Нике

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Кандайдыр бир аялга никеленүүнүн төмөнкү төрт эле негизи болушу мүмкүн:
1) Анын мал-мүлкү; 2) Анын үй-бүлөөсү; 3) Анын сулуулугу жана жамалы; 4) Анын дини жана ыймандуулугу. Бирок сен ыймандуу аялды жогору койгун. Алла сени колдосун. (Сага ыйманы бар аял насип этсин)».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Бай-дөөлөттүүлөр эле чакырылган жана кедей-муктаждар чакырылбаган нике той – эң жаман той. Ошондой эле нике тоюна чакырууну кабыл кылбаган бирөө Алла жана Анын Пайгамбарын четке кагат».
Азирети ибни Умар (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Адал жана уруксат берилген нерселердин арасында Алла тааланын алдында эң жагымсыз жана эң жийиркеничтүү нерсе – бул талак. (Тагыраак айтканда, керек болгондо, буга уруксат берилди, бирок Алла таала муну жактырбайт)».
Азирети Айша (разияллааху анхаа) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Өз үй-бүлөөсү (аялы жана балдары) менен эң жакшы мамиле кылуучу адам – араңардагы эң жакшы киши. Мен өз үй-бүлөмө баарыңардан жакшы мамиле кыламын».