Курани карим Ат-Туур • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الطُّور

Ат-Туур

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    52 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • وَ الطُّوۡرِ ۙ﴿۲﴾
    52 : 2 Туур (тоосу)на касам!
  • وَ کِتٰبٍ مَّسۡطُوۡرٍ ۙ﴿۳﴾
    52 : 3 Жана бир жазылган Китепке –
  • فِیۡ رَقٍّ مَّنۡشُوۡرٍ ۙ﴿۴﴾
    52 : 4 (Ал) булгаарынын ачык баракчаларында.
  • وَّ الۡبَیۡتِ الۡمَعۡمُوۡرِ ۙ﴿۵﴾
    52 : 5 Жана абат Үйгө да (касам!)
  • وَ السَّقۡفِ الۡمَرۡفُوۡعِ ۙ﴿۶﴾
    52 : 6 Жана бийик көтөрүлгөн тамга.
  • وَ الۡبَحۡرِ الۡمَسۡجُوۡرِ ۙ﴿۷﴾
    52 : 7 Жана толкундап жаткан деӊизге.
  • اِنَّ عَذَابَ رَبِّکَ لَوَاقِعٌ ۙ﴿۸﴾
    52 : 8 Албетте, Раббиӊдин азабы сөзсүз келүүчү.
  • مَّا لَہٗ مِنۡ دَافِعٍ ۙ﴿۹﴾
    52 : 9 Аны кайтаруучу эч ким жок.
  • یَّوۡمَ تَمُوۡرُ السَّمَآءُ مَوۡرًا ۙ﴿۱۰﴾
    52 : 10 Асман катуу титирей турган күнү.
  • وَّ تَسِیۡرُ الۡجِبَالُ سَیۡرًا ﴿ؕ۱۱﴾
    52 : 11 Жана тоолор тез-тез жүрө баштайт.
  • فَوَیۡلٌ یَّوۡمَئِذٍ لِّلۡمُکَذِّبِیۡنَ ﴿ۙ۱۲﴾
    52 : 12 Ошол күнү жалганга чыгаруучуларга өлүм болсун!
  • الَّذِیۡنَ ہُمۡ فِیۡ خَوۡضٍ یَّلۡعَبُوۡنَ ﴿ۘ۱۳﴾
    52 : 13 (Тактап айтканда) маанисиз кептерге сүӊгүп, ойноп жүргөндөргө.
  • یَوۡمَ یُدَعُّوۡنَ اِلٰی نَارِ جَہَنَّمَ دَعًّا ﴿ؕ۱۴﴾
    52 : 14 Алар күч менен тозок оту тарапка түртүлүп жибериле турган күнү.
  • ہٰذِہِ النَّارُ الَّتِیۡ کُنۡتُمۡ بِہَا تُکَذِّبُوۡنَ ﴿۱۵﴾
    52 : 15 «Силер жалганга чыгарган от – мына ушул.
  • اَفَسِحۡرٌ ہٰذَاۤ اَمۡ اَنۡتُمۡ لَا تُبۡصِرُوۡنَ ﴿ۚ۱۶﴾
    52 : 16 Эми, бул сыйкырбы же силер акыл-парасат менен иш тутпайт белеӊер?
  • اِصۡلَوۡہَا فَاصۡبِرُوۡۤا اَوۡ لَا تَصۡبِرُوۡا ۚ سَوَآءٌ عَلَیۡکُمۡ ؕ اِنَّمَا تُجۡزَوۡنَ مَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    52 : 17 Анын ичине киргиле. Анан силер сабыр кылсаӊар да, сабыр кылбасаӊар да, силерге баары бир. Силер кылып жүргөн амалдарыӊар үчүн гана жазаланасыӊар».
  • اِنَّ الۡمُتَّقِیۡنَ فِیۡ جَنّٰتٍ وَّ نَعِیۡمٍ ﴿ۙ۱۸﴾
    52 : 18 Албетте, такыбалар бейиштер жана нээматтардын ичинде болушат –
  • فٰکِہِیۡنَ بِمَاۤ اٰتٰہُمۡ رَبُّہُمۡ ۚ وَ وَقٰہُمۡ رَبُّہُمۡ عَذَابَ الۡجَحِیۡمِ ﴿۱۹﴾
    52 : 19 Алардын Раббиси аларга берген нерселерден шаттанган бойдон. Алардын Раббиси аларды тозок азабынан сактайт.
  • کُلُوۡا وَ اشۡرَبُوۡا ہَنِیۡٓـًٔۢا بِمَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿ۙ۲۰﴾
    52 : 20 «Силер жасап өткөн амалдарыӊар үчүн ырахаттанып жеп-ичкиле».
  • مُتَّکِئِیۡنَ عَلٰی سُرُرٍ مَّصۡفُوۡفَۃٍ ۚ وَ زَوَّجۡنٰہُمۡ بِحُوۡرٍ عِیۡنٍ ﴿۲۱﴾
    52 : 21 Алар катар тизилип коюлган тактылардын үстүндө жөлөнүп отурган болушат. Биз аларды элик көз кыздарга шерик кылып коёбуз.
  • وَ الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ اتَّبَعَتۡہُمۡ ذُرِّیَّتُہُمۡ بِاِیۡمَانٍ اَلۡحَقۡنَا بِہِمۡ ذُرِّیَّتَہُمۡ وَ مَاۤ اَلَتۡنٰہُمۡ مِّنۡ عَمَلِہِمۡ مِّنۡ شَیۡءٍ ؕ کُلُّ امۡرِیًٴۢ بِمَا کَسَبَ رَہِیۡنٌ ﴿۲۲﴾
    52 : 22 Өздөрү ыйман келтирген жана тукумдары дагы ыйманынын аркасынан аларды ээрчигендер менен урпактарын дагы Биз аларга кошуп жиберебиз. Ал эми Биз аларга кылган амалдарынан кенедей дагы кем бербейбиз. Ар бир киши өзү кылган амалы үчүн кепил.
  • وَ اَمۡدَدۡنٰہُمۡ بِفَاکِہَۃٍ وَّ لَحۡمٍ مِّمَّا یَشۡتَہُوۡنَ ﴿۲۳﴾
    52 : 23 Биз аларга жардам беребиз жана алар каалай турган нерселерден бир өзгөчө мөмө жана бир өзгөчө этти аларга тартуулайбыз.
  • یَتَنَازَعُوۡنَ فِیۡہَا کَاۡسًا لَّا لَغۡوٌ فِیۡہَا وَ لَا تَاۡثِیۡمٌ ﴿۲۴﴾
    52 : 24 Алар ал (бейиш)те (мээрим менен) бири-биринен кеселерди тартышат. Анын ичинде бир дагы маанисиздик, бир дагы күнөө иш болбойт.
  • وَ یَطُوۡفُ عَلَیۡہِمۡ غِلۡمَانٌ لَّہُمۡ کَاَنَّہُمۡ لُؤۡلُؤٌ مَّکۡنُوۡنٌ ﴿۲۵﴾
    52 : 25 Жана алардын тегерегинде бекитилип коюлган берметтей жалтыраган жаш кызматчы балдар айланышат.
  • وَ اَقۡبَلَ بَعۡضُہُمۡ عَلٰی بَعۡضٍ یَّتَسَآءَلُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    52 : 26 Жана алардын айрымдары-айрымдарына бири-биринин ахвалын сураган бойдон кайрылышат.
  • قَالُوۡۤا اِنَّا کُنَّا قَبۡلُ فِیۡۤ اَہۡلِنَا مُشۡفِقِیۡنَ ﴿۲۷﴾
    52 : 27 Алар айтышат: «Албетте, биз мындан мурун өз үй-бүлөбүздүн ичинде абдан коркуп турчубуз.
  • فَمَنَّ اللّٰہُ عَلَیۡنَا وَ وَقٰٮنَا عَذَابَ السَّمُوۡمِ ﴿۲۸﴾
    52 : 28 Ошентип, Алла бизге айкөлдүк көрсөттү жана бизди күйдүрө турган ысык шамалдын азабынан оолак кылды.
  • اِنَّا کُنَّا مِنۡ قَبۡلُ نَدۡعُوۡہُ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡبَرُّ الرَّحِیۡمُ ﴿٪۲۹﴾
    52 : 29 Албетте, биз мурун дагы Ага гана жалбарар элек. Албетте, Ал абдан жакшы мамиле кылуучу (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу».
  • فَذَکِّرۡ فَمَاۤ اَنۡتَ بِنِعۡمَتِ رَبِّکَ بِکَاہِنٍ وَّ لَا مَجۡنُوۡنٍ ﴿ؕ۳۰﴾
    52 : 30 Кыскасы, сен насаат кыла бер. Демек, Раббиӊдин нээматтын айынан сен бакшы да эмессиӊ, жинди да эмессиӊ.
  • اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ شَاعِرٌ نَّتَرَبَّصُ بِہٖ رَیۡبَ الۡمَنُوۡنِ ﴿۳۱﴾
    52 : 31 Алар: «Бул – бир акын. Ал тууралуу биз тагдырдын жазганын күтүп жатабыз», - деп айтышабы?
  • قُلۡ تَرَبَّصُوۡا فَاِنِّیۡ مَعَکُمۡ مِّنَ الۡمُتَرَبِّصِیۡنَ ﴿ؕ۳۲﴾
    52 : 32 Айткын: «Күтө бергиле! Албетте, мен дагы силер менен бирге күтүүчүлөрдөнмүн».
  • اَمۡ تَاۡمُرُہُمۡ اَحۡلَامُہُمۡ بِہٰذَاۤ اَمۡ ہُمۡ قَوۡمٌ طَاغُوۡنَ ﴿ۚ۳۳﴾
    52 : 33 Алардын чаржайыт ойлору аларга ушундай нерселерди буюрабы же алар бир бейбаш коомбу?
  • اَمۡ یَقُوۡلُوۡنَ تَقَوَّلَہٗ ۚ بَلۡ لَّا یُؤۡمِنُوۡنَ ﴿ۚ۳۴﴾
    52 : 34 Алар: «Ал муну жалгандан ойлоп чыгарган», - дешеби? Чынында, алар (такыр) ыйман келтирүүчүлөр эмес.
  • فَلۡیَاۡتُوۡا بِحَدِیۡثٍ مِّثۡلِہٖۤ اِنۡ کَانُوۡا صٰدِقِیۡنَ ﴿ؕ۳۵﴾
    52 : 35 Эгер алар чынчыл болушса, ошого окшош бир сөз-каламды келтирип көрүшсүнчү?
  • اَمۡ خُلِقُوۡا مِنۡ غَیۡرِ شَیۡءٍ اَمۡ ہُمُ الۡخٰلِقُوۡنَ ﴿ؕ۳۶﴾
    52 : 36 Алар кандайдыр бир нерсесиз (өзүнөн-өзү) жаратылганбы же өздөрү гана жаратуучуларбы?
  • اَمۡ خَلَقُوا السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ ۚ بَلۡ لَّا یُوۡقِنُوۡنَ ﴿ؕ۳۷﴾
    52 : 37 Алар асмандар менен жерди жаратып коюшканбы? Чынында, алар (баары бир) ишенишпейт.
  • اَمۡ عِنۡدَہُمۡ خَزَآئِنُ رَبِّکَ اَمۡ ہُمُ الۡمُصَۜیۡطِرُوۡنَ ﴿ؕ۳۸﴾
    52 : 38 Аларда Раббиӊдин казыналары барбы же өздөрү (аларга) кожоюнбу?
  • اَمۡ لَہُمۡ سُلَّمٌ یَّسۡتَمِعُوۡنَ فِیۡہِ ۚ فَلۡیَاۡتِ مُسۡتَمِعُہُمۡ بِسُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ؕ۳۹﴾
    52 : 39 Аларда кандайдыр бир тепкич барбы, (ага чыгып) алар кептерди угушабы? Демек, алардын арасынан бир угуучу кандайдыр бир жеӊүүчү, ачык-айкын далил келтирсинчи?
  • اَمۡ لَہُ الۡبَنٰتُ وَ لَکُمُ الۡبَنُوۡنَ ﴿ؕ۴۰﴾
    52 : 40 Ал үчүн кыздар, а силер үчүн уулдар барбы?
  • اَمۡ تَسۡـَٔلُہُمۡ اَجۡرًا فَہُمۡ مِّنۡ مَّغۡرَمٍ مُّثۡقَلُوۡنَ ﴿ؕ۴۱﴾
    52 : 41 Сен алардан кандайдыр бир сыйлык талап кыласыӊбы, ушул себептен алар төлөө жүгүнөн кыйналып калышканбы?
  • اَمۡ عِنۡدَہُمُ الۡغَیۡبُ فَہُمۡ یَکۡتُبُوۡنَ ﴿ؕ۴۲﴾
    52 : 42 Же аларда кайып (илими) барбы, ошентип алар аны жазышабы?
  • اَمۡ یُرِیۡدُوۡنَ کَیۡدًا ؕ فَالَّذِیۡنَ کَفَرُوۡا ہُمُ الۡمَکِیۡدُوۡنَ ﴿ؕ۴۳﴾
    52 : 43 Алар кандайдыр бир айла-амал кылууну ниет кылышканбы? Каапыр болгондор – аларга гана каршы айла-амал уюштурулат.
  • اَمۡ لَہُمۡ اِلٰہٌ غَیۡرُ اللّٰہِ ؕ سُبۡحٰنَ اللّٰہِ عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿۴۴﴾
    52 : 44 Алар үчүн Алладан башка дагы кандайдыр бир кудай барбы? Алла алар Ага шерик кылып жаткан нерседен таза.
  • وَ اِنۡ یَّرَوۡا کِسۡفًا مِّنَ السَّمَآءِ سَاقِطًا یَّقُوۡلُوۡا سَحَابٌ مَّرۡکُوۡمٌ ﴿۴۵﴾
    52 : 45 Жана эгер алар асмандан кандайдыр бир бөлүкчө түшүп жатканын көрүшсө: «Бул – бир катма-кат булут», - дешет.
  • فَذَرۡہُمۡ حَتّٰی یُلٰقُوۡا یَوۡمَہُمُ الَّذِیۡ فِیۡہِ یُصۡعَقُوۡنَ ﴿ۙ۴۶﴾
    52 : 46 Демек, сен аларды, өздөрүнүн үстүнө чагылган түшүрүлө турган күндү көргөндөрүнө чейин өз абалдарына коюп кой –
  • یَوۡمَ لَا یُغۡنِیۡ عَنۡہُمۡ کَیۡدُہُمۡ شَیۡئًا وَّ لَا ہُمۡ یُنۡصَرُوۡنَ ﴿ؕ۴۷﴾
    52 : 47 Ошол күнү алардын эч бир чарасы аларга такыр пайда келтирбейт жана аларга жардам да берилбейт.
  • وَ اِنَّ لِلَّذِیۡنَ ظَلَمُوۡا عَذَابًا دُوۡنَ ذٰلِکَ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    52 : 48 Жана албетте, зулумдук кылгандар үчүн мындан башка дагы азап болот, бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
  • وَ اصۡبِرۡ لِحُکۡمِ رَبِّکَ فَاِنَّکَ بِاَعۡیُنِنَا وَ سَبِّحۡ بِحَمۡدِ رَبِّکَ حِیۡنَ تَقُوۡمُ ﴿ۙ۴۹﴾
    52 : 49 Жана өз Раббиӊдин өкүмү үчүн сабыр кыл. Албетте, сен Биздин көздөрүбүздүн алдындасыӊ. Турганыӊда, Раббиӊе мактоосу менен тасбийх айт.
  • وَ مِنَ الَّیۡلِ فَسَبِّحۡہُ وَ اِدۡبَارَ النُّجُوۡمِ ﴿٪۵۰﴾
    52 : 50 Жана түндө да, жылдыздар өчкөндөн кийин да Ага тасбийх айт.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via