Курани карим Ан-Намл • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

النَّمل

Ан-Намл

  • بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ﴿۱﴾
    27 : 1 Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен.
  • طٰسٓ ۟ تِلۡکَ اٰیٰتُ الۡقُرۡاٰنِ وَ کِتَابٍ مُّبِیۡنٍ ۙ﴿۲﴾
    27 : 2 Таййибун, Самийъун: Таза, өтө угуучу. Булар – Куран жана бир ачык-айкын Китептин аяттары.
  • ہُدًی وَّ بُشۡرٰی لِلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ۙ﴿۳﴾
    27 : 3 Момундар үчүн туура жол жана куш кабар –
  • الَّذِیۡنَ یُقِیۡمُوۡنَ الصَّلٰوۃَ وَ یُؤۡتُوۡنَ الزَّکٰوۃَ وَ ہُمۡ بِالۡاٰخِرَۃِ ہُمۡ یُوۡقِنُوۡنَ ﴿۴﴾
    27 : 4 Намаз окуй турган, зекет бере турган жана акыретке толук ишене тургандар (үчүн).
  • اِنَّ الَّذِیۡنَ لَا یُؤۡمِنُوۡنَ بِالۡاٰخِرَۃِ زَیَّنَّا لَہُمۡ اَعۡمَالَہُمۡ فَہُمۡ یَعۡمَہُوۡنَ ؕ﴿۵﴾
    27 : 5 Албетте, акыретке ыйман келтирбей тургандарга өздөрүнүн амалдарын Биз сонун кылып көрсөттүк. Демек, алар адаша беришет.
  • اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ لَہُمۡ سُوۡٓءُ الۡعَذَابِ وَ ہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ ہُمُ الۡاَخۡسَرُوۡنَ ﴿۶﴾
    27 : 6 Мына ошолор үчүн абдан жаман азап бар жана алар акыретте эӊ көп зыян көрүүчүлөр болушат.
  • وَ اِنَّکَ لَتُلَقَّی الۡقُرۡاٰنَ مِنۡ لَّدُنۡ حَکِیۡمٍ عَلِیۡمٍ ﴿۷﴾
    27 : 7 Албетте, өтө акылман (жана) өтө билүүчү тарабынан сага Куран тартууланат.
  • اِذۡ قَالَ مُوۡسٰی لِاَہۡلِہٖۤ اِنِّیۡۤ اٰنَسۡتُ نَارًا ؕ سَاٰتِیۡکُمۡ مِّنۡہَا بِخَبَرٍ اَوۡ اٰتِیۡکُمۡ بِشِہَابٍ قَبَسٍ لَّعَلَّکُمۡ تَصۡطَلُوۡنَ ﴿۸﴾
    27 : 8 Муса үй-бүлөсүнө: «Албетте, мен бир от көрүп жатамын. Демек, мен силерге ал от(тун жаны)нан кандайдыр бир кабар келтиремин же силер жылынып алышыӊар үчүн бир кызарып турган чок келтиремин», - деген(ин эстегиле).
  • فَلَمَّا جَآءَہَا نُوۡدِیَ اَنۡۢ بُوۡرِکَ مَنۡ فِی النَّارِ وَ مَنۡ حَوۡلَہَا ؕ وَ سُبۡحٰنَ اللّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿۹﴾
    27 : 9 Анан ал анын жанына келгенде, мындай үн салынды: «Ал оттун ичиндегиси дагы, анын тегерегиндегиси дагы куттуу кылынган жана бүтүн ааламдардын Раббиси болгон Алла таза!
  • یٰمُوۡسٰۤی اِنَّہٗۤ اَنَا اللّٰہُ الۡعَزِیۡزُ الۡحَکِیۡمُ ۙ﴿۱۰﴾
    27 : 10 Эй, Муса! Албетте, (ушул сөздөрдү сүйлөөчү), Мен – эӊ жеӊүүчү (жана) акылмандык ээси болгон Алламын.
  • وَ اَلۡقِ عَصَاکَ ؕ فَلَمَّا رَاٰہَا تَہۡتَزُّ کَاَنَّہَا جَآنٌّ وَّلّٰی مُدۡبِرًا وَّ لَمۡ یُعَقِّبۡ ؕ یٰمُوۡسٰی لَا تَخَفۡ ۟ اِنِّیۡ لَا یَخَافُ لَدَیَّ الۡمُرۡسَلُوۡنَ ﴿٭ۖ۱۱﴾
    27 : 11 Асаӊды ташта!» Ошондо ал анын жылаандай кыймылдап жатканын көрүп, аркага бурулуп качты. Ал артына бурулуп да карабады. «Эй, Муса! Коркпо! Албетте, Мен ушундай (Алла)мын: Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт.
  • اِلَّا مَنۡ ظَلَمَ ثُمَّ بَدَّلَ حُسۡنًۢا بَعۡدَ سُوۡٓءٍ فَاِنِّیۡ غَفُوۡرٌ رَّحِیۡمٌ ﴿۱۲﴾
    27 : 12 Эгер ким акысыздык кылган болсо, анан жамандыктан кийин (аны) жакшылыкка алмаштырса, анда албетте, Мен өтө кечирүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучумун.
  • وَ اَدۡخِلۡ یَدَکَ فِیۡ جَیۡبِکَ تَخۡرُجۡ بَیۡضَآءَ مِنۡ غَیۡرِ سُوۡٓءٍ ۟ فِیۡ تِسۡعِ اٰیٰتٍ اِلٰی فِرۡعَوۡنَ وَ قَوۡمِہٖ ؕ اِنَّہُمۡ کَانُوۡا قَوۡمًا فٰسِقِیۡنَ ﴿۱۳﴾
    27 : 13 Колуӊду жакаӊа сал, ал эч кандай зыян тартпай аппак болуп чыгат. (Бул экөөсү) – Фараон жана анын коомуна (жибериле турган) тогуз муъжиза-кереметтерден. Албетте, алар абдан ээнбаш адамдар.
  • فَلَمَّا جَآءَتۡہُمۡ اٰیٰتُنَا مُبۡصِرَۃً قَالُوۡا ہٰذَا سِحۡرٌ مُّبِیۡنٌ ﴿ۚ۱۴﴾
    27 : 14 Ошентип, Биздин акыл-парасат тартуулоочу аят-жышаандарыбыз аларга келгенде, алар: «Бул ачыктан-ачык сыйкырчылык», - дешти.
  • وَ جَحَدُوۡا بِہَا وَ اسۡتَیۡقَنَتۡہَاۤ اَنۡفُسُہُمۡ ظُلۡمًا وَّ عُلُوًّا ؕ فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُفۡسِدِیۡنَ ﴿٪۱۵﴾
    27 : 15 Алар зулумдук жана баш ийбестик кылган бойдон аларды четке кагышты, а көӊүлдөрү болсо, аларга ишенген болчу. Демек, бузукулук кылуучулардын акыбети кандай болушун көрүп кой!
  • وَ لَقَدۡ اٰتَیۡنَا دَاوٗدَ وَ سُلَیۡمٰنَ عِلۡمًا ۚ وَ قَالَا الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ فَضَّلَنَا عَلٰی کَثِیۡرٍ مِّنۡ عِبَادِہِ الۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۱۶﴾
    27 : 16 Албетте, Биз Давууд жана Сулайманга чоӊ илим берген элек. Ал экөөсү: «Баардык мактоо бизге Өзүнүн көптөгөн момун пенделеринин үстүнөн абзелдик тартуулаган Аллага», - дешти.
  • وَ وَرِثَ سُلَیۡمٰنُ دَاوٗدَ وَ قَالَ یٰۤاَیُّہَا النَّاسُ عُلِّمۡنَا مَنۡطِقَ الطَّیۡرِ وَ اُوۡتِیۡنَا مِنۡ کُلِّ شَیۡءٍ ؕ اِنَّ ہٰذَا لَہُوَ الۡفَضۡلُ الۡمُبِیۡنُ ﴿۱۷﴾
    27 : 17 Сулайман Давууддун мураскери болду жана ал айтты: «Эй, адамдар! Бизге куштардын тили үйрөтүлгөн жана бизге баардык (керектүү) нерселерден бир аз тартууланган. Албетте, бул болгону ачык-айкын берешендик.
  • وَ حُشِرَ لِسُلَیۡمٰنَ جُنُوۡدُہٗ مِنَ الۡجِنِّ وَ الۡاِنۡسِ وَ الطَّیۡرِ فَہُمۡ یُوۡزَعُوۡنَ ﴿۱۸﴾
    27 : 18 Сулайман үчүн жин менен адамдардан жана куштардан болгон кошуундары жыйналды; алар өз-өзүнчө саптарга тизилттирилди.
  • حَتّٰۤی اِذَاۤ اَتَوۡا عَلٰی وَادِ النَّمۡلِ ۙ قَالَتۡ نَمۡلَۃٌ یّٰۤاَیُّہَا النَّمۡلُ ادۡخُلُوۡا مَسٰکِنَکُمۡ ۚ لَا یَحۡطِمَنَّکُمۡ سُلَیۡمٰنُ وَ جُنُوۡدُہٗ ۙ وَ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۱۹﴾
    27 : 19 А түгүл алар Намл өрөөнүнө жетип келишкенде, Намл (коому)нун бир аялы айтты: «Эй, Намл (коому!) Үйлөрүӊөргө киргиле, Сулайман жана анын кошуундары байкабай силерди тепселеп кетпесин».
  • فَتَبَسَّمَ ضَاحِکًا مِّنۡ قَوۡلِہَا وَ قَالَ رَبِّ اَوۡزِعۡنِیۡۤ اَنۡ اَشۡکُرَ نِعۡمَتَکَ الَّتِیۡۤ اَنۡعَمۡتَ عَلَیَّ وَ عَلٰی وَالِدَیَّ وَ اَنۡ اَعۡمَلَ صَالِحًا تَرۡضٰٮہُ وَ اَدۡخِلۡنِیۡ بِرَحۡمَتِکَ فِیۡ عِبَادِکَ الصّٰلِحِیۡنَ ﴿۲۰﴾
    27 : 20 Ал (Сулайман) анын сөзүнөн жылмайып койду жана айтты: «Эй, Раббим! Өзүӊ мага жана ата-энеме берген нээматыӊ үчүн шүкүр кылуума жана Өзүӊө жага турган жакшы амалдарды кылуума күч-кубат бергин, ошондой эле мени Өз рахматыӊ менен жакшы пенделериӊдин сабына кошкун!»
  • وَ تَفَقَّدَ الطَّیۡرَ فَقَالَ مَا لِیَ لَاۤ اَرَی الۡہُدۡہُدَ ۫ۖ اَمۡ کَانَ مِنَ الۡغَآئِبِیۡنَ ﴿۲۱﴾
    27 : 21 Ал бир тереӊ ой-пикирлүү инсандын кайып экенин сезип, мындай айтты: «Мага эмне болду, Худхудду көрбөй жатамын? Ал кайып болгондордонбу?
  • لَاُعَذِّبَنَّہٗ عَذَابًا شَدِیۡدًا اَوۡ لَاَاذۡبَحَنَّہٗۤ اَوۡ لَیَاۡتِیَنِّیۡ بِسُلۡطٰنٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۲۲﴾
    27 : 22 Мен албетте, ага катуу азап беремин же аны албетте, союп таштаймын же ал (өзүн актоо үчүн) кандайдыр бир ачык-айкын далил келтирсин».
  • فَمَکَثَ غَیۡرَ بَعِیۡدٍ فَقَالَ اَحَطۡتُّ بِمَا لَمۡ تُحِطۡ بِہٖ وَ جِئۡتُکَ مِنۡ سَبَاٍۭ بِنَبَاٍ یَّقِیۡنٍ ﴿۲۳﴾
    27 : 23 Ошондо, ал (Сулайман) көп күтпөй эле (Худхуд келип калды). Ал айтты: «Мен сен билбеген нерсени билип алдым. Мен Сабаа (коомунун журту)нан алдыӊа бир анык кабар келтирдим.
  • اِنِّیۡ وَجَدۡتُّ امۡرَاَۃً تَمۡلِکُہُمۡ وَ اُوۡتِیَتۡ مِنۡ کُلِّ شَیۡءٍ وَّ لَہَا عَرۡشٌ عَظِیۡمٌ ﴿۲۴﴾
    27 : 24 Албетте, мен бир аялды алардын үстүнөн өкүм кылып жатканын көрдүм. Ага баардык нерселер тартууланган жана анын бир улуу тактысы бар.
  • وَجَدۡتُّہَا وَ قَوۡمَہَا یَسۡجُدُوۡنَ لِلشَّمۡسِ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ وَ زَیَّنَ لَہُمُ الشَّیۡطٰنُ اَعۡمَالَہُمۡ فَصَدَّہُمۡ عَنِ السَّبِیۡلِ فَہُمۡ لَا یَہۡتَدُوۡنَ ﴿ۙ۲۵﴾
    27 : 25 Мен аны жана коомун Алланын ордуна, күнгө сажда кылып жатканын көрдүм. Шайтан аларга амалдарын чырайлуу кылып көрсөткөн. Ошентип, ал аларды (чыныгы) жолдон тосуп койду. Демек, алар хидаят табышпайт.
  • اَلَّا یَسۡجُدُوۡا لِلّٰہِ الَّذِیۡ یُخۡرِجُ الۡخَبۡءَ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ وَ یَعۡلَمُ مَا تُخۡفُوۡنَ وَ مَا تُعۡلِنُوۡنَ ﴿۲۶﴾
    27 : 26 (Шайтан аларды) асмандар жана жердеги баардык жашыруун нерселерди чыгара турган жана силер жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билген Аллага сажда кылбастыкка (кыстады).
  • اَللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّا ہُوَ رَبُّ الۡعَرۡشِ الۡعَظِیۡمِ ﴿ٛ۲۷﴾
    27 : 27 Алла! Андан бөлөк эч кандай кудай жок. Ал Улуу Арштын Раббиси.
  • قَالَ سَنَنۡظُرُ اَصَدَقۡتَ اَمۡ کُنۡتَ مِنَ الۡکٰذِبِیۡنَ ﴿۲۸﴾
    27 : 28 Ал (Сулайман) айтты: «Сен чындыкты сүйлөдүӊбү же жалганчылардансыӊбы, биз муну дагы көрөбүз.
  • اِذۡہَبۡ بِّکِتٰبِیۡ ہٰذَا فَاَلۡقِہۡ اِلَیۡہِمۡ ثُمَّ تَوَلَّ عَنۡہُمۡ فَانۡظُرۡ مَا ذَا یَرۡجِعُوۡنَ ﴿۲۹﴾
    27 : 29 Менин мына бул катымды алып бар жана алардын алдына кой. Анан өзүӊдү алардан четке алып, карагын, алар эмне жооп кылышаар экен?»
  • قَالَتۡ یٰۤاَیُّہَا الۡمَلَؤُا اِنِّیۡۤ اُلۡقِیَ اِلَیَّ کِتٰبٌ کَرِیۡمٌ ﴿۳۰﴾
    27 : 30 (Ушул катты көрүп), ал (падыша аял) айтты: «Эй, башчылар! Мага албетте, бир азиз-ардактуу кат жөнөтүлдү.
  • اِنَّہٗ مِنۡ سُلَیۡمٰنَ وَ اِنَّہٗ بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ ﴿ۙ۳۱﴾
    27 : 31 Албетте, ал Сулайман тарабынан болуп, мындай экен: «Чексиз ырайым кылуучу, сурабастан берүүчү (жана) кайра-кайра ырайым кылуучу Алланын аты менен (баштаймын).
  • اَلَّا تَعۡلُوۡا عَلَیَّ وَ اۡتُوۡنِیۡ مُسۡلِمِیۡنَ ﴿٪۳۲﴾
    27 : 32 (Анда): «Мага каршы бой көтөрбөгүлө жана алдыма бой сунган бойдон келгиле», - (деген кабар бар).
  • قَالَتۡ یٰۤاَیُّہَا الۡمَلَؤُا اَفۡتُوۡنِیۡ فِیۡۤ اَمۡرِیۡ ۚ مَا کُنۡتُ قَاطِعَۃً اَمۡرًا حَتّٰی تَشۡہَدُوۡنِ ﴿۳۳﴾
    27 : 33 Ал айтты: «Эй, башчылар! Ишимде мага кеӊеш бергиле. Мен силер жанымда болгонуӊарда гана маанилүү маселелер боюнча бир чечимге келемин».
  • قَالُوۡا نَحۡنُ اُولُوۡا قُوَّۃٍ وَّ اُولُوۡا بَاۡسٍ شَدِیۡدٍ ۬ۙ وَّ الۡاَمۡرُ اِلَیۡکِ فَانۡظُرِیۡ مَاذَا تَاۡمُرِیۡنَ ﴿۳۴﴾
    27 : 34 Алар жооп беришти: «Биз абдан күчтүүбүз жана күчтүү уруш кылуу кудуретине ээбиз. А өкүм кылуу болсо, жалгыз сенин эркиӊде. Демек, (бизге) эмне буйрук беришиӊди сен өзүӊ ойлоп көр».
  • قَالَتۡ اِنَّ الۡمُلُوۡکَ اِذَا دَخَلُوۡا قَرۡیَۃً اَفۡسَدُوۡہَا وَ جَعَلُوۡۤا اَعِزَّۃَ اَہۡلِہَاۤ اَذِلَّۃً ۚ وَ کَذٰلِکَ یَفۡعَلُوۡنَ ﴿۳۵﴾
    27 : 35 Ал айтты: «Албетте, падышалар кандайдыр бир кыштакка киргендеринде, алар анда бүлгүн салышат жана анын элинин арасындагы кадыр-барктууларды кор кылышат. Алар ошондой кылышат.
  • وَ اِنِّیۡ مُرۡسِلَۃٌ اِلَیۡہِمۡ بِہَدِیَّۃٍ فَنٰظِرَۃٌۢ بِمَ یَرۡجِعُ الۡمُرۡسَلُوۡنَ ﴿۳۶﴾
    27 : 36 Мен албетте, аларга бир белек жөнөтүүчүмүн, анан элчилер кандай жооп менен кайтаарын көрөмүн».
  • فَلَمَّا جَآءَ سُلَیۡمٰنَ قَالَ اَتُمِدُّوۡنَنِ بِمَالٍ ۫ فَمَاۤ اٰتٰٮنِۦَ اللّٰہُ خَیۡرٌ مِّمَّاۤ اٰتٰٮکُمۡ ۚ بَلۡ اَنۡتُمۡ بِہَدِیَّتِکُمۡ تَفۡرَحُوۡنَ ﴿۳۷﴾
    27 : 37 Ошентип, алар (элчилер) Сулаймандын алдына келгендеринде, ал айтты: «Дүнүйө-мүлк аркылуу мага жардам бермекчисиӊерби? Чындыгында, Алла мага берген нерсе Ал (Алла) силерге берген нерседен жакшыраак. Бирок, силер өз белегиӊер менен мактанып жатасыӊар.
  • اِرۡجِعۡ اِلَیۡہِمۡ فَلَنَاۡتِیَنَّہُمۡ بِجُنُوۡدٍ لَّا قِبَلَ لَہُمۡ بِہَا وَ لَنُخۡرِجَنَّہُمۡ مِّنۡہَاۤ اَذِلَّۃً وَّ ہُمۡ صٰغِرُوۡنَ ﴿۳۸﴾
    27 : 38 Алардын алдына кайт. Биз албетте, алар каршылык көрсөтө албай турган кошуундар менен алардын алдына барабыз. Биз аларды албетте, ал (шаар)дан кор кылып, кууп чыгарабыз, алар болсо, эч нерсе кыла алышпайт».
  • قَالَ یٰۤاَیُّہَا الۡمَلَؤُا اَیُّکُمۡ یَاۡتِیۡنِیۡ بِعَرۡشِہَا قَبۡلَ اَنۡ یَّاۡتُوۡنِیۡ مُسۡلِمِیۡنَ ﴿۳۹﴾
    27 : 39 Ал айтты: «Эй, башчылар! Алардын алдыбызга баш ийген бойдон келүүлөрүнөн мурунураак араӊардан ким мага анын тактысын келтирет?»
  • قَالَ عِفۡرِیۡتٌ مِّنَ الۡجِنِّ اَنَا اٰتِیۡکَ بِہٖ قَبۡلَ اَنۡ تَقُوۡمَ مِنۡ مَّقَامِکَ ۚ وَ اِنِّیۡ عَلَیۡہِ لَقَوِیٌّ اَمِیۡنٌ ﴿۴۰﴾
    27 : 40 Жиндердин арасынан Ифрийт айтты: «Сен ордуӊан козголо электе мен аны алдыӊа келтиремин. Албетте, мен бул (иш)те абдан күчтүү жана ишеничтүүмүн».
  • قَالَ الَّذِیۡ عِنۡدَہٗ عِلۡمٌ مِّنَ الۡکِتٰبِ اَنَا اٰتِیۡکَ بِہٖ قَبۡلَ اَنۡ یَّرۡتَدَّ اِلَیۡکَ طَرۡفُکَ ؕ فَلَمَّا رَاٰہُ مُسۡتَقِرًّا عِنۡدَہٗ قَالَ ہٰذَا مِنۡ فَضۡلِ رَبِّیۡ ۟ۖ لِیَبۡلُوَنِیۡۤ ءَاَشۡکُرُ اَمۡ اَکۡفُرُ ؕ وَ مَنۡ شَکَرَ فَاِنَّمَا یَشۡکُرُ لِنَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ کَفَرَ فَاِنَّ رَبِّیۡ غَنِیٌّ کَرِیۡمٌ ﴿۴۱﴾
    27 : 41 Ошондо китеп илими бар киши айтты: «Сакчы тобуӊ сага кайта электе мен аны сенин алдыӊа келтиремин». Анан ал анын өз жанында турганын көргөндө, айтты: «Ал (Алла) менин шүкүр кылышым же шүкүр кылбастыгымды сынап көрсүн үчүн бул болгону Раббимдин мага болгон берешендиги. Ким шүкүр кылса, ал өз пайдасы үчүн гана шүкүр кылат, ким шүкүрсүздүк кылса, анда Раббим албетте, дөөлөттүү (жана) урмат ээси».
  • قَالَ نَکِّرُوۡا لَہَا عَرۡشَہَا نَنۡظُرۡ اَتَہۡتَدِیۡۤ اَمۡ تَکُوۡنُ مِنَ الَّذِیۡنَ لَا یَہۡتَدُوۡنَ ﴿۴۲﴾
    27 : 42 Ал айтты: «Анын тактысын ал үчүн бир жөнөкөй нерсеге айландырып койгула; көрөбүз, ал акыйкатты табабы же хидаят таппай тургандардан болобу?»
  • فَلَمَّا جَآءَتۡ قِیۡلَ اَہٰکَذَا عَرۡشُکِ ؕ قَالَتۡ کَاَنَّہٗ ہُوَ ۚ وَ اُوۡتِیۡنَا الۡعِلۡمَ مِنۡ قَبۡلِہَا وَ کُنَّا مُسۡلِمِیۡنَ ﴿۴۳﴾
    27 : 43 Анан ал келгенде, андан: «Сенин тактыӊ ушундайбы?» - деп суралды. Ал жооп кылды: «Бул ошонун дал өзүндөй. Бизге мындан мурунураак билим берилген эле жана биз баш ийүүчү болуп калган элек».
  • وَ صَدَّہَا مَا کَانَتۡ تَّعۡبُدُ مِنۡ دُوۡنِ اللّٰہِ ؕ اِنَّہَا کَانَتۡ مِنۡ قَوۡمٍ کٰفِرِیۡنَ ﴿۴۴﴾
    27 : 44 Ал (Сулайман) аны Алланы коюп, ордуна ибадат кылып жүргөн нерседен тыюу салды. Албетте, ал каапыр коомдон болчу.
  • قِیۡلَ لَہَا ادۡخُلِی الصَّرۡحَ ۚ فَلَمَّا رَاَتۡہُ حَسِبَتۡہُ لُجَّۃً وَّ کَشَفَتۡ عَنۡ سَاقَیۡہَا ؕ قَالَ اِنَّہٗ صَرۡحٌ مُّمَرَّدٌ مِّنۡ قَوَارِیۡرَ ۬ؕ قَالَتۡ رَبِّ اِنِّیۡ ظَلَمۡتُ نَفۡسِیۡ وَ اَسۡلَمۡتُ مَعَ سُلَیۡمٰنَ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَ ﴿٪۴۵﴾
    27 : 45 Ага айтылды: «Сарайга киргин». Ошондо ал аны көргөндө, тереӊ суу деп ойлоду жана этегин томуктарынан өйдө көтөрүп алды. Ал (Сулайман) айтты: «Бул – айнектен даярдалган сарай». Ал (падыша аял) айтты: «Эй, Раббим! Албетте, мен өз жаныма зулумдук кылдым; (эми) мен Сулайман менен бүтүн ааламдардын Раббиси болгон Аллага бой сунамын».
  • وَ لَقَدۡ اَرۡسَلۡنَاۤ اِلٰی ثَمُوۡدَ اَخَاہُمۡ صٰلِحًا اَنِ اعۡبُدُوا اللّٰہَ فَاِذَا ہُمۡ فَرِیۡقٰنِ یَخۡتَصِمُوۡنَ ﴿۴۶﴾
    27 : 46 Биз албетте, Самуд (коому)на дагы алардын тууганы болгон Саалихти: «Аллага ибадат кылгыла!» - (деп) жөнөткөн элек. Ошондо кокусунан алар эки тайпага бөлүнүп, жаӊжал кыла башташты.
  • قَالَ یٰقَوۡمِ لِمَ تَسۡتَعۡجِلُوۡنَ بِالسَّیِّئَۃِ قَبۡلَ الۡحَسَنَۃِ ۚ لَوۡ لَا تَسۡتَغۡفِرُوۡنَ اللّٰہَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَ ﴿۴۷﴾
    27 : 47 Ал айтты: «Эй, коомум! Эмнеге силер жакшы нерседен мурун жаман нерсеге шашыласыӊар? Силерге ырайым кылынсын үчүн эмнеге силер Алладан кечирим тилебейсиӊер».
  • قَالُوا اطَّیَّرۡنَا بِکَ وَ بِمَنۡ مَّعَکَ ؕ قَالَ طٰٓئِرُکُمۡ عِنۡدَ اللّٰہِ بَلۡ اَنۡتُمۡ قَوۡمٌ تُفۡتَنُوۡنَ ﴿۴۸﴾
    27 : 48 Алар айтышты: «Биз сен жана сени менен бирге болгондордун жолу жаман деп билебиз». Ал айтты: «Кесепетиӊер Алланын алдында. Жок, силер сынала турган коомсуӊар».
  • وَ کَانَ فِی الۡمَدِیۡنَۃِ تِسۡعَۃُ رَہۡطٍ یُّفۡسِدُوۡنَ فِی الۡاَرۡضِ وَ لَا یُصۡلِحُوۡنَ ﴿۴۹﴾
    27 : 49 (Анын) борбордук шаарында тогуз киши болуп, алар өлкөдө бузгунчулук салышчу жана оӊдошпойт эле.
  • قَالُوۡا تَقَاسَمُوۡا بِاللّٰہِ لَنُبَیِّتَنَّہٗ وَ اَہۡلَہٗ ثُمَّ لَنَقُوۡلَنَّ لِوَلِیِّہٖ مَا شَہِدۡنَا مَہۡلِکَ اَہۡلِہٖ وَ اِنَّا لَصٰدِقُوۡنَ ﴿۵۰﴾
    27 : 50 Алар айтышты: «Силер өз ара Алланын аты менен: «Биз албетте, түндө ага жана анын үй-бүлөсүнө чабуул жасайбыз», - деп касам ичкиле; анан биз албетте, анын коргоочусуна: «Биз анын үй-бүлөсүнүн ойрон болушун көргөнүбүз жок. Албетте, биз чынчылбыз», - дейбиз».
  • وَ مَکَرُوۡا مَکۡرًا وَّ مَکَرۡنَا مَکۡرًا وَّ ہُمۡ لَا یَشۡعُرُوۡنَ ﴿۵۱﴾
    27 : 51 Алар абдан чоӊ айла-амал кылышты жана Биз дагы (ага жооп берип), бир чара көрдүк. Алар эч нерсе түшүнө алышпады.
  • فَانۡظُرۡ کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ مَکۡرِہِمۡ ۙ اَنَّا دَمَّرۡنٰہُمۡ وَ قَوۡمَہُمۡ اَجۡمَعِیۡنَ ﴿۵۲﴾
    27 : 52 Демек, алардын айла-амалынын акыбети кандай болгонун көрүп кой! Биз аларды жана алардын бүтүн коомун жок кылдык.
  • فَتِلۡکَ بُیُوۡتُہُمۡ خَاوِیَۃًۢ بِمَا ظَلَمُوۡا ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیَۃً لِّقَوۡمٍ یَّعۡلَمُوۡنَ ﴿۵۳﴾
    27 : 53 Демек, мына булар – алар кылган зулумдуктары себебинен ойрон болуп калган үйлөрү. Албетте, мында илим ээлери үчүн бир улуу аят-белги бар.
  • وَ اَنۡجَیۡنَا الَّذِیۡنَ اٰمَنُوۡا وَ کَانُوۡا یَتَّقُوۡنَ ﴿۵۴﴾
    27 : 54 Биз ыйман келтирген жана такыба болгондорду куткарып калдык.
  • وَ لُوۡطًا اِذۡ قَالَ لِقَوۡمِہٖۤ اَتَاۡتُوۡنَ الۡفَاحِشَۃَ وَ اَنۡتُمۡ تُبۡصِرُوۡنَ ﴿۵۵﴾
    27 : 55 Жана Лутту дагы (куткардык), качан ал өз коомуна айткан эле: «Силер бузукулук кыласыӊарбы? Чынында, силер (эмне кылып жатканыӊарды) жакшы түшүнүүдөсүӊөр.
  • اَئِنَّکُمۡ لَتَاۡتُوۡنَ الرِّجَالَ شَہۡوَۃً مِّنۡ دُوۡنِ النِّسَآءِ ؕ بَلۡ اَنۡتُمۡ قَوۡمٌ تَجۡہَلُوۡنَ ﴿۵۶﴾
    27 : 56 Албетте, силер жыныстык кумарыӊарды кандыруу үчүн аялдарды таштап, эркектерге жакындашасыӊарбы? Акыйкатта, силер бир наадан коомсуӊар».
  • فَمَا کَانَ جَوَابَ قَوۡمِہٖۤ اِلَّاۤ اَنۡ قَالُوۡۤا اَخۡرِجُوۡۤا اٰلَ لُوۡطٍ مِّنۡ قَرۡیَتِکُمۡ ۚ اِنَّہُمۡ اُنَاسٌ یَّتَطَہَّرُوۡنَ ﴿۵۷﴾
    27 : 57 Ошондо анын коомунун жообу: «Луттун үй-бүлөсүн өз кыштагыӊардан айдап салгыла; албетте, алар өзүн ак көрсөткөн кишилер», - деп айтуудан башкача болбоду.
  • فَاَنۡجَیۡنٰہُ وَ اَہۡلَہٗۤ اِلَّا امۡرَاَتَہٗ ۫ قَدَّرۡنٰہَا مِنَ الۡغٰبِرِیۡنَ ﴿۵۸﴾
    27 : 58 Биз аны жана аялынан башка үй-бүлө мүчөлөрүн куткарып алдык. Аны (аялын) болсо, артта калуучулардан эсептеген элек.
  • وَ اَمۡطَرۡنَا عَلَیۡہِمۡ مَّطَرًا ۚ فَسَآءَ مَطَرُ الۡمُنۡذَرِیۡنَ ﴿٪۵۹﴾
    27 : 59 Биз алардын үстүнө бир жамгыр жаадырдык. Демек, эскертиле тургандардын жамгыры кандай жаман болот?
  • قُلِ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ وَ سَلٰمٌ عَلٰی عِبَادِہِ الَّذِیۡنَ اصۡطَفٰی ؕ آٰللّٰہُ خَیۡرٌ اَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿ؕ۶۰﴾
    27 : 60 Айткын: «Баардык мактоо Аллага гана таандык; Ал (Алла) тандаган пенделерине салам болсун! Алла жакшыраакпы же алар (Ага) шерик кылып жаткан нерселерби?
  • اَمَّنۡ خَلَقَ السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضَ وَ اَنۡزَلَ لَکُمۡ مِّنَ السَّمَآءِ مَآءً ۚ فَاَنۡۢبَتۡنَا بِہٖ حَدَآئِقَ ذَاتَ بَہۡجَۃٍ ۚ مَا کَانَ لَکُمۡ اَنۡ تُنۡۢبِتُوۡا شَجَرَہَا ؕ ءَ اِلٰہٌ مَّعَ اللّٰہِ ؕ بَلۡ ہُمۡ قَوۡمٌ یَّعۡدِلُوۡنَ ﴿ؕ۶۱﴾
    27 : 61 Же асмандар менен жерди жараткан, ошондой эле силер үчүн асмандан суу түшүргөн Зат ким (экендигин айткылачы?) Ал аркылуу Биз кооз бактарды өстүрүп койгонбуз. Ал (бак)тардын дарактарын өстүрүп коюу силердин колуӊардан келбейт эле. (Демек), Алла менен бирге (дагы башка) бир кудай барбы? Жок, жок! Акыйкатта, алар адилетсиздик кылуучу адамдар.
  • اَمَّنۡ جَعَلَ الۡاَرۡضَ قَرَارًا وَّ جَعَلَ خِلٰلَہَاۤ اَنۡہٰرًا وَّ جَعَلَ لَہَا رَوَاسِیَ وَ جَعَلَ بَیۡنَ الۡبَحۡرَیۡنِ حَاجِزًا ؕ ءَ اِلٰہٌ مَّعَ اللّٰہِ ؕ بَلۡ اَکۡثَرُہُمۡ لَا یَعۡلَمُوۡنَ ﴿ؕ۶۲﴾
    27 : 62 Же жерди отурукташа турган жай кылып, анын ортосунан дарыяларды агызып койгон жана анын (пайдасы) үчүн тоолорду пайда кылган, ошондой эле эки деӊиздин ортосуна тосмо кылып койгон ким? Алла менен бирге (дагы) кандайдыр бир кудай барбы? Жок! Акыйкатта, алардын көпчүлүгү билбейт.
  • اَمَّنۡ یُّجِیۡبُ الۡمُضۡطَرَّ اِذَا دَعَاہُ وَ یَکۡشِفُ السُّوۡٓءَ وَ یَجۡعَلُکُمۡ خُلَفَآءَ الۡاَرۡضِ ؕ ءَ اِلٰہٌ مَّعَ اللّٰہِ ؕ قَلِیۡلًا مَّا تَذَکَّرُوۡنَ ﴿ؕ۶۳﴾
    27 : 63 Же айласы жок киши Аны чакырганда, дубасын кабыл кылып, балээсин алыстаткан жана силерди жерге мураскер кылган ким? Алла менен бирге (дагы) кандайдыр бир кудай барбы? Силер абдан аз насаат аласыӊар.
  • اَمَّنۡ یَّہۡدِیۡکُمۡ فِیۡ ظُلُمٰتِ الۡبَرِّ وَ الۡبَحۡرِ وَ مَنۡ یُّرۡسِلُ الرِّیٰحَ بُشۡرًۢا بَیۡنَ یَدَیۡ رَحۡمَتِہٖ ؕ ءَ اِلٰہٌ مَّعَ اللّٰہِ ؕ تَعٰلَی اللّٰہُ عَمَّا یُشۡرِکُوۡنَ ﴿ؕ۶۴﴾
    27 : 64 Же кургактык менен деӊиз караӊгылыктарында силерге жол көрсөтө турган ким жана Өзүнүн рахматынан мурун куш кабар кылып шамалдарды жөнөтө турган ким? Алла менен бирге (дагы) кандайдыр бир кудай барбы? Алла алар шерик кошуп жаткан нерселерден өтө эле өйдө турат.
  • اَمَّنۡ یَّبۡدَؤُا الۡخَلۡقَ ثُمَّ یُعِیۡدُہٗ وَ مَنۡ یَّرۡزُقُکُمۡ مِّنَ السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ ؕ ءَ اِلٰہٌ مَّعَ اللّٰہِ ؕ قُلۡ ہَاتُوۡا بُرۡہَانَکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۶۵﴾
    27 : 65 Же жаратууну баштай турган, анан аны кайталай турган Зат ким? Ошондой эле силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким? Алла менен бирге (дагы) кандайдыр бир кудай барбы?» Айткын: «Эгер чынчыл болсоӊор, бекем далилиӊерди келтиргиле!»
  • قُلۡ لَّا یَعۡلَمُ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ الۡاَرۡضِ الۡغَیۡبَ اِلَّا اللّٰہُ ؕ وَ مَا یَشۡعُرُوۡنَ اَیَّانَ یُبۡعَثُوۡنَ ﴿۶۶﴾
    27 : 66 Айткын: «Асмандар жана жерде кайыпты Алладан бөлөк эч ким билбейт; алар болсо, качан тургузулаарын дагы билишпейт».
  • بَلِ ادّٰرَکَ عِلۡمُہُمۡ فِی الۡاٰخِرَۃِ ۟ بَلۡ ہُمۡ فِیۡ شَکٍّ مِّنۡہَا ۫۟ بَلۡ ہُمۡ مِّنۡہَا عَمُوۡنَ ﴿٪۶۷﴾
    27 : 67 Акыйкатта, алардын акырет туурасындагы билими жок болду. Жок! Алар бул жөнүндө шек-күмөндө. Жок, алар бул тууралуу сокур болуп калышты.
  • وَ قَالَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا ءَ اِذَا کُنَّا تُرٰبًا وَّ اٰبَآؤُنَاۤ اَئِنَّا لَمُخۡرَجُوۡنَ ﴿۶۸﴾
    27 : 68 Каапыр болгондор айтышты: «Биз жана ата-бабаларыбыз топуракка айланып кеткенде дагы, албетте, чыгарылабызбы?
  • لَقَدۡ وُعِدۡنَا ہٰذَا نَحۡنُ وَ اٰبَآؤُنَا مِنۡ قَبۡلُ ۙ اِنۡ ہٰذَاۤ اِلَّاۤ اَسَاطِیۡرُ الۡاَوَّلِیۡنَ ﴿۶۹﴾
    27 : 69 Албетте, ушул убада бизге жана ата-бабаларыбызга илгери дагы берилген болчу. Бул абалкылардын жомокторунан башка эч нерсе эмес».
  • قُلۡ سِیۡرُوۡا فِی الۡاَرۡضِ فَانۡظُرُوۡا کَیۡفَ کَانَ عَاقِبَۃُ الۡمُجۡرِمِیۡنَ ﴿۷۰﴾
    27 : 70 Айткын: «Жерде жакшылап саякат кылгыла, анан күнөөкөрлөрдүн акыбети кандай болгонун көрүп койгула!»
  • وَ لَا تَحۡزَنۡ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا تَکُنۡ فِیۡ ضَیۡقٍ مِّمَّا یَمۡکُرُوۡنَ ﴿۷۱﴾
    27 : 71 Алар үчүн кайгырба жана алар кылып жаткан айла-амалдары себептүү кысылба!
  • وَ یَقُوۡلُوۡنَ مَتٰی ہٰذَا الۡوَعۡدُ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَ ﴿۷۲﴾
    27 : 72 Алар айтышат: «Эгер силер чынчыл болсоӊор, бул убада качан аткарылат?»
  • قُلۡ عَسٰۤی اَنۡ یَّکُوۡنَ رَدِفَ لَکُمۡ بَعۡضُ الَّذِیۡ تَسۡتَعۡجِلُوۡنَ ﴿۷۳﴾
    27 : 73 Айткын: «Силер тез талап кылып жаткан нерселериӊердин айрымдары балким силердин аркаӊардан келип жатат».
  • وَ اِنَّ رَبَّکَ لَذُوۡ فَضۡلٍ عَلَی النَّاسِ وَ لٰکِنَّ اَکۡثَرَہُمۡ لَا یَشۡکُرُوۡنَ ﴿۷۴﴾
    27 : 74 Албетте, Раббиӊ адамдарга берешендик кылуучу. Бирок алардын көпчүлүгү шүкүр кылбайт.
  • وَ اِنَّ رَبَّکَ لَیَعۡلَمُ مَا تُکِنُّ صُدُوۡرُہُمۡ وَ مَا یُعۡلِنُوۡنَ ﴿۷۵﴾
    27 : 75 Алардын көкүрөктөрү эмнени жашырып жатканын жана алар (өздөрү) эмнени ачык кылып жатканын Раббиӊ албетте, абдан жакшы билет.
  • وَ مَا مِنۡ غَآئِبَۃٍ فِی السَّمَآءِ وَ الۡاَرۡضِ اِلَّا فِیۡ کِتٰبٍ مُّبِیۡنٍ ﴿۷۶﴾
    27 : 76 Асман менен жерде ачык-айкын китепте бар болбогон эч бир жашыруун нерсе жок.
  • اِنَّ ہٰذَا الۡقُرۡاٰنَ یَقُصُّ عَلٰی بَنِیۡۤ اِسۡرَآءِیۡلَ اَکۡثَرَ الَّذِیۡ ہُمۡ فِیۡہِ یَخۡتَلِفُوۡنَ ﴿۷۷﴾
    27 : 77 Албетте, ушул Куран Исрааийл балдарына алар талашып жаткан нерселердин көбүн баян кылат.
  • وَ اِنَّہٗ لَہُدًی وَّ رَحۡمَۃٌ لِّلۡمُؤۡمِنِیۡنَ ﴿۷۸﴾
    27 : 78 Албетте, бул момундар үчүн хидаят жана рахмат.
  • اِنَّ رَبَّکَ یَقۡضِیۡ بَیۡنَہُمۡ بِحُکۡمِہٖ ۚ وَ ہُوَ الۡعَزِیۡزُ الۡعَلِیۡمُ ﴿ۙۚ۷۹﴾
    27 : 79 Албетте, Раббиӊ алардын ортосунда Өз хикмат-акылмандыгы менен өкүм кылат. Ал (Алла) эӊ жеӊүүчү (жана) дайыма билүүчү.
  • فَتَوَکَّلۡ عَلَی اللّٰہِ ؕ اِنَّکَ عَلَی الۡحَقِّ الۡمُبِیۡنِ ﴿۸۰﴾
    27 : 80 Ошондуктан, Аллага тобокел кыл. Албетте, сен ачык-айкын чындыктын үстүндө турасыӊ.
  • اِنَّکَ لَا تُسۡمِعُ الۡمَوۡتٰی وَ لَا تُسۡمِعُ الصُّمَّ الدُّعَآءَ اِذَا وَلَّوۡا مُدۡبِرِیۡنَ ﴿۸۱﴾
    27 : 81 Сен эч качан өлүктөргө да, жүз буруп кетип бараткан дүлөйлөргө да (өз) чакырыгыӊды угуза албайсыӊ.
  • وَ مَاۤ اَنۡتَ بِہٰدِی الۡعُمۡیِ عَنۡ ضَلٰلَتِہِمۡ ؕ اِنۡ تُسۡمِعُ اِلَّا مَنۡ یُّؤۡمِنُ بِاٰیٰتِنَا فَہُمۡ مُّسۡلِمُوۡنَ ﴿۸۲﴾
    27 : 82 Албетте, сен сокурларды өздөрүнүн адашуусунан хидаятка келтире албайсыӊ. Сен болгону Биздин аят-жышаандарыбызга ыйман келтирип, баш ийүүчү болгондорго гана угуза аласыӊ.
  • وَ اِذَا وَقَعَ الۡقَوۡلُ عَلَیۡہِمۡ اَخۡرَجۡنَا لَہُمۡ دَآبَّۃً مِّنَ الۡاَرۡضِ تُکَلِّمُہُمۡ ۙ اَنَّ النَّاسَ کَانُوۡا بِاٰیٰتِنَا لَا یُوۡقِنُوۡنَ ﴿٪۸۳﴾
    27 : 83 Алардын үстүнө буйрук важиб болгондо, алар үчүн Биз жер жүзүнөн бир жандарды чыгарабыз, ал адамдарды алар Биздин аят-жышаандарыбызга ыйман келтирбегендиктери (үчүн) чагат.
  • وَ یَوۡمَ نَحۡشُرُ مِنۡ کُلِّ اُمَّۃٍ فَوۡجًا مِّمَّنۡ یُّکَذِّبُ بِاٰیٰتِنَا فَہُمۡ یُوۡزَعُوۡنَ ﴿۸۴﴾
    27 : 84 Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган ар бир үммөт-коомдун ичинен Биз бир кошуунду топтой турган, анан алар өз-өзүнчө саптарга тизилттириле турган күн(дү эстегиле).
  • حَتّٰۤی اِذَا جَآءُوۡ قَالَ اَکَذَّبۡتُمۡ بِاٰیٰتِیۡ وَ لَمۡ تُحِیۡطُوۡا بِہَا عِلۡمًا اَمَّا ذَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۸۵﴾
    27 : 85 А түгүл алар (Алланын алдына) келгендеринде , Ал (Алла) айтат: «Силер Менин аяттарымды жалганга чыгардыӊарбы? Силер болсо, илим жагынан аларды курчоого алалган эмессиӊер же башка эмне иш кылып жүрдүӊөр?»
  • وَ وَقَعَ الۡقَوۡلُ عَلَیۡہِمۡ بِمَا ظَلَمُوۡا فَہُمۡ لَا یَنۡطِقُوۡنَ ﴿۸۶﴾
    27 : 86 Алардын зулумдук кылгандыктары себептүү алардын үстүнө буйрук важиб болуп калат. Ошондо алар (жооп берүүдө) үн ката алышпайт.
  • اَلَمۡ یَرَوۡا اَنَّا جَعَلۡنَا الَّیۡلَ لِیَسۡکُنُوۡا فِیۡہِ وَ النَّہَارَ مُبۡصِرًا ؕ اِنَّ فِیۡ ذٰلِکَ لَاٰیٰتٍ لِّقَوۡمٍ یُّؤۡمِنُوۡنَ ﴿۸۷﴾
    27 : 87 Биз түндү, анда алар эс алуулары үчүн, жана күндү жарык берүүчү кылып жасаганыбызды алар көрүшкөн жокпу? Албетте, мында ыйман келтире тургандар үчүн абдан көп аят-белгилер бар.
  • وَ یَوۡمَ یُنۡفَخُ فِی الصُّوۡرِ فَفَزِعَ مَنۡ فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَنۡ فِی الۡاَرۡضِ اِلَّا مَنۡ شَآءَ اللّٰہُ ؕ وَ کُلٌّ اَتَوۡہُ دٰخِرِیۡنَ ﴿۸۸﴾
    27 : 88 Сурнай чалына турган күнү асман жана жердеги бар нерселер коркунучтан тынчсызданышат, Алла каалаганынан башкалары. Баары Анын алдына алсыз бойдон келишет.
  • وَ تَرَی الۡجِبَالَ تَحۡسَبُہَا جَامِدَۃً وَّ ہِیَ تَمُرُّ مَرَّ السَّحَابِ ؕ صُنۡعَ اللّٰہِ الَّذِیۡۤ اَتۡقَنَ کُلَّ شَیۡءٍ ؕ اِنَّہٗ خَبِیۡرٌۢ بِمَا تَفۡعَلُوۡنَ ﴿۸۹﴾
    27 : 89 Сен тоолорду көрүп, тек катып турат деп ойлойсуӊ. Чынында, алар булуттарга окшоп кыймылдоодо. (Бул) ар бир нерсени бекемдеген Зат – Алланын чеберчилиги. Албетте, си лердин эмне кылып жатканыӊардан Ал Зат дайыма кабардар болот.
  • مَنۡ جَآءَ بِالۡحَسَنَۃِ فَلَہٗ خَیۡرٌ مِّنۡہَا ۚ وَ ہُمۡ مِّنۡ فَزَعٍ یَّوۡمَئِذٍ اٰمِنُوۡنَ ﴿۹۰﴾
    27 : 90 Кимде-ким кандайдыр бир жакшылык келтирсе, ал үчүн мындан жакшыраак (сыйлык) болот. Алар ошол күнү сар-санаадан сактанышат.
  • وَ مَنۡ جَآءَ بِالسَّیِّئَۃِ فَکُبَّتۡ وُجُوۡہُہُمۡ فِی النَّارِ ؕ ہَلۡ تُجۡزَوۡنَ اِلَّا مَا کُنۡتُمۡ تَعۡمَلُوۡنَ ﴿۹۱﴾
    27 : 91 Кимде-ким жамандык келтирсе, алардын жүздөрү отко ташталат. Силер болгону кылган амалдарыӊарга жараша жазаланасыӊар.
  • اِنَّمَاۤ اُمِرۡتُ اَنۡ اَعۡبُدَ رَبَّ ہٰذِہِ الۡبَلۡدَۃِ الَّذِیۡ حَرَّمَہَا وَ لَہٗ کُلُّ شَیۡءٍ ۫ وَّ اُمِرۡتُ اَنۡ اَکُوۡنَ مِنَ الۡمُسۡلِمِیۡنَ ﴿ۙ۹۲﴾
    27 : 92 «Мен болгону Ал (Алла) урматтуу кылган бул шаардын Раббисине ибадат кылууга буюрулганмын. Баардык нерселер Аныкы. Жана мага моюн суна тургандардан болуу буюрулган.
  • وَ اَنۡ اَتۡلُوَا الۡقُرۡاٰنَ ۚ فَمَنِ اہۡتَدٰی فَاِنَّمَا یَہۡتَدِیۡ لِنَفۡسِہٖ ۚ وَ مَنۡ ضَلَّ فَقُلۡ اِنَّمَاۤ اَنَا مِنَ الۡمُنۡذِرِیۡنَ ﴿۹۳﴾
    27 : 93 Жана Куранды окуу дагы». Ким хидаят тапса, ал өзү үчүн хидаят табат, ким жолдон адашса, айткын: «Мен болгону кулактандыруучуларданмын».
  • وَ قُلِ الۡحَمۡدُ لِلّٰہِ سَیُرِیۡکُمۡ اٰیٰتِہٖ فَتَعۡرِفُوۡنَہَا ؕ وَ مَا رَبُّکَ بِغَافِلٍ عَمَّا تَعۡمَلُوۡنَ ﴿٪۹۴﴾
    27 : 94 Айт: «Бардык мактоо Аллага гана таандык. Ал (Алла) тез арада Өзүнүн аят-жышаандарын силерге көрсөтөт. Ошондо силер аларды таанып аласыӊар. Раббиӊ силер кылып жаткан амалдарыӊардан бейкабар эмес».
1
الفَاتِحَة Ал-Фаатиха
2
البَقَرَة Ал-Бакара
3
آل عِمرَان Аали Имраан
4
النِّسَاء Ан-Нисаа
5
المَائدة Ал-Мааида
6
الاٴنعَام Ал-Анъаам
7
الاٴعرَاف Ал-Аърааф
8
الاٴنفَال Ал-Анфаал
9
التّوبَة Ат-Тавба
10
یُونس Юнус
11
هُود Худ
12
یُوسُف Юсуф
13
الرّعد Ар-Раъд
14
إبراهیم Ибраахийм
15
الحِجر Ал-Хижр
16
النّحل Ан-Нахл
17
بنی اسرائیل Бани Исрааийл
18
الکهف Ал-Кахф
19
مَریَم Марям
20
طٰه Таахаа
21
الاٴنبیَاء Ал-Анбия
22
الحَجّ Ал-Хаж
23
المؤمنون Ал-Му′минуун
24
النُّور Ан-Нур
25
الفُرقان Ал-Фуркаан
26
الشُّعَرَاء Аш-Шуъараа
27
النَّمل Ан-Намл
28
القَصَص Ал-Касас
29
العَنکبوت Ал-Анкабуут
30
الرُّوم Ар-Руум
31
لقمَان Лукмаан
32
السَّجدَة Ас-Сажда
33
الاٴحزَاب Ал-Ахзааб
34
سَبَإ Сабаа
35
فَاطِر Фаатир
36
یسٓ Йаасийн
37
الصَّافات Ас-Сааффаат
38
صٓ Саад
39
الزُّمَر Аз-Зумар
40
المؤمن Ал-Му′мин
41
حٰمٓ السجدہ Хаамийм ас-Сажда
42
الشّوریٰ Аш-Шуураа
43
الزّخرُف Аз-Зухруф
44
الدّخان Ад-Духаан
45
الجَاثیَة Ал-Жаасия
46
الاٴحقاف Ал-Ахкааф
47
محَمَّد Мухаммад
48
الفَتْح Ал-Фатх
49
الحُجرَات Ал-Хужураат
50
قٓ Кааф
51
الذّاریَات Аз-Заарият
52
الطُّور Ат-Туур
53
النّجْم Ан-Нажм
54
القَمَر Ал-Камар
55
الرَّحمٰن Ар-Рахмаан
56
الواقِعَة Ал-Ваакиъа
57
الحَدید Ал-Хадийд
58
المجَادلة Ал-Мужаадала
59
الحَشر Ал-Хашр
60
المُمتَحنَة Ал-Мумтахина
61
الصَّف Ас-Сафф
62
الجُمُعَة Ал-Жумуъа
63
المنَافِقون Ал-Мунаафикуун
64
التّغَابُن Ат-Тагаабун
65
الطّلاَق Ат-Талаак
66
التّحْریم Ат-Тахрийм
67
المُلک Ал-Мулк
68
القَلَم Ал-Калам
69
الحَاقَّة Ал-Хаакка
70
المعَارج Ал-Маъаариж
71
نُوح Нух
72
الجنّ Ал-Жинн
73
المُزمّل Ал-Муззаммил
74
المدَّثِّر Ал-Муддассир
75
القِیَامَة Ал-Кыяма
76
الدھر Ад-Дахр
77
المُرسَلات Ал-Мурсалаат
78
النّبَإِ Ан-Набаа
79
النَّازعَات Ан-Наазиъаат
80
عَبَسَ Абаса
81
التّکویر Ат-Таквийр
82
الانفِطار Ал-Инфитаар
83
المطفّفِین Ал-Мутаффифийн
84
الانشقاق Ал-Иншикаак
85
البُرُوج Ал-Бурууж
86
الطّارق Ат-Таарик
87
الاٴعلی Ал-Аълаа
88
الغَاشِیَة Ал-Гаашия
89
الفَجر Ал-Фажр
90
البَلَد Ал-Балад
91
الشّمس Аш-Шамс
92
اللیْل Ал-Лайл
93
الضّحیٰ Аз-Зухаа
94
الشَّرح Ал-Инширах
95
التِّین Ат-Тийн
96
العَلق Ал-Алак
97
القَدر Ал-Кадр
98
البَیّنَة Ал-Баййинах
99
الزّلزَلة Аз-Зилзаал
100
العَادیَات Ал-Аадият
101
القَارعَة Ал-Каариъа
102
التّکاثُر Ат-Такаасур
103
العَصر Ал-Аср
104
الهُمَزة Ал-Хумазах
105
الفِیل Ал-Фийл
106
قُرَیش Курайш
107
المَاعون Ал-Мааъуун
108
الکَوثَر Ал-Кавсар
109
الکافِرون Ал-Каафируун
110
النّصر Ан-Наср
111
اللھب Ал-Лахаб
112
الإخلاص Ал-Ихлаас
113
الفَلَق Ал-Фалак
114
النَّاس Ан-Наас
Share via