Курани карим Ад-Духаан • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

الدّخان

Ад-Духаан

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    44 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • حٰمٓ ﴿ۚۛ۲﴾
    44 : 2 Хамийдун Мажийдун: мактоолор ээси, улуу даражалуу.
  • وَ الۡکِتٰبِ الۡمُبِیۡنِ ۙ﴿ۛ۳﴾
    44 : 3 Ушул ачык-айкын Китепке касам!
  • اِنَّاۤ اَنۡزَلۡنٰہُ فِیۡ لَیۡلَۃٍ مُّبٰرَکَۃٍ اِنَّا کُنَّا مُنۡذِرِیۡنَ ﴿۴﴾
    44 : 4 Албетте, Биз аны бир куттуу түндө түшүрдүк. Биз баары бир кулактандыруучу элек.
  • فِیۡہَا یُفۡرَقُ کُلُّ اَمۡرٍ حَکِیۡمٍ ۙ﴿۵﴾
    44 : 5 Ошол (түнү) ар бир даанышман маселе жөнүндө өкүм чыгарылат –
  • اَمۡرًا مِّنۡ عِنۡدِنَا ؕ اِنَّا کُنَّا مُرۡسِلِیۡنَ ۚ﴿۶﴾
    44 : 6 Биздин алдыбыздан бир өкүм катарында. Албетте, Биз Өзүбүз пайгамбарларды жөнөтүүчүбүз –
  • رَحۡمَۃً مِّنۡ رَّبِّکَ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ السَّمِیۡعُ الۡعَلِیۡمُ ۙ﴿۷﴾
    44 : 7 Раббиӊ тарабынан рахмат катары. Албетте, Ал абдан угуучу (жана) дайыма билүүчү.
  • رَبِّ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ مَا بَیۡنَہُمَا ۘ اِنۡ کُنۡتُمۡ مُّوۡقِنِیۡنَ ﴿۸﴾
    44 : 8 Асмандар жана жердин, ошондой эле ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселердин Раббиси тарабынан. Эгер силер ишенүүчү болсоӊор.
  • لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ یُحۡیٖ وَ یُمِیۡتُ ؕ رَبُّکُمۡ وَ رَبُّ اٰبَآئِکُمُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۹﴾
    44 : 9 Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Ал силердин дагы Раббиӊер, илгерки ата-бабаларыӊардын дагы Раббиси.
  • بَلۡ ہُمۡ فِیۡ شَکٍّ یَّلۡعَبُوۡنَ ﴿۱۰﴾
    44 : 10 Чынында, алар бир шек-күмөнгө дуушар болуп, (бир) оюн ойношууда.
  • فَارۡتَقِبۡ یَوۡمَ تَاۡتِی السَّمَآءُ بِدُخَانٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۙ۱۱﴾
    44 : 11 Ошентип, асман бир ачык-айкын түтүн келтире турган күндү күткүн.
  • یَّغۡشَی النَّاسَ ؕ ہٰذَا عَذَابٌ اَلِیۡمٌ ﴿۱۲﴾
    44 : 12 Ал адамдарды каптап алат. Ал бир аябай оор азап болот.
  • رَبَّنَا اکۡشِفۡ عَنَّا الۡعَذَابَ اِنَّا مُؤۡمِنُوۡنَ ﴿۱۳﴾
    44 : 13 «Эй, Раббибиз! Бизден ушул азапты узакташтырып койгун. Албетте, биз ыйман келтиребиз».
  • اَنّٰی لَہُمُ الذِّکۡرٰی وَ قَدۡ جَآءَہُمۡ رَسُوۡلٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۙ۱۴﴾
    44 : 14 Алар үчүн эми кандай насаат болсун! Алардын алдына айкын далилдер ээси болгон бир Пайгамбар келген эле го.
  • ثُمَّ تَوَلَّوۡا عَنۡہُ وَ قَالُوۡا مُعَلَّمٌ مَّجۡنُوۡنٌ ﴿ۘ۱۵﴾
    44 : 15 Ушуга карабастан, алар андан жүз бурушту жана айтышты: «Үйрөтүлгөн, (жок), кем акыл».
  • اِنَّا کَاشِفُوا الۡعَذَابِ قَلِیۡلًا اِنَّکُمۡ عَآئِدُوۡنَ ﴿ۘ۱۶﴾
    44 : 16 Албетте, Биз азапты бир аз кийинкиге калтырабыз. (Бирок) силер албетте, (ошол нерселерди кайрадан) кайталоочусуӊар.
  • یَوۡمَ نَبۡطِشُ الۡبَطۡشَۃَ الۡکُبۡرٰی ۚ اِنَّا مُنۡتَقِمُوۡنَ ﴿۱۷﴾
    44 : 17 Биз (силерди) катуу тута турган күнү, албетте, Биз өч алуучубуз».
  • وَ لَقَدۡ فَتَنَّا قَبۡلَہُمۡ قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَ وَ جَآءَہُمۡ رَسُوۡلٌ کَرِیۡمٌ ﴿ۙ۱۸﴾
    44 : 18 Жана албетте, Биз алардан мурун Фараон коомун дагы сыноодон өткөргөнбүз. Качан аларга бир урматтуу пайгамбар келген эле.
  • اَنۡ اَدُّوۡۤا اِلَیَّ عِبَادَ اللّٰہِ ؕ اِنِّیۡ لَکُمۡ رَسُوۡلٌ اَمِیۡنٌ ﴿ۙ۱۹﴾
    44 : 19 (Ал айтты): «Алланын пенделерин мага тапшырып койгула. Албетте, мен силер үчүн бир ишенимдүү пайгамбармын.
  • وَّ اَنۡ لَّا تَعۡلُوۡا عَلَی اللّٰہِ ۚ اِنِّیۡۤ اٰتِیۡکُمۡ بِسُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿ۚ۲۰﴾
    44 : 20 Жана Аллага каршы баш ийбестик кылбагыла. Албетте, мен силерге бир ачык-айкын, жеӊүүчү далил келтирүүчүмүн.
  • وَ اِنِّیۡ عُذۡتُ بِرَبِّیۡ وَ رَبِّکُمۡ اَنۡ تَرۡجُمُوۡنِ ﴿۫۲۱﴾
    44 : 21 Жана албетте, силер мени таш бараӊга алууӊардан мен өз Раббим жана силердин Раббиӊерден паана тилеймин.
  • وَ اِنۡ لَّمۡ تُؤۡمِنُوۡا لِیۡ فَاعۡتَزِلُوۡنِ ﴿۲۲﴾
    44 : 22 Жана эгер силер мага ыйман келтирбесеӊер, анда мени жалгыз калтыргыла».
  • فَدَعَا رَبَّہٗۤ اَنَّ ہٰۤؤُلَآءِ قَوۡمٌ مُّجۡرِمُوۡنَ ﴿ؓ۲۳﴾
    44 : 23 Ошондо ал өз Раббисине: «Бул бир күнөөгө баткан коом», - деп кайрылды.
  • فَاَسۡرِ بِعِبَادِیۡ لَیۡلًا اِنَّکُمۡ مُّتَّبَعُوۡنَ ﴿ۙ۲۴﴾
    44 : 24 (Алла айтты): «Пенделеримди алып, түнкүсүн жолго чык. Албетте, силер куугунтукталасыӊар.
  • وَ اتۡرُکِ الۡبَحۡرَ رَہۡوًا ؕ اِنَّہُمۡ جُنۡدٌ مُّغۡرَقُوۡنَ ﴿۲۵﴾
    44 : 25 Жана деӊизди, ал али тынч болгонунда таштап кой! Албетте, алар бир чөктүрүлө турган кошуун».
  • کَمۡ تَرَکُوۡا مِنۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ۙ۲۶﴾
    44 : 26 Алар (артта) калтырган канчалаган бактар жана булактар бар!
  • وَّ زُرُوۡعٍ وَّ مَقَامٍ کَرِیۡمٍ ﴿ۙ۲۷﴾
    44 : 27 Эгин талаалар жана урматтуу жайлар дагы.
  • وَّ نَعۡمَۃٍ کَانُوۡا فِیۡہَا فٰکِہِیۡنَ ﴿ۙ۲۸﴾
    44 : 28 Жана өздөрү канааттанган жашоо ырахаттануулары (дагы).
  • کَذٰلِکَ ۟ وَ اَوۡرَثۡنٰہَا قَوۡمًا اٰخَرِیۡنَ ﴿۲۹﴾
    44 : 29 Ушундай болду. Биз бир башка коомду ал (нээмат)ка мураскер кылып койдук.
  • فَمَا بَکَتۡ عَلَیۡہِمُ السَّمَآءُ وَ الۡاَرۡضُ وَ مَا کَانُوۡا مُنۡظَرِیۡنَ ﴿٪۳۰﴾
    44 : 30 Ошондо асман менен жер аларга ыйлабады жана аларга мөөнөт (дагы) берилбеди.
  • وَ لَقَدۡ نَجَّیۡنَا بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ مِنَ الۡعَذَابِ الۡمُہِیۡنِ ﴿ۙ۳۱﴾
    44 : 31 Жана албетте, Биз Исрааийл балдарын бир кордоочу азаптан куткарып калдык –
  • مِنۡ فِرۡعَوۡنَ ؕ اِنَّہٗ کَانَ عَالِیًا مِّنَ الۡمُسۡرِفِیۡنَ ﴿۳۲﴾
    44 : 32 Фараон тарабынан болгон (азап)тан. Албетте, ал чектен ашуучулардан болгон бир зөөкүр болчу.
  • وَ لَقَدِ اخۡتَرۡنٰہُمۡ عَلٰی عِلۡمٍ عَلَی الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿ۚ۳۳﴾
    44 : 33 Жана албетте, Биз кандайдыр бир билимдин негизинде аларды бүткүл ааламдардан жогору кылып койгон элек.
  • وَ اٰتَیۡنٰہُمۡ مِّنَ الۡاٰیٰتِ مَا فِیۡہِ بَلٰٓـؤٌا مُّبِیۡنٌ ﴿۳۴﴾
    44 : 34 Жана Биз аларга айрым аят-жышаандарды тартууладык. Аларда ачыктан-ачык сыноо бар болчу.
  • اِنَّ ہٰۤؤُلَآءِ لَیَقُوۡلُوۡنَ ﴿ۙ۳۵﴾
    44 : 35 Албетте, булар сөзсүз айтышат:
  • اِنۡ ہِیَ اِلَّا مَوۡتَتُنَا الۡاُوۡلٰی وَ مَا نَحۡنُ بِمُنۡشَرِیۡنَ ﴿۳۶﴾
    44 : 36 «Биздин мына ушул биринчи өлүмүбүздөн башка эч кандай өлүм жок жана биз тургузулуучулар дагы эмеспиз.
  • فَاۡتُوۡا بِاٰبَآئِنَاۤ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۳۷﴾
    44 : 37 Ошентип, эгер чынчыл болсоӊор, биздин ата-бабаларыбызды кайтарып алып келгилечи?»
  • اَہُمۡ خَیۡرٌ اَمۡ قَوۡمُ تُبَّعٍ ۙ وَّ الَّذِیۡنَ مِنۡ قَبۡلِہِمۡ ؕ اَہۡلَکۡنٰہُمۡ ۫ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا مُجۡرِمِیۡنَ ﴿۳۸﴾
    44 : 38 Булар жакшыраакпы же Тубба коому жана алардан илгерирээк өткөндөрбү? Биз аларды жок кылып жибердик. Албетте, алар(дын бардыгы) күнөөкөр эле.
  • وَ مَا خَلَقۡنَا السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ مَا بَیۡنَہُمَا لٰعِبِیۡنَ ﴿۳۹﴾
    44 : 39 Биз асмандар жана жерди, ошондой эле ал экөөсүнүн арасындагы бардык нерселерди бир оюн ойноп жатып жараткан эмеспиз.
  • مَا خَلَقۡنٰہُمَاۤ اِلَّا بِالۡحَقِّ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿۴۰﴾
    44 : 40 Биз аларды жалаӊ чындык менен жаратканбыз, бирок алардын көпчүлүгү билбейт.
  • اِنَّ یَوۡمَ الۡفَصۡلِ مِیۡقَاتُہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿ۙ۴۱﴾
    44 : 41 Албетте, соттоо күнү – алардын бардыгы үчүн бир белгиленип коюлган убакыт.
  • یَوۡمَ لَا یُغۡنِیۡ مَوۡلًی عَنۡ مَّوۡلًی شَیۡئًا وَّ لَا ہُمۡ یُنۡصَرُوۡنَ ﴿ۙ۴۲﴾
    44 : 42 Ошол күнү эч бир дос башка доско кандайдыр бир пайда келтире албайт жана аларга жардам дагы берилбейт.
  • اِلَّا مَنۡ رَّحِمَ اللّٰہُ ؕ اِنَّہٗ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الرَّحِیۡمُ ﴿٪۴۳﴾
    44 : 43 Алла ырайым кылган киши болсо, анда башка кеп. Албетте, Ал (Алла) гана эӊ жеӊүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу.
  • اِنَّ شَجَرَتَ الزَّقُّوۡمِ ﴿ۙ۴۴﴾
    44 : 44 Албетте, заккум дарагы –
  • طَعَامُ الۡاَثِیۡمِ ﴿ۖۛۚ۴۵﴾
    44 : 45 Күнөөкөрдүн тамагы.
  • کَالۡمُہۡلِ ۚۛ یَغۡلِیۡ فِی الۡبُطُوۡنِ ﴿ۙ۴۶﴾
    44 : 46 (Ал) кудум эриген жез сыяктуу. Карындарда кайнайт –
  • کَغَلۡیِ الۡحَمِیۡمِ ﴿۴۷﴾
    44 : 47 Кайнак суунун кайноосуна окшоп.
  • خُذُوۡہُ فَاعۡتِلُوۡہُ اِلٰی سَوَآءِ الۡجَحِیۡمِ ﴿٭ۖ۴۸﴾
    44 : 48 «Аны кармагыла, анан аны сүйрөгөн бойдон тозоктун ортосуна алып баргыла.
  • ثُمَّ صُبُّوۡا فَوۡقَ رَاۡسِہٖ مِنۡ عَذَابِ الۡحَمِیۡمِ ﴿ؕ۴۹﴾
    44 : 49 Анан анын башынын үстүнөн бир аз кайнак суу азабынан куйгула.
  • ذُقۡ ۚۙ اِنَّکَ اَنۡتَ الۡعَزِیۡزُ الۡکَرِیۡمُ ﴿۵۰﴾
    44 : 50 Татып көр! Албетте, сен (өзүӊдү) улук (жана) урматтуу (деп эсептечү) элеӊ.
  • اِنَّ ہٰذَا مَا کُنۡتُمۡ بِہٖ تَمۡتَرُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    44 : 51 Албетте, мына ушул – силер шектенип жүргөн нерсе».
  • اِنَّ الۡمُتَّقِیۡنَ فِیۡ مَقَامٍ اَمِیۡنٍ ﴿ۙ۵۲﴾
    44 : 52 Албетте, такыбалар бейпил жайда болушат –
  • فِیۡ جَنّٰتٍ وَّ عُیُوۡنٍ ﴿ۚۙ۵۳﴾
    44 : 53 Бактар жана булактарда.
  • یَّلۡبَسُوۡنَ مِنۡ سُنۡدُسٍ وَّ اِسۡتَبۡرَقٍ مُّتَقٰبِلِیۡنَ ﴿ۚۙ۵۴﴾
    44 : 54 Жука жана калыӊ жибектен кийимдер кийишип, бири-биринин маӊдайларында отурган болушат.
  • کَذٰلِکَ ۟ وَ زَوَّجۡنٰہُمۡ بِحُوۡرٍ عِیۡنٍ ﴿ؕ۵۵﴾
    44 : 55 Ушундай болот. Биз аларды бото көздүү кыздарга курбу кылып коёбуз.
  • یَدۡعُوۡنَ فِیۡہَا بِکُلِّ فَاکِہَۃٍ اٰمِنِیۡنَ ﴿ۙ۵۶﴾
    44 : 56 Алар анда тынчтык менен ар түрдүү мөмөлөрдү талап кылып турган болушат.
  • لَا یَذُوۡقُوۡنَ فِیۡہَا الۡمَوۡتَ اِلَّا الۡمَوۡتَۃَ الۡاُوۡلٰی ۚ وَ وَقٰہُمۡ عَذَابَ الۡجَحِیۡمِ ﴿ۙ۵۷﴾
    44 : 57 Алар анда биринчи өлүмдөн башка эч бир өлүм даамын татышпайт. Ал (Алла) аларды тозок азабынан сактайт.
  • فَضۡلًا مِّنۡ رَّبِّکَ ؕ ذٰلِکَ ہُوَ الۡفَوۡزُ الۡعَظِیۡمُ ﴿۵۸﴾
    44 : 58 Бул Раббиӊ тарабынан берешендик катары болот. Мына ушул үлкөн ийгилик.
  • فَاِنَّمَا یَسَّرۡنٰہُ بِلِسَانِکَ لَعَلَّہُمۡ یَتَذَکَّرُوۡنَ ﴿۵۹﴾
    44 : 59 Ошентип, албетте, Биз бул (Куран)ды алар ибарат алуулары үчүн сенин тилиӊде оӊойлоштуруп койдук.
  • فَارۡتَقِبۡ اِنَّہُمۡ مُّرۡتَقِبُوۡنَ ﴿٪۶۰﴾
    44 : 60 Демек, күткүн. Албетте, алар дагы күтүүчүлөр.
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via