Китептин кыскача маани-мазмуну
1990-жылы 12-мартта Испания өлкөсүндөгү Севилле Университетиндеги (Seville University) «Ислам таануу бөлүмүнүн» чакыруусу менен Азирети Мырза Тахир Ахмад «Исламдын элементардык жана негизги таалимдери» деген темада лекция окуган. Бөлүмдүн башчысы лекцияга келген угармандардын көбү башка бөлүмдөрдөн болгонун жана Ислам жөнүндө түшүнүгү аз адамдар экенин эске алып, Исламдын маңызын жөнөкөйлөштүрүп тааныштырууну суранган. Берилген убакыт бир саат болчу.
Анын сүйлөгөн сөзү ушул илимий макаланын келип чыгышына негиз болгон. Убакыттын тардыгынан улам жыйында берилген тема боюнча бардык маалыматтарды берүүгө мүмкүн болгон эмес. Ошондуктан, автор бул китепчеде ошол темадагы ар кандай маалыматтарды кеңейтип берген. Оозеки айтылган ойлорду кагаз бетине түшүрүп жатканда, кээ бир өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды автор өзү киргизди.
Исламдын Ыйык Пайгамбары МухаммадСАВдын аты «САВ» деген белги менен коштолот. Ал «саллаллааху алайхи ва саллам» (ага Алла Тааланын тынчтыгы жана берекеси болсун) дегендин кыскартылышы. Башка пайгамбарлар жана элчилердин аттары «АС» деген белги менен коштолот. Ал «алайхиссалаам» (ага тынчтык болсун) дегендин шарттуу белгиси. Жогорудагы кыскарттуулар толугу менен келтирилген жок, бирок буга карабастан, ошол кыскартуулар кезиккенде, толук айтылып туруусу зарыл.