Китептин кыскача маани-мазмуну
Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын төртүнчү Халифасы Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллаах) Ахмадия Мусулман Жамаатынын 1989-жылы өткөрүлгөн жүз жылдык маарекеси учурунда кээ бир өтө маанилүү темалар боюнча Курани Каримдин «Тандалма аяттары», Ислам дининин Н е г и зд ө ө ч үсү – А з и р е т и Мухаммад Мустафаа саллаллааху алайхи ва саллам)дын «Тандалма хадистери» жана Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын «Тандалма жазууларын» которуп, кеминде дүйнөнүн жүз тилинде бастырууга чечим чыгарып, аларды дүйнөгө бир пакиза белек катары тартуулоону каалаган эле.
Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллаах) тирүү кезинде кээ бир тилдердеги котормолорду чыгарууга үлгүрбөй калган. Азирети Мырза Масрур Ахмад Халифатул – Масийхил – Хаамис (аййадахуллааху таъала би-насрихил азиз) Ахмадия Халифатынын 2008-жылы өткөрүлгөн жүз жылдык маарекеси учурунда анын тилегин орундатуу максатында ошол котормолорду бастырууга көрсөтмө берди . Биз Азирети Мырза Масрур Ахмад Халифатул-Масийхил-Хаамис (аййадахуллааху таъала би-насрихил азиз)дин көрсөтмөсүнө ылайык аларды басмадан чыгаруу сыймыгына ээ болуудабыз. Мына ошол руханий белек сиздерге сунуш кылынат.