Курани карим Ал-Анбия • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الاٴنبیَاء

Ал-Анбия

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    21 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • اِقۡتَرَبَ لِلنَّاسِ حِسَابُہُمۡ وَ ہُمۡ فِیۡ غَفۡلَۃٍ مُّعۡرِضُوۡنَ ۚ﴿۲﴾
    21 : 2 Адамдарга алардын эсеп-кысабы жакындап калды; алар ошого карабастан бейкабар абалда жүз буруп турушуптур.
  • مَا یَاۡتِیۡہِمۡ مِّنۡ ذِکۡرٍ مِّنۡ رَّبِّہِمۡ مُّحۡدَثٍ اِلَّا اسۡتَمَعُوۡہُ وَ ہُمۡ یَلۡعَبُوۡنَ ۙ﴿۳﴾
    21 : 3 Алар өздөрүнө Раббисинен келген ар бир жаӊы зикирди маскара кылгандай угушат –
  • لَاہِیَۃً قُلُوۡبُہُمۡ ؕ وَ اَسَرُّوا النَّجۡوَی ٭ۖ الَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا ٭ۖ ہَلۡ ہٰذَاۤ اِلَّا بَشَرٌ مِّثۡلُکُمۡ ۚ اَفَتَاۡتُوۡنَ السِّحۡرَ وَ اَنۡتُمۡ تُبۡصِرُوۡنَ ﴿۴﴾
    21 : 4 Дилдери кабарсыз болгон бойдон. Зулумдук кылгандар өздөрүнүн жашыруун кеӊештерин жашырып коюшкан. Эмне, бул силер сыяктуу бир адам эмеспи? Демек, силер көрүп туруп, сыйкыр тарапка карай илгерилей бересиӊерби?
  • قٰلَ رَبِّیۡ یَعۡلَمُ الۡقَوۡلَ فِی السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ ۫ وَ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ﴿۵﴾
    21 : 5 Ал айтты: «Раббим асман жана жердеги ар бир сөздү абдан жакшы билет. Ал абдан угуучу (жана) дайыма билүүчү».
  • بَلۡ قَالُوۡۤا اَضۡغَاثُ اَحۡلَامٍۭ بَلِ افۡتَرٰٮہُ بَلۡ ہُوَ شَاعِرٌ ۚۖ فَلۡیَاۡتِنَا بِاٰیَۃٍ کَمَاۤ اُرۡسِلَ الۡاَوَّلُوۡنَ ﴿۶﴾
    21 : 6 Тескерисинче алар: «Булар – чаташкан түштөр; жок, ал муну дагы ойлоп чыгарган; чынында, ал болгону бир акын. Ошондуктан, ал илгерки жиберилген пайгамбарлардай бизге бир улуу аят-белги келтириши керек», - дешти.
  • مَاۤ اٰمَنَتۡ قَبۡلَہُمۡ مِّنۡ قَرۡیَۃٍ اَہۡلَکۡنٰہَا ۚ اَفَہُمۡ یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۷﴾
    21 : 7 Алардан мурун Биз жок кылып жиберген эч бир кыштак ыйман келтирбеген эле. Андай болсо, булар ыйман келтирээр беле?!
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا قَبۡلَکَ اِلَّا رِجَالًا نُّوۡحِیۡۤ اِلَیۡہِمۡ فَسۡـَٔلُوۡۤا اَہۡلَ الذِّکۡرِ اِنۡ کُنۡتُمۡ لَا تَعۡلَمُوۡنَ ﴿۸﴾
    21 : 8 Сенден мурун Биз эркектерди гана жөнөткөнбүз: аларга Биз вахий-аян жөнөтөөр элек. Демек, эгер билбесеӊер, Зикир ээлеринен сурап алгыла.
  • وَ مَا جَعَلۡنٰہُمۡ جَسَدًا لَّا یَاۡکُلُوۡنَ الطَّعَامَ وَ مَا کَانُوۡا خٰلِدِیۡنَ ﴿۹﴾
    21 : 9 Жана Биз аларды тамак жебей турган дене кылбаган элек; ошондой эле алар түбөлүк калуучулар (дагы) эмес болчу.
  • ثُمَّ صَدَقۡنٰہُمُ الۡوَعۡدَ فَاَنۡجَیۡنٰہُمۡ وَ مَنۡ نَّشَآءُ وَ اَہۡلَکۡنَا الۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿۱۰﴾
    21 : 10 Анан Биз аларга кылган убаданы ырас кылып көрсөттүк. Ошентип, Биз аларды жана Өзүбүз каалаган кишини куткардык. Чектен ашуучуларды Биз ойрондотуп жибердик.
  • لَقَدۡ اَنۡزَلۡنَاۤ اِلَیۡکُمۡ کِتٰبًا فِیۡہِ ذِکۡرُکُمۡ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿٪۱۱﴾
    21 : 11 Албетте, Биз силерге ушундай бир Китеп түшүрдүк: анда силердин зикириӊер бар. Демек, силер акыл калчабайсыӊарбы?
  • وَ کَمۡ قَصَمۡنَا مِنۡ قَرۡیَۃٍ کَانَتۡ ظَالِمَۃً وَّ اَنۡشَاۡنَا بَعۡدَہَا قَوۡمًا اٰخَرِیۡنَ ﴿۱۲﴾
    21 : 12 Зулумдук кылган канчалаган кыштактарды Биз жер менен жексен кылганбыз; алардан кийин Биз башка адамдарды пайда кылганбыз.
  • فَلَمَّاۤ اَحَسُّوۡا بَاۡسَنَاۤ اِذَا ہُمۡ مِّنۡہَا یَرۡکُضُوۡنَ ﴿ؕ۱۳﴾
    21 : 13 Анан алар Биздин азабыбызды сезишкенде, кокустан андан кача башташты.
  • لَا تَرۡکُضُوۡا وَ ارۡجِعُوۡۤا اِلٰی مَاۤ اُتۡرِفۡتُمۡ فِیۡہِ وَ مَسٰکِنِکُمۡ لَعَلَّکُمۡ تُسۡـَٔلُوۡنَ ﴿۱۴﴾
    21 : 14 «Качпагыла, силерге ыракат тартууланган жайга кайткыла жана жоопкерчиликке тартылышыӊар үчүн мекениӊерге (кайткыла)».
  • قَالُوۡا یٰوَیۡلَنَاۤ اِنَّا کُنَّا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۱۵﴾
    21 : 15 Алар айтышты: «Шорубуз курусун! Биз албетте, заалим элек».
  • فَمَا زَالَتۡ تِّلۡکَ دَعۡوٰٮہُمۡ حَتّٰی جَعَلۡنٰہُمۡ حَصِیۡدًا خٰمِدِیۡنَ ﴿۱۶﴾
    21 : 16 Ошентип, Биз аларды орулган, тепселенген эгиндер сыяктуу кылып койгонубузга чейин алардын кыйкырыгы мына ошондойчо болду.
  • وَ مَا خَلَقۡنَا السَّمَآءَ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَا لٰعِبِیۡنَ ﴿۱۷﴾
    21 : 17 Биз асман жана жерди, ошондой эле ал экөөсүнүн ортосундагы нерселерди оюн-күлкү кылган бойдон жаратпаганбыз.
  • لَوۡ اَرَدۡنَاۤ اَنۡ نَّتَّخِذَ لَہۡوًا لَّاتَّخَذۡنٰہُ مِنۡ لَّدُنَّاۤ ٭ۖ اِنۡ کُنَّا فٰعِلِیۡنَ ﴿۱۸﴾
    21 : 18 Эгер Биз кандайдыр бир эрмек кылууну каалаганыбызда, аны Өзүбүздөн кылаар элек, эгер Биз (ошондой) кылмакчы болгонубузда.
  • بَلۡ نَقۡذِفُ بِالۡحَقِّ عَلَی الۡبَاطِلِ فَیَدۡمَغُہٗ فَاِذَا ہُوَ زَاہِقٌ ؕ وَ لَکُمُ الۡوَیۡلُ مِمَّا تَصِفُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    21 : 19 Жок, Биз чындыкты жалгандын үстүнө таштайбыз, ошондо ал аны эзип таштайт жана кокустан ал жок болуп кетет. Силер сүйлөп жаткан нерселериӊер үчүн силерге балээ болсун!
  • وَ لَہٗ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ وَ مَنۡ عِنۡدَہٗ لَا یَسۡتَکۡبِرُوۡنَ عَنۡ عِبَادَتِہٖ وَ لَا یَسۡتَحۡسِرُوۡنَ ﴿ۚ۲۰﴾
    21 : 20 Асмандар жана жердеги бар нерсе Аныкы; Анын алдындагылар Ага ибадат кылууда текеберлик кылышпайт жана эч качан чарчашпайт.
  • یُسَبِّحُوۡنَ الَّیۡلَ وَ النَّہَارَ لَا یَفۡتُرُوۡنَ ﴿۲۱﴾
    21 : 21 Алар түнкүсүн дагы, күндүзү дагы тасбийх айтышат (жана) эч кандай жалкоолук кылышпайт.
  • اَمِ اتَّخَذُوۡۤا اٰلِہَۃً مِّنَ الۡاَرۡضِ ہُمۡ یُنۡشِرُوۡنَ ﴿۲۲﴾
    21 : 22 Эмне, алар жерден жарата ала турган кудайларды тандап алышканбы?
  • لَوۡ کَانَ فِیۡہِمَاۤ اٰلِہَۃٌ اِلَّا اللّٰہُ لَفَسَدَتَا ۚ فَسُبۡحٰنَ اللّٰہِ رَبِّ الۡعَرۡشِ عَمَّا یَصِفُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    21 : 23 Эгер бул экөөсү (асман жана жер)де Алладан башка кудай бар болгондо, алардын экөөсү теӊ астын-үстүн болоор эле. Демек, Алла – Арштын ээси алар баяндап жаткан бардык нерселерден таза.
  • لَا یُسۡـَٔلُ عَمَّا یَفۡعَلُ وَ ہُمۡ یُسۡـَٔلُوۡنَ ﴿۲۴﴾
    21 : 24 Ал (Алла) Өзү кыла турган нерселер боюнча суракка алынбайт, алар болсо суракка алынат.
  • اَمِ اتَّخَذُوۡا مِنۡ دُوۡنِہٖۤ اٰلِہَۃً ؕ قُلۡ ہَاتُوۡا بُرۡہَانَکُمۡ ۚ ہٰذَا ذِکۡرُ مَنۡ مَّعِیَ وَ ذِکۡرُ مَنۡ قَبۡلِیۡ ؕ بَلۡ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ۙ الۡحَقَّ فَہُمۡ مُّعۡرِضُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    21 : 25 Эмне, алар Андан башкаларды кудай кылып алыштыбы? Айткын: «Өзүӊөрдүн бекем далилиӊерди келтиргиле. Бул мени менен бирге болгондордун зикири, ошондой эле менден мурун өткөндөрдүн зикири». Бирок, алардын көпчүлүгү акыйкатты билбейт. Алар жүз буруучулар.
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنَا مِنۡ قَبۡلِکَ مِنۡ رَّسُوۡلٍ اِلَّا نُوۡحِیۡۤ اِلَیۡہِ اَنَّہٗ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّاۤ اَنَا فَاعۡبُدُوۡنِ ﴿۲۶﴾
    21 : 26 Биз сенден мурун: «Менден башка кудай жок; ошондуктан, Мага гана ибадат кылгыла», - деп вахий кылбастан туруп, эч бир пайгамбар жөнөткөн эмеспиз.
  • وَ قَالُوا اتَّخَذَ الرَّحۡمٰنُ وَلَدًا سُبۡحٰنَہٗ ؕ بَلۡ عِبَادٌ مُّکۡرَمُوۡنَ ﴿ۙ۲۷﴾
    21 : 27 Алар: «Рахмаан Өзүнө уул кылып алды», - дешти. Ал таза! Жок, алар (периштелер) урмат-сыйга ылайык пенделер.
  • لَا یَسۡبِقُوۡنَہٗ بِالۡقَوۡلِ وَ ہُمۡ بِاَمۡرِہٖ یَعۡمَلُوۡنَ ﴿۲۸﴾
    21 : 28 Алар сөздө Ал (Алла)дан алга өтүшпөйт жана алар жалаӊ Анын буйругуна ылайык амал кылышат.
  • یَعۡلَمُ مَا بَیۡنَ اَیۡدِیۡہِمۡ وَ مَا خَلۡفَہُمۡ وَ لَا یَشۡفَعُوۡنَ ۙ اِلَّا لِمَنِ ارۡتَضٰی وَ ہُمۡ مِّنۡ خَشۡیَتِہٖ مُشۡفِقُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    21 : 29 Алардын алдында жана артында эмне бар экенин Ал билет. Алар Ал (Алла) ыраазы болгон киши үчүн гана шапаат кылышат жана алар Анын айбатынан кооптонуп турушат.
  • وَ مَنۡ یَّقُلۡ مِنۡہُمۡ اِنِّیۡۤ اِلٰہٌ مِّنۡ دُوۡنِہٖ فَذٰلِکَ نَجۡزِیۡہِ جَہَنَّمَ ؕ کَذٰلِکَ نَجۡزِی الظّٰلِمِیۡنَ ﴿٪۳۰﴾
    21 : 30 Алардан кайсы бири: «Мен Андан өзгө кудаймын», - десе, Биз ошого гана тозок жазасын беребиз; заалимдерди Биз мына ушундай жазалайбыз.
  • اَوَ لَمۡ یَرَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اَنَّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ کَانَتَا رَتۡقًا فَفَتَقۡنٰہُمَا ؕ وَ جَعَلۡنَا مِنَ الۡمَآءِ کُلَّ شَیۡءٍ حَیٍّ ؕ اَفَلَا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۳۱﴾
    21 : 31 Асмандар жана жердин экөөсү бекем жабык болгонун, анан Биз аларды жарып, ажыратып жибергенибизди каапырлар көрүшкөн жокпу? Биз бардык тирүү нерселерди суудан жараттык. Эмне, алар ыйман келтиришпейби?
  • وَ جَعَلۡنَا فِی الۡاَرۡضِ رَوَاسِیَ اَنۡ تَمِیۡدَ بِہِمۡ ۪ وَ جَعَلۡنَا فِیۡہَا فِجَاجًا سُبُلًا لَّعَلَّہُمۡ یَہۡتَدُوۡنَ ﴿۳۲﴾
    21 : 32 Биз жерде тоолорду алар үчүн азык-оокат бериши үчүн жараттык жана алар хидаят тапсын деп Биз анда кеӊ жолдорду пайда кылдык.
  • وَ جَعَلۡنَا السَّمَآءَ سَقۡفًا مَّحۡفُوۡظًا ۚۖ وَّ ہُمۡ عَنۡ اٰیٰتِہَا مُعۡرِضُوۡنَ ﴿۳۳﴾
    21 : 33 Жана Биз асманды коопсуз там катары жасадык. Алар Анын аят-жышаандарынан жүз буруптур.
  • وَ ہُوَ الَّذِیۡ خَلَقَ الَّیۡلَ وَ النَّہَارَ وَ الشَّمۡسَ وَ الۡقَمَرَ ؕ کُلٌّ فِیۡ فَلَکٍ یَّسۡبَحُوۡنَ ﴿۳۴﴾
    21 : 34 Ал (Алла) түн менен күндү жана күн менен айды жараткан. Алардын ар бири (өзүнүн) айланасында сүзүп жүрүүдө.
  • وَ مَا جَعَلۡنَا لِبَشَرٍ مِّنۡ قَبۡلِکَ الۡخُلۡدَ ؕ اَفَا۠ئِنۡ مِّتَّ فَہُمُ الۡخٰلِدُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    21 : 35 Биз сенден мурун бир дагы адамзатка түбөлүктүүлүк тартуулаган эмеспиз; демек, эгер сен өлсөӊ, анда алар түбөлүк калуучулар болобу?
  • کُلُّ نَفۡسٍ ذَآئِقَۃُ الۡمَوۡتِ ؕ وَ نَبۡلُوۡکُمۡ بِالشَّرِّ وَ الۡخَیۡرِ فِتۡنَۃً ؕ وَ اِلَیۡنَا تُرۡجَعُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    21 : 36 Ар бир жан өлүм даамын татып көрүүчү. Биз силерди жамандык жана жакшылык менен катуу сынайбыз. Өзүбүзгө (гана) силер кайтарыласыӊар.
  • وَ اِذَا رَاٰکَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِنۡ یَّتَّخِذُوۡنَکَ اِلَّا ہُزُوًا ؕ اَہٰذَا الَّذِیۡ یَذۡکُرُ اٰلِہَتَکُمۡ ۚ وَ ہُمۡ بِذِکۡرِ الرَّحۡمٰنِ ہُمۡ کٰفِرُوۡنَ ﴿۳۷﴾
    21 : 37 Каапыр болгондор качандыр сени көрүшкөндө: «Силердин кудайларыӊар туурасында сүйлөгөн киши мына ушулбу?» - (деп) сени маскара кылышат. Мына ошолор Рахмаандын зикирин четке кагуучулар.
  • خُلِقَ الۡاِنۡسَانُ مِنۡ عَجَلٍ ؕ سَاُورِیۡکُمۡ اٰیٰتِیۡ فَلَا تَسۡتَعۡجِلُوۡنِ ﴿۳۸﴾
    21 : 38 Адамзат шашкалак болуп жаратылган. Мен албетте, силерге Өз аят-жышаандарымды көрсөтөмүн. Демек, Менден шашылууну талап кылбагыла.
  • وَ یَقُوۡلُوۡنَ مَتٰی ہٰذَا الۡوَعۡدُ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۳۹﴾
    21 : 39 Алар айтышат: «Эгер чынчыл болсоӊор, бул убада качан аткарылат?»
  • لَوۡ یَعۡلَمُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا حِیۡنَ لَا یَکُفُّوۡنَ عَنۡ وُّجُوۡہِہِمُ النَّارَ وَ لَا عَنۡ ظُہُوۡرِہِمۡ وَ لَا ہُمۡ یُنۡصَرُوۡنَ ﴿۴۰﴾
    21 : 40 Атаганат, каапырлык кылгандар отту жүздөрүнөн да, аркаларынан да тосуп алууга күчү жетпей кала турган кезде, (эч нерсе колдорунан келбестигин) жана аларга эч кандай жардам берилбестигин билгендеринде кана?
  • بَلۡ تَاۡتِیۡہِمۡ بَغۡتَۃً فَتَبۡہَتُہُمۡ فَلَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ رَدَّہَا وَ لَا ہُمۡ یُنۡظَرُوۡنَ ﴿۴۱﴾
    21 : 41 Жок, ал (Саат) аларга кокустан келет жана аларды таӊ калтырат; алар аны (өздөрүнөн) алыстата алышпайт жана аларга мөөнөт дагы берилбейт.
  • وَ لَقَدِ اسۡتُہۡزِئَ بِرُسُلٍ مِّنۡ قَبۡلِکَ فَحَاقَ بِالَّذِیۡنَ سَخِرُوۡا مِنۡہُمۡ مَّا کَانُوۡا بِہٖ یَسۡتَہۡزِءُوۡنَ ﴿٪۴۲﴾
    21 : 42 Сенден илгери дагы пайгамбарлар маскара кылынган; ошондо ал (пайгамбар)ларды маскара кылгандарды өздөрү маскара кылган нерселери курчап алды.
  • قُلۡ مَنۡ یَّکۡلَؤُکُمۡ بِالَّیۡلِ وَ النَّہَارِ مِنَ الرَّحۡمٰنِ ؕ بَلۡ ہُمۡ عَنۡ ذِکۡرِ رَبِّہِمۡ مُّعۡرِضُوۡنَ ﴿۴۳﴾
    21 : 43 Айткын: «Түнкүсүн жана күндүзү силерди Рахмаандын тутуп алышынан ким сактай алат?» Алар Раббисинин зикиринен да жүз бурушкан.
  • اَمۡ لَہُمۡ اٰلِہَۃٌ تَمۡنَعُہُمۡ مِّنۡ دُوۡنِنَا ؕ لَا یَسۡتَطِیۡعُوۡنَ نَصۡرَ اَنۡفُسِہِمۡ وَ لَا ہُمۡ مِّنَّا یُصۡحَبُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    21 : 44 Эмне, Биздин каршыбызда аларды коргой ала турган алардын кандайдыр бир кудайлары барбы? Алар өздөрүнө-өздөрү жардам бере албайт жана аларга Биз тараптан дагы эч кандай жардам берилбейт.
  • بَلۡ مَتَّعۡنَا ہٰۤؤُلَآءِ وَ اٰبَآءَہُمۡ حَتّٰی طَالَ عَلَیۡہِمُ الۡعُمُرُ ؕ اَفَلَا یَرَوۡنَ اَنَّا نَاۡتِی الۡاَرۡضَ نَنۡقُصُہَا مِنۡ اَطۡرَافِہَا ؕ اَفَہُمُ الۡغٰلِبُوۡنَ ﴿۴۵﴾
    21 : 45 Ооба, өмүр алар үчүн созулуп кеткенче, Биз аларга дагы, алардын ата-бабаларына дагы бир аз пайда жеткирдик. Анан Биздин жерди анын четтеринен тарытып келе жатканыбызды алар көрүшпөйбү? Ошондо дагы алар жеӊүүчү боло алышабы?
  • قُلۡ اِنَّمَاۤ اُنۡذِرُکُمۡ بِالۡوَحۡیِ ۫ۖ وَ لَا یَسۡمَعُ الصُّمُّ الدُّعَآءَ اِذَا مَا یُنۡذَرُوۡنَ ﴿۴۶﴾
    21 : 46 Айткын: «Мен силерди болгону вахий-аян менен кулактандырамын». Дүлөйлөр кулактандырылып жатканда, чакырыкты угушпайт.
  • وَ لَئِنۡ مَّسَّتۡہُمۡ نَفۡحَۃٌ مِّنۡ عَذَابِ رَبِّکَ لَیَقُوۡلُنَّ یٰوَیۡلَنَاۤ اِنَّا کُنَّا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۴۷﴾
    21 : 47 Эгер аларга Раббиӊдин азабынан бир жеӊил илеп келсе, алар албетте, мындай айтышат: «Оой, шорубуз курусун! Биз албетте, зулумдук кылуучулар элек».
  • وَ نَضَعُ الۡمَوَازِیۡنَ الۡقِسۡطَ لِیَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ فَلَا تُظۡلَمُ نَفۡسٌ شَیۡئًا ؕ وَ اِنۡ کَانَ مِثۡقَالَ حَبَّۃٍ مِّنۡ خَرۡدَلٍ اَتَیۡنَا بِہَا ؕ وَ کَفٰی بِنَا حٰسِبِیۡنَ ﴿۴۸﴾
    21 : 48 Биз кыямат күнү үчүн адилет таразаларын орнотуп коёбуз; ошондо эч бир жанга кенедей дагы зулумдук кылынбайт; эгер ал сары кычынын уругунчалык бир нерсе болсо да, Биз аны келтирип коёбуз; Биз эсеп-кысап кылууда жетиштүүбүз.
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا مُوۡسٰی وَ ہٰرُوۡنَ الۡفُرۡقَانَ وَ ضِیَآءً وَّ ذِکۡرًا لِّلۡمُتَّقِیۡنَ ﴿ۙ۴۹﴾
    21 : 49 Албетте, Биз Муса жана Хаарунга «Фуркаан» жана нур, ошондой эле такыбалар үчүн зикир тартууладык –
  • الَّذِیۡنَ یَخۡشَوۡنَ رَبَّہُمۡ بِالۡغَیۡبِ وَ ہُمۡ مِّنَ السَّاعَۃِ مُشۡفِقُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    21 : 50 (Тактап айтканда) кайыпта өз Раббисинен коркуп турган жана «Сааттан» коопсурап тургандар үчүн.
  • وَ ہٰذَا ذِکۡرٌ مُّبٰرَکٌ اَنۡزَلۡنٰہُ ؕ اَفَاَنۡتُمۡ لَہٗ مُنۡکِرُوۡنَ ﴿٪۵۱﴾
    21 : 51 Ушул (Куран) – Биз түшүргөн куттуу Зикир; эмне, силер аны четке кагуудасыӊарбы?
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَاۤ اِبۡرٰہِیۡمَ رُشۡدَہٗ مِنۡ قَبۡلُ وَ کُنَّا بِہٖ عٰلِمِیۡنَ ﴿ۚ۵۲﴾
    21 : 52 Албетте, Биз илгерирээк Ибраахиймге анын хидаятын тартуулаган элек жана ал жөнүндө Биз абдан жакшы билээр элек.
  • اِذۡ قَالَ لِاَبِیۡہِ وَ قَوۡمِہٖ مَا ہٰذِہِ التَّمَاثِیۡلُ الَّتِیۡۤ اَنۡتُمۡ لَہَا عٰکِفُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    21 : 53 (Эстегиле), качан ал атасы жана анын коомуна айткан: «Силер өздөрүӊөрдү арнап отурган мына бул буттар эмне өзү?»
  • قَالُوۡا وَجَدۡنَاۤ اٰبَآءَنَا لَہَا عٰبِدِیۡنَ ﴿۵۴﴾
    21 : 54 Алар айтышты: «Биз ата-бабаларыбыздын аларга сыйынып жатканын тапканбыз».
  • قَالَ لَقَدۡ کُنۡتُمۡ اَنۡتُمۡ وَ اٰبَآؤُکُمۡ فِیۡ ضَلٰلٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۵۵﴾
    21 : 55 Ал айтты: «Андай болсо, силер дагы, ата-бабаларыӊар дагы ачыктан-ачык адашууда болгонсуӊар.
  • قَالُوۡۤا اَجِئۡتَنَا بِالۡحَقِّ اَمۡ اَنۡتَ مِنَ اللّٰعِبِیۡنَ ﴿۵۶﴾
    21 : 56 Алар айтышты: «Сен бизге кандайдыр бир акыйкатты келтиргенсиӊби же жалаӊ тамаша кылуучулардансыӊбы?»
  • قَالَ بَلۡ رَّبُّکُمۡ رَبُّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ الَّذِیۡ فَطَرَہُنَّ ۫ۖ وَ اَنَا عَلٰی ذٰلِکُمۡ مِّنَ الشّٰہِدِیۡنَ ﴿۵۷﴾
    21 : 57 Ал айтты: «Жок, силердин Раббиӊер асмандар жана жердин Раббиси; Ал аларды жоктон бар кылды. Мен силер үчүн мунун үстүнөн күбөлүк берүүчүлөрдөнмүн.
  • وَ تَاللّٰہِ لَاَکِیۡدَنَّ اَصۡنَامَکُمۡ بَعۡدَ اَنۡ تُوَلُّوۡا مُدۡبِرِیۡنَ ﴿۵۸﴾
    21 : 58 Аллага касам! Силер кайрылып кеткениӊерден кийин мен албетте, буттарыӊарга каршы кандайдыр бир чара көрөмүн».
  • فَجَعَلَہُمۡ جُذٰذًا اِلَّا کَبِیۡرًا لَّہُمۡ لَعَلَّہُمۡ اِلَیۡہِ یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۵۹﴾
    21 : 59 Анан алар ага кайрылышсын үчүн, ал алардын башчысынан тышкары алардын баарын талкалап салды.
  • قَالُوۡا مَنۡ فَعَلَ ہٰذَا بِاٰلِہَتِنَاۤ اِنَّہٗ لَمِنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿۶۰﴾
    21 : 60 Алар айтышты: «Ким биздин кудайларыбызды мындай кылды? Албетте, ал заалимдерден экен».
  • قَالُوۡا سَمِعۡنَا فَتًی یَّذۡکُرُہُمۡ یُقَالُ لَہٗۤ اِبۡرٰہِیۡمُ ﴿ؕ۶۱﴾
    21 : 61 Алар айтышты: «Биз алар жөнүндө сүйлөп жаткан бир жигитти уккан элек. Ал Ибраахийм деп аталат».
  • قَالُوۡا فَاۡتُوۡا بِہٖ عَلٰۤی اَعۡیُنِ النَّاسِ لَعَلَّہُمۡ یَشۡہَدُوۡنَ ﴿۶۲﴾
    21 : 62 Алар айтышты: «Аны элдин алдына алып келгиле, алар көрүп алышсын».
  • قَالُوۡۤا ءَاَنۡتَ فَعَلۡتَ ہٰذَا بِاٰلِہَتِنَا یٰۤـاِبۡرٰہِیۡمُ ﴿ؕ۶۳﴾
    21 : 63 Алар айтышты: «Сен биздин кудайларыбызды ушундай кылдыӊбы, эй, Ибраахийм?»
  • قَالَ بَلۡ فَعَلَہٗ ٭ۖ کَبِیۡرُہُمۡ ہٰذَا فَسۡـَٔلُوۡہُمۡ اِنۡ کَانُوۡا یَنۡطِقُوۡنَ ﴿۶۴﴾
    21 : 64 Ал айтты: «Жок! Бул ишти алардын мына ушул башчысы кылган. Демек, эгер алар сүйлөй алса, алардан сурап көргүлө».
  • فَرَجَعُوۡۤا اِلٰۤی اَنۡفُسِہِمۡ فَقَالُوۡۤا اِنَّکُمۡ اَنۡتُمُ الظّٰلِمُوۡنَ ﴿ۙ۶۵﴾
    21 : 65 Анан алар жолдоштору жакка жөнөп кетишти жана айтышты: «Албетте, силер өзүӊөр заалимсиӊер».
  • ثُمَّ نُکِسُوۡا عَلٰی رُءُوۡسِہِمۡ ۚ لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَا ہٰۤؤُلَآءِ یَنۡطِقُوۡنَ ﴿۶۶﴾
    21 : 66 Анан кыжаалаттан баштарын шылкыйтышты жана: «Сен булардын сүйлөй албоосун билесиӊ го», - (дешти).
  • قَالَ اَفَتَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ مَا لَا یَنۡفَعُکُمۡ شَیۡئًا وَّ لَا یَضُرُّکُمۡ ﴿ؕ۶۷﴾
    21 : 67 Ал айтты: «Андай болсо, силер Алланы коюп, өзүӊөргө кенедей пайда да, зыян да келтире албай турган нерселерге ибадат кыласыӊарбы?
  • اُفٍّ لَّکُمۡ وَ لِمَا تَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ اَفَلَا تَعۡقِلُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    21 : 68 Силерге да, Алланы коюп, ордуна ибадат кылып жаткан нерселериӊерге да, «туф-ф». Демек, акылыӊарды иштетпейсиӊерби?»
  • قَالُوۡا حَرِّقُوۡہُ وَ انۡصُرُوۡۤا اٰلِہَتَکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ فٰعِلِیۡنَ ﴿۶۹﴾
    21 : 69 Алар айтышты: «Эгер бир нерсе кылмакчы болсоӊор, аны өрттөп жибергиле жана кудайларыӊарга жардам кылгыла».
  • قُلۡنَا یٰنَارُ کُوۡنِیۡ بَرۡدًا وَّ سَلٰمًا عَلٰۤی اِبۡرٰہِیۡمَ ﴿ۙ۷۰﴾
    21 : 70 Биз айттык: «Эй, от! Салкын бол жана Ибраахиймге саламаттык кыл!»
  • وَ اَرَادُوۡا بِہٖ کَیۡدًا فَجَعَلۡنٰہُمُ الۡاَخۡسَرِیۡنَ ﴿ۚ۷۱﴾
    21 : 71 Алар ага каршы бир айла-амал кылмакчы болушту, ошондо Биз алардын өздөрүн бүтүндөй максатсыз кылып койдук.
  • وَ نَجَّیۡنٰہُ وَ لُوۡطًا اِلَی الۡاَرۡضِ الَّتِیۡ بٰرَکۡنَا فِیۡہَا لِلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۷۲﴾
    21 : 72 Биз аны жана Лутту Өзүбүз баардык ааламдар үчүн куттуу кылган жер тарапка куткардык.
  • وَ وَہَبۡنَا لَہٗۤ اِسۡحٰقَ ؕ وَ یَعۡقُوۡبَ نَافِلَۃً ؕ وَ کُلًّا جَعَلۡنَا صٰلِحِیۡنَ ﴿۷۳﴾
    21 : 73 Биз ага Исхаакты жана небере катары Яъкуубду тартууладык. Биз алардын баарын таза кишилерден кылган элек.
  • وَ جَعَلۡنٰہُمۡ اَئِمَّۃً یَّہۡدُوۡنَ بِاَمۡرِنَا وَ اَوۡحَیۡنَاۤ اِلَیۡہِمۡ فِعۡلَ الۡخَیۡرٰتِ وَ اِقَامَ الصَّلٰوۃِ وَ اِیۡتَآءَ الزَّکٰوۃِ ۚ وَ کَانُوۡا لَنَا عٰبِدِیۡنَ ﴿ۚۙ۷۴﴾
    21 : 74 Биз аларды Өз буйругубузга ылайык хидаят кылуучу имам кылдык жана Биз аларга жакшылык кылуу, намаз окуу жана зекет берүүгө вахий-аян жөнөтөөр элек. Алар Бизге ибадат кылуучулар болчу.
  • وَ لُوۡطًا اٰتَیۡنٰہُ حُکۡمًا وَّ عِلۡمًا وَّ نَجَّیۡنٰہُ مِنَ الۡقَرۡیَۃِ الَّتِیۡ کَانَتۡ تَّعۡمَلُ الۡخَبٰٓئِثَ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَوۡمَ سَوۡءٍ فٰسِقِیۡنَ ﴿ۙ۷۵﴾
    21 : 75 Лутка Биз хикмат-даанышмандык жана илим тартууладык. Биз аны ыплас иш кылып жүргөн кыштактан куткардык. Албетте, алар бир чоӊ жамандыкка кирептер болгон фасык кишилер болчу.
  • وَ اَدۡخَلۡنٰہُ فِیۡ رَحۡمَتِنَا ؕ اِنَّہٗ مِنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿٪۷۶﴾
    21 : 76 Биз аны Өз рахматыбызга киргиздик. Албетте, ал саалих-жакшылардан эле.
  • وَ نُوۡحًا اِذۡ نَادٰی مِنۡ قَبۡلُ فَاسۡتَجَبۡنَا لَہٗ فَنَجَّیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗ مِنَ الۡکَرۡبِ الۡعَظِیۡمِ ﴿ۚ۷۷﴾
    21 : 77 Нухту (дагы эсте); мындан илгери ал жалбарганда, Биз анын чакырыгына жооп кайтардык, ошондой эле аны жана анын үй-бүлөсүн бир улуу тынчсыздыктан куткардык.
  • وَ نَصَرۡنٰہُ مِنَ الۡقَوۡمِ الَّذِیۡنَ کَذَّبُوۡا بِاٰیٰتِنَا ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَوۡمَ سَوۡءٍ فَاَغۡرَقۡنٰہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۷۸﴾
    21 : 78 Жана Биз ага аяттарыбызды жалганга чыгаргандардын каршысында жардам бердик. Албетте, алар бир чоӊ жамандыкка кирептер кишилер болчу. Ошондуктан, Биз алардын баарын чөктүрүп жибердик.
  • وَ دَاوٗدَ وَ سُلَیۡمٰنَ اِذۡ یَحۡکُمٰنِ فِی الۡحَرۡثِ اِذۡ نَفَشَتۡ فِیۡہِ غَنَمُ الۡقَوۡمِ ۚ وَ کُنَّا لِحُکۡمِہِمۡ شٰہِدِیۡنَ ﴿٭ۙ۷۹﴾
    21 : 79 Адамдардын кой-эчкилери түн ичинде оттоп кеткен бир эгинзар тууралуу өкүм чыгарып жаткан Давууд жана Сулайманды (дагы эсте!) Биз алардын өкүмүн күзөтүп турган элек.
  • فَفَہَّمۡنٰہَا سُلَیۡمٰنَ ۚ وَ کُلًّا اٰتَیۡنَا حُکۡمًا وَّ عِلۡمًا ۫ وَّ سَخَّرۡنَا مَعَ دَاوٗدَ الۡجِبَالَ یُسَبِّحۡنَ وَ الطَّیۡرَ ؕ وَ کُنَّا فٰعِلِیۡنَ ﴿۸۰﴾
    21 : 80 Анан Биз Сулайманга ал нерсени түшүндүрүп койдук жана ар бирине Биз хикмат-даанышмандык жана илим тартууладык; ошондой эле Биз Давууд менен тасбийх айтып турган тоолорду бой сундурдук жана куштарды дагы. Биз гана (мунун баарын) кылуучу элек.
  • وَ عَلَّمۡنٰہُ صَنۡعَۃَ لَبُوۡسٍ لَّکُمۡ لِتُحۡصِنَکُمۡ مِّنۡۢ بَاۡسِکُمۡ ۚ فَہَلۡ اَنۡتُمۡ شٰکِرُوۡنَ ﴿۸۱﴾
    21 : 81 Биз ага силер үчүн соотторду жасоону алар силерди уруш (зыяны)нан сактоосу үчүн үйрөттүк. Демек, силер шүкүр кылуучулар болосуӊарбы?
  • وَ لِسُلَیۡمٰنَ الرِّیۡحَ عَاصِفَۃً تَجۡرِیۡ بِاَمۡرِہٖۤ اِلَی الۡاَرۡضِ الَّتِیۡ بٰرَکۡنَا فِیۡہَا ؕ وَ کُنَّا بِکُلِّ شَیۡءٍ عٰلِمِیۡنَ ﴿۸۲﴾
    21 : 82 Сулайманга анын буйругу менен Өзүбүз куттуу кылган жер тарапка үйлөгөн тез шамалды (бой сундурдук). Биз болсо, ар нерсени билүүчү элек.
  • وَ مِنَ الشَّیٰطِیۡنِ مَنۡ یَّغُوۡصُوۡنَ لَہٗ وَ یَعۡمَلُوۡنَ عَمَلًا دُوۡنَ ذٰلِکَ ۚ وَ کُنَّا لَہُمۡ حٰفِظِیۡنَ ﴿ۙ۸۳﴾
    21 : 83 Шайтандардын арасында ал үчүн чумкуй турган жана андан тышкары дагы башка иштерди кыла тургандар дагы бар болчу. Биз аларды коргоочу элек.
  • وَ اَیُّوۡبَ اِذۡ نَادٰی رَبَّہٗۤ اَنِّیۡ مَسَّنِیَ الضُّرُّ وَ اَنۡتَ اَرۡحَمُ الرّٰحِمِیۡنَ ﴿ۚۖ۸۴﴾
    21 : 84 Айюбду (дагы эсте!) Качан ал Раббисине: «Мага катуу кыйынчылык келди жана Сен ырайым кылуучулардын эӊ көп ырайым кылуучусусуӊ», - деп жалбарды.
  • فَاسۡتَجَبۡنَا لَہٗ فَکَشَفۡنَا مَا بِہٖ مِنۡ ضُرٍّ وَّ اٰتَیۡنٰہُ اَہۡلَہٗ وَ مِثۡلَہُمۡ مَّعَہُمۡ رَحۡمَۃً مِّنۡ عِنۡدِنَا وَ ذِکۡرٰی لِلۡعٰبِدِیۡنَ ﴿۸۵﴾
    21 : 85 Анан Биз анын дубасын кабыл алдык жана андагы кайгыны алып таштадык; ошондой эле Биз ага үй-бүлөсүн тартууладык жана алар менен бирге алар сыяктуу жана башкаларды дагы бердик; ал Биз тараптан бир рахмат жана ибадат кылуучулар үчүн насыйкат эле.
  • وَ اِسۡمٰعِیۡلَ وَ اِدۡرِیۡسَ وَ ذَاالۡکِفۡلِ ؕ کُلٌّ مِّنَ الصّٰبِرِیۡنَ ﴿ۚۖ۸۶﴾
    21 : 86 Исмааийл, Идрис жана Зул-Кифлди (дагы эсте!) Алардын баары сабыр кылуучулардан эле.
  • وَ اَدۡخَلۡنٰہُمۡ فِیۡ رَحۡمَتِنَا ؕ اِنَّہُمۡ مِّنَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۸۷﴾
    21 : 87 Биз аларды Өз рахматыбызга киргиздик. Албетте, алар жакшы пенделерден эле.
  • وَ ذَاالنُّوۡنِ اِذۡ ذَّہَبَ مُغَاضِبًا فَظَنَّ اَنۡ لَّنۡ نَّقۡدِرَ عَلَیۡہِ فَنَادٰی فِی الظُّلُمٰتِ اَنۡ لَّاۤ اِلٰہَ اِلَّاۤ اَنۡتَ سُبۡحٰنَکَ ٭ۖ اِنِّیۡ کُنۡتُ مِنَ الظّٰلِمِیۡنَ ﴿ۚۖ۸۸﴾
    21 : 88 Балыктууну (да эсте!) Качан ал ачууланган бойдон жөнөп кетти жана: «Биз аны кармабайбыз», - деп ойлогон. Анан караӊгылыктарда камалып калган бойдон ал жалынды: «Сенден башка эч бир кудай жок, Сен тазасыӊ! Чынында, мен өзүм гана заалимдерден элем».
  • فَاسۡتَجَبۡنَا لَہٗ ۙ وَ نَجَّیۡنٰہُ مِنَ الۡغَمِّ ؕ وَ کَذٰلِکَ نُــۨۡجِی الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۸۹﴾
    21 : 89 Анан Биз анын дубасын кабыл алдык жана аны кайгыдан куткардык. Биз ыйман келтирүүчүлөрдү мына ушундай куткарабыз.
  • وَ زَکَرِیَّاۤ اِذۡ نَادٰی رَبَّہٗ رَبِّ لَا تَذَرۡنِیۡ فَرۡدًا وَّ اَنۡتَ خَیۡرُ الۡوٰرِثِیۡنَ ﴿ۚۖ۹۰﴾
    21 : 90 Закарияны (дагы эсте!) Качан ал Раббисине: «Эй, Раббим! Мени жалгыз койбо жана Сен мураскерлердин эӊ жакшысысыӊ», - деп жалынды.
  • فَاسۡتَجَبۡنَا لَہٗ ۫ وَ وَہَبۡنَا لَہٗ یَحۡیٰی وَ اَصۡلَحۡنَا لَہٗ زَوۡجَہٗ ؕاِنَّہُمۡ کَانُوۡا یُسٰرِعُوۡنَ فِی الۡخَیۡرٰتِ وَ یَدۡعُوۡنَنَا رَغَبًا وَّ رَہَبًا ؕوَ کَانُوۡا لَنَا خٰشِعِیۡنَ ﴿۹۱﴾
    21 : 91 Ошондо Биз анын дубасын кабыл кылып, ага Яхйаны тартууладык жана Биз ал үчүн аялына саламаттык бердик. Албетте, алар жакшылыктар боюнча абдан кызуу катышуучулар болчу, ошондой эле үмүт жана коркуу менен Бизге жалынар эле жана Биздин каршыбызда карапайым ийилишүүчү.
  • وَ الَّتِیۡۤ اَحۡصَنَتۡ فَرۡجَہَا فَنَفَخۡنَا فِیۡہَا مِنۡ رُّوۡحِنَا وَ جَعَلۡنٰہَا وَ ابۡنَہَاۤ اٰیَۃً لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۹۲﴾
    21 : 92 Өз абийирин жакшылап сактап турган аялды (дагы эсте!) Анан Биз ага Өз амирибизден бир нерсе үйлөдүк, ошондой эле аны жана уулун бардык ааламдар үчүн аят-белги кылдык.
  • اِنَّ ہٰذِہٖۤ اُمَّتُکُمۡ اُمَّۃً وَّاحِدَۃً ۫ۖ وَّ اَنَا رَبُّکُمۡ فَاعۡبُدُوۡنِ ﴿۹۳﴾
    21 : 93 Мына ушул бир эле үммөт, албетте, силердин үммөтүӊөр. Мен силердин Раббиӊермин, ошондуктан Мага ибадат кылгыла.
  • وَ تَقَطَّعُوۡۤا اَمۡرَہُمۡ بَیۡنَہُمۡ ؕ کُلٌّ اِلَیۡنَا رٰجِعُوۡنَ ﴿٪۹۴﴾
    21 : 94 (Кийинчерээк) алар өз динин бытыратып, өз ара бөлүнүп алышты. Алардын баары Бизге кайтып келүүчүлөр.
  • فَمَنۡ یَّعۡمَلۡ مِنَ الصّٰلِحٰتِ وَ ہُوَ مُؤۡمِنٌ فَلَا کُفۡرَانَ لِسَعۡیِہٖ ۚ وَ اِنَّا لَہٗ کٰتِبُوۡنَ ﴿۹۵﴾
    21 : 95 Демек, ким жакшы амалдарды кылса жана момун болсо, анын аракети бааланбай калбайт. Албетте, Биз ал жөнүндө (бул нерсе)ни жазып коюучубуз:
  • وَ حَرٰمٌ عَلٰی قَرۡیَۃٍ اَہۡلَکۡنٰہَاۤ اَنَّہُمۡ لَا یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۹۶﴾
    21 : 96 Биз жок кылып жиберген кыштак (эли)нин кайтып келиши такыр мүмкүн эмес.
  • حَتّٰۤی اِذَا فُتِحَتۡ یَاۡجُوۡجُ وَ مَاۡجُوۡجُ وَ ہُمۡ مِّنۡ کُلِّ حَدَبٍ یَّنۡسِلُوۡنَ ﴿۹۷﴾
    21 : 97 А түгүл Я'жуж жана Ма'жуж ачып коюлганда, алар ар бир дөбөдөн чаап түшүшөт.
  • وَ اقۡتَرَبَ الۡوَعۡدُ الۡحَقُّ فَاِذَا ہِیَ شَاخِصَۃٌ اَبۡصَارُ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ؕ یٰوَیۡلَنَا قَدۡ کُنَّا فِیۡ غَفۡلَۃٍ مِّنۡ ہٰذَا بَلۡ کُنَّا ظٰلِمِیۡنَ ﴿۹۸﴾
    21 : 98 Өзгөрбөс убада жакындаганда, каапырлардын көздөрү кокустан бакырайып калат; алар ушундай дешет: «Оо, куруп калалы! Биз бул нерседен кабарсыз болчубуз. Жок, биз зулумдук кылуучулар элек».
  • اِنَّکُمۡ وَ مَا تَعۡبُدُوۡنَ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ حَصَبُ جَہَنَّمَ ؕ اَنۡتُمۡ لَہَا وٰرِدُوۡنَ ﴿۹۹﴾
    21 : 99 Албетте, силер да, Алланын ордуна ибадат кылган нерселериӊер да тозоктун отуну; силер ага түшүүчүлөрсүӊөр.
  • لَوۡ کَانَ ہٰۤؤُلَآءِ اٰلِہَۃً مَّا وَرَدُوۡہَا ؕ وَ کُلٌّ فِیۡہَا خٰلِدُوۡنَ ﴿۱۰۰﴾
    21 : 100 Эгер булар чындап кудай болгондорунда, ага эч качан түшпөгөн болоор эле. Алардын баары анда узак мөөнөт калуучулар.
  • لَہُمۡ فِیۡہَا زَفِیۡرٌ وَّ ہُمۡ فِیۡہَا لَا یَسۡمَعُوۡنَ ﴿۱۰۱﴾
    21 : 101 Анын ичинде алардын насиби өкүрүк салуу болот жана алар анда (эч нерсени) уга алышпайт.
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ سَبَقَتۡ لَہُمۡ مِّنَّا الۡحُسۡنٰۤی ۙ اُولٰٓئِکَ عَنۡہَا مُبۡعَدُوۡنَ ﴿۱۰۲﴾ۙ
    21 : 102 Албетте, Биз тараптан жакшылык буйругу чыгарылгандар – мына ошолор андан узак коюлат.
  • لَا یَسۡمَعُوۡنَ حَسِیۡسَہَا ۚ وَ ہُمۡ فِیۡ مَا اشۡتَہَتۡ اَنۡفُسُہُمۡ خٰلِدُوۡنَ ﴿۱۰۳﴾ۚ
    21 : 103 Алар анын шыбыртын дагы угушпайт; алардын көӊүлдөрү эмнени каалаган болсо, алар анда түбөлүккө калуучулар болушат.
  • لَا یَحۡزُنُہُمُ الۡفَزَعُ الۡاَکۡبَرُ وَ تَتَلَقّٰہُمُ الۡمَلٰٓئِکَۃُ ؕ ہٰذَا یَوۡمُکُمُ الَّذِیۡ کُنۡتُمۡ تُوۡعَدُوۡنَ ﴿۱۰۴﴾
    21 : 104 Үлкөн коркунуч дагы аларды тынчсыздандырбайт; периштелер: «Мына ушул силерге убада кылынган күн», - деп алар менен тез-тез учурашат.
  • یَوۡمَ نَطۡوِی السَّمَآءَ کَطَیِّ السِّجِلِّ لِلۡکُتُبِ ؕ کَمَا بَدَاۡنَاۤ اَوَّلَ خَلۡقٍ نُّعِیۡدُہٗ ؕ وَعۡدًا عَلَیۡنَا ؕ اِنَّا کُنَّا فٰعِلِیۡنَ ﴿۱۰۵﴾
    21 : 105 Биз асманды кудум дептерлер жазууларды орогондой ороп койгон күнү кудум алгачкы жаратууну баштаганыбыз сыяктуу аны кайтарабыз; бул убада – Биздин милдет; албетте, кандай болбосун, Биз аны аткаруучубуз.
  • وَ لَقَدۡ کَتَبۡنَا فِی الزَّبُوۡرِ مِنۡۢ بَعۡدِ الذِّکۡرِ اَنَّ الۡاَرۡضَ یَرِثُہَا عِبَادِیَ الصّٰلِحُوۡنَ ﴿۱۰۶﴾
    21 : 106 Албетте, Биз Забурда зикирден кийин бул нерсени жазып койгон элек: убада кылынган жерге албетте, Менин саалих-жакшы пенделерим гана мураскер болушат.
  • اِنَّ فِیۡ ہٰذَا لَبَلٰغًا لِّقَوۡمٍ عٰبِدِیۡنَ ﴿۱۰۷﴾ؕ
    21 : 107 Мында албетте, ибадат кылуучулар үчүн бир маанилүү кабар бар.
  • وَ مَاۤ اَرۡسَلۡنٰکَ اِلَّا رَحۡمَۃً لِّلۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۱۰۸﴾
    21 : 108 Биз сени бардык ааламдар үчүн рахмат катары гана жөнөттүк.
  • قُلۡ اِنَّمَا یُوۡحٰۤی اِلَیَّ اَنَّمَاۤ اِلٰـہُکُمۡ اِلٰہٌ وَّاحِدٌ ۚ فَہَلۡ اَنۡتُمۡ مُّسۡلِمُوۡنَ ﴿۱۰۹﴾
    21 : 109 Айт: «Албетте, силердин кудайыӊар жалгыз Кудай», - деп мага вахий кылынат. Демек, силер баш ийүүчүлөр болосуӊарбы?»
  • فَاِنۡ تَوَلَّوۡا فَقُلۡ اٰذَنۡتُکُمۡ عَلٰی سَوَآءٍ ؕ وَ اِنۡ اَدۡرِیۡۤ اَقَرِیۡبٌ اَمۡ بَعِیۡدٌ مَّا تُوۡعَدُوۡنَ ﴿۱۱۰﴾
    21 : 110 Анан, эгер алар жүз бурушса, анда айт: «Мен силердин баарыӊарды тегиз кулактандырып койдум жана силерге убада кылына турган нерсе жакынбы же узакпы, мен билбеймин.
  • اِنَّہٗ یَعۡلَمُ الۡجَہۡرَ مِنَ الۡقَوۡلِ وَ یَعۡلَمُ مَا تَکۡتُمُوۡنَ ﴿۱۱۱﴾
    21 : 111 Албетте, Ал сөздөгү айкын нерселерди дагы билет жана силер жашырып жаткан нерселерди дагы билет.
  • وَ اِنۡ اَدۡرِیۡ لَعَلَّہٗ فِتۡنَۃٌ لَّکُمۡ وَ مَتَاعٌ اِلٰی حِیۡنٍ ﴿۱۱۲﴾
    21 : 112 Мен билбеймин, балким, ал силер үчүн сыноо жана белгилүү мөөнөткө чейин пайдалануу».
  • قٰلَ رَبِّ احۡکُمۡ بِالۡحَقِّ ؕ وَ رَبُّنَا الرَّحۡمٰنُ الۡمُسۡتَعَانُ عَلٰی مَا تَصِفُوۡنَ ﴿۱۱۳﴾٪
    21 : 113 Ал (Пайгамбар) айтты: «Эй, Раббим! Акыйкат менен өкүм кыл. Биздин Раббибиз силер ойлоп чыгарган нерселерге каршы жардам үчүн жалбарыла турган Рахмаан».
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via