Курани карим Ат-Тавба • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

التّوبَة

Ат-Тавба

  • بَرَآءَۃٌ مِّنَ اللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖۤ اِلَی الَّذِیۡنَ عٰہَدۡتُّمۡ مِّنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ؕ﴿۱﴾
    9 : 1 Алла жана Анын Пайгамбары тарабынан силер ант-келишим түзгөн мушриктер тарабына безерлик (кабары жиберилүүдө).
  • فَسِیۡحُوۡا فِی الۡاَرۡضِ اَرۡبَعَۃَ اَشۡہُرٍ وَّ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّکُمۡ غَیۡرُ مُعۡجِزِی اللّٰہِ ۙ وَ اَنَّ اللّٰہَ مُخۡزِی الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲﴾
    9 : 2 Демек, төрт айга чейин жерде кезип жүрө бергиле жана силер Алланы эч качан алсырата албашыӊарды билгиле. Ошондой эле муну (дагы билгиле), албетте, Алла каапырларды кор кылып коёт.
  • وَ اَذَانٌ مِّنَ اللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖۤ اِلَی النَّاسِ یَوۡمَ الۡحَجِّ الۡاَکۡبَرِ اَنَّ اللّٰہَ بَرِیۡٓءٌ مِّنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ۬ۙ وَ رَسُوۡلُہٗ ؕ فَاِنۡ تُبۡتُمۡ فَہُوَ خَیۡرٌ لَّکُمۡ ۚ وَ اِنۡ تَوَلَّیۡتُمۡ فَاعۡلَمُوۡۤا اَنَّکُمۡ غَیۡرُ مُعۡجِزِی اللّٰہِ ؕ وَ بَشِّرِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا بِعَذَابٍ اَلِیۡمٍ ۙ﴿۳﴾
    9 : 3 Улук Ажылык күнү баардык адамдардын алдында Алла жана Анын Пайгамбары тарабынан: «Алла жана Анын Пайгамбары дагы мушриктерден бүтүндөй безген», - деген ачык билдирүү жарыяланат. Демек, эгер тобо кылсаӊар, бул өзүӊөр үчүн жакшыраак болот. Эгер жүз бурсаӊар, анда силер Алланы эч качан жеӊе албашыӊарды билгиле. Демек, каапырларга бир оор азап «куш кабарын» бер.
  • اِلَّا الَّذِیۡنَ عٰہَدۡتُّمۡ مِّنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ ثُمَّ لَمۡ یَنۡقُصُوۡکُمۡ شَیۡئًا وَّ لَمۡ یُظَاہِرُوۡا عَلَیۡکُمۡ اَحَدًا فَاَتِمُّوۡۤا اِلَیۡہِمۡ عَہۡدَہُمۡ اِلٰی مُدَّتِہِمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۴﴾
    9 : 4 Ооба, мушриктерден силер менен келишим түзүп, аны эч бузбаган жана силерге каршы бирөөнө дагы жардам бербегендер – силер алар менен белгиленген мөөнөткө чейин келишимге толук амал кылгыла. Албетте, Алла такыбаларды сүйөт.
  • فَاِذَا انۡسَلَخَ الۡاَشۡہُرُ الۡحُرُمُ فَاقۡتُلُوا الۡمُشۡرِکِیۡنَ حَیۡثُ وَجَدۡتُّمُوۡہُمۡ وَ خُذُوۡہُمۡ وَ احۡصُرُوۡہُمۡ وَ اقۡعُدُوۡا لَہُمۡ کُلَّ مَرۡصَدٍ ۚ فَاِنۡ تَابُوۡا وَ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَوُا الزَّکٰوۃَ فَخَلُّوۡا سَبِیۡلَہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۵﴾
    9 : 5 Анан ыйык-урматтуу айлар өткөндөн кийин (өз келишимдерин бузган) мушриктерди тапкан жайыӊарда, алар менен согушкула, аларды туткула, аларды курчоого алгыла жана ар бир далдаа жайда аларды аӊдып отургула. Ошентип, эгер алар тобо кылышса, намаз окушса жана зекет беришсе, анда алардын жолун ачып койгула. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ اِنۡ اَحَدٌ مِّنَ الۡمُشۡرِکِیۡنَ اسۡتَجَارَکَ فَاَجِرۡہُ حَتّٰی یَسۡمَعَ کَلٰمَ اللّٰہِ ثُمَّ اَبۡلِغۡہُ مَاۡمَنَہٗ ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ قَوۡمٌ لَّا یَعۡلَمُوۡنَ ٪﴿۶﴾
    9 : 6 Жана эгер мушриктердин бирөөсү сенден паана сурап келсе, ал Алланын Сөзүн укканга чейин ага паана бер. Андан кийин аны өзүнүн коопсуз жайына жеткирип кой! Бул (жеӊилдик) алардын билбеген коом болгондугу себептүү.
  • کَیۡفَ یَکُوۡنُ لِلۡمُشۡرِکِیۡنَ عَہۡدٌ عِنۡدَ اللّٰہِ وَ عِنۡدَ رَسُوۡلِہٖۤ اِلَّا الَّذِیۡنَ عٰہَدۡتُّمۡ عِنۡدَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ ۚ فَمَا اسۡتَقَامُوۡا لَکُمۡ فَاسۡتَقِیۡمُوۡا لَہُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۷﴾
    9 : 7 Харам Мечитинде силер ант-келишим түзгөн мушриктерден башка мушриктердин ант-келишими Алла жана Анын Пайгамбарынын алдында кандайча дурус боло алат? Демек, алар силердин кызыкчылыгыӊар үчүн (убадасында) турушканча, силер дагы алардын кызыкчылыгы үчүн (убадаӊарда) тургула. Албетте, Алла такыбаларды сүйөт.
  • کَیۡفَ وَ اِنۡ یَّظۡہَرُوۡا عَلَیۡکُمۡ لَا یَرۡقُبُوۡا فِیۡکُمۡ اِلًّا وَّ لَا ذِمَّۃً ؕ یُرۡضُوۡنَکُمۡ بِاَفۡوَاہِہِمۡ وَ تَاۡبٰی قُلُوۡبُہُمۡ ۚ وَ اَکۡثَرُہُمۡ فٰسِقُوۡنَ ۚ﴿۸﴾
    9 : 8 Чынында, эгер алар үстүӊөрдөн жеӊип чыгышса, силер жөнүндө кандайдыр бир убада-антты жана кандайдыр бир жоопкерчиликти көӊүлгө алышпайт. (Ошондуктан, алардын убадасы) кандай (ишеничтүү) болушу мүмкүн?! (Болгону), алар оозундагы кептер менен силерди курсант кылышат, ал эми алардын жүрөктөрү (ошондой нерселерди) четке кагат. Алардын көпчүлүгү фасыктар.
  • اِشۡتَرَوۡا بِاٰیٰتِ اللّٰہِ ثَمَنًا قَلِیۡلًا فَصَدُّوۡا عَنۡ سَبِیۡلِہٖ ؕ اِنَّہُمۡ سَآءَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹﴾
    9 : 9 Алар Алланын аяттарынын ордуна арзыбаган баа алышты жана Анын жолунан (адамдарды) тосушту. Албетте, алар кылып жаткан амалдары эӊ жаман.
  • لَا یَرۡقُبُوۡنَ فِیۡ مُؤۡمِنٍ اِلًّا وَّ لَا ذِمَّۃً ؕ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُعۡتَدُوۡنَ ﴿۱۰﴾
    9 : 10 Алар бир дагы момун жөнүндө кандайдыр бир убаданы жана кандайдыр бир жоопкерчиликти көӊүлгө алышпайт. Мына ошолор чектен ашуучулар.
  • فَاِنۡ تَابُوۡا وَ اَقَامُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَوُا الزَّکٰوۃَ فَاِخۡوَانُکُمۡ فِی الدِّیۡنِ ؕ وَ نُفَصِّلُ الۡاٰیٰتِ لِقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَ ﴿۱۱﴾
    9 : 11 Демек, эгер алар тобо кылышса, намаз окушса жана зекет беришсе, анда алар силердин диний туугандарыӊар. Биз илимдүү адамдар үчүн аят-белгилерди ачык-айкын баян кылабыз.
  • وَ اِنۡ نَّکَثُوۡۤا اَیۡمَانَہُمۡ مِّنۡۢ بَعۡدِ عَہۡدِہِمۡ وَ طَعَنُوۡا فِیۡ دِیۡنِکُمۡ فَقَاتِلُوۡۤا اَئِمَّۃَ الۡکُفۡرِ ۙ اِنَّہُمۡ لَاۤ اَیۡمَانَ لَہُمۡ لَعَلَّہُمۡ یَنۡتَہُوۡنَ ﴿۱۲﴾
    9 : 12 Эгер алар өздөрүнүн убада-антынан кийин өз касамдарын бузушса жана диниӊерге күнөө коюшса, анда каапырлардын башчыларына каршы уруш кылгыла. Албетте, алар – касамдарынын эч мааниси жок адамдар. (Демек, алар менен уруш кылгыла). Балким, алар кайтышаар.
  • اَلَا تُقَاتِلُوۡنَ قَوۡمًا نَّکَثُوۡۤا اَیۡمَانَہُمۡ وَ ہَمُّوۡا بِاِخۡرَاجِ الرَّسُوۡلِ وَ ہُمۡ بَدَءُوۡکُمۡ اَوَّلَ مَرَّۃٍ ؕ اَتَخۡشَوۡنَہُمۡ ۚ فَاللّٰہُ اَحَقُّ اَنۡ تَخۡشَوۡہُ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۳﴾
    9 : 13 Силер касамдарын бузган жана Пайгамбарды (мекенинен) кууп жиберүүгө бекем ниет кылган коомго каршы уруш кылбайсыӊарбы? Оболу, башында силерге (адилетсиздикти) баштаган ошолор го! Алардан коркуп кетесиӊерби? Акыйкатта, эгер момун болсоӊор, Алла коркушуӊарга ылайыгыраак Зат го!
  • قَاتِلُوۡہُمۡ یُعَذِّبۡہُمُ اللّٰہُ بِاَیۡدِیۡکُمۡ وَ یُخۡزِہِمۡ وَ یَنۡصُرۡکُمۡ عَلَیۡہِمۡ وَ یَشۡفِ صُدُوۡرَ قَوۡمٍ مُّؤۡمِنِیۡنَ ﴿ۙ۱۴﴾
    9 : 14 Алар менен уруш кылгыла. Алла аларды силердин колдоруӊар аркылуу азаптайт, аларды кор кылат, аларга каршы силерге көмөк берет жана момун коомдун дилдерине шыпаа берет.
  • وَ یُذۡہِبۡ غَیۡظَ قُلُوۡبِہِمۡ ؕ وَ یَتُوۡبُ اللّٰہُ عَلٰی مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۱۵﴾
    9 : 15 Жана алардын жүрөктөрүнүн ачуусун кетирет. Алла Өзү каалаган пендеге тобосун кабыл кылган бойдон көӊүл бурат. Алла өтө билүүчү (жана) даанышмандык ээси.
  • اَمۡ حَسِبۡتُمۡ اَنۡ تُتۡرَکُوۡا وَ لَمَّا یَعۡلَمِ اللّٰہُ الَّذِیۡنَ جٰہَدُوۡا مِنۡکُمۡ وَ لَمۡ یَتَّخِذُوۡا مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ لَا رَسُوۡلِہٖ وَ لَا الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَلِیۡجَۃً ؕ وَ اللّٰہُ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿٪۱۶﴾
    9 : 16 Силер: «Биз ушундай калтырылабыз», - деп ойлойсуӊарбы? Чындыгында, Алла али (сыноодон өткөрүп), силердин араӊардагы жихад кылган жана Алла менен Анын Пайгамбары, ошондой эле момундардан өзгөлөрдү ишеничтүү дос тутпагандарды ажыратпаган. Алла силер кылып жаткан иштериӊерден дайыма кабардар.
  • مَا کَانَ لِلۡمُشۡرِکِیۡنَ اَنۡ یَّعۡمُرُوۡا مَسٰجِدَ اللّٰہِ شٰہِدِیۡنَ عَلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ بِالۡکُفۡرِ ؕ اُولٰٓئِکَ حَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ ۚۖ وَ فِی النَّارِ ہُمۡ خٰلِدُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    9 : 17 Өздөрү-өздөрүнө каршы каапырлыкка күбө болуп турган абалда, Алланын мечиттерин абат кылуу мушриктердин иши эмес. Мына ошолордун кылган амалдары текке кеткен. Алар отто эӊ узак мөөнөткө чейин калуучулар.
  • اِنَّمَا یَعۡمُرُ مَسٰجِدَ اللّٰہِ مَنۡ اٰمَنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ اَقَامَ الصَّلٰوۃَ وَ اٰتَی الزَّکٰوۃَ وَ لَمۡ یَخۡشَ اِلَّا اللّٰہَ فَعَسٰۤی اُولٰٓئِکَ اَنۡ یَّکُوۡنُوۡا مِنَ الۡمُہۡتَدِیۡنَ ﴿۱۸﴾
    9 : 18 Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтире турган, намаз окуй турган, зекет бере турган жана Жалгыз Алладан корко турган бирөө гана Алланын мечиттерин абат кылат-байырлайт. Демек, мына ошол кишилердин хидаят тапкандардан болуп калышы мүмкүн!
  • اَجَعَلۡتُمۡ سِقَایَۃَ الۡحَآجِّ وَ عِمَارَۃَ الۡمَسۡجِدِ الۡحَرَامِ کَمَنۡ اٰمَنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ جٰہَدَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ لَا یَسۡتَوٗنَ عِنۡدَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۘ۱۹﴾
    9 : 19 Силер ажыларга суу берүүнү жана Харам Мечитти абат кылуу-байырлоону Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирген жана Алла жолунда жихад кылган бирөөнүн амалына теӊештирип жатасыӊарбы? Алланын алдында алар эч теӊ эсептеле алышпайт. Алла заалим коомду туура жолго салбайт.
  • اَلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ ہَاجَرُوۡا وَ جٰہَدُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ بِاَمۡوَالِہِمۡ وَ اَنۡفُسِہِمۡ ۙ اَعۡظَمُ دَرَجَۃً عِنۡدَ اللّٰہِ ؕ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡفَآئِزُوۡنَ ﴿۲۰﴾
    9 : 20 Ыйман келтирип, хижрат кылган жана Алланын жолунда өз дүнүйө-мүлктөрү жана жандары менен жихад кылгандар Алланын алдында даража жагынан абдан улук. Мына ошолор гана ийгилик ээлери.
  • یُبَشِّرُہُمۡ رَبُّہُمۡ بِرَحۡمَۃٍ مِّنۡہُ وَ رِضۡوَانٍ وَّ جَنّٰتٍ لَّہُمۡ فِیۡہَا نَعِیۡمٌ مُّقِیۡمٌ ﴿ۙ۲۱﴾
    9 : 21 Алардын Раббиси аларга Өз тарабынан рахмат жана ыраазылык, ошондой эле алар үчүн түбөлүк кала турган берекелер бар бейиштер куш кабарын берди.
  • خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ؕ اِنَّ اللّٰہَ عِنۡدَہٗۤ اَجۡرٌ عَظِیۡمٌ ﴿۲۲﴾
    9 : 22 Ал (бейиш)терде алар түбөлүккө калуучулар. Албетте, Алла Өзүнүн алдында үлкөн сыйлык бар Зат.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا لَا تَتَّخِذُوۡۤا اٰبَآءَکُمۡ وَ اِخۡوَانَکُمۡ اَوۡلِیَآءَ اِنِ اسۡتَحَبُّوا الۡکُفۡرَ عَلَی الۡاِیۡمَانِ ؕ وَ مَنۡ یَّتَوَلَّہُمۡ مِّنۡکُمۡ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    9 : 23 Эй, ыйман келтиргендер! Эгер силердин ата-бабаларыӊар жана ага- инилериӊер ыймандын ордуна каапырлыкты жактырган болушса, анда аларды өзүӊөргө дос тутпагыла. Араларыӊардан аларды дос тута тургандар – мына ошолор заалимдер.
  • قُلۡ اِنۡ کَانَ اٰبَآؤُکُمۡ وَ اَبۡنَآؤُکُمۡ وَ اِخۡوَانُکُمۡ وَ اَزۡوَاجُکُمۡ وَ عَشِیۡرَتُکُمۡ وَ اَمۡوَالُ ۣ اقۡتَرَفۡتُمُوۡہَا وَ تِجَارَۃٌ تَخۡشَوۡنَ کَسَادَہَا وَ مَسٰکِنُ تَرۡضَوۡنَہَاۤ اَحَبَّ اِلَیۡکُمۡ مِّنَ اللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ جِہَادٍ فِیۡ سَبِیۡلِہٖ فَتَرَبَّصُوۡا حَتّٰی یَاۡتِیَ اللّٰہُ بِاَمۡرِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿٪۲۴﴾
    9 : 24 Айткын: «Эгер силердин ата-бабаларыӊар, уулдарыӊар, ага-инилериӊер, аялдарыӊар, урууларыӊар, силер тапкан дүнүйөӊөр, жүрбөй калуусунан корко турган соодаӊар жана өзүӊөр сүйгөн үйлөрүӊөр силер үчүн Алладан жана Анын Пайгамбарынан, ошондой эле Анын жолунда жихад кылуудан сүйкүмдүрөөк болсо, анда Алла Өз өкүмүн чыгарганга чейин күтүп тургула. Алла фасык коомду хидаят кылбайт.
  • لَقَدۡ نَصَرَکُمُ اللّٰہُ فِیۡ مَوَاطِنَ کَثِیۡرَۃٍ ۙ وَّ یَوۡمَ حُنَیۡنٍ ۙ اِذۡ اَعۡجَبَتۡکُمۡ کَثۡرَتُکُمۡ فَلَمۡ تُغۡنِ عَنۡکُمۡ شَیۡئًا وَّ ضَاقَتۡ عَلَیۡکُمُ الۡاَرۡضُ بِمَا رَحُبَتۡ ثُمَّ وَلَّیۡتُمۡ مُّدۡبِرِیۡنَ ﴿ۚ۲۵﴾
    9 : 25 Албетте, Алла силерге көптөгөн жайларда жардам берген, (айрыкча сан жагынан) көп болгонуӊар силерди текеберлентип жиберген Хунайн күнү. Анан ал силерге эч кандай пайда бере албады жана жер өзүнүн кеӊдигине карабастан силерге тар болуп калды. Андан кийин силер аркаӊарды салып качып кеттиӊер.
  • ثُمَّ اَنۡزَلَ اللّٰہُ سَکِیۡنَتَہٗ عَلٰی رَسُوۡلِہٖ وَ عَلَی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ اَنۡزَلَ جُنُوۡدًا لَّمۡ تَرَوۡہَا وَ عَذَّبَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ؕ وَ ذٰلِکَ جَزَآءُ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۲۶﴾
    9 : 26 Анан Алла Өзүнүн Пайгамбары жана момундардын үстүнө Өзүнүн бейпилдигин түшүрдү жана силер көрө албай турган кошуундарды түшүрдү. Ал каапырлык кылгандарды азаптады. Каапырлардын жазасы мына ошондой болот.
  • ثُمَّ یَتُوۡبُ اللّٰہُ مِنۡۢ بَعۡدِ ذٰلِکَ عَلٰی مَنۡ یَّشَآءُ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۲۷﴾
    9 : 27 Анан, ошондон кийин дагы Алла Өзү каалаганга тобосун кабыл кылган бойдон көӊүл бөлөт. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنَّمَا الۡمُشۡرِکُوۡنَ نَجَسٌ فَلَا یَقۡرَبُوا الۡمَسۡجِدَ الۡحَرَامَ بَعۡدَ عَامِہِمۡ ہٰذَا ۚ وَ اِنۡ خِفۡتُمۡ عَیۡلَۃً فَسَوۡفَ یُغۡنِیۡکُمُ اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖۤ اِنۡ شَآءَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۲۸﴾
    9 : 28 Эй, ыйман келтиргендер! Мушриктер таза эмес. Ошондуктан, алар мына ушул жылынан кийин Харам Мечитке жакын келишпесин. Эгер силер кембагал болуп калууӊардан корксоӊор, Алла кааласа, силерди Өзүнүн берешендиги менен бай кылат. Албетте, Алла дайыма билүүчү (жана) даанышман.
  • قَاتِلُوا الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ لَا بِالۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ لَا یُحَرِّمُوۡنَ مَا حَرَّمَ اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗ وَ لَا یَدِیۡنُوۡنَ دِیۡنَ الۡحَقِّ مِنَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ حَتّٰی یُعۡطُوا الۡجِزۡیَۃَ عَنۡ ‌یَّدٍ وَّ ہُمۡ صٰغِرُوۡنَ ﴿٪۲۹﴾
    9 : 29 Китеп ээлеринин арасындагы Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирбей турган, ошондой эле Алла жана Анын Пайгамбары арам деп жарыя кылган нерселерди арам деп эсептебей турган жана чыныгы динди дин катары кабыл албай тургандарга каршы, алар алсырап, (өз) колдору менен салык-акы төлөмөйүнчө урушкула.
  • وَ قَالَتِ الۡیَہُوۡدُ عُزَیۡرُ ۣ ابۡنُ اللّٰہِ وَ قَالَتِ النَّصٰرَی الۡمَسِیۡحُ ابۡنُ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکَ قَوۡلُہُمۡ بِاَفۡوَاہِہِمۡ ۚ یُضَاہِـُٔوۡنَ قَوۡلَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡ قَبۡلُ ؕ قٰتَلَہُمُ اللّٰہُ ۚ۫ اَنّٰی یُؤۡفَکُوۡنَ ﴿۳۰﴾
    9 : 30 Жөөттөр: «Узайыр Алланын уулу», - дешти жана христиандар: «Масийх Алланын уулу», - дешти. Булар – болгону алардын ооздорунан чыккан сөздөр. Алар (өздөрүнөн) абалкы каапыр болгондордун кебине окшош кепти айтышат. Алла аларды жок кылсын! Булар каякка тескери айландырылышат?
  • اِتَّخَذُوۡۤا اَحۡبَارَہُمۡ وَ رُہۡبَانَہُمۡ اَرۡبَابًا مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ الۡمَسِیۡحَ ابۡنَ مَرۡیَمَ ۚ وَ مَاۤ اُمِرُوۡۤا اِلَّا لِیَعۡبُدُوۡۤا اِلٰـہًا وَّاحِدًا ۚ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ سُبۡحٰنَہٗ عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۳۱﴾
    9 : 31 Алар Алланын ордуна өздөрүнүн дин аалымдарын жана кечилдерин кудай кылып алышты жана Марям уулу Масийхти дагы. Ал эми, алар жалгыз Кудайга ибадат кылышка буюрулган эле. Ал (Алла)дан башка эч кандай кудай жок. Ал (Алла) алар (Ага) шерик кылып жаткан нерселерден оолак.
  • یُرِیۡدُوۡنَ اَنۡ یُّطۡفِـُٔوۡا نُوۡرَ اللّٰہِ بِاَفۡوَاہِہِمۡ وَ یَاۡبَی اللّٰہُ اِلَّاۤ اَنۡ یُّتِمَّ نُوۡرَہٗ وَ لَوۡ کَرِہَ الۡکٰفِرُوۡنَ ﴿۳۲﴾
    9 : 32 Алар ооздору менен Алланын нурун өчүрмөкчү болушат. Каапырлар жактырбаса дагы, Алла Өз нурун толук кылат жана андан өзгө (ар бир нерсени) четке кагат.
  • ہُوَ الَّذِیۡۤ اَرۡسَلَ رَسُوۡلَہٗ بِالۡہُدٰی وَ دِیۡنِ الۡحَقِّ لِیُظۡہِرَہٗ عَلَی الدِّیۡنِ کُلِّہٖ ۙ وَ لَوۡ کَرِہَ الۡمُشۡرِکُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    9 : 33 Мушриктер канчалык жаман көрсө дагы, аны – (чыныгы динди) бардык диндердин үстүнөн артык кылсын үчүн Ал Өз Пайгамбарын хидаят жана чыныгы дин менен жиберген (Алла).
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اِنَّ کَثِیۡرًا مِّنَ الۡاَحۡبَارِ وَ الرُّہۡبَانِ لَیَاۡکُلُوۡنَ اَمۡوَالَ النَّاسِ بِالۡبَاطِلِ وَ یَصُدُّوۡنَ عَنۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ وَ الَّذِیۡنَ یَکۡنِزُوۡنَ الذَّہَبَ وَ الۡفِضَّۃَ وَ لَا یُنۡفِقُوۡنَہَا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ۙ فَبَشِّرۡہُمۡ بِعَذَابٍ اَلِیۡمٍ ﴿ۙ۳۴﴾
    9 : 34 Эй, ыйман келтиргендер! Албетте, дин аалымдары жана кечилдердин көпчүлүгү адамдардын дүнүйөлөрүн акысыз жол менен жешет жана Алланын жолунан тосушат. Алтын жана күмүштү топтоп, аны Алла жолунда сарптабай турган адамдарга оор азаптын «куш кабарын» бергин!
  • یَّوۡمَ یُحۡمٰی عَلَیۡہَا فِیۡ نَارِ جَہَنَّمَ فَتُکۡوٰی بِہَا جِبَاہُہُمۡ وَ جُنُوۡبُہُمۡ وَ ظُہُوۡرُہُمۡ ؕ ہٰذَا مَا کَنَزۡتُمۡ لِاَنۡفُسِکُمۡ فَذُوۡقُوۡا مَا کُنۡتُمۡ تَکۡنِزُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    9 : 35 Ошол (алтын жана күмүш)кө тозок оту кызытыла турган, анан андан пешенелери, жанбаштары жана аркалары куйкалана турган күнү (мындай айтылат): «Өзүӊөр үчүн топтогон нерселериӊер мына ушул. Демек, жыйган нерселериӊер(дин даам)ын таткыла».
  • اِنَّ عِدَّۃَ الشُّہُوۡرِ عِنۡدَ اللّٰہِ اثۡنَا عَشَرَ شَہۡرًا فِیۡ کِتٰبِ اللّٰہِ یَوۡمَ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ مِنۡہَاۤ اَرۡبَعَۃٌ حُرُمٌ ؕ ذٰلِکَ الدِّیۡنُ الۡقَیِّمُ ۬ۙ فَلَا تَظۡلِمُوۡا فِیۡہِنَّ اَنۡفُسَکُمۡ وَ قَاتِلُوا الۡمُشۡرِکِیۡنَ کَآفَّۃً کَمَا یُقَاتِلُوۡنَکُمۡ کَآفَّۃً ؕ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ مَعَ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۳۶﴾
    9 : 36 Албетте, Алланын алдында Ал асмандар жана жерди жараткандан бери айлардын саны Алланын китебинде он эки ай. Алардан төртөө урматтуу. Мына ушул түбөлүккө калуучу жана түбөлүктүүлүк берүүчү дин. Демек, бул (ай)ларда өз жаныӊарга зулумдук кылбагыла. (Башка айларда) силер мушриктерге каршы биргелешип, алар силерге каршы биргелешип уруш кылганы сыяктуу уруш кылгыла. Алла такыбалар менен бирге экенин билип койгула.
  • اِنَّمَا النَّسِیۡٓءُ زِیَادَۃٌ فِی الۡکُفۡرِ یُضَلُّ بِہِ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا یُحِلُّوۡنَہٗ عَامًا وَّ یُحَرِّمُوۡنَہٗ عَامًا لِّیُوَاطِـُٔوۡا عِدَّۃَ مَا حَرَّمَ اللّٰہُ فَیُحِلُّوۡا مَا حَرَّمَ اللّٰہُ ؕ زُیِّنَ لَہُمۡ سُوۡٓءُ اَعۡمَالِہِمۡ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الۡکٰفِرِیۡنَ ﴿٪۳۷﴾
    9 : 37 Албетте, «Насий» каапырлыкка бир кошумча. Бул аркылуу каапырлык кылгандар адаштырылат. Алар Алла ыйык-урматтуу кылган айлардын санын толукташ үчүн жана Алла арам кылган (согушту) адал кылыш үчүн бир жылы аны адал жана башка жылы болсо, аны арам деп эсептешет. Аларга өз амалдарынын жамандыгы чырайлуу кылып көрсөтүлгөн. Алла каапыр коомду туура жолго салбайт.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَا لَکُمۡ اِذَا قِیۡلَ لَکُمُ انۡفِرُوۡا فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ اثَّاقَلۡتُمۡ اِلَی الۡاَرۡضِ ؕ اَرَضِیۡتُمۡ بِالۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا مِنَ الۡاٰخِرَۃِ ۚ فَمَا مَتَاعُ الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا فِی الۡاٰخِرَۃِ اِلَّا قَلِیۡلٌ ﴿۳۸﴾
    9 : 38 Эй, ыйман келтиргендер! Силерге эмне болгон өзү? Силерге: «Алла жолунда (жихадга) чыккыла», - деп айтылганда, силер оор болуп жерге ооп кетесиӊер. Силер акыреттен көрө дүнүйө жашоосуна ыраазы болдуӊарбы? (Ошондой болсо), дүйнө жашоосунун эмеректери акыреттин каршысында бир арзыбаган нерсе экен(ин билип койгула).
  • اِلَّا تَنۡفِرُوۡا یُعَذِّبۡکُمۡ عَذَابًا اَلِیۡمًا ۬ۙ وَّ یَسۡتَبۡدِلۡ قَوۡمًا غَیۡرَکُمۡ وَ لَا تَضُرُّوۡہُ شَیۡئًا ؕ وَ اللّٰہُ عَلٰی کُلِّ شَیۡءٍ قَدِیۡرٌ ﴿۳۹﴾
    9 : 39 Эгер (жихадга) чыкпасаӊар, анда Ал (Алла) силерге бир оор азап берет жана силердин ордуӊарга башка бир коомду алмаштырып алып келет. Силер албетте, Ага эч кандай зыян жеткире албайсыӊар. Алла Өзү каалаган ар бир нерсеге дайыма күчү жетүүчү.
  • اِلَّا تَنۡصُرُوۡہُ فَقَدۡ نَصَرَہُ اللّٰہُ اِذۡ اَخۡرَجَہُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ثَانِیَ اثۡنَیۡنِ اِذۡ ہُمَا فِی الۡغَارِ اِذۡ یَقُوۡلُ لِصَاحِبِہٖ لَا تَحۡزَنۡ اِنَّ اللّٰہَ مَعَنَا ۚ فَاَنۡزَلَ اللّٰہُ سَکِیۡنَتَہٗ عَلَیۡہِ وَ اَیَّدَہٗ بِجُنُوۡدٍ لَّمۡ تَرَوۡہَا وَ جَعَلَ کَلِمَۃَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوا السُّفۡلٰی ؕ وَ کَلِمَۃُ اللّٰہِ ہِیَ الۡعُلۡیَا ؕ وَ اللّٰہُ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۴۰﴾
    9 : 40 Эгер силер ага (Пайгамбарга) жардам бербесеӊер да, Алла (мурун дагы) ага жардам берген, качан каапырлар аны эки (киши)нин бири болгон бойдон (мекенинен) чыгарган болчу. Качан ал экөөсү үӊкүрдө болушканда жана ал өз жолдошуна: «Кайгырба, албетте, Алла биз менен бирге», - деп айтаар эле. Ошентип, Алла анын үстүнө Өзүнүн тынчтыгын түшүрдү жана силер эч көрбөгөн кошуундар менен ага жардам кылды. Ал каапырлардын сөзүн төмөн кылып көрсөттү. Алланын сөзү гана бийик болот. Алла жеӊүүчү (жана) өтө даанышман.
  • اِنۡفِرُوۡا خِفَافًا وَّ ثِقَالًا وَّ جَاہِدُوۡا بِاَمۡوَالِکُمۡ وَ اَنۡفُسِکُمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ ؕ ذٰلِکُمۡ خَیۡرٌ لَّکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۱﴾
    9 : 41 Мейли жеӊил болуп, мейли оор болуп чыккыла. Алла жолунда өз дүнүйө-мүлктөрүӊөр жана жандарыӊар менен жихад кылгыла. Эгер билсеӊер, ушул силер үчүн жакшыраак.
  • لَوۡ کَانَ عَرَضًا قَرِیۡبًا وَّ سَفَرًا قَاصِدًا لَّاتَّبَعُوۡکَ وَ لٰکِنۡۢ بَعُدَتۡ عَلَیۡہِمُ الشُّقَّۃُ ؕ وَ سَیَحۡلِفُوۡنَ بِاللّٰہِ لَوِ اسۡتَطَعۡنَا لَخَرَجۡنَا مَعَکُمۡ ۚ یُہۡلِکُوۡنَ اَنۡفُسَہُمۡ ۚ وَ اللّٰہُ یَعۡلَمُ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿٪۴۲﴾
    9 : 42 Эгер аралык жакын болгондо жана сапар жеӊил болгондо, алар албетте, сени ээрчиген болоор эле, бирок машакат чегүү алардан абдан узак. Алар албетте, Алла аты менен (ушундай) касам ичишет: «Эгер биздин (буга) күчүбүз жеткенде, албетте, силер менен бирге чыгаар элек». Алар болгону өздөрүн гана жок кылышууда. Алла алардын албетте, жалганчылар экенин билет.
  • عَفَا اللّٰہُ عَنۡکَ ۚ لِمَ اَذِنۡتَ لَہُمۡ حَتّٰی یَتَبَیَّنَ لَکَ الَّذِیۡنَ صَدَقُوۡا وَ تَعۡلَمَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۴۳﴾
    9 : 43 Алла сени кечирсин! Чын сүйлөгөндөр сага айкын болмоюнча жана сен жалганчыларды дагы билип алмайынча, эмнеге аларга уруксат бердиӊ?
  • لَا یَسۡتَاۡذِنُکَ الَّذِیۡنَ یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ اَنۡ یُّجَاہِدُوۡا بِاَمۡوَالِہِمۡ وَ اَنۡفُسِہِمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِالۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۴۴﴾
    9 : 44 Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтире тургандар өз дүнүйө-мүлктөрү жана жандары менен жихад кылуудан сенден уруксат сурашпайт. Алла такыбаларды абдан жакшы билет.
  • اِنَّمَا یَسۡتَاۡذِنُکَ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ ارۡتَابَتۡ قُلُوۡبُہُمۡ فَہُمۡ فِیۡ رَیۡبِہِمۡ یَتَرَدَّدُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    9 : 45 Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтирбей тургандар гана сенден уруксат сурашат. Алардын көӊүлдөрү шек -күмөндө жана алар өз шектенүүлөрүндө эки анжы болуп жүрүшөт.
  • وَ لَوۡ اَرَادُوا الۡخُرُوۡجَ لَاَعَدُّوۡا لَہٗ عُدَّۃً وَّ لٰکِنۡ کَرِہَ اللّٰہُ انۡۢبِعَاثَہُمۡ فَثَبَّطَہُمۡ وَ قِیۡلَ اقۡعُدُوۡا مَعَ الۡقٰعِدِیۡنَ ﴿۴۶﴾
    9 : 46 Эгер алар (жихадга) чыкмакчы болушканда, албетте, ал үчүн даярдык дагы көргөн болоор эле. Бирок, Алла алардын (ушул улуу максат үчүн) чыгыштарын жактырбады, Ал аларды (ал жерде) калтырып койду жана (аларга) айтылды: «Отургандар менен бирге отура бергиле».
  • لَوۡ خَرَجُوۡا فِیۡکُمۡ مَّا زَادُوۡکُمۡ اِلَّا خَبَالًا وَّ لَا۠اَوۡضَعُوۡا خِلٰلَکُمۡ یَبۡغُوۡنَکُمُ الۡفِتۡنَۃَ ۚ وَ فِیۡکُمۡ سَمّٰعُوۡنَ لَہُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌۢ بِالظّٰلِمِیۡنَ ﴿۴۷﴾
    9 : 47 Эгер алар силер менен кошо (жихадга) чыгышканда, алар сен үчүн жалаӊ тартипсиздикти көбөйтмөк жана силер үчүн чагымчылыкты тилеп, араларыӊарда минген унааларыңарды тез-тез чаптырмак. Араларыӊарда аларга кулак салуучулар дагы бар. Алла заалимдерди абдан жакшы билет.
  • لَقَدِ ابۡتَغَوُا الۡفِتۡنَۃَ مِنۡ قَبۡلُ وَ قَلَّبُوۡا لَکَ الۡاُمُوۡرَ حَتّٰی جَآءَ الۡحَقُّ وَ ظَہَرَ اَمۡرُ اللّٰہِ وَ ہُمۡ کٰرِہُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    9 : 48 Алар жактырбаган бойдон (дагы) чындык келип, Алланын чечими айкын болгонго чейин дагы алар фитна-чагымды каалаар эле жана алар сенин алдыӊда маселелерди бурмалап баян кылышты .
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّقُوۡلُ ائۡذَنۡ لِّیۡ وَ لَا تَفۡتِنِّیۡ ؕ اَلَا فِی الۡفِتۡنَۃِ سَقَطُوۡا ؕ وَ اِنَّ جَہَنَّمَ لَمُحِیۡطَۃٌۢ بِالۡکٰفِرِیۡنَ ﴿۴۹﴾
    9 : 49 Алардын арасында: «Мага уруксат бергин жана мени фитнага салбагын!» - дей тургандар дагы бар. Кулак салгыла! Алар фитнага түшүп калгандар. Албетте, тозок каапырларды ар тараптан ороп алуучу.
  • اِنۡ تُصِبۡکَ حَسَنَۃٌ تَسُؤۡہُمۡ ۚ وَ اِنۡ تُصِبۡکَ مُصِیۡبَۃٌ یَّقُوۡلُوۡا قَدۡ اَخَذۡنَاۤ اَمۡرَنَا مِنۡ قَبۡلُ وَ یَتَوَلَّوۡا وَّ ہُمۡ فَرِحُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    9 : 50 Эгер сага кандайдыр бир жакшылык жетсе, бул аларга жакпайт. Бирок, эгер сага кандайдыр бир кырсык келсе, алар айтышат: «Биз алда качан өз ишибизди (колубузга) алган элек». Алар (кубангандыктан) керсейип, аркага бурулуп кетишет.
  • قُلۡ لَّنۡ یُّصِیۡبَنَاۤ اِلَّا مَا کَتَبَ اللّٰہُ لَنَا ۚ ہُوَ مَوۡلٰٮنَا ۚ وَ عَلَی اللّٰہِ فَلۡیَتَوَکَّلِ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    9 : 51 Сен (аларга) айткын: «Алла бизге жазып койгон балээден башка эч нерсе бизге жетпейт. Ал (Алла) биздин досубуз. Демек, момундар Аллага гана тобокел кылуулары лаазым».
  • قُلۡ ہَلۡ تَرَبَّصُوۡنَ بِنَاۤ اِلَّاۤ اِحۡدَی الۡحُسۡنَیَیۡنِ ؕ وَ نَحۡنُ نَتَرَبَّصُ بِکُمۡ اَنۡ یُّصِیۡبَکُمُ اللّٰہُ بِعَذَابٍ مِّنۡ عِنۡدِہٖۤ اَوۡ بِاَیۡدِیۡنَا ۫ۖ فَتَرَبَّصُوۡۤا اِنَّا مَعَکُمۡ مُّتَرَبِّصُوۡنَ ﴿۵۲﴾
    9 : 52 Айткын: «Силер бизге эки жакшылыктын биринен башка дагы кандайдыр бир нерсени тилей аласыӊарбы? Биз болсо, Алла силерге Өз тарабынан же биздин колдорубуздан азап беришин күтүүдөбүз. Ошондуктан, силер дагы күткүлө, биз дагы албетте, силер менен бирге күтүүчүбүз».
  • قُلۡ اَنۡفِقُوۡا طَوۡعًا اَوۡ کَرۡہًا لَّنۡ یُّتَقَبَّلَ مِنۡکُمۡ ؕ اِنَّکُمۡ کُنۡتُمۡ قَوۡمًا فٰسِقِیۡنَ ﴿۵۳﴾
    9 : 53 Айткын: «Силер мейли курсант болуп, мейли мажбур болуп каржыласаӊар, силерден кабыл алынбайт. Албетте, силер бир митаам коомсуӊар».
  • وَ مَا مَنَعَہُمۡ اَنۡ تُقۡبَلَ مِنۡہُمۡ نَفَقٰتُہُمۡ اِلَّاۤ اَنَّہُمۡ کَفَرُوۡا بِاللّٰہِ وَ بِرَسُوۡلِہٖ وَ لَا یَاۡتُوۡنَ الصَّلٰوۃَ اِلَّا وَ ہُمۡ کُسَالٰی وَ لَا یُنۡفِقُوۡنَ اِلَّا وَ ہُمۡ کٰرِہُوۡنَ ﴿۵۴﴾
    9 : 54 Алардын Аллага жана Анын Пайгамбарына ыйман келтирбегендиги, намазга өтө жалкоолук менен келгендиги жана көӊүлү тартпаган бойдон каржылагандыгынан башка эч нерсе дүнүйө-мүлктөрүнүн алардан кабыл кылынышына тоскоолдук кылбады.
  • فَلَا تُعۡجِبۡکَ اَمۡوَالُہُمۡ وَ لَاۤ اَوۡلَادُہُمۡ ؕ اِنَّمَا یُرِیۡدُ اللّٰہُ لِیُعَذِّبَہُمۡ بِہَا فِی الۡحَیٰوۃِ الدُّنۡیَا وَ تَزۡہَقَ اَنۡفُسُہُمۡ وَ ہُمۡ کٰفِرُوۡنَ ﴿۵۵﴾
    9 : 55 Демек, алардын дүнүйө-мүлктөрү жана тукумдары сени эч кызыктырбасын. Албетте, Алла аларга бул дүнүйө жашоосунда гана алар аркылуу азап берүүнү жана алардын жандары алардын каапыр болгон бойдон үзүлүшүн тилейт.
  • وَ یَحۡلِفُوۡنَ بِاللّٰہِ اِنَّہُمۡ لَمِنۡکُمۡ ؕ وَ مَا ہُمۡ مِّنۡکُمۡ وَ لٰکِنَّہُمۡ قَوۡمٌ یَّفۡرَقُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    9 : 56 Алар: «Албетте, биз силерденбиз», - деп Алла наамы менен касам ичишет. Чындыгында, алар силерден эмес. Жок, алар коркок коом.
  • لَوۡ یَجِدُوۡنَ مَلۡجَاً اَوۡ مَغٰرٰتٍ اَوۡ مُدَّخَلًا لَّوَلَّوۡا اِلَیۡہِ وَ ہُمۡ یَجۡمَحُوۡنَ ﴿۵۷﴾
    9 : 57 Эгер алар кандайдыр бир башпаанек же үӊкүр же кандайдыр бир жашына турган жай табышса, алар албетте, шашылып атылган бойдон ага жүгүрүшөт.
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّلۡمِزُکَ فِی الصَّدَقٰتِ ۚ فَاِنۡ اُعۡطُوۡا مِنۡہَا رَضُوۡا وَ اِنۡ لَّمۡ یُعۡطَوۡا مِنۡہَاۤ اِذَا ہُمۡ یَسۡخَطُوۡنَ ﴿۵۸﴾
    9 : 58 Жана алардын арасында садагалар тууралуу сага жалаа-айып кыла тургандар дагы бар. Эгер аларга ошол (садага)лардан бир аз берилсе, алар курсант болушат, эгер аларга ал (садага)лардан берилбесе, бат эле капа болушат.
  • وَ لَوۡ اَنَّہُمۡ رَضُوۡا مَاۤ اٰتٰٮہُمُ اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗ ۙ وَ قَالُوۡا حَسۡبُنَا اللّٰہُ سَیُؤۡتِیۡنَا اللّٰہُ مِنۡ فَضۡلِہٖ وَ رَسُوۡلُہٗۤ ۙ اِنَّاۤ اِلَی اللّٰہِ رٰغِبُوۡنَ ﴿٪۵۹﴾
    9 : 59 Кана, алар Алла жана Анын Пайгамбары аларга берген нерселерден ыраазы болуп: «Алла биз үчүн жетиштүү. Алла албетте, бизге Өз берешендигинен (абдан көп) тартуулайт жана Анын Пайгамбары дагы. Албетте, биз чын дилден Аллага гана ыктайбыз», - дешкенде, жакшы болмок.
  • اِنَّمَا الصَّدَقٰتُ لِلۡفُقَرَآءِ وَ الۡمَسٰکِیۡنِ وَ الۡعٰمِلِیۡنَ عَلَیۡہَا وَ الۡمُؤَلَّفَۃِ قُلُوۡبُہُمۡ وَ فِی الرِّقَابِ وَ الۡغٰرِمِیۡنَ وَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ ابۡنِ السَّبِیۡلِ ؕ فَرِیۡضَۃً مِّنَ اللّٰہِ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۶۰﴾
    9 : 60 Садагалар жалаӊ муктаждар, кембагалдар жана (садага) жыйноочулар, ошондой эле көӊүлдөрү көтөрүлүшү зарыл болгондор, кулдарды азат кылдыруу, бөөдө карызга баткандар, Алланын жолунда жалпы каржылоо жана мусапырлар үчүн. Бул – Алла тарабынан парыз. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө акылмандык ээси.
  • وَ مِنۡہُمُ الَّذِیۡنَ یُؤۡذُوۡنَ النَّبِیَّ وَ یَقُوۡلُوۡنَ ہُوَ اُذُنٌ ؕ قُلۡ اُذُنُ خَیۡرٍ لَّکُمۡ یُؤۡمِنُ بِاللّٰہِ وَ یُؤۡمِنُ لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ رَحۡمَۃٌ لِّلَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مِنۡکُمۡ ؕ وَ الَّذِیۡنَ یُؤۡذُوۡنَ رَسُوۡلَ اللّٰہِ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۶۱﴾
    9 : 61 Алардын арасында Пайгамбарды капа кылып: «Ал жалаӊ кулак», - деп айта тургандар дагы бар. Айткын: «Ооба, ал кулак бүтүндөй силердин пайдаӊар үчүн гана. Ал Аллага ыйман келтирет, момундардын айтканын кабыл кылат жана араӊардагы ыйман келтиргениӊер үчүн рахмат. Алланын Пайгамбарын капа кылуучулар үчүн оор азап бар».
  • یَحۡلِفُوۡنَ بِاللّٰہِ لَکُمۡ لِیُرۡضُوۡکُمۡ ۚ وَ اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗۤ اَحَقُّ اَنۡ یُّرۡضُوۡہُ اِنۡ کَانُوۡا مُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۶۲﴾
    9 : 62 Алар силерди ыраазы кылыш үчүн алдыӊарда Алла наамы менен касам ичишет. Чындыгында, эгер алар момун болушканда, ыраазы кылыш үчүн Алла жана Анын Пайгамбары акылуураак эле.
  • اَلَمۡ یَعۡلَمُوۡۤا اَنَّہٗ مَنۡ یُّحَادِدِ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ فَاَنَّ لَہٗ نَارَ جَہَنَّمَ خَالِدًا فِیۡہَا ؕ ذٰلِکَ الۡخِزۡیُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۶۳﴾
    9 : 63 Алар Алла жана Анын Пайгамбарына душмандык кыла турган бирөө үчүн тозок оту бар экенин билишпейби? Ал анда узак мөөнөткө чейин калуучу. Ал абдан чоӊ кордук.
  • یَحۡذَرُ الۡمُنٰفِقُوۡنَ اَنۡ تُنَزَّلَ عَلَیۡہِمۡ سُوۡرَۃٌ تُنَبِّئُہُمۡ بِمَا فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ ؕ قُلِ اسۡتَہۡزِءُوۡا ۚ اِنَّ اللّٰہَ مُخۡرِجٌ مَّا تَحۡذَرُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    9 : 64 Мунафыктар жүрөктөрүндөгү нерседен өздөрүнө кабар бере турган кандайдыр бир сүрөө түшүрүлүшүнөн коркушат. Айткын: «(Мейли) маскара кыла бергиле! Силер коркуп жаткан нерсени Алла албетте, ачыкка чыгарат» .
  • وَ لَئِنۡ سَاَلۡتَہُمۡ لَیَقُوۡلُنَّ اِنَّمَا کُنَّا نَخُوۡضُ وَ نَلۡعَبُ ؕ قُلۡ اَ بِاللّٰہِ وَ اٰیٰتِہٖ وَ رَسُوۡلِہٖ کُنۡتُمۡ تَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿۶۵﴾
    9 : 65 Эгер сен алардан сурасаӊ, алар албетте: «Биз жалаӊ жакшы маанайда, ойноп-күлүп турган элек», - деп айтышат. Сурагын: «Силер Алланы, Анын аят-жышаандарын жана Анын Пайгамбарын маскара кылып турган белеӊер?
  • لَا تَعۡتَذِرُوۡا قَدۡ کَفَرۡتُمۡ بَعۡدَ اِیۡمَانِکُمۡ ؕ اِنۡ نَّعۡفُ عَنۡ طَآئِفَۃٍ مِّنۡکُمۡ نُعَذِّبۡ طَآئِفَۃًۢ بِاَنَّہُمۡ کَانُوۡا مُجۡرِمِیۡنَ ﴿٪۶۶﴾
    9 : 66 Кандайдыр бир шылтоо ойлоп таппагыла. Албетте, силер ыйман келтиргениӊерден кийин каапыр болдуӊар». Эгер Биз силердин кандайдыр бир тайпаӊарды кечирсек, башка бир тайпага азап беришибиз дагы мүмкүн. Себеби, алар албетте, күнөөкөрлөр.
  • اَلۡمُنٰفِقُوۡنَ وَ الۡمُنٰفِقٰتُ بَعۡضُہُمۡ مِّنۡۢ بَعۡضٍ ۘ یَاۡمُرُوۡنَ بِالۡمُنۡکَرِ وَ یَنۡہَوۡنَ عَنِ الۡمَعۡرُوۡفِ وَ یَقۡبِضُوۡنَ اَیۡدِیَہُمۡ ؕ نَسُوا اللّٰہَ فَنَسِیَہُمۡ ؕ اِنَّ الۡمُنٰفِقِیۡنَ ہُمُ الۡفٰسِقُوۡنَ ﴿۶۷﴾
    9 : 67 Мунафык эркектер жана мунафык аялдар бири-бири менен алака-байланышта. Алар жамандыктарга буюрушат жана жакшылыктардан кайтарышат, ошондой эле алар колдорун (Алла жолунда каржылаш үчүн) ачышпайт. Алар Алланы унутуп жиберишти. Ошондуктан , Ал (Алла) дагы аларды унутуп жиберди. Албетте, мунафыктар гана фасыктар.
  • وَعَدَ اللّٰہُ الۡمُنٰفِقِیۡنَ وَ الۡمُنٰفِقٰتِ وَ الۡکُفَّارَ نَارَ جَہَنَّمَ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ ہِیَ حَسۡبُہُمۡ ۚ وَ لَعَنَہُمُ اللّٰہُ ۚ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ مُّقِیۡمٌ ﴿ۙ۶۸﴾
    9 : 68 Алла мунафык эркектер менен мунафык аялдар жана каапырларга тозок отун убада кылган; алар анда узак мөөнөткө чейин калуучулар; ал аларга жетиштүү болот. Алла аларды каргыштаган жана алар үчүн бир туруп калуучу азап бар –
  • کَالَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ کَانُوۡۤا اَشَدَّ مِنۡکُمۡ قُوَّۃً وَّ اَکۡثَرَ اَمۡوَالًا وَّ اَوۡلَادًا ؕ فَاسۡتَمۡتَعُوۡا بِخَلَاقِہِمۡ فَاسۡتَمۡتَعۡتُمۡ بِخَلَاقِکُمۡ کَمَا اسۡتَمۡتَعَ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡ بِخَلَاقِہِمۡ وَ خُضۡتُمۡ کَالَّذِیۡ خَاضُوۡا ؕ اُولٰٓئِکَ حَبِطَتۡ اَعۡمَالُہُمۡ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡخٰسِرُوۡنَ ﴿۶۹﴾
    9 : 69 (Эй, мунафыктар! Бул азап) силерден илгери өткөндөргө (берилген жазага) окшош (болот); алар күч-кубатта силерден да алдуурак, ошондой эле дүнүйө-мүлк жана тукумдарда силерден да байыраак болгон; алар өз насибинен каалаганча пайдаланышты. Силерден илгери өткөндөр өз насибинен пайдалангандай, силер дагы насибиӊерден пайдаландыӊар. Жана кудум алар беймаани нерселерге берилгендей, силер дагы беймаани нерселерге берилгенсиӊер. Мына ошолордун амалдары дүнүйөдө дагы, акыретте дагы текке кетти жана мына ошолор чынында, зыян көрүүчүлөр.
  • اَلَمۡ یَاۡتِہِمۡ نَبَاُ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ قَوۡمِ نُوۡحٍ وَّ عَادٍ وَّ ثَمُوۡدَ ۬ۙ وَ قَوۡمِ اِبۡرٰہِیۡمَ وَ اَصۡحٰبِ مَدۡیَنَ وَ الۡمُؤۡتَفِکٰتِ ؕ اَتَتۡہُمۡ رُسُلُہُمۡ بِالۡبَیِّنٰتِ ۚ فَمَا کَانَ اللّٰہُ لِیَظۡلِمَہُمۡ وَ لٰکِنۡ کَانُوۡۤا اَنۡفُسَہُمۡ یَظۡلِمُوۡنَ ﴿۷۰﴾
    9 : 70 Аларга өздөрүнөн илгери өткөндөрдүн - Нух коомунун, Аад (коому)нун, Самуд (коому)нун, Ибраахийм коомунун жана Мадян элинин, ошондой эле астын-үстүн болгон шаарлардын кабары келген жокпу? Аларга дагы алардын пайгамбарлары ачык-айкын аят-белгилер менен келген болчу. Демек, Алла аларга зулум кылмакчы эмес эле, тескерисинче, алардын өздөрү-өздөрүнө зулумдук кылышчу.
  • وَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتُ بَعۡضُہُمۡ اَوۡلِیَآءُ بَعۡضٍ ۘ یَاۡمُرُوۡنَ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ یَنۡہَوۡنَ عَنِ الۡمُنۡکَرِ وَ یُقِیۡمُوۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ یُؤۡتُوۡنَ الزَّکٰوۃَ وَ یُطِیۡعُوۡنَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ ؕ اُولٰٓئِکَ سَیَرۡحَمُہُمُ اللّٰہُ ؕ اِنَّ اللّٰہَ عَزِیۡزٌ حَکِیۡمٌ ﴿۷۱﴾
    9 : 71 Момун эркектер жана момун аялдар бири-бирине дос; алар жакшылыктарга буюрушат жана жаманчылыктардан кайтарышат; алар намаз окушат жана зекет беришет, ошондой эле Аллага жана Анын Пайгамбарына баш ийишет. Мына ушуларга Алла албетте, ырайым кылат. Албетте, Алла эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • وَعَدَ اللّٰہُ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ الۡمُؤۡمِنٰتِ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا وَ مَسٰکِنَ طَیِّبَۃً فِیۡ جَنّٰتِ عَدۡنٍ ؕ وَ رِضۡوَانٌ مِّنَ اللّٰہِ اَکۡبَرُ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿٪۷۲﴾
    9 : 72 Алла момун эркектер жана момун аялдарга ортолорунан дайралар агып өтүүчү бейиштерди убада кылган; алар ал (бейиш)терде түбөлүк калуучулар. Жана түбөлүк бейиштерде боло турган абдан таза үйлөрдү дагы (убада кылган). Бирок, Алланын ыраазчылыгы баарынан улук. Мунун өзү үлкөн ийгилик.
  • یٰۤاَیُّہَا النَّبِیُّ جَاہِدِ الۡکُفَّارَ وَ الۡمُنٰفِقِیۡنَ وَ اغۡلُظۡ عَلَیۡہِمۡ ؕ وَ مَاۡوٰٮہُمۡ جَہَنَّمُ ؕ وَ بِئۡسَ الۡمَصِیۡرُ ﴿۷۳﴾
    9 : 73 Эй, Пайгамбар! Каапырлар жана мунафыктарга каршы жихад кыл жана аларга катуу бол. Алардын турак жайы – тозок. Ал абдан жаман жай!
  • یَحۡلِفُوۡنَ بِاللّٰہِ مَا قَالُوۡا ؕ وَ لَقَدۡ قَالُوۡا کَلِمَۃَ الۡکُفۡرِ وَ کَفَرُوۡا بَعۡدَ اِسۡلَامِہِمۡ وَ ہَمُّوۡا بِمَا لَمۡ یَنَالُوۡا ۚ وَ مَا نَقَمُوۡۤا اِلَّاۤ اَنۡ اَغۡنٰہُمُ اللّٰہُ وَ رَسُوۡلُہٗ مِنۡ فَضۡلِہٖ ۚ فَاِنۡ یَّتُوۡبُوۡا یَکُ خَیۡرًا لَّہُمۡ ۚ وَ اِنۡ یَّتَوَلَّوۡا یُعَذِّبۡہُمُ اللّٰہُ عَذَابًا اَلِیۡمًا ۙ فِی الدُّنۡیَا وَ الۡاٰخِرَۃِ ۚ وَ مَا لَہُمۡ فِی الۡاَرۡضِ مِنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا نَصِیۡرٍ ﴿۷۴﴾
    9 : 74 Алар: «Биз айтпадык», - деп Алла наамы менен касам ичишет. Чынында, алар каапырлык сөзүн айтышкан. Алар мусулман болгондон кийин каапыр болушкан. Аларда өздөрү ишке ашыра албаган бекем ниеттери бар болчу. Алар Алла жана Анын Пайгамбары өз берешендиги менен момундарды бай-дөөлөттүү кылганы үчүн гана (аларга) душмандык кылышты. Демек, эгер алар тобо кылышса, өздөрү үчүн жакшы болот. Ооба, эгер алар бурулуп кетишсе, анда Алла аларга дүнүйөдө жана акыретте оор азап берет; аларга бүт жер жүзүндө бир дагы дос, бир дагы жардамчы табылбайт.
  • وَ مِنۡہُمۡ مَّنۡ عٰہَدَ اللّٰہَ لَئِنۡ اٰتٰٮنَا مِنۡ فَضۡلِہٖ لَنَصَّدَّقَنَّ وَ لَنَکُوۡنَنَّ مِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۷۵﴾
    9 : 75 Алардын арасында: «Эгер Ал (Алла) бизге Өз берешендигинен тартууласа, биз албетте, садага беребиз жана албетте, жакшы адамдардан болуп калабыз», - деп Аллага убада бергендер дагы бар.
  • فَلَمَّاۤ اٰتٰہُمۡ مِّنۡ فَضۡلِہٖ بَخِلُوۡا بِہٖ وَ تَوَلَّوۡا وَّ ہُمۡ مُّعۡرِضُوۡنَ ﴿۷۶﴾
    9 : 76 Ошентип, Ал (Алла) аларга Өз берешендигинен тартуу кылганда, алар анда сараӊдык кыла башташты жана (өз убадасынан) жүз буруучу бойдон кайтышты.
  • فَاَعۡقَبَہُمۡ نِفَاقًا فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ اِلٰی یَوۡمِ یَلۡقَوۡنَہٗ بِمَاۤ اَخۡلَفُوا اللّٰہَ مَا وَعَدُوۡہُ وَ بِمَا کَانُوۡا یَکۡذِبُوۡنَ ﴿۷۷﴾
    9 : 77 Алардын Аллага берген убадасынын үстүнөн чыкпагандыктары жана жалган сүйлөгөндүктөрү үчүн Ага туш келе турган күнгө чейин Алла алардын жүрөктөрүнө жаза катары эки жүздүүлүктү салып койду.
  • اَلَمۡ یَعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ یَعۡلَمُ سِرَّہُمۡ وَ نَجۡوٰٮہُمۡ وَ اَنَّ اللّٰہَ عَلَّامُ الۡغُیُوۡبِ ﴿ۚ۷۸﴾
    9 : 78 Алла алардын бардык сырларынан жана көмүскө кеӊештеринен кабардар экенин, ошондой эле Алла бардык кайыптардын билүүчүсү экенин алар билишпедиби?
  • اَلَّذِیۡنَ یَلۡمِزُوۡنَ الۡمُطَّوِّعِیۡنَ مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ فِی الصَّدَقٰتِ وَ الَّذِیۡنَ لَا یَجِدُوۡنَ اِلَّا جُہۡدَہُمۡ فَیَسۡخَرُوۡنَ مِنۡہُمۡ ؕ سَخِرَ اللّٰہُ مِنۡہُمۡ ۫ وَ لَہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۷۹﴾
    9 : 79 Бул (эки жүздүү)лөр (гана) момундардын арасынан ачык көӊүлдүк менен жакшылык кылуучулар жана өз мээнетинен башка (өздөрүндө) эч нерсеси болбогон адамдарды садагалар туурасында айыпташат. Ошентип, аларды маскара кылышат. Алла алардын маскарасына жооп кайтарат. Алар үчүн оор азап бар.
  • اِسۡتَغۡفِرۡ لَہُمۡ اَوۡ لَا تَسۡتَغۡفِرۡ لَہُمۡ ؕ اِنۡ تَسۡتَغۡفِرۡ لَہُمۡ سَبۡعِیۡنَ مَرَّۃً فَلَنۡ یَّغۡفِرَ اللّٰہُ لَہُمۡ ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ کَفَرُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿٪۸۰﴾
    9 : 80 Сен алар үчүн кечирим сурасаӊ да, же кечирим сурабасаӊ да, (аларга баары бир). Эгер сен алар үчүн жетимиш жолу кечирим сурасаӊ дагы, Алла аларды эч кечирбейт. Анткени, алар Алла жана Анын Пайгамбарын четке кагышкан. Алла фасык коомду туура жолго салбайт.
  • فَرِحَ الۡمُخَلَّفُوۡنَ بِمَقۡعَدِہِمۡ خِلٰفَ رَسُوۡلِ اللّٰہِ وَ کَرِہُوۡۤا اَنۡ یُّجَاہِدُوۡا بِاَمۡوَالِہِمۡ وَ اَنۡفُسِہِمۡ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ قَالُوۡا لَا تَنۡفِرُوۡا فِی الۡحَرِّ ؕ قُلۡ نَارُ جَہَنَّمَ اَشَدُّ حَرًّا ؕ لَوۡ کَانُوۡا یَفۡقَہُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    9 : 81 Аркада калтырылгандар Алланын Пайгамбарына каршы өздөрүнүн отурган жайларында калып калганына ыраазы болууда. Алар өз дүнүйө-мүлктөрү жана жандары менен Алланын жолунда жихад кылууну жактырышпады. Жана алар: «Куйкалаган аптапта жолго чыкпагыла», - дешээр эле. Айткын: «Тозок оту күйдүрүүдө (мындан) дагы катуураак». Алар (муну) түшүнүшсө, кана!
  • فَلۡیَضۡحَکُوۡا قَلِیۡلًا وَّ لۡیَبۡکُوۡا کَثِیۡرًا ۚ جَزَآءًۢ بِمَا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۸۲﴾
    9 : 82 Демек, алар кылган амалдарынын жазасы катары азыраак күлүүлөрү жана көбүрөөк ыйлоолору зарыл.
  • فَاِنۡ رَّجَعَکَ اللّٰہُ اِلٰی طَآئِفَۃٍ مِّنۡہُمۡ فَاسۡتَاۡذَنُوۡکَ لِلۡخُرُوۡجِ فَقُلۡ لَّنۡ تَخۡرُجُوۡا مَعِیَ اَبَدًا وَّ لَنۡ تُقَاتِلُوۡا مَعِیَ عَدُوًّا ؕ اِنَّکُمۡ رَضِیۡتُمۡ بِالۡقُعُوۡدِ اَوَّلَ مَرَّۃٍ فَاقۡعُدُوۡا مَعَ الۡخٰلِفِیۡنَ ﴿۸۳﴾
    9 : 83 Ошентип, эгер Алла алардын кандайдыр бир тайпасынын алдыга сени кайрадан алып барса жана алар сенден (жихадга) чыгыш үчүн уруксат сурашса, анда айткын: «Силер эч качан мени менен бирге (жихадга) чыкпайсыӊар жана эч качан мени менен бирге туруп, душманга каршы уруш кылбайсыӊар. Силер албетте, биринчи жолу (үйдө) отурушка ыраазы болгонсуӊар . Ошондуктан, эми аркада калуучулар менен бирге отура бергиле».
  • وَ لَا تُصَلِّ عَلٰۤی اَحَدٍ مِّنۡہُمۡ مَّاتَ اَبَدًا وَّ لَا تَقُمۡ عَلٰی قَبۡرِہٖ ؕ اِنَّہُمۡ کَفَرُوۡا بِاللّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ وَ مَا تُوۡا وَ ہُمۡ فٰسِقُوۡنَ ﴿۸۴﴾
    9 : 84 Жана алардын бирөөсү өлгөндө, эч качан анын (жаназа) намазын окуба жана эч качан анын мүрзөсүнүн башында (дуба үчүн) турба! Албетте, алар Алланы жана Анын Пайгамбарын четке кагышты, ошондой эле алар фасык бойдон өлүштү.
  • وَ لَا تُعۡجِبۡکَ اَمۡوَالُہُمۡ وَ اَوۡلَادُہُمۡ ؕ اِنَّمَا یُرِیۡدُ اللّٰہُ اَنۡ یُّعَذِّبَہُمۡ بِہَا فِی الدُّنۡیَا وَ تَزۡہَقَ اَنۡفُسُہُمۡ وَ ہُمۡ کٰفِرُوۡنَ ﴿۸۵﴾
    9 : 85 Алардын дүнүйө-мүлктөрү жана тукумдары сени эч кызыктырбасын. Алла бир гана аларга ушулар аркылуу бул дүйнөдө азап берүүнү жана алардын жандары каапыр бойдон үзүлүшүн каалайт.
  • وَ اِذَاۤ اُنۡزِلَتۡ سُوۡرَۃٌ اَنۡ اٰمِنُوۡا بِاللّٰہِ وَ جَاہِدُوۡا مَعَ رَسُوۡلِہِ اسۡتَاۡذَنَکَ اُولُوا الطَّوۡلِ مِنۡہُمۡ وَ قَالُوۡا ذَرۡنَا نَکُنۡ مَّعَ الۡقٰعِدِیۡنَ ﴿۸۶﴾
    9 : 86 Ошондой эле: «Аллага ыйман келтиргиле жана Анын Пайгамбары менен бирге болуп жихад кылгыла», - деп кандайдыр бир сүрөө түшүрүлгөндө, алардын арасындагы байлар сенден уруксат сурамакчы болушат жана: «Отуруп калуучулар менен бирге болушубуз үчүн бизди коё бер», - дешет.
  • رَضُوۡا بِاَنۡ یَّکُوۡنُوۡا مَعَ الۡخَوَالِفِ وَ طُبِعَ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ فَہُمۡ لَا یَفۡقَہُوۡنَ ﴿۸۷﴾
    9 : 87 Алар аркада отуруп калуучу аялдар менен бирге болууга ыраазы болушту жана алардын жүрөктөрүнө мөөр басылып коюлду. Ошондуктан, алар түшүнө алышпайт.
  • لٰکِنِ الرَّسُوۡلُ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا مَعَہٗ جٰہَدُوۡا بِاَمۡوَالِہِمۡ وَ اَنۡفُسِہِمۡ ؕ وَ اُولٰٓئِکَ لَہُمُ الۡخَیۡرٰتُ ۫ وَ اُولٰٓئِکَ ہُمُ الۡمُفۡلِحُوۡنَ ﴿۸۸﴾
    9 : 88 Бирок Пайгамбар жана аны менен бирге ыйман келтиргендер өз дүнүйө-мүлктөрү жана жандары менен жихад кылышат. Мына ошолор үчүн бардык жакшылыктар бар. Мына ошолор гана ийгиликке жетүүчүлөр.
  • اَعَدَّ اللّٰہُ لَہُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ مِنۡ تَحۡتِہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَا ؕ ذٰلِکَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿٪۸۹﴾
    9 : 89 Алла алар үчүн ортолорунан дайралар агып турган бейиштерди даярдап койгон. Алар ал (бейиш)терде түбөлүк калуучулар. Бул үлкөн ийгилик.
  • وَ جَآءَ الۡمُعَذِّرُوۡنَ مِنَ الۡاَعۡرَابِ لِیُؤۡذَنَ لَہُمۡ وَ قَعَدَ الَّذِیۡنَ کَذَبُوا اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ ؕ سَیُصِیۡبُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا مِنۡہُمۡ عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۹۰﴾
    9 : 90 Жана (аркада калуу үчүн): «Бизге уруксат берилсин», - деп көчмөндөрдүн арасынан дагы шылтоо издей тургандары келишти. (Ушундайча) Аллага жана Анын Пайгамбарына жалган сүйлөгөндөр аркада отуруп калышты. Алардын арасынан каапырлык кылгандарга, албетте, оор азап жетет.
  • لَیۡسَ عَلَی الضُّعَفَآءِ وَ لَا عَلَی الۡمَرۡضٰی وَ لَا عَلَی الَّذِیۡنَ لَا یَجِدُوۡنَ مَا یُنۡفِقُوۡنَ حَرَجٌ اِذَا نَصَحُوۡا لِلّٰہِ وَ رَسُوۡلِہٖ ؕ مَا عَلَی الۡمُحۡسِنِیۡنَ مِنۡ سَبِیۡلٍ ؕ وَ اللّٰہُ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿ۙ۹۱﴾
    9 : 91 Алсыздар жана оорулар, ошондой эле сарпташ үчүн (өздөрүндө) эч нерсе таба албай жаткандарга, эгер алар Алла жана Анын Пайгамбарына берилген болушса, эч кандай күнөө жок. Изги иштер кылуучуларды сурак кылып болбойт. Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَّ لَا عَلَی الَّذِیۡنَ اِذَا مَاۤ اَتَوۡکَ لِتَحۡمِلَہُمۡ قُلۡتَ لَاۤ اَجِدُ مَاۤ اَحۡمِلُکُمۡ عَلَیۡہِ ۪ تَوَلَّوۡا وَّ اَعۡیُنُہُمۡ تَفِیۡضُ مِنَ الدَّمۡعِ حَزَنًا اَلَّا یَجِدُوۡا مَا یُنۡفِقُوۡنَ ﴿ؕ۹۲﴾
    9 : 92 Жана мына ушундай адамдарды дагы айыптап болбойт: сен аларды (жихад үчүн) кандайдыр бир ат-унаага учкаштырып алышыӊ үчүн алдыӊа келишет. Ошондо, сен аларга: «Силерди учкаштырып алуу үчүн мен эч нерсе таппаймын», - деп жооп кыласыӊ. Ошондо, алар (Алланын жолунда) сарптоо үчүн эч нерсе таппагандыктары себептүү көздөрү жашка толгон бойдон кайтып кетишет.
  • اِنَّمَا السَّبِیۡلُ عَلَی الَّذِیۡنَ یَسۡتَاۡذِنُوۡنَکَ وَ ہُمۡ اَغۡنِیَآءُ ۚ رَضُوۡا بِاَنۡ یَّکُوۡنُوۡا مَعَ الۡخَوَالِفِ ۙ وَ طَبَعَ اللّٰہُ عَلٰی قُلُوۡبِہِمۡ فَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۹۳﴾
    9 : 93 Өздөрү бай болуп туруп, сенден уруксат сурай тургандарды гана суракка тутушу мүмкүн. Алар аркада отуруп калуучу аялдар менен бирге болууга ыраазы болушту. Алла алардын жүрөктөрүнө мөөр басып койду. Ошондуктан, алар эч нерсени билишпейт.
  • یَعۡتَذِرُوۡنَ اِلَیۡکُمۡ اِذَا رَجَعۡتُمۡ اِلَیۡہِمۡ ؕ قُلۡ لَّا تَعۡتَذِرُوۡا لَنۡ نُّؤۡمِنَ لَکُمۡ قَدۡ نَبَّاَنَا اللّٰہُ مِنۡ اَخۡبَارِکُمۡ ؕ وَ سَیَرَی اللّٰہُ عَمَلَکُمۡ وَ رَسُوۡلُہٗ ثُمَّ تُرَدُّوۡنَ اِلٰی عٰلِمِ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ فَیُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹۴﴾
    9 : 94 Силер алардын алдына кайтып келгениӊерде, алар силерден кечирим сурашат. Айткын: «Кечирим сурабагыла; биз силерге такыр ишенбейбиз; Алла бизди силердин ахвалыӊардан кабардар кылган; албетте, Алла жана Анын Пайгамбары силердин амалдарыӊарды көрүүдө; анан силер көмүскө жана көрүнөөнү билүүчү (Алла) тарабына кайтарыласыӊар. Демек, Ал силерге кылып жүргөн бардык амалдарыӊардын кабарын берет».
  • سَیَحۡلِفُوۡنَ بِاللّٰہِ لَکُمۡ اِذَا انۡقَلَبۡتُمۡ اِلَیۡہِمۡ لِتُعۡرِضُوۡا عَنۡہُمۡ ؕ فَاَعۡرِضُوۡا عَنۡہُمۡ ؕ اِنَّہُمۡ رِجۡسٌ ۫ وَّ مَاۡوٰٮہُمۡ جَہَنَّمُ ۚ جَزَآءًۢ بِمَا کَانُوۡا یَکۡسِبُوۡنَ ﴿۹۵﴾
    9 : 95 Силер алардын алдына кайтып келгениӊерде, алардан жүз бурууӊар үчүн, албетте, силердин алдыӊарда Алла наамы менен касам ичишет. Демек, (кааласаӊар) алардан жүз бургула. Алар баары бир таза эмес. Алардын турак жайы кылган амалдарынын жазасы катары тозок.
  • یَحۡلِفُوۡنَ لَکُمۡ لِتَرۡضَوۡا عَنۡہُمۡ ۚ فَاِنۡ تَرۡضَوۡا عَنۡہُمۡ فَاِنَّ اللّٰہَ لَا یَرۡضٰی عَنِ الۡقَوۡمِ الۡفٰسِقِیۡنَ ﴿۹۶﴾
    9 : 96 Силер аларга ыраазы болууӊар үчүн алар силердин алдыӊарда ант ичишет. Эгер силер аларга ыраазы болуп калсаӊар дагы, Алла фасык адамдарга эч качан ыраазы болбойт.
  • اَلۡاَعۡرَابُ اَشَدُّ کُفۡرًا وَّ نِفَاقًا وَّ اَجۡدَرُ اَلَّا یَعۡلَمُوۡا حُدُوۡدَ مَاۤ اَنۡزَلَ اللّٰہُ عَلٰی رَسُوۡلِہٖ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۹۷﴾
    9 : 97 Көчмөндөр каапырлык жана мунафыктыкта баарынан катуураак жана Алла Өз Пайгамбарына түшүргөн (көрсөтмөлөр)дүн чек араларын билбестикке ыктуураак. Алла дайыма билүүчү (жана) акылмандык ээси.
  • وَ مِنَ الۡاَعۡرَابِ مَنۡ یَّتَّخِذُ مَا یُنۡفِقُ مَغۡرَمًا وَّ یَتَرَبَّصُ بِکُمُ الدَّوَآئِرَ ؕ عَلَیۡہِمۡ دَآئِرَۃُ السَّوۡءِ ؕ وَ اللّٰہُ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۹۸﴾
    9 : 98 Көчмөндөрдүн арасында (Алла жолунда) сарптай турган нерселерди мажбур төлөө катары көрө турган жана башыӊарга түрдүү балээ түшүшүн күтүп жаткандар дагы бар. Түрдүү балээлер алардын баштарына гана түшөт. Алла эӊ угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • وَ مِنَ الۡاَعۡرَابِ مَنۡ یُّؤۡمِنُ بِاللّٰہِ وَ الۡیَوۡمِ الۡاٰخِرِ وَ یَتَّخِذُ مَا یُنۡفِقُ قُرُبٰتٍ عِنۡدَ اللّٰہِ وَ صَلَوٰتِ الرَّسُوۡلِ ؕ اَلَاۤ اِنَّہَا قُرۡبَۃٌ لَّہُمۡ ؕ سَیُدۡخِلُہُمُ اللّٰہُ فِیۡ رَحۡمَتِہٖ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿٪۹۹﴾
    9 : 99 Ошондой эле (бул) көчмөндөрдүн арасында Аллага жана акырет күнүнө ыйман келтире турган жана (Алла жолунда) кыла турган (садагалар)ды Аллага жакындоо куралы жана Пайгамбардын дубаларына ээ болуунун бир жол-куралы деп билүүчүлөр дагы бар. Уккула! Бул албетте, алар үчүн жакындоо куралы. Алла аларды, албетте, Өзүнүн рахматына киргизет. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَ السّٰبِقُوۡنَ الۡاَوَّلُوۡنَ مِنَ الۡمُہٰجِرِیۡنَ وَ الۡاَنۡصَارِ وَ الَّذِیۡنَ اتَّبَعُوۡہُمۡ بِاِحۡسَانٍ ۙ رَّضِیَ اللّٰہُ عَنۡہُمۡ وَ رَضُوۡا عَنۡہُ وَ اَعَدَّ لَہُمۡ جَنّٰتٍ تَجۡرِیۡ تَحۡتَہَا الۡاَنۡہٰرُ خٰلِدِیۡنَ فِیۡہَاۤ اَبَدًا ؕ ذٰلِکَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۱۰۰﴾
    9 : 100 Мухажирлер жана Ансарлардын арасынан озуп кете турган биринчилер, ошондой эле жакшы амалдар менен аларды ээрчигендер – аларга Алла ыраазы болду жана алар Ага ыраазы болушту. Ал (Алла) алар үчүн ортолорунан дайралар агып турган бейиштерди даярдап койгон. Алар ал (бейиш)терде түбөлүк калуучулар. Бул чоӊ ийгилик.
  • وَ مِمَّنۡ حَوۡلَکُمۡ مِّنَ الۡاَعۡرَابِ مُنٰفِقُوۡنَ ؕۛ وَ مِنۡ اَہۡلِ الۡمَدِیۡنَۃِ ۟ۛؔ مَرَدُوۡا عَلَی النِّفَاقِ ۟ لَا تَعۡلَمُہُمۡ ؕ نَحۡنُ نَعۡلَمُہُمۡ ؕ سَنُعَذِّبُہُمۡ مَّرَّتَیۡنِ ثُمَّ یُرَدُّوۡنَ اِلٰی عَذَابٍ عَظِیۡمٍ ﴿۱۰۱﴾ۚ
    9 : 101 Силердин тегерегиӊердеги көчмөндөрдүн арасында дагы, Мединада жашоочулардын ортосунда дагы мунафыктар да бар. Алар мунафыктыкта катып калгандар. Сен аларды билбейсиӊ, (ал эми) Биз аларды билебиз. Биз аларга эки жолу азап беребиз. Анан алар улуу азап тарапка кайтарылышат.
  • وَ اٰخَرُوۡنَ اعۡتَرَفُوۡا بِذُنُوۡبِہِمۡ خَلَطُوۡا عَمَلًا صَالِحًا وَّ اٰخَرَ سَیِّئًا ؕ عَسَی اللّٰہُ اَنۡ یَّتُوۡبَ عَلَیۡہِمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۰۲﴾
    9 : 102 Жана өз күнөөлөрүн моюнга алган башкалары дагы бар. Алар жакшы амалдар менен башка жаман амалдарды аралаштырып жиберишти. Алла аларга тобосун кабыл алган бойдон көӊүл буруу ыктымалы бар. Албетте, Алла өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • خُذۡ مِنۡ اَمۡوَالِہِمۡ صَدَقَۃً تُطَہِّرُہُمۡ وَ تُزَکِّیۡہِمۡ بِہَا وَ صَلِّ عَلَیۡہِمۡ ؕ اِنَّ صَلٰوتَکَ سَکَنٌ لَّہُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ سَمِیۡعٌ عَلِیۡمٌ ﴿۱۰۳﴾
    9 : 103 Сен алардын дүнүйөлөрүнөн садаганы кабыл алып тур. Ушул аркылуу сен аларды арылтасыӊ жана тазалайсыӊ; ошондой эле алар үчүн дуба кылып тур. Албетте, дубаӊ алар үчүн бейпилдик куралы болот. Алла өтө угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • اَلَمۡ یَعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ ہُوَ یَقۡبَلُ التَّوۡبَۃَ عَنۡ عِبَادِہٖ وَ یَاۡخُذُ الصَّدَقٰتِ وَ اَنَّ اللّٰہَ ہُوَ التَّوَّابُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۰۴﴾
    9 : 104 Алар бир гана Алла Өз пенделеринин тобосун жана садагаларын кабыл кылаарын билишпедиби? Ошондой эле бир гана Алла тобо кабыл алуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу экендигин дагы (билишпедиби?)
  • وَ قُلِ اعۡمَلُوۡا فَسَیَرَی اللّٰہُ عَمَلَکُمۡ وَ رَسُوۡلُہٗ وَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ ؕ وَ سَتُرَدُّوۡنَ اِلٰی عٰلِمِ الۡغَیۡبِ وَ الشَّہَادَۃِ فَیُنَبِّئُکُمۡ بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۰۵﴾ۚ
    9 : 105 Айткын: « Иштей бергиле! Албетте, Алла силердин амалыӊарды көрүп турат, ошондой эле Анын Пайгамбары жана бардык момундар дагы. (Акыры), силер кайыпты жана көрүнөөнү билүүчү (Алла) тарапка кайтарыласыӊар. Ошондо Ал силерге кылган амалдарыӊардын кабарын берет».
  • وَ اٰخَرُوۡنَ مُرۡجَوۡنَ لِاَمۡرِ اللّٰہِ اِمَّا یُعَذِّبُہُمۡ وَ اِمَّا یَتُوۡبُ عَلَیۡہِمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۱۰۶﴾
    9 : 106 Жана Алланын өкүмүн күтүүгө калтырылган башка адамдар дагы бар: мейли Ал (Алла) аларга азап берсин, мейли тобосун кабыл кылган бойдон аларга көӊүл бурсун. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө акылмандык ээси.
  • وَ الَّذِیۡنَ اتَّخَذُوۡا مَسۡجِدًا ضِرَارًا وَّ کُفۡرًا وَّ تَفۡرِیۡقًۢا بَیۡنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ وَ اِرۡصَادًا لِّمَنۡ حَارَبَ اللّٰہَ وَ رَسُوۡلَہٗ مِنۡ قَبۡلُ ؕ وَ لَیَحۡلِفُنَّ اِنۡ اَرَدۡنَاۤ اِلَّا الۡحُسۡنٰی ؕ وَ اللّٰہُ یَشۡہَدُ اِنَّہُمۡ لَکٰذِبُوۡنَ ﴿۱۰۷﴾
    9 : 107 Зыян жеткирүү, каапырлыкты таркатуу, момундардын арасында чатак салуу жана Алла менен Анын Пайгамбарына каршы мурдатан согушуп жаткан кишиге буктурма берүү үчүн бир мечит салгандар, албетте: «Биз жалаӊ жакшылыкты гана көздөгөн элек», - деп касам ичишет. Ал эми, алар кызылдай жалганчы экенине Алла күбөлүк берет.
  • لَا تَقُمۡ فِیۡہِ اَبَدًا ؕ لَمَسۡجِدٌ اُسِّسَ عَلَی التَّقۡوٰی مِنۡ اَوَّلِ یَوۡمٍ اَحَقُّ اَنۡ تَقُوۡمَ فِیۡہِ ؕ فِیۡہِ رِجَالٌ یُّحِبُّوۡنَ اَنۡ یَّتَطَہَّرُوۡا ؕ وَ اللّٰہُ یُحِبُّ الۡمُطَّہِّرِیۡنَ ﴿۱۰۸﴾
    9 : 108 Сен анда эч качан турба! Албетте, алгачкы күндөн эле такыбанын негизинде курулган мечит (намаз үчүн) турушуӊа акылуураак. Анда таза болууну каалай турган кишилер бар жана Алла тазалануучуларды сүйөт.
  • اَفَمَنۡ اَسَّسَ بُنۡیَانَہٗ عَلٰی تَقۡوٰی مِنَ اللّٰہِ وَ رِضۡوَانٍ خَیۡرٌ اَمۡ مَّنۡ اَسَّسَ بُنۡیَانَہٗ عَلٰی شَفَا جُرُفٍ ہَارٍ فَانۡہَارَ بِہٖ فِیۡ نَارِ جَہَنَّمَ ؕ وَ اللّٰہُ لَا یَہۡدِی الۡقَوۡمَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۱۰۹﴾
    9 : 109 Демек, өз имаратын Алланын такыбасы жана (Анын) ыраазычылыгынын негизинде курган бирөө жакшыраакпы, же өз имаратын бир боп-бош, кулай турган жээкке курганбы? Анан ал аны бирге тозок отуна алып түшөт. Алла заалим коомду туура жолго салбайт.
  • لَا یَزَالُ بُنۡیَانُہُمُ الَّذِیۡ بَنَوۡا رِیۡبَۃً فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ اِلَّاۤ اَنۡ تَقَطَّعَ قُلُوۡبُہُمۡ ؕ وَ اللّٰہُ عَلِیۡمٌ حَکِیۡمٌ ﴿۱۱۰﴾٪
    9 : 110 Алардын өздөрү куруп алган имарат жүрөктөрүнө дайыма шек-күмөндү салып турат. Ооба, алардын жүрөктөрү ҰАлладан корккондугу себебинен) жарылып кетсе, анда бул башка кеп. Алла дайыма билүүчү (жана) өтө акылмандык ээси.
  • اِنَّ اللّٰہَ اشۡتَرٰی مِنَ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ اَنۡفُسَہُمۡ وَ اَمۡوَالَہُمۡ بِاَنَّ لَہُمُ الۡجَنَّۃَ ؕ یُقَاتِلُوۡنَ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ فَیَقۡتُلُوۡنَ وَ یُقۡتَلُوۡنَ ۟ وَعۡدًا عَلَیۡہِ حَقًّا فِی التَّوۡرٰٮۃِ وَ الۡاِنۡجِیۡلِ وَ الۡقُرۡاٰنِ ؕ وَ مَنۡ اَوۡفٰی بِعَہۡدِہٖ مِنَ اللّٰہِ فَاسۡتَبۡشِرُوۡا بِبَیۡعِکُمُ الَّذِیۡ بَایَعۡتُمۡ بِہٖ ؕ وَ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۱۱۱﴾
    9 : 111 Албетте, Алла момундардан алардын жандарын жана дүнүйө-мүлктөрүн, анын ордуна аларга бейиш берилсин үчүн сатып алды. Алар Алла жолунда уруш кылышат. Ошентип, алар өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт. Бул Ал (Алла)нын милдетиндеги Тоорат, Инжил жана Куранда (баян этилген) чыныгы убада. Өз убадасын орундатуу боюнча Алладан жакшыраак ким бар? Демек, силер Ал (Алла) менен кылган соодаӊардан курсант болгула. Мына ушул үлкөн ийгилик.
  • اَلتَّآئِبُوۡنَ الۡعٰبِدُوۡنَ الۡحٰمِدُوۡنَ السَّآئِحُوۡنَ الرّٰکِعُوۡنَ السّٰجِدُوۡنَ الۡاٰمِرُوۡنَ بِالۡمَعۡرُوۡفِ وَ النَّاہُوۡنَ عَنِ الۡمُنۡکَرِ وَ الۡحٰفِظُوۡنَ لِحُدُوۡدِ اللّٰہِ ؕ وَ بَشِّرِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۱۲﴾
    9 : 112 Тобо кылуучулар, ибадат кылуучулар, мактоо айтуучулар, (Алланын жолунда) сапар кылуучулар, (Алла үчүн) руку жана сажда кылуучулар, жакшылыктарга буюруучулар, жамандыктардан кайтаруучулар жана Алланын чегараларын коргоочулар - (алардын бардыгы нукура момундар). Сен момундарга куш кабар жеткир.
  • مَا کَانَ لِلنَّبِیِّ وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡۤا اَنۡ یَّسۡتَغۡفِرُوۡا لِلۡمُشۡرِکِیۡنَ وَ لَوۡ کَانُوۡۤا اُولِیۡ قُرۡبٰی مِنۡۢ بَعۡدِ مَا تَبَیَّنَ لَہُمۡ اَنَّہُمۡ اَصۡحٰبُ الۡجَحِیۡمِ ﴿۱۱۳﴾
    9 : 113 Пайгамбар жана ыйман келтиргендер үчүн мушриктерге - мейли алар (өздөрүнүн) эӊ жакын туугандары болушса да - алардын тозок ээлери экендиги аларга ачык-айкын болгондон кийин кечирим тилеш дурус эмес.
  • وَ مَا کَانَ اسۡتِغۡفَارُ اِبۡرٰہِیۡمَ لِاَبِیۡہِ اِلَّا عَنۡ مَّوۡعِدَۃٍ وَّعَدَہَاۤ اِیَّاہُ ۚ فَلَمَّا تَبَیَّنَ لَہٗۤ اَنَّہٗ عَدُوٌّ لِّلّٰہِ تَبَرَّاَ مِنۡہُ ؕ اِنَّ اِبۡرٰہِیۡمَ لَاَوَّاہٌ حَلِیۡمٌ ﴿۱۱۴﴾
    9 : 114 Ибраахиймдин өз атасы үчүн кечирим тилеши ага берген бир убадасынын айынан гана болгон. Ошондуктан, анын Алланын душманы экендиги ага айкын болгон соӊ ал андан танды. Чынында, Ибраахийм өтө жумшак (жана) ак пейил болгон.
  • وَ مَا کَانَ اللّٰہُ لِیُضِلَّ قَوۡمًۢا بَعۡدَ اِذۡ ہَدٰٮہُمۡ حَتّٰی یُبَیِّنَ لَہُمۡ مَّا یَتَّقُوۡنَ ؕ اِنَّ اللّٰہَ بِکُلِّ شَیۡءٍ عَلِیۡمٌ ﴿۱۱۵﴾
    9 : 115 Алла кандайдыр бир коомго туура жолду көрсөткөндөн кийин, аларга эмнелерден сактаныш керектигин ачык-айкын баян кылбай туруп, алардын адашып кетишине жол бере турган Зат эмес. Албетте, Алла бардык нерсени жакшы билүүчү.
  • اِنَّ اللّٰہَ لَہٗ مُلۡکُ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ؕ وَ مَا لَکُمۡ مِّنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مِنۡ وَّلِیٍّ وَّ لَا نَصِیۡرٍ ﴿۱۱۶﴾
    9 : 116 Асмандар жана жердин падышачылыгы, албетте, Аллага гана тийиштүү. Ал тирилтет жана өлтүрөт дагы. Силерге Алладан башка бир дагы дос, бир дагы жардамчы жок.
  • لَقَدۡ تَّابَ اللّٰہُ عَلَی النَّبِیِّ وَ الۡمُہٰجِرِیۡنَ وَ الۡاَنۡصَارِ الَّذِیۡنَ اتَّبَعُوۡہُ فِیۡ سَاعَۃِ الۡعُسۡرَۃِ مِنۡۢ بَعۡدِ مَا کَادَ یَزِیۡغُ قُلُوۡبُ فَرِیۡقٍ مِّنۡہُمۡ ثُمَّ تَابَ عَلَیۡہِمۡ ؕ اِنَّہٗ بِہِمۡ رَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۱۷﴾ۙ
    9 : 117 Албетте, Алла Пайгамбарга жана кыйынчылык убагында аны ээрчиген Мухажирлер жана Ансарларга – алардан бир тайпасынын жүрөктөрү ийри болуп калууга жакын болгондон кийин тобосун кабыл кылган бойдон көӊүл бурду. Буга карабастан, Ал (Алла) аларга дагы тобосун кабыл кылып көңүл-дитин бурду. Албетте, Ал (Алла) аларга эӊ мээрбан (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • وَّ عَلَی الثَّلٰثَۃِ الَّذِیۡنَ خُلِّفُوۡا ؕ حَتّٰۤی اِذَا ضَاقَتۡ عَلَیۡہِمُ الۡاَرۡضُ بِمَا رَحُبَتۡ وَ ضَاقَتۡ عَلَیۡہِمۡ اَنۡفُسُہُمۡ وَ ظَنُّوۡۤا اَنۡ لَّا مَلۡجَاَ مِنَ اللّٰہِ اِلَّاۤ اِلَیۡہِ ؕ ثُمَّ تَابَ عَلَیۡہِمۡ لِیَتُوۡبُوۡا ؕ اِنَّ اللّٰہَ ہُوَ التَّوَّابُ الرَّحِیۡمُ ﴿۱۱۸﴾٪
    9 : 118 Жана аркада калтырылган үчөөгө дагы (Алла тобосун кабыл кылган бойдон көӊүл бурду). А түгүл жер кеӊдигине карабастан аларга тардык кылганда жана жандары сыгылганда, ошондой эле алар: «Алла(нын азабы)нан кутулуу үчүн Анын Өзүнөн бөлөк эч кандай башпаанек жок», - деп билишкенде, алар тобо кылышсын үчүн Алла аларга тобосун кабыл кылып карады. Албетте, Алланын Өзү гана кайра-кайра тобону кабыл кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوا اتَّقُوا اللّٰہَ وَ کُوۡنُوۡا مَعَ الصّٰدِقِیۡنَ ﴿۱۱۹﴾
    9 : 119 Эй, ыйман келтиргендер! Алладан корккула жана чынчылдар менен бирге болгула.
  • مَا کَانَ لِاَہۡلِ الۡمَدِیۡنَۃِ وَ مَنۡ حَوۡلَہُمۡ مِّنَ الۡاَعۡرَابِ اَنۡ یَّتَخَلَّفُوۡا عَنۡ رَّسُوۡلِ اللّٰہِ وَ لَا یَرۡغَبُوۡا بِاَنۡفُسِہِمۡ عَنۡ نَّفۡسِہٖ ؕ ذٰلِکَ بِاَنَّہُمۡ لَا یُصِیۡبُہُمۡ ظَمَاٌ وَّ لَا نَصَبٌ وَّ لَا مَخۡمَصَۃٌ فِیۡ سَبِیۡلِ اللّٰہِ وَ لَا یَطَـُٔوۡنَ مَوۡطِئًا یَّغِیۡظُ الۡکُفَّارَ وَ لَا یَنَالُوۡنَ مِنۡ عَدُوٍّ نَّیۡلًا اِلَّا کُتِبَ لَہُمۡ بِہٖ عَمَلٌ صَالِحٌ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُضِیۡعُ اَجۡرَ الۡمُحۡسِنِیۡنَ ﴿۱۲۰﴾ۙ
    9 : 120 Медина эли жана анын тегерегинде жашоочу көчмөндөр үчүн Алланын Пайгамбарын таштап, артта калуулары жана аны коюп, өздөрүн жактыруулары дурус эмес эле. (Напсилердин бул курбандыгы шарт болчу). Анткени, чынында Алланын жолунда аларга кандайдыр бир чаӊкоо, кандайдыр бир машакат жана кандайдыр бир ачарчылык жетпейт, ошондой эле алар каапырларды ачууланта турган жолдордон жүрүшпөйт жана душмандан (уруш учурунда) кандайдыр бир нерсе алышпайт, бирок ушунун ордуна алар үчүн бир жакшы амал жазылып коюлат. Алла изги иштер кылуучулардын сыйлыгын эч качан текке кетирбейт.
  • وَ لَا یُنۡفِقُوۡنَ نَفَقَۃً صَغِیۡرَۃً وَّ لَا کَبِیۡرَۃً وَّ لَا یَقۡطَعُوۡنَ وَادِیًا اِلَّا کُتِبَ لَہُمۡ لِیَجۡزِیَہُمُ اللّٰہُ اَحۡسَنَ مَا کَانُوۡا یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۲۱﴾
    9 : 121 Жана алар кандайдыр бир кичине же чоӊ нерсе сарп кылышпайт жана кандайдыр бир өрөөндө сапар кылышпайт, бирок Алла аларды өздөрү кылып жүргөн эӊ жакшы амалдарына жараша сыйласын үчүн (бул иш) алар үчүн жазылып коюлат.
  • وَ مَا کَانَ الۡمُؤۡمِنُوۡنَ لِیَنۡفِرُوۡا کَآفَّۃً ؕ فَلَوۡ لَا نَفَرَ مِنۡ کُلِّ فِرۡقَۃٍ مِّنۡہُمۡ طَآئِفَۃٌ لِّیَتَفَقَّہُوۡا فِی الدِّیۡنِ وَ لِیُنۡذِرُوۡا قَوۡمَہُمۡ اِذَا رَجَعُوۡۤا اِلَیۡہِمۡ لَعَلَّہُمۡ یَحۡذَرُوۡنَ ﴿۱۲۲﴾٪
    9 : 122 Момундардын бардыгы бирдикте (динди үйрөнүүгө) чыгуулары мүмкүн эмес. Ошондуктан, алардын ар бир агымынан бир тайпа кишилер дин илимин үйрөнүүгө чыгышпайбы жана алар өз коомун, аларга кайтышканда, алар (ойрон болуудан) сактануулары үчүн аларды кулактандырышпайбы?
  • یٰۤاَیُّہَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا قَاتِلُوا الَّذِیۡنَ یَلُوۡنَکُمۡ مِّنَ الۡکُفَّارِ وَ لۡیَجِدُوۡا فِیۡکُمۡ غِلۡظَۃً ؕ وَ اعۡلَمُوۡۤا اَنَّ اللّٰہَ مَعَ الۡمُتَّقِیۡنَ ﴿۱۲۳﴾
    9 : 123 Эй, ыйман келтиргендер! Каапырлардын арасынан силерге эӊ жакын болгондорго каршы да уруш кылгыла. Алар силердин ичиӊердеги каарыӊарды сезүүлөрү керек. Алла такыбалар менен бирге экенин билгиле.
  • وَ اِذَا مَاۤ اُنۡزِلَتۡ سُوۡرَۃٌ فَمِنۡہُمۡ مَّنۡ یَّقُوۡلُ اَیُّکُمۡ زَادَتۡہُ ہٰذِہٖۤ اِیۡمَانًا ۚ فَاَمَّا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا فَزَادَتۡہُمۡ اِیۡمَانًا وَّ ہُمۡ یَسۡتَبۡشِرُوۡنَ ﴿۱۲۴﴾
    9 : 124 Кандайдыр бир сүрөө түшүрүлгөндө, алардын ичинен айрымдары: «Ко-ош, араӊардан кимдин ыйманын бул (сүрөө) бекем кылды?» - дешет. Демек, (билип койгула), ал ыйман келтиргендердин ыйманын күчөттү жана алар (келечек жөнүндө) куш кабарларды алышат.
  • وَ اَمَّا الَّذِیۡنَ فِیۡ قُلُوۡبِہِمۡ مَّرَضٌ فَزَادَتۡہُمۡ رِجۡسًا اِلٰی رِجۡسِہِمۡ وَ مَا تُوۡا وَ ہُمۡ کٰفِرُوۡنَ ﴿۱۲۵﴾
    9 : 125 Ооба, бул (сүрөө) дилдеринде дарт-кесел болгондордун ыпластыктарына дагы ыпластык кошот жана алар каапыр бойдон өлүп кетишет.
  • اَوَ لَا یَرَوۡنَ اَنَّہُمۡ یُفۡتَنُوۡنَ فِیۡ کُلِّ عَامٍ مَّرَّۃً اَوۡ مَرَّتَیۡنِ ثُمَّ لَا یَتُوۡبُوۡنَ وَ لَا ہُمۡ یَذَّکَّرُوۡنَ ﴿۱۲۶﴾
    9 : 126 Алар ар жылы бир-эки жолу сыноодон өткөрүлө турганын көрүшпөйбү? Бирок, буга карабастан, алар тобо кылышпайт жана акыл-насаат да алышпайт.
  • وَ اِذَا مَاۤ اُنۡزِلَتۡ سُوۡرَۃٌ نَّظَرَ بَعۡضُہُمۡ اِلٰی بَعۡضٍ ؕ ہَلۡ یَرٰٮکُمۡ مِّنۡ اَحَدٍ ثُمَّ انۡصَرَفُوۡا ؕ صَرَفَ اللّٰہُ قُلُوۡبَہُمۡ بِاَنَّہُمۡ قَوۡمٌ لَّا یَفۡقَہُوۡنَ ﴿۱۲۷﴾
    9 : 127 Жана кандайдыр бир сүрөө түшүрүлгөндө, алардын айрымдары-айрымдарына карап, (тим эле ишаарат) менен: «Силерди көрүп жаткан бирөө бар беле?» - дешет. Анан алар терс бурулуп кетишет. Алар түшүнбөй турган коом болгондуктары үчүн Алла алардын көӊүлдөрүн тескери кылып койгон.
  • لَقَدۡ جَآءَکُمۡ رَسُوۡلٌ مِّنۡ اَنۡفُسِکُمۡ عَزِیۡزٌ عَلَیۡہِ مَا عَنِتُّمۡ حَرِیۡصٌ عَلَیۡکُمۡ بِالۡمُؤۡمِنِیۡنَ رَءُوۡفٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۲۸﴾
    9 : 128 Албетте, силерге өз араӊардан болгон бир Пайгамбар келди. Силердин кыйынчылык-машакатка дуушар болууӊар ага абдан оор болот (жана) ал силер үчүн (жакшылыкка) чаӊкаган. Ал момундарга эӊ мээрбан (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَقُلۡ حَسۡبِیَ اللّٰہُ ۫٭ۖ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ ؕ عَلَیۡہِ تَوَکَّلۡتُ وَ ہُوَ رَبُّ الۡعَرۡشِ الۡعَظِیۡمِ ﴿۱۲۹﴾٪
    9 : 129 Демек, эгер алар жүз буруп кетишсе, анда айт: «Алла мага жетиштүү, Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Мен Ага гана тобокел кыламын жана Ал (Алла) Улуу Арштын Раббиси».
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via