08-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Мал-мүлккѳ кыянаттык кылуу?

Эгер сүйүктүү Халифабыз менен жолугушуп, ага бир аз кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү бизге насип этсе, биз канчалык кубанабыз жана өзүбүздү канчалык бактылуу инсан деп сезебиз. Кубанычтын жана шаттануунун айынан бизге уйку да келбей калуусу мүмкүн. Биз жубайыбыз менен балдарыбызга жана досторубузга: «Биз канчалык бактылуу инсанбыз, ушул кызматты аткарууга Алла Таала бизге күч-кубат берип, бизге эмне деген зор жакшылык тартуулады», – деп Алла тааланын ошол мээримдүүлүгүнөн сөз кылабыз. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Мидъам аттуу бир кызматчысы болгон. Ал киши Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атынан ээр токуумдарын түшүрүп жатканда, бир найза (ок) келди, алыстан келди, ким аткандыгы да билинбей калды, аткан адам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды да бутага алган болушу мүмкүн же ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атын жок кылмакчы болушу мүмкүн, анын максаты кандай гана болбосун, Мидъам ошол найзага бута болуп, ажал тапты. Сахаабалар (разияллааху анхум) мындай дешти: ушул жигит канчалык бактылуу инсан, азыр Жихаддын учуру, ал жигит Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атынын үстүндө кызмат кылып жаткан эле, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кызмат кылуу менен алектенген болчу. Сахаабалар (разияллааху анхум) ушул жигит түз бейишке кирди дей бергиле дешти. Бирок ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Ушул жигит олжолор мал-мүлкүнөн уруксатсыз бир жамыныч же кездемени алган болчу, ошол кездеме ага отту жалындатып жатат». («Бухарий», Китаабул-Магаазий, Баабу газватин Хайбара, 4234-хадис)

Ушул хадисте финансылык мал-мүлктү, айрыкча улуттук мал-мүлктү кыянатуулук менен пайдаланууга каршы бардыгыбыз үчүн сабак бар. Бүгүнкү күндөгү дүйнөдө адамдар, айрыкча үчүнчү дүйнөдөгү өлкөлөрдөгү адамдар улуттук мал-мүлктөр боюнча кыянаттык кылууга адамды кабатырга сала турган даражада чегарадан чыгып кетишкен.

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) мындай деп рабаят кылат: «Биз Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге Хайбардан кайтып, Аль-Кураа аттуу өрөөнүн көздөй бара жаткан элек. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын кызматчысы – Мидъам ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын атынан жабдыгын түшүрүп жаткан учурда бир ок-найза келип ага тийди. Адамдар: «Ага шейиттик даража кут болсун!» – деп айтышты. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Жаным колунда болгон Аллага касам ичем: Хайбар күнү али бөлүштүрүлө элек олжолор мал-мүлкүнѳн ал киши алып алган кездеме анын үстүнө отту жалындатып жатат». Бир киши Сүйүктүү Пайгамбарбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан ушул сөздү угуп, (бут кийимдин) бир же эки жибин алып келип: «Мен ушуларды алган элем», – деп айтты. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Оттун бир же эки жиби», – деп айтты. («Бухарий», Китаабул-Магаазий, Баабу газватин Хайбара, 4234-хадис)