07-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

07-хадис сабагы

Намазды өз убагында аткаруу керек

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабасы Азирети Абдулла бин Масъуд(ра) мындай деп айтат:

Са’алтун-Набиййа(сав) аййул-амали ахаббу илаллаах?

Са’алтун-Набиййа(сав) аййул-амали ахаббу илаллаах?

Мен Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан Алла тааланын назарында эң жагымдуу амал кайсы экенин сурадым.

Каала ас-салаату алаа вактихаа

Каала ас-салаату алаа вактихаа

ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп жооп берди: намазды өз убагында аткаруу. («Бухарий» Китааб муваакитус-салаати, Баабу фазлис-салаати ли вактихаа, 527-хадис)

Мурунку сабактардын биринде айтылгандай, динибиз эки чоң бөлүктөн турат: бири Алла Таалага ибадат кылуу жана бизге болгон акысын аткаруу; экинчиси, Алла Тааланын пенделерине камкор болуу, аларга мээримдүү болуу жана алардын акы-укуктарын аткаруу.

Бүгүнкү хадис сабагында Алла Таалага ибадат кылуу жана Алла Тааланын акы-укуктарын аткарууда баарынан маанилүү ибадат, эң зарыл ибадат, жети жаштан өйдө жаштагы ар бир мусулманга күндө беш маал аткарууга буюрулган ибадат, ага амал кылуу мусулман деп аталуу үчүн зарыл болгон ибадат – бул намаз. Анын түпкү максат-мүдөөсү төмөнкүдөй: адам баласы өзүнүн бардык жумуштарын таштап, өзүнүн бардык көңүл ачуучулуктарын таштап, өзүнүн бардык кеп-сөздөрүн таштап, жана өзүнүн бардык кызыкчылыктарын таштап, аны жараткан, ага ар түрдүү берешендик кылган, өлүмдөн кийин ал жолугуша турган жана өз жасап жүргөн амалдары боюнча эсеп-кысап тапшыра турган Раббисин эске алсын. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: кыямат күнү адам Алла Тааланын алдына барган учурда адамзат Алла Тааладан коркондуктан титиреп жаткан болот. Ошондо адамзаттан баарынан мурун сурак кылына турган нерсе – бул намаз болот, эгер ушул сынактан толук бойдон ийгиликтүү болуп чыкса, анда кийинки суроолор оңой эле болот. («Термизий», Китаабус-салаат, баабу анна маа юхаасабу би хил-абду йаумал-кыяматис-салаах, 413-хадис)

Айрым адамдар намазды кандайдыр бир жүк деп билишет. Чынында болсо, Алла Тааланы эске алуу жана Андан бир нерсени тилөөдөн тышкары эгер дүйнөлүк жактан да карасак, намаз кандайдыр бир жүк эмес, тескерисинче ал адамдарга мээримдүү болуп жолугушуу, аларга боорукер болуу, аларга пайда келтирүү жана алардан пайда көрүүнүн эң мыкты бир куралы болуп саналат. Тазалыкка ээ болуу, кайгы-капачылыктарды кетирүү жана маанайын ачуунун бир себепчиси болуп эсептелинет. Адам баласы дүйнөлүк жумуштардан чарчап, кайгы-капачылыктардан тажап, даарат алат, даарат суусун өзүнүн бетине, колдоруна, буттарына куюп, анан жөө басып Алла Тааланын үйүнө барат, момун-мусулман бир туугандары менен жолугат, өз Раббисинин алдына жыгылат, өзүнүн кайгы-капачылыктарынын жоголушуна дуба сурайт, анан жаңыланып кайрадан дүйнө жумуштарына кайтат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кичине эле кайгы-капачылык болсо, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) дароо намаз аткара баштачу.

Алла таала Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандарына амал кылуу күч-кубатын бизге берсин. Аамийн.