Намазды аткаруунун жол-жоболору • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Намазды аткаруунун жол-жоболору

Намаз

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын II Халифасы – Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) 1948-жылдын 2-январында окуган өзүнүн жума кутбасында намаздын маанилүүлүгүнө токтолуп, намазды маӊыздуу аткаруунун бир топ жол-жоболорун айтып берген. Ал ыкмалар ар бир момун-мусулманга өз намазын жакшыртууга чоң жардам берээр деген үмүт менен силерге сунуш кылуудабыз.

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) намазды кандай аткаруу керектиги жөнүндө сөз кылып, мындай деп айтат:

1) Эӊ биринчи даража бул, андан төмөнүрөөк эч башка ыкма жок, адам эч калтырбай беш маал намазды аткарсын. Беш маал намазды эч калтырбай аткара турган момун-мусулман ыймандын эӊ кичине даражасына жетишет.

2) Намаздын экинчи даражасы бул: беш маал намаз өз убагында аткарылсын. Беш маал намазды өз убагында аткара турган момун-мусулман ыймандын экинчи тепкичине кадам басат.

3) Үчүнчү даражасы: намаз жамаат менен аткарылсын. Жамаат болуп намаз окуу менен адам ыймандын үчүнчү тепкичине көтөрүлөт.

4) Төртүнчү даражасы бул: адам намаздын маани-маӊызын түшүнүп туруп намаз аткарсын. Намаздын котормосун билбеген адам котормосун үйрөнүп, намаз аткарсын жана котормосун билген адам шашылбай акырын намаз окусун. А түгүл ал мен намазды анын толук шарттары менен аткардым деп айта ала турган даражага жетишүүгө аракет кылсын.

5) Намаздын бешинчи даражасы бул: адам толук кандуу берилүү менен намазды аткарсын. Кудум сүзгүч адам деӊизге чөмүлгөндөй эле ал намаздын ичине чөксүн. А түгүл ал төмөндөгүдөй эки даражанын бирөөсүнө жетишсин: мен Алла Тааланы көрүп жатам же Алла Таала мени көрүп жатат деген ишеним менен намаз аткарсын. Бул экинчи ахвалды төмөнкүдөй мисал менен түшүнүүгө болот: бир сокур бала өзүнүн энесинин кучагында отурат. Ошондо өз апасынын кучагында отурган жана аны көрүп турган көзү соо бала да канааттанган болот, бирок өз апасынын кучагында отурган сокур бала да менин апам мени көрүүдө деген ой менен канааттанат. Тагыраак айтканда, ал сокур болуп өз апасын көрө албаса дагы, анын көӊүлү бейпилдик жана канааттануу табат. Себеби, анда апам мени көрүп турат деген ишеним болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам): «Намаз окуп жатканда, адам төмөнкүдөй даражалардын бирөөсүнө сөзсүз ээ болуусу керек: ал Алла Тааланы көрүп тургандай болсун же анын жүрөгү Алла Таала мени көрүүдө деген ишенимдүүлүккө толсун», – деп айткан. Бул ыймандын бешинчи даражасы, бул даражага жеткенде, адамдын Парыздары аткарылган болот, бирок ал жетишүүнү көздөп жүргөн бийиктигине жетише албайт.

6) Мындан кийин ыймандын алтынчы даражасы бул: Нафлдар аткарылсын. Нафлдарды аткара турган адам Алла Тааланын алдында мен Парыздарды аткардым, бирок ушул Парыздар менен мен канааттанган жокмун деген сыяктуу сезимди билдирет. Ал мындай деп айтат: Эй, Алла! Мен ушул Парыздардын убактыларынан тышкары да Сенин алдыӊа кирүүнү каалайм. Кудум эле кээ бир адамдар кандайдыр бир чоӊ кызматты аркалаган кызматкер же улуу инсан менен жолукканы барышканда, бөлүштүрүлгөн убакыт өтүп кеткен соӊ дагы эки мүнөт узартып бериӊиз деп суранышкандай. Алар ушул эки мүнөттө кандайдыр бир рахат алышат. Алар ошол эки мүнөттү өздөрүнө кандайдыр бир «айып пул» деп ойлошпойт, тескерисинче андан рахат алышат. Кудум ушундай чыныгы момун-мусулман Парыздарды аткарып болгон соӊ Нафл намазын окуганда, ал Алла Таалага эми мен өз тарабыман бир аз кошумча убакыт коротмокчумун деп билгизгендей.

7) Ыймандын жетинчи даражасы бул: адам беш намаз жана Нафл намазын гана аткарып тим болбостон, тескерисинче Тахажжуд намазын да окусун.

Мына ушул жети даража менен намаз толук аткарылган болот. Ушул даражаларга жетишкен адамдар төмөнкүлөр, алар тууралуу хадисте мындай деп кезигет: Алла Таала түнчүндө Арштан түшүп келет жана Анын периштелери: «Эй, пенделер! Алла Таала силерди көргөнү келди. Ойгонгула, жана Аны менен жолугушуп алгыла!» – деп жар салышат.

Демек, ушул жети даражага жетишүү арабыздагы ар бир Ахмадий мусулмандын милдети болуп саналат. Биздин Жамаатыбыз Алла Таала тарабынан түзүлгөндүктөн, намазды калтырбай аткаруу арабыздагы ар бир адамдын вазыйпасы болуп эсептелинет. Намазды өз убагында аткаруу арабыздагы ар бир адамдын милдети болуп саналат. Намазды жамаат болуп окуу арабыздагы ар бир адамдын милдети болуп саналат. Намазды түшүнүп туруп жана котормосун үйрөнүп туруп окуу арабыздагы ар бир адамдын милдети болуп саналат. Парыз намаздарынан тышкары күндүзгү жана кечки Нафлдарды окуу арабыздагы ар бир адамдын милдети болуп саналат. Намазга берилип, намазды аткаруу арабыздагы ар бир адамдын милдети болуп саналат. Ушунчалык берилүү керек, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөзүнө ылайык, ал адам Алла Тааланы көрүп турган болсун же ал чын жүрөктөн Алла Таала мени сөзсүз көрүүдө деген ишенимге ээ болсун. Андан тышкары, арабыздагы ар бир адам Парыздар менен Нафлдарды күндүзү жана кечкисин ушунчалык үзгүлтүксүз аткарсын, анын кечелери анын күндүздөрүнө айланып кетсин. Кудум ушундай Тахажжуд маалындагы дубалардан көп-көп пайда көрүүгө аракет кылынсын. Биз Алла Тааланын сүйүүсүн өзүбүзгө тарта ала турган ыкмаларды колдонмоюнча, биз дүйнөдө ийгиликтүү болуп калабыз деп үмүттөнүү болбогон ой гана. Анткени, бизге жүктөлгөн улуу салтанаттуу иш өтө бийик. Адамдарга келе турган болсок, алар майда-барат нерселерге жетишүү менен гана ыраазы болуп кетишет. Бирөө жакшы соода жүргүзүү менен сүйүнүп кетет, бирөө жакшы жумушка орношуу менен жыргап кетет. Ал эми чыныгы момун-мусулман Алла Таалага жетишүүдөн башка эч нерседен бейпилдик таппайт». («Махмуд кутбалары», 1948-жылы, 10-12-бет)

Share via