَتِ الۡاَصۡوَاتُ لِلرَّحۡمٰنِ فَلَا تَسۡمَعُ اِلَّا ہَمۡسًا ﴿۱۰۹﴾
    20 : 109 Ошол күнү алар эч бир ийри-кыйшыгы болбогон үгүттөөчүнү ээрчишет; Рахмаандын урматы үчүн үндөр басаӊдап калат жана сен шыбырдан бөлөк бир дагы нерсени укпайсыӊ.
  • یَوۡمَئِذٍ لَّا تَنۡفَعُ الشَّفَاعَۃُ اِلَّا مَنۡ اَذِنَ لَہُ الرَّحۡمٰنُ وَ رَضِیَ لَہٗ قَوۡلًا ﴿۱۱۰﴾
    20 : 110 Мына ошол күнү Рахмаандын Өзү уруксат берген жана сөздөрү Ал (Алла)га жага турган бирөөдөн тышкары эч кимге шапаат пайда бербейт.
  • یَعۡلَمُ مَا بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مَا خَلۡفَہُمۡ وَ لَا یُحِیۡطُوۡنَ بِہٖ عِلۡمًا ﴿۱۱۱﴾
    20 : 111 Ал алардын алдындагыны да, артындагыны да билет, алар болсо илим аркылуу Аны курчап алалбайт.
  • وَ عَنَتِ الۡوُجُوۡہُ لِلۡحَیِّ الۡقَیُّوۡمِ ؕ وَ قَدۡ خَابَ مَنۡ حَمَلَ ظُلۡمًا ﴿۱۱۲﴾
    20 : 112 Жүздөр Тирүү жана Туруктуунун каршысында таазим кылат. Кандайдыр бир зулум жүгүн көтөргөн бирөө ийгиликке жете албайт.
  • وَ مَنۡ یَّعۡمَلۡ مِنَ الصّٰلِحٰتِ وَ ہُوَ مُؤۡمِنٌ فَلَا یَخٰفُ ظُلۡمًا وَّ لَا ہَضۡمًا ﴿۱۱۳﴾
    20 : 113 Ким момун болгон бойдон жакшылык кылган болсо, ал эч бир зулумдук же акысыздыктан кооптонбойт.
  • وَ کَذٰلِکَ اَنۡزَلۡنٰہُ قُرۡاٰنًا عَرَبِیًّا وَّ صَرَّفۡنَا فِیۡہِ مِنَ الۡوَعِیۡدِ لَعَلَّہُمۡ یَتَّقُوۡنَ اَوۡ یُحۡدِثُ لَہُمۡ ذِکۡرًا ﴿۱۱۴﴾
    20 : 114 Мына ушундай Биз аны араб тилинде кызыл тилдүү-толук Куран катары түшүрдүк жана анын ичинде ар түркүн эскертүүлөрдү баян кылдык. Ыктымал, алар такыба болушаар же ал алар үчүн кандайдыр бир ибарат алааматын көрсөтөөр.
  • فَتَعٰلَی اللّٰہُ الۡمَلِکُ الۡحَقُّ ۚ وَ لَا تَعۡجَلۡ بِالۡقُرۡاٰنِ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ یُّقۡضٰۤی اِلَیۡکَ وَحۡیُہٗ ۫ وَ قُلۡ رَّبِّ زِدۡنِیۡ عِلۡمًا ﴿۱۱۵﴾
    20 : 115 Алла – чыныгы падыша, эӊ жогорку урматтуу! Ошентип, сага анын вахий-аяны толук кылынуудан мурун Куран(ды окуу)да шашылба жана: «Эй, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн», - деп айт.
  • وَ لَقَدۡ عَہِدۡنَاۤ اِلٰۤی اٰدَمَ مِنۡ قَبۡلُ فَنَسِیَ وَ لَمۡ نَجِدۡ لَہٗ عَزۡمًا ﴿۱۱۶﴾٪
    20 : 116 Албетте, Биз мындан мурун Адам менен дагы келишим түзгөн элек; бирок ал унутуп койду; Биз анда (аны бузууга) ниет таппадык.
  • وَ اِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلٰٓئِکَۃِ اسۡجُدُوۡا لِاٰدَمَ فَسَجَدُوۡۤا اِلَّاۤ اِبۡلِیۡسَ ؕ اَبٰی ﴿۱۱۷﴾
    20 : 117 Биз периштелерге: «Адам үчүн сажда кылгыла», - дегенибизде, Иблистен тышкары алардын баары сажда кылышты. Ал баш тартты.
  • فَقُلۡنَا یٰۤـاٰدَمُ اِنَّ ہٰذَا عَدُوٌّ لَّکَ وَ لِزَوۡجِکَ فَلَا یُخۡرِجَنَّکُمَا مِنَ الۡجَنَّۃِ فَتَشۡقٰی ﴿۱۱۸﴾
    20 : 118 Ошондо Биз айттык: «Эй, Адам! Албетте, бул сага дагы, аялыӊа дагы душман; ошондуктан, ал экөөӊөрдү эч качан бейиштен чыгарбасын! Болбосо, сен бактысыз болуп каласыӊ.
  • اِنَّ لَکَ اَلَّا تَجُوۡعَ فِیۡہَا وَ لَا تَعۡرٰی ﴿۱۱۹﴾ۙ
    20 : 119 Анын ичинде ач-жылаӊач болуп калбастыгыӊ сенин бакытыӊ.
  • وَ اَنَّکَ لَا تَظۡمَؤُا فِیۡہَا وَ لَا تَضۡحٰی ﴿۱۲۰﴾
    20 : 120 Ошондой эле анда чаӊкабастыгыӊ жана аптапта күйбөстүгүӊ (дагы).
  • فَوَسۡوَسَ اِلَیۡہِ الشَّیۡطٰنُ قَالَ یٰۤـاٰدَمُ ہَلۡ اَدُلُّکَ عَلٰی شَجَرَۃِ الۡخُلۡدِ وَ مُلۡکٍ لَّا یَبۡلٰی ﴿۱۲۱﴾
    20 : 121 Анан шайтан ага васваса-азгырык салып: «Эй, Адам! Мен сени түбөлүк бак-дарак жөнүндө жана эч качан чирибей турган бийлик жөнүндө кулактандырайынбы?» - деди.
  • فَاَکَلَا مِنۡہَا فَبَدَتۡ لَہُمَا سَوۡاٰتُہُمَا وَ طَفِقَا یَخۡصِفٰنِ عَلَیۡہِمَا مِنۡ وَّرَقِ الۡجَنَّۃِ ۫ وَ عَصٰۤی اٰدَمُ رَبَّہٗ فَغَوٰی ﴿۱۲۲﴾۪ۖ
    20 : 122 Ошентип, экөөсү андан бир аз жешти жана уяттуу жерлери өздөрүнө ачылып калды; алар бейиш жалбырактары менен өздөрүн жаба башташты; Адам Раббисине баш ийбестик кылды жана жолдон тайды.
  • ثُمَّ اجۡتَبٰہُ رَبُّہٗ فَتَابَ عَلَیۡہِ وَ ہَدٰی ﴿۱۲۳﴾
    20 : 123 Анан Раббиси аны тандап алды, тобону кабыл кылган бойдон ага айкөлдүк кылды жана аны туура жолго салды.
  • قَالَ اہۡبِطَا مِنۡہَا جَمِیۡعًۢا بَعۡضُکُمۡ لِبَعۡضٍ عَدُوٌّ ۚ فَاِمَّا یَاۡتِیَنَّکُمۡ مِّنِّیۡ ہُدًی ۬ۙ فَمَنِ اتَّبَعَ ہُدَایَ فَلَا یَضِلُّ وَ لَا یَشۡقٰی ﴿۱۲۴﴾
    20 : 124 Ал (Алла) айтты: «Мындан экөөӊөр бардык шериктериӊер менен бирге чыгып кеткиле! Силердин айрымдарыӊар-айрымдарыӊарга душман болуп каласыӊар. Демек, силерге Мен тараптан хидаят келгенде, кимде -ким хидаятымды аркаласа, ал адашпайт дагы, бактысыз да болбойт.
  • وَ مَنۡ اَعۡرَضَ عَنۡ ذِکۡرِیۡ فَاِنَّ لَہٗ مَعِیۡشَۃً ضَنۡکًا وَّ نَحۡشُرُہٗ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ اَعۡمٰی ﴿۱۲۵﴾
    20 : 125 Жана ким Мени эске алуудан жүз бурса, албетте, ал үчүн жашоо тар болот; кыямат күнү Биз аны сокур абалында тургузабыз».
  • قَالَ رَبِّ لِمَ حَشَرۡتَنِیۡۤ اَعۡمٰی وَ قَدۡ کُنۡتُ بَصِیۡرًا ﴿۱۲۶﴾
    20 : 126 Ал айтат: «Эй, Раббим! Эмнеге мени сокур бойдон тургуздуӊ? Ал эми мен жакшылап көрчү элем».
  • قَالَ کَذٰلِکَ اَتَتۡکَ اٰیٰتُنَا فَنَسِیۡتَہَا ۚ وَکَذٰلِکَ الۡیَوۡمَ تُنۡسٰی ﴿۱۲۷﴾
    20 : 127 Ал (Алла) айтты: «Ушундай (болот!) Сага Биздин аяттарыбыз келе берген, ошого карабастан сен аларды унута бердиӊ. Ошондуктан, бүгүн сен дагы дал ошондой унутулуп жиберилесиӊ».
  • وَ کَذٰلِکَ نَجۡزِیۡ مَنۡ اَسۡرَفَ وَ لَمۡ یُؤۡمِنۡۢ بِاٰیٰتِ رَبِّہٖ ؕ وَ لَعَذَابُ الۡاٰخِرَۃِ اَشَدُّ وَ اَبۡقٰی ﴿۱۲۸﴾
    20 : 128 Ысырап кылган жана Раббисинин аяттарына ыйман келтирбеген кишини Биз мына ушундай жазалайбыз. Акырет азабы катуураак жана туруп калуучу.
  • اَفَلَمۡ یَہۡدِ لَہُمۡ کَمۡ اَہۡلَکۡنَا قَبۡلَہُمۡ مِّنَ الۡقُرُوۡنِ یَمۡشُوۡنَ فِیۡ مَسٰکِنِہِمۡ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّاُولِی النُّہٰی ﴿۱۲۹﴾٪
    20 : 129 Демек, алардан мурун канчалаган замандардын адамдарын жок кылып жибергенибиз алардын хидаят табышына себепкер болгон жокпу? Ошолордун турак жайында алар жүрүп турушат. Албетте, мында акыл ээлери үчүн аят-белгилер бар.
  • وَ لَوۡ لَا کَلِمَۃٌ سَبَقَتۡ مِنۡ رَّبِّکَ لَکَانَ لِزَامًا وَّ اَجَلٌ مُّسَمًّی ﴿۱۳۰﴾ؕ
    20 : 130 Эгер Раббиӊ тарабынан бир сөз жана бир белгилүү мөөнөт белгиленип коюлбаганда, ал бир жабышып тура турган (азапка) айланып калмак.
  • فَاصۡبِرۡ عَلٰی مَا یَقُوۡلُوۡنَ وَ سَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّکَ قَبۡلَ طُلُوۡعِ الشَّمۡسِ وَ قَبۡلَ غُرُوۡبِہَا ۚ وَ مِنۡ اٰنَآیِٔ الَّیۡلِ فَسَبِّحۡ وَ اَطۡرَافَ النَّہَارِ لَعَلَّکَ تَرۡضٰی ﴿۱۳۱﴾
    20 : 131 Демек, алар айтып жаткан кепке сабыр кыл жана Раббиӊе мактоосу менен тасбийх айт; ыраазы болушуӊ үчүн күн чыккандан мурун жана анын батышынан мурда, ошондой эле түнкүсүн тасбийх айт жана күндүн ар тарабында дагы!
  • وَ لَا تَمُدَّنَّ عَیۡنَیۡکَ اِلٰی مَا مَتَّعۡنَا بِہٖۤ اَزۡوَاجًا مِّنۡہُمۡ زَہۡرَۃَ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۬ۙ لِنَفۡتِنَہُمۡ فِیۡہِ ؕ وَ رِزۡقُ رَبِّکَ خَیۡرٌ وَّ اَبۡقٰی ﴿۱۳۲﴾
    20 : 132 Биз алардын айрым тайпаларын сыноо үчүн аларга дүйнөлүк жашоонун зыйнаты катары тартуулаган убактылуу пайдага көздөрүӊдү кадаба! Раббиӊдин ырыскысы абдан жакшы жана түбөлүктүүрөөк.
  • وَ اۡمُرۡ اَہۡلَکَ بِالصَّلٰوۃِ وَ اصۡطَبِرۡ عَلَیۡہَا ؕ لَا نَسۡـَٔلُکَ رِزۡقًا ؕ نَحۡنُ نَرۡزُقُکَ ؕ وَ الۡعَاقِبَۃُ لِلتَّقۡوٰی ﴿۱۳۳﴾
    20 : 133 Ошондой эле үй-бүлөӊдү намазга буюруп тур жана ага дайыма туруктуу бол; Биз сенден эч кандай ырыскы талап кылбайбыз; Биз Өзүбүз сага ырыскы тартуулайбыз. Жакшы акыбет такыбаныкы болот.
  • وَ قَالُوۡا لَوۡ لَا یَاۡتِیۡنَا بِاٰیَۃٍ مِّنۡ رَّبِّہٖ ؕ اَوَ لَمۡ تَاۡتِہِمۡ بَیِّنَۃُ مَا فِی الصُّحُفِ الۡاُوۡلٰی ﴿۱۳۴﴾
    20 : 134 Алар айтышат: «Эмнеге ал өзүнүн Раббисинен эч бир аят-белги келтирбейт?» Акыры, мурунку китепчелерде болгон ачык-айкын далил аларга келген жокпу?»
  • وَ لَوۡ اَنَّـاۤ اَہۡلَکۡنٰہُمۡ بِعَذَابٍ مِّنۡ قَبۡلِہٖ لَقَالُوۡا رَبَّنَا لَوۡ لَاۤ اَرۡسَلۡتَ اِلَیۡنَا رَسُوۡلًا فَنَتَّبِعَ اٰیٰتِکَ مِنۡ قَبۡلِ اَنۡ نَّذِلَّ وَ نَخۡزٰی ﴿۱۳۵﴾
    20 : 135 Эгер Биз аларды мындан мурун кандайдыр бир азап аркылуу жок кылып жибергенибизде, алар албетте: «Эй, Раббибиз! Биз кор жана шерменде болуп калуубуздан мурунураак аяттарыӊды ээрчүүбүз үчүн неге бизге пайгамбар жөнөтпөдүӊ?» - дешет.
  • قُلۡ کُلٌّ مُّتَرَبِّصٌ فَتَرَبَّصُوۡا ۚ فَسَتَعۡلَمُوۡنَ مَنۡ اَصۡحٰبُ الصِّرَاطِ السَّوِیِّ وَ مَنِ اہۡتَدٰی ﴿۱۳۶﴾٪
    20 : 136 Айткын: «Ар бири күтүүчү. Ошондуктан, силер дагы күткүлө! Анан силер албетте, туура жол ээлери кимдер экенин жана ким хидаят тапканын билип аласыӊар».
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via