Баш сөз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Баш сөз Жихад

Ислам – бир улуу дин жана жашоо мыйзамы. Мунун бийиктигинин негизги себеби төмөнкүдөй: Курани карим кемчиликтерден таза жана жетик таалимдерди өз ичине камтыган. Ошондой эле Исламдын негиздөөчүсү – Азирети Мухаммад Мустафаа (саллаллааху алайхи ва саллам) ошол бардык таалимдерге толук бойдон амал кылып турган. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) өзү сунуш кылган таалимдери боюнча жандуу жана түбөлүк үлгүлөрдү да көрсөткөн.

Анын амалы менен таалимдеринин ортосундагы терең жана тыгыз байланыш сахаабаларда өчпөс издерди калтырды. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) көз өткөн соң анын улуу мартабалуу өмүрлүк жубайы – Азирети Айша (разияллааху анхаа)дан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык жана аруу жашоосу туурасында суралганда, ал: «Анын амалы Курани карим (түшүндүрмөсү) болгон», – деп жооп берген.

Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрү менен Кудайдын вахий-аянынын ортосунда эч кандай карама-каршылык болгон эмес. Ага түшкөн вахий-аян абдан таза болгон, ага анын жеке пикирлери жана каалоолору эч аралашкан эмес. Курани карим бул жөнүндө: «Ал өз тарабынан эч нерсе айтчу эмес, тескерисинче анын бардык айткандары Кудайдын вахий-аянына ылайык болчу», – деп аныктама берет.

Ошентип, Курани карим кыямат күнүнө чейинки бардык адамдар үчүн бир ыйык үлгү катары сунушталганы жөн жерден эмес, Алла таала Курани каримде: «Силер үчүн Алланын Пайгамбарында бир таза үлгү бар», – деп айтат.

Адамзатка тиешелүү айрым маселелер боюнча Курани карим аяттарынын тандалма китепчеси мурда бастырылып чыгарылган. Эми, хадистердин бир кыскача тандалмасы же башкача айтканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ыйык жашоосу, анын жүрүм-туруму жана анын айткандарынан турган бир тандалма сунуш кылынууда. Ушул тандалманы окугандан кийин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын күндөлүк жашоосу, ибадаты, анын улуу салтанаттуу руханий даражалары жана таалим-тарбия ыкмалары туурасында маалымат алууга болот.

Кээ бир рабаяттар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде эле жазылган болчу, ал эми көпчүлүк рабаяттар ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көзү өткөн соң болжол менен эки жүз жылдан кийин жазылып алынган. Көпчүлүк рабаяттар ушунчалык узак мөөнөттөн кийин жыйналып алынганына карабастан, төмөндөгүдөй себептерден улам бул рабаяттарды абдан ишеничтүү деп билүүгө болот:

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандары анын сахаабаларынын назарында абдан берекелүү жана зарыл эсептелгендиктен, ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан ар бир сөздү сахаабалар дароо жаттап алып, дайыма өз ара тынымсыз кайталап турушчу.

Экинчи эң маанилүү себеп төмөнкүдөй болчу: ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам)дын айткандары абдан чоң кубаныч жана берилүү менен угулчу. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) айткан түпкү сөздөрдү өзгөртүү же бир аз болсо да кошумчаларды киргизүү Алла таала тарабынан кечирилгис кылмыш эсептелчү. Бул жөнүндө сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүндө төмөнкү эскертме кезигет: «Мен сүйлөбөгөн сөздөрдү мага таандык кыла турган бирөө (акыретте) тозоктон орун алат».

Үчүнчү себеби, адамдар ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) тууралуу же ал айткан сөздөрдү кимдир бирөөнүн алдында айтып бергенде, ал тек гана сөздөрдү эмес, тескерисинче рабаятты баяндаган адамдын аты-жөнү жана башка маалыматтарды да эске тутуп алуу уккан адамдын милдети эсептелчү. Анткени, эгер рабаяттын ишенимдүүлүгү дагы тереңирээк изилдениши керек болсо, анда рабаятты баяндаган адам үчүн түпкү рабаяттын негизги булагынан көрсөтө алышы зарыл болгон.

Төртүнчү эң маанилүү себеби, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын келүүсүнөн мурда эле араб коому өзүнүн жаттоо жөндөмдүүлүгү боюнча даңкын тараткан эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыгуусунан илгери эле араб акындарынын жүз миңдеген же андан да көбүрөөк ырларын жатка билгендер болгон. Мындан тышкары санжыраларды жаттоо боюнча дагы арабдар жөндөмдүү эле.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) келген соң анын жолдоочуларынын руханий даражасы өтө жогорулаган. Ошондой эле көбүртүп-жабыртып сүйлөө адаты сындала башталды. Мындан тышкары Курани каримде тек гана чындыкка эмес, тескерисинче, рабаяттардын ишенимдүү-ишенимсиз экендиги тууралуу изилдөөлөрдү жүргүзүүгө да басым жасалды.

Жогорудагы себептерге караганда, Исламдын Негиздөөчүсүнүн сөздөрүн жыйноо ишинде жана башка тарыхый материалдарды топтоо ишинде болуп көрбөгөндөй этияттык кылынды.

Ушул сөздөрдү жыйноо учурунда мусулман аалымдары абдан терең изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн жана рабаяттардын ишенимдүү-ишенимсиздигине ушунчалык кылдат көңүл бурушкан: натыйжада кандайдыр бир башка (тарыхый) материалдарды топтоо ишин Исламдын ыйык Негиздөөчүсү (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөздөрүн жыйноо ишине салыштырууга болбойт. Ар бир хадисти баяндаган рабаятчынын чынжырынын ар бир алкагы хадистердин чоң топтомдорунда айтылган. А түгүл рабаятчылардын адеп-ахлагы жана алардын ишенимдүү-ишенимсиз экендигин изилдөө иши өзүнчө эркин темага айланган. Натыйжада, рабаятчылардын ишенимдүү-ишенимсиз экендигин изилдөө жана аларды иликтөө иштери боюнча адамзат тарыхында алгачкы ирет бир жаңы илимий бөлүм ачылган.

Биз Ислам жөнүндө абдан аз маалыматка ээ болгон окурмандарыбыздын пайдасы үчүн төмөнкүдөй нерсени айтып кетүүнү зарыл деп таптык: хадис темасында жазылган он чактыдай китептердин арасында мусулман аалымдарынын назарында алты өзгөчө мааниге ээ болгон китептер бар деп эсептелет. Булар Сихаа ситта[1]1 деп аталат. Колуңуздардагы ушул кыскача топтомдо келтирилген көпчүлүк хадистер кеп кылынган алты хадис китебинен алынган. Ошол хадис китептерин жана аларды жыйнаган аалымдарды тааныштыра кетсек:

  1. Сахих Бухарий – Курани каримден кийинки эң ишенимдүү китеп эсептелинет. Бул китепти Бухарадан (Өзбекистан) чыккан Мухаммад Исмааийл (194-256-хижра) жыйнаган. Жалпы эл Имам Бухарий деп билет.
  2. Сахих Муслим – Бул китеп маанилүүлүгү жагынан экинчи даражада турат. Муну Хурасан өлкөсүнө караштуу Нейшапур шаарынан чыккан Муслим бин аль-Хажжааж (202-261 хижра) жыйнаган.
  3. Жаамиъут-Термизий – Бул китеп үчүнчү даражада турат. Муну Термизден (Өзбекистан) чыккан Имам Мухаммад бин Иса (209-279-хижра) топтогон.
  4. Сунан Абу Давуд – Кийинки даражада турган китеп. Сулайман бин аль-Ашъас (202-275-хижра) жыйнаган. Ал Абу Давуд аты менен белгилүү болгон.
  5. Сунан Ибни Маажа – Ишенимдүүлүгү жагынан бешинчи даражада турат. Ирактын белгилүү Казвийн аттуу шаарынан чыккан Мухаммад ибни Маажа (209-275-хижра) топтогон.
  6. Сунан Нисааий – Бул китеп алтынчы даражада турат. Ахмад бин Шуъайб (215-306-хижра) жыйнаган. Хурасандын Нисаа шаарынан чыккандыктан Нисааий деп таанылган.

Муатта Имам Маалик – Сихаа ситтадан тышкары Муатта Имам Маалик аты менен белгилүү болгон дагы бир маанилүү хадис жыйнагы бар. Аны жалпысынан Имам Маалик аты менен белгилүү болгон Маалик бин Анас жыйнаган. Мунун Сихаа ситтага кошулбаганынын себеби – чындыгында, бул китеп Фикх илиминин китеби болуп эсептелет. Мында келтирилген хадистер Фикх[2] маселелерине таандык. Муатта Имам Мааликте баяндалган рабаяттардын ишенимдүү экенинин далили: алардын баары Сахих Бухарий жана Сахих Муслимде да кезигет. Хадистерди жыйноочулардын арасында Имам Мааликтин мартабасы ушунчалык бийик: ал Имамуль-Мухаддисийн[3] деп аталат. Хадистерди жыйноочу аалымдардын бардыгы анын ушул бийик даражасын тастыкташкан.

Аршад Мехмуд
Кыргызстандагы Ахмадия
Мусулман Жамаатынын жетекчиси


[1] Эң туура алты.
[2] Юридикалык маселелер жана ибадаттар тууралуу илим.
[3] Хадис жыйноочулардын жетекчиси.

Share via