Ислам жөнүндө кыскача маалымат • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ислам жөнүндө кыскача маалымат

بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ

«Ислам» – бул Алла Таала тарабынан ушул динге берилген ат (Ыйык Куран 5:4), ал арабча сөз болуп, «баш ийүү» жана «тынчтык» деп которулат. «Ислам» сөзү араб тилиндеги «САЛИМА» сөзүнөн алынып, «тынчтык», «тазалык», «берилүү» жана «баш ийүү» деген маанилерди билдирет. Ошентип, «Ислам» Алла Таалага баш ийүүчү, ошондой эле Алла Таала жана Анын жаратылышына тынчтыкты орнотуучу адамдардын жолу экенин туюнтат. Аны ээрчигендер «мусулман» деп аталышат.

Ислам – бул кандайдыр бир жаӊы дин эмес. Маани-мазмуну жагынан бул Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га чейинки бардык пайгамбарларга Алла Таала тарабынан түшкөн кабар жана багыт-көрсөтмөнүн өзү. Мисалы, Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

«Айт: «Биз Аллага жана өзүбүзгө түшүрүлгөн нерсеге, ошондой эле Ибраахиймге, Исмааийлге, Исхаакка, Яъкуубга жана (анын) насилдерине түшүрүлгөн нерсеге, ошондой эле Раббиси тарабынан Муса, Иса жана башка пайгамбарларга берилген нерсеге ыйман келтирдик. Биз алардын бирин дагы ажыратпайбыз жана биз Анын Өзүнө гана моюн сунуучубуз». (Ыйык Куран 3:85)

Ыймандын негизги алты шарты

Алла Тааланын Жалгыздыгына ишенүү

Анын периштелерине ишенүү

Анын Китептерине ишенүү

Анын бардык Пайгамбарларына ишенүү

Кыямат күнүнө ишенүү

Алла Тааланын тагдырына ишенүү

Исламдын беш негизи же тиреги

Ислам алкагына кирүү, башкача сөз менен айтканда, мусулман болуу үчүн адам Ислам дини негизделген негизги беш усулду (тирек) билүү керек, ага ишенүү керек, аны кабыл кылуу керек жана чын жүрөктөн аны аткаруу керек. Азирети Ибн Умар (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Ислам төмөнкүдөй беш тирекке (усул) негизделет», – деп айтканын баяндаган:

  1. Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок экенине жана Мухаммад Алланын Элчиси экенине күбөөлүк берүү;
  2. Намазды аткаруу;
  3. Зекет берүү;
  4. Рамазан айында орозо тутуу;
  5. Алланын Үйүн зыярат кылуу.

 Мен эмнеге Исламга ишенем?

Макала

 Ислам тууралуу кээ бир адабияттар

Ислам окууларынын философиясы

Исламдын элементтардык окуусу

Share via