Азирети Мырза Масрур Ахмад бир никени кыйды
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Азирети Мырза Масрур Ахмад бир никени кыйды

Ислам ыйман мечит нике той

Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын V Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгү

2019-жылдын 2-сентябрынан 4-сентябрынын аралыгында Амирул-Му’миний Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз)дин ар кандай алектенүүлөрү ж.б. иштеринин күндөлүгүн окурмандарга сунуш кылып жатабыз:

3-сентябрь, дүйшөмбү күнү: Ал Азирети Тилфорд Исламабадагы «Мубарак» мечитинде Аср намазын окуткандан кийин төмөнкүдөй никени кыйып, ал никенин берекелүү болуусу үчүн дуба кылды:

(Англиянын тургуну) урматтуу Аасиф Икбал Басраа мырзанын кызы кымбаттуу Шахида Зарнаабдын (Вакифа-э-Нау) никеси (Канаданын тургуну) урматтуу Васийм Ахмад мырзанын уулу урматтуу Мухсин Ахмад мырза менен кыйылды.

4-сентябрь, шаршемби күнү: Бүгүн Ал Азирети (Алла Таала ага жардамчы болсун) пешин намазынан мурун «Мубарак» мечитинин тышына чыгып, (Лондондун тургуну) урматтуу Вахийд Ахмад мырзанын жаназа намазын окутуп, жакын туугандары менен жолугушту. Бул жаназа намазы менен дагы 8 маркумдун гайып жаназалары да окулду.

Бүгүн Хузур-э-Анвар (аййадахуллааху таъаала би-насрихил-азиз) Аср намазынан кийин (Ливерпулдун тургуну) урматтуу Атаа-ул-Алийм мырзанын унаасынын берекелүү болуусу үчүн ак бата берди.

дуба ак бата халифат

Эй, Алла! Ыйык Рух менен Имамыбызды колдогун, ал болгон жеринде аны менен бирге болгун жана ага эӊ күчтүү жардам менен көмөк көрсөткүн!

(Жумасына эки жолу чыгуучу «Ал-Фазл Интернейшнал» газетасы, 6-сентябрь, 2019-жыл)

Share via