الفَجر
Ал-Фажр
-
89:1بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
-
89:2وَ الۡفَجۡرِ ۙ﴿۲﴾Эрте таӊга касам!
-
89:3وَ لَیَالٍ عَشۡرٍ ۙ﴿۳﴾Жана он түнгө.
-
89:4وَّ الشَّفۡعِ وَ الۡوَتۡرِ ۙ﴿۴﴾Жупка жана такка.
-
89:5وَ الَّیۡلِ اِذَا یَسۡرِ ۚ﴿۵﴾Жана түнгө, качан ал жүрө баштайт.
-
89:6ہَلۡ فِیۡ ذٰلِکَ قَسَمٌ لِّذِیۡ حِجۡرٍ ؕ﴿۶﴾Эмне, мында акыл-парасат ээси үчүн кандайдыр бир касам барбы?
-
89:7اَلَمۡ تَرَ کَیۡفَ فَعَلَ رَبُّکَ بِعَادٍ ۪ۙ﴿۷﴾Раббиӊ Аад (коому)на кандай мамиле кылганын көрбөдүӊбү?
-
89:8اِرَمَ ذَاتِ الۡعِمَادِ ۪ۙ﴿۸﴾(Тактап айтканда) бийик-бийик устундар ээси болгон (Аад коомунун тармагы болгон) Ирам (уруусу)на.
-
89:9الَّتِیۡ لَمۡ یُخۡلَقۡ مِثۡلُہَا فِی الۡبِلَادِ ۪ۙ﴿۹﴾Алардай курулуш өлкөлөрдө эч салынбаган.
-
89:10وَ ثَمُوۡدَ الَّذِیۡنَ جَابُوا الصَّخۡرَ بِالۡوَادِ ۪ۙ﴿۱۰﴾Жана өрөөндө зор таштарды түздөгөн Самуд (коому)на.
-
89:11وَ فِرۡعَوۡنَ ذِی الۡاَوۡتَادِ ﴿۪ۙ۱۱﴾Жана мык-казыктар менен куралданган Фараонго.
-
89:12الَّذِیۡنَ طَغَوۡا فِی الۡبِلَادِ ﴿۪ۙ۱۲﴾(Булар) мамлекеттерде чектен ашкан кишилер (болушкан).
-
89:13فَاَکۡثَرُوۡا فِیۡہَا الۡفَسَادَ ﴿۪ۙ۱۳﴾Алар аларда абдан көп бузгунчулук кылышты.
-
89:14فَصَبَّ عَلَیۡہِمۡ رَبُّکَ سَوۡطَ عَذَابٍ ﴿ۚۙ۱۴﴾Ошондо Раббиӊ аларды азап камчысы менен камчылады.
-
89:15اِنَّ رَبَّکَ لَبِالۡمِرۡصَادِ ﴿ؕ۱۵﴾Албетте, Раббиӊ сөзсүз буктурмада болчу.
-
89:16فَاَمَّا الۡاِنۡسَانُ اِذَا مَا ابۡتَلٰٮہُ رَبُّہٗ فَاَکۡرَمَہٗ وَ نَعَّمَہٗ ۬ۙ فَیَقُوۡلُ رَبِّیۡۤ اَکۡرَمَنِ ﴿ؕ۱۶﴾Адам баласынын абалы ушундай: анын Раббиси аны сынап, анан аны урматтап, ага нээмат тартуулаганда, ал: «Менин Раббим мени урматтады», - деп айтат.
-
89:17وَ اَمَّاۤ اِذَا مَا ابۡتَلٰٮہُ فَقَدَرَ عَلَیۡہِ رِزۡقَہٗ ۬ۙ فَیَقُوۡلُ رَبِّیۡۤ اَہَانَنِ ﴿ۚ۱۷﴾Жана жок, Ал (Алла) аны сынап, анын ырыскысын ал үчүн тар кылып койгондо, ал: «Раббим мени кор кылды», - деп айтат.
-
89:18کَلَّا بَلۡ لَّا تُکۡرِمُوۡنَ الۡیَتِیۡمَ ﴿ۙ۱۸﴾Кулак салгыла! Чынында, силер жетимди урмат кылбайсыӊар.
-
89:19وَ لَا تَحٰٓضُّوۡنَ عَلٰی طَعَامِ الۡمِسۡکِیۡنِ ﴿ۙ۱۹﴾Жана кембагалга тамак берүүгө да бири-бириӊерди чакырбайсыӊар.
-
89:20وَ تَاۡکُلُوۡنَ التُّرَاثَ اَکۡلًا لَّمًّا ﴿ۙ۲۰﴾Жана мурастын баарын жутуп кете бересиӊер.
-
89:21وَّ تُحِبُّوۡنَ الۡمَالَ حُبًّا جَمًّا ﴿ؕ۲۱﴾Жана силер мал-мүлктү катуу сүйөсүӊөр.
-
89:22کَلَّاۤ اِذَا دُکَّتِ الۡاَرۡضُ دَکًّا دَکًّا ﴿ۙ۲۲﴾Кулак салгыла! Жерди эзип-эзип, майда-майда кылып коюлганда.
-
89:23وَّ جَآءَ رَبُّکَ وَ الۡمَلَکُ صَفًّا صَفًّا ﴿ۚ۲۳﴾Раббиӊ келет жана сап-сап периштелер дагы.
-
89:24وَ جِایۡٓءَ یَوۡمَئِذٍۭ بِجَہَنَّمَ ۬ۙ یَوۡمَئِذٍ یَّتَذَکَّرُ الۡاِنۡسَانُ وَ اَنّٰی لَہُ الذِّکۡرٰی ﴿ؕ۲۴﴾Жана ошол күнү тозок келтирилип коюлат. Ошол күнү адамзат насаат алмакчы болот, бирок эми ал үчүн насаат алуу кандай мүмкүн?!
-
89:25یَقُوۡلُ یٰلَیۡتَنِیۡ قَدَّمۡتُ لِحَیَاتِیۡ ﴿ۚ۲۵﴾Ал (мындай) айтат: «Эх, атаганат! Мен өз жашоом үчүн мурдатан кандайдыр бир чара көрүп койгон болсом, кана!»
-
89:26فَیَوۡمَئِذٍ لَّا یُعَذِّبُ عَذَابَہٗۤ اَحَدٌ ﴿ۙ۲۶﴾Ырас, ошол күнү Ал (Алла) бере турган азап сыяктуу башка эч ким азап бербейт.
-
89:27وَّ لَا یُوۡثِقُ وَ ثَاقَہٗۤ اَحَدٌ ﴿ؕ۲۷﴾Жана башка бирөө Ал (Алла)дай (катуу) байлабайт.
-
89:28یٰۤاَیَّتُہَا النَّفۡسُ الۡمُطۡمَئِنَّۃُ ﴿٭ۖ۲۸﴾Эй, бейпилдик тапкан жан!
-
89:29ارۡجِعِیۡۤ اِلٰی رَبِّکِ رَاضِیَۃً مَّرۡضِیَّۃً ﴿ۚ۲۹﴾Ыраазы болгон жана (Анын) ыраазы(чылыгына ээ) болгон бойдон өз Раббиӊе кайт.
-
89:30فَادۡخُلِیۡ فِیۡ عِبٰدِیۡ ﴿ۙ۳۰﴾Ошентип, Менин (жакшы) пенделеримдин сабына кирип кал.
-
89:31وَ ادۡخُلِیۡ جَنَّتِیۡ ﴿٪۳۱﴾Жана Менин бейишиме киргин!
0:00
/
0:00