بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
111 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
تَبَّتۡ یَدَاۤ اَبِیۡ لَہَبٍ وَّ تَبَّ ؕ﴿۲﴾
111 : 2 Абу Лахабдын эки колу теӊ ойрон болду жана анын өзү да ойрон болду.
مَاۤ اَغۡنٰی عَنۡہُ مَالُہٗ وَ مَا کَسَبَ ؕ﴿۳﴾
111 : 3 Анын мал-мүлкү да, ал тапкан бардык нерселери да ага болуша албады.
سَیَصۡلٰی نَارًا ذَاتَ لَہَبٍ ۚ﴿ۖ۴﴾
111 : 4 Ал сөзсүз бир жалындап турган отко кирет.
وَّ امۡرَاَتُہٗ ؕ حَمَّالَۃَ الۡحَطَبِ ۚ﴿۵﴾
111 : 5 Жана анын аялы дагы, абдан көп отун көтөргөн бойдон.
فِیۡ جِیۡدِہَا حَبۡلٌ مِّنۡ مَّسَدٍ ٪﴿۶﴾
111 : 6 Анын мойнунда курманын кабыгынан бышык эшилген аркан болот.