بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
60 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَتَّخِذُوۡا عَدُوِّیۡ وَ عَدُوَّکُمۡ اَوۡلِیَآءَ تُلۡقُوۡنَ اِلَیۡہِمۡ بِالۡمَوَدَّۃِ وَ قَدۡ کَفَرُوۡا بِمَا جَآءَکُمۡ مِّنَ الۡحَقِّ ۚ یُخۡرِجُوۡنَ الرَّسُوۡلَ وَ اِیَّاکُمۡ اَنۡ تُؤۡمِنُوۡا بِاللّٰہِ رَبِّکُمۡ ؕ اِنۡ کُنۡتُمۡ خَرَجۡتُمۡ جِہَادًا فِیۡ سَبِیۡلِیۡ وَ ابۡتِغَآءَ مَرۡضَاتِیۡ ٭ۖ تُسِرُّوۡنَ اِلَیۡہِمۡ بِالۡمَوَدَّۃِ ٭ۖ وَ اَنَا اَعۡلَمُ بِمَاۤ اَخۡفَیۡتُمۡ وَ مَاۤ اَعۡلَنۡتُمۡ ؕ وَ مَنۡ یَّفۡعَلۡہُ مِنۡکُمۡ فَقَدۡ ضَلَّ سَوَآءَ السَّبِیۡلِ ﴿۲﴾
60 : 2 Эй, ыйман келтиргендер! Менин душманымды да, өзүӊөрдүн душманыӊарды да эч качан дос тутпагыла. Силер аларга сүйүү кабарларын жөнөтөсүӊөр. Алар болсо, силерге келген чындыкты четке кагышкан. Алар Пайгамбарды жана силерди Раббиӊер болгон Аллага ыйман келтиргениӊер үчүн гана (мекенден) айдап чыгарышат. Эгер силер Менин жолумда жана Менин ыраазычылыгымды тилеп, жихадга чыккан болсоӊор, аны менен бирге аларга жашыруун сүйүү кабарларын жөнөтүп жаткан болсоӊор – Мен силер сыр туткан жана ачык кылган нерсени эӊ жакшы билемин – (ошондой болсо, силердин ушул жашырышыӊар бекер). Араӊардан кимде-ким ушундай кылса, ал туура жолдон адашкан.
اِنۡ یَّثۡقَفُوۡکُمۡ یَکُوۡنُوۡا لَکُمۡ اَعۡدَآءً وَّ یَبۡسُطُوۡۤا اِلَیۡکُمۡ اَیۡدِیَہُمۡ وَ اَلۡسِنَتَہُمۡ بِالسُّوۡٓءِ وَ وَدُّوۡا لَوۡ تَکۡفُرُوۡنَ ؕ﴿۳﴾
60 : 3 Эгер алар силерди бир жерде табышса, алар силерге баары бир душмандар. Алар колдорун жана тилдерин жаман ниет менен силерге созушат жана алар силердин дагы каапыр болушуӊарды тилешет.
لَنۡ تَنۡفَعَکُمۡ اَرۡحَامُکُمۡ وَ لَاۤ اَوۡلَادُکُمۡ ۚۛ یَوۡمَ الۡقِیٰمَۃِ ۚۛ یَفۡصِلُ بَیۡنَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ بَصِیۡرٌ ﴿۴﴾
60 : 4 Бир тууганыӊар дагы, балдарыӊар дагы кыямат күнү силерге эч болуша албайт. Ал араӊарды ажыратып коёт. Алла кылып жаткан амалдарыӊарды тереӊ күзөтүүчү.
قَدۡ کَانَتۡ لَکُمۡ اُسۡوَۃٌ حَسَنَۃٌ فِیۡۤ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ الَّذِیۡنَ مَعَہٗ ۚ اِذۡ قَالُوۡا لِقَوۡمِہِمۡ اِنَّا بُرَءٰٓؤُا مِنۡکُمۡ وَ مِمَّا تَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ۫ کَفَرۡنَا بِکُمۡ وَ بَدَا بَیۡنَنَا وَ بَیۡنَکُمُ الۡعَدَاوَۃُ وَ الۡبَغۡضَآءُ اَبَدًا حَتّٰی تُؤۡمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَحۡدَہٗۤ اِلَّا قَوۡلَ اِبۡرٰہِیۡمَ لِاَبِیۡہِ لَاَسۡتَغۡفِرَنَّ لَکَ وَ مَاۤ اَمۡلِکُ لَکَ مِنَ اللّٰہِ مِنۡ شَیۡءٍ ؕ رَبَّنَا عَلَیۡکَ تَوَکَّلۡنَا وَ اِلَیۡکَ اَنَبۡنَا وَ اِلَیۡکَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۵﴾
60 : 5 Албетте, силер үчүн Ибраахийм жана Аны менен бирге болгондордо бир көркөм үлгү бар. Качан алар өз коомуна айтышты: «Биз силерден дагы, силер Алланы коюп, ордуна ибадат кылып жаткан нерселериӊерден дагы качабыз. Биз силерди четке кагабыз. Силер жалгыз Аллага ыйман келтирмейинче, силер менен биздин арабызда түбөлүк душмандык жана кастык ачыкка чыккан». Ибраахиймдин өз атасына карата: «Мен албетте, сен үчүн кечирим сураймын, чынында менде Алла тарабынан сен жөнүндө эч кандай ыктыяр жок», - деген сөзү болсо, ал башка кеп. «Эй, Раббибиз! Биз Сага гана тобокел кылабыз жана Сага гана ийилебиз жана Сага гана кайтыш бар.
رَبَّنَا لَا تَجۡعَلۡنَا فِتۡنَۃً لِّلَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا وَ اغۡفِرۡ لَنَا رَبَّنَا ۚ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ﴿۶﴾
60 : 6 Эй, Раббибиз! Бизди каапырлар үчүн сыноо кылбагын. Эй, Раббибиз! Бизди кечиргин. Албетте, Сен эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээсисиӊ.
لَقَدۡ کَانَ لَکُمۡ فِیۡہِمۡ اُسۡوَۃٌ حَسَنَۃٌ لِّمَنۡ کَانَ یَرۡجُوا اللّٰہَ وَ الۡیَوۡمَ الۡاٰخِرَ ؕ وَ مَنۡ یَّتَوَلَّ فَاِنَّ اللّٰہَ ہُوَ الۡغَنِیُّ الۡحَمِیۡدُ ٪﴿۷﴾
60 : 7 Албетте, силер үчүн – Алла жана акырет күнүнөн үмүткөр болгон киши үчүн аларда бир сонун үлгү бар. Ким бурулуп кетсе, (ал) албетте, Алла(нын) бай (жана) мактоо ээси экен(ин билсин).
عَسَی اللّٰہُ اَنۡ یَّجۡعَلَ بَیۡنَکُمۡ وَ بَیۡنَ الَّذِیۡنَ عَادَیۡتُمۡ مِّنۡہُمۡ مَّوَدَّۃً ؕ وَ اللّٰہُ قَدِیۡرٌ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۸﴾
60 : 8 Балким, Алла силер жана алардын арасындагы силер касташып жүргөндөрдүн ортосуна жылуулук салаар. Алла дайыма кудуреттүү. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
لَا یَنۡہٰٮکُمُ اللّٰہُ عَنِ الَّذِیۡنَ لَمۡ یُقَاتِلُوۡکُمۡ فِی الدِّیۡنِ وَ لَمۡ یُخۡرِجُوۡکُمۡ مِّنۡ دِیَارِکُمۡ اَنۡ تَبَرُّوۡہُمۡ وَ تُقۡسِطُوۡۤا اِلَیۡہِمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُقۡسِطِیۡنَ ﴿۹﴾
60 : 9 Дин маселесинде силерге каршы уруш кылбаган жана силерди мекениӊерден кууп чыгарбагандардан – аларга карата жакшылык кылууӊарды жана алар менен адилеттүү мамиледе болушуӊарды Алла силерге тыюу салбайт. Албетте, Алла адилет кылуучуларды сүйөт.
اِنَّمَا یَنۡہٰٮکُمُ اللّٰہُ عَنِ الَّذِیۡنَ قٰتَلُوۡکُمۡ فِی الدِّیۡنِ وَ اَخۡرَجُوۡکُمۡ مِّنۡ دِیَارِکُمۡ وَ ظٰہَرُوۡا عَلٰۤی اِخۡرَاجِکُمۡ اَنۡ تَوَلَّوۡہُمۡ ۚ وَ مَنۡ یَّتَوَلَّہُمۡ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۱۰﴾
60 : 10 Дин туурасында силерге каршы уруш кылган, силерди үйлөрүӊөрдөн кууп чыгарган жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкандардан – алар менен достошууну Алла силерге тыюу салат. Ким алар менен достошсо, мына ошолор заалимдер.
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِذَا جَآءَکُمُ الۡمُؤۡمِنٰتُ مُہٰجِرٰتٍ فَامۡتَحِنُوۡہُنَّ ؕ اَللّٰہُ اَعۡلَمُ بِاِیۡمَانِہِنَّ ۚ فَاِنۡ عَلِمۡتُمُوۡہُنَّ مُؤۡمِنٰتٍ فَلَا تَرۡجِعُوۡہُنَّ اِلَی الۡکُفَّارِ ؕ لَا ہُنَّ حِلٌّ لَّہُمۡ وَ لَا ہُمۡ یَحِلُّوۡنَ لَہُنَّ ؕ وَ اٰتُوۡہُمۡ مَّاۤ اَنۡفَقُوۡا ؕ وَ لَا جُنَاحَ عَلَیۡکُمۡ اَنۡ تَنۡکِحُوۡہُنَّ اِذَاۤ اٰتَیۡتُمُوۡہُنَّ اُجُوۡرَہُنَّ ؕ وَ لَا تُمۡسِکُوۡا بِعِصَمِ الۡکَوَافِرِ وَ سۡـَٔلُوۡا مَاۤ اَنۡفَقۡتُمۡ وَ لۡیَسۡـَٔلُوۡا مَاۤ اَنۡفَقُوۡا ؕ ذٰلِکُمۡ حُکۡمُ اللّٰہِ ؕ یَحۡکُمُ بَیۡنَکُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۱۱﴾
60 : 11 Эй, ыйман келтиргендер! Качан момун аялдар силердин алдыӊарга хижрат кылып келишсе, аларды сынап көргүлө. Алла алардын ыйманын эӊ жакшы билет. Анан алардын момун экендиктерин жакшылап билип алсаӊар, анда аларды каапырларга кайтарып жибербегиле. Булар алар үчүн адал эмес, алар булар үчүн адал эмес. Алар(дын өкүлдөрү)нө алар сарптаган (каражат)тарын төлөгүлө. Аларга калыӊдарын бергениӊерден кийин аларга үйлөнүшүӊөр силер үчүн күнөө эмес. Каапыр аялдардын нике маселесин өз ыктыярыӊарга албагыла. Силер аларга сарптаган (каражат)ты алардан талап кылгыла, алар болсо, сарптаган (каражат)ты силерден талап кылышсын. Бул Алланын өкүмү. Ал араӊарда өкүм кылат. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
وَ اِنۡ فَاتَکُمۡ شَیۡءٌ مِّنۡ اَزۡوَاجِکُمۡ اِلَی الۡکُفَّارِ فَعَاقَبۡتُمۡ فَاٰتُوا الَّذِیۡنَ ذَہَبَتۡ اَزۡوَاجُہُمۡ مِّثۡلَ مَاۤ اَنۡفَقُوۡا ؕ وَ اتَّقُوا اللّٰہَ الَّذِیۡۤ اَنۡتُمۡ بِہٖ مُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۲﴾
60 : 12 Жана эгер аялдарыӊардын айрымдары каапырлар тарапка кетип калышса жана силер төлөм алган болсоӊор, анда аялдары кетип калган момундарга алар (аялдарына) кылган каражат өлчөмүндөгү (чыгым)ды бергиле. Өзүӊөр ыйман келтирген Алладан корккула.
یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ اِذَا جَآءَکَ الۡمُؤۡمِنٰتُ یُبَایِعۡنَکَ عَلٰۤی اَنۡ لَّا یُشۡرِکۡنَ بِاللّٰہِ شَیۡئًا وَّ لَا یَسۡرِقۡنَ وَ لَا یَزۡنِیۡنَ وَ لَا یَقۡتُلۡنَ اَوۡلَادَہُنَّ وَ لَا یَاۡتِیۡنَ بِبُہۡتَانٍ یَّفۡتَرِیۡنَہٗ بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِنَّ وَ اَرۡجُلِہِنَّ وَ لَا یَعۡصِیۡنَکَ فِیۡ مَعۡرُوۡفٍ فَبَایِعۡہُنَّ وَ اسۡتَغۡفِرۡ لَہُنَّ اللّٰہَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۳﴾
60 : 13 Эй, Пайгамбар! Качан момун аялдар сенин алдыӊа келип, эч нерсени Аллага шерик кылбастыкка, уурулук кылбастыкка, зына кылбастыкка, балдарын өлтүрбөстүккө, (бирөөгө) өз колдору жана аяктарынын алдында ойлоп чыгарган жалаа кылбастыкка, ошондой эле жакшы (иштер)де сага баш ийбестик кылбастыкка байъат беришсе, алардын байъатын кабыл эт жана Алладан алар үчүн кечирим сура. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَتَوَلَّوۡا قَوۡمًا غَضِبَ اللّٰہُ عَلَیۡہِمۡ قَدۡ یَئِسُوۡا مِنَ الۡاٰخِرَۃِ کَمَا یَئِسَ الۡکُفَّارُ مِنۡ اَصۡحٰبِ الۡقُبُوۡرِ ﴿٪۱۴﴾
60 : 14 Эй, ыйман келтиргендер! Алланын каарына дуушар болгон коомду дос тутпагыла. Каапырлар мүрзөлөрдө жаткандардан үмүт үзгөндүктөрү сыӊары, алар дагы акыреттен үмүттөрүн үзүшкөн.