Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(САВ)дын жашоосунан бир күн • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(САВ)дын жашоосунан бир күн

Ислам Мухаммад дин

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунан бир күн

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

Ислам Мухаммад дин

Албетте, силер үчүн Алланын Пайгамбарында мыкты үлгү бар.

Анан Алла Таала ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аркылуу төмөнкүдөй жарыяны жарыялаткан:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)! Айт, эгер силер Алла Таалны сүйсөңөр, анда мени ээрчигиле, ошондо Алла Таала силерди сүйөт.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчүү жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жолун жолдоо үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоо күндөрүнүн бири тууралуу сөз кылабыз.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосу «кулла йаумин хува фий ша’ан» (ар күнү Анын салтанаты башкача) деген аяттын сүрөтү болуп саналат. Ар күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын миңдеген өзгөчөлүктөрү жана миллиондогон көркөм көрүнүштөрү байкалат. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га ыйгарылган бардык ысымдар жана наамдар чындыгында ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын күнү-түнү алектенип жүргөн иштерин сүрөттөп берет. Демек, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) күнү-түнү алектенип жүргөн иштердин баарын сөз аркылуу сүрөттөө мүмкүн эмес. Ооба, кыскача баян этилет, андан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир күндөгү ар кайсы маалдарда жасаган иштерин байкоого болот.

Ойгонуу жана тахажжуд намазы

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунун ар бир көз ирмеми Алла Тааланы эскерүү менен өтчү. Түнчүндө жалпысынан жарым түнгө жакын ойгонуп, төмөнкүдөй сөздөр менен Алла Таалага мактоо-алкоо айтчу:

Ислам Мухаммад дин

Бардык мактоо-алкоо бизге өлүмдөн кийин жашоо тартуулаган Аллага таандык жана Ага гана кайтып баруу бар.

Анан Мисваак менен тиштерин тазалаган соң даарат алчу жана денелик тазалык менен бирге руханий тазалык үчүн төмөнкүдөй дуба кылчу:

Ислам Мухаммад дин

Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Ал жалгыз, Анын шериги жок деп күбөөлүк берем, ошондой эле Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Анын пендеси жана Элчиси экенине да күбөөлүк берем. Эй, Алла! Мени тобо келтирүүчүлөрдөн кылгын жана мени тазалангандардан кылгын.

Ойгонгондон кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) «Аали Имраан» сүрөөсүнүн акыркы аяттарын окучу. Андан кийин Тахажжуд намазы үчүн турчу. Тахажжуд намазын ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га салынган төшөктүн үстүндө эле аткарчу. Тахажжуд намазында 11 рекет намаз окучу. Жалпысынан, экиден кылып, сегиз рекет намаз окуп, аягында үч витар намазын окуп алчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол түңкү намазынын рукулары жана саждаларында өз Раббисине ушунчалык жалынып-жалбарчу, анын көкүрөгүнөн казандын кайноосу жана тегирмендин добушу сыяктуу үн угулчу. Тахажжуд намазына кечке туруп, ушунчалык сонун аткарчу, а түгүл анын буттары шишип кетчү.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жол жүргөндө да, үйдө болгондо да Тахажжуд намазын калтырбай аткарчу жана парыз намаздардан кийин эң абзел намаз түңкү намаз деп айтчу. Тахажжуд намазынан кийин бир аз эс алчу. Эгер үй-бүлөөсү ойгонгон болушса, азан чакырылганыча алар менен сүйлөшчү.

Багымдат намазы

Азандын үнүн укканда, аны менен бирге азан сөздөрүн кайталап турчу, анан азандан кийинки дубаны окучу. Андан кийин Багымдат намазынын эки рекет сүннөтүн аткарчу. Сүннөт намазын окуган соң оң жагына жатып, бир аз эс алчу. Эгер убакыт тардык кылса, дароо намаз үчүн мечитке жөнөп кетчү. Жалпы күндөрдө өз жубайларын да Багымдат намазы үчүн ойготчу. Рамазан айында жана айрыкча акыркы он күнүндө Тахажжуд намазы үчүн өз үй-бүлөөсүн ойготчу. Эгерде жубайлардын бирөөсү ойгонбосо, анда колун суулап, мээримдүүлүк менен ойгонбогон адамдын бетине суу чачкыла деп насаат кылган.

Үйдөн чыгаарда, анын тилинде төмөнкүдөй көркөм дуба болчу:

Ислам Мухаммад дин

Алланын аты менен үйдөн чыгам. Мен Аллага тобокел кылдым. Алладан башка эч ким кандайдыр бир кубат же күчкө ээ эмес. Эй, Алла! Биз жаңылышуу же адашуу же бирөөгө зулумдук кылуу же бизге зулумдук кылынуу же наадандык же баш ийбестик сөзүн сүйлөө же бизге каршы наадандык кылынуудан Сенин паанаңа киребиз.

Багымдат намазы үчүн мечитке бара жатып да, төмөнкүдөй дуба кылчу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Менин жүрөгүмдү нур менен толтургун, менин тилиме нур бергин, кулактарыма нур тартуулагын, көздөрүмө нур тартуулагын, артымды нур кылгын, алдымды нур кылгын, үстүмдү нур кылгын жана астымды нур кылгын. Эй, Алла! Мага нур тартуулагын.

Мечитке кирэрде, оң буту менен аттап, мындай деп дуба сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Алланын аты менен (мечитке кирем). Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)га салаваат жана тынчтык болсун! Эй, Алла! Менин күнөөлөрүмдү кечиргин жана мен үчүн Өз рахмат эшиктериӊди ачкын!

Жалпысынан, багымдат намазында «Ал-Фаатиха» сүрөөсү менен кошумча «Ал-Кааф», «Ал-Му’минуун» же «Ат-Таквийр» сүрөөлөрүн окучу. Жалпысынан, 60тан 100гө жакын аяттар окулчу. Жума күнү Багымдат намазында көбүнчө «Хаамийм Сажда» жана «Ад-Дахр» сүрөөсүн окучу. Тынбай 40 күнгө чейин «Ал-Каафируун» сүрөөсүн жана «Ал-Ихлаас» сүрөөсүн да окуду. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) намазда абдан жагымдуу жана кооз үн менен Курани Каримди окучу. Ар бир аятты тыныгып-тыныгып, абдан жагымдуу кылып окучу. Алла Тааланын мээримдүүлүгү жөнүндө аят келгенде, дуба сурачу жана азап тууралуу аят келгенде, Алланын паанасын сурачу. Намазды кудум Алла Тааланы көрүп тургандай, берилип аткарчу. Жалгыз болуп, Нафл намазын аткарганда, кечке туруп окучу, бирок парыз намаздарын орточо кылып окутчу. Салам берип, намазды бүткөн соң дубаларды окуп, зикир чалчу.

Сүйлөшүү жана жыйын

Намазды окуган соң ал (саллаллааху алайхи ва саллам) адамдарга жүздөнүп, жай намаздын үстүндө эле мандаш токунуп отурчу. Эгер кимдир бирөө түндө түш көргөн болсо, ал көргөн түшүн айтып берчү, ошондо Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) аны жоручу. Кээде өзү көргөн түштөрүн да айтып берчү. Ал кезде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) муктаждыктарга жараша насаат сөздөрүн да айтчу. Сахаабалардан ал-ахвалдарын да сурачу. Адамдар мурунку болуп өткөн кеп-сөз жана окуяларды да айтып беришчү, той-тамаша сөздөрүн да айтып беришчү, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды угуп, жылмайып койчу. Мал-мүлктөрдү жана акчалай жардамдарды да ошол эле убакытта бөлүштүрүп берчү.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабалары (разияллааху анхум) менен сүйлөшкөндө, шашылбай акырын сүйлөшчү жана алар эстеп калуулары үчүн ар бир маанилүү кеп-сөздү үч жолу кайталачу. Сахаабалар тажабасын деп күндө аларга насаат сөздөрүн айтчу эмес. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүйлөшүүсү жөнөкөй жана жагымдуу болчу. Бирөөнүн атын атап, жемелөөчү эмес. Бирөө кылган кичинекей жакшылыгын да сый-урмат менен тилге алчу. Сүйлөшүүлөрдө ар бир тайпадагы адамдарга сый-урмат көрсөтчү. Күн чыкканда, бул жыйын бүтүп, ал (сав) үйүнө кетчү. Бир жыйынынын окуясы бул жерде сунушталат:

Бир жолу ал (сав) Багымдат намазын кыскача окутуп, мындай деди: «Бардык адамдар өз жайларында отура беришсин». Анан Сахаабаларга жүздөнүп, мындай деди: «Мен түндө Тахажжуд намазы үчүн туруп, колуман келишинче намазды окудум. Намаздын ичинде эле көзүм илеп кетти. Мен ойгонгондо, өз Раббимди өтө кооз келбетте көрдүм. Алла Таала: «Эй, Мухаммад! Периштелер эмне тууралуу талашып жатышат?» – деп сурады. Мен: «Билбейм», – деп жооп бердим. Алла Таала ошол эле суроосун кайталады. Мен да ошол эле жоопту бердим. Анан Алла Таала Өз алаканын менин ийиниме койгонун көрдүм. А түгүл өз көкүрөгүмдө анын жагымдуулугун сездим жана ар бир нерсе мага ачылып калды. Анан Алла Таала кайрадан: «Эй, Мухаммад! Периштелер эмне тууралуу талашып жатышат?» – деп сурады. Мен: «Каффаараат» тууралуу», – деп жооп бердим. Алла Таала: «Каффаарааттар» эмне?» – деп сурады. (Күнөөлөрдү кетирүүчү амалдар «каффаарааттар» деп аталат). Мен: «Жамаат менен намаз окуу үчүн мечитке басып баруу, намаздан кийин мечитте отуруп, зикир чалуу жана жактырбагандыгына карабай, толук даарат алуу», – деп жооп бердим. Андан кийин Алла Таала: «Даражалар эмне?» – деп сурады. Мен: «Тамактандыруу, жумшак сүйлөө жана адамдар уктап жатышканда намаз окуу», – деп жооп бердим. Ошондо Алла Таала: «Эмнени кааласаң, ошону сурайбер», – деп айтты. Ошентип, мен төмөндөгүдөй дубаны сурадым:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Мен Сенден жакшы амалдарды аткаруу жана жаман иштерди таштоо күч-кубатын сурайм. Мага мискиндер сүйүүсүн тартуулагын. Мени кечиргин жана мага ырайым кылгын. Качан коом-адамдарды фитна-сыноого салмакчы болсоң, мени фитна-сыноого салбай өлтүргүн. Мен Сенден Сенин сүйүүңдү сурайм, Сен сүйгөндүн сүйүүсүн сурайм жана мени Сенин сүйүүңө жакындата турган амалдын сүйүүсүн сурайм. Аамийн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул дуба акыйкат, аны өзүңөр да жаттагыла жана башкаларга да үйрөткүлө деп айтты.

Азирети Абдулла бин Умар (ра) мындай деп айтат: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайдыр бир жыйындан турганда, өзү үчүн жана өз сахаабалары (ра) үчүн албетте бул дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Биз менен Сенин баш ийбестигиң ортосунда жолтоо боло турган кооптонуу бизге тартуулагын жана бизге бизди бейишке жеткире турган баш ийүүчүлүгүңдү тартуулагын, ошондой эле дүйнө кыйынчылыктарын бизге жеңилдете турган ишенимди бизге тартуулагын. Бизди тирүү алып калганыңча бизге кулактарыбыз, көздөрүбүз жана күч-кубаттарыбыз менен пайда келтиргин, ошондой эле ушул жөндөмдөрдөн бизге мураскер жараткын. Бизге зулумдук кыла турган адамдан Өзүң өч алгын жана бизге каршы душмандык кыла турган адамга каршы бизге жардам бергин. Дин маселесинде бизди сыноого салбагын жана дүйнөнү эле эң чоң камыбызга айландырбагын, илимий көйрөңдөнүүдөн бизди сактагын. Бизге ырайым кылбай турган адамдарды бизге өкүмдар кылбагын.

Эртең мененки чай ичүү

Үйгө кирээрде төмөнкүдөй дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Мен Сенден үйгө кирүү жана чыгуу жакшылыгын тилейм. Алланын аты менен биз үйгө кирдик жана Алланын аты менен биз үйдөн чыктык, ошондой эле биздин Раббибиз Аллага тобокел кылдык.

Анан үйдөгүлөргө салам берчү. Үйдөгүлөрдөн аш-тамак жөнүндө сурачу, эгерде оокат бар болсо, анда жеп алчу, эгер болбосо, анда орозого ниет кылып алчу. Айлар бою анын үйүндө өчөк жагылбайт эле. Жалпысынан, ар дүйшөмбү жана бейшеби күндөрү орозо кармачу. Тамакта курма, сүт, бал, уксус, арпа наны, зейтун майы, Суред[1] жана эттерден эчкинин кол этин жактырчу.

Тамактануудан мурун кол жууп, «Бисмиллаахи алаа баракатиллаахи», (Алланын аты менен жана Анын берекеси менен баштайбыз) деп окучу. Өзүнүн алдындагы тамакты жечү жана оң кол менен жегенди жактырчу. Бир нерсеге жөлөнүп, тамактанууну жактырбайт эле. Тамактангандан кийин төмөнкүдөй дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Бардык мактоо-алкоо бизге жедирген жана ичирген, ошондой эле бизди мусулман кылган Аллага таандык.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тамак-аштан кемчилик издебейт эле. Жакса, ичип алчу, жакпаса, ичпей койчу. Курсагын тойгузуп, жебейт эле, тескерисинче ашказанды үч бөлүккө, биринчисин сууга, экинчисин тамакка жана үчүнчүсүн дем алууга бөлүштүрүүнү жактырчу. Хижранын баштапкы доорунда узак мезгилге чейин сүт менен курманы жешке аргасыз болду. Көбүнчө чогуу тамактанчу. Жерге отуруп, тамак иччү. Ар бир мусулмандын (тамак) чакырыгын кабыл алчу. -Коноктолгондон кийин төмөнкүдөй дубаны окучу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Биз үчүн ушул тамакка береке кошкун жана бизге мындан жакшыраагын тартуулагын.

Тамак ичкен соң колдорун жууп, оозун чайкачу.

Суу ичкенде, оң колу менен идишти кармачу, «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймди» окучу, үч жолу тынып иччү жана суу ичип жаткан маалда идиш ичинде дем алууга же идиште үйлөөгө тыюу салчу. Жалпысынан, отуруп суу иччү жана суу ичкен соң «Ал-хамдулиллахты» окучу. Тамак ичип жатканда, таалим-тарбиялык маселелер жөнүндө сүйлөп алчу жана бир аз тамаша-күлкү сөздөрүн да сүйлөп алчу, бирок көбүнчө унчукпай тамактанчу.

Күндүзгү алектенүүлөрү

Күндүзкү убагын үчкө бөлүп алчу: бири сыйынуу үчүн, экинчиси жалпы калайык-калк үчүн, үчүнчүсү жеке өзү үчүн, анын да басымдуу бөлүгү коомчулук иштерине кызмат кылууга өтчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз үйүндө болгон убакытта башка адамдар сыяктуу үй жумуштарына салым кошчу, кийим-кечектерин жамап алчу, айбадарга жем берчү жана алардын сүтүн саап алчу. Ар бир ишти Алланын аты менен баштачу. Күндүзү сахаабалардын талия-тарбиясынан тышкары коомчулук иштерине да катышчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалардын ал-ахвалдары менен кабардар болчу, эгер бирөө мечитке келбесе, ал тууралуу кабар алчу. Эгер ал сапарда болсо, ал үчүн дуба сурачу, эгер шаарда болсо, аны көргөнү барчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Ансаар үйлөрүнө барып, алар менен жолугушчу. Сахаабаларга өз ара бири-бири менен жардамдашып, мээримдүүлүк менен жашоого насаат кылчу. Базарга барганда, соодагерлердин таалим-тарбиясына көңүл бурчу жана жөндөн жөн базарга барууну жактырбайт эле. Бир жолу данды сатып жаткан бир адамдын данынын ичине колун салып, ичи нымдуу экенин көрүп: «Бул эмне?» – деп сурады. Ал киши жаандын айынан нымдуу болуп калды деп жооп кылды. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны үстүнө чыгарып, өз маңдайыңда койгун деп буюрду. Базарда намаз убагы болуп калганда, жакын жерге жайгашкан мечитке барып, намаз аткарчу.

Айт майрам күнү Багымдат намазынан кийин жуунуп-тазаланып, эгер жаңы кийим насип эткен болсо, аларды кийип, көбүрөөк адамдар менен жолугушуу максатында бир жол менен айт намазы окула турган жайга барып, башка жол менен кайтып келчү. Күн тутулганда, узак убакыт туруп, намаз окутчу. Көп күндөр бою жамгыр жабаган учурда Истаскаа[2] намазын окутуп, аягында өзүнүн үстүндөгү кездемени аңтарып салчу. Эгер бирөө ооруп калса, анда аны көргөнү барчу, көбүнчө башкаларды да өзү менен алып барчу, ал үчүн дуба сурачу, анын көңүлүн көтөрчү жана кандайдыр бир дарыны да айтып берчү. Эгер бир мусулман каза тапса, анын жаназа намазын окутчу, жаназа менен чогуу барчу, аны жерге коюу аземине катышчу жана дуба кылдырчу. Эгер кимдир бирөөнүн каза тапканын кийинчерээк билсе, анда анын мүрзөсүнө барып, ал үчүн кечиримдүүлүк дубасын сурачу.

Бир кемпир күн сайын ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га таштанды ыргытчу. Бир күнү анын таштандыны ыргытпаганын байкап, ал боюнча сурады. Ал кемпирдин ооруп жатканын уккандан кийин ага барып, анын ал-ахвалын сураган.

Пешин же жума намазы

Күн ооп кеткенден кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) пешин намазынын төрт сүннөтүн аткарчу. Көбүнчө сүннөт намазын үйдө эле окучу, анан мечитке барчу. Жайында күн катуу ысып жатканда: «Пешин намазын күн салкыныраак болгондо окугула», – деп айтчу. Тактап айтканда, күндүн ысыганын күчү азайыганда, Пешин намазын окугула. Жума күнү жума намазын окучу жана баарынан мурунураак жумага келүүнү жактырчу жана биринчи болуп келген адам төө курманчылыгына тете соопко ээ болот деп айткан. Жалпысынан, жума кутбасын кыскача окучу. Жума кутбасы аралыгында сүйлөөнүн жактырбайт эле.

Пешин намазынын төрт рекет парызын окутчу. Баштапкы эки рекетин бир аз созуп окутчу, акыркы эки рекетин анын жарым убагында окутчу. Жума кутбасынан кийин эки рекет парыз намазын окутчу.

Керек болгондо же адамдарды чогултуу талап кылынса, анда бир жарчы аркылуу жарыя кылдырчу. Жарыяны уккандан кийин эркектер менен аялдардын баары чакырылган жерге чогулуп калышчу. Адамдар топтолгондон кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) айтайын деген сөздөрүн айтып берчү.

Пешин намазынан кийин эс алуу

Пешин намазынан кийин ал (саллаллааху алайхи ва саллам) түнчүндө Тахажжуд намазына ойгонуу үчүн түшкү маал эс алчу жана түшкү маал эс алгыла, анткени шайтан түшкү маал эс албайт деп айтчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) орозону жакшы өткөрүү үчүн саарлык тамакты ичкиле жана түнчүндө жакшы ибадат кылуу үчүн түшкү маал эс алгыла деп айтчу. Мүмкүн болсо, сапарда да түшкү маал эс алчу.

Азирети Жаабир бин Абдулла (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Бир сапарда түшкү маалда кербен тикенектүү бак-дарактар бар бир аймактан өттү, ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кербенди токтотту жана бардык адамдар уктап калышты. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) да өз кылычын бир бак-даракка илип, уктап калды. Ошондо бир бедуин келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кылычын тартып алып: «Эми сизди менин колуман ким куткарат?» – деп сурады. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үч жолу менин Кудайым, менин Кудайым, менин Кудайым», – деп айтты. Ошондо анын колунан кылычы түшүп кетти, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны көтөрүп алды. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага кандайдыр бир жаза берген жок, тескерисинче аны кечирип жиберди. Азирети Анас (разияллааху анху) жума күнү биз жума намазынан кийин тамак ичип, анан эс алчубуз деп айтат.

Азирети Анас (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Бир күнү түшкө маал ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га кызмат кылып бошогон соң мен сиз эс алып жатасыз, мен барып балдарды ойноп жатышканын көрүп келейин дедим. Бир аз убакыттан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келип, ойноп жатышкан балдарга салам берип, мени чакыртып, бир жумуш менен жиберип, өзү көлөкөлүү бир жерге отуруп алды жана мен ал жумушту бүтүрүп, анын алдына кайтып келгиче ошол эле жерде отура берген.

Бир күнү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) түш убагында Азирети Фатима (разияллааху анхаа)нын алдына барып: «Азирети Али (разияллааху анху) кайда?» – деп сураган. Азирети Фатима (разияллааху анхаа) ал күнү Азирети Али (разияллааху анху) менин жанымда эс алуунун ордуна мечитке барып уктаган деп айтат. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага барса, анын жамынычы ийиндеринен бир жакка түшүп, топурак болуп калганын көрүп, топуракты кагып: «Эй, Абу Тураб (эй, топурак ээси) тура кой», – деди.

Үй ахвалы жана жубайларына мамилеси

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үйү анын үйү гана болбостон, тескерисинче сарайы да, мейманкана да жана сот да, фитва бөлүмү да болуп, анын бир эшиги Пайгамбар мечитине карай ачылчу. Кыскасы, үйдө болгон убакытта өз жумуштарын өзү жасачу, өз кийим-кечектерин өзү тигип, өзү тазалап алчу, өз бут кийимин өзү жамап алчу, эчкисин саап алчу, үй жумуштарында өз жубайларына жардам берчү. Азирети Айша (разияллааху анхаа) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз үй-бүлөсүнө жардам берип жаткан убакыт аралыгында намаз убагы болуп калганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) намазга жөнөп кетчү. Азирети Анас (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жанында он жыл кызматчы болуп жашаган, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жолу дагы аны жемелеген жок жана эмнеге муну кылдың же эмнеге тигини жасабай койдуң деп айткан эмес. Тескерисинче ал үчүн дуба кылган.

Өз жубайы менен чогуу бир идиштен тамак иччү жана ал калтырган сууну ичип алчу, ал гана эмес, жубайы ичкен жерге куттуу эриндерин тийгизип иччү. Кээде бирөө конок катары тамакка чакырганда, жубайын чакырбаганда, ал үчүн атайын уруксат алчу. Жубайларына тамаша сөздөрүн сүйлөчү жана алар менен чуркачу. Эгер жубайларынын бирөөсү өзү төө ж.б.га чыга албаса, өз бутун коюп, миндирчү. Аларды өзү менен чогуу сайякатка алып барчу. Сапарга чыгуудан мурун чучу кулак таштап, аты чыккан жубайын өзү менен сапарга алып барчу жана сапарда ага өзгөчө көңүл бурчу.

Эгер жубайларынын арасында майда-барат талаш-тартыш болуп калса, аларды элдештирчү. Эгер алар өз ара бири бирине тамаш сөздөрүн айтышса, өзү да ага катышып алчу. Эгер тамаша сөзүн айтууда бири башкасын жеңип жаткан болсо, анда башкасына жардам берчү. Жубайларынын ата-энелери жана тууган-туушкандарына көңүл бурчу. Алардын эже-сиңдилери жана досторуна белектерди жиберип турчу жана алар конок болуп келишкенде, аларга чоң сый-урматты көрсөтчү.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аср намазынан кийин кезек менен бардык жубайларынын алдына барып, ал-ахвалдарын сурачу. Кээде шам намазынан кийин бардык жубайларын кезек болгон жубайынын үйүнө тамакка чакырып алчу, алардын ал-ахвалдарын сурачу жана жеңил тамаша сөздөрүн сүйлөчү. Сапарынан кайтып келгенде, бардык жубайларын көргөнү барчу.

Балдарга мамилеси

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) балдарды аябай жакшы көрчү жана жолдон өтүп бара жаткан балдарды көрүп, аларга салам берчү. Жетим балдарга боорукерлик кылып, алар көрүнүп калса, аны сыйлачу жана өпчү. Алла Таала Сирияда шейит кеткен Азирети Жаъфар (разияллааху анху) тууралуу ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га кабар бергенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын балдарын чакыртып, аларды өптү, ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көздөрү жаштарга толуп жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды өз кепилчилигине алып алды. Ата-энеси каза тапкан бир ыйлап жаткан баланы көрүп, аны өзүнө асранды (бакма) кылып алды жана Мухаммад сенин атаӊ жана Айша сенин энеӊ деп айтты.

Балдарга кудум жаш баладай болуп тамаша сөздөрүн да айтчу. Азирети Махмуд бин Рабийъ (разияллааху анху): «Бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алыстан мага суу чачкандыгы менин эсимде», – деп айтат. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху): «Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Хасан (разияллааху анху)га өз тилин чыгарып көрсөтчү жана ал киши ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тилинин кызылдыгын көрүп каткырып күлчү», – деп айтат. Азирети Абу Талха (разияллааху анху)нун балдары жаш болчу, алардын биринин аты Абу Умайыр болгон, анын таранчысы бар болчу, ал өлүп калган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) анын көӊүлүн көтөрүү максатында аны менен ойночу. Азирети Анас (разияллааху анху)га: «Эй, эки кулактуу!» – деп тамашалачу. Өзүнүн неберелери үчүн жылкы болуп, аларды өзүнүн үстүнө чыгарып алчу.

Балдарга көрсөткөн мээримдүүлүгүнүн дагы бир жагы: мээримдүүлүк менен аларга таалим-тарбия берчү. Аны менен бирге отуруп, тамактана турган балага: «Алланын аты менен жегин, оӊ колуӊ менен жегин жана өз алдыӊан жегин», – деп айтчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) балдарга дубаларды да үйрөтчү. Эгер сапарда бирөө аны менен бирге учкашкан болсо, ага дубаларды да жаттатчу.

Жардам сурап келгендерге мамилеси

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан бирөө жардам сурап келгенде, карыз алып берүүгө туура болсо да, ага албетте берчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Билип койгула, берүүчү кол алуучу колдон жакшыраак», – деп айтчу. Мусулмандарды кой, мусулман эместер да жардам сурап келгенде, ага кой-эчкилер толуп жаткан бир өрөөндү берип койгон.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) суроо менен келген адамдын кеп-сөзүн акырына чейин укчу жана ал өзү кетмейинче ага толук көӊүл бурчу. Жоомарттык жана берешендик боюнча анын колу ушунчалык ачык болчу: сахаабалар (разияллааху анхум) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды күчтүү бороондорго окшотчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эгер менде Ухуд тоочолук алтын болсо, үч күнгө чейин анын менде тура беришин жактырбайт элем деп айтчу.

Курани Каримдин түшүүсү

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га Курани Карим түшкөн. Курандагы вахий-аян кандайдыр бир белгилүү убакытта түшпөйт эле, кээде түндө, кээде күндүзү, кээде сапарда, кээде үйдө тынбай жыйырма үч жылга чейин түшүп турган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га вахий-аян түшкөндө, дароо вахий-аянды көчүрүүчүлөрдү чакыртып жаздырчу жана аны менен бирге бул аятты баланча сүрөөдөгү баланча аяттан кийин жазгыла деп айтчу. Курандын түшүүсү анын жашоосунун эӊ маанилүү бөлүгү болчу. Адамдар суроо беришчү жана Алла Таала аларга вахий-аян аркылуу жооп кайтарган. Бир аял келип даттанат, ошондо Алла Таала төмөнкүдөй вахий-аянды түшүрөт:

Ислам Мухаммад дин

Албетте, Алла өзүнүн күйөөсү тууралуу талашып жаткан жана Аллага даттанып жаткан аялдын чакыруусун угуп алды.

Курани Каримде ар түрдүү буйруктар жана маселелердин түшүүсү жана аларды чечмелеп, өз амалдары менен көрсөтүү ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын күндөлүк иштеринин арасында өтө маанилүү милдети болчу. Сахаабалар (разияллааху анхум) келип, Курани Карим аяттарынын маани-мазмунун сурашчу. Бир топ аяттардын маани-мазмунун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тафсирисиз түшүнүү мүмкүн эмес болчу. Ибадаттар жана аларга тиешелүү маселелер, күндөлүк карым-катыштар жана аларга тиешелүү маселелер, өлтүрүлгөн адамдын куну жана ага тиешелүү маселелер, зекет маселелери, сүткөрлук, соода, карыз ж.б. алды-сатты маселелерин кеӊири түшүндүрүп, аларга амал кылып көрсөткөн. «Ал-Жума» сүрөөсү түшкөндө, сахаабалар (разияллааху анхум) «аахарийн» (башкалар) ким деп сурашканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Салман (разияллааху анху)нун ийинине колун коюп, аны чечмелеп берет.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Курани Карим окууну да жакшы көрчү, бирок ошол эле жерде башкалардан Куран угууну да жакшы көрчү. Бир жолу ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху)га: «Мага Куран окуп бериӊиз?» – деп айткан. Ал киши: «Мен Курани Каримди кантип окуйм? Курани Карим сизге түшпөдү беле?» – деп жооп берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Мен башкалардан Куран угууну жакшы көрөм», – деп айткан. Ошондо, ал киши Курани Каримди окуй баштады жана «ва жи’наа би-ка алаа хаа-улааи шахийдаа» (Биз сени аларга күбө катары келтиребиз) деген жерге келгенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көздөрү жашка толуп кеткен.

Дубалар

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунун ар бир көз ирмеми дуба менен өтчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) «каана хулукул-Куран»[3] деген аяттын толук үлгүсү болчу. Күн чыгаардан мурун жана күн батаардан мурун, ошондой эле түңкү маалдарда жана күн четтеринде Алла Таалага мактоо-алкоо айтуу ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га буюрулган болчу. Азирети Айша (разияллааху анхаа): «Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ар бир убакытта Алла Тааланы эскерип турчу, эртеӊ менен, кечкисинде дубалар, тасбихтер жана кечирим суроо менен алектенип турчу деп айтат. Азирети Ибн Аббаас (разияллааху анху) жана Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) бир жыйында жүздөн да көп жолу төмөнкүдөй дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Раббим! Мени кечиргин, мага мээримдүүлүк кылгын, Сен тобо келтирүүчү жана ырайым кылуучусуӊ. Истигфаар тууралуу ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү: «Аллага касам! Бир күндө жетимиштен да көбүрөөк ирет Истигфаар кылам жана Алла Таалага кайрылам», – деп айтат.

Кубаныч болобу же кайгы, ар кандай жагдайда Алла Тааланы эске алчу. Айт майрамы келгенде, ал да шүгүрчүлүк жана баталарга жык толо болчу. Согуш ахвалында Алла Таалага ушундай жалынып-жалбарчу: анын жамынычы ийиндеринен кайра-кайра түшүп кетчү. Жыйынга келгенде да Алланы эске алчу, жыйындан туруп кеткенде да дуба кылчу.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ойгонуудан тартып уктоого чейин ар бир жумуштан мурун жана андан кийин, ал гана эмес, жумуш аралыгында да зикир чалчу жана дуба кылчу. А түгүл аажатканага барганда, сол бутун ичкери коюп, төмөнкүдөй дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Мен ар түрдүү таза эмес кеп-сөздөр жана таза эмес иштерден Сенин паанаӊа кирем.

Ажатканада адам зикир чала албайт, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ажатканада зикр чала албай калгандыгынан ал жерден чыкканда, оӊ бутун чыгарып, төмөнкүдөй дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Мен Сенден кечирим сурайм.

Ар бир жаӊы нерсе үчүн дуба

Эгер көйнөк же чапан же селде (чалма) өӊдүү жаӊы кийимди кийсе, анда төмөнкүдөй дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Бардык мактоо-алкоо Сага таандык, Сен муну мага кийинтирдиӊ. Мен Сенден ушул кийим-кечек жакшылыгын сурайм жана мындан көздөлгөн максат жакшылыгын сурайм, ошондой эле анын ар бир жаманчылыгынан паана тилейм жана андан көздөлгөн максат жаманчылыгынан паана издейм.

Бир жолу Азирети Умар (разияллааху анху)ну жаӊы кийим кийгенин көрүп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

Ислам Мухаммад дин

Жаӊы кийим кийгин, жакшылык менен жашагын жана шейт болуп дүйнөдөн кайткын.

Жаӊы мөмө-жемишти жегенде, төмөнкүдөй дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Биздин ушул мөмө-жемиштерибизге береке кошкун.

Жаӊы чыккан айды көрүп, тынчтык, ыйман жана коопсуздук дубасын сурачу.

Бир жаӊы жайга барганда, төмөнкүдөй дубаны сурачу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Биз үчүн ушул айыл-шаарга береке кошкун. Эй, Алла! Бизге ушул айыл-шаарда береке бергин. Эй, Алла! Биз үчүн ушул айыл-шаарда береке тартуулагын. Эй, Алла! Бизге анын мөмө-жемиштеринен ырыскы бергин, анын тургундарынын жүрөктөрүнө биздин сүйүүбүздү салгын жана ушул айыл-шаардын такыба пенделеринин сүйүүсүн биздин жүрөктөрүбүзгө салгын.

Дубаларга басым жасоо

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жашоосунун ар бир көз ирмеми дубалар менен өтчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабаларына силер да бардык чоӊ-кичүү муктаждыктарыӊарды Алла Тааладан сурагыла, а түгүл

Ислам Мухаммад дин

эгер бут кийимиӊердин жиби үзүлүп кетсе, ошону дагы Алладан сурагыла деп айтчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) силер тозок азабынан, мүрзө азабынан, Дажжал, жашоо жана өлүм фитна-чагымчылыктарынан Алла Тааланын паанасын тилеп тургула деп айтчу. Ошентип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жакшы нерсени суроону да, жаман нерседен паана суроону да үйрөткөн. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) балээ-кырсыктар жана кыйынчылыктар убагында Алла Тааладан жардам сурачу, ошондой эле молчулук жана токчулук убагында шүгүрчүлүк кылып, Алла Таалага мактоо-алкоо айтчу. Балээ-кырсык жана молчулук, экөөнү теӊ момун үчүн пайдалуу экенин ойлочу.

Барлашуу жана саламдашуу ыкмасы

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар бир адам менен ачык жүзү менен жылмайып көрүшчү. Ар бир жолуктурган адамга

Ислам Мухаммад дин

силерге тынчтык, Алланын рахматы жана берекелери болсун деп айтчу, тек колу же башы же ишарааты менен саламдашууну жактырбайт эле. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жөө жүргөн адам отурган адамга жана унаа минген адам жөө жүрүүчү адамга салам берсин деп айткан. Эгер бирөө кол алышып учурашса, анда ал өзү колун коё бермейинче, анын колун коё бербейт эле. Эгер бирөө сапардан кайтып келсе, аны менен кучакташып учурашчу. Ар бир салам берүүчү адамга «ва алайкумуссалаам» (сага тынчтык болсун) деп жооп берчү.

Эгер бирөө башка бирөөнүн саламын жеткирсе, анда ага жана салам жолдогон адамга тынчтык батасын берчү. Бани Нумайыр уруусунун бир адамы ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га урматтуу атам сизге салам жолдоду деп айтканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ага

Ислам Мухаммад дин

сага жана атаӊа тынчтык болсун деп айткан.

Карыз

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үй муктаждыктары үчүн же бирөөгө жардам берүү үчүн карыз да алчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүнүн эӊ акыркы карызын отуз «саъа» арпаны өз зоотун күрөөгө коюп алган болчу. Карызды кайтарууга аябай басым жасачу, ал гана эмес, бир аз кошуп туруп кайтарчу. Кудум ошондой карыз берген адамга карыз алган адамга жумшак мамиле кылуу жана жеӊилдик берүүгө насаат кылчу. Мажбур болуп карыз алган адамга мөөнөт берүүгө буюрчу.

Бир адам мөмө-жемиштер соодасында өтө көп зыян көрүп, карызга батып кетти. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ал үчүн садага чогултууга чакырды. Адамдар садага беришти, бирок төлөнүлө турган карыз барабарында акча баары бир топтолбой калды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) карыз бергендерге: «Чогулган акчаны алагыла, калганын кечирип жибергиле», – деп айтты.

Жолдошторго мамилеси

Сапарда да, үйдө болгондо да өз жолдошторуна көӊүл буруу ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өзгөчө касиети болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабаларынын ал-ахвалдарын да билчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алардын суранычын дароо түшүнүп алчу жана аларга жакшылык кылчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) алар менен чогуу иштечү. Хандак согушунун учурунда арык казып жатканда, бир чоӊ аска туш келди жана сахаабалар аны сындыра албай калышты, ошондо алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды чакырышты, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) күрөктү колуна алып, үч жолу уруп, асканы сындырып койду. Ар бир соккондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га Йемен, Кайсар жана Кисраа ак сарайларынын ачкычтары тартууланган жана жеӊиш куш кабары угузулган. Эгер кайсы бир учурда азык-түлүк тартышы болгондо, өзүнүн сахаабалары менен чогуу ачка болгон, ошондо ар бир сахааба эгер мен төрт-беш сааттан бери ачка болсом, менин Сүйүктүү Жетекчим (саллаллааху алайхи ва саллам) андан да көбүрөөк убакыттан бери ачка экен деп билишчү.

Эгер кимдир бирөө ката кетирсе, анда аны кечирип жиберчү. Эгер жолдошторунун бирөөсүндө кандайдыр бир айып-кемчиликти көрсө, анда анын касиеттеринен сөз кылып, эгер ал киши мындай-мындай кылса, анда жакшы болмок деп айтчу. Өз жолдошторун мактачу жана алардын кылган жакшылыктарын эч качан унутпайт эле. Өзүнүн бардык жакын сахаабаларынын аты-жөнүн билчү жана согуш майданында алардын аттарын атап, баланча кайда, түкүнчө кайда деп сурачу.

Эгер эки сахаабанын ортосунда кандайдыр бир чыр чыкса, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларды элдештирчү. Алардын ортосундагы чыр-чатакты жактырбайт эле. Алла үчүн бири-бирин сүйүүчү адамга Алла Тааланын көлөкөсү насип этилерин сүйүнчүлөчү, ошондой эле өз ара көрө албастык кылбагыла, өз ара кек сактабагыла, өз ара ушак айтпагыла, бири-бириӊерди сүйгүлө жана бири-бириӊерге белек бергиле, анткени белек берүү менен сүйүү көбөйөт деп айтчу.

Сапар жана анын күндөлүк иштери

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жалпысынан күндүн биринчи бөлүгүндө жолго чыкчу жана бейшемби күнү жолго чыгууну жактырчу. Унаага минип жатканда,  үзөӊгүгө бутун коюп, «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахийм» деп жана чыгып алгандан кийин

Ислам Мухаммад дин

деген дубаны окучу. Үч жолу «Ал-Хамдулиллах» (Аллага шүгүр) жана үч жолу «Аллааху Акбар» (Алла баарынан улук) деп окучу жана андан кийин ар кандай дубаларды окучу. Жолдо кетип бара жатканда, эгер кандайдыр бир бурулуштан өткөндө, «Аллааху Акбар» деп окучу, кандайдыр бир өөрдөн түшкөндө, «СубхаанАллах» (Алла – Ыйык) деп окучу.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сапарда ибадаттарга өзгөчө көӊүл бурчу, бардык намаздарды жамаат менен окучу, ооба пешин менен дигер жана шам менен куптан намаздарын кошуп окучу. Эгер күн ооп кетүүдөн мурун сапарды баштаганда, анда пешин менен дигерди кошуп окучу, эгер күн ооп кеткен соӊ сапарды баштаса, ана пешин намазын гана аткарчу. Эгер жолго чыгууга шашылган болсо, анда шамды куптанга кошуп окучу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) нафл намаздарын унаанын үстүндө эле окуп алчу, унаа жүздөгөн жакка эле жүздөнчү жана башын ийип же көтөрүп руку жана саждаларын аткарчу. Саждада рукуга караганда, көбүрөөк эӊкейет эле. Ал эми парыз намаздарын мингич унаадан түшүп аткарчу.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сапарда болгондо, анын шериктери ар кандай иштерди аткарышканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү от жагуу үчүн отун чогултчу, ошондой эле бир үзгүлтүксүз иштеген жана улук жетекчи менен бирге бир санаалаш достун милдетин да аткарчу. Согуш күндөрүндө алар менен чогуу түндөрү ойгонуп, кароолчулук кылчу.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзүн-өзү коргоо максаты менен болгон согуштар үчүн жолго чыккан, ошондой эле Умра жана ажылык үчүн дагы жолго чыккан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Бадр согушу, Ухуд казаты, Мекке жеӊиши, Хунайын, Табук, Бани Назийр, Бани Курайза, Бани Мусталик казаттары үчүн жол тарткан. Жалпы жагдайда сапар тартканда, жубайларынын бирин өзү менен чогуу алып барчу жана чучу кулак аркылуу аны тандачу. Ал эми ажылык үчүн жолго чыкканда, ыйык жубайларынын баарын чогуу алып барган.

Эгер согуш үчүн сапарга чыкса, анда бардык керектүү чараларды өзү көрчү. Согуш муктаждыктарынын баарын эсепке алчу. Өзүндө унаасы жок адамга унаа таап берчү жана башка сахаабалар (разияллааху анхум)ды дагы ал ишке катышууга чакырчу. Сапарга чыгуудан мурун жалпысынан кайсы жакка бараарын айтпайт эле. Кербенге катышкан бардык адамдарга көӊүл бурчу, а түгүл алардын малдарына да көӊүл бурчу. Кандайдыр бир айыл-кыштак жанынан өткөндө, ага жакшылыкты тилечү жана анын жаманчылыгынан паана сурачу. Сапарда орозо тутууга тыюу салган. Эгер анын сапары Умра же ажылык үчүн болсо, анда өз сахаабаларына бардык адептерди да үйрөтүп барчу. Эгер сапар ортосунда Алла Тааланын азабы түшкөн кайсы бир жерге келсе, анда ошол жерден тез өтүп кетүүгө көрсөтмө берчү.

Кербен ээлерине сапар убагында канаттуулар, айбанаттар жана бак-дарактарга залал келтирүүгө тыюу салган. Аялдарга көӊүл бурчу. Эгер төөнү айдаган адам төөнү тез айдаса, ага тыюу салчу жана алардын үстүндө айнектер (күзгүлөр) бар деп айтчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сапарларында Алла Таала ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык колунан чексиз муъжиза-кереметтерди көрсөткөн. Сапардан кайтып келгенде, бир аз убакытка Мединанын тышында токтоп, анан шаарга кирчү.

Элге кызмат кылуу

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) «саййидул-кауми хаадимухум», коомдун жетекчиси аларга кызматчы болот. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү эки аалам Жетекчиси болгондуктан, баарынан көбүрөөк кызмат кылуучу эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Дин – бул камкордук», – деп айтчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дан эмнеге жана кимге камкордук деп суралганда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла, Анын Китеби, Анын Элчиси, мусулман имамдар жана алардын жалпы элине камкордук деп жооп берген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) ар бир адамдын жанын, мал-мүлкүн жана сый-урматын орноткон. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Кимдин колунан жана тилинен башка мусулмандар зыян көрбөсө, ал мусулман жана башка адамдарга зыян келтирбеген адам момун», – деп айткан.

Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху)дан мындай деп рабаят этилет: «Бир жолу бир киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан Алла Тааланын эӊ сүйүктүүлөрү кимдер жана Алла Таалага эӊ жагымдуу амалдар кайсылар?» – деп суралганда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) башка адамдарга баарынан көп пайда келтирүүчүлөр Алла Тааланын эӊ сүйүктүү пенделери жана Алла Таалага эӊ жагымдуу амал: адам өзүнүн мусулман бир тууганын ыраазы кылсын же анын оорчулугун алып салсын же анын карызын төлөсүн же анын ачкалыгын жойсун деп айткан».

Азирети Абдулла бин Аббаас (разияллааху анху): «Парыздардан кийин эӊ жагымдуу амал – бул мусулман бир тууганды ыраазы кылуу», – деп рабаят этет. Ошондой эле Азирети Анас (разияллааху анху): «Мусулман бир тууганын ыраазы кылуу максатында аны менен жолугуша турган адамды Алла Таала кыямат күнү ыраазы кылат», – деп рабаят этет.

Дигер намазы

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Дигер намазынан мурун төрт рекет сүннөт намазын окуй турган адамга Алла Таала ырайым кылсын», – деп айтат. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жалпысынан дигер намазынан кийин кезек менен бардык жубайлары менен жолукканы барчу, алардын ал-ахвалын сурачу жана алар менен отурчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) балдан жасалган халваны жакшы көрчү жана дигер намазынан кийин ыйык жубайларынын бирөөсү балды сунуштаганда, аны ичип алчу. Кээде бардык жубайларын бир жубайынын үйүнө топтоп алчу.

Нажран жеринен келген делегат менен ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дигер намазынан кийин Пайгамбар мечитинде жолуккан, бул аралыкта алардын сыйынуу убагы болуп калганда, алар мечитте туруп эле өз ибадаттарын аткара башташкан. Кээ бир сахаабалар (разияллааху анхум) аларды тыймакчы болушканда, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга: «Буларга тийишпегиле жана ибадат кылууга жол бергиле», – деп айткан.

Шам намазы

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) күн баткандан кийин дароо үйгө барууну биринчи орунга койчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) шам намазынан мурун эки рекет нафл намазын аткарчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кайра-кайра: «Саллуу каблал-магриб»[4], – деп айтчу. Сахаабалар (разияллааху анхум) буга ушунчалык амал кылчу, Пайгамбар мечити ушундай нафл окуучуларга толуп кетчү жана аларды байкаган адам шам намазы окулуп бүттү деп ойлочу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) күн баткандан кийин шам намазын аткарууга шашылчу. Андан тышкары, шам намазынан кийин эки рекет сүннөт намазын сөзсүз аткарчу. Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху) мен жыйырма чакты жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды багымдат жана шам намазынын сүннөттөрүндө «Ал-Каафируун» жана «Ал-Ихлаас» сүрөөлөрүн окуганын байкадым деп айтат.

Кээде ал (саллаллааху алайхи ва саллам) шам намазын Медина шаарынын башка мечиттерине барып да аткарчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) күн баткандан кийин балдарга үйдөн чыгууга жол берүүнү жактырбайт эле. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Алланын аты менен эшиктер жабылсын жана идиштер жабылып коюлсун деп көрсөтмө берген.

Куптан намазы

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) куптан намазын кечирээк окууну жактырчу жана түндүн биринчи бөлүгүндө аны аткарууну абзел деп билчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) эгер адамдардын машакат чегүүсүнөн кабатыр болбогонумда, өз үммөтүмө куптан намазын ошол маалда аткарарына буюрмакмын деп айтчу. Бир түндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кечке чейин куптан намазына чыкпаганда, Азирети Умар (разияллааху анху) аялдар жана балдар уктап калышты деп айткан, ошондо ал (саллаллааху алайхи ва саллам) чыгып келди жана азыр силерден башка жер жүзүндө эч ким намазды күтүп жаткан жок деп айткан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) куптан намазын ар кайсы убакыттарда эртерээк жана кечирээк, эки түрдө аткарган.

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) куптан намазынан мурун уктоону жактырбайт эле. Эгер куптан намазынан мурун тамак берилсе жана намаз убагы дагы болуп калса, анда тамактанууга буюрчу. Куптан жана багымдат намаздарына келбегендерди жемеге алчу жана куптан менен багымдат намаздары каапырларга оор (жүк) экенин айтчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) башка намаздар сыяктуу куптан намазынын сүннөттөрүн да үйдөн окуп барууну жактырчу.

Куптан намазынан тартып уктаганга чейин

Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) куптан намазынан кийин эгер кандайдыр бир жумуш болсо, мечитте сахаабалар (разияллааху анхум) менен отурчу, эгер кандайдыр бир зарыл меселе тууралуу акылдашмакчы болсо, анда Азирети Умар (разияллааху анху) сыяктуу улуу сахаабалар ж.б. менен Азирети Абу Бакр (разияллааху анху)нун үйүндө акылдашчу. Эгер кандайдыр бир жумуш болбосо, анда куптан намазынан кийин үйгө барчу, бир аз убакыт үйдөгүлөр менен сүйлөшчү же дароо уктап калчу. Түнчүндө жөндөн жөн уктабай ойгонууну жактырчу эмес. Ооба, жубайы, коноктор жана диний иштер үчүн уктабай ойгонууго уруксат берчү.

Жогоруда да сөз болгондой, кээде кечки тамакка кезеги бар жубайынын үйүнө бардык жубайларын да чакырып алчу. Бир аз убакыт алар менен отурчу жана алардын ал-ахвалын сурачу. Түнчүндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын даарат алуусу үчүн суу жана Мисваак[5] коюп коюшчу. Ошентип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) түндө туруп, Мисваак кылчу жана даарат алчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жатаарда өз ийиндеринен жамынычын алып койчу жана белдемеси менен эле уктачу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) төшөккө барганда, даарат алчу, өз төшөгүн жакшылап кагып алчу, «Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахийм» окуп, оӊ жагы менен жатчу, оӊ колун оӊ бетинин астына коюп алып, төмөнкүдөй дубаны окучу:

Ислам Мухаммад дин

Эй, Алла! Мен Сенин атыӊ менен өлөм жана тирилем.

Жатаарда «Ал-Ихлаас», «Ал-Фалак» жана «Ан-Наас» сүрөөлөрүн окуп, колдоруна үйлөп, өз денесине сүйкөп алчу. «Аятул-Курсий» деген аятты окучу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) уктап калганда, эч ким ал (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ойготпойт эле, тескерисинче өзү ойгончу.

Бир килем ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төшөгү болчу, анын үстүндө төшөк да жок болчу, андан тышкары ичине курма жалбырактары толгон тери төшөгү ага насип болгон болчу. Бир жолу Азирети Умар (разияллааху анху) келип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын денесине түшкөн издерди көрүп, ыйлап жиберди. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эмне болду, эмнеге ыйлап жибердиӊ?» – деп сурады. Ал (разияллааху анху): «Аллага касам, эй, Алланын Пайгамбары! Мен Алланын назарында сиздин Кайсар жана Кисраадан урматтуураак экениӊизди билем, алар жыргап жашап жатышат, бирок мен сиздин ал-ахвалыӊызды көрүп жатам», – деп айткан. Ошондо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, Умар! Алардын болгону дүйнөдөн үлүшү алганын жана биздин динден үлүш алганыбызды жактырбайсыӊбы?» – деп жооп берген.

Алла Таала бизди да колдоп, күндөлүк жүрүш-турумубузда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көркөм амалдарын ээрчип, өз Раббибизди ыраазы кылуучулардан бололу. Аамийн.

[1] Арабдардын бир улуттук тамагы.

[2] Жамгыр тилеп окулган намаз «Истаскаа» деп аталат.

[3] Анын адеп-ахлактары Курандын тафсири болчу.

[4] Шам намазынан мурун нафл намазын окугула.

[5] Тиш жуугуч.

Share via