Курани карим Аш-Шуураа • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الشّوریٰ

Аш-Шуураа

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    42 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • حٰمٓ ۚ﴿۲﴾
    42 : 2 Хамийдун Мажийдун: мактоолор ээси, улуу даражалуу.
  • عٓسٓقٓ ﴿۳﴾
    42 : 3 Алиймун, Самийъун, Кадийрун: эӊ билүүчү, эӊ угуучу жана эӊ кудуреттүү.
  • کَذٰلِکَ یُوۡحِیۡۤ اِلَیۡکَ وَ اِلَی الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکَ ۙ اللّٰہُ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۴﴾
    42 : 4 Ушундайча, эӊ жеӊүүчү (жана) акылман Алла сага вахий кылат жана сенден мурункуларга дагы (вахий) кылып турган.
  • لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ وَ ہُوَ الۡعَلِیُّ الۡعَظِیۡمُ ﴿۵﴾
    42 : 5 Асмандар жана жердеги бардык нерселер Аныкы. Ал абдан жогорку мартабалуу (жана) эӊ улук.
  • تَکَادُ السَّمٰوٰتُ یَتَفَطَّرۡنَ مِنۡ فَوۡقِہِنَّ وَ الۡمَلٰٓئِکَۃُ یُسَبِّحُوۡنَ بِحَمۡدِ رَبِّہِمۡ وَ یَسۡتَغۡفِرُوۡنَ لِمَنۡ فِی الۡاَرۡضِ ؕ اَلَاۤ اِنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡغَفُوۡرُ الرَّحِیۡمُ ﴿۶﴾
    42 : 6 Периштелердин Раббисине мактоосу менен тасбийх айтып тургандарына жана жердегилер үчүн кечирим сурап тургандарына карабастан, асмандардын төбөсүнөн жарылып кетишине аз калды. Кулак салгыла! Албетте, Алла гана өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءَ اللّٰہُ حَفِیۡظٌ عَلَیۡہِمۡ ۫ۖ وَ مَاۤ اَنۡتَ عَلَیۡہِمۡ بِوَکِیۡلٍ ﴿۷﴾
    42 : 7 Жана Андан башкаларды дос кылып алгандардын үстүндө дагы Алланын Өзү күзөтүүчү. Сен болсо, алардын үстүндө кароолчу эмессиӊ.
  • وَ کَذٰلِکَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ قُرۡاٰنًا عَرَبِیًّا لِّتُنۡذِرَ اُمَّ الۡقُرٰی وَ مَنۡ حَوۡلَہَا وَ تُنۡذِرَ یَوۡمَ الۡجَمۡعِ لَا رَیۡبَ فِیۡہِ ؕ فَرِیۡقٌ فِی الۡجَنَّۃِ وَ فَرِیۡقٌ فِی السَّعِیۡرِ ﴿۸﴾
    42 : 8 Ушундайча, сен кыштактардын энесин жана анын тегерегиндегилерди кулактандырышыӊ үчүн жана эч кандай шек-күмөн болбогон топтоло турган күндөн кулактандырышыӊ үчүн Биз сага арабча Куранды вахий кылдык. Бир тайпа бейиште болот, бир тайпа болсо, жалындаган отто.
  • وَ لَوۡ شَآءَ اللّٰہُ لَجَعَلَہُمۡ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً وَّ لٰکِنۡ یُّدۡخِلُ مَنۡ یَّشَآءُ فِیۡ رَحۡمَتِہٖ ؕ وَ الظّٰلِمُوۡنَ مَا لَہُمۡ مِّنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا نَصِیۡرٍ ﴿۹﴾
    42 : 9 Жана эгер Алла каалаганда, аларды бир эле жамаат кылган болоор эле. Бирок Ал Өзү каалаган бирөөнү Өз рахматына киргизет. Заалимдерге келе турган болсок, алар үчүн бир дагы дос, бир дагы жардамчы жок.
  • اَمِ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اَوۡلِیَآءَ ۚ فَاللّٰہُ ہُوَ الۡوَلِیُّ وَ ہُوَ یُحۡیِ الۡمَوۡتٰی ۫ وَ ہُوَ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ٪﴿۱۰﴾
    42 : 10 Алар Андан башкаларды өздөрүнө дос кылып алыштыбы? Жалгыз Алла гана эӊ жакшы дос. Ал (Алла) гана өлүктөрдү тирилтет. Ал Өзү каалаган бардык нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • وَ مَا اخۡتَلَفۡتُمۡ فِیۡہِ مِنۡ شَیۡءٍ فَحُکۡمُہٗۤ اِلَی اللّٰہِ ؕ ذٰلِکُمُ اللّٰہُ رَبِّیۡ عَلَیۡہِ تَوَکَّلۡتُ ٭ۖ وَ اِلَیۡہِ اُنِیۡبُ ﴿۱۱﴾
    42 : 11 Жанан силер эмненин үстүндө талашсаӊар, анын өкүмү Алланын колунда. Раббим болгон Алла – мына ушул. Мен Ага гана тобокел кыламын жана Анын Өзүнө гана ийилемин.
  • فَاطِرُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ جَعَلَ لَکُمۡ مِّنۡ اَنۡفُسِکُمۡ اَزۡوَاجًا وَّ مِنَ الۡاَنۡعَامِ اَزۡوَاجًا ۚ یَذۡرَؤُکُمۡ فِیۡہِ ؕ لَیۡسَ کَمِثۡلِہٖ شَیۡءٌ ۚ وَ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡبَصِیۡرُ ﴿۱۲﴾
    42 : 12 Ал асмандар жана жерди жоктон бар кылуучу. Ал силер үчүн өзүӊөрдөн жуптарды жаратты жана чарба малдарынын жуптарын дагы. Ал силерди ал (жер)де көбөйтөт. Ага окшош эч нерсе жок. Ал абдан угуучу (жана) тереӊ күзөтүүчү.
  • لَہٗ مَقَالِیۡدُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ۚ یَبۡسُطُ الرِّزۡقَ لِمَنۡ یَّشَآءُ وَ یَقۡدِرُ ؕ اِنَّہٗ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۱۳﴾
    42 : 13 Асмандар жана жердин ачкычтары Анын ээлигинде. Ал Өзү каалаганы үчүн ырыскыны көбөйтөт жана кемитет. Албетте, Ал бардык нерсени абдан жакшы билүүчү.
  • شَرَعَ لَکُمۡ مِّنَ الدِّیۡنِ مَا وَصّٰی بِہٖ نُوۡحًا وَّ الَّذِیۡۤ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ وَ مَا وَصَّیۡنَا بِہٖۤ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ مُوۡسٰی وَ عِیۡسٰۤی اَنۡ اَقِیۡمُوا الدِّیۡنَ وَ لَا تَتَفَرَّقُوۡا فِیۡہِ ؕ کَبُرَ عَلَی الۡمُشۡرِکِیۡنَ مَا تَدۡعُوۡہُمۡ اِلَیۡہِ ؕ اَللّٰہُ یَجۡتَبِیۡۤ اِلَیۡہِ مَنۡ یَّشَآءُ وَ یَہۡدِیۡۤ اِلَیۡہِ مَنۡ یُّنِیۡبُ ﴿۱۴﴾
    42 : 14 Ал силерге динден Нухка да насаат (кылып) буюрган нерсени, Биз сага вахий кылган нерсени, Биз Ибраахийм, Муса жана Исага насаат (кылып) буюрган нерсени өкүм кылды. Ал мына ушундай болчу: силер динди бекем орноткула жана бул туурасында такыр талаш-тартыш чыгарбагыла. Мушриктер үчүн сен аларды даават кылып жаткан нерсе абдан оор. Алла каалаган кишини Өзү үчүн тандап алат жана (Өзүнө) ийилген кишини Өзү(нө) хидаят кылат.
  • وَ مَا تَفَرَّقُوۡۤا اِلَّا مِنۡۢ بَعۡدِ مَا جَآءَہُمُ الۡعِلۡمُ بَغۡیًۢا بَیۡنَہُمۡ ؕ وَ لَوۡ لَا کَلِمَۃٌ سَبَقَتۡ مِنۡ رَّبِّکَ اِلٰۤی اَجَلٍ مُّسَمًّی لَّقُضِیَ بَیۡنَہُمۡ ؕ وَ اِنَّ الَّذِیۡنَ اُوۡرِثُوا الۡکِتٰبَ مِنۡۢ بَعۡدِہِمۡ لَفِیۡ شَکٍّ مِّنۡہُ مُرِیۡبٍ ﴿۱۵﴾
    42 : 15 Жана алар өздөрүнө илим келген соӊ, өз ара баш ийбестик кылган бойдон гана талаш-тартыш чыгарышты. Эгер Раббиӊдин ушул буйругу белгиленген мөөнөткө чейин болбогондо, албетте, алардын ортосунда өкүм кылынган болоор эле. Албетте, алардан кийин Китепке мураскер кылынып коюлгандар ал тууралуу бир тынчтык бербеген шек-күмөндө.
  • فَلِذٰلِکَ فَادۡعُ ۚ وَ اسۡتَقِمۡ کَمَاۤ اُمِرۡتَ ۚ وَ لَا تَتَّبِعۡ اَہۡوَآءَہُمۡ ۚ وَ قُلۡ اٰمَنۡتُ بِمَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ مِنۡ کِتٰبٍ ۚ وَ اُمِرۡتُ لِاَعۡدِلَ بَیۡنَکُمۡ ؕ اَللّٰہُ رَبُّنَا وَ رَبُّکُمۡ ؕ لَنَاۤ اَعۡمَالُنَا وَ لَکُمۡ اَعۡمَالُکُمۡ ؕ لَا حُجَّۃَ بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَکُمۡ ؕ اَللّٰہُ یَجۡمَعُ بَیۡنَنَا ۚ وَ اِلَیۡہِ الۡمَصِیۡرُ ﴿ؕ۱۶﴾
    42 : 16 Ошентип, мына ушунун негизинде сен аларды даават кылышыӊ керек жана сага буюрулганы сыяктуу өз көз карашыӊда бекем болушуӊ керек. Алардын жеӊил ойлуу напсилерин ээрчибе жана айт: «Мен Китептин сөздөрүнөн Алла түшүргөн нерсеге ыйман келтиргенмин жана ортоӊордо адилет менен өкүм кылуу мага буюрулган. Алла гана биздин да Раббибиз, силердин да Раббиӊер. Биз үчүн биздин амалдарыбыз, а силер үчүн силердин амалдарыӊар. Силер менен биздин ортобузда эч кандай талашуу жок. Алла бизди топтойт жана Ага гана кайтуу бар».
  • وَ الَّذِیۡنَ یُحَآجُّوۡنَ فِی اللّٰہِ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا اسۡتُجِیۡبَ لَہٗ حُجَّتُہُمۡ دَاحِضَۃٌ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ وَ عَلَیۡہِمۡ غَضَبٌ وَّ لَہُمۡ عَذَابٌ شَدِیۡدٌ ﴿۱۷﴾
    42 : 17 Жана Алла туурасында Анын кабыл алынганынан кийин да, талаша тургандардын далили Раббисинин алдында куру-бекер. Алардын үстүнө каар түшөт жана алар үчүн катуу азап бар.
  • اَللّٰہُ الَّذِیۡۤ اَنۡزَلَ الۡکِتٰبَ بِالۡحَقِّ وَ الۡمِیۡزَانَ ؕ وَ مَا یُدۡرِیۡکَ لَعَلَّ السَّاعَۃَ قَرِیۡبٌ ﴿۱۸﴾
    42 : 18 Алла чындык менен Китеп жана таразаны түшүргөн. «Сааттын» жакын болуу ыктымалы бар экенин сен кайдан билесиӊ?!
  • یَسۡتَعۡجِلُ بِہَا الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِہَا ۚ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مُشۡفِقُوۡنَ مِنۡہَا ۙ وَ یَعۡلَمُوۡنَ اَنَّہَا الۡحَقُّ ؕ اَلَاۤ اِنَّ الَّذِیۡنَ یُمَارُوۡنَ فِی السَّاعَۃِ لَفِیۡ ضَلٰلٍۭ بَعِیۡدٍ ﴿۱۹﴾
    42 : 19 Ага ыйман келтирбей тургандар гана аны тездетүүнү каалашат. Ыйман келтиргендер болсо, андан коркууга түшүшөт жана анын акыйкат экенин билишет. Кулак салгыла! «Саат» туурасында талаша тургандар алыстагы адашууда.
  • اَللّٰہُ لَطِیۡفٌۢ بِعِبَادِہٖ یَرۡزُقُ مَنۡ یَّشَآءُ ۚ وَ ہُوَ الۡقَوِیُّ الۡعَزِیۡزُ ﴿٪۲۰﴾
    42 : 20 Алла Өз пенделерине мээримдүү. Ал Өзү каалаган кишиге ырыскы берет. Ал өтө күчтүү (жана) эӊ жеӊүүчү.
  • مَنۡ کَانَ یُرِیۡدُ حَرۡثَ الۡاٰخِرَۃِ نَزِدۡ لَہٗ فِیۡ حَرۡثِہٖ ۚ وَ مَنۡ کَانَ یُرِیۡدُ حَرۡثَ الدُّنۡیَا نُؤۡتِہٖ مِنۡہَا وَ مَا لَہٗ فِی الۡاٰخِرَۃِ مِنۡ نَّصِیۡبٍ ﴿۲۱﴾
    42 : 21 Ким акырет түшүмүн кааласа, Биз ал үчүн анын түшүмүн мол кылабыз; ким дүйнө түшүмүн тилесе, Биз ага ошондон беребиз. Акыретте болсо, ал үчүн эч кандай үлүш болбойт.
  • اَمۡ لَہُمۡ شُرَکٰٓؤُا شَرَعُوۡا لَہُمۡ مِّنَ الدِّیۡنِ مَا لَمۡ یَاۡذَنۡۢ بِہِ اللّٰہُ ؕ وَ لَوۡ لَا کَلِمَۃُ الۡفَصۡلِ لَقُضِیَ بَیۡنَہُمۡ ؕ وَ اِنَّ الظّٰلِمِیۡنَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۲۲﴾
    42 : 22 Алла эч буюрбаган нерселерди аларга диний таалимдер катары буюрган шериктер аларга коргоочуларбы? Эгер өкүм кылуу ыкмасы тууралуу буйрук болбогондо, алардын ортосунда дароо өкүм чыгарылган болоор эле. Албетте, заалимдер үчүн оор азап бар.
  • تَرَی الظّٰلِمِیۡنَ مُشۡفِقِیۡنَ مِمَّا کَسَبُوۡا وَ ہُوَ وَاقِعٌۢ بِہِمۡ ؕ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ فِیۡ رَوۡضٰتِ الۡجَنّٰتِ ۚ لَہُمۡ مَّا یَشَآءُوۡنَ عِنۡدَ رَبِّہِمۡ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَضۡلُ الۡکَبِیۡرُ ﴿۲۳﴾
    42 : 23 Сен заалимдерди жасаган кылмыштары үчүн коркууга түшкөн абалында көрөсүӊ, ошентсе да, ал аларга түшүүчү. Ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандар – алар бейиштин бактарында болушат. Алар Раббисинин алдында өздөрү арзуу кылып жүргөн нерселерди табышат. Эӊ чоӊ берешендик – мына ушул.
  • ذٰلِکَ الَّذِیۡ یُبَشِّرُ اللّٰہُ عِبَادَہُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ ؕ قُلۡ لَّاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ اَجۡرًا اِلَّا الۡمَوَدَّۃَ فِی الۡقُرۡبٰی ؕ وَ مَنۡ یَّقۡتَرِفۡ حَسَنَۃً نَّزِدۡ لَہٗ فِیۡہَا حُسۡنًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ شَکُوۡرٌ ﴿۲۴﴾
    42 : 24 Бул – Алла Өзүнүн ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган пенделерине куш кабар берип турган нерсе. Айткын: «Мен бул үчүн силерден туугандар менен жылуу алакада болушуӊардан бөлөк эч кандай сыйлыкты сурабаймын». Кимде-ким (арадан көтөрүлүп кеткен) бир жакшылыкты тургузса, Биз ал үчүн аны дагы чырайлуураак кылып коёбуз. Албетте, Алла абдан кечирүүчү (жана) шүкүрдү кабыл кылуучу.
  • اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ افۡتَرٰی عَلَی اللّٰہِ کَذِبًا ۚ فَاِنۡ یَّشَاِ اللّٰہُ یَخۡتِمۡ عَلٰی قَلۡبِکَ ؕ وَ یَمۡحُ اللّٰہُ الۡبَاطِلَ وَ یُحِقُّ الۡحَقَّ بِکَلِمٰتِہٖ ؕ اِنَّہٗ عَلِیۡمٌۢ بِذَاتِ الصُّدُوۡرِ ﴿۲۵﴾
    42 : 25 Алар: «Ал Аллага каршы жалганды ойлоп чыгарды», - дешеби? Ырас, эгер Алла каалаганда, сенин жүрөгүӊдү мөөрлөп койгон болоор эле. Алла жалганды өчүрүп, чындыкты Өзүнүн сөздөрү менен далилдейт. Албетте, Ал көкүрөктөрдөгү нерселерди жакшы билет.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ یَقۡبَلُ التَّوۡبَۃَ عَنۡ عِبَادِہٖ وَ یَعۡفُوۡا عَنِ السَّیِّاٰتِ وَ یَعۡلَمُ مَا تَفۡعَلُوۡنَ ﴿ۙ۲۶﴾
    42 : 26 Жана Ал пенделери тарабынан тобону кабыл ала турган, жамандыктарды кечире турган жана силер кылып жаткан амалдарыӊарды билген (Алла).
  • وَ یَسۡتَجِیۡبُ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَمِلُوا الصّٰلِحٰتِ وَ یَزِیۡدُہُمۡ مِّنۡ فَضۡلِہٖ ؕ وَ الۡکٰفِرُوۡنَ لَہُمۡ عَذَابٌ شَدِیۡدٌ ﴿۲۷﴾
    42 : 27 Ал (Алла) ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылгандардын дубаларын кабыл кылат жана Өзүнүн берешендигинен аларды көбөйтөт. Каапырларга болсо, абдан катуу азап бар.
  • وَ لَوۡ بَسَطَ اللّٰہُ الرِّزۡقَ لِعِبَادِہٖ لَبَغَوۡا فِی الۡاَرۡضِ وَ لٰکِنۡ یُّنَزِّلُ بِقَدَرٍ مَّا یَشَآءُ ؕ اِنَّہٗ بِعِبَادِہٖ خَبِیۡرٌۢ بَصِیۡرٌ ﴿۲۸﴾
    42 : 28 Жана эгер Алла Өзүнүн пенделери үчүн ырыскыны мол кылып койгондо, алар албетте, жерде баш ийбестик кылышмак. Бирок Ал Өзү каалаган нерсени бир өлчөмгө ылайык түшүрөт. Албетте, Ал Өзүнүн пенделеринен дайыма кабардар (жана аларды) тереӊ күзөтүүчү.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ یُنَزِّلُ الۡغَیۡثَ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا قَنَطُوۡا وَ یَنۡشُرُ رَحۡمَتَہٗ ؕ وَ ہُوَ الۡوَلِیُّ الۡحَمِیۡدُ ﴿۲۹﴾
    42 : 29 Жана Ал алар үмүтсүздүккө түшүп калгандарынан кийин жамгыр жаадыра турган жана Өзүнүн рахматын кеӊ жайылта турган (Алла). Ал гана коргоочу (жана) мактоого ылайык.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہٖ خَلۡقُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَثَّ فِیۡہِمَا مِنۡ دَآبَّۃٍ ؕ وَ ہُوَ عَلٰی جَمۡعِہِمۡ اِذَا یَشَآءُ قَدِیۡرٌ ﴿٪۳۰﴾
    42 : 30 Асмандар жана жердин бир бүтүндүккө келиши жана ал экөөсүндө теӊ Ал (Алла) таркатып жиберген жүрүүчү жаныбарлар Анын аят-жышаандарынан. Ал Өзү каалаганда, аларды жыйып алууга күчү жетүүчү.
  • وَ مَاۤ اَصَابَکُمۡ مِّنۡ مُّصِیۡبَۃٍ فَبِمَا کَسَبَتۡ اَیۡدِیۡکُمۡ وَ یَعۡفُوۡا عَنۡ کَثِیۡرٍ ﴿ؕ۳۱﴾
    42 : 31 Жана силерге жете турган ар бир балээ колдоруӊар кылган амалдар себептүү. Ал болсо, көптөгөн (күнөөлөр)дү кечирип жиберет.
  • وَ مَاۤ اَنۡتُمۡ بِمُعۡجِزِیۡنَ فِی الۡاَرۡضِ ۚۖ وَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مِنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا نَصِیۡرٍ ﴿۳۲﴾
    42 : 32 Жана силер жерде алсыз калтыруучу боло албайсыӊар. Алладан өзгө силерге бир дагы коргоочу, бир дагы жардамчы жок.
  • وَ مِنۡ اٰیٰتِہِ الۡجَوَارِ فِی الۡبَحۡرِ کَالۡاَعۡلَامِ ﴿ؕ۳۳﴾
    42 : 33 Жана деӊизде (сүзүп) жүрүүчү тоолордой (бийик) кемелер Анын аят-жышаандарынан.
  • اِنۡ یَّشَاۡ یُسۡکِنِ الرِّیۡحَ فَیَظۡلَلۡنَ رَوَاکِدَ عَلٰی ظَہۡرِہٖ ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّکُلِّ صَبَّارٍ شَکُوۡرٍ ﴿ۙ۳۴﴾
    42 : 34 Эгер ал кааласа, шамалды токтотуп коёт, анда алар ал (деӊиз) үстүндө токтогон бойдон калышы мүмкүн. Албетте, мында ар бир өтө сабыр кылуучу (жана) өтө шүкүр кылуучу үчүн аят-белгилер бар.
  • اَوۡ یُوۡبِقۡہُنَّ بِمَا کَسَبُوۡا وَ یَعۡفُ عَنۡ کَثِیۡرٍ ﴿۫۳۵﴾
    42 : 35 Же ал (кеме)лерди ошол (жолоочу)лардын кылмыштары үчүн чөктүрүп жибериши мүмкүн. Ал көптөгөн (күнөөлөр)дү кечирип коёт.
  • وَّ یَعۡلَمَ الَّذِیۡنَ یُجَادِلُوۡنَ فِیۡۤ اٰیٰتِنَا ؕ مَا لَہُمۡ مِّنۡ مَّحِیۡصٍ ﴿۳۶﴾
    42 : 36 Жана Биздин аяттарыбыз туурасында талашып-тартышкандар өздөрү үчүн качып бара турган жай жоктугун билип алышсын үчүн.
  • فَمَاۤ اُوۡتِیۡتُمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ فَمَتَاعُ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا ۚ وَ مَا عِنۡدَ اللّٰہِ خَیۡرٌ وَّ اَبۡقٰی لِلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ عَلٰی رَبِّہِمۡ یَتَوَکَّلُوۡنَ ﴿ۚ۳۷﴾
    42 : 37 Ырас, силерге берилген нерселер дүйнөлүк жашоодогу убактылуу эмерек. Алланын алдындагы нерселер болсо, ыйман келтирген жана өз Раббисине тобокел кыла тургандар үчүн жакшыраак жана эӊ түбөлүктүү –
  • وَ الَّذِیۡنَ یَجۡتَنِبُوۡنَ کَبٰٓئِرَ الۡاِثۡمِ وَ الۡفَوَاحِشَ وَ اِذَا مَا غَضِبُوۡا ہُمۡ یَغۡفِرُوۡنَ ﴿ۚ۳۸﴾
    42 : 38 Оор күнөөлөрдөн жана бузукулуктардан четтей турган жана ачууланган чактарында кечирип коё тургандар (үчүн);
  • وَ الَّذِیۡنَ اسۡتَجَابُوۡا لِرَبِّہِمۡ وَ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ ۪ وَ اَمۡرُہُمۡ شُوۡرٰی بَیۡنَہُمۡ ۪ وَ مِمَّا رَزَقۡنٰہُمۡ یُنۡفِقُوۡنَ ﴿ۚ۳۹﴾
    42 : 39 Жана өз Раббисине кулак сала турган, намаз окуй турган, иштери өз ара кеӊешүүнүн негизинде боло турган жана Биз аларга тартуулаган нерселерден сарп кыла тургандар (үчүн);
  • وَ الَّذِیۡنَ اِذَاۤ اَصَابَہُمُ الۡبَغۡیُ ہُمۡ یَنۡتَصِرُوۡنَ ﴿۴۰﴾
    42 : 40 Жана өздөрүнө акысыздык кылынганда, өч ала тургандар (үчүн).
  • وَ جَزٰٓؤُا سَیِّئَۃٍ سَیِّئَۃٌ مِّثۡلُہَا ۚ فَمَنۡ عَفَا وَ اَصۡلَحَ فَاَجۡرُہٗ عَلَی اللّٰہِ ؕ اِنَّہٗ لَا یُحِبُّ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۴۱﴾
    42 : 41 Жана жамандык жазасы – жасалган жамандыкка теӊ болот. Ал эми ким кечирип жиберсе жана ал оӊдоочу болсо, анын сыйлыгы Алланын алдында. Албетте, Ал зулумдук кылуучуларды жактырбайт.
  • وَ لَمَنِ انۡتَصَرَ بَعۡدَ ظُلۡمِہٖ فَاُولٰٓئِکَ مَا عَلَیۡہِمۡ مِّنۡ سَبِیۡلٍ ﴿ؕ۴۲﴾
    42 : 42 Жана ким өзүнө зулумдук кылынган соӊ, өч алса – мына ошолорду айыптап болбойт.
  • اِنَّمَا السَّبِیۡلُ عَلَی الَّذِیۡنَ یَظۡلِمُوۡنَ النَّاسَ وَ یَبۡغُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ بِغَیۡرِ الۡحَقِّ ؕ اُولٰٓئِکَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۴۳﴾
    42 : 43 Адамдарга зулумдук кыла турган жана жерде акысыз баш ийбестик кыла тургандар гана айыптоого ылайык. Мына ошолор үчүн оор азап бар.
  • وَ لَمَنۡ صَبَرَ وَ غَفَرَ اِنَّ ذٰلِکَ لَمِنۡ عَزۡمِ الۡاُمُوۡرِ ﴿٪۴۴﴾
    42 : 44 Ким сабыр кылса жана кечирип койсо, албетте, бул өтө чечкиндүү иштерден.
  • وَ مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَمَا لَہٗ مِنۡ وَّلِیٍّ مِّنۡۢ بَعۡدِہٖ ؕ وَ تَرَی الظّٰلِمِیۡنَ لَمَّا رَاَوُا الۡعَذَابَ یَقُوۡلُوۡنَ ہَلۡ اِلٰی مَرَدٍّ مِّنۡ سَبِیۡلٍ ﴿ۚ۴۵﴾
    42 : 45 Алла адашкан деп өкүм чыгарган бирөө үчүн мындан кийин эч кандай жардамчы жок. Сен заалимдер азапка бетме-бет келгендеринде: «(Мунун) кайтарылышынын бир дагы жолу жок бекен?» - дегендерин көрөсүӊ.
  • وَ تَرٰٮہُمۡ یُعۡرَضُوۡنَ عَلَیۡہَا خٰشِعِیۡنَ مِنَ الذُّلِّ یَنۡظُرُوۡنَ مِنۡ طَرۡفٍ خَفِیٍّ ؕ وَ قَالَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنَّ الۡخٰسِرِیۡنَ الَّذِیۡنَ خَسِرُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ وَ اَہۡلِیۡہِمۡ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ؕ اَلَاۤ اِنَّ الظّٰلِمِیۡنَ فِیۡ عَذَابٍ مُّقِیۡمٍ ﴿۴۶﴾
    42 : 46 Жана сен алардын кордуктун айынан өтө эле алсыз абалда ал (азап)ка келтирилгенин көрөсүӊ. Алар кытмыр назар менен (аны) көрүп турган болушат. Ыйман келтиргендер айтышат: «Чынында, кыямат күнү өздөрүнө жана өз үй-бүлөсүнө зыян келтиргендер гана (чыныгы) зыян көрүүчүлөр». Кулак салгыла! Албетте, заалимдер туруп калуучу азапка кирептер болушат.
  • وَ مَا کَانَ لَہُمۡ مِّنۡ اَوۡلِیَآءَ یَنۡصُرُوۡنَہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ وَ مَنۡ یُّضۡلِلِ اللّٰہُ فَمَا لَہٗ مِنۡ سَبِیۡلٍ ﴿ؕ۴۷﴾
    42 : 47 Жана алардын Алладан башка жардам бере турган эч кандай достору болбойт. Алла адашкан деп өкүм чыгарган бирөө үчүн кандайдыр бир жол калбайт.
  • اِسۡتَجِیۡبُوۡا لِرَبِّکُمۡ مِّنۡ قَبۡلِ اَنۡ یَّاۡتِیَ یَوۡمٌ لَّا مَرَدَّ لَہٗ مِنَ اللّٰہِ ؕ مَا لَکُمۡ مِّنۡ مَّلۡجَاٍ یَّوۡمَئِذٍ وَّ مَا لَکُمۡ مِّنۡ نَّکِیۡرٍ ﴿۴۸﴾
    42 : 48 (Силерге) Алла тарабынан эч кайтарууга болбой турган күндүн келишинен мурунураак Раббиӊердин буйругуна жооп кайтаргыла; ошол күнү силер үчүн эч башпаана жок жана четке кагууга кандайдыр бир жол калбайт.
  • فَاِنۡ اَعۡرَضُوۡا فَمَاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ عَلَیۡہِمۡ حَفِیۡظًا ؕ اِنۡ عَلَیۡکَ اِلَّا الۡبَلٰغُ ؕ وَ اِنَّاۤ اِذَاۤ اَذَقۡنَا الۡاِنۡسَانَ مِنَّا رَحۡمَۃً فَرِحَ بِہَا ۚ وَ اِنۡ تُصِبۡہُمۡ سَیِّئَۃٌۢ بِمَا قَدَّمَتۡ اَیۡدِیۡہِمۡ فَاِنَّ الۡاِنۡسَانَ کَفُوۡرٌ ﴿۴۹﴾
    42 : 49 Анан эгер алар жүз буруп алышса, Биз сени алардын үстүнө кароолчу кылып жибергенибиз жок. Сенин милдетиӊ – болгону кабарды жеткирүү. Албетте, Биз адамга Өз алдыбыздан кандайдыр бир рахматты таттырганыбызда, ал андан абдан сүйүнүп кетет. Ал эми эгер аларга колдору алдыга жиберген кандайдыр бир жамандык жетсе, албетте, адамзат катуу шүкүрсүз болуп чыгат.
  • لِلّٰہِ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ یَخۡلُقُ مَا یَشَآءُ ؕیَہَبُ لِمَنۡ یَّشَآءُ اِنَاثًا وَّ یَہَبُ لِمَنۡ یَّشَآءُ الذُّکُوۡرَ ﴿ۙ۵۰﴾
    42 : 50 Асмандар жана жердин падышачылыгы Алланыкы. Ал Өзү каалаган нерсени жаратат. Ал Өзү каалаган пендеге кыздарды тартуулайт жана Өзү каалаган пендеге уулдарды тартуулайт.
  • اَوۡ یُزَوِّجُہُمۡ ذُکۡرَانًا وَّ اِنَاثًا ۚ وَ یَجۡعَلُ مَنۡ یَّشَآءُ عَقِیۡمًا ؕ اِنَّہٗ عَلِیۡمٌ قَدِیۡرٌ ﴿۵۱﴾
    42 : 51 Же кээде аларды өз ара аралаштырып жиберет: айрымдары уулдар жана айрымдары кыздар. Мындан тышкары Ал Өзү каалаган кишини тукумсуз кылып коёт. Албетте, Ал дайыма билүүчү (жана) дайыма кудуреттүү.
  • وَ مَا کَانَ لِبَشَرٍ اَنۡ یُّکَلِّمَہُ اللّٰہُ اِلَّا وَحۡیًا اَوۡ مِنۡ وَّرَآیِٔ حِجَابٍ اَوۡ یُرۡسِلَ رَسُوۡلًا فَیُوۡحِیَ بِاِذۡنِہٖ مَا یَشَآءُ ؕ اِنَّہٗ عَلِیٌّ حَکِیۡمٌ ﴿۵۲﴾
    42 : 52 Жана эч бир адамга, Алланын аны менен вахийден башка же парда аркасынан башка сүйлөшүүсү мүмкүн эмес. Же Ал (Алла) кандайдыр бир элчини жөнөтүп, Өзү каалаган нерсени вахий кылуусу мүмкүн. Албетте, Ал даӊкы бийик (жана) акылмандык ээси.
  • وَ کَذٰلِکَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡکَ رُوۡحًا مِّنۡ اَمۡرِنَا ؕ مَا کُنۡتَ تَدۡرِیۡ مَا الۡکِتٰبُ وَ لَا الۡاِیۡمَانُ وَ لٰکِنۡ جَعَلۡنٰہُ نُوۡرًا نَّہۡدِیۡ بِہٖ مَنۡ نَّشَآءُ مِنۡ عِبَادِنَا ؕ وَ اِنَّکَ لَتَہۡدِیۡۤ اِلٰی صِرَاطٍ مُّسۡتَقِیۡمٍ ﴿ۙ۵۳﴾
    42 : 53 Жана мына ушундай Биз сага Өз амирибизден бир жашоо тартуулоочу Сөз вахий кылдык. Сен Китеп жана ыйман эмне экенин билбейт элеӊ. Бирок Биз аны нур кылдык. Аны менен Биз Өз пенделерибизден каалаганыбызды туура жолго салабыз. Албетте, сен туура жолго багыттайсыӊ –
  • صِرَاطِ اللّٰہِ الَّذِیۡ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ ؕ اَلَاۤ اِلَی اللّٰہِ تَصِیۡرُ الۡاُمُوۡرُ ﴿٪۵۴﴾
    42 : 54 Асмандар жана жердеги бардык нерселердин Кожоюну болгон Алла жолуна. Кулак салгыла! Бардык нерселер Аллага гана кайтат.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via