Кечиримдүү болуу

Азирети Муңааз бин Анас (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Сенден алакасын үзүп алган бирөө менен алака орнотуу, сага бербеген бирөөгө берүү жана сага орой сөз сүйлөгөн бирөөнү кечирүү – эң улуу артыкчылык».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Садага берүүдөн мал-мүлк кемибейт. Кимде-ким башкалардын күнөөлөрүн кечирсе, Алла таала ага дагы көбүрөөк сый-урмат тартуу кылат. Бирөөнүн күнөөлөрүн кечирүү менен сый-урмат кемибейт».